О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
25 сентября 2020 г. 0:16

Чет өлкөдөн добуш бериш үчүн 32 миңден ашуун кыргызстандык тизмеге турду

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова 24-сентябрда өткөн басма сөз жыйынында чет мамлекеттерден добуш берүүгө 32 миңден ашуун кыргызстандык каттоого турганын маалымдады. Анын айтымында башка мамлекеттерде жүргөндөр үчүн атайын 45 добушкана ачылды. «Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча дагы айтып кетейин. Чет өлкөдөгү 45 участокто акыркы маалымат боюнча 32 580 жаран катталды», - деди төрайым. 1-августта БШК Кыргызстандан сырткары мамлекеттерде шайлоо участокторун түзүү жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизип, Италиянын Рим жана Франциянын Париж шаарында парламент депутаттарын шайлоого добушканалар ачылган. Ага чейин БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата чет мамлекеттерде 43 добуш берүү участогун бекиткен. Алардын көпчүлүгү Орусиянын аймактарында. Шайлоо мыйзамына ылайык, шайлоо участоктору Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломаттык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелерде жайгаштырылат. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. (TSh)

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:21

Выборы 2020. Открыто 11 дополнительных избирательных участков – ЦИК КР

Бишкек, 24.09.20. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Центризбирком Кыргызстана открыл 11 дополнительных избирательных участков. Об этом на пресс-конференции в агентстве «Кабар» сообщила председатель Центризбиркома Нуржан Шайлдабекова. По ее словам, 10 участков открыты в Оше и один - в Москве. Всего на выборах депутатов ЖК будут работать 2 тыс. 474 избирательных участка. Напомним, что выборы депутатов Жогорку Кенеша состоятся 4 октября.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:16

Дүйшембиев: Добуш сатып алуу боюнча 40 кылмыш иши козголду

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев Жазык кодексинин 192-беренеси («Шайлоочулардын добушун сатып алуу») боюнча 40 кылмыш иши козголгонун билдирди. 24-сентябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында башкы көзөмөл органынын өкүлү мындай маалымат берди: «82 кылмыш иши, жоруктар боюнча 46 иш бар. Берене боюнча айтсам, Жазык кодексинин 191-беренеси («Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу») боюнча эки, 192-беренеси («Шайлоочулардын добушун сатып алуу») менен 40, 193-беренеси («Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу») боюнча бир, 195-беренеси («Шайлоо документтерин бурмалоо») 25 жана башка беренелер боюнча 14 иш бар». Буга чейин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда шайлоодогу мыйзам бузуу жөнүндө жарыяланган маалыматтарга мониторинг жүргүзүп жатканын маалымдаган. Учурда Интернетте жарыяланган 55 маалымат текшерилип, алардын 26сы боюнча факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат. (TSh)

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:17

Шайлоо-2020: Кызыл-чеке болгон дебат

Коомдук телерадио корпорациясында (КТРК) жана башка телеканалдарда парламенттик шайлоого талапкер партиялардын дебаттары уланууда. КТРКда айым талапкерлердин экинчи тобунун таймашы салыштырмалуу суз өтсө, ЭлТРде мырза талапкерлер урушуп кете жаздады. Партиялар бири-бирин «убадасын аткара албайт» деп сынга алууда. Аял саясатчылардын беттеши КТРКдагы дебаттардын айым талапкерлерге арналган экинчи айлампасынын экинчи чыгарылышы 23-сентябрь кечинде өттү. Ага «Мекенчил» партиясынан Жылдызкан Жолдошева, «Ата Мекен» партиясынан Элвира Сурабалдиева, «Бир Бол» партиясынан Зарина Чекирбаева, «Замандаш» партиясынан Гүлнара Дегенбаева жана «Ордо» партиясынан Гүлбарчын Медетбекова катышты. Телетаймаштын биринчи бөлүгүндө талапкерлер Кыргызстандын эл аралык уюмдардагы орду жана бюджет саясаты боюнча суроолорго жооп беришти. Биринчи маселеде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ), ЕАЭБ, ЖККУ жөнүндө жооптор болсо, экинчи темада мамлекеттик мекемелерди кыскартуу аркылуу казынаны сарамжалдуу пайдалануу тууралуу ойлор айтылды. Партия өкүлдөрү дебаттын экинчи турунда шайлоочулардын түрдүү суроолоруна жооп беришти. Адаттагыдай эле бул беттеште да бири-бирине берген суроо-жооп бөлүгү кызыды. Жылдызкан Жолдошева суроолорун жалаң Элвира Сурабалдиевага багыттады. Ал Сурабалдиева алтынчы чакырылышта бийликчил Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) курамында болгонун айтып, аны «бийликтин туура эмес иштерине жооптуулардын бири» катары айыптады. Сурабалдиева ал парламентте сынчыл көз карашты карманганын билдирди: «Мурдагы чакырылышты эл «чимкирик» деп атаганын моюнга алыш керек. Ошого жол берген учурлар көп болду. Бирок мамлекетке залакасы тийе турган көп мыйзамдар көтөрүлүп жатканда, мен, азыркы «Ата Мекендин» тизмесинде бара жаткан депутат-талапкерлер ага каршы добуш берип жаттык. Ооба, мен бийликтин партиясы менен баргам. Анткени анда саясатка биринчи жолу аралашкам. Бирок беш жылда көп мыйзамдар боюнча каршы пикиримди билдирип, соңунда оппозициянын катарына өттүм. Бирок каршылар аз болгондо көпчүлүк мыйзамдар өтүп кетет экен». Мамлекеттик карыз тууралуу анын жообуна канааттанбаган Жылдызкан Жолдошева бул жөнүндө өз пикирин жарыялап, көрсөткүч кызыл чекке жетип калганын, бул өтө коркунучтуу экенин эскертти. 2020-жылдын 30-июнуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы төрт млрд. 773,92 млн. долларды түзгөн. Мунун 86% тышкы карыз (4 млрд. 106,72 млн. доллар), 14% ички карыз (667,21 млн. доллар) болгон. «Карыздын айынан Тажикстан өтө чоң облусу Тоолуу-Бадахшандан айрылганы калды. Ал эми биздин карыз үчүн Кытай Кыргызстандын жерлерин сурабайт деп ким кепилдик бере алат? Менин угушумча Бээжин Алай менен Чоң-Алайды сурап жатат дейт. Бул имиш-имиш кеп, бирок бизде имиш кеп барып-барып туура болуп калчу эле. Ошондуктан биздин мамлекет азыр кооптуу абалга келип калды. Урматтуу шайлоочулар, добушуңарды сатпастан, мамлекеттин бүтүндүгү жөнүндө ойлогула», - деди Жолдошева. Башка талапкерлердин суроолору мамлекеттик турак жай, ипотека, миграция, ишкерчилик, мектеп бүтүрүүчүлөрүн тестирлөө, саясаттагы тааныш-билиш, тууган-урук маселеси, шайлоодогу №2 форма ыкмасы, аялдарга карата зордук-зомбулук жана башка маселелер жөнүндө болду. Партия өкүлдөрүнүн жооптору да түрдүүчө жаңырды. «Партияңар алгачкы ишин эмнеден баштайт?» деген суроого «Мекенчилдин» талапкери Жылдызкан Жолдошева коронавирус илдетине каршы даярдыкты жетиштүү көрбөгөнү үчүн экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди жоопко тартууну талап кылышарын билдирди. «Ордо» партиясынын талапкери Гүлбарчын Медетбекова алар татыксыз депутатты кайра чакыртып алуу демилгеси менен чыгарын айтса, «Бир Болдун» өкүлү Зарина Чекирбаева алар шайлоодон утары менен Жогорку Кеңештин коргонун алып салуу жана ар бир депутатты биометрика аркылуу шайлатуу боюнча талап коёрун белгиледи. Чекирбаева ошондой эле президенттин ыйгарым укуктарын азайтып, парламенттикин кеңейтиш керек деп эсептейт. «Биз парламенттик өлкө болгондон кийин премьер-министрдин укуктары көбүрөөк болушу керек. Азыркы учурда президенттин укуктары көбүрөөк болуп, парламент өкмөттүн иши боюнча отчётту жакшы ала албайт. Акыркы 29 жылда 30дан ашык премьер-министрди алмаштырыптырбыз, бул жакшы көрсөткүч эмес. Бардыгы ишин чала-була кылып коюп, кете беришкен. Эч ким жоопкерчилик албайт, пандемияда көрдүк, акыркы өкмөт башчыбыз кызматтан жөн эле кетип калды. Ошондуктан биз парламент президенттин институттан же президенттик аппараттан күчтүү болушу керек деп эсептейбиз», - деди ал. КТРКдагы айым талапкерлердин алгачкы беттеши 21-сентябрда өткөн. Анда «Мекен Ынтымагы» партиясынан Венера Осмонбетова, «Кыргызстан» партиясынан Асел Атабекова, «Социал-демократтар» партиясынан Айчүрөк Камаева, «Биримдик» партиясынан Аида Касымалиева жана «Республика» партиясынан Алтынай Өмүрбекова чыккан. Анын алдында өлкөнүн башкы телеканалында жаш талапкерлердин дебаты болуп, партиялар жалгыздап кайрылуу жасашкан. Эми 25-сентябрда калган алты партиянын айым талапкерлери таймашка чыгышат. Андан кийин, 28-сентябрда, 30-сентябрда жана 2-октябрда партиялардын негизги лидерлери КТРКда дебатта кездешет. Жанаша дебаттардагы талаш Ал арада башка бир мамлекеттик телеканал ЭлТРде да саясий дебаттар кызуу уланып жатат. Бул каналда 14-сентябрдан бери күн сайын үчтөн партиянын өкүлү талашка чыгууда. Башкача айтканда, бир партия башка-башка атаандаштары менен бир нече жолу беттешке туш келүүдө. Ушул жагдай дебаттын темпин көтөрүп жаткандай. Анткени шайлоого аттангандар арасында чымчылашмай, сындашмай, катуу айтышмай көбүрөөк байкалып жатат. Ал тургай талапкерлер бир канча ирет урушуп да кете жаздашты. Соңку, 23-сентябрдагы дебатта да «Чоң Казат» партиясынын талапкери Сыймык Жапыкеевдин, «Ата Мекендин» өкүлү Элдар Абакировдун жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын» лидери Акбөкөн Таштанбековдун ортосунда талаш чыкты. Жапыкеев менен Таштанбеков кызыл-чеке болуп, кыйкырышып, мушташып да кете жаздашты. Сыймык Жапыкеев суроо берип жатып Акбөкөн Таштанбековду салык жашырууга байланыштуу айыптады: «Эч нерсе болбойт, реформа кылбайт, жөн эле сөз кылып жатат. Акбөкөн мырза, мына Свердловск райондук сотунда 22 млн. сом салыкты төлөбөгөнүңүз боюнча соттошуп жатасызбы? «Ооба» же «жок» деп коюңузчу. Өзү салык жашырып жүрөт, анан салык чогултам дейт. Ошол салыкты төлөп койбойсуңарбы, качпай. Мына, Бишкектеги борбордук универсалдык дүкөндүн артында (ЦУМ) «С легким паром» деген мончоңуз мурда завод эмес беле? Аны кантип менчиктештирип алдыңар? Анан 99 батир кылып, аны сатып, аягында дагы чыр болдуңар. Завод-фабрикаларды силер эле кантип менчиктештире бересиңер? Эмнеге биз ала албайбыз, эмнеге карапайым эл ала албайт? Анан мына, шайлоого канча жолу чыктыңыз? Акыркы жолу канча добуш алдыңыз? Өтпөсөңүз деле кайра-кайра чыга бересизби? Утам деп ойлоп атасызбы? Ар ким өзүнүн рейтингин билиш керек да, мисалы мен «Чоң Казаттын» рейтингин билем. Эмнеге «Афганец?» Каякка алып баратасыңар, согушабызбы эми? Койгулачы ушунуңарды. 30 жылда булар баарын жешкен, кайра эле келатышат». Акбөкөн Таштанбеков болсо өзүнө карата коюлган дооматтарды четке кагып, кайра Сыймык Жапыкеевге айып койду: «Бүгүнкү күндө келинчегиме «2006-жылы салыктан качкан» деп иш козгоп, жок салыктарга 14 жылдан кийин кайрылып жатышат. Кошумча нарк салыгы, Өзгөчө кырдаалдар үчүн фонддун салыгы жана жолду пайдаланууга байланыштуу салыктар. Суммасы тогуз млн. сом, тууму менен кошулган. Ал эми фабрика боюнча айтсам, ал жерде мурда бут кийим тикчү фабрика болчу. Анда 1240 акционер бар. Мен ошонун ичиндеги бир акционермин. А шайлоо боюнча айтсам, парламентке сизге окшогон оорукчандар барбасын деп баратабыз, алтыным. Сен Башкы прокуратурада бей-бечаралардын баарын камап олтуруп, ушул жерге келдиң. Бирөөнүн акчасы менен келатасың». ЭлТРдеги дебаттар дагы эки күн уланат. Жогоруда айтылган эки мамлекеттик медиадан сырткары TMG, «Нур» жана башка телеканалдарда, «YouTube», «Facebook» платформаларындагы блогерлердин каналдарында да дебаттар өтүп жатат. Шайлоочулардын бири Бексултан Мамытов соңку дебаттар жаңы нерселерди көрсөткөн жок деп эсептейт. «Менин оюмча мурдагы парламенттик шайлоодон айырмаланып дебатка жаш талапкерлерди катыштырууга аракет кылып жатышат. Буга элдин эски саясатчылардан жадаганы, социалдык тармактарда «жаңы жүздөрдү көргүбүз келет» деген билдирүүлөрү себеп болду окшойт. Айрым партиялар жарандык коомдо активдүүлүгү таанылган жаштарды, чет өлкөдө иштеп, тажрыйба топтоп келгендерди партиянын тизмесине кошуп, дебаттарга ошолорду алып чыгыптыр. Ошентсе да «дебаттарда баланча партиянын өкүлү укмуш кеп айтты, Кыргызстанды өнүктүрүүнүн ынанымдуу, жакшы ыкмасын айтты» деген сөздөрдү уккан жокмун. Менин баамымда, дебаттарда деле же кайсы бир жолугушууларда деле партиялар буга чейин болбогон же жаңы программаларды айтышкан жок. Мурдагыдай эле ойлор, мурдагыдай эле убадалар айтылып жатат», - деди ал. Адистер арасында да Кыргызстандын саясий айдыңындагы жаңы дебаттардын форматы жана мазмуну тууралуу кайчы пикирлер көп. Айрымдар телетаймаштардын жыныстык белгисине карата бөлүнүшүн сындаса, башкалары талкуулардын супсактыгына нааразы. «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси, экс-депутат Чолпон Жакупова кепке кошулду: «Форматы боюнча айтсам, берилген суроолорго жооп берүүгө үлгүрбөй кала тургандай түзүлүптүр. Дебат деген эмне? Дебатта адамдар бири-бири менен талашууга тийиш, бири-бирин ынандырышы зарыл. Алар бири-бири менен беттешпей, окуучулар сыяктуу жооп берип отурушат. «Билеби, билбейби» деп экзамен тапшырып жаткандай. Экинчиден, көп нерсе суроолордон көз каранды, алар да мени канааттандырган жок. Үчүнчүдөн, талапкерлердин көбү «Жогорку Кеңеш деген эмне, ал кандай жумуштар менен алектенет» деген маселени түшүнбөй жатат. Айрым талапкерлер мамлекеттин конституциялык түзүлүшү жөнүндө да билбегенин көрүп, дендароо болдум. Канализация же мектептеги кайсы бир маселелер - бул аткаруу бийлигине тиешелүү суроолор да. Булар болсо ошону талкуулап олтурушат. Парламент аны көзөмөлдөйт, албетте, бирок өкмөт мүчөлөрүн дайындоо аркылуу. Албетте, татыктуулары да бар, бирок басымдуу көпчүлүк талапкерлер райондук жана айыл өкмөтүнүн деңгээлинде экени дебаттарда көрүнүп жатат». Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:17

БШК Аравандагы мушташтан улам эки талапкерди шайлоодон четтетти

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Араванда үгүт маалындагы мушташка байланыштуу талапкерлер Шүкүрулло Файзуллаев менен Илхом Маннановду шайлоодон четтетти. БШКнын 24-сентябрдагы жыйынында бул чечимди комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү колдошту. Файзуллаев «Биримдик», Маннанов «Мекеним Кыргызстан» партияларынан талапкер болуп катталган. Жыйында партиялардын да жоопкерчилигин кароону комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү колдогон жок. 20-сентябрда Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Маннановдун үгүтү учурунда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жараат алып, ооруканага түшкөн. Милиция алты кишини кармап, сотко чейинки териштирүү баштап, жаңжалдын чоо-жайын иликтеп жатат. Мушташ «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылган. Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган билдирүү таратышкан. (SE)

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:17

Дүйшөмбиев: шайлоодогу мыйзам бузуу боюнча 27 факты реестрге катталды

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев 24-сентябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында алдыдагы шайлоодогу мыйзам бузуу боюнча жалпысынан 59 факты аныкталганын билдирди. Анын 34үн прокуратура, 25ин башка органдар аныктаган. Ал фактылардын ичинен 27 материал Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. «Кылмыштын белгилери менен 19, жоруктар белгилери менен сегиз, номенклатуралык ишке жазылганы 17 иш бар. БШКга жана аймактык шайлоо комиссияларына беш материал жиберилген. Үч прокурорлук чара көрүү актысы киргизилген. Төрт факты такталган эмес. Азыр үч материал каралып жатат», - деди ал. Дүйшөмбиев шайлоо мыйзамдарын бузууга байланыштуу жалпы жонунан 82 кылмыш иши жана жоруктар боюнча 46 материал прокуратуранын өндүрүшүндө экенин кошумчалады. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат. (NT)

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:17

БШКда «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын жоопкерчилигин кароо маселеси көтөрүлдү

Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) Араванда үгүт учурунда чыккан мушташ үчүн партиялардын жоопкерчилигин кароо боюнча маселе талашка түштү. БШКнын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Кайрат Осмоналиев, Гүлнара Журабаева партиялардын жоопкерчилигин карап, чара көрүүнү сунуш кылышты. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана анын орун басары Абдыжапар Бекматов партияларга эмес, ошол аймактан тизмеге кирген талапкерлер Шүкүрулло Файзуллаев («Биримдик») менен Илхом Маннановдун («Мекеним Кыргызстан») жоопкерчилигин кароону сунуш кылышты. 20-сентябрда Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Маннановдун үгүтү учурунда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жараат алып, ооруканага түшкөн. Мушташ «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылган. Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган билдирүү таратышкан. (SE)

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:22

Выборы-2020: Регистрация кандидатов Маннанова (“Мекеним Кыргызстан”) и Файзуллаева (“Биримдик”) отменена

Центральная избирательная комиссия 24 сентября заслушала на заседании информацию Министерства внутренних дел по массовой драке в Араване во время агитационного мероприятия. По итогам заседания члены ЦИК проголосовали за отмену регистрации кандидатов Ильхома Маннанова от партии “Мекеним Кыргызстан” (№33 в списке) и Шукирилло Файзуллаева от партии “Биримдик” (№74 в списке). 10 членов ЦИК проголосовали за исключение кандидатов из списка кандидатов. Представитель МВД сообщил, что массовая драка произошла во время выступления в селе И. Маннанова, который сообщил, что помог отремонтировать дорогу. Некоторые избиратели начали возмущаться и говорить, что айыл окмоту построил дорогу, что в итоге переросло в драку. Председателем айыл окмоту является Файзуллаев, который выдвинул свою кандидатуру от партии “Биримдик”. Напомним, что 20 сентября в селе Араван сельского округа С.Юсупова между собравшимися во время избирательной кампании произошла драка .

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:18

Массовая драка в Араване — ЦИК сняла с гонки по кандидату от двух партий

Отменена регистрация кандидатов Шукирилло Файзуллаева ("Биримдик") и Ильхома Маннанова ("Мекеним Кыргызстан").БИШКЕК, 24 сен — Sputnik. Центризбирком КР отменил регистрацию двух кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша, из-за массовой драки во время агитационного мероприятия в Араванском районе Ошской области. Речь о кандидате от партии "Биримдик" Шукирилло Файзуллаеве, который является главой Юсуповского айыл окмоту Араванского района, и кандидате от "Мекеним Кыргызстан" Ильхоме Маннанове (действующий депутат парламента от СДПК). Члены ЦИК на заседании заслушали информацию Министерства внутренних дел. По данным милиции, драка произошла во время выступления Маннанова, который сказал, что помог отремонтировать дорогу. Отдельные граждане начали возмущаться, отмечая, что дорогу построил айыл окмоту. В итоге между избирателями завязалась потасовка, переросшая в драку. На заседании ЦИК заместитель председателя комиссии Абдыжапар Бекматов предложил отстранить обоих кандидатов от выборов. За отмену их регистрации проголосовали 10 членов Центризбиркома. Отметим, что, несмотря на предложение некоторых членов ЦИК, предупреждение партиям не вынесли. Жээнбеков прокомментировал массовую драку во время агитации в Араване Глава комиссии Нуржан Шайлдабекова подчеркнула, что драка нарушила общественный порядок, пострадали люди, поэтому снятие кандидатов с предвыборной гонки должно стать уроком для других. Напомним, 20 сентября на агитационной встрече в селе Араван Ошской области произошла массовая драка между сторонниками двух партий. Пострадали 12 человек, разбиты пять машин. После инцидента за ненадлежащее обеспечение общественного порядка был освобожден от должности начальник ОВД Араванского района Сактан Исмаилов, несколько сотрудников привлечены к дисциплинарной ответственности.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:18

За рубежом смогут проголосовать 32,5 тысяч кыргызстанцев — ЦИК

Пять лет назад право голоса имели 15 312 мигрантов. В этом году число голосующих граждан выросло вдвое.БИШКЕК, 24 сен — Sputnik. На парламентских выборах смогут проголосовать 32 тысячи 582 человек, которые находятся за рубежом, сообщила председатель Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов (ЦИК) Нуржан Шайлдабекова. В других странах были открыты 45 избирательных участков. "В этом году увеличилось число мигрантов, желающих принять участие в выборах. Можно сказать, что к этому подтолкнула хорошая разъяснительная работа по поводу выборного процесса. Из-за большего числа желающих в Москве открыт дополнительный избирательный участок", — рассказала глава ЦИК. Стало известно, сколько кыргызстанцев смогут проголосовать на выборах В 2015 году на выборах в депутаты ЖК право голоса имели 15 312 избирателей за рубежом. То есть за пять лет этот показатель вырос в два раза. Выборы в Жогорку Кенеш пройдет 4 октября. В них могут принять участие 3 миллиона 523 тысячи 532 человека. За мандаты депутата борются 16 партий.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:18

Почти полмиллиона кыргызстанцев проголосуют по форме № 2

Глава ЦИК напомнила, что на выборах в 2015 году по временному месту проживания голосовали почти 300 тысяч человек.БИШКЕК, 24 сен — Sputnik. По форме № 2 на предстоящих парламентских выборах проголосуют 488 873 избирателя, сообщила председатель Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР Нуржан Шайлдабекова. Регистрация по форме № 2 позволяет гражданину проголосовать по месту проживания, а не прописки, то есть не на избирательном участке, где он ранее был зарегистрирован. По словам Шайлдабековой, созданы все условия, чтобы мигранты голосовали в стране проживания по форме № 2. На парламентских выборах в 2015 году так голосовали 297 327 человек, а на выборах президента в 2017-м — 325 461 гражданин. Стало известно, сколько кыргызстанцев смогут проголосовать на выборах Выборы в Жогорку Кенеш пройдут 4 октября. В них могут принять участие 3 миллиона 523 тысячи 532 избирателя. За мандаты депутата борются 16 партий.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:18

Стало известно, сколько кыргызстанцев смогут проголосовать на выборах

Согласно закону, окончательный список избирателей вывешивается за 10 дней до выборов. В этом году они пройдут 4 октября.БИШКЕК, 24 сен — Sputnik. На парламентских выборах 4 октября смогут проголосовать 3 миллиона 523 тысячи кыргызстанцев, сообщила на пресс-конференции председатель Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Нуржан Шайлдабекова. По ее словам, это на 762 735 человек больше, чем перед выборами в Жогорку Кенеш в 2015 году. Рост составил 27,6 процента. Шайлдабекова сообщила, что на президентских выборах 2017-го было на 497 762 избирателя больше, чем двумя годами ранее. Рост тогда составил 16,5 процента. Для заполнения бюллетеней будут использовать не обычные ручки — ЦИК КР Согласно закону, список избирателей должен быть опубликован за 10 дней до начала выборов. Они пройдут 4 октября.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 15:39

Улан Бакасов

Улан Бакасов родился в 1984 году в городе Нарыне. Женат, любящий отец шестерых детей, который еще и имеет два высших образования – юрист и энергетик. Бизнесмен, вкладывающий социальный смысл в любое свое начинание. Занимается продажей шерсти, гостиничным бизнесом, владеет фирмами по продаже крупного и мелкого рогатого скота и является собственником рыбных хозяйств. Он также имеет бизнес-проекты за границей, в частности в Соединенных Штатах Америки. В пик распространения коронавирусной инфекции Улан Бакасов подарил Нарынской области девять карет скорой помощи, закупил 70 кислородных концентраторов, купил более тысячи медицинских масок, и это все не считая огромного объема продовольствия, исчисляемого тоннами. Стоит сказать и о том, что он еще поддерживает молодых людей из неблагополучных семей на протяжении более десяти лет, а также оплачивает их контракт за учебу. Помогает материально детям-инвалидам и оплачивает их операции. В Нарыне, где суровые зимы, нуждающиеся семьи каждый год получают уголь. ____ Улан Бакасов 1984-жылы Нарын шаарында туулган. Ал үй-бүлөлүү, алты баланын мээримдүү атасы, андан тышкары эки жогорку билимге ээ – юрист жана энергетик. Кандай гана иш болбосун, ага социалдык маани берген ишкер. Жүн сатуу, мейманкана бизнеси менен алектенет, бодо мал жана майда жандыктарды сатуучу фирмаларга ээлик кылат жана балык чарбалардын ээси. Ошондой эле, анын чет өлкөлөрдө, айрыкча Америка Кошмо Штаттарында бизнес долбоорлору бар. Коронавирустук инфекциянын жайылышынын туу чокусунда Улан Бакасов Нарын облусуна тогуз тез жардам унаасын белекке берип, 70 кислороддук концентратор, миңден ашуун медициналык бет каптарды сатып берген жана мунун бардыгы тонналап эсептелген ири көлөмдөгү тамак-ашты эсепке албаганда. Анын он жылдан ашык убакыттан бери муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн жаштарын колдоп келе жаткандыгын, ошондой эле алардын окуу контрагынын акысын төлөп келе жаткандыгын айта кетүү керек. Каржы жагынан майып балдарга жардам берет жана алардын операцияларын төлөп берет. Кышы суук Нарында жардамга муктаж үй-бүлөлөр жыл сайын көмүр алып турушат.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 12:13

Мирбек Асангариев #БирБол

Мирбек Асангариев #БирБол @mirbek_asangariev "Туризм өлкөбүздүн экономикасын сүйрөй турган, потенциалы тоодой жана элет жеринде эң көп жумуш орунун түзө турган сектор. Чыныгы приоритет кылып инвестиция жасап, бир нукка салышыбыз тийиш."

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:18

Жээнбеков переговорил в онлайн-формате с главой ГКНБ. Что обсудили

Председатель силового ведомства отчитался о работе, проводимой в том числе перед парламентскими выборами.БИШКЕК, 24 сен — Sputnik. Президент КР Сооронбай Жээнбеков провел онлайн-переговоры с председателем Госкомитета национальной безопасности Орозбеком Опумбаевым, сообщила пресс-служба главы государства. © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков провел онлайн-переговоры с председателем Госкомитета национальной безопасности Орозбеком Опумбаевым, сообщила пресс-служба главы государства Опумбаев представил информацию о текущей работе по обеспечению государственной безопасности, борьбе с коррупцией и мерах по реализации решений Совбеза. Он также рассказал о работе силовиков в период подготовки и проведения выборов в Жогорку Кенеш, отметив, что ГКНБ, МВД и Генпрокуратура разработали план совместных мероприятий. Жээнбеков прокомментировал массовую драку во время агитации в Араване Приняты меры для предотвращения дестабилизации общественно-политической обстановки и обеспечения антитеррористической защищенности стратегических объектов. Дополнительно усилена служебная дисциплина среди самих силовиков. Оказывается всестороннее содействие реализации проектов в сфере цифровой трансформации. Образован Координационный центр по обеспечению кибербезопасности ГКНБ. Выборы-2020 — Генпрокуратура завела 26 дел по публикациям в СМИ Жээнбеков отметил важность обеспечения общественной безопасности во время выборов и усиления контроля за приграничными участками. Он также подчеркнул необходимость улучшения качества расследования уголовных дел и усиления работы по возмещению ущерба в рамках дел коррупционной и экономической направленности.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники