Шайлоо учурунда добуш сатып алуу өтө күч алганы айтылууда. Бирок, эч бир партияга эскертүү же мыйзамдуу чара көрүлгөн жери жок. Факты жокпу? Спикердин 50 миң сом сүйүнчү пулу көп талашты жаратып, үч түрдүү жооп айтылып, эскертүү гана берилди. Бул кандай? Форма-2 добуш сатып алуу гана экенин какшап жатышат. Бирок, жарым миллионго чукул адам тапшырды. Ошондо жарым миллион эл сатылган болобу? Ушул жана башка суроолорго бүгүн “Майдан” дебаттарында жооп алабыз.Бүгүнкү, “Шайлоо-2020: Добуштар сатылууда дешет. Факты жокпу?» деген темадагы дебаттын катышуучулары:Токтайым Үмөталиева – жарандык активист;Мурат Жетимишбаев – жарандык активист;Азамат Темиркулов – саясий серепчи;Алмаз Тажыбай – саясий серепчи.
ПодробнееБүгүн БШКнын отурумунда «Биримдик» партиясынын талапкери Шукирилло Файзуллаевди жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Илхом Маннановду талапкерлердин тизмесинен чыгаруу сунушталды. БШКнын бардык мүчөлөрү Араванда жаңжал чыккан жолугушууну уюштурган партиялардын жоопкерчилигин кароо керектигин айтышууда. Айрымдары аты аталган эки талапкерди шайлоодон алыстатууну сунуштап жатышат.БШК мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Кайрат Осмоналиев, Гүлнара Журабекова партиялардын жоопкерчилигин карап, чара көрүүнү сунуш кылышты.Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жогоруда аты аталган талапкерлерди тизмеден чыгаруу сунушун БШКнын он мүчөсү колдоду.
ПодробнееШайлоого байланыштуу 82 кылмыш иши өндүрүшкө алынды. Бул тууралуу бүгун “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Башкы прокуратуранын өкүлү Нурлан Дүйшембиев билдирди.Анын айтымында мындан сырткары жоруктар беренелери менен дагы 46 иш өндүрүшкө алынган.“Шайлоого байланыштуу баш аягы 128 иш козголду. Алардын 82си кылмыш иши, дагы 46 иш жоруктар боюнча иш козголгон. Алардын арасында массалык баш аламандык уюштуруудан тартып, добуш сатып алуу фактылары да бар”, – деди Дюшембиев.Белгилей кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.
ПодробнееӨлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу парламенттик шайлоо санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бекем сактоо менен өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.“Ага ылайык, бул иш-чаралар өткөрүлүүчү имараттар толук дезинфекцияланып, катышуучулардын аралыгы 1,5-2 метрден кем болбоого тийиш. Санитайзер, беткап жана медициналык мээлейлер сөзсүз түрдө болушу керек. Катышуучулардын дене табы өлчөнүп, колдонулуучу жана таратылуучу маалыматтар жазылган кагаздар, документтер толук дезинфекцияланышы зарыл. БШК өз кезегинде саламаттык сактоо министрлиги менен бирге шайлоону санитардык талаптарды бекем сактоо менен өткөрүү боюнча чара көрөт”, – деди Шайлдабекова.
ПодробнееФорма №2 алуу үчүн кайрылгандардын саны 24- сентябрга карата алынган маалымат боюнча 488 миң 873гө жетти. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.Анын айтымында, эң көп катталгандар Бишкек шаарында.“Бүгүнкү күндө №1 форма, №2 форма менен кайрылгандардын арыздары келип түштү. № 2 форма маселеси резонанс жаратып жатат. Ошол себептен толук маалымат берип өтөлү. Бишкек шаарында – 151 миң 557 шайлоочу, Ош шаарында – 42 миң 467, Баткен облусунда – 7 миң 213, Жалал-Абад облусунда – 57 миң 387, Нарын облусунда – 16 миң 617, Ош облусунда – 55 миң 589, Талас облусунда – 18 миң 758, Чүй облусунда – 114 миң 585, Ысык-Көл облусунда – 15 миң 999 жаран арыз калтырган. Ал эми чет жердеги шайлоо тилкелеринде 1 миң 620 арыз түшкөн”, – деди Шайлдабекова.Белгилей кетсек, 2015-жылы 297 миң 327 жаран №2 форма боюнча шайлоо тилкесин алмаштырса, 2017-жылы 315 миң 461 жаран № 2 форма боюнча шайлоо тилкесин алмаштырган.
ПодробнееМы изменим образовательный стандарт! Во всех школах Кыргызстана будет трёхъязычное обучение: это кыргызский, русский и английский языки. Кроме того, школьников будут обучать базовым навыкам программирования.
ПодробнееПарламенттик шайлоодо убактылуу жашаган жеринен добуш берүү үчүн 488 873 жаран №2 формасын тапшырды.Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун даярдыктары туурасындагы маалымат жыйынында билдирди. Ал ички жана сырткы миграцияны эске алганда №2 форма ар бир жаранга добуш берүүгө шарт түзөрүн белгиледи. «2015-жылдагы парламенттик шайлоодо 297 327 жаран №2 форманын негизинде добуш берген. Ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоого 325 461 кыргызстандык №2 форманы алуу менен катышкан», — деди Шайлдабекова. Быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу катыша алары белгилүү болду.
Подробнее«Биримдик» партиясынын талапкери Шукирилло Файзуллаевди жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Илхом Маннановду талапкерлердин тизмесинен чыгаруу сунушталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов бүгүнкү отурумда ушундай сунуш берди. БШКнын бардык мүчөлөрү Араванда жаңжал чыккан жолугушууну уюштурган партиялардын жоопкерчилигин кароо керектигин айтышууда. Айрымдары аты аталган эки талапкерди шайлоодон алыстатууну сунуштап жатышат. Бекматов: Аравандагы жолугушууну уюштуруучулар да жоопко тартылышы керек Ал эми БШКнын дагы бир мүчөсү Бактияр Кадыров эскертүүнү эки талапкерге гана эмес, «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларына берүүнү сунуштады. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жогоруда аты аталган талапкерлерди тизмеден чыгаруу сунушун БШКнын он мүчөсү колдоду.
ПодробнееКыргызстандагы парламенттик шайлоого 3 млн 523 миң 532 адам катыша алат. Бул тууралуу маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабарлады. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо түзүлгөн тизмеге караганда, быйыл шайлоочулардын саны 762 миң 235 адамга көп. Ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу 497 миң 762ге көбөйгөн. Президент шайлоо учурунда стратегиялык объектилерди коргоону тапшырды Өлкөдө 488 миң 873 жаран «Форма 2» аркылуу шайлоо дарегин алмаштырууга арыз берди. 2015-жылы 297 миң 327 жаран форма 2 боюнча шайлоо тилкесин алмаштырган. 2017-жылы президенттик шайлоо алдында 315 миң 461 жаран «Форма-2» алган. «Форма -2» документин алуу үчүн кайрылгандардын көбү Бишкек шаарына туура келди: — Бишкек шаарында — 151 миң 783 шайлоочу; — Ош шаарында — 42 миң 908; — Жалал-Абад облусунда — 59 миң 413; — Нарын облусунда — 16 миң 848; — Ош облусунда — 58 миң 362; — Талас облусунда — 19 миң 154; — Чүй облусунда — 115 миң 58; Ысык-Көл облусунда — 16 миң 85 жаран арыз калтырган. Чет жердеги шайлоо тилкелеринде 1 миң 620 арыз түшкөн. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага 16 партиядан 1912 талапкер катталган.
ПодробнееПрезидент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев менен шайлоого даярдык маселесин талкуулады. Жээнбеков онлайн кеңешмеде шайлоо учурунда коомдук-саясий абалды туруктуу сактоо, стратегиялык объектилерди коргоо тапшырмасын берди. Орозбек Опумбаев парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын биргелешкен иш-чаралар планы даярдалганын айтты. Президент шайлоо процессин уюштурууда коомдук коопсуздукту камсыз кылуунун, өлкө аймагына экстремисттик жана террористтик уюмдардын мүчөлөрүн киргизбөө максатында чек ара тилкелерине көзөмөлдү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага 16 партиядан 1912 талапкер катталган.
ПодробнееБүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаардык соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Боршайкомдун чечимине каршы доо арызын карайт. Эскерте кетсек, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тарткан. Ага себеп катары «съезд учурунда партия мыйзам бузган» деген жүйөө келтирилген. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын бул чечимин «саясий чечим» деп атап, сотко кайрыла турганын маалымдаган. Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталды.
ПодробнееБашкы прокуратура массалык маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда шайлоодогу мыйзам бузуулар жөнүндө жарыяланган маалыматтарга мониторинг жүргүзүп жатат. Учурда интернетте жарыяланган 55 маалымат текшерилип, алардын 26сы боюнча фактылар Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу 23-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен өткөргөн кеңешмеде айтылды. 18 факты боюнча кылмыш тартибинде, ал эми жоруктар боюнча 8 фактыга сотко чейинки өндүрүш башталган. Азыркы учурда ЖМКлардагы, интернеттеги билдирүүлөргө жана жарыяланган материалдарга мониторинг жүргүзүү улантылууда. Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү маалында мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында Башкы прокуратуранын штабы түзүлгөндүгүн, аны менен катар бардык облустарда жана Бишкек, Ош шаарларында ушундай эле штабдар уюштурулганын билдирди.
ПодробнееРайондук сот Аравандагы мушташка шект үү катары т ө рт жарандын б ө г ө т чарасын 23- сентябрда карап , аларды эки айга терг өө абагына камакка алды . Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, жалпысынан алты кишиге айыбы угузулду. Алардын бири ден соолугуна байланыштуу ооруканада. 20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жаракат алган. Мушташ «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылган. Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган билдирүү таратышты. Ички иштер министрлиги коомдук тартипти камсыз кылууда кетирген кемчиликтери үчүн райондук милициянын башчысы Сактан Исмаилов иштен алынганын билдирген. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат.
Подробнее БШК башка өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын парламенттик шайлоодо добуш берүүсүн камсыздоо үчүн 44 шайлоо участкасын уюштурду. Алардын 11и Россиянын аймагында. Анткени мигранттардын 80 пайызы ушул мамлекетте жашап, эмгектенишет. Алар төмөнкү даректерде жайгашкан: Материал IWPRдын Борбор Азиядагы Өкүлчүлүгүнүн техникалык колдоосу жана «Жаңы медиа жана санариптик журналистиканы өнүктүрүү» долбоорунун ментордук жардамы менен даярдалды. Бул материалдын мазмуну жана алардын чечмеленишине автор жооптуу.
ПодробнееКандидат от партии «Республика» Тынчтыкбек Алтымышев 22 сентября на своей странице в «Фейсбуке» написал о том, что агитатора от их партии в селе Алыш Нарынского района избил сторонник партии «Мекенин Кыргызстан». По словам Алтымышева, причиной конфликта между ними возник из-за избирателей, зарегистрировавшихся по форме №2, передает «Азаттык» . Представитель «Мекеним Кыргызстана» возмутился тем, что агитатор «Республики» зарегистрированных по форме 2 перевел снова в форму 1. В ответ на заявление представителя «Республики» партия «Мекеним Кыргызстан» распространила заявление, отметив, что в связи с распространением Тынчтыкбеком Алтымышевым «клеветнического материала» юристы партии готовят жалобу в ЦИК. В сообщении также отмечается, что «эти люди [участники инцидента – прим. ред.] не имеют никакого отношения к партии «Мекеним Кыргызстан». В Нарынском областном управлении внутренних дел, между тем, сообщили, что по факту избиения агитатора партии «Республика» в Едином реестре преступлений и проступков зарегистрировано досудебное производство по статье 266 («Хулиганство») Уголовного кодекса КР. По данным милиции, в Нарынский районный отдел внутренних дел 22 сентября около 12:00 обратился 25-летний Алтынбек Асеков, который рассказал, что в тот день около шести утра в селе Алыш его избил некий Максат со своими знакомыми. По предварительным данным следствия, Алтынбек Асеков и этот Максат до этого поругались на праздничном мероприятии. Спустя какое-то время Максат был госпитализирован в больницу. В правоохранительных органах подтвердили, что Алтынбек Асеков является агитатором партии «Республика», а мужчина по имени Максат работает в качестве агитатора на партию «Мекеним Кыргызстан». Получить информацию о состоянии здоровья Алтынбека Асекова пока не удалось. ЦИК пока не комментирует этот случай.
Подробнее