О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
25 сентября 2020 г. 22:50

Эл келечекти ойлоду!

Элдин жүрөгү Садыр Жапаров үчүн ойгонду! Эл келечекти ойлоду! Мына Ысык-Көлдун эли Садыр Жапаровду четинен колдоп чыга башташты. Ак батаңарга чоң рахмат! Омиин🤲🏻

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:41

Мекенчил “Кара-Көлдө”. К. Ташиев: "Мамлекеттин эртеңи ар бирибиздин бүгүнкү тандообуздан көз каранды"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Кара-Көл шаарына барды. Өнүккөн мамлекетти курууга ар бир жаран кызыкдар болушу керек. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Кара-Көл шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Өзүбүзгө жараша парламент, бийлик болот. Эл парламентти шайлайт, парламент өз кезегинде Өкмөттү дайындайт. Демек, сиздердин добушуңуздар менен мамлекеттин эртеңи түптөлөт. Биз акча таратпайбыз, элдин чыныгы колдоосу менен парламентке барып калса, аткара турчу иштерибиз көп. Биринчи кезекте, жалпы элдик Референдум аркылуу мамлекеттик бийликти тактап алышыбыз керек. Президенттик же парламенттик же президенттик-парламенттик бийликти эл өзү тандашы керек. Учурда мамлекетте болуп жаткан окуяларга жоопкерчилик алган эч ким жок. Пандемияда эл кыйналды, дары таппай, ооруканадан орун таппай, жаны менен алек болду. Ошондой кезде өкмөт башчы арызын жазды да отставкага кетип калды. Ал үчүн жооп берген да жок. Бул мамлекетте жоопкерчиликти алган бийлик бутагы жоктугун билдирет. Ушундай жоопкерчиликсиздиктен арылуу үчүн бир жактуу бийликти так аныкташыбыз керек. Президенттик башкарууга өтсөк мамлекеттин экономикасына, социалдык маселелерге – баарына президент болуп шайланган адам жооптуу болот. Мында өкмөт башчынын кереги жок. Президент бийлик жүргүзүп жана ал бийлиги учурунда кетирген катачылыгы үчүн жалгыз өзү жооптуу болууга тийиш!” – деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:41

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер: “Форма-2” тууралуу тезистер

“Форма-2” боюнча каттоого алынгандардын дээрлик баары эми эле добуш берип койду деп жазгандар жана айткандар калпты учуртуп жатышат. 1. “Форма – 2” боюнча добуш берүү жана каттоо өз алдынча фальсификация болбойт, башкача айтканда аны менен реалдуу шайлоочулар добуш берет... башка шайлоочулар сыяктуу эле биометрикалык маалыматы жана паспорту боюнча каттоого алынган шайлоо участогуна барып... Демек, кайталап добуш берүү мүмкүн эмес. 2. “Форма-2” боюнча добуш берүүнү уюштурууга партиялардын кайсы бир шайлоо участогу боюнча конкреттүү милдетти алган үгүтчүлөрү жана талапкерлери чуркашат. Аларга жалпы партиялык көрсөткүчтөрдүн кереги да жок, башкысы өздөрүнүн добуш боюнча “пландарын” аткаруулары керек. 3. Шайлоочуларды “Форма-2” боюнча мобилизациялоого умтулган партиялар жалпысынан 25 пайызга чейин добуш жоготот, анткени “Форма-2” боюнча башка участокторго же калк жашаган конуштарга алдын ала катталгандардын баары шайлоо күнү келе беришпейт. Бул биздин жашоо практикабызда бар. Ар кандай иш-чара, салтанаттарга деле 100 киши чакырылса, анын 25и келбей калаары анык. Анын үстүнө башка шайлоо участогуна каттоого турууга макул болгондордун кайсы бир бөлүгү башка партияларга добуш беришет, аларды көзөмөлдөө мүмкүн эмес. 4. Ал эми “Форма-2” боюнча каттоого алынгандардын дээрлик баары эми эле добуш берип койду деп жазгандар жана айткандар калпты учуртуп жатышат. Ошондой эле “Форма-2” боюнча добуш берүүгө паспорттун кереги жок, биометрикалык каттоодон жана идентификациядан да өтүү талап кылынбайт деген кеп дагы калп. Алардын жарымы түшүнбөгөндүктөн калп айтса, калганы кырдаалды курчутуп, коомчулуктун нааразычылыгын жаратуу үчүн атайын ойдон чыгарышууда. Булак: "Майдан.kg" газетасы

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:41

(Фото) “Мекенчил” Шамалдуу-Сайда. К. Ташиев: "Добуш сатуу жана сатып алуу кылмыш! 2 миң сом алам деп 200 миң төлөп калбагыла!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Шамалдуу-Сай шаарына барды. Добуш сатууга ортомчу болгондор - көз боемочулар. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Шамалдуу –Сай шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Ортомчу болуп жаткандар анык көз боемочулар. Силердин паспорттук маалыматыңарды алып, тизме түзөт да, “Мына, ушунча адам силерге добуш бермей болду”, - деп чоңуна барат. Андан ар бир добуш үчүн 3 миң сомдон алып, силерге миң сом берет да, калганы чөнтөгүндө калат. Анан муну көз боемочу дебегенде ким дейбиз? Ал эми коррупционер өзү мага окшоп силердин алдыңарга келип сүйлөбөйт. Үйүндө чалкалап жатып, өзүңөрдүн эле ортомчу болуп жаткан балаңарга баштыктап акча карматып, “Бар, Шамалдуу-Сайды сатып кел”, - деп коет. Ушуну билип туруп, кантип добуш сатып, өзүбүздүн келечегибизди талкалайбыз?! Мыйзам боюнча, добуш сатуу жана сатып алуу – кылмыш. Бир добуш сатып алам деген адам 2 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн, бир добуш сатам деген адам 200 миң сомго чейин айыппул төлөйт. 2 миң сом алам деп 200 миң айыппул төлөп калбагыла”, - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:41

Шайлоо-2020: талапкерлер тизмесинен 40тан ашык киши чыгып кетти

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-сентябрда Араванда үгүт маалындагы мушташка байланыштуу Файзуллаев менен Маннановду шайлоодон четтеткен. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, алдыдагы парламенттик шайлоодо саясий партиялардын талапкерлер тизмесинен чыккандардын жалпы саны 40тан ашты. Алардын 15и «Ыйман Нуру», алтоо «Чоң Казат», бешөө «Социал-демократтар», экөө «Мекенчил», экөө «Ата Мекен», бирөө «Кыргызстан», бирөө «Замандаш» партиясына тиешелүү. «Мекеним Кыргызстан» партиясынан БШКнын чечими менен Аравандагы мушташтан кийин тизмеден чыгарылган Илхом Маннановду кошкондо 10, ушул эле жаңжалдан улам жарыштан четтетилген «Биримдик» партиясынан Шүкүрулло Файзуллаевди кошуп санаганда тизмеден чыккандардын саны жалпы 44 кишини түздү. Борбордук шайлоо комиссиясы 24-сентябрда Араванда үгүт маалындагы мушташка байланыштуу Файзуллаев менен Маннановду шайлоодон четтеткен. Калган 42 кишинин тизмеден чыгып кетишинин чоо-жайы маалымдалган жок. Кыргызстанда 120 орундуу парламентке кезектеги шайлоо 4-октябрда болот. 16 партия катыша турган шайлоонун алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган. Добуш берүүгө бир күн калганда токтошу керек. Булак: Азаттык

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:41

“Баарына каршы” дегендер кѳптүк кылабы?

Анысын так билбейбиз. Бирок саясий серепчи Бакыт Бакетаевдин сѳзүнѳ ишенсек, ушундай экен. Саясий серепчи билдиргендей, “Саясат таануучулардын конгресси” шайлоого 12 күн калганда атайын Жогорку Кеңештин жыйынтыгына байланыштуу аймактардагы эксперттерден сурамжылоо жүргүзгѳн. Сурамжылоого Талас, Чүй, Ысык-Кѳл, Нарын облусунун эксперттери катышкан. Жыйынтыгында суралгандардын басымдуу кѳпчүлүгү “баарына каршы” деп добуш берише тургандыктарын айтышкан. Жыйынтыгы тѳмѳнкүдѳй болгон: “Баарына каршы” - 40%, чечим кабыл ала электер – 30%, “Биримдик” - 10%, “Кыргызстан” - 7 %, “Республика” - 3 %, “Мекеним Кыргызстан” - 2 %. Булак: "Майдан.kg" газетасы

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:42

(Фото) “Мекенчил” Кербенде. К. Ташиев: "Акыйкаттуулукту орнотуу үчүн күрөшүү, көкүрөктү тосуу керек экен. Мен тосуп келатам!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" Кербен шаарына барды. Саясий чайкоочулук жашообузга кирди. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Кербен шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Кайсы партияга барба, тизмесине акча алышат. 200 миңден миллион долларга чейин тизмедеги орундарды баалашты. Бул – саясий чайкоочулук. Анан ошол чайкоочулуктан тапкан акчасын силерге чачып, добуш сатып алууга умтулушууда. А биздин партия ниетин түздөп, биринчи Кудайдан, андан кийин элден деп таза жол менен шайлоого аттандык. Добуш берсеңер парламентке барабыз, бербесеңер да досум Садыр Жапаровду таштабайм! Аягына чейин чогуу болом! Акыйкаттуулуктун келиши кыйын экен. Аны айтып койсоң, эл билип калса эле орноп калбайт экен. Орнотуш үчүн күрөшүү, көкүрөктү тосуу керек экен. Мен тосуп келатам. Биздин эл коррупционерлерди шайлабайт, мамлекетибиз, кыргыздар сатылган эмес! Биз баатыр элбиз!” – деди Камчыбек Ташиев.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:43

Может ли ЦИК запретить частным телеканалам проводить бесплатные дебаты?

Руководитель Рабочей группы ЦИК КР Бекматов А. своим письмом в ответ телеканалу NEXT TV ограничивает гарантированное Конституцией КР право на свободу слова и доступ к информации.В предвыборный период избиратель нуждается в как можно большем информировании о кандидатах, политических партиях, программах, избирательной кампании, это конституционное право избирателей, граждан – на доступ к информации. Свободная общественная дискуссия о насущных проблемах общества и государства лежит в основе функционирования демократии. В этой связи запрет со стороны руководителя рабочей группы ЦИК КР по вопросам информирования избирателей и иных субъектов избирательного процесса и правилам агитации (далее Рабочая группа) Бекматова А. на проведение телеканалом Next TV дискуссий, ввиду отказа участвовать в них со стороны отдельных партий, является необоснованным и несоразмерным ограничением конституционного права граждан на доступ к информации. Данное ограничение противоречит цели по обеспечению справедливых выборов и содействию свободному волеизъявлению граждан.В обоснование своего отказа Бекматов А. руководитель Рабочей группы ссылается на положения ст.24 конституционного закона КР «О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики» (далее Закон КР о выборах), которые посвящены порядку проведения агитации по телевидению и радио. Данная статья содержит нормы о правилах проведения агитации (платной), но п.1 ст.24 наделяет кандидатов, политические партии правом воспользоваться бесплатным эфирным временем на каналах телерадиоорганизаций, подпадающих под действие части 18 статьи 22 (государственные СМИ) настоящего конституционного Закона и осуществляющих телерадиовещание на территории, на которой проводятся выборы. Здесь важно обратить внимание, что Next TV планирует выпускать передачи не в рамках агитации, а в целях информирования. В этой связи следует отметить, что ни одна норма Закона о выборах не предусматривает запрета на предоставление эфирного времени кандидатам в рамках информирования.Далее в ответном письме идет ссылка на п.6 ст.28, где говорится, что кандидат, политическая партия не вправе использовать эфирное время для размещения агитационных материалов с целью распространения призывов голосовать против кандидатов, политических партий, описания негативных последствий избрания, распространения негативной информации о кандидатах и партиях и т.п. В данном случае отсылка на эту норму неуместна, так как передачи еще не вышли в эфир и в этой связи неизвестно, будет ли их содержание нарушать норму закона. Таким образом, решение о запрете по причине того, что телеканал нарушит законодательство выносится заранее, по надуманным основаниям.В законе о выборах и в законе об избирательных комиссиях отсутствует норма, требующая или уполномочивающая ЦИК на получение согласия от политических партий для участия в информационных передачах на телеканалах. Ставя данную процедуру в качестве условия для выпуска передачи в эфир, ответ Бекматова А. руководителя рабочей группы, можно рассматривать как цензуру, которая запрещена Законом КР о СМИ. Доводы А.Бекматова основываются также на ст.28 Закона о выборах, в которой говорится, что избирательные комиссии контролируют порядок проведения агитации и принимают меры по устранению допущенных ошибок, однако в норме речь идет о размещении агитационных материалов, в то время как Next TV имеет своей целью не агитацию, а информирование избирателей.Как следует из письма редакции Next TV в адрес председателя ЦИК Шайлдабековой Н.К. и Рабочей группы редакция планировала, в рамках аналитической телепередачи «Тегирмен», проведение дискуссий с представителями политических партий на безвозмездной основе, а также разбор предвыборных программ с участием представителей политических партий. Проведение такой аналитической телепередачи было необходимо исключительно в рамках информирования населения в период выборов.В соответствии с п.12 ст.22 Закона о выборах кандидатам, политическим партиям гарантируются равные условия доступа к средствам массовой информации. Это положение связано с тем, что поскольку доступ к СМИ является для кандидатов одним из важнейших способов донесения своих политических платформ до наибольшего числа избирателей, а СМИ во время выборов предоставляют свои площадки под политическую рекламу, при этом ввиду того, что разные политические партии располагают разными финансовыми ресурсами, равный доступ к СМИ необходим для защиты справедливости выборов. Обеспечение равного доступа кандидатов к СМИ дает избирателям возможность получить от самих зарегистрированных кандидатов их мнение по актуальным общественно-значимым вопросам, что оказывает содействие в формировании у избирателей определенной точки зрения, помогающей им выбрать нужного им кандидата. И именно в ходе дискуссий и обсуждений стороны (кандидаты) через публичный обмен мнениями всеми силами стараются убедить избирателей в правоте своих позиций по значимым вопросам. Следовательно, такие передачи чрезвычайно важны для граждан, с тем чтобы они могли осуществлять осознанный здравый выбор.Однако в ответном письме за подписью А.Бекматова, норма о предоставлении равного доступа к СМИ истолкована таким образом, что отказ политических партий от участия нарушает права других политический партий. Отказ политических партий от участия является их правом, но ни в коем случае не означает, что СМИ не предоставили всем возможность и равный доступ.Телеканал Next TV намеревался провести аналитические дискуссии кандидатов от всех зарегистрированных партий в целях информирования избирателей. В этой связи телеканал собирался направить письменные приглашения всем зарегистрированным политическим партиям без исключения. Кроме того, в ходе устных переговоров от политических партий было получено предварительное согласие на участие в таком формате дискуссии. Таким образом, факт предложения им такой возможности и есть предоставление равного доступа, которым исполнялось требование о том, что не должно отдаваться предпочтение какому бы то ни было кандидату, политической партии. Вместе с тем, отказ от участия в данной передаче отдельных партий является ничем иным как осознанным решением этих кандидатов и этих партий и за это решение несет ответственность сама партия. В данном случае это их автономное решение и не влечет за собой нарушение их прав со стороны телеканала.Если руководитель рабочей группы придерживается позиции, что ответственность в случае неучастия кандидата или политической партии в передаче возлагается на СМИ, то можно вспомнить кейс, который имел место быть в ходе президентских выборов 2017 года. В 2017 году в ходе предвыборных дебатов среди кандидатов в Президенты КР Сооронбай Жээнбеков не явился на второй тур дебатов в эфир КТРК. Тем не менее, тогда со стороны ЦИК не поступало никаких претензий в адрес КТРК в связи с неучастием приглашенного кандидата в Президенты от ЦИК.При информировании избирателей действует норма п.2 ст.22, которая гласит, что содержание информационных материалов, размещаемых в средствах массовой информации или распространяемых иным способом, должно быть объективным, достоверным, не должно нарушать равенства кандидатов, политических партий, в них не должно отдаваться предпочтение какому бы то ни было кандидату, политической партии. Эти требования должны соблюдаться телеканалом в рамках информирования избирателей при проведении общественной дискуссии с кандидатами, что со своей стороны и стремится обеспечить телеканал.И наконец, в своем письме Бекматова А. руководитель Рабочей группы указывает, что «при предварительном опросе политических партий, некоторые политические партии отказались от участия в указанном мероприятии».Закон КР «Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов КР» определяет, что избирательные комиссии осуществляют свою деятельность на принципах законности; гласности; справедливости; и беспристрастности. В задачи Центральной избирательной комиссии входит «обеспечение соблюдения равных правовых условий для кандидатов, политических партий». Однако ни в данном Законе, ни в Регламенте Центральной избирательной комиссии нет полномочий по проведению подобного опроса политических партий для участия в дискуссии на площадке частного СМИ.Таким образом, руководитель Рабочей группы данным письмом в отсутствие законных оснований ограничивает гарантированное Конституцией КР право на свободу слова и доступ к информации.ОФ “Институт Медиа Полиси”Фонд расследовательской журналистикиЦентр Поддержки СМИОФ “МедиаКонсалт”Тынымгуль ЭшиеваБолот Темиров📌Руководитель Рабочей группы ЦИК КР Бекматов А. своим письмом в ответ телеканалу NEXT TV ограничивает гарантированное…

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:43

Ачык айт: Форма №2 шайлоонун жыйынтыгына таасир тийгизеби? (Түз эфир)

Бүгүнкү «Ачык айт» берүүсүндө “Форма №2 шайлоонун жыйынтыгына таасир тийгизеби?” деген теманын алкагында сөз болмокчу.Талкууга эксперт Шерадил Бактыгулов жана «Жалпы иш» коомдук фондунун юристи Асылбеков Таалай Спартакович катышып жатышат.Бул материал “Демократия үчүн Европалык өнөктөштүк”, “Жергиликтүү демократиянын Европа ассоциациясынын ” (ALDA) колдоосу менен даярдалды. Макаланын мазмунуна Говори.ТВ мультимедиялык агенттиги жооптуу жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:43

Башкы прокуратура шайлоого аттанган талапкерлердин тизмеси боюнча талдоо жүргүздү

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы алдыдагы парламенттик шайлоого аттанган саясий партиялар талапкерлердин тизмесин жарыялагандан тартып мыйзамдын сакталышы боюнча талдоо жүргүздү.Мекеменин басма сөз кызматы 25-сентябрда билдиргендей, парламенттик шайлоодо 140 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер, мамлекеттик ишканалардын жетекчилери талапкер катары катталганы аныкталды.Бул тизмеде жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да бар. Башкы көзөмөл органы талапкер катары аттанган кызматкерлер кызматтарын аткарууну убактылуу токтотконун кошумчалады.Талдоого ылайык, талапкерлердин 85и парламенттин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары.120 орундуу Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Шайлоого 16 партия катышууда. Учурда шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү жүрүп жатат.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:43

Соңку жаңылыктар: Форма №2 менен добуш топтогон партиялар кайсылар? Шайлоо бюллетендери даяр болду

Шайлоо бюллетендери даярдалды“Учкун” басмаканасында даярдалган шайлоо бюллетендери чет өлкөлөрдөгү жана аймактардагы шайлоо бекеттерине жеткирилүүгө даяр. БШкомиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, 24 сентябрьга карата 3 млн 523 миң 532 бюллетен басылып чыгарылган. Алар шайлоо күнүнө он күн калганга чейин шайлоо бекеттерине жеткирилет.Форма 2 менен добуш топтогон партиялар кайсылар“Бутун Кыргызстан”, “Реформа” жана “Чоң казат” саясий партияларынын өкүлдөрү президентке кайрылуу жазашты. Алар Сооронбай Жээнбековдун «шайлоодо добуш сатып алуу фактылары катталса сөзсүз чара көрүлөт” деп айткан сөзүн мисалга келтирип, аны аткарууну суранышты. Алар өз сөзүндө айрым партиялардын форма эки менен добуш топтоп жаткандыгы, бул биринчи кезекте шайлоочулардын укугун бузуу экенин билдиришти. “500 миңге чукул шайлоочулардын форма 2 менен добуш берүүсү акылга сыйбаган нерсе. Адамдарды бир жерден экинчи жерге ташып жатышат. Ачык эле добуш сатып алуу болуп жатат”-дейт Токтосун Барманов.Бир суткада коронавирус жуккан жаңы 175 учур катталдыКыргызстанда 25-сентябрга карата коронавирус жуккан жаңы 175 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Республикалык штабдын билдирүүсүнө караганда, коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны өлкө боюнча 45 миң 932 адамга жетти. Алардын ичинен 42 миң 147 киши айыгып чыккан, жана 1 миң 63 адам каза болгон. Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан 2 миң 284 адам дарыланууда. Ал эми акыркы сутка ичинде 142 адам бейтап айыгып, ооруканадан чыкгарылган.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:45

БШК шайлоо бюллетендерин аймактарга жөнөттү

БШК шайлоо бюллетендерин аймактарга жөнөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди. Маалым болгондой, жалпысынан 3 миллион 523 миң бюллетень басылып чыкты. Анын эң көбү Ош облусуна жөнөтүлдү – 682 миң даана, эң аз Таласка – 149 миң. Аталган мекемеден белгилешкендей, бюллетендерди басып чыгаруу процессине күнү-түнү көзөмөлдөө жүргүзүлдү. Ар бир документ жогорку деңгээлдеги коргоо элементине ээ, аны автоматтык эсептөө урнасы таанышы үчүн, атайын боек түшүрүлөт. Белгилеп кетсек, мыйзамга ылайык, бюллетендер шайлоо тилкелерине добуш берүүгө 10 күн калганда жеткириши керек.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:44

Шайлоого аттанган партиялар президентке кайрылышты

Бүгүн, 25-сентябрда парламенттик шайлоого аттанган «Бүтүн Кыргызстан», «Реформа» жана «Чоң казат» партиялары Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду.Партиялар Жээнбековдун «шайлоодо кандай гана мыйзам бузуу болбосун, анын ичинде добуш сатып алуу фактыларына чара көрүлөт жана шайлоону таза жана адилеттүү өткөрүүгө президент катары өз милдетимди аткарам» деген сөзүн мисалга келтирип, сөзүнүн өтөөсүнөн чыгууну суранышты.“Урматтуу Сооронбай Шарипович бүгүнкү күндө болуп жаткан добуш сатып алууларды, административдик ресурстарды, коркутуп-үркүтүүлөрдү карап, чара көрүүнү талап кылабыз!”, – деп айтылат кайрылууда.Бир нече партиянын өкүлдөрү мындай көрүнүштөр алдыдагы шайлоого ишенимди кетирерин кошумчалап жатышат.“500 миңге жакын шайлоочулардын №2 форма менен добуш берүүсү акылга сыйбаган нерсе. Учурда мыйзам бузуу фактылары катталып жатат. Анын ичинде шайлоочулардын укугу бузулуп жатат. Айрым саясий партиялар жарандардын паспортторун алдын ала чогултуу менен акча таратып жатышат. Кыргызстанда көчүү болду, адамдарды бир жерден экинчи жерге ташып каттатып жатышат. Ачык эле добуш сатып алуу болуп жатат”, – деп билдирди «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлү Токтосун Барманов.Белгилей кетсек, өлкөдө парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышып жатат. Шайлоого жалпы 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу катыша турганы айтылууда.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:44

Аравандагы жаңжал: Эки талапкер шайлоодон четтетилди

24-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы отурум өткөрүп анда Аравандагы үгүт иштери жүрүп жаткан учурда чыккан массалык мушташ боюнча Ички иштер министрлигинин маалыматын укту. Отурумдун жыйынтыгында, БШК мүчөлөрү “ Мекеним Кыргызстан” партиясынан Илхом Маннановду(тизмеде №33) жана “ Биримдик” партиясынан Шукирилло Файзуллаевди (тизмеде №74) каттоону жокко чыгарууга добуш беришти. Ички иштер министрлигинин өкүлү билдиргендей, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер И. Маннанов айылына жолду оңдоого жардам бердим деп сүйлөп жаткан учурда, массалык мушташ башталып кеткен. Айыл өкмөтүнүн төрагасы Ш. Файзуллаев, талапкерлигин “Биримдик” партиясынан көрсөткөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын 10 мүчөсү эки талапкерди талапкерлердин тизмесинен чыгаруу үчүн добуш берди.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:44

Сурамжылоо: кыргызстандыктар шайлоонун таза өтөрүнө ишенбейт

4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого карата Кыргызстандагы шайлоочулардын жарымынан көбү административдик ресурстар колдонулуп, добуш сатып алуу ыктымалдуулугу жогору деп эсептейт. Мындай маалымат «Жалпы иш» коомдук фонду жүргүзгөн сурамжылоодо белгилүү болгон. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Кыргызстандагы шайлоочулардын 66% добуш сатып алуу ыктымалдуулугу жогору экенин, 53% административдик ресурс колдонуларын билдирет. Мындай маалымат «Жалпы иш» коомдук фонду 7-сентябрдан 15-сентябрга чейин жүргүзгөн сурамжылоонун 2-этабында белгилүү болгон. Бул сурамжылоо мобилдик телефон аркылуу, 18 жаштан жогорку шайлоого укугу бар 1202 респонденттен алынганын «Жалпы иш» коомдук фондунун маалымат катчысы Нураим Манапбаева билдирди. — “Жалпы иш” коомдук фонду тарабынан алдыдагы парламенттик шайлоого карата жарандардын көз караштары боюнча сурамжылоонун 2-этабы жүргүзүлдү. Анын максаты — жарандарыбыз шайлоо жөнүндө кандай ойдо, канчалык маалыматы бар, ага катышууга даярбы жана башкаларды аныктоо. “Жалпы иш” жүргүзгөн сурамжылоону толук, кенен форматта биздин сайттан окуса болот, — дейт маалымат катчы. Манапбаева кошумчалагандай, бул фонддун жүргүзгөн сурамжылоосунун башкы максаты жарандардын шайлоо укугу боюнча билимдүүлүгү, шайлоо процессинде эң көп талкууланган маселелер боюнча алардын оюн билүү болгон. Аталган фонд буга чейин сурамжылоосунун 1-этабын жарыялаган болчу. Ал ушул жылдын 24-августунан баштап, 4-сентябрына чейин жүргүзүлүп, жыйынтыгында шайлоого катышуу ниети бар жарандар 74 пайызды түзсө, экинчи этапта бул көрсөткүч 3 пайызга өсүп, 77 пайызды түздү. Парламенттик шайлоо боюнча эл эмне дейт? (сурамжылоо) Бул жолку сурамжылоодо белгилүү болгондой, катышкан жарандардын 24% кайсы партияга добуш беришин анык билет, бирок 51% тандоодон кыйналып турганын айткан. Ал эми баарына каршы ниетин билдиргендер 12 пайызды түзөт. Бул көрсөткүч биринчи этапка караганда жарандардын кайсы партияга берерин аныктаган учур көбөйгөнүнөн кабар берет. Сурамжылоонун жүрүшүндө респонденттердин 31 пайызы добуш берерде партиянын программасына, 25 пайызы талапкерлеринин тизмесине, 17% партиянын же депутаттын репутациясына карай турганын билдирет. Ал эми эмнесине карап добуш берерин билбегендер 30 пайызды түзгөн. Ошондой эле сурамжылоого катышкандардын 55 пайызы шайлоо процессинде «административдик ресурстарды пайдалануу ыктымалдуулугу жогорку деңгээлде болот» деп эсептесе, 66 пайызы «добуш сатып алуу ыктымалдуулугу жогорку деңгээлде болот» деп жооп беришкен. Бул парламенттик шайлоонун таза өтөрүнө элдин ишеними өтө төмөн экенинен кабар берет. Мындай пикирди саясат талдоочу Эмил Жураев билдирди. Анын айтымында, «Форма-2» менен катталган жарым миллион шайлоочунун 400 миңи ар кайсы партияга добушун саткан болушу мүмкүн. Добушту соодалоо боюнча сурамжылоодо дагы респонденттердин 37 пайызына сунуш түшкөн болсо, 17 пайызына “Форма-2” менен башка аймактагы участкага туруу, ал үчүн акчалай же материалдык «белек» сунушталганы белгилүү болгон. — Шайлоо анчейин таза эмес болуп калары бүгүнкү күндө эле белгилүү болуп олтурат. Жарым миллион шайлоочунун башка жерлерге которулуп кеткенинин өзү — өтө коркунучтуу абал. Чындыгында, мыйзамдуу, легитимдүү түрдө жашаган жерин которгондор деле бар. Бирок алар 500 миң эмес, болжолдуу 100 миң чыгат. Ошондо 400 миң киши жөн эле бир партиянын схемасынын негизинде шайлоо участкасын алмаштырган, — дейт политолог. Бул жүргүзүлгөн сурамжылоого катышкан респонденттердин саны статистикалык методго ылайык, жалпы шайлоочулардын санын алып караганда, ага жооп берет. Бул тууралуу социолог Мадина Шарафутдинова билдирди. — Биздин шайлоочулардын жалпы саны 3,5 миллонго жакын болуп жатат. Эгер алардын санына карап ала турган болсок, биздин сурамжылоого катышкан 1202 респондент жетишерлик болот. Бул сурамжылоонун негизинде шайлоонун жыйынтыгы болжолдуу ушундай чыгышына 95% ыктымалдуулук бар, — деди Шарафутдинова. Социолог ошону менен бирге муну жалпы калктын деңгээлинде ала турган болсо, болжолдуу 2.8% тактык менен жыйынтык чыгарууга мүмкүн экенин кошумчалады. Кыргызстанда парлменттик шайлоо 4-октярбрга белгиленген. Ага 16 партия салышып жатат. Шайлоого катышкан жалпы жарандардын 7 пайызынан көп добушун алган партиялар парламентке өтөт.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники