О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 2:13

“Мекенчил” Кочкордо. К. Ташиев: “Биздин катарыбызда коррупционерлер, мамлекеттин байлыгына кол салып байыгандар, эл-журтка зыянын тийгизгендер жок”

Бишкек, "Саясат. kg". Ташиев шайлоочуларды добуш берүүгө олуттуу кароого жана акчага сатылбоого чакырды. Шайлоодо добуш берүү - ар бир жарандын мамлекеттин жана балдарынын келечеги үчүн жасаган тандоосу. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 5-сентябрда Кочкор районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. Ал шайлоочуларды добуш берүүгө олуттуу кароого жана акчага сатылбоого чакырды. “Биз шайлоону беш жылда бир келчү, мамлекеттин багытын тандоочу мүмкүнчүлүгүбүз катары карашыбыз керек. Ал мүмкүнчүлүктү туура пайдаландыкпы же туура эмес кадам таштап алдыкпы – кийинки беш жыл далилдейт. Ар бир шайлоочу менин бир гана добушум бар, ал балдарымдын келечеги деген ойду бекем карманып, терең ойлонуу менен тандоо жасашы керек. Баарыбыз таза шайлоо үчүн аракет жасашыбыз зарыл”, - деди Ташиев. Ошондой эле, лидер “Мекенчил” партиясы акчага добуш сатып алууга каршы экенин белгиледи. “Биздин катарыбызда коррупционерлер, мамлекеттин байлыгына кол салып байыгандар, эл-журтка зыянын тийгизгендер жок. Биз талапкерлерибизден акча жыйнап, элдин добушун сатып алалы деген ойдон алыспыз ”, - деди. Айтымында, “Мекенчил” партиясынын талапкерлер тизмесинин 16-катарында Кочкор районунда төрөлүп-өскөн Гүлсүнкан Жунушалиева шайлоого баратат. Ал жогорку окуу жайын Россиядан аяктаган жана Кыргызстандын билимдүү жаштарынын бири. “Гүлсүнкан Жунушалиева өз күчү менен илим кандидаты болгон. Учурда Медициналык академияда иштейт. Он бир бир туугандын арасында өскөн көп балалуу үйдүн кызы. Ата-энеси сиздер сыяктуу карапайым адамдар. Эмнеге бул кызды тандап алдым? Анткени, карапайым калктын арасынан чыгып, жашоодогу ийгиликтерине өз күчү менен жеткен, билим алууну башкы орунга койгон инсан мамлекетке зыянын тийгизбейт. Эмнеге жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан билимдүү жаштардын ордуна коррупцияга баткан, мамлекетти талап-тоногон адамдарды алып келишибиз керек?” – деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:13

Камчыбек Ташиев: “Сот президентке баш ийбеши керек. Анын карманганы бир гана мыйзам болушу кажет”

Бишкек, "Саясат. kg". Камчыбек Ташиев бүгүн, 4-сентябрда Кемин районундагы Кызыл-Суу айылынын эли менен жолугушту. Кыргызстан сот реформасына муктаж. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 4-сентябрда Кемин районундагы Кызыл-Суу айылынын эли менен жолугушууда билдирди. Ал белгилегендей, учурда сот бийликке көз каранды, мыйзам эмес, жогору жактан келген буйрук менен өкүм чыгарууга аргасыз. Мындай көрүнүштү жоюу үчүн жергиликтүү, райондук жана шаардык сотторду эл өзү шайлай тургандай кылуу керек. Бул – “Мекенчил” партиясынын программасында каралган. “Ал эми Жогорку сотту Жогорку Кеңештин эл шайлаган депутаттары дайындоосу зарыл. Сот президентке баш ийбеши керек. Анын карманганы бир гана мыйзам болушу кажет”, - деди Камчыбек Ташиев. Ошондой эле лидер программанын негизги өзөктөрүнүн бири – электр энергиясындагы чоң уурулукту токтотуу экенин белгиледи. “Электр энергиясын өндүрүүдөгү, сатуудагы жана колдонуудагы чоң уурулукту токтотуу керек. Бүгүнкү күндө электр энергиясын 2 сом 16 тыйындан алып жатабыз. Анын Токтогул ГЭСиндеги өндүрүлгөн баасы 10 тыйын. 10 тыйын! Өткөргүчтөр менен ташып келгендеги чыгашалары биригип дагы он тыйынга жетет. Салыкты кошсок дагы он тыйын. 20 тыйынды мамлекеттин пайдасына түшө тургандай кылса, жалпы баасы 50 тыйынга жетет. Кайдагы 2 сом 16 тыйын?! Ким жеп жатат?! Электр энергиясындагы отчеттордо 30-35 пайызы “жоготуу” деп турат. Анын баары аткаминерлердин чөнтөгүнө түшөт”, - деген Камчыбек Ташиев бул тармактагы терс көрүнүштөрдүн тамырын кыркмайынча мамлекеттин өнүгүшү тууралуу ойлонбой эле коюу керектигин белгиледи. “Же нак өндүрүлгөн бааны төлөйлү же биз берген 2 сом 16 тыйындын баары мамлекеттин казынасына түшө тургандай кылалы. Электр энергиясындагы чоң мафия, коррупция тыйылмайын айыл чарба өнүкпөйт, экономика алдыга жылбайт, пенсия, жөлөкпулдар көбөйбөйт”, - деди лидер. Сөз соңунда Камчыбек Ташиев Кыргызстандын келечеги кең болооруна ишеним артаарын билдирди. Бул үчүн ал белгилегендей, мамлекетти коррупционерлердин колуна тапшырбоо керек. Өлкөнүн тагдыры – ар бир жарандын тагдыры. Андыктан ар бир жаран добушун акчага сатпай, келечек үчүн өзү тандоо жасашы зарыл. «Мекенчил» саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгырым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын уруксаты менен жайгаштырылды. Партиянын шайлоо фондунан каржыланды

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:13

(Видео) Шайлоо-2020: 15 партиянын он үчү меморандумга кол койду. Видео

Бүгүн, 4-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катыша турган саясий партиялар меморандумга кол коюшту. Иш-чарага БШКнын төрайымы Н.Шайлдабекова, 13 партиянын жетекчилери, шайлоо комиссияларынын, өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык активисттер катышты. Шайлоого катышуу укугун 15 партия алган. Бирок меморандумга кол коюуга «Ата Мекен» жана «Реформа» партияларынын өкүлдөрү катышкан жок. «Меморандум – саясий партиялардын "мырзалардын келишими" деп аталган жүрүм-турум кодекси катары кызмат аткарат», - деди Шайлдабекова. Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын шайлоо боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилованын айтымында, саясий партиялардын меморандумга кол коюусу, демократиялык шайлоолордун эл аралык стандарттарына ылайык өтүшүнүн кепилдиги болуп саналат. Тараптар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын так сактоого, шайлоо жөнүндө мыйзамдардын жана башка талаптарды сактоого, ошондой эле шайлоо өнөктүгүн ачык-айкындуулук жана өз ара урматтоо менен жүргүзүүгө милдеттеништи. Документке кол коюу менен тараптар саясий оппоненттери менен болгон талаш-тартыштарды мыйзам чегинде чечүүгө, шайлоодо этикалык жана адеп-ахлакт ченемдерин сактоого, шайлоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген үгүт иштерин жүргүзүүгө даяр экендигин тастыкташты. Бүгүн, 4-сентябрда үгүт өнөктүгү башталды. Ал 3-октябрда аяктайт. Шайлоого аттанган 15 партия: «Ата Мекен» «Бир Бол» «Биримдик» «Замандаш» «Кыргызстан» «Мекен Ынтымагы» «Мекеним Кыргызстан» «Мекенчил» «Ордо» «Афган согушунун ардагерлери жана башка аскердик жаңжалдардын катышуучуларынын саясий партиясы» «Республика» «Реформа» «Социал-демократтар» «Чоң казат» «Ыйман нуру» Булак: Баракелде

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:13

Шайлоо-2020. Кыргызстандыктардын кɵбү добушун кимге салаарын билбейт

Сурамжылоо 6-15-августта уюлдук телефон аркылуу маек түрүндө алынган. Кыргызстандыктардын басымдуу кɵпчүлүгү Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына ат салышып жаткан партияларга каршы добуш бермекчи. Бул тууралуу SIAR Research and Consulting компаниясы Center for Insights in Survey Research эл аралык институтунун буйрутмасы менен жасалган социалдык иликтөөдɵн билинди. Сурамжылоо 6-15-августта уюлдук телефон аркылуу маек түрүндө алынган. Ага 18 жаштагы жана андан өйдө курактагы кыргызстандыктар катышты. Сурамжылоонун 63 пайызы кыргызча, 35 пайызы орусча, 2 пайызы өзбек тилинде жүргүп, ага 1 миң 223 адам катышты. «Жакынкы жекшемби күнү щайлоо боло турган болсо, добушуңузду кимге берет элеңиз?» деген суроого 27 пайызы кимди шайлаарын аныктай элегин айтты, 15 пайызы баарына каршы добуш бермек, ал эми 10 пайызы такыр эле шайлоого бармак эмесмин деди. Сурамжылоого катышкандардын жети пайызы добушун шайлоого катышпаган «Ата-Журт» партиясына бермек. Алты пайызы «Республикага» добуш салмак. «Биримдик», КСДП (бул дагы шайлоого катышпайт) жана «Ата Мекенге» ɵз добушун респонденттердин 5 пайызы бермек. Булак: 24.kg

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:13

Выборы-2020. Партия «Кыргызстан» может сойти с гонки (Прямой эфир)

no article

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:14

На выборы депутатов Жогорку Кенеша могут быть допущены только 20 партий

24 августа 2020 года, в 18:00 Центральная избирательная комиссия завершает прием соответствующих документов от уполномоченных представителей политических партий для регистрации списков кандидатов. Об этом сообщает информационный отдел ЦИК КР. Политические партии, уведомившие ЦИК КР об участии в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, проведшие до 20 августа съезды и утвердившие на них списки кандидатов, должны предоставить в ЦИК следующие документы:1) решение политической партии о выдвижении списка кандидатов, заверенное подписью руководителя политической партии и печатью политической партии;2) заполненные каждым кандидатом, включенным в список кандидатов, специальные формы сведений о кандидате с указанием биографических и других данных, копию паспорта, справку с места работы или учебы, сведения об отсутствии гражданства иного государства, о судимости, письменное согласие на обработку персональных данных на наличие либо отсутствие гражданства иностранного государства (в том числе предыдущие гражданства, иные гражданства);3) документ, удостоверяющий внесение избирательного залога.Список кандидатов и сведения о кандидатах должны быть представлены в ЦИК КР электронной форме наряду с бумажной. Это является новшеством в этом году. Данные будут внесены в программу «Электронный кандидат», которая предназначена для того, чтобы формировать электронную информационную базу для избирателей.Кроме того, электронные сведения, которые получает ЦИК КР, предназначены для того, чтобы в системе электронного межведомственного взаимодействия «Тундук» проверить все необходимые сведения о кандидатах в бесконтактном, объективном формате.В частности, через систему «Тундук» будут проверены сведения паспорта, которые находятся в базе данных ГРС, через соответствующее взаимодействие с МВД – сведения о судимости кандидатов.  По данным на 12:00 24 августа 2020 г. 23 партии уведомили ЦИК КР об отказе от дальнейшего участия в парламентских выборах. Одна политическая партия в установленные сроки не открыла расчётные счета для создания избирательного фонда в соответствии с выборным законодательством Кыргызской Республики. Оставшиеся 20 политических партий к 20 августа, то есть к моменту завершения этапа выдвижения списков кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша, провели съезды и утвердили списки кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:14

Кыйын: Выборы-2020. Время обновления или многоходовки партийных боссов?

4 октября выборы парламента 7 созыва. На этой неделе проводятся съезды партий, где закрепляются списки кандидатов. Сразу несколько партий объявили, что идут на выборы не со старыми членами, а выбирают путь обновления, включая в свои ряды молодых и не очень кандидатов. А некоторые партийные боссы идут на жертвы, лишь бы протащить свою партию в Жогорку Кенеш.Партия “Бирбол” действительно обновилась и представила своих кандидатов, в большинстве своем они малоизвестны широкой аудитории, особенно их мало знают в регионах. Партия “Ата Мекен” отодвинула старых атамекеновцев в сторону и решила отправить на борьбу за место в парламенте бывших членов СДПК, разбавив их несколькими новыми лицами. Партия Реформы собирает совершенно своеобразный состав, в большей степени из числа тех, кто критикует власть. Какие будут списки провластных партий, съезды которых назначены на 19 августа, еще не известны. Но уже понятно, что эти партии должны держать путь к обновлению, так как 6 созыв парламента вызывает у народа только критику, поэтому, лица нынешних депутатов не принесут победу ни одной партии на выборах 2020. В ток-шоу “Кыйын” обсуждается тема: “Время обновления или многоходовки партийных боссов?”. В гостях, в студии писательница и активистка Айжана Мырсан, модераторы Махинур Ниязова и Таалайгуль Токтакунова.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:13

Шайлоо-2020: Кыргызстанда үгүт иштери башталды

Бүгүн, 4-сентябрдан тарта Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата үгүт иштери расмий башталды. Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы 15 партиянын талапкерлерин каттоодон өткөргөн. Ал эми 2 партия — «Бүтүн Кыргызстан» жана «Актив» катталган жок. Бүгүн партиялар арасында чүчү кулак өткөрүлүп, алардын бюллетендеги орду аныкталат. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Республика боюнча 2464 шайлоо тилкеси, чет өлкөлөрдө 44 шайлоо тилкеси түзүлдү. Булак: Баракелде

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:13

«Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоого катышпай калышы ыктымал

Жумушчу топтун сунушун 2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жалпы жыйында карап баштады. Турсунбай Бакир уулунун арызын караган Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу «Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоого каттоодон баш тартуу тууралуу сунуш киргизди. Жумушчу топтун сунушун 2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жалпы жыйында карап баштады. Ага «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров жана партияга каршы арызданган Турсунбай Бакир уулу да катышып жатат. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанганын айткан Бакир уулу талапкерликтен чыгып калганын билдирүүдө. Ал партиянын эң жогорку органы болгон жыйындын чечимин өз алдынча бурмалоого жол берген деген негиз менен партия лидери Адахан Мадумаровго кине койгон. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү эч кандай эреже бузулбаганын айтып, конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 10-бөлүкчөсүндө тизмени өзгөртүү шарттары каралганын жүйө келтиришүүдө. Эске салсак, саясий жарышка катышууга 17 партия 24-августта документ тапшырган. Булак: Элгезит

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:15

Выборы-2020. Десять дней есть у партий, чтобы объявить о своем участии в гонке

Политические партии, решившие принять участие в парламентских выборах, должны в течение 10 дней, включая сегодня, подать в ЦИК соответствующее заявление о намерении. Об этом рассказал замглавы комиссии Абдыжапар Бекматов.По его словам, политобъединения в течение десятидневного срока должны направить в ЦИК своих уполномоченных представителей по выборам и финансовым вопросам. «За сорок дней до даты голосования партии должны провести съезды, на которых будут составлены списки кандидатов в депутаты. Партии также должны сформировать избирательный фонд и внести залог в сумме пяти миллионов сомов», — напомнил Абдыжапар Бекматов.Он добавил, что если хоть одно из требований не будет выполнено в срок или в списках не будет соблюден принцип квотирования, такую партию не зарегистрируют.Абдыжапар Бекматов также напомнил, что в связи со сложившейся эпидемиологической ситуацией в стране из-за коронавируса, массовые мероприятия запрещены. Поэтому устраивать концерты, спортивные соревнования, собирать стадионы избирателей партии не могут.Отметим, сегодня президент Сооронбай Жээнбеков подписал указ о назначении выборов в парламент. Они пройдут 4 октября.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:15

Одной строкой: Кыргызстан закрыл границу для иностранцев. Выборы отменять не будут

КЫРГЫЗСТАН ЗАКРЫВАЕТ ГРАНИЦУ. Правительство Кыргызстана ввело временный запрет на въезд иностранцев. Об этом сегодня на брифинге сообщила вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова. На кыргызско-казахской границе скопилось более 100 большегрузных машин. Съемочная группа Govori.TV побывала на пункте пропуска Ак Тилек Автодорожный. ИЗ ИРАНА ЕДУТ ДАЛЬНЕБОЙЩИКИ. 54 дальнобойщика из Кыргызстана по-прежнему находятся в Иране на границе с Туркменистаном и не могут попасть домой, потому что граница Ирана и Туркменистана закрыта из-за распространения коронавируса с 18 февраля. ВЫБОРЫ НЕ ОТМЕНЯТ. 12 апреля пройдут выборы в городские и местные кенеши. 13 марта в стране началась агитационная кампания кандидатов. В связи с угрозой распространения коронавируса общественность потребовала отменить выборы, где ожидается массовое скопление людей. Однако ЦИК сообщил, что не имеет права отменят выборыОТМЕНЕНА ЧАСТЬ АВИАРЕЙСОВ. В международном аэропорту “Манас” отменили часть рейсов некоторых авиакомпаний, выполняющих регулярные международные рейсы. ЗАКРЫТА ЗОНА ШЕНГЕН. Президент Франции Эмманюэль Макрон объявил о закрытии въезда в Шенген с 17 марта ДЕТЯМ КОРОНАВИРУС НЕ СТРАШЕН. Китайские исследователи пришли к выводу, что у детей, зараженных коронавирусом, как правило, проявляются лишь слабые симптомы COVID-19. В то же время они оказались скрытыми разносчиками инфекции, даже если у них нет видимых признаков заболевания.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:15

ЦИК: Утверждены схемы и границы избирательных округов на выборы в местные кенеши 12 апреля

Центральная избирательная комиссия по выборам и проведению референдумов КР утвердила схемы и границы избирательных округов по выборам депутатов некоторых местных кенешей Баткенской, Джалал-Абадской, Нарынской, Иссык-Кульской, Чуйской, Ошской областей и города Ош Кыргызской Республики, назначенных на 12 апреля 2020 года. Для проведения выборов депутатов города Ош и некоторых депутатов городских кенешей в пяти городах республики образованы пять единых избирательных округов.В Баткенской области утверждены пять избирательных округов: 4 округа – в Бешкентском айылном кенеше, 1 округ – в Маргунском айылном кенеше.В Чуйской области утверждены 4 избирательных округа, из них 1 округ – единый округ города Токмок, 2 округа – в Милянфановском айылном кенеше Ысык-Атинского района, 1 округ – в Арашанском айылном кенеше Аламудунского района Чуйской области.В Ошской области утверждены 26 избирательных округов. Из них: 1 округ – в городе Ош; 2 округа – в Будалыкском айылном кенеше и 2 округа – в Конур-Добонском айылном кенеше Алайского района, 2 округа – в Кок-Белском айылном кенеше Ноокатского района;  2 округа – в Алын-Булакском и 5 округов в Мирза-Акинском айылных кенешах Узгенского района, 3 округа – в Нурабадском и 6 округов в Тепе-Коргонском айылных кенешах Араванского района; 3 округа в Сары-Колотском айылном кенеше Кара-Суйского района Ошской области.В Иссык-Кульской области утверждены 6 избирательных округов, из них 2 единых округа в городах Балыкчы и Каракол, 2 округа в Кумбелском айылном кенеше Иссык-Кульского района; 2 округа в Оргочорском айылном кенеше Жети-Огузского района Иссык-Кульской области.В Жалал-Абадской области утверждены 11 избирательных округов, из них 1 единый округ города Майлуу-Суу, 6 округов в Авлетимском айылном кенеше Аксыйского района, 2 округа в Атайском и 2 округа в Кок-Иримском айылных кенешах Тогуз-Тороуского района Джалал-Абадской области.В Нарынской области утверждены 12 избирательных округов. Из них: 2 округа в Жерге-Талском айылном кенеше; 1 округ – в Конорчокском айылном кенеше и 4 округа – в Баетовском айылном кенеше Ак-Талинского района; 1 округ – в Куйручукском  айылном кенеше, 1 округ – в Тугол-Сайском айылном кенеше, 1 округ – в Таш-Добонском айылном кенеше, 1 округ – в Чон-Добонском айылном кенеше, 1 округ – в Кызыл-Жылдызском айылном кенеше Жумгальского района Нарынской области.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:15

Как есть: Все рванулись на выборы. С новыми партиями, со старыми лицами

Выборы в парламент запланированы на 4 октября 2020 года. Раньше принято было идти на выборы с проверенной партией, у которой есть авторитет. Но в Кыргызстане все партии растеряли свой имидж. Ну нет у нас в стране с парламентской формой правления, абсолютно уважаемой партии. Дискредитированы все, то скандалами, то нечистоплотными членами, которые меняют партии как перчатки. Идем мы на выборы 2020 с котами в мешке. Старые партии настолько вызывают изжогу у электората, что старые лидеры судорожно меняют лица партии. А некоторые эксгумируют старые, никому неизвестные и качают как бы новую партию, с новыми членами. В аналитической программе “Как есть” идет разбор кейса по подготовке к выборам по партиям, которые успели уже заявить о себе.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:15

Одной строкой: Акаев идет на выборы. Бабанов отменил техосмотр, Абылгазиев хочет исправить его «ошибку»

ДЕЛО АСАНОВА ПЕРЕДАНО В ПРОКУРАТУРУ. Уголовное дело, возбужденное в отношении экс-замминистра внутренних дел Курсана Асанова и Турсунбека Бейшенбекова, передано в Генпрокуратуру для дальнейшего направления в суд. АКАЕВ ПРЕЗЕНТОВАЛ СВОЮ ПАРТИЮ. В Бишкеке состоялась презентация Кыргызской либерально-демократической партии. Презентуя партию, созданную в 2011 году Сейтеком Качкынбаевым, парламентарий Жанар Акаев объяснил, почему идет на выборы-2020 с этой политической организацией. АТАМБАЕВА СДАЮТ СВОИ ЖЕ. Пятеро подозреваемых по уголовному делу о событиях в Кой-Таше 7-8 августа заключили со следствием соглашение о сотрудничестве. ОТМЕНЯТ ЛИ ТЕХОСМОТР? На ближайшие годы Министерство транспорта и дорог ставит перед собой ряд задач, в том числе введение механизма обязательного технического осмотра транспортных средств. Эти и другие темы в информационной программе “Одной строкой”.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:16

Жээнбеков: Шайлоонун таза, чыр-чатаксыз өтүүсү үчүн президент катары өз милдетимди аткарам

Шайлоонун таза, чыр-чатаксыз өтүүсү үчүн мен, Кыргыз Республикасынын президенти катары өз милдетимди толук аткарып жатам жана аткарам. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн «Биринчи радиого» берген кезектеги маегинде билдирди.«Таза шайлоо — өлкөнүн өнүгүүсү үчүн негизги шарттардын бири деп буга чейин да айтылган. Азыр да кайталап кетем. Бул өлкөнүн өнүгүшүндөгү, келечектин негизги шарты. Шайлоонун таза, чыр-чатаксыз өтүүсү үчүн мен, Кыргыз Республикасынын президенти катары өз милдетимди толук аткарып жатам жана аткарам. Биринчиден, мыйзам талаасын кечиктирбей өз убагында оңдоп, түзөдүк. Мен эки жыл мурун айткам, көп кемчиликтер бар, оңдош керек, шайлоого бир жыл калганда мыйзам талаасын баары билиши керек. Шайлоо кандай өтөт, кандай мыйзам менен өтөт — ошонун баарын тең билиш керек. Атайын жумушчу топ түзүп, ал жумушчу топко Президенттин аппаратынан, өкмөттөн, Жогорку Кеңештин депутаттарынан, аппаратынан, эң негизгиси коомчулуктан, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн кирип, бул боюнча бир жылдай иштеп, Жогорку Кеңеш ошол өзгөрүүлөрдүн баарын кийин кабыл алып берди. Биз шайлоого катышам дегендер үчүн мыйзамды тактап бердик. Алар үчүн мыйзамдык негизде эч кандай күтүүсүз жагдайлар чыккан жок. Мурдагы 9 пайызды (босого) 7 пайызга өзгөртүп, парламент кабыл алды, мен туура деп кол коюп бердим. Эмне үчүн дегенде, бул — парламентке көбүрөөк партиялар келгенге, көбүрөөк саясий күчтөр болуп, парламентте ачык талаш-тартыш менен мамлекеттин өсүшүнө салым кошсун деп, кабыл алдык. Кыскача айтканда, азыр бардыгы тең шайлоо эрежелери менен тааныш. Саясий күчтөр, саясий партиялар, шайлоого катышам деген ар бир Кыргызстандын жараны ошол мыйзам боюнча кабардар. Биз бул багытта бардыгын жасап бердик. Экинчиден, бардык саясий партияларга бирдей шарттар түзүлдү. Кайсы партиялар жеңип келсе, өлкөнү өнүктүрүү багытында иштешүүгө даярдыгымды 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында расмий билдирдим. Үчүнчүдөн, кечээки Коопсуздук кеңешинде укук коргоо органдарына дагы бир ирет катуу айттым. Мыйзам алдында бардыгы бирдей болушу керек. Шайлоо мыйзамын бузгандарга бирдей мамилени камсыздоо талабы коюлду. Мен туура түшүнөм. Аны угуп-окуп атам, аппаратым кайсы жерде эмне кемчилик болсо чыгаары менен мага билдирип турушат. Кыргызстанда болуп, айтылып жаткан бардык кемчиликтер боюнча кабардармын. Мен, албетте, коомчулуктун, айрым бир саясий күчтөрдүн кооптонуусун түшүнүп турам. Муну баштан өткөргөнбүз. Биздин өлкө эки ирет элдик толкундоону көргөн өлкө. Айрыкча, 2010-жылы абдан трагедиялуу окуялар болду. Апрелдеги, Оштогу июнь окуясы. Анын баарын өз көзүм менен көрдүм. Баары көз алдымда турат. Ошол эки революциянын себеби — ушул шайлоонун кесепетинен чыккан толкундоо болду. Ошондуктан элде кооптонуу да бар, имиш-имиш кептер да бар. Шайлоо туура эмес өтөт деп шек санагандар дагы бар. Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп элдин оюна сиңиргенге аракет кылган күчтөр бар. Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп элди көчөгө чыкканга даярдангыла деген да күчтөр бар. Анын баарын көрүп турабыз. Дагы айтып коюшум керек — президент катары мен тараптан, Президенттин аппараты тарабынан бардыгына бирдей мамиле болот. Бардык мамлекеттик органдарга бирдей талап болот. Келип бюллетень таштайм, шайлайм деген ар бир адамга тоскоолдуксуз оюн билдиргенге шарт түзүп беребиз. Бирок, ачык айтып коюушум керек, ошол эски адат менен, ушул шайлоонун эпкини менен тынчтыкты буза албаса да, учурдан пайдаланып, кырдаалды чайпап жибергиси келгендер да бар. Андайларга алдын ала чаралар көрүлө турганын кечээ Коопсуздук кеңеште да так кесе айттым. Чечим кабыл алып, анда да так, даана жазылды. Мен да катуу талап койдум. Шайлоо процессине катыша турган бардык тараптар үчүн бул алдын ала кагылган коңгуроо деп түшүнсө болот. Анткени, дагы айтам, өлкөдөгү тынчтыкты, элдин тынчтыгын, коопсуздугун сактоо — менин негизги милдетим. Бул милдетти аткарып келатам, аткарам. Ошондуктан, мен дагы бир ирет эскертип кетем. Шайлоону пайдаланып, ызы-чуу кылгысы келгендер, өзүнө упай топтогусу келгендер баары көз жаздымда калбайт. Мен терең ишенем, биздин кеменгер элибиз, биздин жарандык коомдон да чоң колдоо болот деп. Шайлоонун тынч өтүшү — бул бир эле мага эмес, жалпы элибизге, коомчулук үчүн керек маселе. Ал эми шайлоо тазалыгын айтсам, президент, Борбордук шайлоо комиссиясынан тышкары, саясий партиялар, саясатчылар, коомдук активисттер, шайлоочулар — баарыбыз жооптуубуз. Муну терең түшүнүү керек. Азыр мына, добуштарды сатып алуу тууралуу ар кандай сөздөр чыгып жатат. Добушту сатпай коюу ар кимибиздин жеке эркибиз. Эч ким мажбурлабайт. Билип-көрүп туруп, анан кичинекей болбогон каражатка алданып жатпайбы. Ошон үчүн күнөөнү бир эле мамлекеттик бийлик, органдар карабайт дебестен, ар ким өзүнөн баштап, анан жанындагы адамдарга ошондой талапты кое-билсек, шайлоо таза, жакшы өтөт деп ишенем. Мен президенттик милдетимди, БШК өз милдетин, партия, шайлоочулар өздөрүнүн укугу менен кошо милдетин так аткарса эле, шайлоо таза өтөт. Бул ар бирибизге байланышкан нерсе. Ошондуктан, байкоочу же сынчы эмес, баарыбыз катышуучу болушубуз керек. Бул — өлкө үчүн, баарыбыз үчүн чоң сыноо. Бул сыноодон да татыктуу өтүшүбүз керек. Ошондуктан, мен бардык мекендештеримди дагы бир ирет жоопкерчиликке чакырам. Бул — жалпы улуттук милдет деп баарыбыз тең сезишибиз керек», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники