О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
27 сентября 2020 г. 0:24

Мирлан Амантуров, талапкер: Калк “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасын колдоп жатышат

--Мирлан Казылаевич, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка аттанып, шайлоо өнөктүгү соңуна чыгып бара жатат, шайлоочуларыңыз менен жолугуу улантылып жатабы? --Тоң районунун Ак-Сай айыл аймагындагы шайлоочулар менен жолуктум. Аймактагы таза суу, сугат суу жетишсиздиги, мамлекеттик кызмат көрсөтүү, аскердик милдетти аракалоо, аскердик билет алууда жарандарыбыз туш болуп жаткан көйгөйлөрдү уктум. Албетте, элибиз колдоп берсе алар үмүт артып айтып жаткан маселелер жоопсуз калбайт деп ишендире алам. --Бир нерсени мисалга алсак болобу? --Албетте...Анткени “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасында айыл аймактарын өнүктүрүү, ар бир жарандын жашоо турмушун өзгөртүү башкы планга коюлган. Элет өнүксө эли бакубат, экономикасы кубаттуу мамлекет курулат. Ата-апаларыбызга, балдарыбызга болгон мамлекеттин камкордугу бекемделет. Биздин партия бул үчүн аймактардагы айыл чарба, мал чарбасын өнүктүрүү, инфрастурктураны көтөрүү, социалдык маселелерди чечүүнүн жолун сунуш кылат. Мен үгүт иштеринин жүрүшундө аны шайлоочуларга жеткирүүгө болгон мүмкүнчүлүгүмдү колдонуп жатам. --“Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасын жергиликтүү тургундар кандай кабыл алып жатышат? --Ак-Сай айыл аймагындагы шайлоочулар биздин партиянын программасынын реалдуулугуна ынанып, колдой турганын айтып, бата берип узатышты. --Рахмат, алдыдагы саясый жарышта ийгилик.

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:25

Нуржан Жумагазиева, филология илиминин кандидаты, профессор: Биздин партияга таза, позитивдүү, жаш күчтөр чогулду

- Саламатсызбы Нуржан Курманбековна, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка аттаныптырсыз, адегенде өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз? - Мен интелигенттердин үй-бүлөсүндө туулуп-өстүм. Апам мугалим, атам болсо партиянын райкомунда иштеп жүрүп, кийин райондук гезитти жетектеп калды. Менин журналист болуп калышыма да атамдын таасири бар. Мектепте окуп жатканда эле түйшүкчүл болчумун. Өзүм акча тапканга аракет кылчумун. Эсимде, 5 метр кездемени алып, галифе тигип, 5 сомдон саткам. Окууга өз күчүм менен өттүм. Конкурска 55 макала менен келгем. Райондук гезитке ырларым, “Комсомолец Киргизии” гезитине макалаларым чыкчу. Ал кезде журналистика факультет эмес, бир бөлүм эле болчу. Мен анысын деле билчү эмесмин. Сураштырып келип, тапшырып эле өтүп кеткем. Университетте жогорулатылган стипендия алып окудум. Окууну бүткөн соң Көлдө редакцияда иштеп калдым. Кийин экологиялык журналистика темасы боюнча Кыргызстанда биринчи болуп диссертация коргодум. Окутуучулук иш менен гана чектелбестен, долбоорлор менен көп иштедим. Конкурстарга катышып, стипендия утуп алып аттым. Эң алгачкы жолу 300 доллар уткам. Жыйырмадан ашуун өлкөдө болдум. Лондондо, Брюсселде, Польшада окуп келдим. 5-6 окуу жайында: Америка университетинде, Кыргыз-Түрк университетинде, И.Арабаев атындагы университетте окутуучу болуп иштедим. Декандын орун басары, профкомдун төрагасы кызматтарын аркаладым. Азыр болсо КМУУнун журналистика факультетинин басма сөз кафедрасынын башчысымын. Кайсыл жерде иштесем да коллективиме шарт түзгөнгө, жардам бергенге аракет кылдым. Мына бул кафедранын ичин өз чөнтөгүмөн 60 миң акча чыгарып, өзүм жасалгалагам. - Көп эле өлкөлөрдө болуптурсуз, ошолордун тажырыйбасына таянып, биздин окуу жайларды кантип жогорку деңгээлге чыгарса болот? - Чет өлкөлөргө чыккан сайын келип, коллективге көргөндөрүмдү айтып берем. Айтып эле тим болбостон, өзүмчө эмне үчүн биз деле ошолордой кыла албайбыз, эмне үчүн эң гумандуу кесиптин ээлери эң төмөн айлык алышат?- деп ойго чөмүлөм. Бир жолу Илимдер Академиясындагы кеңеште Билим берүү министри менен чогуу отуруп калдым. Мен Ош университетине суктанып жүрчүмүн. Ал жакта профессорлор 35-40 миң, сом айлык алышат экен. А бизде профессорлор 16 миң сом алышат. Ушундан улам биздин улуттук университеттин даражасы жогору болсо да эмне үчүн Ош университетинде иштегендер бизден көп айлык алат?- деп ойлочумун. Ушул суроону Каныбек Абдуваситовичке берсем күлүп, “жакшы менеджер болуш керек”, - деди. Көрсө, ошондой эли ишти бизде деле жасап, окутуучуларга татыктуу айлык берсе болот экен. Мен сыймыктануу менен айта алам. Биздин факультетте коррупция жок. Мен бир окуяны айтып берейин. Биринчи курстун студенти мага келип, сизден курсовой жазайын деди. Анан канча турат деп сурады.Мен түшүнбөй, эмне канча турат деп тактап сурасам, ”курсовойдун баасы” дейт. Курсовой да сатылмак беле, өзүң анализ жүргүзүшүң керек деп планын түзүүгө жардам бердим. Жазгандарын улам келип көрсөтүп атты. Төртүнчү жолу келгенде “ эжеке, кечирип коюңуз. Курсовой жазган оңой эле турбайбы.Мен башка факультеттерден курсовойду 1000 сомго сатып алат деп уктум эле” дейт. Өткөн жылы долбоорго катышып, грант утуп алдым. Ал каражат келсе эки лабаротория ачалы деген пландарыбыз бар.Үч жыл мурда саясий журналистика лабароториясын ачканбыз. Эми экологиялык журналистика боюнча да лабаротория ачуу максатым бар. - Депутат болуудагы максатыңыз эмне? - Мугалимдердин көйгөйүн кичине болсо да чечсем дейм. Өзүбүздүн көйгөйүбүздү өзүбүз чечпесек, башкалар чечиши кыйын окшойт. Кээде ыйлагым келет. Кайсыл бир жагдай боюнча 100 сомдон чогултуш керек болуп калса, окутуучулар “эже, ишенесизби, бир тыйыныбыз да калбай калды” дешет. Себеби, 7 миң сомдон айлык алган да мугалимдер бар. Жети миң деген эмне...Биздин фирмабыз деле жок. Дүйнө чогултканга да кызыкпайбыз. Бир аз каражат тапсак окуп, билимибизди арттырганга аракет кылабыз. Жолдошум врач. Ар кайсыл симпозиумдарга чыгат. Кичүү уулубуз футбол ойнойт. Ал дагы чет өлкөлөргө чыгып турат. Кызым чет өлкөдөн окуп келди. Пандемия учурунда жолдошум катуу ооруп жатып калды. Мен эчтекесине карабай “кызыл зонага” кирип аттым. Бир жолу ошол кызыл зонада отургам. Аңгыча эле бир врач кирип, коргонуучу кийимин чечип жатканда карасам үстүнө бирөө суу куюп ийгендей тердеп кетиптир. Ушул көрүнүш мага аябай катуу таасир этти. Кызым экөөбүз күнүгө 30-40 врачка тамак жасап алып бара баштадык. Ыктыярчылар менен сүйлөшүп, жеке коргоону каражаттарын, беткаптарды алып бардык. Муну айтып жаткан себебим, медицина тармагында да көйгөй көп. Биз окутуучулар сыяктуу эле медиктер да колдоого муктаж. - Эмне үчүн шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен аттанууну чечтиңиз? - Азыр социалдык тармактарды ачсаң эле партиялар бири-бирин каралап, бири-бирин көөлөп жаткандарына күбө болосуң. Башка кишиге канчалык жакшылык кааласаң, өзүңө да ошончолук ырыскы келет. Ошондуктан, мен өзүмдүн партиялаштарыма да, башка партиялардын өкүлдөрүнө да шайлоону урушпай-талашпай, биримдикте өткөрүп, жалпы Кыргызстаныбыз үчүн чогуу иштейли деп айткым келет. Биздин партияга таза, позитивдүү, жаш күчтөр чогулду. Матраимов жөнүндө да аябай жакшы сөздөрдү угуп жатам. Мен бул партияга Матраимов үчүн келген жокмун, жаңы, таза партия экен деп келдим.Бирок, ошентсе да калыс сөзүмдү айтып койгум келет. Пандемия учурунда Матраимов Искендердей жалпы республикалык масштабда ар тараптуу жардам берген бир да саясатчы болгон жок деп чечкиндүү айта алам. Жолдошум жаткан ооруканада Матраимов 7 млн.сомго аппаратура алып келди деп айтышты. Он беш стационарды эч кандай пиар кылбай эле Матраимовдор ачышты. Ал өзү жасаган кайрымдуулук иштерин айтпайт экен, бирок, пандемия учурунда жалпы элдин духун көтөрүү, башкаларга үлгү болсун үчүн “Исмаил-Ата” фонду өз иштерин жарыя айтып жатышты. А негизинен бул бир туугандар көптөгөн кайрымдуулук иштерин купуя жасашат экен. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:26

«Биримдик» партиясынын тѳрагасы Марат Аманкулов билдирүү жасады

Аталган видео чагымчылдык болуп эсептелет. Бул 2019-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эриш-аркак жылын ѳткѳрүүнүн алдында Москва шаарында ѳткѳрүлгѳн маданий иш-чара болчу. Иш-чарада Евразия мейкиндигиндеги жалпы цивилизацияны эске алуу менен кызматташуудагы тарыхый-маданий жана элдердин маданий-тарыхый байланыштары жѳнүндѳгү маселелер кеңири талкууланган. Мен МамДуманын депутаты, Алтай Республикасынын Эл Курултайынын мурдагы тѳрагасы, Кыргызстандын чоң досу, Алтай цивилизациясы идеясынын туруктуу жактоочусу Иван Итулович Белековдун чын дилинен айткандарына жооп иретинде сѳз сүйлѳгѳм. Ал биздин жалпы тарыхыбыз, кыргыздар менен Евразия элдеринин тамырынын бир экендиги, байыркы евразиялык тарыхтагы Энесайдан Каспийге чейинки созулган Кыргыз каганатынын ролу тууралуу сүйлѳгѳн. Менин сѳзүм жалпы контексттен кыркылып алынып, айрым саясий күчтѳр тарабынан шайлоо кампаниясындагы ыплас технологияларга пайдаланылды. Чагымчылдык аракеттерди жасап, элдерди бѳлгѳндүн ордуна жаңы тарыхый глобализациянын шартында интеграциялашуу идеясын колдоого алуу керек деп эсептейм. «Биримдик» саясий партиясы патриоттук платформага негизделген, биздин башкы баалуулук болуп кѳз карандысыздык, суверенитет, аймактык бүтүндүк жана Кыргызстандын кызыкчылыгына тѳп келген приоритеттер эсептелет! Кѳз карандысыздык – биздин элдин эң улуу жетишкендиги. Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн сактоо жана бекемдѳѳ – ар бир жарандын ыйык милдети! «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 22:01

Шыкмаматов

Шыкмаматов: “Биримдик” партиясы мамлекетке тарыхый кыянатчылык жасады!

Подробнее
26 сентября 2020 г. 21:30

#БирБол - сиздин парламенттеги үнүңүз.

#БирБол - сиздин парламенттеги үнүңүз. #БирБол - ваш голос в парламенте.

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:26

Агитационный караван партии «Кыргызстан» прибыл в Таласскую область

Кандидат от политической партии «Кыргызстан» Кумаш уулу Кылычбек встретился с жителями села Покровка Манасского района Таласской области. Кандидат подробно рассказал о партии «Кыргызстан» и программе «Эл учун», которая является логическим завершением программы 2015 года. Она охватывает важнейшие сферы жизнедеятельности и включает в себя конкретные шаги для активных реформ в экономике, социальной сфере, государственном управлении, международной политике и безопасности граждан. В ходе встречи жители Манасского района задали Кумаш уулу Кылычбеку вопросы относительно насущных проблем в населенном пункте. В частности, жители Манасского района подняли вопросы о доступе к чистой питьевой воде, строительстве дорог, состоянии сельских школ и миграции граждан. В свою очередь Кумаш уулу Кылычбек заверил, что решение всех этих проблем обозначено в программе партии. «Единственный способ решить проблемы в селе - это создать рабочие места и улучшить инфраструктуру села. Наша партия не дает пустых обещаний. Мы внесли большой вклад в развитие промышленности и экономики страны, предоставляя людям рабочие места. Если экономика страны будет развиваться, и люди будут обеспечены работой, то проблемы будут решены», - сказал кандидат. В завершение встречи жители села пожелали кандидату и всей партии успехов на предстоящих выборах. Партия Кыргызстан № 15: Благополучие народа — благополучие всего государства! Заказчик: политическая партия "Кыргызстан". Оплачено из избирательного фонда партии "Кыргызстан" уполномоченным по финансовым вопросам Шамшидин уулу Разаком (свид. №94 от 06.08.2020 г.)

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:26

«Биримдик» №1. Талапкер Айнура Осмонова: Мамлекеттик чиновниктердин жоопкерчиликтерин күчѳтѳбүз!

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары уланууда. «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын талапкери Айнура Осмонова да Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолушууларды ѳткѳрүүдѳ. Бул ирет талапкер Жалал-Абад шаарынын Розы Азимов кѳчѳсүнүн жашоочулары менен жолугушту. Жолугушууда талапкер Айнура Осмонова мамлекетти ар тараптуу ѳнүктүрүү үчүн талаптарды күчѳтүү зарылдыгын айтып, мамлекеттик чиновниктердин жоопкерчиликтерин арттыруу, мамлекеттик башкаруу системасында реформаларды жүргүзүү керектигине токтолду. Анын айтымында, «Биримдик» партиясынын программасында мамлекетти башкаруу системасынын натыйжалуулугун арттыруу боюнча бир катар багыттар белгиленген. Атап айтсак, программага ылайык, мамлекеттик башкаруунун сапатын арттыруу боюнча Бирдиктүү борбор түзүп, ага жогорку макамды жана ыйгарым укуктарды берүү каралган. Ошондой эле электрондук башкарууну киргизүү үчүн «мамлекеттик машинанын» бүтүндѳй моделин оптимизациялоо, бирдиктүү электрондук башкаруу принцибине ѳткѳрүү, бийликтин бардык бутактарына элдин ишениминин индексин билип туруучу системаны ишке киргизүү ж.б. Айнура Осмонованын белгилѳѳсүндѳ, элдин бийликке болгон ишенимдеринин канчалык экенин билип туруунун мааниси чоң. Бул мамлекеттик башкаруу системасын мыктылап, кемчиликтерди оңдоп турууга мүмкүнчүлүк берет. «Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасына реформалар керек экендиги жашыруун эмес. Мамлекет натыйжалуу, туура башкарылганда гана ѳлкѳдѳ ѳсүп, ѳнүгүү болот. Экономикалык, социалдык ѳнүгүүлѳр кѳптѳн кѳп мамлекеттик башкаруу системасынан кѳз каранды. Ошондуктан биздин партия мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуу иштѳѳсүнѳ чоң маани берет», - деди. Талапкер ошону менен бирге добуштарды сатпай, туура тандоо кылууга чакырып, сѳзүн тѳмѳнкүдѳй жыйынтыктады: «Шайлоого саналуу күндөр калды. 4-октябрь келечек аныкталуучу күн. Андыктан болбогон бир каражатка алданып, айрым партиялардын кооз сөздөрүнө ишенбей, өлкөдөгү тынчтыкты, бакубат жашоону туу туткан №1 "БИРИМДИК" партиясына добуш бериңиздер!». «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:27

Талант Сарыбагышев: Чолпон-Ата шаарында төрөлүп, 5 жашыман баштап атасы жок өстүм

“Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Талант Сарыбагышев өзүнүн өмүр жолундагы баянынын социалдык тармакка жазып чыкты. Мен, 1976-жылы 24-октябрда Чолпон-Ата шаарында төрөлгөм. 5 жашыман баштап атасы жок өстүм. Апам мени адептүү жана чынчыл кылып тарбиялоого бардык күчүн жумшады. 7 жашыман музыкалык мектепке бара баштадым, үйлөмө аспапта ойночумун. 12 жашыман дзюдо менен машыгып баштап, музыка менин стихиям эмес экенине көзүм жетти. 17 жаш куракка келгенде алдыда кесип тандоо зарылчылыгы турган болчу, Феликс Кулов Бишкек шаарында милициянын жогорку мектебин ачыптыр, азыр кабыл алуу болуп жатат деп академик Азат Коңурбаев апама айтыптыр. Мен дароо эле андагы Чолпон-Атанын ШИИБсинин башчысы Өмүрбек Суваналиевдин жолдомосу менен документтеримди тапшырып, экзамендерге даярданып баштадым. Ал кезде менин боюм 165 см. гана болчу, башкача айтканда талапка ылайык келбей, бирок, дзюдо боюнча спорт чеберине талапкер деген китепчем жардамга келип, окуу жайга өтүп кеттим. Жогорку мектепте жакшы жетишкендиктер менен окудум, милиция болуу чындап менин кесибим экенине ынандым. 1997-жылы окууну аяктап, өз Чолпон-Атама мындан аркы кызмат өтөө үчүн келдим. Иштегениме 3 ай болуп калганда эс алуучу жайлардын биринде уурулук болуп, анын бетин ачтым. Бул окуядан бир күн өткөн соң мени ошол пансионатка чакыртып жиберишиптир, барсам анда айтылуу Чыныбек Алиев бар экен. Буюмун, акчасын алдырып жибергендер Чыныбек Алиевдин тааныштары экен. Мен ал кезде анын ким экенин деле билчү эмесмин. Бишкек ШИИБнин башчысынын орун басары экенин кийин билдим. Ошентип ал кишинин сунушу менен Бишкек шаарынын кылмыш иликтөө кызматынын оперкызматкери болуп дайындалдым. Мага да ыңгайлуу болуп калды, себеби, мен ал кезде үй-бүлө күтүп, кыздуу болуп калгам, алар Бишкекте калышкан болчу. Чыныбек Алиев адам катары, жетекчи катары жогору адамгерчилик сапаттарга ээ болчу. Шаардык УГРО кызматынын легендасы Тилек Алибаевдин жетекчилигинин алдында иштеп, бул кызмат менин кесиптик тагдырыма айланды. Буюртма менен киши өлтүрүү, талап-тоноо, опузалоо, уурулук, унааны айдап качуу сыяктуу кылмыштар боюнча ИИМдин ыкчам иликтөө кызматтарында ар кандай кызматтык милдетти аркаладым. КРнын ИИМнин ГУБОП кызматында иштеп жүргөн жылдары эң чоң тажрыйбага ээ болдум. Ал кездин мыкты жетекчилери Мелис Турганбаев, Бакыт Парманкулов, Михаил Сиренко, Алымжан Козубаев сыяктуу кесипкөй адамдар менен иштештим. Полковник наамын алып, пенсияга чыктым. 2016-жылы өткөн жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна Чолпон-Ата шаарында “Табылга” саясий партиясы менен катышып, бийликчил партиялардан озуп биринчини (21 мандаттын 8 мандатына ээ болушкан) багындырдык, көп өтпөй, көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен шаардык кеңешке төрага болуп шайландым, эки жылдан кийин Чолпон-Атанын шаар башчысы кызматына келип, ушул күндөргө чейин иштедим. Туз насип буюрган экен, минтип Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы менен катышып жатам. Менин кесиптик, турмуштук өмүр жолумда кезиккен ар бир инсанга терең ыраазычылык билдирем, алардан алган ар бир сабакка таазим кылам! Сиздерди терең урматтоом менен “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Талант Сарыбагышев

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:27

«Мекеним Кыргызстан» өлкөнүн миграция саясатында эмгек миграциясын азайтууга жана мигранттардын мекенине кайтуусуна шарт түзөт

«Мекеним Кыргызстан» шайлоо алдындагы программасында өлкөнүн миграция саясатында эмгек миграциясын азайтууга жана мигранттардын мекенине кайтуусуна шарт түзүү үчүн атайын пункту каралган. Активдүү эмгек миграция акыркы он жылдыкта постсоветтик аймакта трендге айланып калды. Бул биринчи кезекте мигрант өз мекенинин социалдык-экономикалык абалына байланыштуу татыктуу айлык төлөгөн жумуш таппай жатканынан келип чыкты. Кыргызстан болсо негизинен Орусия менен Казакстанга жумуш күчүн жиберчү өлкөгө айланып калды. Мамлекет эмгек мигранттарынын агымынын өсүшүн өлкөнүн нормалдуу өнүгүүсү жана улуттук коопсуздук үчүн коркунуч катары карашы керек. «Мекеним Кыргызстан» өлкөнүн миграция саясатында эмгек миграциясын азайтууга жана мигранттардын мекенине кайтуусуна шарт түзгөн жаңы стратегия зарыл деп эсептейт. Жаңы стратегия эмгек мигранттарын коргоо жана ар тараптуу колдоонун так механизмдерин аныкташы керек. Аны иштеп чыгуу үчүн мигранттар коомчулугунун жана ушул багытта тажрыйбасы бар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган жумуш тобун түзүү зарыл. Ошол эле учурда биз башка өлкөлөрдө туруктуу жашаган мигранттар жана мекендештер үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайбыз: – Чет өлкөлөрдө таанылган диаспора лидерлерине ардактуу консул макамын ыйгаруу; – Башка өлкө жарандыгын алган мекендештерибизге Кыргызстанда өз жарандары менен бирдей, тоскоолдуксуз экономикалык ишмердик жүргүзүү укугун берген атайын карта – «Мекен Карт» берүү; – Мекенинде бизнес ачууну каалаган мекендештерге Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондусунан насыя алуу жол-жоболорун жеңилдетип берүү; – Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын биринчи орун басарынын ыйгарым укуктарына эмгек мигранттарынын – мекендештердин укуктарын коргоо маселесин киргизүү. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:27

Шайлоо 2020. Президент парламентке беш-алты партия келиши керек деп эсептейт

Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радио» радиосуна берген маегинде белгилегендей, көп жылдар мурун парламенттик демократия жолуна түшкөн партиялык системасы орнотулган мамлекеттерде башкаруучу партия түшүнүгүндө эч кандай жаман нерсе жок.Маалыматка караганда, парламенттин колдоосусуз өлкөнүн өнүгүүсү үчүн долбоорлорду алдыга жылдыруу мүмкүн эмес. Демек, бул туура түшүнүк. «Албетте, бул жылдар талап кылат, көп эмгек керек. Ал эми азыркы кырдаалда мен эмне деп айта алам? Ар бир саясий уюмда мамлекеттик ишмердин позициясынан ой жүгүрткөн күчтүү өкүлдөрү бар. Парламенттин табияты ушундай. Сынга алынып, айрымдары популизмге алдырып жатышат. Бирок, мамлекеттин жана элдин жашоосу үчүн маанилүү суроо жаралганда, практика көрсөткөндөй, көпчүлүк мамлекеттик ишмердин мамилесин кабыл алышат. Алар бириге башташты », — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.Ал кийинки парламентте штаттын депутаттары көп болот деп ишенет. «Мен тараптан кандайдыр бир жол менен партиялардын атын атоо туура эмес, ачык агитация болмок. Бирок мен парламентке беш-алты саясий бирикменин келишин каалайм. Бул өлкө үчүн, стабилдүүлүк үчүн керек. Ушул себептен мен 9% босогонун ордуна 7% босогону колдодум: парламентке канча партия келсе, мамлекет ошончолук жакшы болот «, — деди президент.«Жарандар кандай добуш берсе, натушундайошондой болот. Бийлик өз кезегинде ачык жана таза шайлоо өткөрүүнү камсыздайт»,-деп убада кылды өлкө башчы.

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:27

Шайлоо 2020. Жигит талашып мушташкан кыздардын өздүгү аныкталды

Социалдык тармактарда тараган видеодогу мушташка катышкан кыздардын өздүгү аныкталды. Бири «Мекеним Кыргызстан» партиясынын логотиби түшүрүлгөн футболка кийип жүргөн. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн өспүрүм кыздар ата-энелери менен Москва районунун ички иштер органдарына жеткирилген. Мушташ бир жигиттин урушунан улам болгону аныкталды. Эки кыздын тең ата-энеси милицияга арыз жазуудан баш тартышты. Сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде бардык зарыл болгон тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Эмне үчүн согушкерлердин бири саясий уюмдун футболкасын кийип жүргөнү түшүндүрүлбөйт. Бирок, милиция баса белгилегендей, бул окуянын үгүт иштерине эч кандай тиешеси жок.

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:27

Шайлоо 2020. Базар-Коргон айылдарынын биринде шайлоочуларга миң сомдон төлөндү

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобуна Фейсбукка Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айылындагы шайлоочулардын ташылышы жана пара алуу жөнүндө видео жарыялангандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.Видеодо унаанын айдоочусу (718 АВС) курчап турган айылдардын жашоочуларын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан Акман айылына № 2 формага каттоодон өткөрүү үчүн алып келгенин жана 1000 сомдон таратканын көрүүгө болот.Жалпысынан № 2 формага ылайык 481 миң 950 арыз келип түшкөн, документтерди жасалмалоо фактысы боюнча 25 кылмыш иши козголгон.Эске салсак, тизмелер менен алдамчылык үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштары түрүндө жаза, 260 миң сомго чейин айып пул же эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бирок, шайлоочуларды ташуу жана № 2 форма жана биометрикалык маалыматтар менен башка участокто каттоодон өтүү мыйзам тарабынан жоопко тартылбайт.

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:28

Кочкор-Ата шаары “Мекеним Кыргызстанды” колдойт

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын үгүт кербени өлкө боюнча сапарын улантууда. Бул партиядан Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн ат салышып жаткан талапкерлер жума соңунда Жалал-Абад облусунун Ноокен району менен Кочкор-Ата шаарындагы шайлоочулар менен жолугушту. Талапкерлер чогулган элге партиянын шайлоо алдындагы программасы, аймактагы социалдык маселелерди чечүү жолдору тууралуу айтып берди. Депутаттыкка талапкер Кыянбек Сатыбалдиев сегиз айыл өкмөттү газдаштырууга жана ички-тышкы миграцияга байланыштуу маселелерди чечүүгө аракет кыларын айтты. Ал элдин ири шаарларга, башка өлкөлөргө иш издеп кетүүсүн токтотуу үчүн аймакта кичи ишканаларды ачып, токтоп калган ири ишканаларды кайра жандантуу зарылдыгына токтолду. Анын пикиринде, Майлуу-Суу лампа заводун калыбына келтирүү жана модернизациялоо эң натыйжалуу чечим болмок. Талапкер бул үчүн инвесторлорду тартууга аракет кыларын да кошумчалады. Дагы бир талапкер Бактыбек Сыдыков партиянын программасындагы негизги тезистер менен тааныштырды. Шайлоочулар айрыкча Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын кыскартуу, аткаминерлердин катарын азайтуу, социалдык жактан аялуу катмарга жөлөк пул өлчөмүн көбөйтүү сыяктуу демилге-сунуштарды кубатташты. Өлкөнүн өнүгүп-өсүүсүн жана балдарыңызга жаркын келечек кааласаңыз 4-октябрда 4-номердеги “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиз. “Мекеним Кыргызстан” ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 26-сентябрь. 17:12 26-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:28

“Бир Бол”, №13: “Жумуш орундарын түзүүгө даярбыз”

“Өлкөдө жумушсуздук күч алып, мекендештерибиз коңшу өлкөлөргө иштеп кетүүгө мажбур болууда. Бул биздин мамлекеттин алсыздыгынын көрсөткүчү”. Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Мирбек Асангариев Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында эл менен жолугушуу учурунда билдирди. Айтымында, миграциянын кесепетинен 100 миңден ашуун бала ата-энесинин камкордугунан ажырап калууда. “Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн парламентке билимдүү, эрктүү жана алдыга максат коё билгендер келиши керек. “Бир Бол” партиясынын курамында дал ошондой билимдүү, идеяга бай жаштар көп. Биз ишканаларды ачуу жолу менен чет жерде иштеп жүргөн мекендештерди өз өлкөсүнө алып келебиз. Жумушчу орундарын түзүүгө даярбыз, анткени депутаттыкка талапкерлигибизди коё электен мурда эле ар бирибиз иш орундарын түзүү менен алектенип жүргөнбүз”, - деди М.Асангариев. “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов, талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Мирбек Асангариев, Нурлан Шерипов Ысык-Көл облусунда үгүт иштерин жүргүзүшүүдө. Депутаттыкка талапкерлер элдин суроо-талабын угуп, партиянын программасы менен тааныштырышты. “Бир Бол” партиясынын үгүт кербени Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларында уланмакчы. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 26-сентябрь, 2020-жыл. 15:10 26-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:28

“Кыргызстан” партиясынын үгүт кербени Манас районунда

“Кыргызстан” саясий партиясынын жаш талапкери Кумаш уулу Кылычбек Талас облусунун Манас районундагы Покровка айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Эл уулун тосуп алган айыл тургундары жаш талапкерге элеттеги көйгөйлөрдү ачык айтып, суроолорун беришти. Негизинен элеттиктер таза суу, жол куруу, айылдагы мектептердин абалы жана миграция тууралуу суроо узатышты. Кумаш уулу Кылычбек айыл тургундарынын көйгөйлөрүн чечүүчү маселелери “Кыргызстан” партиясынын программасында камтылганын белгилеп, партиянын программасы менен тааныштырды. “Айылдагы көйгөйлөрдү чечүүнүн бирден бир жолу – бул жумушчу орундарды түзүү жана айылдын инфраструктурасын жакшыртуу. Биздин партия бул багытта куру убада менен эмес, өндүрүш менен өнөр жайга жана өлкө экономикасына иш жүзүндө салым кошуп, элди жумуш орундар менен камсыздап келген партия. Өлкөнүн экономикасы көтөрүлүп, эл жумуш орундар менен камсыз болсо бардык көйгөйлөрдү чечүүгө жол ачылат”, – деди талапкер. Жолугушуунун соңунда айыл тургандары Кумаш уулу Кылычбекке ийгиликтерди каалашып, колдоп берерин билдиришип, ак бата менен узатышты. Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 26.09.2020) 12:43 26-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники