О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
25 сентября 2020 г. 0:19

Для заполнения бюллетеней будут использовать не обычные ручки — ЦИК КР

Центризбирком прокомментировал видео из соцсетей и рассказал, какие ручки будут использоваться на избирательных участках.БИШКЕК, 24 сен — Sputnik. Центральная комиссия по выборам и проведению референдумов КР опровергла информацию, что на парламентских выборах будут использоваться ручки с исчезающими чернилами. По данным ЦИК, в соцсетях распространяется видео, где мужчина ставит галочку на листе бумаги, а затем легко стирает чернила с помощью огня от зажигалки. Голос за кадром утверждает, что в день голосования бюллетени будут подписываться именно такими чернилами, и призывает избирателей использовать собственные ручки. На избирательных участках дает сбои система идентификации — что сказали в ЦИК Центризбирком поясняет, что обычные шариковые ручки могут оставить след на сканере автоматического считывающего устройства (АСУ), повредив его. Поэтому на избирательных участках используются капиллярные ручки, которые не загрязняют считывающую часть сканера, но чернила не исчезают от огня. "Кроме того, использовать огонь, чтобы стереть отметку избирателя, невозможно, так как в состав избирательной комиссии входят представители политических партий и органов местного самоуправления", — подчеркнули в ЦИК. Отмечается, что во время голосования и при подсчете голосов избирателей на участках также будут присутствовать наблюдатели от партий и общественные наблюдатели из некоммерческих организаций. Выборы в Жогорку Кенеш пройдут 4 октября. За 120 мандатов борются 16 партий.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:19

Мукамбаев: партии должны спорить не о целях, а об их достижении

Президент общественного фонда "Агентство стратегических инициатив "Евразия" Алибек Мукамбаев рассказал, как строится продуктивная работа в парламенте.Полный комментарий эксперта слушайте в аудиоверсии. Радио Мукамбаев: партии должны спорить не о целях, а о том, как их достичь В беседе на радио Sputnik Кыргызстан он отметил, что при любой системе парламент — это место, где все категории общества имеют возможность договориться между собой. "Если какой-то круг общества перестают слышать, он радикализируется, закрывается или, наоборот, выходит на улицы. Нужны представители наиболее важных слоев общества, чтобы они сидели в парламенте и договаривались. Другое дело, что у государства должно быть понимание того, куда мы все идем. Да, в стабильных демократиях типа США или Великобритании были выборные шоки, менялся курс, но в целом элита этих стран понимает, куда идет и какие у нее базовые ценности. Там ведутся споры не о целях, а о методах их достижения. У нас же спорят о целях", — заявил Мукамбаев. Самые важные темы и новости дня читайте на нашем Telegram-канале и смотрите в Instagram .

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:19

Жаңжал, жаза, акыркы тизме. Шайлоонун кызыган учурундагы окуялар

Жогорку Кеңештин депутаттарын канча адам шайлай алары белгилүү болду. Массалык мушташка жооптуу талапкерлер жарыштан четтетилди.БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы жана башкы прокурор менен ички иштер министринин орун басарлары маалымат жыйын өткөрүштү. Анда алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу жана даярдыктары тууралуу маалымат беришти. Sputnik Кыргызстан агенттиги жыйында айтылган маанилүү билдирүүлөрдүн топтомун сунуштайт. Шайлоо учурундагы коопсуздук талкууланды. Жээнбеков УКМК төрагасын онлайн кабыл алды Шайлоочулардын акыркы тизмеси жарыяланып, 3 миллион 523 миң 532 кыргызстандык катталды. Бул 2015-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу 762 735 адамга көп же 27,6 пайызга өсүш болду; Убактылуу жашаган жеринен добуш берүү үчүн 488 873 шайлоочу №2 формасын алды; Чет өлкөдө жүргөн 32 582 мигрант ЖК депутаттарын шайлоого катыша алат. 2015-жылы 15 312 гана кыргызстандык добуш берүүгө укук алган; Документтерди кароо учурунда ар кайсы партиядан 42 талапкер шайлоого катышуу укугунан ажыратылды; Жалпы жонунан 2 475 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинен 45и чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө; Шайлоо өнөктүгү маалында 128 мыйзам бузуу катталып, прокуратура тергеп жатат. Анын 82си Жазык кодекси, 46сы Жоруктар кодекси менен каралууда; Башкы прокуратура административдик ресурсту колдонуу боюнча 11 фактыны иликтеп жатат. Азырынча эч бир мамлекеттик кызматкерге чара колдонула элек; Шайлоочулардын добушун сатып алуу беренеси менен 40 кылмыш иши козголду; Араванда үгүт учурунда массалык мушташты тутандырган деп алты адам айыпталууда. Учурда анын бешөө тергөө абагына киргизилген, бирөө ооруканада жатканына байланыштуу баш коргоо чарасы тандала элек. Жалпысынан тогуз адам ооруканада жатат; Шайлоо күнү өлкөдө коомдук коопсуздукту камсыздоо жана шайлоо участкаларын кайтаруу үчүн 11 507 милиция кызматкери тартылат; 27-сентябрдан тарта Ички иштер министрлиги күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт; ИИМ шайлоо тартиптерин бузуу боюнча 236 фактыны Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады; 24-сентябрда кечки саат 17:00дө БШКнын отуруму болуп, Аравандагы массалык мушташ боюнча маселе каралды. Натыйжада жаңжалга жооптуу "Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер Илхам Маннанов жана "Биримдиктин" талапкери Шүкүрулло Файзуллаев жарыштан четтетилди.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:19

Аравандагы мушташ: БШК эки партиянын талапкерлерин жарыштан четтетти

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева партияларга дагы эскертүү берүү чарасын сунуштады, бирок колдоо тапкан жок.БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Араванда үгүт маалында чыккан массалык мушташка жооптуу эки талапкерди жарыштан четтетти. Тагыраак айтканда, "Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер Илхам Маннанов менен "Биримдик" партиясынан талапкер Шүкүрулло Файзуллаев шайлоого катышуу укугунан ажыратылды. Бүгүнкү жыйында БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов окуя болгон күнү эл чогултууга жооптуу болгон талапкерлерди жарыштан четтетүүнү сунуштады. Ал эми БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева эки партияга тең эскертүү берип, жооптуу талапкерлерин четтетүү сунушун киргизген. Дагы бир мүчө Кайрат Осмоналиев болсо саясий партияларга эскертүү берүү менен гана чектелүү керек деген пикирин билдирди. Прокуратура шайлоого карата админресурсту колдонгон 11 фактыны тергеп жатат Ал эми БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул жаңжал коомдук коопсуздукка доо кетирип, адамдар жаракат алганын эскертти. Мындан улам аларга көрүлгөн чара башкаларга сабак болушу керектигин белгиледи. Натыйжада үч сунуш тең добушка коюлуп, талапкерлерди жарыштан четтетмей болушту. Партияларга эскертүү берүү сунушу колдоо тапкан жок. Белгилей кетсек, Илхам Маннанов учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты, Шүкүрулло Файзуллаев жаңжал чыккан Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысы. Аравандагы массалык мушташ Ош облусунун Араван районунун Юсупов айыл аймагында 20-сентябрь күнү эки партиянын талапкерлери үгүт ишин жүргүзүп жаткан. Милициянын билдиришинче, жаңжал өз ара сөз талашуудан чыккан. Массалык мушташты тутандырган деп 13 адам шектелүүдө. Учурда анын төртөө тергөө абагына киргизилип, тогузу ооруканада жатат. Алар милиция тарабынан курчоого алынган. Бул окуяга байланыштуу Араван райондук милициясынын начальниги Сактан Исмаилов иштен алынган.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 10:54

Сокулук айылы. 23.09.2020

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкерлеринин жолугушуусунан фоторепортаж. Сокулук айылы. 23.09.2020 *** Фоторепортаж со встречи кандидатов от партии "Мекеним Кыргызстан". Село Сокулук. 23.09.2020

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:19

Прокуратура шайлоого карата админресурсту колдонгон 11 фактыны тергеп жатат

Жазык кодекси боюнча 82 кылмыш иши, Жоруктар кодекси менен 46 факты катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылган.БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Башкы прокуратура шайлоо өнөктүгү маалында катталган 128 мыйзам бузуу фактысын иликтеп жатат. Бул тууралуу баш прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев парламенттик шайлоону уюштуруу жана даярдыктар тууралуу маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, учурда Жазык кодекси боюнча 82 кылмыш иши, Кылмыш жана жоруктар кодекси менен 46 факты катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылган. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы "мамлекеттик кызматкерлер административдик ресурсту колдонгону аныкталып, аларга чара көрүлүп жатабы?" деп сурады. "Учурда бизде административдик ресурс боюнча 11 факты катталып, тергөө жүрүп жатат. Азырынча эч бир кызматкерге чара көрүлө элек", — деди Дүйшөмбиев. Шайлоо: Башкы прокуратура ЖМКлардагы макалалар боюнча 26 кылмыш ишин козгоду Жазык кодекси боюнча 82 кылмыш иши төмөнкү беренелер боюнча козголду: Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу — 2; Шайлоочуларды сатып алуу — 40; Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу — 1; Шайлоо документтерин бурмалоо — 25; Башка беренелер боюнча — 14. Жоруктар кодекси боюнча 46 иш төмөнкү беренелер боюнча козголду: Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу — 11; Бирөөнүн мүлкүн жок кылуу жана зыянга учуратуу — 22; Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо — 8 факты; Майда бейбаштык — 5 факты. Баш прокурордун орун басары жогорудагы фактылар ЖМКга чыккан материалдарга мониторинг жүргүзүүнүн, жарандардын укук коргоо органдарына кайрылуусунун негизинде өндүрүшкө алынганын кошумчалады.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:19

Шайлоо учурундагы коопсуздук талкууланды. Жээнбеков УКМК төрагасын онлайн кабыл алды

Жээнбеков шайлоо өнөктүгүн уюштурууда коомдук коопсуздукту камсыз кылуунун, өлкө аймагына экстремисттик жана террордук уюмдардын мүчөлөрүн киргизбөө максатында чек ара тилкелерине көзөмөлдү күчөтүү керектигин айткан.БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев менен онлайн кеңешме өткөргөнүн мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти. © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Президент Сооронбай Жээнбеков УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев менен онлайн кеңешме өткөрдү Опумбаев президентке өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу, коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөш тууралуу иштер жана Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу чаралары жөнүндө маалымат берген. Ошондой эле ал Жогорку Кеңеш шайлоосуна даярдык көрүү, анын алкагында УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын биргелешкен иш планы даярдалганын маалымдаган Мындан тышкары, улуттук коопсуздук органдары тарабынан шайлоо маалында коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүүгө жол бербөө жана өлкөнүн стратегиялык объектилеринин антитеррористтик коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралар уюштурулганы кошумчаланды. Коопсуздук кеңеши коррупцияга каршы күрөштүн 4 жылдык долбоорун иштеп чыкты Жээнбеков шайлоо процессин уюштурууда коомдук коопсуздукту камсыз кылуунун, өлкө аймагына экстремисттик жана террордук уюмдардын мүчөлөрүн киргизбөө максатында чек ара тилкелерине көзөмөлдү күчөтүү керектигин эске салды. Сөзүнүн аягында президент УКМКнын аймактык бөлүмдөрүн коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча иштерин күчөтүүгө чакырды.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:19

БШК Аравандагы эки партиянын жаңжалы боюнча маселени бүгүн карайт

Шайлдабекова буга чейин укук коргоо органдары жаңжалды иликтеп, корутунду чыгарышын күтүп жатканын белгиледи.БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы Аравандагы эки партиянын өкүлдөрүнүн массалык мушташы боюнча маселени карайт. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун даярдыктары тууралуу маалымат жыйын учурунда билдирди. Шайлдабекова буга чейин укук коргоо органдары жаңжалды иликтеп, корутунду чыгарышын күткөнүн белгиледи. "Бизге Ички иштер министрлигинен корутунду келип түштү. Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топ аны карап чыгып, БШКнын күн тартибине киргизди. Бүгүн саат 17:00дө боло турган отурумда бул маселени карап, баа беребиз", — деди Шайлдабекова. Эскерте кетсек, Ош облусунун Араван районунун Юсупов айыл аймагында 20-сентябрь күнү үгүт ишине 100дөй адам чогулган. Ошол учурда эки партиянын өкүлдөрү мушташа кеткен. Милициянын билдиришинче, мушташ чыгарган деп шектелген 13 адам аныкталды . Учурда анын тогузу Араван райондук ооруканасында жатат. Шайлоо: Башкы прокуратура ЖМКлардагы макалалар боюнча 26 кылмыш ишин козгоду Бул окуяга байланыштуу Араван райондук милициясынын начальниги иштен алынган . Ал эми аймактык милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:19

Шайлоодо канча мигранттын добуш берери айтылды

2015-жылдагы парламенттик шайлоого чет өлкөдө жүргөн 15 312 мигрант добуш берүүгө укук алган. Бул ирет шайлоочулардын саны эки эсе өскөнү байкалат.БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Быйыл чет өлкөдө жүргөн 32 582 кыргызстандык парламенттик шайлоого катышууга укук алды. Бул туурасында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун даярдыктары туурасындагы маалымат жыйыны учурунда билдирди. Анын айтмында, чет мамлекеттерде 45 шайлоо участкасы ачылган. "Быйыл шайлоого катышууну каалаган чет жактагы кыргызстандыктардын саны көбөйдү. Албетте, буга түшүндүрүү иштери жакшы жүргүзүлгөнү түрткү болду десек болот. Кайрылуулар көп болгонуна байланыштуу Москвага дагы бир кошумча шайлоо участкасы ачылды", — деди Шайлдабекова. Белгилей кетсек, 2015-жылдагы парламенттик шайлоого чет өлкөдө жүргөн 15 312 мигрант добуш берүүгө укук алган. Бул ирет шайлоочулардын саны эки эсе өскөнү байкалат. Быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу катыша алары белгилүү болду.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:19

Шайлдабекова: шайлоодо жарым млн. адам №2 форма менен добуш бермей болду

БШКнын төрайымы ички жана сырткы миграцияны эске алуу менен №2 форма ар бир жаранга добуш берүүгө шарт түзүлөрүн белгиледи.БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Парламенттик шайлоодо убактылуу жашаган жеринен добуш берүү үчүн 488 873 жаран №2 формасын алды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун даярдыктары туурасындагы маалымат жыйынында билдирди. Шайлоо: Башкы прокуратура ЖМКлардагы макалалар боюнча 26 кылмыш ишин козгоду Ал ички жана сырткы миграцияны эске алганда №2 форма ар бир жаранга добуш берүүгө шарт түзөрүн белгиледи. "2015-жылдагы парламенттик шайлоодо 297 327 жаран №2 форманын негизинде добуш берген. Ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоого 325 461 кыргызстандык №2 форманы алуу менен катышкан", — деди Шайлдабекова. Быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу катыша алары белгилүү болду .

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:20

Парламенттик шайлоодо канча кыргызстандык добуш бере алары белгилүү болду

Мыйзам боюнча шайлоочулардын эң акыркы тизмеси шайлоого 10 күн калганда жарыяланат. Быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн 3 миллион 523 миң 532 кыргызстандык катталды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун даярдыктары туурасындагы маалымат жыйыны учурунда билдирди. Анын айтымында, бул 2015-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу 762 735 адамга көп, башкача айтканда, шайлоочулардын саны 27,6 пайызга өстү. Ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу 497 762 жаранга өстү, пайыз менен алганда 16,5ти түзөт. Бир партия 105 млн. сом. Шайлоого аттангандар канча каражат короткону айтылды Мыйзам боюнча, шайлоочулардын эң акыркы тизмеси шайлоого 10 күн калганда жарыяланат. Быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:20

Аравандагы массалык мушташ: 13 шектүү аныкталып, тогузу ооруканада

Бейтапканада жаткан шектүүлөрдү милиция ошол жактан курчоого алып, көзөмөлдөп жатат. Ал эми калгандары эки айга камакка алынган.БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Оштун Араванында партиялар үгүт иштерин жүргүзүп жатканда массалык мушташ чыгарган деп шектелген 13 адам аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Анын айтымында, 13 кишинин тогузу Араван аймактык ооруканасында жана Оштогу ооруканада дарыланып жаткандыктан, милиция ошол жакты курчоого алып, көзөмөлдөп жатат. Ал эми төрт шектүү эки айга камакка алынды. "Учурда окуяга тиешеси бар делген дагы эки шектүү изделүүдө. Массалык мушташ боюнча тергөө иштери уланып жатат, ага тиешеси бар адамдар жана күбөлөр сурак берүүдө", — деди Аширбаев. Жээнбеков Араванда үгүт учурунда чыккан мушташ боюнча оюн айтты Эскерте кетсек, Ош облусунун Араван районунун Юсупов айыл аймагында 20-сентябрда үгүт ишине 100дөй адам чогулган. Ошол учурда эки партиянын өкүлдөрү мушташа кетишкен. Милициянын билдиришинче, мындан 12 адам жаракат алып ооруканага түшкөн. Учурда 30дан ашык адам сурак берип жатат. Бул окуяга байланыштуу Араван райондук милициясынын начальниги иштен алынган. Ал эми аймактык милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп баштаган.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:20

Около полумиллиона граждан изменили свои избирательные участки. Чем это вызвано?

На предстоящих парламентских выборах избирателей будет почти на 28 процентов больше, чем 5 лет назад. Всего зарегистрировано чуть более трёх с половиной миллионов человек. Об этом сообщила председатель ЦИКа Нуржан Шайлдабекова. В то же время около полумиллиона граждан воспользовались формой №2, то есть изменили свои избирательные участки. Чем это вызвано? Расскажет Дамира Базарбаева. За 10 дней до дня голосования завершено и уточнение, а также формирование списков избирателей. Если в стране около 4 миллионов граждан, имеющих право голоса, то из них зарегистрировано чуть более трёх с половиной миллионов человек. Это почи на 28 процентов больше, чем 5 лет назад.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:20

11% совершеннолетних кыргызстанцев не смогут принять участие в голосовании

В Кыргызстане 437 тысяч 384 гражданина старше 18 лет с действительными паспортами не прошли биометрическую регистрацию. Об этом на пресс-конференции сообщил председатель ГРС КР Акын Мамбеталиев. По данным Единого государственного регистра на 21 сентября, в стране 3 миллиона 918 тысяч 649 граждан старше 18 лет с действующими паспортами, 11,6% которых не прошли регистрацию. Граждане, желающие проголосовать на выборах, должны были сдать свои биометрические данные до 19 сентября. Отметим, что прохождение биометрической регистрации является основным условием включения граждан в списки избирателей.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:20

Выборы-2020: равные возможности для всех партий

4 октября день выборов в Жогорку Кенеш, в предвыборной гонке участвуют 16 партий. Представители каких займут кресла депутатов седьмого созыва зависит от каждого избирателя. Агитационная кампания продлится до дня тишины. Каждой партии, участвующей в выборах, предоставлены равные возможности в распределении бесплатных площадей и эфирного времени в государственных и общественных СМИ.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники