О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
23 сентября 2020 г. 14:17

Кызыл-Кыянын

Кызыл-Кыянын тургундары «Алдыга жолду» тандап, "Республика" партиясын кубаттап беришти.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 18:07

Бир Бол

Система менен күрөшүүгө, радикалдуу реформаларды жүргүзүүгө даярбыз!

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:48

«БИРИМДИК» №1. Баткендиктер Улукбек Кочкоровду колдой турганын билдирди

«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо партиясынын талапкерлери Улукбек Кочкоров жана Мамыржан Рахимов Баткен облусунун Төрт-Күл жана Кыштут айыл өкмөттөрүнүн айылдарынын тургундары менен жолугушту. Элеттиктер “Биримдик” партиясынын программасы менен таанышып, анын ишке ашуусу тууралуу маалымат алышты. Талапкерлер «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо партиясынын максаты элге кызмат өтөө, калктын татыктуу жашоосун камсыз кылуу жана Кыргызстандын гүлдөп өнүгүүсүнө салым кошуу экенин белгилеп, партиянын максаттары жана идеялары тууралуу айтып беришти. Айылдыктар жөлөк пул жана сүйүнчү алууда бир топ жеңилдиктер болуп калганын белгилеп, ал үчүн мурдагы министр Улукбек Кочкоровго ыраазычылыгын билдиришти. Жергиликтүү тургундар жол куруу жана айылдагы мектептердин жаңылануусу тууралуу суроо узатышты. «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо партиясынын талапкери программада алыскы айылдардагы муктаждык жаралган аймактарда элдердин көйгөйлөрүн чечүүчү маселелердин жол-жобосу камтылганын белгилешти. Эл уулдарын тосуп алган тургундар Улукбек Кочкоров менен Мамыржан Рахимовдун буга чейинки жасаган эмгектери, иштерине ыраазычылык билдирип, алдыдагы шайлоодо ийгиликтерди каалап, колдоп берерин билдиришти. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:48

Партия «Кыргызстан» №15: Верховенство закона - необходимое условие для развития бизнеса

Кыргызстан привлекает инвестиции в основном за счет иностранных грантов, гуманитарной помощи и иностранных кредитов. Однако в течение последних лет наблюдается снижение поступления инвестиций в основной капитал. Так, в 2019 году объемы инвестиций в основной капитал за счет прямых иностранных инвестиций снизились на 7,1%, в 2018 году - на 25,5% и в 2017 году снизились на 2,2%. Это обусловлено следующими проблемами: - снижение притока инвестиций в Кыргызскую Республику до 2020 года, - наличие ограничительных мер, связанных с пандемией COVID-19; - негативное воздействие норм и положений законодательства, а именно существующие правовые нормы ограничивают привлечение инвестиций, а также деятельность отечественных инвесторов, что особенно сказалось во время пандемии и закрытых границ со странами. Политическая партия «Кыргызстан» предлагает следующие пути решения: 1. В целях стимулирования государственной инвестиционной политики, необходимо создать для отечественного инвестора возможность обратиться в Арбитражный суд или международный временный арбитражный трибунал (коммерческий суд). Действующий Закон Кыргызской Республики «Об инвестициях в Кыргызской Республике» предусматривает такое право только для иностранного инвестора. Местный же инвестор имеет право обратиться только в судебные органы Кыргызстана, что ставит в неравное положение кыргызского инвестора с иностранным инвестором. 2. Необходимо наделить отечественного инвестора правом обращаться в третейский суд. Согласно действующему законодательству, отечественной инвестор не имеет права обратиться в третейский суд, в том числе и за границей. Вместе с тем, споры между иностранными инвесторами и физическими, юридическими лицами Кыргызстана могут разрешаться по соглашению сторон в третейском суде, в том числе, расположенном за пределами Кыргызской Республики. 3. Необходимо существенно снизить или отменить уплату госпошлин при обращении в суды, т.к. в настоящее время инвестиционный спор между инвестором и государственными органами Кыргызской Республики разрешается в судебных органах республики в случае не достижения консенсуса. При обращении в судебные органы предусмотрены дифференцированные размеры государственных пошлин с исковых заявлений в зависимости от цены иска, которые доходят до значительных сумм. Зачастую оплата такой суммы неподъемна для граждан Кыргызской Республики. Рассмотрим пример: наш гражданин покупает жилье в г. Бишкек, стоимостью от 30 до 100 тыс. долларов США в строящемся доме, где строительная организация имела все правоустанавливающие и разрешительные документы для строительства объекта. Между тем, учитывая, что многие земли в начале 90-х годов были проданы с нарушением законодательства, уполномоченные государственные органы подают в суд на строительную организацию, купившую земельный участок по рыночной стоимости, допустим, у седьмого собственника. В свою очередь на основании статьи 141 Кодекса Кыргызской Республики о неналоговых платежах уполномоченные государственные органы подают в суд без уплаты государственной пошлины, которая в свою очередь составляет для граждан Кыргызской Республики 80 тыс. сомов и 0,5% от суммы иска (80 тыс. сомов + 2 млн сомов, если строительная компания строит 12-этажный двухподъездный дом). Вследствие чего суд выносит решения об аресте строительства на данном земельном участке и вынуждает повторно выкупить собственность по рыночной стоимости, т.к. действующее гражданское законодательство не вполне четко регулирует отношения добросовестного приобретателя. Считаем, что законодательство должно обеспечивать равные условия для физических и юридических лиц (добросовестных приобретателей) по освобождению от уплаты государственной пошлины в случаях обращения ими в суд с заявлением о защите своих прав на недвижимое имущество к ответчику – органам местного самоуправления, государственным органам исполнительной власти. Для привлечения инвестиций в страну необходимо заполнить данные пробелы в законодательстве. Однако никакие законы, какими качественными они ни были, не помогут в решении данного вопроса, если в стране не будет независимых судов. Для привлечения инвестиций и развития бизнеса верховенство закона – необходимое условие, отмечает партия «Кыргызстан». Поэтому партия «Кыргызстан» будет прилагать все усилия для дальнейшего развития судебной системы и законодательства в республике! Заказчик: политическая партия «Кыргызстан». Оплачено из избирательного фонда партии «Кыргызстан» уполномоченным по финансовым вопросам Шамшидин уулу Разаком (свидетельство № 94 от 06.08.2020).

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:49

ЦИК исключил Муратбека Кыбраева из списка кандидатов от партии "Замандаш"

Центральная комиссия по выборам и проведению референдумов на заседании 22 сентября приняла решение исключить из зарегистрированного списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша, выдвинутого политической партией «Замандаш», Муратбека Кыбраева. Об этом сообщает пресс-служба ЦИК. По ее данным, решение принято на основании личного заявления об исключении из списка кандидатов Кыбраева от 22 сентября, руководствуясь статьей 61 конституционного Закона «О выборах президента и депутатов Жогорку Кенеша», статьями 6, 7, 18 Закона «Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов».

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:49

Мирлан Амантуров: Кыргызстандагы мал чарбасын өнүктүрүү "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын артыкчылыктуу жана алдыңкы максаттарынын бири

“Мал чарбасы – жыл сайын өлкөнүн бюджетине миллиондогон доллар киреше алып келе турган жана ата мекендик продукцияны өлкөнүн ичинде да, сыртында да өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген экономиканын алдыңкы чөйрөсү. Анын үстүнө, калктын 60 пайыздан ашыгы айыл жеринде жашайт жана өлкөбүздүн климаты мал чарбачылыгы менен алектенүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет”,- дейт "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан талапкер Мирлан Амантуров. Ага кошумча, "Мекеним Кыргызстан" партиясынын программасында ата мекендик фермерлерге мамлекеттик колдоону күчөтүү жана каржылоону көбөйтүү сунушталууда. Анда биздин дыйкандарды тоют менен камсыз кылуу, мал чарбасын өнүктүрүү үчүн мамлекеттик банктар аркылуу төмөнкү пайыздык насыяларды берүү жагы камтылат. Мал чарбачылыгы менен алектенген фермерлердин билимин арттыруу да маанилүү. Ошондой эле партиянын программасында фермерлер үчүн ири мүйүздүү малдарды (уй, бука) жасалма жол менен уруктандыруу технологиясын иштеп чыгуу жана кайра карап көрүү сунушталат. Тактап айтканда, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасында уйлардын жана букалардын асыл тукумдуулугун көбөйтүү үчүн жасалма жол менен уруктандыруу программасын киргизүү каралган. Бул сандан сапатка өтүп, өндүрүмдүүлүктү бир нече эсе жогорулатууга мүмкүндүк берет. Эң маанилүүсү ветеринардык ыкма менен жасалма уруктандыруу коңшу мамлекеттердин мал чарбачылыгынын практикасында эчактан бери кеңири колдонулат. Асыл тукум жаныбарлардын бир канча пайдалуу жактары бар. Мисалы, эт жана жүндүн көлөмү абдан жогору бааланат. Тоң районунда жаран 5-10 баш мал кармаса 5-6 жыл багып, анын ар биринен болгону 150-200 килограмм эт, же 55-60 миң сом киреше алат. Малдын чыгашасы өздүк баасынан алда канча жогору болот. Ал эми жасалма уруктандыруу менен өстүрүлгөн мал 2-3 жылда 300-400 килограмм эт берет. Мындай малдарды уруктандыруу аркылуу да жакшы киреше табууга болот. Ушундай эле маселе сүт багытындагы уйларда да бар. Азыр аймактагы 5 уй баккан жаран 10-15 литр сүт алса, асыл тукум бир эле уй 20 литр сүт берет. Бир асыл тукум саан уйдан бир жылда 1500 доллар таза киреше табууга болот. Ал эми беш жыл багылган койдон 22-25 килограмм эт алабыз. Анын чыгымы орточо 8500 сомго айланат. Меринос жана башка породадагы койлорду алып келсек, 2-3 жылда 36-45 килограмм эт берет. Кирешесинде чоң айырма болгону менен, ар бир малдын жем-чөбүнө кеткен чыгымдары бирдей эле. Биздин программанын мааниси ушунда. Биз сөзсүз мал чарбасын сандан сапатка өткөрүшүбүз керек. Жасалма жол менен уруктандыруу айыл чарба малдарынын продуктуулугун жогорулатуунун эң натыйжалуу жана тез ыкмасы болуп саналат”, - деди "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан талапкер Мирлан Амантуров. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:49

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлерин Ысык-Көл облусу тосуп алды

22-сентябрда, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында "Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери Мирлан Бакиров баш болгон талапкерлер жергиликтүү шайлоочулар менен жолугушту. Жолугушуу шаардык стадиондо өтүп, 1000ге чукул жергиликтүү эл катышты. Партия лидери өз сөзүндө жылуу кабыл алган Ысык-Көл облусунун тургундарына ыраазычылык билдирип, партиянын программасы менен тааныштырды. Анын айтымында, Ысык-Көл облусунда мындан ары да өнүктүрүү зарыл болгон бир нече тармактар бар. "Ысык-Көл облусунда туризм гана эмес, мамлекеттин экономикасына салым кошкон бир нече тармактар бар. Ошол эле Кумтөрдү мисалга алсак болот. Мындан сырткары Сары-Жаз дарыясына кеминде 4-5 ГЭС курууга мүмкүнчүлүк бар. Албетте, бул нерсеге геосаясат тоскоол болушу мүмкүн. Бирок сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу коңшу мамлекеттер менен макулдашууга толук шарттар бар. Биздин партия парламентке келсе мына ушул долбоорду ишке ашырууга киришет", - деди Бакиров. Ал эми "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Талант Сарбагышев Ысык-Көл облусундагы жайкы туризмди гана эмес, кышкы, медициналык туризмди да өнүктүрүү зарыл экендигин белгиледи. "Кыргыздын бермети болгон Ысык-Көлүбүзгө келген туристтердин санын мындан ары да арттырышыбыз керек. Бирок жайкы туризм менен эле токтоп калбай, жылдын ар бир мезгилинде Ысык-Көлдүн туристтер үчүн эшиги ачык болушу зарыл. Ошондой эле туристтер бул жакка келип өзүнүн ден соолугун чыңдап кетиши үчүн медициналык туризмди да жайылтуу пландарыбыз бар", - деди Сарбагышев. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:50

Төрт партия тилектештик меморандумуна кол коюшат

“Республика”, “Ата Мекен”, “Бир Бол” жана “Реформа” саясий партиялары тилектештик меморандумуна кол коюшат. Бул тууралуу аталган партиялардын штабынан кабарлашты. Жогорку Кеңешке шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрү коомдогу нааразычылыктын өсүшүнө байланыштуу, шайлоочуларды массалык түрдө сатып алуу жана бийликчил партиялар тарабынан административдик ресурс колдонуу коркунучун түшүнүп, таза жана акыйкат шайлоо үчүн чечкиндүү күрөшүү ниетин билдиришет. Алар таза, ачык жана акыйкат шайлоону камсыз кылуу максатында меморандум аркылуу тилектештигин билдиришти. Тилектештик меморандумуна кол коюу бүгүн, 23-сентябрда өтөт. Ага партия лидерлери, ар бир партиянын 10дон өкүлү жана ЖМК өкүлдөрү катышат.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 19:17

Рыскелди Нурлан уулу

Актёр Рыскелди Нурлан уулу Бүтүн Кыргызстан партиясын тандады.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:50

БШКга шайлоочуларды идентификациялоо үчүн биометрикалык жабдыктар берилди

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Өнүктүрүү Программасы шайлоочуларды идентификациялоо үчүн биометрикалык жабдыктарды БШКга тапшырды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.Маалымдалгандай, жабдыктар Япония өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасында шайлоону колдоо – 2020-2021» программасынын алкагында берилген.БШКнын төрайымы Нуржан Шилдабекова Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Өнүктүрүү Программасына жана Япония өкмөтүнө көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. «Республикада шайлоо процесстеринде IT жабдыктарын колдонуу акыркы шайлоо циклинин жүрүшүндө өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди жана 2020-жылдын 4-октябрында боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дагы ушундай ачык-айкын жана таза өтөт деп үмүттөнөбүз», — деди ал.Маалыматка ылайык, БШК эл аралык стандарттарга ылайык келүү үчүн өлкөдөгү шайлоо жараянын андан ары өркүндөтүп, технологиялык жактан өркүндөтүүгө аракет кылат.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:50

«Биримдик» саясий партиясынын Жаштар канаты жаш инноваторлорду колдойт

«Биримдик» саясий партиясынын Жаштар канатынын лидерлери Нарындын активдүү жаштары менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуу штаб жетекчилери тарабынан ачылып, сөз "Биримдик" саясий партиясынын Жаштар канатынын лидери Махмуд Ойтемировго берилди. Махмуд Ойтемиров иш-чарага чогулган жаштар менен жылуу учурашып, “Биримдик” саясий партиясынын идеологиясына жана алдыга коюлган максаттарга кененирээк токтолду. Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө Жаштар канатынын мүчөлөрү Улан Усенов жана Байголопов Рустам Жаштар канатынын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып беришти. Нарын облусу боюнча “Биримдик” партиясынын жаштар канатынын өкүлүн дайындоо, активдүү жаштар менен биргеликте иш алып баруу тууралуу маселе талкууланып, алардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, жаш инноваторлорду колдоо боюнча жигердүү иш-аракеттер улантыла турганы белгиленди. Нарындын жаш активисттери “Биримдик” саясий партиясынын Жаштар канаты мамлекеттик жаштар саясатынын жаңы деңгээлин көрсөтүп жаткандыгын белгилешип, алардын ишмердүүлүгүн толугу менен колдоп, биргеликте иш алып барууга даяр экендигин билгизишти. Мындай жолугушуу дагы бир жолу жаштарды, алардын максаттарын билүү жана аларды кыйла дымактуу ишкердүүлүккө мобилизациялоо маанилүүлүгүн көрсөттү. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:51

ШАЙЛОО-2020: БИШКЕКТЕ «БААРЫНА КАРШЫ» ДЕГЕН АКЦИЯ БОЛДУ

Жарандык активисттер жана Жашылдар партиясынын м ү ч ө л ө р ү 23-сентябрда Бишкекте «Баарына каршы» деген акция уюштурушту. Акциянын катышуучулары 4-октябрдагы парламенттик шайлоо бир топ мыйзам бузуу менен коштолуп жатканын билдиришти. Алар №2 форма деп аталган документ менен жарым миллионго жакын добуш берүүчүнүн шайлоо участкасын алмаштырууга, партияларды каттоодогу талаштарга, үгүт маалындагы эреже бузууга каршы экенин айтышты. Милиция аянттагы митинг алдын-ала эскертилбей, мыйзамсыз уюштурулганын белгилеп, аны Максим Горький атындагы скверде өткөрүүнү сунуш кылды. Акцияга чыккандар ага баш ийген жок. Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. №2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 445 миңге жетти. Бул жолку шайлоодо №2 форма айрымдар добуш сатып алууга шарт түзөт деген талаштуу документ бойдон калууда.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:52

Айым талапкерлердин теледебаты өттү. Алар бюджетти үнөмдөө боюнча , үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу суроолорго жооп беришти

Бүгүн, 23-сентябрда айым талапкерлердин теледебаты өтүп жатат. “Мекенчил" - Жылдызкан Жолдошева; "Ордо" - Гүлбарчын Медетбекова; "Ата-Мекен" - Эльвира Сурабалдиева; "Замандаш" - Гүлнара Дегенбаева; "Бир бол" - Зарина Чекирбаева. 1-суроо: Кыргыз мамлекети 100дөн ашык уюмга мүчө, алар менен болгон катнаштардын эффективдүүлүгү боюнча байма-бай айтылып келет. Уюмдарга мүчө болуунун натыйжалуулугун кандай баалайсыздар жана эффективдүүлүгүн кантип арттырууга болот? "Мекенчил" партиясы Жылдызкан Жолдошева: "Биздин Эгемендүү өлкөбүзгө абдан жакшы жагдайлар, ушундай шарттар түзүлгөн эле. Бирок ачыгын айтыш керек, биз ошол берилген мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланган жокпуз. Себеби эл аралык уюмдарга биздин өлкөнүн өкүлдөрүнөн кимиси барбасын өзүнүн укугун, Кыргыз өлкөсүнүн укугун ошол жерде жакшылап коргой албайт. Албетте, кайсы уюм болбосун, ага мүчө болуу керектүү нерсе. Бирок ал жакта Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын көздөй билиш керек эле. Аны мен көргөн жокмун, керек болсо ОДКБ Ош окуясында эмне кылды? Миңдеген жарандарыбыз каза болду. Бир дагы маселе чечилген жок". "Ата-Мекен" партиясы Эльвира Сурабалдиева: "Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы негизги приоритеттүү мамлекет катары Орусия, Казакстан, Кытайды алып жатабыз. Ошол мамлекеттер менен биздеги толук кандуу катыш болуп жатат. Ошонун ичинде саясат дагы, экономика дагы камтылып жатат. Азыркы учурдагы бар уюмдар менен мамилебизди түзүп алсак, коррупциядан алыс болсок, биздин мамлекетке көбүрөөк пайдасы тиймек деп ойлойм . Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун оюна мен да кошулам. Анткени башында деле бүт бардык мамлекеттерге пандемия боюнча сунуш келип, төрт айдын ичинде бул сунуштар бир нече жолу өзгөрүп, бизди дагы, мамлекетти дагы, Европа өлкөлөрүн дагы кыйнады. Бир топ ызы-чуулар дагы ошондон болду. Эң биринчи артыкчылык биздин мамлекет үчүн экономика биринчи болушу керек деп ойлойм". "Бир бол" партиясы Зарина Чекирбаева: "1991-жылдан баштап Кыргыз өлкөсү 100дөн ашуун уюмдарга мүчө болуп келди. Аны менен бирге көп мүмкүнчүлүктөрдү колдоно албай жатабыз. Мисалы, 2015-жылы Евразиялык экономикалык биримдикке шашып кирүү бул саясий чечим болгон. Кыргызстан өлкө катары бул уюмга кирүүгө даяр эмес болчу. Бул чечимди биз экономиканын сапатын, көлөмүн эске албаган чечим деп эсептейбиз. Анткени Москвага барсак деле ошол эле Армения, Казакстан кирген уюмдан жакшы жыйынтык көрүп жатышат. Тилекке каршы, көп жерден Кыргыз өлкөсү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай калып жатат". "Замандаш" партиясы Гүлнара Дегенбаева: "Эл аралык жаңылануу болушу керек. Кыргыз мамлекети аз ыркы учурда чоң сыноодо турат. Кадрлык кризис абдан тоскоолдук кылат. Эл аралык кандай багытта жаңыланыш керек. Билимибиз да жетишпей жатат. Биз иштешели деп жатсак, коррупцияга тутулуп калып жатабыз. Мунун чыгуу жолун табышыбыз керек. Коррупциядан кутулсак, жаштарды алдыга жылдырсак, байланыштар да, жакшы нерселер да болот. Парламентке бара тургандардан биздин арабызда көп кишилер бар". "Ордо" партиясы Гүлбарчын Медетбекова: "Албетте, Кыргыз өлкөсү эл аралык уюмдарга мүчө болуунун алкагында көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ боло алат. Бирок өлкөдө көп каражаттар максатсыз пайдаланып жатат. Анын эсебинен кыргыздар эл аралык уюмдардын арасында экономикалык деңгээлин көтөрө албай жатат. Элементардуу эле нерсени айта кетейин, бизде лабораториялар иштебейт, дыйкандар азык-түлүктөрүн өткөрө албайт. Булардын баары азыр жүрүп жаткан саясаттын кесепети. Биз Америка же Европа деп сүйлөй бербей кошуна мамлекеттер менен иш алып барышыбыз керек". 2-суроо: "Өлкөнүн бюджеттик саясаты кандай болуш керек, бюджеттик каражаттарды биз кантип туура башкара алабыз? Жалпы эле бул боюнча кандай сунуштарды бересиздер жана сиздердин конкреттүү кадамыңыздар кандай?" Жылдызкан Жолдошева: "Айыл-чарба министрлигинде бүтүндөй бир армия отуруп алып, бир гана статистика менен алек. Бизде гектар-гектар жерлер иштетилбей калган. Таза суу жана сугат суулары боюнча дагы маселе чечиле элек. Мамлекеттик деңгээлдеги бюджеттик маселени чечүү үчүн жумуш орундарын түзүү керек. Экинчиден, эл бийликтен контрабанда иштерин токтотууну талап кылышы керек. Контрабанданы өз ордуна коё алышса, бюджет 2,3 же 5 эсе көбөймөк. Тилекке каршы, бул маселе менен эч ким күрөшпөй жатат". Гүлбарчын Медетбекова: "Бизде бюджет азыркы учурда 30 пайыз дефицит менен кабыл алынып, 132 миллиард сомду түзөт. Пандемия республикалык бюджеттин абалын көрсөтүп койду. Биз мугалимдерге, дарыгерлерге, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине эмгек акыларын үзгүлтүксүз төлөп беришибиз керек. Июнь айында пенсия, пособиялардын берилбей калышы мүмкүн экендиги айтылды. Ошондуктан азыркы учурда биздин бюджеттин так суммасын ким айтып берет. Андан тышкары биздин бюджетти көбөйтүү үчүн салык саясатын толук карап чыгыш керек. Көмүскө экономиканы көзөмөлгө алуу керек, бирок бизде көзөмөл жок". Эльвира Сурабалдиева: "Бюджет жөнүндө сөз болгондо, айрыкча ар кайсы партиялар бюджеттин кыскарышы менен ар кандай программаларды сунушташканда, чындыгында, эч ким анын чечимин сунуштабайт. Тактап айтканда, биздин партия сунуштайт, айталы, бүгүнкү күндө бардыгы 800 миллион парламенттик чыгым жөнүндө сүйлөшүп жатышат, ал эми президенттик администрацияга кеткен чыгым бир жарым миллиарддан эки эсе көп экенин эч ким билбейт. Эмне үчүн биздин мамлекеттик кызматкерлердин санын 30 пайызга кыскартуу боюнча бөлүктү кыскартып, экстрималдык органдар менен пандемия учурунда жетиштүү көңүл бурулбаган дарыгерлердин жана мугалимдердин айлык акыларын жогорулатууга барышыбыз керек. Биз региондорду кыскартуунун административдик-аймактык формасын пландап жатабыз, эгерде бул туура мамиле болсо, бүгүнкү күндө губернатор эч кандай функцияны такыр аткарбайт. Биз үгүт иши менен Кербенге барганыбызда элдин бийликке нааразычылыгын уктук. Муниципалдык кызматкерлер өздөрү, акимчиликтер, айыл өкмөттөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары токтоп калсын деп тургундардын өзүлөрүнөн кызмат кылып жатышты, институттан губернаторлукту сурайбыз, буга акча үнөмдөп берсе болот. Биз бир жерде жарым миллиард сомдун тегерегинде эсептейбиз". Зарина Чекирбаева: "Бул көп жерден эле суралган суроо. Эми муну комплекстүү чечүү керек. Мисалы, жылына бажы тарабынан 5 жүз миллион сом жок болуп кетип жатат. Ошондой эле коррупция бүт жерде бар. Аны пандемия учурунда баарыбыз көрдүк. Аны чечүүгө саясий эрк керек, тазалаш керек. Бул, албетте, абдан тапташып калган система. Биздин партия тажрыйбалуу, жаш, жаратман команда. Бизде ишкерликти таза алып кетип жаткан талапкерлер бар. Эрк болбосо мындай жумуштарды жасоо мүмкүн эмес". Гүлнара Дегенбаевадан: "Бюджетти үнөмдөө үчүн бардык мамлекеттик балдар үйлөрү жабылган. Азыр балдар пандемия учурунда көчөдө жүрүшөт, аны эч ким билбейт. Айыл-чарба биздин эң чоң кирешебиз. Ооба, сиз өзүңүз түшүнүп турасыз. Акчанын кандайча жана кайда жумшалгандыгын жана акчаны кандайча жумшаш керектигин оптималдаштырат жана туура приоритет берет. Акчаны кайда жумшасак жакшы болот? Башкача айтканда, бул акчаны көзөмөлдөө дагы абдан маанилүү, бюждеттеги акчага контроль жок болгондуктан биз азыр ушундай абалдабыз". Теледебатта айым талапкерлер бири-бирине суроо беришти "Ата-Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Эльвира Сурабалдиеванын "Замандаш" партиясынын талапкери Гүлнара Дегенбаевага берген суроосу: "Жакында эле "Замандаш" ассоциациясынын өкүлдөрү алар жасаган иштерди жана мыкты демилгелерди "Замандаш" партиясынын лидери өзүнө ыйгарып алганын айтып чыгышты. Мындай манипуляцияларга жол берилгени чынбы?". Жооп: "Биз аны териштирдик. Бул фейк маалымат болуп чыкты. Андай кептер болгон эмес". "Бир бол" партиясынын талапкери Зарина Чекирбаевага суроо: "Президенттик институт өз ыйгарым укуктарынан ашпай, кландык башкарууга жол бербеши үчүн сиздер тараптан кандай кадамдар болот?" Жооп: "Бул боюнча биздин программада жазылган. Биздин мамлекет парламенттик өлкө болгондон кийин өкмөт башчынын укуктары көбүрөөк болушу шарт. Азыркы учурда президенттин укуктары көбүрөөк. Андыктан парламент өкмөт башчыдан жасаган иштери боюнча отчётту керектүү деңгээлде ала албайт. Мисалы, акыркы эле 29 жылда биз 32 өкмөт башчыны алмаштырдык. Бул жакшы көрсөткүч эмес. Жетекчилик кызматка келген адам өзүнө тиешелүү жумушту чала жасап кетет. Ошол эле учурда бул үчүн эч кандай жоопкерчиликти албайт. Алсак, пандемия учурунда өкмөт башчы жөн гана отставкага кетип калды. Ошондуктан биз парламентти президенттик аппаратка караганда күчтүү болушу керек деп эсептейбиз". "Мекенчил" партиясынын талапкери Жылдызкан Жолдошевага берилген суроо: "Сиз үй-бүлөлүк зордук-зомбулук менен күрөшүү жолдорун айтып бере аласызбы? Сиздердин программада ошол маселе барбы?" Жооп: "Үй-бүлөлүк зомбулук бул кийинки учурда трагедияга айланып кетти. Бирок бул көйгөйдү чечсе болот. Ал үчүн КТРК эл үчүн иштеши керек. Себеби теле тармагы күчтүү социалдык таасир берет. Казакстан менен Өзбекстан бул жаатта абдан жакшы иштеп жатат. Биздин программада бар. Үй-бүлө бул мамлекеттин фундаменти". "Ордо" партиясынын талапкери Гүлбарчын Медетбековага суроо: "Сиздердин программада 2040-жылы экологиялык жактан эң таза мамлекет болобуз деп жазылыптыр. Ошондо сиздер үй-бүлөдөгү унаанын санын кыскартасыздарбы же ЖЭБди (жылуулук электр борбору) жоёсуздарбы?" Жооп: "Экологиялык мамлекетти түзөбүз дегенибиз, экологиялык жакты гана камтыбайбыз. Себеби анын алкагында токой-чарбасын дагы өнүктүрөбүз. Экологиялык маселеге жеп жаткан тамак-ашыбыз тууралуу да жазып, камтып кеткенбиз. Анткени учурда биз азык-түлүктөрдүн кайсы жактардан келип жатканын жана буга байланыштуу эмне менен азыктанып жатканыбызды билбейбиз. Андыктан өзүбүздөн чыккан продукцияларды өндүрүү менен элибизди экологиялык жактан таза азыктар менен камсыз кылабыз". "Замандаш" партиясынан депутаттыкка талапкер Гүлнара Дегенбаеванын "Ата-Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Эльвира Сурабалдиевага берген суроосу: "Сиздердин программаңыздар боюнча турак-жай жаатында чоң жетишкендиктерге байланыштуу суроолорду көтөрүп чыктыңыздар. Бирок кандайдыр бир себептерден улам жетим балдарды турак-жай менен камсыз кылуу боюнча азыркыга чейин эч нерсе аткарган жоксуңар. Кыргыз Республикасынын Конституциясында балдар жөнүндө кодексинин биринчи-сегизинчи пункттарында толугу менен балдар үйлөрү жана турак-жайга арналган. Тилекке каршы, 19, 20 жылдан бери бул маселе чечиле элек. Эмне үчүн жетим балдар үчүн турак-жай маселесин ушул убакка чейин чечпедиңер?". Жооп: "Биринчиден, жетим балдар үчүн үй куруу маселесин биз дайым көтөрүп келгенбиз. "Ата-Мекен" партиясы коалицияда катышпагандыктан бул маселе каралган эмес. Биздин программада дагы бул иш боюнча каралган. Мен бул маселени чечерибизге ишенем". "Бир Бол" саясий партиясынын талапкери Зарина Чекирбаеванын "Замандаш" партиясынын талапкери Гүлнара Дегенбаевага берген суроосу: "Сиздердин программада мамлекеттик ипотеканы 6 пайыздан 2 пайызга түшүрүү тууралуу жазылган экен. Каражатты кайсы булактар аркылуу табасыздар?" Жооп: "Кыргыз өлкөсүндө өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Кыргыз өлкөсүнүн дагы каражаттары бар. Анын баарын иреттеп, ордуна келтирип туруп, ипотекага керектүү каражатты чыгарып беребиз". "Замандаш" партиясынын талапкери Гүлнара Дегенбаеванын "Бир Бол" партиясынан депутаттыкка талапкер Зарина Чекирбаевага берген суроосу: "Сиздердин программаңыздарда бардык мектептерди канализация жана ысык суу менен камсыз кылабыз деп жатасыздар. Сиздерге маалым 653 айылда суу жетишсиз, 390 кыштактарда союз маалындагы эски суу түтүктөрү менен жашап жатышат. Айтсаңыз, айыл жергесине ичкенге суу жетпей жатса силер кантип мектептерди ысык суу менен камсыздайсыздар?" Жооп: "Бул боюнча бизде абдан ийгиликтүү долбоорлор иштелип чыккан. Айрыкча түштүк региондо, "таза суу" долбоору аркылуу айрым кредиттер аркылуу биз Ош облусундагы айыл аймакты таза суу менен камсыз кыла ала турган. Долбоор абдан ийгиликтүү - Азия Өнүктүрүү Банкын жеңип алган Siaysi компаниясы менен биргеликте буга чейин ушул маселе менен алектенип келгенбиз. Биздин арабызда бул көйгөйлөрдү чечүүгө ийгиликтүү жана тажрыйбалуу талапкерлерибиз бар". Зарина Чекирбаеванын "Замандаш" партиясынын талапкери Гүлнара Дегенбаевага берген 2-суроосу: "Силердин лидерлер мигранттарга шарттарды түзүп берүү тууралуу айтып келишет. Эгерде аларга карата шарттарды Кыргыз өлкөсүнөн тышкары түзө берсек, мигранттарды экспорттогон өлкө болууга түрткү болот. Эмнеге эмгек мигранттарын өлкөгө тартып келүү жөнүндө программаңыздарда жазылган эмес?" Жооп: "Биздин программада эмгек мигранттарын мекенине кайтаруу тууралуу жазылган. Себеби алардын балдары, ата-энелери бул жакта. Бул маселени биз чечебиз. Бирок чет мамлекетте калып, жашап жаткан мигранттардын баарын дароо алып келе албайбыз. Ошондуктан биз андай мекендештерибизге өз укуктары менен жашаганга шарт түзүп беребиз". "Ордо" партиясынын талапкери Гүлбарчын Медетбековага суроо: "Сиздердин партия өлкөнүн билим берүү системин кантип реформалайт?" Жооп: "Биздин партия билим берүү тармагына чоң көңүл бурат. Пандемияда берилген суроолор билим берүү тармагына барып такалууда. Алсак, чет жактагы окуу жайларда билим алуу үчүн мамлекеттин квоталары бар. Анын баарына мораторий жарыялап, медиктерибизди чет өлкөгө окууга жөнөтүшүбүз керек. Андан тышкары Жалпы республикалык тестирлөөнү жоюшубуз керек. Анын ордуна өзүбүздүн улуттук базабызды түзүү зарыл". "Мекенчил" партиясынын талапкери Жылдызкан Жолдошевага суроо: "Кичи жана орто бизнестин өнүгүшү үчүн кандай кадамдарды жасайсыздар?" Жооп: "Биздин өлкөдө орто жана кичи бизнестерге шарт түзүлгөн эмес. Аларга берилген насыянын пайызы аз болсо, чакан ишканалар көп ачылат эле. Биздин партия чакан ишканаларды ачуу боюнча маселени программага киргизген. Анткени аймактарда айыл-чарба продукциялары жакшы чыгып жатат. Бирок аларды башка өлкөлөргө жөнөтө алышпайт. Казакстандын чек арасынан өтө албай чирип калган учурлар кездешет. андыктан биз бул маселеге орчундуу мамиле жасайбыз". "Ордо" партиясынан депутаттыкка талапкер Гүлбарчын Медетбекованын жалпы партия өкүлдөрүнө берген суроосу: "Бизде азыр шайлоо убагы болуп жатат. Форма-2 менен элди башка жакка чыгарып кетти деген маалыматтар айтылууда. Бул боюнча сиздердин партияларыңардын позициялары кандай?". “Мекенчил" - Жылдызкан Жолдошеванын жообу: "Биз форма-2 документин бир да жолу колдонгон жокпуз. Бул форма-2 кагазын бийликтин жана миллионердин партиясы колдонду". "Ата-Мекен" - Эльвира Сурабалдиеванын жообу: "Форма-2 боюнча жеке мен дагы буга каршы чыгам. Анткени элдерди шаардан айылдарга, айылдардан шаарга ташыган бул бир эле маселе да. Эгерде партиялардын ортосунда атаандаштыкта ошол добуштарды көбөйтүү маселеси бул туура эмес". "Бир бол" партиясынан Зарина Чекирбаеванын жообу: "Тилекке каршы, бул жакта бийликтин партиялары жок экен. Бул суроо бийликтин партияларына берилиши керек болчу. Негизи так айта турган болсок 442 миң форма-2 колдонулуптур, Нарфн шаарына эле 1000 киши форма-2 менен киргизилиптир, бул жаңы маалымат. Биздин лидерлер кечээ бул боюнча каршы пикирин айтып кетишкен". "Замандаш" партиясынан Гүлнара Дегенбаеванын жообу: "Эгер ушундай калп менен келе турган болсо калптын казаны кайнабайт дейт. Сөзсүз бул нерсе жакшылык менен бүтпөйт". 00:44 24-09-2020 Автор: Гүлшат Ысамамат кызы

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:52

Теледебатта айым талапкерлер бири-бирине суроо беришти

Бүгүн, 23-сентябрда айым талапкерлердин теледебаты өтүп жатат. “Мекенчил" - Жылдызкан Жолдошева; "Ордо" - Гүлбарчын Медетбекова; "Ата-Мекен" - Эльвира Сурабалдиева; "Замандаш" - Гүлнара Дегенбаева; "Бир бол" - Зарина Чекирбаева. "Ата-Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Эльвира Сурабалдиеванын "Замандаш" партиясынын талапкери Гүлнара Дегенбаевага берген суроосу: "Жакында эле "Замандаш" ассоциациясынын өкүлдөрү алар жасаган иштерди жана мыкты демилгелерди "Замандаш" партиясынын лидери өзүнө ыйгарып алганын айтып чыгышты. Мындай манипуляцияларга жол берилгени чынбы? Жооп: "Биз аны териштирдик. Бул фейк маалымат болуп чыкты. Андай кептер болгон эмес". "Бир бол" партиясынын талапкери Зарина Чекирбаевага суроо: "Президенттик институт өз ыйгарым укуктарынан ашпай, кландык башкарууга жол бербеши үчүн сиздер тараптан кандай кадамдар болот?" Жооп: "Бул боюнча биздин программада жазылган. Биздин мамлекет парламенттик өлкө болгондон кийин өкмөт башчынын укуктары көбүрөөк болушу шарт. Азыркы учурда президенттин укуктары көбүрөөк. Андыктан парламент өкмөт башчыдан жасаган иштери боюнча отчётту керектүү деңгээлде ала албайт. Мисалы, акыркы эле 29 жылда биз 32 өкмөт башчыны алмаштырдык. Бул жакшы көрсөткүч эмес. Жетекчилик кызматка келген адам өзүнө тиешелүү жумушту чала жасап кетет. Ошол эле учурда бул үчүн эч кандай жоопкерчиликти албайт. Алсак, пандемия учурунда өкмөт башчы жөн гана отставкага кетип калды. Ошондуктан биз парламентти президенттик аппаратка караганда күчтүү болушу керек деп эсептейбиз". "Мекенчил" партиясынын талапкери Жылдызкан Жолдошевага берилген суроо: "Сиз үй-бүлөлүк зордук-зомбулук менен күрөшүү жолдорун айтып бере аласызбы? Сиздердин программада ошол маселе барбы?" Жооп: "Үй-бүлөлүк зомбулук бул кийинки учурда трагедияга айланып кетти. Бирок бул көйгөйдү чечсе болот. Ал үчүн КТРК эл үчүн иштеши керек. Себеби теле тармагы күчтүү социалдык таасир берет. Казакстан менен Өзбекстан бул жаатта абдан жакшы иштеп жатат. Биздин программада бар. Үй-бүлө бул мамлекеттин фундаменти". "Ордо" партиясынын талапкери Гүлбарчын Медетбековага суроо: "Сиздердин программада 2040-жылы экологиялык жактан эң таза мамлекет болобуз деп жазылыптыр. Ошондо сиздер үй-бүлөдөгү унаанын санын кыскартасыздарбы же ЖЭБди (жылуулук электр борбору) жоёсуздарбы?" Жооп: "Экологиялык мамлекетти түзөбүз дегенибиз, экологиялык жакты гана камтыбайбыз. Себеби анын алкагында токой-чарбасын дагы өнүктүрөбүз. Экологиялык маселеге жеп жаткан тамак-ашыбыз тууралуу да жазып, камтып кеткенбиз. Анткени учурда биз азык-түлүктөрдүн кайсы жактардан келип жатканын жана буга байланыштуу эмне менен азыктанып жатканыбызды билбейбиз. Андыктан өзүбүздөн чыккан продукцияларды өндүрүү менен элибизди экологиялык жактан таза азыктар менен камсыз кылабыз". "Замандаш" партиясынан депутаттыкка талапкер Гүлнара Дегенбаеванын "Ата-Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Эльвира Сурабалдиевага берген суроосу: "Сиздердин программаңыздар боюнча турак-жай жаатында чоң жетишкендиктерге байланыштуу суроолорду көтөрүп чыктыңыздар. Бирок кандайдыр бир себептерден улам жетим балдарды турак-жай менен камсыз кылуу боюнча азыркыга чейин эч нерсе аткарган жоксуңар. Кыргыз Республикасынын Конституциясында балдар жөнүндө кодексинин биринчи-сегизинчи пункттарында толугу менен балдар үйлөрү жана турак-жайга арналган. Тилекке каршы, 19, 20 жылдан бери бул маселе чечиле элек. Эмне үчүн жетим балдар үчүн турак-жай маселесин ушул убакка чейин чечпедиңер?". Жооп : "Биринчиден, жетим балдар үчүн үй куруу маселесин биз дайым көтөрүп келгенбиз. "Ата-Мекен" партиясы коалицияда катышпагандыктан бул маселе каралган эмес. Биздин программада дагы бул иш боюнча каралган. Мен бул маселени чечерибизге ишенем". "Бир Бол" саясий партиясынын талапкери Зарина Чекирбаеванын "Замандаш" партиясынын талапкери Гүлнара Дегенбаевага берген суроосу: "Сиздердин программада мамлекеттик ипотеканы 6 пайыздан 2 пайызга түшүрүү тууралуу жазылган экен. Каражатты кайсы булактар аркылуу табасыздар?" Жооп: "Кыргыз өлкөсүндө өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Кыргыз өлкөсүнүн дагы каражаттары бар. Анын баарын иреттеп, ордуна келтирип туруп, ипотекага керектүү каражатты чыгарып беребиз". "Замандаш" партиясынын талапкери Гүлнара Дегенбаеванын "Бир Бол" партиясынан депутаттыкка талапкер Зарина Чекирбаевага берген суроосу: "Сиздердин программаңыздарда бардык мектептерди канализация жана ысык суу менен камсыз кылабыз деп жатасыздар. Сиздерге маалым 653 айылда суу жетишсиз, 390 кыштактарда союз маалындагы эски суу түтүктөрү менен жашап жатышат. Айтсаңыз, айыл жергесине ичкенге суу жетпей жатса силер кантип мектептерди ысык суу менен камсыздайсыздар?" Жооп: "Бул боюнча бизде абдан ийгиликтүү долбоорлор иштелип чыккан. Айрыкча түштүк региондо, "таза суу" долбоору аркылуу айрым кредиттер аркылуу биз Ош облусундагы айыл аймакты таза суу менен камсыз кыла ала турган. Долбоор абдан ийгиликтүү - Азия Өнүктүрүү Банкын жеңип алган Siaysi компаниясы менен биргеликте буга чейин ушул маселе менен алектенип келгенбиз. Биздин арабызда бул көйгөйлөрдү чечүүгө ийгиликтүү жана тажрыйбалуу талапкерлерибиз бар". Зарина Чекирбаеванын "Замандаш" партиясынын талапкери Гүлнара Дегенбаевага берген 2-суроосу: "Силердин лидерлер мигранттарга шарттарды түзүп берүү тууралуу айтып келишет. Эгерде аларга карата шарттарды Кыргыз өлкөсүнөн тышкары түзө берсек, мигранттарды экспорттогон өлкө болууга түрткү болот. Эмнеге эмгек мигранттарын өлкөгө тартып келүү жөнүндө программаңыздарда жазылган эмес?" Жооп: "Биздин программада эмгек мигранттарын мекенине кайтаруу тууралуу жазылган. Себеби алардын балдары, ата-энелери бул жакта. Бул маселени биз чечебиз. Бирок чет мамлекетте калып, жашап жаткан мигранттардын баарын дароо алып келе албайбыз. Ошондуктан биз андай мекендештерибизге өз укуктары менен жашаганга шарт түзүп беребиз". "Ордо" партиясынын талапкери Гүлбарчын Медетбековага суроо: "Сиздердин партия өлкөнүн билим берүү системин кантип реформалайт?" Жооп: "Биздин партия билим берүү тармагына чоң көңүл бурат. Пандемияда берилген суроолор билим берүү тармагына барып такалууда. Алсак, чет жактагы окуу жайларда билим алуу үчүн мамлекеттин квоталары бар. Анын баарына мораторий жарыялап, медиктерибизди чет өлкөгө окууга жөнөтүшүбүз керек. Андан тышкары Жалпы республикалык тестирлөөнү жоюшубуз керек. Анын ордуна өзүбүздүн улуттук базабызды түзүү зарыл". "Мекенчил" партиясынын талапкери Жылдызкан Жолдошевага суроо: "Кичи жана орто бизнестин өнүгүшү үчүн кандай кадамдарды жасайсыздар?" Жооп: "Биздин өлкөдө орто жана кичи бизнестерге шарт түзүлгөн эмес. Аларга берилген насыянын пайызы аз болсо, чакан ишканалар көп ачылат эле. Биздин партия чакан ишканаларды ачуу боюнча маселени программага киргизген. Анткени аймактарда айыл-чарба продукциялары жакшы чыгып жатат. Бирок аларды башка өлкөлөргө жөнөтө алышпайт. Казакстандын чек арасынан өтө албай чирип калган учурлар кездешет. андыктан биз бул маселеге орчундуу мамиле жасайбыз". "Ордо" партиясынан депутаттыкка талапкер Гүлбарчын Медетбекованын жалпы партия өкүлдөрүнө берген суроосу: "Бизде азыр шайлоо убагы болуп жатат. Форма-2 менен элди башка жакка чыгарып кетти деген маалыматтар айтылууда. Бул боюнча сиздердин партияларыңардын позициялары кандай? “Мекенчил" - Жылдызкан Жолдошеванын жообу: "Биз форма-2 документин бир да жолу колдонгон жокпуз. Бул форма-2 кагазын бийликтин жана миллионердин партиясы колдонду". "Ата-Мекен" - Эльвира Сурабалдиеванын жообу: "Форма-2 боюнча жеке мен дагы буга каршы чыгам. Анткени элдерди шаардан айылдарга, айылдардан шаарга ташыган бул бир эле маселе да. Эгерде партиялардын ортосунда атаандаштыкта ошол добуштарды көбөйтүү маселеси бул туура эмес". "Бир бол" партиясынан Зарина Чекирбаеванын жообу: "Тилекке каршы, бул жакта бийликтин партиялары жок экен. Бул суроо бийликтин партияларына берилиши керек болчу. Негизи так айта турган болсок 442 миң форма-2 колдонулуптур, Нарфн шаарына эле 1000 киши форма-2 менен киргизилиптир, бул жаңы маалымат. Биздин лидерлер кечээ бул боюнча каршы пикирин айтып кетишкен". "Замандаш" партиясынан Гүлнара Дегенбаеванын жообу: "Эгер ушундай калп менен келе турган болсо калптын казаны кайнабайт дейт. Сөзсүз бул нерсе жакшылык менен бүтпөйт". 00:22 24-09-2020 Автор: Гүлшат Ысамамат кызы, Бактыгүл Султаналиева, Гүлдана Мамадали кызы

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:53

"Ата-Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Эльвира Сурабалдиеванын башка талапкерлерге берген суроосу

"Ата-Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Эльвира Сурабалдиеванын "Замандаш" партиясынын талапкери Гүлнара Дегенбаевага берген суроосу: "Жакында эле "Замандаш" ассоциациясынын өкүлдөрү алар жасаган иштерди жана мыкты демилгелерди "Замандаш" партиясынын лидери өзүнө ыйгарып алганын айтып чыгышты. Мындай манипуляцияларга жол берилгени чынбы? Жооп: "Биз аны териштирдик. Бул фейк маалымат болуп чыкты. Андай кептер болгон эмес". "Бир бол" партиясынын талапкери Зарина Чекирбаевага суроо: "Президенттик институт өз ыйгарым укуктарынан ашпай, кландык башкарууга жол бербеши үчүн сиздер тараптан кандай кадамдар болот?" Жооп : "Бул боюнча биздин программада жазылган. Биздин мамлекет парламенттик өлкө болгондон кийин өкмөт башчынын укуктары көбүрөөк болушу шарт. Азыркы учурда президенттин укуктары көбүрөөк. Андыктан парламент өкмөт башчыдан жасаган иштери боюнча отчётту керектүү деңгээлде ала албайт. Мисалы, акыркы эле 29 жылда биз 32 өкмөт башчыны алмаштырдык. Бул жакшы көрсөткүч эмес. Жетекчилик кызматка келген адам өзүнө тиешелүү жумушту чала жасап кетет. Ошол эле учурда бул үчүн эч кандай жоопкерчиликти албайт. Алсак, пандемия учурунда өкмөт башчы жөн гана отставкага кетип калды. Ошондуктан биз парламентти президенттик аппаратка караганда күчтүү болушу керек деп эсептейбиз". "Мекенчил" партиясынын талапкери Жылдызкан Жолдошевага берилген суроо: "Сиз үй-бүлөлүк зордук-зомбулук менен күрөшүү жолдорун айтып бере аласызбы? Сиздердин программада ошол маселе барбы?" Жооп : "Үй-бүлөлүк зомбулук бул кийинки учурда трагедияга айланып кетти. Бирок бул көйгөйдү чечсе болот. Ал үчүн КТРК эл үчүн иштеши керек. Себеби теле тармагы күчтүү социалдык таасир берет. Казакстан менен Өзбекстан бул жаатта абдан жакшы иштеп жатат. Биздин программада бар. Үй-бүлө бул мамлекеттин фундаменти". "Ордо" партиясынын талапкери Гүлбарчын Медетбековага суроо: "Сиздердин программада 2040-жылы экологиялык жактан эң таза мамлекет болобуз деп жазылыптыр. Ошондо сиздер үй-бүлөдөгү унаанын санын кыскартасыздарбы же ЖЭБди (жылуулук электр борбору) жоёсуздарбы?" Жооп : "Экологиялык мамлекетти түзөбүз дегенибиз, экологиялык жакты гана камтыбайбыз. Себеби анын алкагында токой-чарбасын дагы өнүктүрөбүз. Экологиялык маселеге жеп жаткан тамак-ашыбыз тууралуу да жазып, камтып кеткенбиз. Анткени учурда биз азык-түлүктөрдүн кайсы жактардан келип жатканын жана буга байланыштуу эмне менен азыктанып жатканыбызды билбейбиз. Андыктан өзүбүздөн чыккан продукцияларды өндүрүү менен элибизди экологиялык жактан таза азыктар менен камсыз кылабыз". 22:40 23-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники