О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
24 сентября 2020 г. 0:42

"Мекенчил" Куршабда. Р. Сабиров: "4-октябрда акча сунуштаган жана башка ресурстарына таянган партияларга эмес, мекенчил инсандарга добуш берип тарыхый бурулуш жасайлы!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Өзгөн районунун Куршаб айылына барды. Кыргыз эли 4-октябрда акча сунуштагандарга жана башка ресурстарына таянган партияларга эмес, элге жакын, мекенчил инсандарга добуш берсе бул - тарыхый бурулушка айланат. Бул тууралуу "Мекенчил" партиясынын талапкери Равшан Сабиров Өзгөн районунун Куршаб айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. "Балдарыбыз, ини-карындаштарыбыз мигрант болуп чет мамлекеттерге аргасыз кетишти. Кыргыз экономикасынын акыбалы оор, аны саздан чыгарууга чечкиндүү аракет жана мекенчил инсандардын дарамети керектелет. Баарыбыз кыйынчылыктан чыгууга жалпы аракет кылалы, бир муштумга чогулалы, бирибиз он, онубуз жүз, жүзүбүз миң болуп, кыргыздын мыкты, патриот инсандарын ээрчийли. Акчага алданбай, басымдарга баш ийбей туруп, 4-октябрда тарыхый бурулуш жасайлы. Келечек муундарыбыз мекенчил болушсун! Биз сиздердин колдооңуздарга муктажбыз!" - деди Равшан Сабиров.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:42

"Мекенчил" Куршабда. К. Ташиев: "Ар бир шайлоочумдун ишеними жана үмүтү үчүн ар бир добушту коргойм!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Куршаб айылына барды. "Силер берген ар бир добушту коргоп алууга дараметим жетет", - деди "Мекенчил" саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун Куршаб айылынын шайлоочулары менен жолугушууда. "Шайлоодо ар кандай окуялар болот. Буга чейин ар бир шайлоодо ар кандай кырдаалдар орун алганы баарыбызга дайын. Мен ар бириңиздердин добушуңуздарды коргоп алам. Добуштарды саноо жыйынтыгы өзүбүздүн протоколдордун жыйынтыгына дал келбесе, ар бир шайлоочумдун мага берген ишеними үчүн, махинация кылгандарга каршы туруп, силердин укугуңарды коргоп берүүгө милдеттүүмүн! Силердин ишеничиңер - бизге күч-кубат. Колдооңуздар менен колубузга берген бийликти элимдин жыргалчылыгы үчүн иштетем. Бийликтүүлөргө тебелетпейм, ар бир жарандын үмүтүн актоого өмүрүмдү арнайм!" - деди Камчыбек Ташиев.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:42

"Мекенчил" Куршабда. Ж. Жолдошова: "Ташиев менен Жапаров чыныгы достуктун символуна айланды!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Куршаб айылына барды. Дос - жыргалчылыкта эмес, кыйынчылыкта сыналат. Бул тууралуу "Мекенчил" саясий партиясынын талапкери Жылдыз Жолдошова Өзгөн районунун Куршаб айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. "Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров достуктун символу болуп калышты. Камчыбек Ташиев абакта акыйкатсыз жаткан досун чыгаруу үчүн "Мекенчил" партиясын баштап парламентке баратат. Дос деген мына ушундай болушу керек. Ал керек болсо, Садырдын башына иш түшүп, жакынын жоготуп, бирок зыйнатына катышууга уруксат ала албай турганда: "Садырды чыгаргылачы, анын ордуна мен барып отурайын", - деп айткан. Бул сөздү ким айта алат? Жаның кейип, жан дүйнөң тарып, башыңа оор күн түшүп, бирөөнүн сунулган колуна зарыгып турганда, досуң келсе, колун гана сунбай, ийинин төшөсө - чыныгы достук ушул эмеспи", - деди Жылдыз Жолдошова.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:42

«Мекеним Кыргызстан» балмуздак жана момпосуй таратып, добуш сатып алып жатканы тууралуу даттануу түштү

Кечээ, 22-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Жунусов аттуу жарандын арызы каралды. Ал «Мекеним Кыргызстан» партиясы балдарга балмуздак жана момпосуй таратып, муну менен добуштарды сатып алып жатканын билдирген. Даттануучу партияга чара көрүүнү суранып, видео жана сүрөттөрдү берген. «Ошондой эле укук коргоо органдарына аталган партияга чара көрүү жөнүндө арыз түшкөн. Жумушчу топ арызды карап чыкты. Жазык кодексине ылайык, шайлоочулардын добушун сатып алуу фактысы сотко чейинки өндүрүшкө алынат. Добуш сатып алуу фактысын далилдөө үчүн жумушчу топ материалдарды укук коргоо органдарына жөнөтүүнү сунуштайт», - деди БШКнын арыз жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу тобунун өкүлү. БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун корутундусун колдошту. Булак: Баракелде

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:42

БШК «Республиканын» үстүнөн даттанган 16 адамдын арызын карады

Борбордук шайлоо комиссиясына 16 жаран «Республика» партиясынын үстүнөн арызданышты. Алар партия балдарга шар таратып жатканын билдиришкен. Кечээ, 22-сентябрда аталган арыз каралып, жумушчу топтун корутундусу угулду. «Жумушчу топтун жыйынына арыздануучулар жана партиянын өкүлдөрү чакырылган. Эки арыздануучунун бирөө келген. Даттануу каралып жатканда видеонун шилтемеси иштебей турганы аныкталган, ошондуктан арыздануучулар даттануудан баш тартышкан. Ал эми партиянын өкүлү шар таратылбаганын билдирди. Аталган факт боюнча далил жок болчу», - деди БШКнын арыз жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу тобунун өкүлү. БШКнын мүчөлөрү да даттанууну негизсиз болгондугуна байланыштуу канаттандырган жок. Булак: Баракелде

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:42

«Ыйман нуру» партиясынын тизмесинен 2 талапкер чыкты

«Ыйман нуру» партиясынын тизмесинен 2 талапкер чыкты Кечээ, 22-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Ыйман нуру» саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына көрсөткөн талапкерлеринин тизмесинен 2 адамды чыгарды. Партиянын талапкерлеринин тизмесинен Дамира Молдоярова жана Фархат Юлбасаров чыккан. Молдоярова талапкерлердин тизмесинде №23 орунда болсо, Юлбасаров №58 орунда болчу. Булак: Баракелде

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:43

«Мекеним Кыргызстандын» тизмесинен 8 айым чыкты. Арасында Лунара Мамытова бар

Мындай чечим «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынды. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кечээ, 22-сентябрда «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына көрсөтүлгөн 9 адамды талапкерлердин тизмесинен чыгарды. Алар: Жаныкулов Хамракул Жаныкулович; Мамытова Лунара Улукбековна; Ахметова Малика Ялкуновна; Калиева Сайкал Асангуловна; Шакирова Алина Кубанычбековна; Таирова Гүлжамал Эркебаевна; Абдукадырова Мадина Абытовна; Айтыева Сабина Рустамовна; Касымова Бермет Данияровна. Мындай чечим «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынды. БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева талапкерлер тизмеден чыккандан кийин квотанын сакталышына кызыкты. «Партиядан 8 аял чыкты. Ушундан кийин гендердик квота сакталып жатабы?», - деп суроо узатты ал. Доклад берип жаткан Айтикеев талапкерлердин тизмесинен аял киши чыкса, анын ордуна аял-талапкер келерин билдирди. «Талапкер тизмеден чыккандан кийин гендердик пайыз сакталбайт. Гендердик квотанын талабы партия талапкерлердин тизмесин сунуштап жатканда гана иштейт», - деди Айтикеев. Булак: Баракелде

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:43

БШК шайлоого басылып чыгарыла турган бюллетендердин санын аныктады

БШК шайлоо үчүн басылып чыгарыла турган бюллетендердин санын аныктады, белгилүү болгондой аларды “Учкун” басмаканасы басып чыгарат.25-сентябрда жалпысынан алганда 3 млн 522 миң 541 бюллетень басылып чыгарылат.БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова белгилегендей, добуш кагазынын кошумча тиражы да болот, бирок шайлоочулардын так саны аныкталган соң. “Адатта биз бюллетендердин жалпы санынын 0,1-0,3% кошумча басып чыгарабыз”, – дейт ал.Алдын ала божомолдорго ылайык шайлоодо 3 млн 466 миң шайлоочу добуш берүүсү күтүлүүдө.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:50

Руслан Казакбаев, “Республика” №14: Шайлоо күнү элдин добушун эч ким көзөмөлдөй ​ албайт!

“4-октябрь алдыдагы беш жылдык тагдырды аныктай турган күн! Кыргызстандын келечеги сиздердин колдо! “Республика” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Руслан Казакбаев Баткен областынын Кулунду айылында​өткөн​ жолугушууда​ элди добуш сатпай, татыктуу партияны тандап алууга чакырды:“Жарык менен караңгынын, эскиси менен жаңынын, бир жагында абийир, ар-намыс, бир жагында акча, шылуундук, эки жүздүүлүктүн күрөшү болуп жатат. 4-октябрда сиздердин добушуңуздарды эч ким көзмөлдөй албайт! Добуш көзөмөлдөнөт дегенге ишенбегиле! Балдарыңыздардын, мамлекеттин беш жылдык келечегине балта чапканга жол бербегиле!”Талапкердин айтымында, дүйнөлүк экономикада Кыргызстан 150 орунда турат, учурда мамлекет кардиналдуу реформаларга өтө муктаж, эл өзгөрүүлөрдү күтүп жатат.“Биз акыркы эң кедей 30 мамлекеттин ичиндебиз. Жерибиз, кен байлыктарыбыз бар, касиеттүү кыргызстандыктар, кадырман аксакалдарыбыз бар! Олуттуу реформалар, чечкиндүү чаралар аркылуу гана экономиканы көтөрө алабыз. Биз өлкөнүн эртеңи үчүн олуттуу реформаларага бүгүн барышыбыз керек! Андыктан, арзыбаган акчага, куру убадаларга алдырбай, туура чечим кабыл алгыла деп суранам”, — деди Руслан Казакбаев шайлоочуларга кайрылуусунда“Республика” партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институтту жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бир салык​ киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу кирет. “Республика” бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат. Орто​ жана кичи бизнес экономиканын негизин​ түзгөндүктөн,​“Республика”​ партиясынын​ ​ программасында бул тармакка 3% насыя берүү каралган.​Буйрутмачы: “Республика” саясий партиясы. ИНН​ 01708200710163.​ “Республика” саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:43

«Республика» партиясынын өкүлү шайлоочуларга пара берди деп шектелүүдө(видео).

«Республика» партиясынын Кадамжай району боюнча штабынын башчысы полицияга суракка чакырылды. Бул тууралуу Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгы билдирди. Милициянын маалыматы боюнча, кечээ Кадамжай районунда саясий уюмдун калк менен жолугушуусу болуп өттү. Алынган маалыматка ылайык, аппарат жетекчиси К.М. жолугушууга келгендерге акча таратты. «Факт ЕРППде«Шайлоочуларга пара берүү»беренеси боюнча катталды. Сотко чейинки процесстер башталды », — деп билдиришти РИИБден. Белгилей кетсек, видео буга чейин социалдык тармактарда жарыяланган. Кадрларда бир эркек киши акчасын санап, аялдарга өткөрүп берип жаткандыгын көрүүгө болот. «Элдик Медиа» тартуулайт:«Республика» партиясынын өкүлү шайлоого карата элге АКЧА таратып жаткан видео тарады»Оюнуздар комментарийде болушунуз!Максималдуу репост!!! Опубликовано Искеном Афиджановым Вторник, 22 сентября 2020 г.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:43

БУУ шайлоочуларды идентификациялоо үчүн БШКга биометрикалык жабдыктарды тапшырды.

Кечээ күнү 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоону таза жана ачык өткөрүү максатында Кыргыз өлкөсүндөгү БУУнун өнүктүрүү программасы шайлоочуларды идентификациялоо үчүн БШКга биометрикалык жабдыктарды тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Жабдууларды өткөрүп берүү аземине БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев , БУУнун өнүктүрүү программасынын өлкөдөгү туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен, ошондой эле Япониянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэда катышты. БУУнун өнүктүрүү программасынын долбоорунун алкагында, ошондой эле БШКнын жана МККнын кызматкерлери үчүн жабдууларды колдонуу боюнча окутууларды жана тренингдерди өткөрөт.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:43

Руслан Казакбаев, “Республика” №14: Шайлоо күнү элдин добушун эч ким көзөмөлдөй албайт!

“4-октябрь алдыдагы беш жылдык тагдырды аныктай турган күн! Кыргызстандын келечеги сиздердин колдо! “Республика” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Руслан Казакбаев Баткен областынын Кулунду айылында өткөн жолугушууда элди добуш сатпай, татыктуу партияны тандап алууга чакырды: “Жарык менен караңгынын, эскиси менен жаңынын, бир жагында абийир, ар-намыс, бир жагында акча, шылуундук, эки жүздүүлүктүн күрөшү болуп жатат. 4-октябрда сиздердин добушуңуздарды эч ким көзмөлдөй албайт! Добуш көзөмөлдөнөт дегенге ишенбегиле! Балдарыңыздардын, мамлекеттин беш жылдык келечегине балта чапканга жол бербегиле!” Талапкердин айтымында, дүйнөлүк экономикада Кыргызстан 150 орунда турат, учурда мамлекет кардиналдуу реформаларга өтө муктаж, эл өзгөрүүлөрдү күтүп жатат. “Биз акыркы эң кедей 30 мамлекеттин ичиндебиз. Жерибиз, кен байлыктарыбыз бар, касиеттүү кыргызстандыктар, кадырман аксакалдарыбыз бар! Олуттуу реформалар, чечкиндүү чаралар аркылуу гана экономиканы көтөрө алабыз. Биз өлкөнүн эртеңи үчүн олуттуу реформаларага бүгүн барышыбыз керек! Андыктан, арзыбаган акчага, куру убадаларга алдырбай, туура чечим кабыл алгыла деп суранам”, – деди Руслан Казакбаев шайлоочуларга кайрылуусунда “Республика” партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институтту жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бир салык киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу кирет. “Республика” бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат. Орто жана кичи бизнес экономиканын негизин түзгөндүктөн, “Республика” партиясынын программасында бул тармакка 3% насыя берүү каралган. Буйрутмачы: “Республика” саясий партиясы. ИНН 01708200710163. “Республика” саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:43

Башкы прокурор: Шайлоо боюнча 25 иш катталган

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы, интернет-ресурстарындагы билдирүүлөргө жана жарыяланган материалдарга мониторинг жүргүзүлүп, даттануулар менен кайрылуулар каралып жатат. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдиргендей, ЖМКлардагы жана интернет ресурстарындагы шайлоо боюнча 55 публикацияга мониторинг жүргүзүлгөн, алардын 26сы кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, андагы 18 факты боюнча кылмыш тартибинде, ал эми жоруктар боюнча 8 фактыга сотко чейинки өндүрүш башталган. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбековдун бүгүн, 23-сентябрда, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен онлайн кеңешме өткөрүү учурунда айтылды.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:43

Шайлоо-2020: Бишкекте «Баарына каршы» деген акция болду

Жарандык активисттер жана жашылдар партиясынын м ү ч ө л ө р ү 23-сентябрда Бишкекте «Баарына каршы» деген акция уюштурушту. Акциянын катышуучулары 4-октябрдагы парламенттик шайлоо бир топ мыйзам бузуу менен коштолуп жатканын билдиришти. Алар №2 форма деп аталган документ менен жарым миллионго жакын добуш берүүчүнүн шайлоо участкасын алмаштырууга, партияларды каттоодогу талаштарга, үгүт маалындагы эреже бузууга каршы экенин айтышты. Милиция аянттагы митинг алдын-ала эскертилбей, мыйзамсыз уюштурулганын белгилеп, аны Максим Горький атындагы скверде өткөрүүнү сунуш кылды. Акцияга чыккандар ага баш ийген жок. Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт . Ага 16 партия ат салышууда. №2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 445 миңге жетти. Бул жолку шайлоодо №2 форма айрымдар добуш сатып алууга шарт түзөт деген талаштуу документ бойдон калууда. Сүрөт: 24 kg

Подробнее
23 сентября 2020 г. 17:31

“Республика” №14

“Республика” №14: “Шайланган парламентке жараша мамлекет алдыга же артка жылат!

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники