О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
26 сентября 2020 г. 0:53

Шайлоо 2020. БШК бюллетендерди аймактарга жөнөттү

БШК бюллетендерди аймактарга жөнөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.Маалымдалгандай, бир күн мурун «Учкун» басмаканасынын имаратында Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын аймактык шайлоо комиссияларына даярдалган бюллетендерди кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысына кол коюу аземи болуп өттү.643 миң 777 бюллетень Жалал-Абад облусуна, Ош – 682 миң 673, Баткен – 284 миң 300, Нарын – 176 миң 203, Ысык-Көл – 290 миң 766, Талас – 149 миң 8, Чүй – 586 миң 669.БШК бюллетендерди басып чыгаруу процесси күнү-түнү жумушчу топ тарабынан көзөмөлдөнүп тургандыгын, анын курамына БШКнын мүчөлөрү, БШКнын администрациясынын маалыматтык жана уюштуруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери киргенин кошумчалады. Коопсуздукту Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери камсыз кылышкан. «Учкун» ААКнын полиграфиялык цехинде шаймандардын комплекти орнотулуп, ага басылган бюллетендер сыноодон өткөрүлдү.«Шайлоо бюллетени жогорку деңгээлде корголот, ага ар бир бюллетенди автоматтык түрдө окулган урна аркылуу таануу үчүн атайын коргоочу боёк колдонулат», — деп белгилешти БШКдан.Шайлоо мыйзамдарына ылайык, бюллетендер добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күн калганда, аймактык шайлоо комиссияларына 2-1 календардык күн калганда тапшырылат.Шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдын талаптарын бузуу менен басмаканалардын, шайлоо комиссияларынын имараттарынан сыртка чыгарууга, ошондой эле бюллетендерди көчүрүп алууга жана таратууга тыюу салынат.Бюллетендер атайын коопсуздук шилтемеси аркылуу жөнөтүлөт.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:53

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүтчү кызы башка кызды таш менен башка чаап жаткан видеосу тарады

Социалдык тармактарда «Мекеним Кыргызстан» партиясынын кийимин кийген кыз башка кыз менен мушташып, аны таш менен башка чаап жаткан видео тарады. Бул видеону Илим Карыпбеков инстаграм баракчасына чыгарып «Үгүт ишинин жаңы ыкмалары»-деп жазды. View this post on Instagram Үгүт ишинин жаңы ыкмалары. A post shared by Ilim Karypbekov (@ilim_karypbekov) on Sep 25, 2020 at 12:03am PDT

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:53

«Биримдик» №1. Талапкер Руслан Калматов: «Беш жылда бир келүүчү бийлигиңиздерди туура пайдаланыңыздар!»

ЖТР телеканалындагы шайлоо ѳнѳктүгүнѳ байланышкан дебатка «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын ЖК депутаттыгына талапкерлери Айнура Осмонова менен Руслан Калматов катышты. Анда талапкер Руслан Калматов партиянын «Кыргызстан – Евразиянын жүрѳгү» деген лозунгуна токтолуп, аны чечмелеп берди. «Дүйнѳлүк картаны карасак, Кыргызстан кичинекей мамлекет экендигин кѳрѳбүз. Биздин ата бабаларыбыз Евразияда жайгашкан Алтай, Энесайда жашашкан. Географиялык жактан алып караганда, Кыргызстан Евразиянын, анын ичинде Борбордук Азиянын ортосунда жайгашкан. Ошол үчүн Кыргызстан келечекте Евразиянын жүрѳгү болот деген максатты алдыбызга коюп атабыз. Биз Евразия, Борбордук Азиядагы ѳлкѳлѳр менен эриш-аркаксыз ѳнүгүп, ѳсѳ албайбыз», - деди. Партиянын программасына токтолгон жаш талапкер программанын реалдуулугу, ишке аша тургандыгы менен башкалардыкынан айырмаланып турарын айтты. «Биздин партиянын курамында бир катар депутаттар, мамлекеттик, саясий ишмерлер, чыгаан инсандар, жигердүү, иш билги жаштар бар. Программабыз болсо куру, ооз кѳптүргѳн убадалар эмес, реалдуу, ишке ашчу платформа», - деди. Анын белгилѳѳсүндѳ, партиянын программасы 10 багыттан туруп, ѳзүнѳ эң биринчи кезекте социалдык маселелерди чечүүнү камтыйт. Атап айтканда, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жумушсуздук, миграция, социалдык обьектилердин курулушу ж.б. Талапкер депутат болуп шайланып калса, аталган маселелерди оң жагына чечүүгѳ колдон келген аракеттерин кѳрѳ турганын ишендирип ѳттү. Ошону бирге талапкер шайлоого катышып жаткан партиялар бийликке келүүнүн ар кандай амалдарын кылышып, ѳкүнүчтүүсү, элдин тынчтыгын, ѳлкѳдѳгү стабилдүүлүктү кѳп ойлобой жатышканын белгилеп, шайлоо ѳнѳктүгүн таза, мыйзамдуу ѳткѳрүүгѳ чакырып кетти. Дебаттын аягында талапкер шайлоочуларга кайрылды: «Урматтуу кыргызстандыктар, мекендештер! Алдыда ѳлкѳнү ѳзгѳртүүчү шайлоо турат. Шайлоо – бул тандоо. Элдин каалоосун, үмүтүн канчалык деңгээлде колдоно алабыз? Маселе ушунда. Беш жылда бир келүүчү колуңуздардагы бийликти туура пайдаланып, татыктууларга добушуңуздарды берип, туура тандоо кылыңыздар! Бюллетендеги №1 «Биримдик» партиясына добуш бериңиздер!». «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:54

Шайлоо 2020: Жогорку Кеңештеги 120 депутаттын ичинен 85и шайлоого аттанып жатканы айтылды

Башкы прокуратура депутаттыкка талапкерлердин Борбордук шайлоо комиссиясына берилген тизмесин иликтеп чыкты. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Ага ылайык, депутаттыкка мамлекеттик жана муниципалдык жетекчилерден, кызматкерлерден, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн 140 адам талапкерлигин коюп жатат. Алардын бардыгы шайлоо мыйзамдарына ылайык кызматтык милдеттерин аткарууну токтотуп, ээлеген орундарынан бошогон. Мындан тышкары 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынан 85 адам шайлоого кайрадан аттанып жатканы маалымдалат. "Шайлоого катышып жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын алкагында бир катар чектөөлөр каралган. Алсак, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер саясий партиялардын байкоочулары, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана ишенимдүү адамдары катары каттала албайт. Башкы прокуратура тарабынан өлкөнүн шайлоо жөнүндөгү мыйзамынын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө боюнча иштер жүрүп жатат" , - деп жазылат маалыматта. 22:09 25-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:54

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын шайлоо алдындагы программасынын өзгөчө багыттары

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү – жаратман жана бир пикирдеги санаалаштар. Партия мүчөлөрүндө саясий ишмердик жана башка ар кайсы тармактар боюнча, мамлекеттик башкаруудан тарта жумуш орундарын түзүүгө чейинки иште зор тажрыйбасы бар. Жашына, жынысына, улутуна, диний ишенимге жана тек-жайына карабай жалпы бир түшүнүк – Кыргызстанды кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантуу. Коронавирус пандемиясынан кийин азыр дүйнө жүзү менен катар Кыргызстанда да системдүү туташ кризис байкалууда. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында андан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган. Биз бул багытта өлкөдөгү бардык конструктивдүү саясий күчтөр, жарандык коом жана жер-жерлердеги лидерлер менен иштешүүгө даярбыз. Себеби «Мекеним Кыргызстан» – бул ар бир кыргызстандыктын партиясы. «Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөдөгү кырдаал боюнча такай социологиялык мониторинг жүргүзүп турат. «Мекеним Кыргызстандын» командасында ишке ашыруу механизминин негизинде социал-либералдык идеология жактан көптөгөн новатордук, антикризистик идеялар бар. Максаты: • Өнүккөн рынок экономикасы менен социалдык багыттагы мамлекет куруу; • Ар бир жарандын жашоо-шартын жакшыртуу. Биздин приоритеттер: • Жеке эркиндик; • Экономикалык эркиндик; • Коомдун жана мамлекеттин жеке менчикти сыйлоосу; • Мүмкүнчүлүктөр теңдиги. Анын ичинде укуктук жана саясий теңдик; • Толеранттуулук, сабырдуулук жана айкөлдүк. Биздин принциптер: • Улуттук кызыкчылыктарга приоритет; • Эркин экономикалык жана саясий атаандаштык; • Либералдык-плюралисттик башкаруу; • Бейпилдик жана ынтымак-ырашкерлик; • Рационализм жана прагматизм; • Бардар эл жана бакубат өлкө. Бир сап менен • Тышкы саясат: «Мекеним Кыргызстан» евразиялык жана терең региондук интеграцияга багытталган стратегиялык курсту колдойт. • Коррупцияга каршы күрөш: мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармагын 2025-жылга чейин толук санариптештирүү. Бажы көзөмөлү менен салык кызматындагы процесстердин ачыктыгы жана автоматташтырылышы. Коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган соттук-укуктук системаны реформалоо. • Чек ара: мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча комиссия туруктуу негизде иштөөгө тийиш. • Ыктыярчылар: ыктыярчылар күнүн негиздеп, алардын аракетин мамлекет ар тараптан колдоого алуусу керек. • Инфраструктураны өнүктүрүү: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун тездетүүнү колдоо. Нарында жергиликтүү элдин макулдугу менен ири логистикалык борбор ачуу, эл аралык ишенимдүү инвестор менен биргеликте «Манас» аэропортунда жүк ташуучу борборду куруу. Республикадагы аэропортторду калыбына келтирүү боюнча инвестициялык программа. • Салык: «Бир өлкө – бир салык» принцибин киргизүү. Башкача айтканда, бардык салыктарды жоюп, ишкерлик жүгүртүүгө салынган бир гана салыкты калтыруу. • Административдик-аймактык реформа: беш жыл аралыгында облустарды жоюп, райондорду ирилештирүү жана үч баскычтуу башкарууга өтүү: республика – аймак – айыл. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы – өлкө турмушунун ар кайсы багыттары боюнча реалдуу долбоорлор топтому. Программа популизмден алыс жана өзгөчөлүктөргө бай. Анда коомдогу актуалдуу маселелер эске алынып, аларды чечүүнүн жолдору келтирилди. Албетте, баарын бир программага камтуу мүмкүн эмес. Партиянын программасы ар бирибизге түшүнүктүү, элдик программа болушун каалайт. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү ушул программада зарылдыгы көрсөтүлгөн көптөгөн мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга катышууга даяр. “Мекеним Кыргызстан” Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, дүйнөнү кезектеги көчө революциясы эмес, интеллектуалдуу революция, инновация жана жаңы идеялардын революциясы менен таң калтырарына ишенет. Кыргызстан региондогу ийгиликтүү модернизациянын үлгүсү боло алат жана ошондой болууга тийиш. Чыгыш Азияда азыр төрт «жолборс» бар. Эми Борбор Азия «барстарынын» мезгили келди. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 18:09 25-09-2020

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:54

Канатбек Исаев: “Жеңил өнөр жай – өлкөбүздүн экономикасынын флагманы”

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, “Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев, Асель Атабекова жана Дамира Дөлөталиева Кыргызстандын экономикасынын негизги түркүгү болгон жеңил өнөр жай тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө партиянын лидери Кыргызстандын жеңил өнөр жайы, андагы көйгөйлөрдү чечүү жана бул тармакты өркүндөтүүнүн жолдору партиянын «Эл үчүн» программасында камтылганын баса белгиледи. “Кыргызстандын жеңил өнөр жайы – өлкөбүздүн экономикасынын флагманы. Ал абдан чоң социалдык мааниге да ээ. Анткени бул тармакта жүз миңдеген кызматкерлер эмгектенип, алардын барандуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт. Жеңил өнөр жай тармагы ички рынокто туруктуу позицияны ээлөө менен бирге сырткы рынокто атаандаштыкты түзүп, өлкөнүн экспорттук потенциалын да жогорулатып келет. Ал эми кыргыздын уз кыз-келиндеринин колунан чыккан «Мade in Kyrgyzstan» сапаттуу кийимдер жана буюмдар бренди көптөгөн өлкөлөргө да таанымал болуп, аларга суроо-талап да жогору болуп турган учур”, - деди Исаев. Партия лидери Канатбек Исаев белгилегендей, жеңил өнөр жай тармагында көп жылдардан бери эмгектенип, экономиканын өнүгүшүнө салым кошуп, кыргыз кийимдеринин дүйнө жүзүнө таанылышына себепчи болгон айымдар көп. “Мындай адамдардын бири Асель айым “Кыргызстан” партиясынын курамында экендиги мени кубандырат. Мындай ийгиликтүү талапкерлер менен биргеликте мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө «Кыргызстанда» бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Себеби ийгиликтүү адамдар гана ийгиликтүү мамлекетти кура алат”, – деди партия лидери. “Кыргызстан” партиясынын башкы максаттарынын бири – өлкөгө өнөр жай ишканаларын куруу үчүн чет өлкөлөрдөн инвесторлорду тартып келип, 100 миңдеген жумуш орундарын түзүп, сыртта иштеп жүргөн мекендештерди өлкөгө кайтарып келүү жана миграциянын агымын токтотуу. Андыктан 4-октябрь күнү шайлоо участогуна келип, өзүңүздүн добушуңузду татыктуу партияга бериңиз! Ийгиликтүү Кыргызстанды ийгиликтүү адамдар менен куралы! Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 06.08.2020) 15:08 25-09-2020

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:54

“Бир Бол Time”: Парламент Ак Үйдө эмес телефонуңузда

“Бир Бол Time” – “Бир Бол” саясий партиясынын мобилдик тиркемеси. Аталган тиркеме IOS жана Android операциялык системасынын базасы үчүн атайын иштелип чыкты. Платформа өлкөдөгү санариптештирүү жараянынын алкагында түзүлдү. Аны Google Play Market жана ‎ App Store аркылуу көчүрүп алса болот. Интрефейси түшүнүктүү, ошондой эле кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү. “Бир Бол Time” тиркемесинин максаты Негизги максат – элдин мамлекеттик кызматтар боюнча суроо-талаптарына ыкчам реакция кылуу, калкты парламентте көтөрүлүп жаткан маселелер менен парламенттен түз тааныштыруу, чечимдерди кабыл алууда элдин пикирин жана добуш берүүдө жарандардын кызыкчылыктарын эске алуу. “Кандай гана мыйзам долбоорлору каралбасын, эң маанилүүлөрүн коомдук талкууга чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мыйзам долбоорлору мобилдик тиркеме аркылуу жарыяланып, эл ага өзү добуш берет. Эл жактабаган эч бир мыйзам колдоо таппайт жана тиркеменин колдонуучулары парламентке сунуш бере алышат. Бир дагы резонанстуу мыйзам долбоору же ар түрдүү көйгөйлөр четте калбайт. Бул тиркеме аркылуу түз эфир кылып, Жогорку Кеңештин жыйындарын же башка маанилүү жаңылыктарды көрө алышат”, - деп билдиришти “Бир Бол” партиясынан. “Бир Бол Time” тиркемеси көп функционалдуу Партия жөнүндө маалымат Партиянын мүчөлөрү Талапкерлер жөнүнө кеңири маалымат Акыркы жаңылыктар: өлкөдө болуп жаткан маалыматтар жана фактчекинг Түз эфирлер Онлайн сурамжылоолор “Сурамжылоо” бөлүмү Аталган бөлүмдө колдонуучулар сурамжылоодо чагылдырылган көйгөйлөр боюнча жеке позициясын билдире алышат. Партия сунуштаган мыйзам долбооруна же партиянын өзүнүн программаларына карата сунуштары жана сын-пикирлери болсо билдирип, комментарий калтыра алышат. Ошондой эле жарандарга добуш берүү үчүн шарт түзүлгөн. Кабыл алына турган чечимдер боюнча “Макул” же “Каршы” добуштарын бере алышат. Бул парламентарийлердин туура жана шексиз чечим кабыл алуусуна өбөлгө түзөт. Мындан сырткары, жарандык коомдун пикирин билдирүү үчүн петицияларды түзсө болот. “Жеке кабинет” функциясы Тиркеменин колдонуучулары үчүн ыңгайлуу. Ага кириш үчүн каттоодон өтүш керек, анткени система анын фейк эмес экендигин түшүнүшү кажет. Эгерде колдонуучу өзү жашаган аймакта ар түрдүү көйгөйлөр боюнча эч ким реакция кылбаганын байкаса, бул тууралуу “Бир Бол Time” тиркемеси аркылуу кабарласа болот. “Түз эфир” функциясы Тиркеменин колдонуучулары мурда болгон жана live режиминде болуп жаткан түз эфирлердин баарын көрө алат. Парламенттеги жыйындардагы түз эфирлерден сырткары, колдонуучулар региондордогу жолугушууларда эмне болуп жатканын да онлайн көрүп турушат. “Партиянын талапкерлери” бөлүмү Бул бөлүмдө депутаттыкка талапкерлер жана партиянын мүчөлөрү туурасында кеңири маалымат камтылган. Билими, үй-бүлөлүк абалы, иш тажрыйбасы, ишмердиги туурасында маалыматтар кыска, так жана түшүнүктүү берилген. Бул бөлүм кийинчерээк кайсы бир региондогу керектүү өкүлдү табуу жана ага суроо-талаптар, суранычтар менен түздөн-түз кайрылууга мүмкүн боло турган курал болуп калат. Шайлоочуларга түзүлгөн шарт Ар бир колдонуучу өзүн шайлоо участкаларындагы шайлоочулардын тизмесинен текшере алат. Жеке маалыматтары боюнча көйгөй жаралса же өзүн шайлоочулардын тизмесинен таба албай жатса, тиркеме процессти тездетүүгө жардам берет. Бир жакка баруунун, бирөөгө чалып такташуунун зарылдыгы жок, тиркемени ачасыз дагы, издөө функциясына өзүңүздүн маалыматтарыңызды жазып издеп табасыз. Болду, даяр! БИР БОЛ №13 – Жаратман күч! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 25-сентябрь, 2020-жыл. 14:23 25-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:55

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Канатбек Маматов Мырза-Аке айыл аймагындагы бардык айылдарды кыдырууда

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Канатбек Маматов Мырза-Аке айыл аймагындагы бардык айылдарды кыдырууда. Талапкер менен жолугушууга жергиликтүү тургундар активдүү келип жатат. Алар айыл аймагындагы маселелерге токтолуп, бул шайлоодо элге кызмат кылам деген тилеги таза адамдар келиши керек деген ойлорун билдиришүүдө. “Адырыбызга чыккан жолдо 2 канал бар, уй айдаган убакта суу кечип өтөбүз. Кайра келе жатып дагы суу кечип өтөбүз. Анткени ага көпүрө жок”, - деген көйгөйүн билдирди жолугушууга келген айыл тургундарынын бири. Өз учурунда ал “бизге маселени чечкен эл өкүлдөрү керек” деп белгиледи. Жолугушууга келгендердин дагы бири: “Сүйлөгөн сөздөрүңдүн баары маанилүү экен. Сага биз ак жол каалайбыз”, - деп батасын берди. Канатбек Маматов өз кезегинде саясатка биринчи жолу аттанып жатканын, буга чейинки иш тажрыйбасы, жаш курагы, спортто болгон ийгиликтери эл жүгүн көтөрүп кетүүгө жетиштүү экенин билдирди. Ал эми эмне үчүн “Мекеним Кыргызстан” партиясынын катарында шайлоого аттандың деген суроого: “Партия дагы Жогорку Кеңешке биринчи жолу аттанып жатат, курамына түрдүү кесиптин мыкты адистери кирип, өлкө келечегин жакшыртуу боюнча тилектештерден тургандыктан ушул партияны тандадым. Азыр өзүңүздөр билесиздер, Кыргызстанда 120 депутат бар, ар бир депутатка жылына мамлекеттик казынадан 6 миллион 500 миң сом акча кетет экен. Ошончо акчаны коротуу бизге керекпи? Биздин программа боюнча 120 депутатты 60ка кыскартабыз. Ошол жерде канчалаган министрлик, мекемелер иштеп жатат, көбү бири-биринин жумушун кайталап эле иштешет. Алардын баары айлык алат, канча деген каражаттар максатсыз кетип жатат. Программада аларды да кыскартуу бар”, - дейт ал. Саясий бирикменин мүчөсү менен жолугушууга Көлдүк, Какыр, Дөң-Булак, Кызыл-Чарба, Ак-Жар айылдарынан тургундар келип, “Мекеним Кыргызстан” партиясын, анын ичинде Канатбек Маматовду колдошоорун айтышты. Маматов жалпысынан Өзгөн районунун 30дан ашык айылынын жашоочулары менен жолугушту. Бардык айылдарда аны жылуу кабыл алышып, барган жеринде ийгилик каалашып, баталарын берип жатышты. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 13:22 25-09-2020

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:55

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын Таластагы жолугушуусу жогорку деңгээлде өттү

Аймактардын экономикасын өнүктүрүү – “Мекеним Кыргызстан” партиясынын негизги багыттарынын бири. Бул тууралуу саясий бирикменин талапкерлери Таластагы кезектеги жолугушууда айтышты. "Биздин партиянын негизги багыты - айыл-чарбаны өнүктүрүү жана элеттеги элдин турмуш-шартын жакшыртуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү. Эгерде биз алдыдагы шайлоодо жеңишке жетсек, анда төө буурчактын баасын көтөрүп, жергиликтүү калк жакшы киреше алышы үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, - деди “Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкери Тариэл Жоробеков . Талас салыштырмалуу чакан шаар болгонуна карабастан, ал чоң атак-даңкка ээ. Анткени Талас байыркы баатыр бабабыз Манастын кичи мекени катары да белгилүү. Шаарга жакын жерде Манас атабыздын күмбөзү, “Манас Ордо” улуттук комплекси жайгашып, андан анча алыс эмес аймакта петроглифтер менен аскадагы сүрөт галереялары дагы бар. Мындан сырткары табияты да кооз. Ушундан улам партия өкүлдөрү Талас облусун туризмдин борборуна айлантууну пландап жатышат. Албетте, партиянын пландары ушуну менен эле токтоп калбайт. Анткени программанын алкагында аймактардагы калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу да каралган. "Биздин максатыбыз - экономиканы өнүктүрүү жана жергиликтүү калктын жашоосун жакшыртуу. Пандемия учурунда биз ынтымактуулугубузду жана мыктылыгыбызды көрсөтө алдык. Ага карабастан вирус тараган сайын, медицинабыз алсыз болуп, көптөгөн жакындарыбызды жоготтук. Бирок биринчи байлык ден соолук болгондуктан партиянын программасында медицинага өзгөчө көңүл бурулуп, сапаттуу ооруканаларды куруу, дарыгерлердин айлык акыларын көтөрүү башкы максат болуп коюлду”, - деп кошумчалады “Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкери Улан Садыбаев. Жолугушуунун соңунда Манас атанын урпактары “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынын талапкерлерине башына ак калпак кийгизип, ак чепкен жаап алдыдагы саясий жарышта ийгилик каалап баталарын берип узатышты. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкерлеринин жер-жерлердеги жолугушуулары уланууда. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 11:53 25-09-2020

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:55

"Биримдик" №1. Алгынбай Имаров, талапкер: "Биримдик" - ийгиликтин кепилдиги"

Баткен облусунун Айдаркен районунда “Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык тандоо партиясынын талапкери Алгынбай Имаровдун шайлоочулары менен жолугушуусу уланууда. Ал партиянын программасын шайлоочуларга кеңири түшүндүрүп, мындай деди: “Баткен облусу кенге бай. Менделеевдин таблицасынын баары бар бизде. Биздин партия өлкө байлыгы ар бир жаранга пайда алып келиши керек деген ишенимди бекем карманат. Ѳзгѳчѳ Кыргызстандын кен байлыктары адилеттүү мамлекеттин негизги пайдубалы катары элдин жыргалчылыгына, билим берүү жана медицинанын өнүгүүсүнө кызмат кылууга тийиш” . “Биз социалдык адилеттүүлүктүн принциптерин карманган партиябыз. Биздин максатыбыз, элибизге кызмат кылуу, региондорду өнүктүрүү жумуш орундарын түзүү. Дени сак жана билимдүү коомду калыптандыруу. Элибиздин социалдык экономикалык багытын көтөрүү” , - деди талапкер андан ары. Анын айтымында, экономикалык саясаттын негизги милдеттери экономикалык өсүштүн жогорку темптерине жана калктын реалдуу кирешесин көбөйтүүгө жетишүү тийиш. Алгынбай Имаров калктын кичи ишкердик чөйрөдѳ өзүн-өзү жумуш менен камсыз кылуусуна шарт түзүү, бул “Биримдик” партиясынын негизги принциптеринин бири экенин баса белгиледи. “Ар бир үй-бүлѳдѳ бакубат жашоосу үчүн кызмат кылууга даярбыз. “Биримдик” партиясы – ынтымактын уюткусу. “Биримдик” - ийгиликтин кепилдиги”, - деди ал. "Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 25-сентябрь, 2020-жыл. Разаков 4. 11:33 25-09-2020

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:55

"Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Зухра Кемелбекова Бакай-Ата конушунда өткөрүлгөн ишембиликке катышты

Бишкек шаарынын Бакай-Ата конушунун аймагында өткөрүлгөн ишембиликке “Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Зухра Кемелбекова , саясий бирикменин мүчөсү Самарбек Болотбеков , партиянын дагы башка бир топ мүчөлөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Ишембиликтин катышуучулары эки саат бою конуштун борбордук көчөсүн таштандылардан арылтып, иретке келтиришти. Ишембиликтен кийин "Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Зухра Кемелбекова, ошондой эле саясий бирикменин өкүлү Самарбек Болотбеков Бакай-Ата конушунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө талапкер “Кыргызстан” партиясынын тарыхы жөнүндө жана өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиясын камсыз кыла ала турган партиянын “Эл үчүн” деген программасы тууралуу кеңири айтып берди. Ошондой эле Кемелбекова партиянын башкы максаты өлкө экономикасын өнүктүрүп, келечек муундардын жашоо деңгээлин жакшыртуу экендигин белгилеп өттү. Иш-чара учурунда талапкер шайлоочулардын көптөгөн суроолоруна жооп берди. Суроолор көбүнчө партиянын программасы, аны ишке ашыруу жөнүндө болду. Жолугушуунун соңунда шайлоочулар талапкерге ак жол каалап, ак сакалдар “Кыргызстан” партиясынын жеңип чыгуусуна ак батасын беришти. “Кыргызстан” партиясы №15: Элдин жыргалчылыгы - жалпы мамлекеттин жыргалчылыгы! "Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а. 11:09 25-09-2020

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:55

Шайлоо-2020: БШК аймактарга шайлоо бюллетендерин жөнөттү

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактарга шайлоо бюллетендерин жөнөттү. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти. Жалал-Абад облусуна – 643 миң 777 бюллетень; Ош облусуна – 682 миң 673 даана; Баткен облусуна – 284 миң 300 даана; Нарын облусуна – 176 миң 203 даана; Ысык-Көл облусуна – 290 миң 766 даана; Талас облусуна – 149 миң 8 даана; Чүй облусуна – 586 миң 669 бюллетень жөнөтүлдү. Бардыгы - 3 миллион 523 миң 532 бюллетень даярдалган. Мындан тышкары 5 миң 928 бюллетень Брайль тамгасы менен даярдалганы маалымдалат. Шайлоо бюллетени коргоонун жогорку баскычына ээ, автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) ар бир бюллетенди таануусу үчүн ага атайын коргоочу боёк сүйкөлөрү белгиленет. Маалымат үчүн : Нормага туура келбей жарабай калгандарын бөлүп салгандан кийин типография шайлоо бюллетендерин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акт боюнча өткөрүп берет. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларына акт боюнча өткөрүп берет. Саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоо бюллетендерин өткөрүп берип жатканда катыша алышат. Шайлоо бюллетендерин типографиянын имаратынан, шайлоо комиссияларынын имараттарынан алып чыгууга, ошондой эле шайлоо бюллетендерин конституциялык мыйзамды бузуу менен көчүрмөлөп жана таратууга тыюу салынат. Шайлоо бюллетендери коопсуздукту камсыз кылуу менен атайын байланыш кызматы аркылуу жиберилет. 11:04 25-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
25 сентября 2020 г. 12:45

№4 "Мекеним Кыргызстан: Күчтүү аймак – күчтүү өлкө!

Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер Дюшембиев Бакытбек. №4 "Мекеним Кыргызстан: Күчтүү аймак – күчтүү өлкө! ** Кандидат от партии «Мекеним Кыргызстан» Дюшембиев Бакытбек. «Мекеним Кыргызстан» №4: Сильные регионы – сильная страна!

Подробнее
25 сентября 2020 г. 11:41

«БИРИМДИК» - ПАРТИЯ ДЕЛА, ПАРТИЯ НАРОДА

«БИРИМДИК» - ПАРТИЯ ДЕЛА, ПАРТИЯ НАРОДА Социальная поддержка на основе демократических ценностей, благополучие и безопасность каждого гражданина – основной приоритет партии «Биримдик». Так, например, в арсенале новой политической силы есть целый пакет идей, реализация которых поможет увеличить благосостояние тех, кто больше всего нуждается во внимании со стороны государства

Подробнее
25 сентября 2020 г. 18:10

Олжобай Шакир, журналист, публицист, “Рухэш” маданий порталынын негиздөөчүсү

Олжобай Шакир, журналист, публицист, “Рухэш” маданий порталынын негиздөөчүсү: – Алтынбек Сулаймановду лидер катары тез жетилгенинен, күчтүү команда топтогонунан жана либералдуу баалуулуктарды алдыга сүрөгөнүнөн улам урматтайм. Адегенде парламентте өзүн чоң муштумдуулугу менен көрсөттү эле, бирок саясий айдыңдагы чоң муштумдардын тизгинин тартканга Алтынбектикиндей өткүрлүк мүнөз да сөзсүз керек. Себеби бандиттер аралашкан саясий топто айбат-сүрдүү лидер болбосоң да жарабас. Үлбүрөп турсаң, төбөңө төөматек ойнотчулар толтура. Бизде көпчүлүк саясатчылар өздөрүн өздөрү деградация кылып бүткөн, көбүнүн дүйнө таанымы өскөн жок. Чоң муштум, жинди кыялы менен эле калышты. Эски пластинкадай качанкыны эле кайрый беришсе, Алтынбек Сулайманов демократия дөөлөтүн, баалуулуктарын түптөй турган күчтүү командасы менен чоң жарышка аттанып, илим-билим, IT технологиясынын мыкты адистерин бир командага топтогонун кубаттайм. Илим-билим, маданият эң чоң приоритетке айланган коомдо гана өнүгүү болот!

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники