О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
23 сентября 2020 г. 21:05

Замандаш

Ар бир жарандын өмүрү биз үчүн маанилүү! Мекен үчүн бир бололу Замандаш!

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:43

Шайлоо-2020: Бишкекте «Баарына каршы» деген акция болду

Жарандык активисттер жана Жашылдар партиясынын мүчөлөрү 23-сентябрда Бишкекте «Баарына каршы» деген акция уюштурушту. Акциянын катышуучулары 4-октябрдагы парламенттик шайлоо бир топ мыйзам бузуу менен коштолуп жатканын билдиришти. Алар №2 форма деп аталган документ менен жарым миллионго жакын добуш берүүчүнүн шайлоо участкасын алмаштырууга, партияларды каттоодогу талаштарга, үгүт маалындагы эреже бузууга каршы экенин айтышты. Милиция аянттагы митинг алдын-ала эскертилбей, мыйзамсыз уюштурулганын белгилеп, аны Максим Горький атындагы скверде өткөрүүнү сунуш кылды. Акцияга чыккандар ага баш ийген жок. Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. №2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 445 миңге жетти. Бул жолку шайлоодо №2 форма айрымдар добуш сатып алууга шарт түзөт деген талаштуу документ бойдон калууда.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:44

Распространено аудио с агитацией акима Араванского района за партию «Биримдик»

В Интернете распространено аудио со встречи акима Араванского района Курбанбека Айтибаева с руководителями местных госпредприятий и председателями участковых избирательных комиссий, в котором он агитирует за партию «Биримдик». Сам Айтибаев подтвердил, что проводил встречу, и отметил, что записанный голос похож на его, сообщает «Азаттык». «Когда приезжают кандидаты, вы тоже участвуйте во встречах, приводите людей, задавайте вопросы. Я сказал, что мы сделаем все возможное. Невозможное не нужно. Оппоненты власти просто угощают и уезжают, а мы работаем. И дальше будем работать. Если будут избраны из других мест, то, возможно, и будут приезжать, если нет – то не будут. А мы тут в исполнительной власти. Даже если они уедут, то мы все исполняем, правильно? Мы тут! За нас вам не будет стыдно. И мы сможем требовать результаты. Я лично буду это делать. Сколько процентов дадим «Биримдику»?», — говорит мужчина на аудиозаписи. Судя по аудиозаписи, во встрече участвовали директора школ и председатели УИК. В ответ на вопросы журналиста аким Курбанбек Айтибаев сообщил, что поддерживает политику государства и что не оказывал ни на кого давления. «Голос похож. Если будут конкретные сообщения, что я на кого-то давил или кого-то уволил с работы, то тогда будет ответ. Мы должны оправдывать то, что получаем от государства. Для сохранения стабильности государства мы готовы на любые шаги. Главное, чтобы были мир и единство, развитие», — сказал Айтибаев. В милиции и ЦИК пока не прокомментировали ситуацию. 8 сентября в Араванском районе Ошской области кандидаты от партии «Биримдик» провели собрание с участием сотрудников школы и детского сада сельской управы имени Алля Анарова. При этом собравшиеся утверждали, что пришли на собрание по собственному желанию и что никакого давления на них не оказывалось. На той встрече также присутствовал Курбанбек Айтибаев.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:44

Глава Национального энергохолдинга Айтмамат Назаров объяснил свой отказ от участия в выборах в ЖК КР

Кандидат в депутаты Жогорку Кенеша от партии «Кыргызстан», глава Национального энергохолдинга Айтмамат Назаров отказался от участия в выборах. О том, что он написал в ЦИК соответствующее заявление: «Я принял решение снять свою кандидатуру с предвыборной гонки. В связи с этим написал заявление в Центральную комиссию по выборам и проведению референдумов КР об исключении меня из списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от политической партии «Кыргызстан». Это решение я принял после замечаний в мой адрес относительно участия в церемонии подачи электроэнергии в одно из сел, где ранее ее не было. На посту председателя Национального энергохолдинга я ставил себе цель — поэтапно электрифицировать все села в нашей стране. Я считаю, что в 21 веке неприемлема ситуация, когда люди живут без электроэнергии. Мое участие в церемонии подачи электроэнергии в село Жазы-Кечуу пытаются преподнести как политическую агитацию, и я снял свою кандидатуру с предвыборной гонки, чтобы продемонстрировать, что цели по служению народу для меня стоят дороже депутатского мандата. Доверие — для меня очень большая ценность и для этого мы все должны научиться соблюдать нормы и требования закона».

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:44

445 тысяч избирателей по Форме-2. И за 3 дня ещё добавится — член ЦИК бьет тревогу

445 тысяч избирателей по Форме-2. И за 3 дня ещё добавится. ЦИК Кыргызстана должен остановить этот беспредел. Об этом в соцсетях написала член ЦИК Гульнара Джурабаева. Ряд других членов ЦИК потребовали опубликовать данные регистрации избирателей по форме -2 в разрезе регионов и дней. В ЦИК, ГКНБ и Генпрокуратуру обратились уполномоченные представители 10 политических партий. Они требуют проверить регистрацию избирателей по форме № 2 на каждом участке за период с 26 июля по 19 сентября — последний день, когда можно было поменять свой избирательный адрес. Об этом сообщает 24.kg. По данным политических организаций, по форме № 2 избиратели массово вставали на учет на 9 из 233 участков в Бишкеке в период с 18 августа по 8 сентября. На участке № 1063 более 1 тысячи 400 человек, а на участке № 1064 более 1 тысячи 600. Были зафиксированы также случаи массового подвоза. На участке № 1048 в один день был принят 251 избиратель, и время их регистрации было после 20.00 (рабочий день избирательного участка заканчивается официально в 18.00). «Просим ЦИК обнародовать данные по движению в списках избирателей в разрезе каждого избирательного участка каждого дня начиная с 26 июля по настоящий момент. Кроме того, просим проверить совместно с членами ЦИК, правоохранительными органами, представителями общественных организаций, политических партий каждый факт массового включения избирателей по форме № 2. Просим Генеральную прокуратуру, ГКНБ проверить на наличие административного ресурса, подкупа избирателей и фальсификации избирательных документов, а также обнародовать результаты проверок», — говорится в заявлении, направленном в ЦИК.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 20:19

"Бир Бол" - жөнөкөй элдин партиясы!

Азыр шайлоочуларды бир жерге чогултуу оңой эмес. Ошондуктан, биз ар бир шайлоочуга барып жолугабыз! "Бир Бол" - жөнөкөй элдин партиясы!

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:44

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы БШК менен соттошот

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн сотко арызданат. Бул тууралуу партиянын төрагасы Адахан Мадумаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Мадумаровдун пикиринде, БШК 3-сентбярдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясы техникалык ката кетиргени үчүн гана ойдон чыгарылган токтомго добуш берип, партияны шайлоодон четтетти. Бул «саясий чечим» болуп калды. 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тарткан. Ага партиянын съездде мыйзам бузганы жүйөө келтирилди. «Биз Жогорку сотко кайрылабыз. Ага чейин Боршайком бизге тийиштүү болгон бардык документтерди кайтарышы керек. Азыр бизге «аз эле жерден ката кетирип койгонуңар үчүн шайлоого катышпай калдыңар» деген сөздөр айтылып жатат. Ошол үчүн көп суроолорго биз сотто мүмкүн жооп алабыз» , -дейт Мадумаров. Ал ошондой эле Москвада жашаган кыргызстандыктар партиянын шайлоодон четтетилишине каршы экенин билдирди. «Алар, эгер биздин өлкө укуктарыбызды коргобосо, биз өз укугубузду өзүбүз коргогонго чечкиндүү түрдө барабыз деп жатышат. Эгер бизди колдогон эл ушундай кадамга барса, аларды токтотууга биздин моралдык укугубуз да жок. Эми эл кандай чечсе, биз алар тарапта болобуз» , -деп айтты Мадумаров. Партия азырынча БШКнын чечимин колуна ала элек. Чечим колго тиери менен сотко кайрылмакчы.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:44

Премьер-министр шайлоо компаниясына катышып жаткандарды чагымчылдыкка алдырбоого чакырды

“Шайлоо компаниясына катышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрүнө дагы бир жолу кайрылам. Үгүт иштери учурунда беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо жана көптөгөн адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрбөө сыяктуу санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталган жок. Бул жоопкерсиздик катары каралат. Андыктан, өздүк кызыкчылыктарды өлкөнүн кызыкчылыгынан жогору койбой, бири-бирибизди сыйлап, эч кандай чагымчылыкка алдырбай, бардык иш-аракетиңерди мыйзам чегинде алып барганга чакырам”, – деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:45

Жылдызкан Жолдошева: " Контрабанданы өз ордуна коё алышса, бюджет 2,3 же 5 эсе көбөймөк". Айымдар теледебаты.

Суроо: "Өлкөнүн бюджеттик саясаты кандай болуш керек, бюджеттик каражаттарды биз кантип туура башкара алабыз? Жалпы эле бул боюнча кандай сунуштарды бересиздер жана сиздердин конкреттүү кадамыңыздар кандай?" Жылдызкан Жолдошева: " Бизде гектар-гектар жерлер иштетилбей калган. Таза суу жана сугат суулары боюнча дагы маселе чечиле элек. Мамлекеттик деңгээлдеги бюджеттик маселени чечүү үчүн жумуш орундарын түзүү керек. Экинчиден, эл бийликтен контрабанда иштерин токтотууну талап кылышы керек. Контрабанданы өз ордуна коё алышса, бюджет 2,3 же 5 эсе көбөймөк. Тилекке каршы, бул маселе менен эч ким күрөшпөй жатат". Гүлбарчын Медетбекова: "Июнь айында пенсия, пособиялардын бербей калынышы мүмкүн экендиги айтылды. Ошондуктан азыркы учурда биздин бюджеттин так суммасын ким айтып берет. Андан тышкары биздин бюджетти көбөйтүү үчүн салык саясатын толук карап чыгыш керек. Көмүскө экономиканы көзөмөлгө алуу керек, бирок бизде көзөмөл жок". Эльвира Сурабалдиева: " Президенттик администрацияга кеткен чыгым бир жарым миллиарддан эки эсе көп экенин эч ким билбейт. Эмне үчүн биздин мамлекеттик кызматкерлердин санын 30 пайызга кыскартуу боюнча бөлүктү кыскартып, экстрималдык органдар менен пандемия учурунда жетиштүү көңүл бурулбаган дарыгерлердин жана мугалимдердин айлык акыларын жогорулатууга барышыбыз керек". Зарина Чекирбаева: "Эми муну комплекстүү чечүү керек. Мисалы, жылына бажы тарабынан 5 жүз миллион сом жок болуп кетип жатат. Ошондой эле коррупция бүт жерде бар. Аны пандемия учурунда баарыбыз көрдүк. Аны чечүүгө саясий эрк керек, тазалаш керек". Гүлнара Дегенбаевадан: "Бюджетти үнөмдөө үчүн бардык мамлекеттик балдар үйлөрү жабылган. Азыр балдар пандемия учурунда көчөдө жүрүшөт, аны эч ким билбейт. Айыл-чарба биздин эң чоң кирешебиз. Бюждеттеги акчага контроль жок болгондуктан биз азыр ушундай абалдабыз. Мен өзүм аймактан келгендиктен бул чөйрөдөгү көйгөйлөрдү жакшы билем".

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:45

Гүлнара Дегенбаева: "Биз Америка же Европа деп сүйлөй бербей кошуна мамлекеттер менен иш алып барышыбыз керек"

Коомдук биринчи каналда Жогорку Кеңешке аттанып жаткан депутаттыкка талапкер айымдар ортосунда телетаймаш өтүүдө. Теледебаттын бул жолку өкүлдөрү "Мекенчил" партиясынан " Уурулар -түрмөгө, бийлик -элге " деген урааны менен сөз баштаган Жылдызкан Жолдошева, кыргыз тилине басым жасап Шайлообек Дүйшеевдин ыры менен кеп улап келе жатып "каккан эмес" (билебиз деп төштөрүн каккан менен) деп айтып алган "Ата -Мекендин" атынан Элвира Сурабалдиева, акыркы беш жылда Кыргызстандагы эн ири бизнес асассоциясын жетектеген "Бир Бол" партиясынан Зарина Чекирбаева, " Замандаш" партиясынан кароосуз калган балдарды өзүмдүн чөтөгүмөн багып келе жатам деген Дегенбаева Гүлнара , мамлекеттик кызматкер "Ордо " партиясынан депутаттыкка талапкер Гүлбарчын Медетбекова катышты. Биринчи бөлүктө төмөндөгу суроолорго жооп узатышты. Суроо : Кыргыз мамлекети 100дөн ашык уюмга мүчө, алар менен болгон катнаштыктардын эфективдүулүгү боюнча байма-бай айтылып келет. Уюмдарга мүчө болуунун натыйжалуулугун кандай баалайсыздар жана эфективдүүлүгүн кантип арттырууга болот? Жылдызкан Жолдошева: "Биз берилген мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланган жокпуз. Эл аралык уюмдарга биздин өлкөнүн өкүлдөрүнөн кимиси барбасын өзүнүн укугун, Кыргыз өлкөсүнүн укугун ошол жерде жакшылап коргой албайт. Албетте, кайсы уюм болбосун, ага мүчө болуу керектүү нерсе. Бирок ал жакта КРнын кызыкчылыгын көздөй билиш керек эле. Аны мен көргөн жокмун, керек болсо ОДКБ Ош окуясында эмне кылды? Миңдеген жарандарыбыз каза болду. Бир дагы маселе чечилген жок". Эльвира Сурабалдиева: "Коррупциядан алыс болсок, мен ойлойм биздин мамлекетке көбүрөөк пайдасы тиймек. Эң биринчи артыкчылык биздин мамлекет үчүн экономика биринчи болушу керек деп ойлойм". Зарина Чекирбаева: "Көп мүмкүнчүлүктөрдү колдоно албай жатабыз. Мисалы, 2015-жылы Евразеске шашып кирүү бул саясий чечим болгон. Кыргызстан өлкө катары бул уюмга кирүүгө даяр эмес болчу". Гүлнара Дегенбаева: "Эл аралык жаңылануу болушу керек. Кыргызстан азыркы учурда чоң сыноодо турат. Кадрлык кризис абдан тоскоолдук кылат. Эл аралык кандай багытта жаңыланыш керек. Билимибиз да жетишпей жатат." Гүлбарчын Медетбекова: "Өлкөдө көп каражаттар максатсыз пайдаланып жатат.Анын эсебинен кыргыздар Эл аралык уюмдардын арасында экономикалык деңгээлин көтөрө албай жатат.Элементардуу эле нерсени айта кетейин, бизде лабораториялар иштебейт, дыйкандар азык-түлүктөрүн өткөрө албайт. Булардын баары азыр жүрүп жаткан саясаттын кесепети. Биз Америка же Европа деп сүйлөй бербей кошуна мамлекеттер менен иш алып барышыбыз керек".

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:45

Материалы за неделю

no article

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:46

Ахматбек Келдибековдун эч ким билбеген сыры

Өз жүздөрүн күзгүдөн көрө албагандарга же кыянаттык менен кыйындарга бут тоскондорго... Шайлоонун шайтан оюндары буркан-шаркан түшүп, мара улам жакындаган сайын “ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” болуп оппоненттер күчтүү атаандаштарын ыгы келсе да, келбесе да жөөлөп кетүү өз опогейине жетти. Өздөрүнүн эмес, бирөөлөрдүн колдору менен «чок» карматкан ыкманы коомчулукка таңуулагандары да ого бетер күч алды. Анан да эң кир эреже болгон “жердешчилик”, “уруучулдук” деген “чылыктар” учурда кыргыз табиятынын жонуна минди. «Ну и что, кыргызда “жердешчилик”, “уруучулдук” деген бул табигый нерсе. Андай адат биз эле эмес, демократиясы ашынып-ташынган Батышта деле бар. Бир эле Англияда азыр эмне болуп жатат?» деп мындайда этектен тартып койчу улукмандарыбыздын урматтуу сөздөрү да угулбайт. Тескерисинче, ошол эле айрым аттуу-баштуу эпчилдерибиз жалпы эл алдында уят-сыйыттуу көрүнүшүп, бирок көшөгөнүн артында “уруучулдук”, “жердешчилик” деген оюндары менен ойда иш кылышууда. Бул көрүнүштүн бир мисалы, жакында Алайда Жанар Акаев ошол жакка эл менен жолугушууга барганда даана байкалды. Бул эми ошол жагдайда байкалган бир эле мисал. Улуу ойчул Конфуцийдин ташка тамга баскандай бир жакшы айтканы бар, «называть вещи своими именами» деген. Анын сыңарындай сөздү чойгулабай, ойдун ток этер жерине токтолоюн. Азыр аламанга аттанып бараткан 16 партиянын ар биринде чындап эле өз партиясынын оор жүгүн көтөрүп бараткан мыкты азаматтар бар. Так ошондой азаматтарды, көк жал, харизматик, парламентаризм менен мамлекеттик ишмердүүлүктү мыкты өздөштүргөн абройлуу талапкерлерди оппоненттери кандай жол менен болсо да эл көзүнө мокочо кылып көрсөтүп, коомчулук алдында ошондой атаандаштарын каралоо оргуштап атат. Далайлаган оппоненттеринин түн уйкусун бузуп жаткан ошондой мыктылардын бири, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде кетип бараткан талапкер Ахматбек Келдибеков болууда. Шайлоо жүрүшүнө тунук акыл-эс менен байкоо салып тургандарга атаандаштары тарабынан ага карата асылуу ачык эле байкалууда. Өткөн бийликтин тушунда да “керкейип койдуң” деп анын үйжайын мындай кой, аялынын байпагынан бери эсептеп, ЖМКлар аркылуу далай жолу шыбаткан аны. Келдибековго кезинде “коррупциянын символу” деген жарлыкты да чаптап көрүштү. Жакшынакай бараткан карьерасына “балта чабышты”. Эгерде А.Келдибеков Акаевдик “улуу приватташтыруу” мезгилинде айрымдар сыяктуу эсепсиз соода, тейлөө жайларды, завод-фабрикаларды, комбинаттарды “ит бекерге” менчиктештирип алганда аны такыр эле “цементтеп” салмак окшойт. Мындайда абийир, адамдык даража деген баалуулуктардын бийик пафосунда калыстыкты айта турган болсок, Ахматбек Келдибеков чынында эле кыргыз саясатында өз орду, өз салмагы бар чоң калибирдеги мамлекеттик ишмерлердин бири экени анык. Сөзүбүз кургак болбошу үчүн анын кызмат тепкичтериндеги тарыхына, (баарын тизмелесек өтө узак) айрым учурларына гана саресеп салып көрөлүчү. Биринчиден, Ахматбек Келдибеков 2010-жылдагы революциядан кийин пайда болгон жаңы башкаруу системасынын башында делген Кыргыз мамлекетинин Жогорку Кеңешинин төрагасы болгон. Символикалык жактан алганда бул Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы чоң тамгалар менен жазылчу окуя! Мааниси да терең. Ал эми ага чейин 2001-жылы Соцфонддо 2 жыл, 2005-жылдан 2007-жылга чейин Жогорку Кеңештеги депутат, жөн эле “балык депутат” эмес, ошондогу күчтүү депутаттардын бирден-бири болгону да анык. 2008-жылдан 2010-жылдын апрелине чейин салык кызматын да жетектеп жүрдү. Жайдак сөз эмес, статистикалык маалыматтарды иликтеп көрсөк Келдибеков Соцфонддо төрага болуп турган кезде (азыр ошол кызматта тургандагысын да оппоненттери башкача жомок кылып, апыртмаларын жаадырып жатышпайбы) парламентке келип, депутаттардын жүздөрүн тике карап, маселени кабыргасынан коюп, анын көтөргөн аргументтүү сунуштарынын натыйжасында ошол учурдагы инфляцияны эске алуу менен пенсия-пособиелер жогорулатылган. Бул факт! (Азыркыдай нанга жетсе дарыга жана башка күнүмдүк турмушка жетпеген өп-чап пенсия-пособиелерден өтө эле айырмаланып). Айткылачы, болбосо азыркы тапта пенсия-жөлөк пулдарга карата экономиканын табигый мыйзамдарына жараша инфляция эске алынып жатабы? Жок! Дагы эле статистикага таянсак, Келдибеков салык кызматын жетектеп турганда мамлекеттин бюджети азыркыдай (пандемияны шылтоолобогондо деле) 20-30 миллиард сомду чапчыган тартыштыкка такалган эмес. Ал эми кесипкөйлүгү жөнүндө сөз кыла турган болсок Ахматбек Келдибековдун деңгээли азыркы аткаруу бийлигинде мамлекеттин экономикасы менен финансы жана башка жооптуу тармактарды башкарып отурган, кээ бир амбициясы аттын башындай болгон, өздөрүн аз эле жерден “Элдердин байлыгы” деген олчойгон эмгектин автору болгон А.Смиттен, “Капиталды” жазган К.Маркстан, “Макроэкономика” теориясын негиздеген Д.Кейнстен кийинки экономисттей эле сезишкен “экономист-финансисттерге” караганда жана да азыркы парламенттин курамындагы «экономиканы чагабыз» дегендерге салыштырмалуу түндүк бою өйдөлүк кылат. Тигилер окуп алып чычалашар, бирок бул да факт! Азыр жер-жерлерде эл менен жолугушканда курулай популизим менен бакылдап жатышкан ошол “кыйратмандарыбыз” карасаң баары эле “высокий материяны” сүйлөшкөндөрү менен, баштары кургак, өз чечимдери, өз идеялары жок, дайыма аларды артында кимдир бирөө сайгылап, жол көрсөтүп, камчылап турганын эл деле сезип жатса керек. Келдибековдун экономика, финансы жаатындагы айткан сөздөрүн угуп, ММКларга берген маектерин окуп жүргөн, калыстыгы канында ойногон адам анын реалдуу турмушка, шарттын, кырдаалдын жана зарылдыктын талабына жараша ой айтып жатканын баамдабай коё албас. Ошол реалдуу турмушта экономиканын мыйзамдары дал ушундай табигый жагдайларга байланыштуу. Ахматбек Келдибековдун айырмаланган артыкчылыгы мына ушуну сезип, туя билгенинде. Келдибековдун кесипкөйлүгү, артыкчылыгы ушунда! Эң негизгиси, шибегени капка катуу мүмкүн болбогондой, ачуу чындык бул: элибиз, буюрса, жакынкы күндөрү тынч, аман-эсен парламенттик шайлоону өткөрүп алган соң Жогорку Кеңешке келген жаңы эл өкүлдөрү бардык тармактарга чыныгы иш билги, кесипкөй кадрларды алып келишсе өлкөбүздө стабилдүүлүк бекемделип, эл турмушу дагы оңолуп, анан “жаз-күздө дагы эмне болуп кетет?” деген санаркоолордон ажо баш болуп баарыбыз арылар белек?..

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:46

Таласта парламенттик шайлоого үгүт иштери активдүү жүрүп жатат

Учурда парламенттик шайлоого үгүт иштери активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Тариел Жоробеков социалдык тармагына жазып чыкты. Бул шайлоо элдин эртеңи үчүн өтө маанилүү, себеби шайлоодо элибиз татыктуу партияны тандап алуусу керек. Биздин саясий партия билимдүү, энергиялуу жаштардан жана тажрыйбалуу саясатчылардан куралган. Бул курам учурдун талабы, жаштардын күчү менен тажрыйбанын айкалышы. Мен дагы ушул команда менен тагыраак айтканда "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы менен Парламенттик шайлоого аттанып жатам. Эл колдоп Жогорку Кеңешке шайланып калсак, эл камы үчүн талбай аракет кылууга даярбыз! Шайлообуз ынтымакта тынч өтүп, эл татыктуусун тандап алуусу үчүн ар бирибиз аракет кылуубуз абзел! – дейт “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Тариел Жоробеков. Депутаттыкка талапкер Тариел Жоробеквдун өмүр баяны: 1996-1998-ж. Талас облустук мамлекеттик вет.борборунда инспектор; 1998-2000-ж. "Жанкарач" дыйкан чарбасында жетекчи; 2000-2008-ж. Таш-Арык айылы вет-сервистин башчысы; 2008-2009-ж. Долоно айылдык кеңештин Төрагасы; 2009-2018-ж. Долоно айыл өкмөтүнүн башчысы; Учурда КР Жогорку Кеңешинин депутаты… “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:47

Необычное видение ученого Джумагазиевой Нуржан

Массовое закрытие школ, детских садов и ВУЗов, вколотило очередной гвоздь, в крышку гроба системы образования. Как оказалось дистанционное образование не заменит гвоздодера, и не реанимирует полудохлое образование. На родительские плечи щедро переложены значительная часть проблем, где наряду из главнейших это нежелание их чад обучаться дистанционно. Множатся жалобы родителей и преподавателей, что дети могут, но не хотят учиться. Помимо затратной стороны дистанционного обучения, основное "неудобство" это незаинтересованность детей. Что нужно сделать, чтобы человек чем-то заинтересовался, и узнал больше, что может вместить стены школы или ВУЗа? Недавно разговаривал с зав.кафедрой КНУ Нуржан Курманбековной; - Неужели дети перестали хотеть узнавать новое? Я ведь помню нотки восторга из ваших рассказов, когда вы проходили журналистскую практику, в - «Комсомолец Киргизии», «Советская Киргизия». Прошли целые десятилетия и давно стерся ореол романтизма и прекраснодушия той эпохи. Но для меня, как слушателя, до сих пор жив и тот разбитной грузовичок по ухабам, на борту которого вы объезжали горные села. Жив и тот студёный ветер, всю дорогу обжигавший ваше лицо, и даже защитивший голову от холода ваш задубевший платок. А сладкий запах вечерних костров, с томным дребезжанием гитарных струн? Близкий лай собак аккомпанируют блеянию ягнят, сквозь терпкую ночь. Все это остается живым для меня. Живым, так как вы питаете эти воспоминания своей жизнью. А сейчас, что является для молодежи - живым? Знаете я всегда думал, что романтика и любопытство — это "удел" дел юности. Я думал, что только мы поколение 90-х такое несчастное, увидевшие близко уходящее живое. Но откуда столько социальной апатии, у современной молодежи? Все ли дело обстоит, в подмене реальной активности интернет-симулякрами и хайпами? - Азамат вы то, наверное, не застали, а я до сих пор помню, как под одеялом, с фонариком мы взахлеб читали про Сталина, Берию, Гинзбурга. Фонарик, одеяло, книга – это была личная история каждого студента. И у каждого это был волшебный фонарик, который позволял мечтать о самом невозможном. А эти длиннющие очереди, которые выстаивали, чтобы на сбереженную стипендию, купить новый выпуск газеты «Роман». Это все осталось и принадлежит далекому прошлому, но задор остался при мне, и он молодит. О чем это я? Наверное о том, что мы должны быть примером, и показывать все своим примером. Лучше показать один раз, чем объяснять тысячу раз. Быть универсалом нелегко, одинаково хорошо владея теорией и практикой, но это самый подходящий путь. У каждого, в памяти есть академический «сухарь» школы, который самую интересную тему, превращал своей подачей, в нудную тягомотину. И, когда-то давно, я дала себе слово, не превращаться, в очередного такого зануду. Самое сложное это было найти свой стиль подачи, говоря образно вдохнуть свое лицо, в своих лекциях студентам. Австрия, Польша, Турция и названия других стран, мелькают, в моей памяти, как места, где я обретала свой стиль, а не просто проходила стажировку. В Бельгии я выиграла грант на 7 000 евро, и своими глазами воочию увидела, как проходило заседание парламента Евросоюза. Прошла бешенный, отборочный конкурс, и обучалась, в школе пиара в, Лондоне. В Москве побывала у знаменитых Гурина, Хакамада, где велись предметы по полит.технологиям, спичрайтингу и имиджмейкинга. Вложение, в себя, это самая беспроигрышная инвестиция. Другое дело, что все основное изученное, мы берем у Европы. Я начала реформу образования, с себя, чтобы затем продолжить ее, в моих студентах. Уже пятый год я вручаю студентам премии от имени фонда Джумагазиева Курманбека, моего отца журналиста. Я понимаю, что финансовое вложение, в образование стоит, в первой очереди. Но больше всего мне всегда хочется донести, что сфера науки — это интересно. Я сначала заинтересовалась, а уж потом мой интерес обрастал защитой кандидатской диссертации, званиями эксперта по научным исследованиям. Вначале интерес, а потом дивиденды, а не наоборот, как часто путают молодые люди. И этот интерес я пытаюсь пробудить, в своих студентах, через креативную подачу материала, новую подачу нового. Главное не лениться, подавать материал качественно, и, в необычной интерпретации. Молодежь затем вовлекается, она активна и живо всем интересуется. В наш университет я ввела профиль политической журналистики, и магистратура заполнилась интересующимися студентами. Все, как бы привыкли, что научный центр — это Европа, а мы на периферии, и всегда с большим опозданием «подбираем» их новшества. И очень хочется сломать этот стержень объективной данности, а без вливания молодого куража и стимула, это не осуществить. Я думаю здесь стоит не только вопрос денег, в виде достойной зарплаты учителям или стипендии студентам. Я знала многих, кто учил или учился на голом энтузиазме, но, в конечном итоге они "выгорали". И дело не, в том, что якобы интерес пропадал, или иссякали жизненные силы, это просто производные моменты. Дело, в другом. Я для себя это называю экологией сознания, но вообще-то это новый предмет, который я веду студентам. Но если говорить абстрагировано, нам не хватает экологичности. Во всем тотальном, и, в себе, в первую очередь. Земля отдалилась, и давно ушла из под наших ног, но физически мы ее ощущаем, все еще ступаем по ней, гадим и насилуем ее. И вот это "насилие", засевшее, в мозгу, надо очистить экологичностью. Устраним барьер, и тогда появятся новые силы и новые интересы. Думаю не зря последние два десятка лет на Западе, парадигму экологичности прочат на место новой религии, где гуманность, планетолюбие и бог рассматриваются, в ее призме иначе, с новым прицелом видения. И новое лучше осваивается новыми людьми, и здесь я выделяю, в особенности нашу молодежь. Поколение за поколением мы крутили земной шарик, и подходит момент, когда крутануть должна молодежь, а иначе жизнь остановится, планета остановиться. И люди вымрут, как динозавры. Азамат Булатов

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:48

Жылдыз Мырзабекова: «Мекеним Кыргызстан» партиясынын бардык аракети элдин турмушун жакшыртууга басым коюлган

-Жылдыз айым, “Мекеним Кыргызстан” партиясын неге тандадыңыз, Бул партияга басым коюшуңузга эмне себеп болду? -Менин “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандашыма партиянын курамы, команданын күчтүүлүгү жана ар бир тармак боюнча жазылган партиянын программасы себеп болду. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы ар бир жарандын жашоо шартын жакшыртууга багытталган. Ошондой эле программада мамлекеттик аппаратты модернизациялоо: штаттык санды кыскартып, мамлекеттик органдардагы кайталанган функцияларды жоюу зарылчылыгы жазылган. Ал эле эмес, Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу боюнча да орундуу сунуш берилген. Ашыкча чиновниктерден арылып, бюджетти үнөмдөп, үнөмдөлгөн каражатты башка зарыл маселелерди чечкенди жолго коюшубуз керек... - “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы элдин жаркын жашоодо жашашына шарт түзөт деп ишеним артсак болобу? -Албетте, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын бардык аракети элдин турмушун жакшыртууга басым коюлган. Ошон үчүн сунуштар менен кошо абалдан чыгуунун жолдору сунушталып, ар бир тармак көз жаздымда калган эмес. Инфраструктураны өнүктүрүү боюнча да инвестициялык программа сунушталган. Кыскасы, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы реалдуу долбоорлордун топтому десек да болот. Ошондой эле программа популизмден алыс жана өзгөчөлүктөргө бай экенин баса белгилегенибиз да ашыкча болбойт деп ойлойм. -Кудай буюруп, мандатка ээ болуп калсаңыз кандай иштер менен алек болосуз? Кайсыл тармакты көтөрүүгө салым кошосуз? - Эгер депутат болуп калсам, социалдык маселелерди чечүүнү колго алам. Андан тышкары жетим, жесир балдардын татыктуу билим алуусуна көмөктөшөм. Дегеле калктын аялуу катмарларына кол-кабыш кылам, зарыл болгон маселелерин чечүүнүн жолун сунуштайм деген тилегим бар. Ошондой эле мамлекеттик мүлктү ижарага берүү мыйзамына өзгөртүү киргизсем дейм. Анткени, ал мыйзам чиновниктерге ыңгайлашып жазылган. Мен депутат болуп калсам, ошол мыйзамды оңдоо түзөө киргизем. Себеби, мен Кыргызстандын жерлерин жана мамлекеттин мүлкүн чет элдиктер ижарага алып, анан биротоло сатып алышына каршымын. Мыйзамдагы калпыстыкты жоюп, мамлекеттин мүлкүн, жерин көздүн карегиндей сакташыбыз керек деген ойдомун. Буюрса, жаңы жүздөргө басым кылган, иштин көзүн тапкандардан куралган “Мекеним Кыргызстан” партиясы ийгиликке жетсек, мына ушундай маселелерди да көз жаздымда калтырбайбыз. Мамлекеттин жакшы багытка бурулушуна салым кошобуз деген тилекте Бишкек шаарынан талапкер болдум. Урматтуу, шайлоочулар! Шайлоо күнү “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиз. Сиздин добуш, биздин жеңиш. Биз ийгиликке жетсек, мамлекетибиз да жеңишке жетишет. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники