О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
25 сентября 2020 г. 17:11

Эмил Үмөталиев, “Kyrgyz Concept” компаниясынын президенти:

Эмил Үмөталиев, “Kyrgyz Concept” компаниясынын президенти: – Түшүм берген бакты багыш керек. Биздин өлкөдө анын бутагын улам сындыра берип, ишкерлердин катарын суюлтуп, чөгөлөтүп, көз каранды жана жакыр кылуу саясаты жүргүзүлүп жатат. Элдин, экономиканын, өлкөнүн тирөөчү жана акыры барып мамлекетке атаандаштыкты бере турган тармак – бул ортоңку класс жана чакан, орто бизнес. Менин күткөнүм – сөзсүз түрдө ишкерликке жана адамдын жеке турмушуна мамлекеттин үстөмдүгүн, ашыкча кийлигишүүсүн жокко чыгаруу. “Бир Бол” партиясынын курамында көп жылдардан бери ишкерликтин эркиндигине жетишүүсү үчүн көрүлгөн мамлекеттик аракеттин оңолуусуна салымын кошуп келе жаткан Руслан Акматбек, Жодар Сайдилканов, Темирбек Ажыкулов сыяктуу иштин көзүн билген адамдар бар. Өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө, эл аралык мамилелердин жакшыруусуна, жарандык коомдун калыптанышына, мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейүүсүнө, жоопкерчиликтин жаралышына, коомдун активдүү болуусуна жана жаңы мыйзамдардын жаралышына салым кошкон адистер “Бир Бол” партиясы менен парламентке бара жатат. Ошондуктан “Бир Бол” партиясынын утушун колдойбуз.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 19:14

Во время пандемии Кыргызстан

Во время пандемии Кыргызстан продемонстрировал всему миру единство и сплоченность, о чем сегодня мы побеседовали с жителями села Алмалуу. Впереди нас ждет масштабная работа по возведению новых детсадов и школ, модернизации медучреждений и открытию ФАПов, цифровизации в сфере здравоохранения и образования. Вместе мы построим сильное социально-справедливое государство. Уважаемые жители села Алмалуу, спасибо вам за поддержку и веру в нашу партию. 4 октября 2020 года определится судьба Кыргызстана. Призываю вас голосовать сердцем за партию «Биримдик», которая готова воплотить самые смелые проекты в жизнь!

Подробнее
25 сентября 2020 г. 16:35

«Биримдик» саясий партиясы

«Биримдик» саясий партиясынын жаштар канатынын жамааты, дымагы күчтүү, идеяга бай, мамлекетибизге салым кошобуз деген жаш активисттерди «Биримдик» саясий партиясынын жаштар канатына мүчө болууга чакырат. Төмөнкү анкетаны толтуруу менен биздин катарга кошулгула! Биримдик менен жеңиш алдыда! Молодежное крыло политической партии «Биримдик» приглашает молодых активистов, которые сильны, амбициозны, богаты идеями и хотят внести свой вклад в развитие страны, стать членами молодежного крыла политической партии «Биримдик». Присоединяйтесь к нам, заполнив анкету ниже! Впереди единство и победа!

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:34

Мусабекова: Партиялардын дээрлик баардыгы бир гана партияны көөлөп, шыбоо менен алдарынын жетишинче алектеништи

“Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Жылдыз Мусабекова шайлоодон кийинки абал тууралуу сарасеп салды. ... “Шайлоо-өлкөңдүн түбүнө жетирүүнү турмушка ашыруу жана укугу эркин жарандардын мээсин айлантуу” деп америкалык жазуучу, журналист Амброз Бирс акем таамай айткан. Туура 5 күндөн кийин кудай буюрса Кыргызстандын тарых барактарында жаңы жагдайлар ачылат. Бийлик, таасир, мандат талашкандар “деликкен тас, демиңди бас болот” же “жыгылган күрөшкө тойбойт” болуп өлкөнү азапка, баш аламандыкка кептеп, же кан-жинге боегусу келет. Андай ойлуулар жок эмес. Бийлик кумары кимди гана жолдон чыгарбайт. Кээде ушу бийлик талашкандар бир-бирин кимди ким көрдү кылып ийсе эл жеңилдей, моюндарынан оор жүктү алгандай эс ала түшөт беле дегендей аргасыз ойго да жетеленесиң. ... Баягы “мурунку дөөнүн башын сал, кийинки дөөнүн төшүн сал, ал жетпесе алдагы дөөнүн санын сал” деп Меке чал айткандай шайлоодо калыстыкты туу тутам деп убада берген президент баш болуп, партия лидерлери төш болуп аз күндөн соң “кайсы дөөнүн эти казанга көбүрөөк түшөт” деп баштары маң. Парламенттик шайлоо жыйынтыгы же казанга түшкөн устукандын санына жараша келечектеги президенттик тактынын да ээси аныкталышы мүмкүн. ... Негизи бийликтегилер, бизнестегилер, жалпы жонунан акчалуулар “токочтуу бала сүйгүнчүк” тобундагылар чындыкты өз төшөгүнө ылайыктап тартпай таамай айткандарга караганда алар менен бирге курсагын тойгузуп жүрүп, күн-түн кошоматын угуп, күндөрдүн бири кызыкчылыктар дал келбей өз жолу менен кеткен адамдарды өтө жаман көрүшөт, жектешет, тепкилешет, боктошот. ... 4-октябрдан кийин айтты, койду дебегиле дал ушундай кырдаалга кептелебиз. Көз караштары, идеялары, туу туткан принциптери дал келбесе да тез арада бириккен жигиттердин көбү мандат ызасынан улам партия ичиндеги сыр-ойдун баарын сыртка чубап, чуулдатышат. 7-кабаттагы үлкөн адамдардын далайынын кулагы күбүр-шыбырдан улам жүрөктөрү шектенүүлөргө толот. Ортодогу куйтулар да устукандан кур калбаш үчүн кутумдук иштердин көбүн жасашат. ... Азга жагып, бирок, көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун ала албагандар күнөөнү өздүнөн эмес өзгөдөн издегени эң жаман жышаан. Бир ай бою шайлоо күрөшү көргөзгөндөй, жарышка чыккан партиялардын дээрлик баардыгы бир гана партияны көөлөп, шыбоо менен алдарынын жетишинче алектеништи. Эл чарчаса да Элебай чарчабайт болуп, эски пластинканы кайрадан айландыра берип, мүйүздүү деле болушпады. Албетте, өздөрүнүн ресурстарына (адам, акча, электорат, ишеним, идея ж.б. ж.б) небак эле ичтери чыкпай калгандар. Ээрге кыйшык отургандар. Тизмесин жалаң ФБ жылдыздары, көчө баатырлары, киргиздер менен толтургандар. Демек, эл чарчады. Чарчаганынан тарыхта болбогон кадамдарга барышты. Ар бир алдына келген партиянын жыйынын калтырышпай катышты. Өздөрү жазып, кайра небак жыртып, жамаачылап, тешип бүткөн Конституцияны көтөрүп чаап, кур кыйкырык, куу сүрөөнгө эрдемсиген жигиттерин көрүштү. Мыйыгынан жылмайышты. ... Ооба, жеңилүү ызасын тарткан тарап ар дайым эл сурабаса деле “биз эл мененбиз, биз оппозициябыз!” деп алмустактан бери эле айгай салышат. Бирок, элге жарытымдуу жардамы жок. Оппозициябыз дегендер эл сыйлаган бир адамдын тегерегине чогулса кана ийгиликтерге жетээрин түшүнүшпөйт. Тарых көргөзгөндөй чогула да алышпайт. Ар биринин амбициялары аттын башындай. Казанга түшкөн үч дөөнүн этиндей эле. Эл сыйлаган ишеним арткан бир штук адамды табуу кыйын. “Мен укмушмун” деген жаш, карысынын да илибой жери небак шалтактаган. Мактана, даңктана турган эч жарытылуу иши деле жок. Эл алдында күпүлдөп сүйлөп коюп, башкалардын алдында чөгөлөп, чимкиригин агызып ыйлагандарды да көргөнбүз. Аларга ишенген иттин да шору. ... 2010-2015-жылдагы шайлоо эстен чыга элек. Мандат үчүн далай акчасын желге сапырып жиберип же эттен, же эт салган табактан жок кур жалак калган канчалар инсульт, инфаркт алып, оорукчан болушту. Негизи адамдан өткөн мыкаачы жок экен. Өзүн өзү аябайт тура... Коркунучтуу пандемия босогобуздан сагалап турган маалда кошумча оору табуу курсагы ток адамдар үчүн керек деле эмес эле. Эмнеге акчасы бар туруп бийликке, кызматка жан талаша бергендердин сырын ушуга чейин эч ким таба эле, таппаса да керек. Ынсап, наспи, көкүрөк көңдөйлүгү боз топуракка гана тоеруна 5 күндөн соң дагы бир ирет күбө болобуз. ... Кызыктын баары алдыда... “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Жылдыз Мусабекова

Подробнее
25 сентября 2020 г. 11:25

Жаштар

Жаштар мамлекеттин келечеги деген менен коомчулуктун өнүгүшү балдардын бүгүнкү алып жаткан таалим-тарбиясынан көз каранды. Андыктан “Биримдик” партиясынын баштапкы тепкичинде жаштар саясатын реформалоо турат. Бишкекте партиянын алгачкы тренинги өтүп, анда төрага Марат Аманкулов жана Галина Агафонова жаш муундун өкүлдөрүнө партиянын идеологиясынын түпкү маңызы, билим берүүдөгү интеграциялык процесстер тууралуу айтып берди.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 12:57

Что необходимо каждому гражданину любой страны?

Что необходимо каждому гражданину любой страны? ⠀ 🔹 Достойная жизнь. 🔹 Качественная медицина. 🔹 Образование, позволяющее развиваться и работать на мировом уровне. ⠀ Кыргызстан не является исключением из этого правила. ⠀ ✅ Партия «Биримдик» разделяет интересы каждого гражданина Кыргызстана. ⠀ Мы так же лечимся в нашей стране, ездим в переполненном общественном транспорте, обучаем своих детей в кыргызстане. Каждому из нас известны чаяния, затруднения и беспокойства кыргызстанцев, мы живем обычной жизнью обычных людей, и поэтому знаем, что наиболее важно для каждого жителя страны. ⠀ Наши интересы – интересы всех кыргызстанцев. Голосуя за «Биримдик», вы голосуете за свое лучшее будущее!

Подробнее
25 сентября 2020 г. 11:30

БИРИМДИК: ӨЛКӨ ЖАРАНДАРЫ БИРДЕЙ УКУККА ЭЭ

БИРИМДИК: ӨЛКӨ ЖАРАНДАРЫ БИРДЕЙ УКУККА ЭЭ Кыргызстандын бардык жарандары бирдей укуктарга ээ. Андыктан “Биримдик»”демократиялык социализм – евразиялык тандоо” саясий партиясы ар бир Кыргызстандыктын жаркын жана коопсуз жашоосу, демократиялык социалдык кепилдиги үчүн кам көрүү аракетинде. Мыйзамга баш ийүү менен үгүт материалдары чыгып жаткан бардык партияларга Борбордук шайлоо комиссиясынын койгон талаптарын дагы аткарууда

Подробнее
25 сентября 2020 г. 11:10

Молодежь – это будущее

Молодежь – это будущее государства и от того как мы воспитаем наших детей зависит дальнейшее развитие нашего общества. Именно поэтому одним из первостепенных пунктов в программе партии Биримдик является реформа молодежной политики. В Бишкеке прошли первые тренинги партии, на которых лидер партии Марат Аманкулов и Галина Агафонова (Кетова) рассказали молодому поколению суть идеологии партии, интеграционных процессов в сфере образования, науки и других сферах жизнедеятельности государства и общества, познакомили с преимуществами командной работы.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 14:17

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү – жаратман жана бир пикирдеги санаалаштарбыз.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү – жаратман жана бир пикирдеги санаалаштарбыз. Жашыбызга, жынысыбызга, улутубузга, диний ишенимибизге жана тек-жайыбызга карабай бизди жалпы бир түшүнүк – Кыргызстанды кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантабыз деген ой бириктирди. Кыргызстандын элин кандай негизги көйгөйлөр түйшөлтүп жатканына дайыма абай салып турабыз. Биздин максатыбыз – рынок экономикасы өнүккөн социалдык багыттагы мамлекетти куруу. Биздин приоритеттер – жеке эркиндик, экономикалык эркиндик, коомдун жана мамлекеттин жеке менчикти сыйлоосу, мүмкүнчүлүктөр теңдиги, толеранттуулук, сабырдуулук жана айкөлдүк. №4 "Мекеним Кыргызстан" – ар бир кыргызстандыктын партиясы! *** Члены партии «Мекеним Кыргызстан» – созидатели и единомышленники. Несмотря на отличия по возрасту и полу, национальности и вероисповеданию, по месту рождения и происхождению, нас объединяет общее понимание, как сделать Кыргызстан комфортной страной для каждого кыргызстанца. Мы держим руку на пульсе, чтобы знать основные проблемы, волнующие граждан Кыргызстана. Наша цель – построить социально ориентированное государство с развитой рыночной экономикой. Наши приоритеты: свобода личности, экономическая свобода, уважение общества и государства к частной собственности, равенство возможностей, толерантность, терпимость и великодушие. "Мекеним Кыргызстан" №4 - партия каждого кыргызстанца

Подробнее
25 сентября 2020 г. 15:48

"Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер Эрлан Базарбаев.

"Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер Эрлан Базарбаев. №4 "Мекеним Кыргызстан" – ар бир кыргызстандыктын партиясы! ** Кандидат от партии «Мекеним Кыргызстан» Эрлан Базарбаев. Партия «Мекеним Кыргызстан» №4 – партия каждого кыргызстанца!

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:35

Мирлан Бакиров, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын лидери: "Мекеним Кыргызстан” партиясынын келечеги кенен!

– Мирлан мырза, лидер деген ким, ал кандай болушу керек? Сиз өзүңүздү лидермин деп эсептейсизби? – Эч ким лидер же төрага болуп төрөлбөйт. Ал өз убагы, сааты менен ар кандай ысык-сууктан өтүп, кыргыз элинин улуу инсандарынын тарыхый басып өткөн жолун карап таасирленип, улуу агалардын, саясатчы жана мамлекеттик ишмерлердин тажрыйбаларын таразалап, насааттарын угуп, акырындан тийиштүү деңгээлге жетет. Албетте, лидер – калыс, чечкиндүү жана адамдык мыкты сапаттарга ээ болгон инсан болушу зарыл. Лидерди күчтүү кылган – анын командасы. Мен бүгүн өзүмдү сасатчы жана партиянын төрагасы деп эсептейм. Сиздин сурооңузга партиялаштарым, эл-журт жана коомчулук баасын бергени дурус. – Мурда эки партиянын атынан Жогорку Кеңешке депутат болдуңуз. Учурда үчүнчү партиядан депутаттыкка ат салышып жатасыз... Партияны улам-улам алмаштырганыңызды кандай түшүнсө болот? – Биздин өлкөдө 244төн ашык саясий партия каттоодон өткөн. Кыргызстанда, биринчиден, партиялык тизме менен пропорционалдык шайлоо системасы акырындык менен калыптанып баратат. Бул табигый көрүнүш. Келечегинде ар тараптуу өсүп-калыптанган 5-6 гана партия каларына ишеним бар. Мага деле оңой болгон жок. Сунушту кабыл аларда абдан ойлондум, түйшөлдүм... Партиялаштарыңдын бирөө консерватор, бирөө либерал, экинчиси карама-каршы көз караштагы кишилер, баары менен көз карашың келише бербейт, принциптериңиз туура келбей калышы мүмкүн, ошондуктан “Мекеним Кыргызстан” партиясынын идеясы, максаты күчтүү командасы жакты. Партиянын курамында ар кайсы тармактын өкүлдөрү, тажрыйбалуу инсандар, дыйкан, дарыгер, мугалимден тартып, такшалган саясатчылар, деги эле күчтүү инсандардан куру эмес. – Сизди эл-журт такшалган саясатчы катары таанып калды. Эки партиянын депутаты катары өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымыңызга баа бергендер да жок эмес... – 2010-жылы “Республика” партиясынан талапкер катары тизмедеги 30-орунда бизге бөлүнгөн Базар-Коргон району боюнча шайлоого катыштым. Биздин округдагы 75 миң шайлоочудан 40 миңи шайлоого катышып, мен 12 миң добуш алып, биринчи орунга чыктым. Бешинчи чакырылышта жаңы депутат катары 30дан ашуун жаңы мыйзамдарды жаздым, алардын көпчүлүгү турмушка ийкемдүүлүгү жана жарамдуулугу менен азыркы учурда иштеп жатат. Ошондо социалдык маселелер боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлык кызматын аркаладым. Ал эми VI чакырылышта “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан партиялык тизме боюнча депутат болуп шайландым. Парламентке келгенде бир жарым жыл Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетине төрагалык кылдым. Агрардык тармак бизде чоң, масштабдуу, климатка ыңгайлашкан негизги тармак эмеспи, көз менен көрүп, кол менен кармоого боло турган натыйжаларга жетишүү үчүн турмушка жакын, реалдуу, ийкемдүү, иштей турган мыйзам долбоорлоруна муктаж эле. Ошондуктан заман талабына ылайык, чоң-чоң мыйзамдарды жаздым. Балык чарбасы, сугат жерлерди пайдалануунун эрежелери, грек жаңгагын коргоо, өстүрүү, көбөйтүүнүн жолдору, үлүш жерлерге дыйкан каалаган эгинди эгүү жөнүндө жана ушул сыяктуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган бир катар мыйзамдарды иштеп чыктык. Эл аралык иштер, иш башкармалыгы, чарба, каржы иштери боюнча 58 мыйзам долбоорун өзүм демилгеледим. – Айтыңызчы, Мирлан Бакиров деген инсан кантип калыптанды, өстү, жетилди, эл кызматын аркалаганга даяр болду? – Балалык учур мен үчүн эң баа жеткис жана бактылуу күндөрдү эске салат. Балалыгым тоо коюнунда, шар аккан суунун боюнда жана көк шиберлүү кыргыздын жайлоосунда өттү. Балалыкты эстегенде белгилүү кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев агабыздын биздин айылда 1984-жылы тарткан “Махабат дастаны” көркөм фильмисиз элестетүү кыйын. Эмне себептен? Мен ошол мезгилде 5-классты аяктап калган мезгилим. Күн сайын эртең менен атымды токуп алып “массовкага” катышып, “ары чап, бери чап” деген күндөр, ошол мезгилдеги белгилүү киноактёрлордун жана актрисалардын элеси көз алдыма тартылат. Мен 6 айлыгымдан тартып, чоң ата-чоң энемдин колунда чоңойдум. Чоң атам “Жараткан жаштын тилегин берет” деп айтчу эле. Окуучу кезимден, жаш курагымдан эле ошол кездеги Жогорку Кеңештин иши жана депутаттарынын ишмердүүлүгү мени кызыктырчу. Кээ бир учурларда кеч болсо да Жогорку Кеңештин отурумдарын теле аркылуу түнү менен көргөн учурларым болгон. Ошол кездеги “Легендарлуу парламенттин” кийинки кездеги бир мандаттуу округдардан шайланып келишкен депутаттары, мисалы, Турдакун Усубалиев, Дооронбек Садырбаев жана Өмүрбек Текебаев сыяктуу инсандар мени келечекте эл камын ойлогон эл өкүлү болууга шыктандырышты. “Аганы көрүп ини өсөт” демекчи, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон Жусуп Абдырахманов, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов сыяктуу улуу инсандардын Кыргыз ССРинин жана эгемендүү Кыргыз мамлекетинин тарыхындагы белгилүү ар бир саясатчынын калыптанышына таасири чоң деп эсептейм. Бүгүнкү күнү да саясатта, ишкерликте, дегеле жөнөкөй эле адамдарыбыздын арасында мени шыктандырган инсандар бар. Мен кай биринин атын атоо менен башкаларды капа кылгым келбейт. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы. 4- октябрда 4-номерди тандаңыз. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 14:22

Осуществить политическую децентрализаци

Осуществить политическую децентрализацию через прямые выборы глав органов местного самоуправления и предоставить органам МСУ адекватные их потребностям экономические и финансовые ресурсы, как минимум увеличить доли распределяемых налогов в пользу местных бюджетов.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 14:21

Жергиликтүү

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин түз шайлоо аркылуу борбордон ажыратууну ишке ашыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муктаждыктарына шайкеш экономикалык жана финансылык ресурстар менен камсыз кылуу, бери дегенде эле бөлүштүрүлгөн салыктардын үлүшүн жергиликтүү бюджеттердин пайдасына көбөйтүү.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 13:25

Мы готовы реализовать реальные механизмы свободы слова.

Мы готовы реализовать реальные механизмы свободы слова. 24 сентября в «Парк Отеле» состоялась встреча представителей медиа-сектора с кандидатами в депутаты Жогорку Кенеша КР, на которой стороны заключили Договор «о свободе слова в Кыргызской Республике». Во встрече приняли участие 14 партий. Партию «Мекеним Кыргызстан» представлял Канатбек Азиз. Рассматриваемый меморандум состоял из несколько пунктов, один из которых гласил: «Гарантировать доступ граждан к получению разносторонней информации, создавая условия для свободной деятельности СМИ и социальных сетей». Скажи «ДА!» свободе слова вместе с партией «Мекеним Кыргызстан». 4 октября голосуй за № 4! *** Биз сөз эркиндиги жаатында реалдуу механизмдерди иштеп чыгабыз. 24-сентябрда "Парк Отеледе" медиа-сектордун өкүлдөрү менен Жогорку Кеңешке депутаттыкка аттанган талапкерлер жолугушуп, "Кыргыз Республикасындагы сөз эркиндиги тууралуу" келишимге кол коюшту. Жолугушууга 14 партия катышты. "Мекеним Кыргызстан" партиясынан өкүл болуп Канатбек Азиз барды. Каралып жаткан меморандум бир нече пункттан туруп, анын биринде "ЖМК кызматкерлеринин жана социалдык түйүндөрдүн ээн-эркин иштөөсүнө шарт түзүү менен жарандардын ар тараптуу маалымат алуусуна кепилдик берүү" тууралуу жазылган. "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен биргеликте сөз эркиндигине "ООБА" де! 4-октябрда 4-номерди тандаңыз!

Подробнее
25 сентября 2020 г. 16:18

Учкун Ташбаев

"Ыйман Нуру" партиясынан тарапкер Учкун Ташбаев "Коомдук пикир" берүүсүндөгү теледебатка катышып, партиянын көз карашы, талаптары жана мамлекеттин көйгөйлөрүн чечүү жолдору тууралуу маек курду. Дебаттын жүрүшүндө Кыргызстандагы кен байлыктардын жарандарга берилчү үлүшүнөн тарта, пенсияны турукташтыруу маселелери каралды. Талапкердин айтымында бул жана башка суроолорду оң жакка чечүүгө "Ыйман Нуру" партиясынын экономика адистеринин каалоосу жана тажрыйбасы күч. "Ыйман Нуру" партиясы өлкөнүн жаркын келечеги үчүн! . Кандидат от партии "Ыйман Нуру" Учкун Ташбаев принял участие в теледебатах "Коомдук пикир", где поделился взглялами партии и путями решения проблем государства. В ходе дискуссии обсуждались вопросы стабилизации пенсий, начиная от доли недр в Кыргызстане и заканчивая гражданами. По словам кандидата, желание и опыт экономистов партии «Ыйман Нуру» в силах разрешить эти и другие вопросы в позитивном ключе. Партия "Ыйман Нуру" за светлое будущее страны!

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники