Туманды жел айдап кеткендей эле, элди туңгуюктан адам чыгарат. Эл дайым жол табаар адамды кылчактап карайт. Коомдогу бардык кубулуштар адам аркылуу башталып, адам аягына чыгарат. Кыскасы дүйнө адам менен башталып, адам менен турмушун улайт. “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын парламенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлеринин сап башында Талантбек Сарбагышев да бар. Жеке тагдырындагы мындай кадамга бараардан мурун ал 25 жыл ИИМдин кылмыштуулукту ыкчам издөө кызматында иштеп, гүлдөгөн жаштык курагын кылмыштуулук менен күрөштө өткөрүп, турмуштук да, кесиптик да чоң мектептен өттү. Эң башкысы акыйкат эмне экенин так, таасын билет жана акыйкат үчүн күрөшүү адамдыктын эң жогорку белгиси экенин жакшы түшүнөт. Ал дейин десең, кыргыз милициясынын оперативдүү кылмыш иликтөө кызматынын тарыхында Талантбек Сарбагышев сыяктуу полковник наамын алгандар саналуу гана. Атасы жаш кезинде кайтыш болуп, апасы катардагы мугалимден эмгек жолун баштап, райондук агартуу жана маданият тармагынын жетекчилиги кызматына чейин көтөрүлгөн, бул машакаттуу иштерге өмүрүн арнаган. Талантбек өмүрлүк жубайы экөө 3 баланы тарбиялап жатат. Ал турмуш жетелеген жол менен буйдалып, буулукпай ушул даражага жетти. Талантбек Сарбагышевдин мектеби - бул азыркы жашап жаткан оомалуу-төкмөлүү турмуштун өзү! Пенсияга чыккандан кийин 2016-жылы өткөн жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна Чолпон-Ата шаарында “Табылга” саясий партиясы менен катышып, бийликчил партиялардан озуп, биринчини (21 мандаттын 8 мандатына ээ болушкан) багындырса, көп өтпөй, көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен шаардык кеңешке Төрага болуп шайланып, эки жылдан кийин Чолпон-Атанын шаар башчысы кызматына келген. Ушул жылдар анын жеке тагдырындагы бурулуш жылдар эле. Мамлекетчилдикти сыртынан эмес, ичинен таанууга, күнүмдүк жашоонун “кишендеринен” бошонуп, кеңири алкакта ой-жүгүртүүгө туура келген. Ошентип элдин көйгөйүн жон териси менен сезип, аны чечүүнүн аракетинде жүргөн мезгил, анын жетекчи катары такшалышына өбөлгө болуп берди. Эми минтип Жогорку Кеңештин депутаттыгына “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын катарында аттанып отурат. Талантбек Сарбагышев жөнүндө бир сөз менен айтканда, бүгүнкү кырдаалда, анын жетишкендиктерине караганда алдыга койгон кыял-тилектер көбүрөөк, демек, аны орундатуу талыкпаган мээнет, бел чечпей иштөө менен байланыштуу. Ал: “Мен адилеттүү болгум келет, адилет саясат жасагым келет, барам дагы адилет саясат жасайм! Бул менин өткөндөн алган бардык сабагым” , - дейт. Балким, кыялынан, жетишкендиги көп инсанды келечекте чындап көрүп калаарбыз. Ага чейин ийгилик каалап туралы. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. " Мекеним Кыргызстан" – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 11:52 24-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова
Подробнее"Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер Акжол уулу Жоомарт. №4 "Мекеним Кыргызстан" – ар бир кыргызстандыктын партиясы! ** Кандидат от партии «Мекеним Кыргызстан» Акжол уулу Жоомарт. Партия «Мекеним Кыргызстан» №4 – партия каждого кыргызстанца!
ПодробнееКечээ, 23-сентябрда ЭлТР телеканалында парламенттик шайлоого аттанып жаткан талапкерлердин теледебаты болуп өттү. Ага "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Элдар Абакиров , "Чоң Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер Сыймык Жапыкеев , "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" депутаттыкка талапкер Акбокон Таштанбеков катышты. "Чоң Казат" партиясынан талапкер Сыймык Жапыкеев "Ата Мекен" партиясынан талапкер Элдар Абакировго: "Силердин лидериңер үч айда үч партия алмаштырды. КСДП, “ЛГБТ” беле, эмне эле (ред. КЛДП), андан кийин “Ата Мекенге” кирди. Үч айда үч партия алмаштырган эмне деген лидер?", - деген суроо узатты. Элдар Абакиров: "Эч ким үч партия алмаштырган жок. КСДП чачырап кетип, баарыбыз кеттик. "Кыргыз либерал демократиялык партиясына" баарыбыз мүчөбүз. Ал партиядагылар толугу менен "Ата Мекендин" ичине коалиция болуп кирдик" , - деп жооп берди. Сыймык Жапыкеев: "Партия ачкан оюнчукпу? Партияны эмнеге ачтыңар? Башынан эле "Ата Мекенге кирбейсиңерби? "Ата Мекен" партиясы эмне кылдыңар, эмне деген Конституцияны жаздыңар? Былжыратып Конституция жазыпсыңар" , - деди. Элдар Абакиров: "Ал Конституция жакшы, бирок иштебей турат. Конституцияны иштетүү үчүн парламентке баратабыз", - деп жооп берди. 11:31 24-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева
ПодробнееЛейлек районунун жашоочулары Алдыга жол программасын тандады! Назарали Арипов: Коррупционерлер бийликке умтула баштады. Коррупцига каршы болуп, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаралы туугандар!
ПодробнееАлмаз Исанов: Мы являемся оппозиционно-конструктивной партией, потому что невозможно плыть по течению перед обрывом. Нам нужна Ваша поддержка, чтобы на их "Да" сопоставили свое "Нет"!
ПодробнееКантты кант дей берсе жашоо чындыгында таттуу болуп кетпейт. Коррупция деп айта берген менен да по жоюлуп кетпейт. Ал учун жапа тырмак курошуу керек. ОРДО партиясынын программасында ушул коррупция менен курошуудо кучтуу идеяларды камтылган.
ПодробнееКеремет жерибиз, байлыгыбыз! Келечекке татыктуу мурас калтыралы! ОРДО 12✅
Подробнее"Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияров Ыссык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургундары менен жолугушту. Ордо- туура тандоо!
Подробнее"Ордо" партиясын колдоп келген Бөкөнбай айылынын тургундары каалоо тилектерин айтып баталарын беришти. Ыссык-Көл 2020 Ордо- туура тандоо!
Подробнее"Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияров Ыссык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургундары менен жолугушту. Ордо- туура тандоо!
Подробнее#БиздинТалапкер рубрикасынын алкагында Талант Мамытов тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз: 1. Көп кыйынчылыктарды башынан өткөргөндүктөн, келечекте кыргыз элине жардам берерин жаш кезинен эле билген; 2. Аскердик жана тарыхый тасмалардан таасирленет; 3. Жубайы экөө төрт баланы тарбиялап келет, алар дагы атасы сыяктуу спорт менен машыгышат; 4. Сөзүнө турган адам; 5. “Жашоонун татаал жолунда кандай кырдаалга туш болуп калсаң дагы эң негизкиси маанайыңды түшүрбө”, - деген сөз менен өзүнө мотивация берип турат; 6. Адамдарын ак ниеттүүлүгүн жана чынчылдыгын жогору баалайт; 7. Касымалы Жантөшевдин “Каныбек” романы сыяктуу ата мекендик адабияттарды окуйт; 8. Кытай, Европа өлкөлөрүн жана АКШнын көп штаттарын кыдырган; 9. Өзүнүн ынтымактуу командасы менен 2010-жылкы окуяларда тартипти сактоого көмөктөшкөн; 10. Бош убактыларында үй-бүлөсү менен жаратылыш койнуна жана тоого чыгууну тандайт; 11. Студенттик жылдарында чыгыш уруш өнөрү менен машыккан, кийин өзүнүн спорттук залын ачып, машыктыруучу болуп эмгектенүүдө; 12. Жубайы даярдаган бешбармак жана палоону жакшы көрөт; 13. Комуз жана гитара чертет; 14. Жаш кезинен бери эле оор жумуштан коркпойт, мал багуу жана дыйканчылык менен алектенет; 15. Жаш кезинде спорт менен машыгып жана физикалык күчүн калыбында сактап туруу үчүн колго резина менен кумдан “груша” жасап алган. _____________ В рамках рубрики #НашКандидат предлагаем вашему вниманию интересные факты о Таланте Мамытове: 1. С детства знал, что в будущем будет помогать кыргызскому народу, так как на себе пришлось испытать «огонь, воду и медные трубы»; 2. Больше всего импонируют военные и исторические фильмы 3. Воспитывает с супругой 4 детей, которые как и отец занимаются спортом; 4. Человек слова; 5. В любых обстоятельствах мотивирует себя словами «Какая бы ситуация не встретилась на нелегком жизненном пути, главное не падать духом»; 6. Больше всего ценит искренность и честность в людях; 7. Предпочитает отечественную литературу как, например, произведение Касымалы Джантошева «Каныбек»; 8. Посещал страны Европы, Китай и большинство штатов США; 9. Вместе со своей сплоченной командой обеспечивал порядок во время событий 2010 года; 10. В свободное время выбирается с семьей на природу, в горы; 11. Со студенческих лет занимался восточными единоборствами, в дальнейшем открыл свой спортивный зал, где являлся тренером; 12. Любимые блюда - плов и бешбармак, приготовленные его супругой; 13. Играет на комузе и гитаре; 14. С детства не боится тяжелой работы, занимался хозяйством и разведением скота; 15. В юношеские годы для занятия спортом и поддержания физической силы соорудил самодельную спортивную грушу из резины и песка;
ПодробнееМамлекеттик тил күнүнө карата "Кыргызстан" партиясынын айрым талапкерлери Жолдошбек Кененбаевдин "Кыргыз тили" аттуу ырын көркөм окушту
ПодробнееЗащищать права швейников, совершенствовать законы по развитию и поддержке легкой промышленности намерена кандидат в депутаты Жогорку Кенеша от партии “Кыргызстан” Асель Атабекова.
ПодробнееБаткен облусу “Замандаш” партиясын колдойт!
ПодробнееДепутаттар менен “чайлашкан” өкмөт тууралуу “Ыйман Нуру” партиясынан депутаттыка талапкер Учкун Ташбаев эмне деди?
Подробнее