О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
24 сентября 2020 г. 0:17

Жээнбеков БУУнун жыйында Кыргызстандагы парламенттик шайлоо жөнүндө сөз кылды

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 23-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы Жалпы дебаттар алкагында видеокайрылуу жасады. Жээнбековдун кайрылуусу президенттин сайтында жарыяланды. Анда Жээнбеков Кыргызстан адам укуктарын бекемдөө принциптарин карманарын белгилеп, өлкөнүн өнүгүү жолун аныктаган стратегиялык документ 2040-жылга чейин түзүлгөнүн айтты. Ал стратегияда ар бир жарандын укугун коргоо каралганын билдирди. 4-октябрдагы парламенттик шайлоого бардык эл аралык байкоочулар чакырылганын айтып, саясий жарыш ачык өтө турганын белгиледи. «Биз шайлоонун заманбап технологияларды колдонуу менен ачык-айкын жана атаандаштыкта өтүшү үчүн бардык күч-аракеттерибизди жумшайбыз», - деди президент. Мамлекет башчы БУУдагы видео кайрылуусунда пандемиянын экономикага тийгизген таасири, терроризм, Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусу, экология маселелерине токтолду. Жээнбеков Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун бардык аракеттерин колдорун, уюм өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин керектүү жана натыйжалуу өнөктөшү экенине токтолду. Президенттин толук кайрылуусу бул жакта. 21-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын жылдык жыйыны башталган. Уюмдун тарыхында биринчи жолу дүйнө мамлекеттеринин лидерлери Нью-Йоркко чогулбай, жыйынды онлайн өткөрүп жатышат. Башкы Ассамблеянын жыйыны 29-сентябрда соңуна чыгат. (TSh)

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:18

Лукашенко жашыруун ант берди

Минскиде Александр Лукашенко Беларустун президентинин кызматына 5-ирет киришти. Оппозиция лидери Светлана Тихановская Лукашенко «бүгүн пенсияга кеткенин» айтты. Беларусту 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко шайлоодон кийин нааразылык акциялары тынчыбай жаткан шартта ант берди. Бул тууралуу мамлекеттик БелТА агенттиги ант берүү аземи аяктаган соң гана маалымат таратты. Эки айга чукул эл тынчыбаган өлкөдө Лукашенконун инаугурациясын өткөрүүгө даярдык тымызын жүргөн. Шаршембиде таң эрте беларус баш калаасынын борбордук бөлүгү жабылып, атайын техника менен армиянын аскерлери көбөйгөн. Минскидеги президенттик сарайда Лукашенко антты беларусча берип, атайын күбөлүктү Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Лидия Ермошинанын колунан алды. Ант бергенден кийинки сөзүндө Лукашенко нечен ашуу-белестерди өткөн өз элинин темирдей бекем эркине баа берип, көкөлөтө мактады. «Президенттин кызматына киришкен күн – бул баарыбыздын ишенимдүү жана тагдыр чече турган жеңишибиз. Биз жөн гана өлкөнүн президентин тандабастан, өзүбүздүн баалуулуктарды, бейпил жашообузду, эгемендигибизди жана өз алдынчалыгыбызды коргоп калдык», - деди Лукашенко. Ал ошондой эле быйылкы жыл Беларустун тарыхында «өтө бир эмоционалдуулугу» менен эсте каларын белгиледи. «Биздин мамлекеттүүлүккө болуп көрбөгөндөй сыноо туулду. Биз «түстүү ыңкылапка» жол берген жокпуз», - деген Лукашенко эки айдан бери тынчыбаган элдин талабына токтолгон жок. Минскидеги иш-чарага аз сандагы гана киши катышты. Алардын арасында депутаттар, маалымат каражаттарынын башчылары, илим, маданият жана спорт чөйрөсүнүн өкүлдөрү бар. Иш-чарадан кийин аскердик машиненин коштоосунда автобустар Эгемендик ордосунан чыгып кетип жаткан видео социалдык сайттарда тарады. Лукашенконун басма сөз катчысы инаугурация өтчү күндү так айтууга убада берген, бирок аны аткарган жок. Оппозициянын жообу Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская президент Лукашенконун ант беришин айыптап, аны «легитимсиз лидер» деп атады. Социалдык тармакта чыккан видеодо ал өзүн "беларус эли шайлаган жападан-жалгыз лидер" деп, Лукашенко «бүгүн пенсияга кеткенин» айтты. 37 жаштагы Тихановская шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Ушул тапта Литвада убактылуу баш калкалап отурган оппозициячыл айым эл аралык коомчулукту 9-августта өткөн шайлоону тааныбоого чакырган. Тихановская инаугурация өткөрүү аракети «мыйзамсыз» болорун буга чейин эле айткан. Оппозициянын координациялык кеңешинин мүчөсү Павел Латушко да билдирүү таратты. «Бүгүн биз мурда болуп көрбөгөндөй жагдайга күбө болуп жатабыз. Кетип баратып эле «шайлоодо 80% добуш алгам» деп элди ишендирүүгө аракеттенип жаткан президент өзүнө өзү инаугурация өткөрүп койду», - деп сындады. Оппозиция элди мөөнөтсүз баш ийбөө акциясына чакырды. Ант берүү иш-чарасы өткөн имараттын жанында жалгыздап пикетке чыккан бир нече киши кармалды. Эл аралык коомчулук жана Лукашенко Европарламент 5-ноябрдан кийин Александр Лукашенкону Беларустун президенти катары тааныбай турганын өткөн аптада жарыялады. Евробиримдиктин тышкы саясат мекемесинин башчысы Жозеп Боррел: «ЕККУнун көзөмөлү астында жаңы шайлоо өткөрүү - учурдагы кырдаалды жөнгө салуунун башкы жолу. Азырынча Беларус бийлиги менен эч кандай деңгээлде байланыш түзгөн жокпуз. Лукашенконун бийликте калууга умтулган өжөрдүгү, анын Москвадан барган сайын көбүрөөк колдоо алып жатканы кырдаалды татаалдаштырып жатат», - деп билдирди. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео беларус бийлигинен оппозициячыл күчтөрдү куугунтуктоону тез арада токтотууну талап кылган. Учурда Кошмо Штаттар Европадагы өнөктөштөр менен бирге Беларустагы айрым жетекчилерди бутага ала турган санкцияларды караштырып жатат. No media source currently available Митингдер менен жүрүштөргө чыккандар 9-августтагы добуш берүү бурмаланганын айтып, Лукашенкону бийликтен кетүүгө, эркин жана калыс шайлоо өткөрүүгө чакырып келатышат. Президент ал акцияларга күч менен жооп берген. Көптөгөн демонстранттар кармалып, таяк жеп, айрымдары кыйноого туш болду. Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенко добуштардын 80%, оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская 10% жакынын алганын расмий жарыялаган. Бирок бир катар Батыш өлкөлөрү Беларуста добуштар бурмаланганын билдирип, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай келатышат.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:18

Тихановская: Мен Беларус эли шайлаган жападан-жалгыз лидермин, Лукашенко бүгүн пенсияга кетти

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская президент Александр Лукашенконун ант беришин айыптап, аны «легитимсиз лидер» деп атады. Социалдык тармакта чыккан видеодо 9-августтагы шайлоодо президентке негизги атаандаш болуп чыккан Тихановская өзүн беларус эли шайлаган жападан-жалгыз лидер деп атап, Лукашенко «бүгүн пенсияга кеткенин» айтты. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) парламенттик ассамблеясында сүйлөгөн Тихановская Лукашенконун тымызын инаугурациясын «бийликти басып алуу аракети» деп баалады. «Бул ошондой эле Лукашенко бүгүндөн тартып мыйзамсыз жана легитимсиз лидер дегенди билдирет», - деди ал. Тихановская шайлоодон кийин чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болгон. 23-сентябрда Минскиде президент Лукашенконун кезектеги беш жылдык кызматтык мөөнөткө киришүү аземи өттү. Инаугурация жашыруун даярдалып, анын датасы тууралуу алдын-ала айтылган эмес. 66 жаштагы Лукашенко өлкөдө 9-августтагы шайлоодон кийин нааразылык акциялары тынчыбай жаткан шартта ант берди. Ал Беларусту 26 жылдан бери башкарып келатат. Митингдер менен жүрүштөргө чыккандар 9-августтагы добуш берүү бурмаланганын айтып, Лукашенкону бийликтен кетүүгө, эркин жана калыс шайлоо өткөрүүгө чакырып келатышат. Президент ал акцияларга күч менен жооп берген. Көптөгөн демонстрант кармалып, таяк жеп, айрымдары кыйноого туш болду.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:18

Боронов саясий партияларды элдин ынтымагына доо кетирбөөгө чакырды

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов 23-сентябрдагы онлайн басма сөз жыйынында сүйлөп жатып саясий партияларга кайрылды. Боронов партияларды парламенттик жарышта элдин ынтымагына доо кетирбөөгө чакырды. «Жарандык позициябызды туура кармап, өз кызыкчылыктарыбызды өлкөнүн кызыкчылыгынан жогору койбой, бири-бирибизди сыйлап, эч кандай чагымчылыкка алдырбай, бардык иш-аракетиңерди мыйзам чегинде алып барганга чакырам. Айрыкча элдин ынтымагына доо кетирбегиле», - деди Боронов. Өкмөт башчы Аравандагы окуяга күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазага тартыларын белгилеп, шайлоо туруктуулукка шек келтирүүгө татыбай турганын айтты. Ошондой эле Боронов үгүт иштеринде санитардык эрежелер сакталбай жатканын белгилеп, муну жоопкерчиликсиз мамиле катары баалады. 20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жаракат алган. Араван райондук милициясы окуяны териштирүүдө. (TSh)

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:20

Шайлоодо аялдар куралбы?

Парламенттик шайлоого бараткан «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинен дароо тогуз киши чыгып кетти. Алардын ичинен сегизи аял. Ушуну менен Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) каттаган талапкерлердин арасынан баш-аягы 15 аял талапкер шайлоодон четтетилди. Бул партиялардын тизмесиндеги гендердик квота маселесин козгоду. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинен Хамракул Жаныкулов (тизмеде 57-орунда), Лунара Мамытова (тизмеде 112-орунда), Малика Ахметова (тизмеде 121-орунда), Сайкал Калиева (тизмеде 150-орунда), Алина Шакирова (тизмеде 180-орунда), Гүлжамал Таирова (тизмеде 187-орунда), Мадина Абдукадырова (тизмеде 193-орунда), Сабина Айтыева (тизмеде 198-орунда), Бермет Касымова (тизмеде 200-орунда) чыгарылды. Шайлоого катышуу укугунан ажыраган аял талапкерлер партиянын тизмесинин артында, 112ден 200-орунга чейинки катарда болчу. Алар саясий жарыштан эмне себептен четтетилгени тууралуу комментарий бере элек. Жогорку Кеңештин VI чакырылышына «Бир Бол» фракциясынан депутат болуп бир жылга жетип-жетпей кайра мандатын тапшырган Лунара Мамытова гана өзү арыз жазганын айтып, башка комментарий берген жок. «Мекеним Кыргызстандын» айланасындагы окуя партиялардын тизмесиндеги гендердик квота маселесин күн тартибине чыгарды. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, партиялар БШКга 75тен аз эмес, 200дөн ашпаган талапкердин документин тапшырышы керек жана парламентте 30% гендердик квота каралган. Бул эл оозунда «аялдардын квотасы» деп айтылып жүрөт. «“Мекеним Кыргызстан” партиясынан сегиз аял талапкердин чыгып кетиши менен ушул квота бузулдубу?» деген суроо берилип жатат. БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов ага мындайча жооп берди: «Партиянын 200 талапкеринин арасынан сегиз айым чыгып кетти. Бирок квота бузулбайт. Квота БШКга талапкерлердин документтерин тапшырган кезде гана эске алынат. Кийин талапкерлердин тизмеден чыгып кетишине байланыштуу өзгөрүүлөр мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Тизмени берерде ошол талаптар сакталышы керек». «Мекеним Кыргызстан» партиясы Боршайкомго башында 200 талапкердин тизмесин берген. Анын ичинен 140 эркек, 60 аял. Пайыздык көрсөткүч менен алып караганда 70% эркек, 30% аял талапкер болчу. Эми катарынан он киши чыгып кетсе, алардын сегизи аялдар. Ушуну менен сөз болуп жаткан партияда аялдар жалпы талапкерлердин 27,4% түзүп калды. БШК башында 2 032 кишини депутаттыкка талапкер кылып каттаган. Ар кандай себептер менен 36 киши тизмеден чыгып кетти. Анын 15и аял. Ушул тапта 1 996 адам депутаттык орун үчүн ат салышып жатса, анын 642 же 32,2% аялдар. Парламенттик шайлоого «Реформа» партиясын гана аял талапкер, Клара Сооронкулова баштап баратат. Калган партиялардын биринчи катарында эркектер. Саясий уюмдардын көбү алдыңкы 20 орундукка бештен аял талапкерлерди киргизген. БШКнын мүчөсү, юрист Кайрат Осмоналиевдин айтымында, партиялар шайлоого талапкер болуп катталганга чейин эле мыйзамда көрсөтүлгөн квоталарды сактап жатат. Талапкер болуп катталгандан кийин аялдарды тизмеден чыгарып салышууда. «Мыйзамга «талапкерлерди каттоо учурунда жана андан кийин да квоталар сакталышы керек» деп өзгөртүү киргизүү зарыл. Азыр болсо мыйзамда квота боюнча так жазылган эреже жок. Эми бул маселени Жогорку Кеңештин жаңы курамы карап чыкса болот», - деди ал. «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан» 33, «Мекен Ынтымагы» партиясынан 48, «Ата Мекенден» 50, «Мекенчил» партиясынан 44, «Бир Болдон» 40, «Ыйман Нурунан» 48, «Замандаштан» 49, «Чоң Казаттан» 21, «Реформадан» 29, «Республикадан» 50, «Социал-демократтардан» 33, «Биримдиктен» 60, «Ордо» партиясынан 32, «Кыргызстан» партиясынан 34 жана «Бүтүн Кыргызстандан» 39 аял талапкер шайлоого баратат. Жарандык активист Азамат Аттокуров аялдардын удаа-удаа шайлоого катышуудан баш тартышы тууралуу мындай деди: «Аялдар саясатта курал болуп калууда. «Тизмеге киресиңер да кийин чыгып кетесиңер» деген келишим бар да. Партия лидерлери болсо квотаны сактап, тизмени БШКга бекиттирип алууну гана максат кылышкан. Бул жерде «Мекеним Кыргызстан» БШКны алдап кеткендей болуп жатат. Бирок мыйзамда «30% квота сакталсын» деп так жазылып турат». «Мекеним Кыргызстан» партиясынан шайлоого катышып жаткан Канатбек Азиз мындай сынга кошулбайт. Ал кайсы гана талапкер болбосун өз ыктыяры менен талапкерлердин тизмесинен чыгып кетүүгө укугу бар экенин кайталады: «Гендердик квота тизмени каттоо учурунда гана керек болот. Калган учурда анын кереги жок. Ал конституциялык мыйзамда да каралган. Кээ бир партиялар аял талапкерлер менен «каттоодон өтүп алсак эле чыгып кетесиңер» деп келишип алышы мүмкүн. Биздин учурда андай эмес. Тизмеден чыккандар партияда эле кызмат кылып жүрүшөт. Дагы бири башка жумушка кирди. Кээ бири шайлоого катышкысы келген жок. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш». Айрым талдоочулар эми шайлоо бүткөндөн кийин мандат бөлүштүрүүдө да гендердик маселе баш ооруга айланарын алдын-ала эскертип жатышат. Ушундай эле окуялар азыркы чакырылышта да болгон. Ушул тапта парламенттеги 120 депутаттын болгону 20сы гана аял эл өкүлдөрү. Бул жалпы депутаттардын санынын 17% гана түзөт. «Шайлоодо көбүрөөк акча кошкондор партия лидерлерине «мени алдыга жылдыр» деген талаптарды коюп, анан алдыңкы саптагы аялдар мандатынан ажырап калууда. Азыр тизмеден чыгып кеткендер да эч нерсе эмес. Партиялар шайлоодон утуп чыгып парламенттен мандат алганда чыныгы талаш ошондо башталат», - деди укук коргоочу Азиза Абдирасулова. БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эми парламентте аял депутат мандатын тапшырса, анын ордуна аял депутат болуп келерин, ушундай эле талап эркектерге да иштей турганын билдирди. Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:20

Башкы прокуратура: шайлоо боюнча 26 иш тергелип жатат

Башкы прокуратура массалык маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда шайлоодогу мыйзам бузуу жөнүндө жарыяланган маалыматтарга мониторинг жүргүзүп жатат. Учурда Интернетте жарыяланган 55 маалымат текшерилип, алардын 26сы боюнча факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу 23-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен өткөргөн кеңешмеде маалым болду. 26 иштин 18и жазык, сегизи жорук беренеси менен сотко чейинки териштирүүгө алынды. Башкы прокуратурада парламенттик шайлоого байланыштуу штаб түзүлгөн. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратура шайлоо мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөшү керек экенин белгиледи. Башкы прокуратура 18-сентябрда шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча жалпысынан 21 учур катталганын, анын баары ички иштер органдарына өткөрүлүп, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилгенин маалымдаган. Бирок укук коргоо органдары мыйзам бузулган учурлар боюнча кандай чара көрүп жатканы тууралуу маалыматтар жок. Укук коргоочулар фактыларды айтып чыккандардын өзүнө кысым болуп жатканын айтып жатышат. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Азыр бир айлык үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. Жогорку Кеңештеги 120 орунга 15 партия ат салышууда. (TSh)

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:20

Шайлоонун эртеңине шек келтирген «экинчи форма»

Парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн дарегин өзгөртүп, №2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 445 миңден ашканы белгилүү болду. Коомчулукта №2 форма добуш сатып алууга шарт түзгөн документ катары сыпатталып, шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек жаратат деген пикирлерлер күчөдү. Көчмөн шайлоочулар көбөйдү Жогорку Кеңештин депутаты, «Бир Бол» партиясы менен шайлоого катышып жаткан Алмамбет Шыкмаматов №2 форма менен каттоодон өткөндөрдү жокко чыгарууну талап кылып, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды. Саясатчы бул кадамын мындайча түшүндүргөн: «№2 форма добушун сатып алган адамдарды көзөмөлдөй турган механизм болуп калды. Азыркы маалда 450 миңден ашык шайлоочу өзүнүн шайлоо тилкелеринен башка жерден добуш бере турганы белгилүү. Эми аларды массалык түрдө ташып, добушун көзөмөлдөшөт. Бул көрүнүштү коррупциялашкан саясий күчтөрдүн Кыргызстандын тарыхындагы массалык түрдө добуш сатып алуусу катары эсептесек болот». Бийликке оппозиция экенин айткан башка партиялар да шайлоочулар менен жолугушуу учурунда №2 формасы «добуш сатып алууда» кеңири колдонулуп жатканын билдирип жатышат. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов №2 форма менен катталгандарды шайлоодон четтетүү мүмкүн эместигин айтууда. «Азыркы маалда чет өлкөдө жүргөн жарандарыбыздын 30 миңден ашууну №2 форма менен добуш берет. Кыргызстанда бул сан 445 миңден ашканы айтылып жатат. №2 формасы жарандардын конституциялык укугун камсыздап жатат. Бул документти жокко чыгаруу сунушун популисттик кадам катары санасак болот». БШКнын дагы бир мүчөсү Гүлнара Журабаева №2 форма менен добуш бере тургандардын бир бөлүгүн ак ниет шайлоочулар деп эсептейт. Ошентсе да добуш берүү күнү №2 форма менен жарандар көп катталган шайлоо тилкелерине мониторинг жүргүзүү керек деген пикирде. Эгерде добуш берүү купуялуулугу сакталбай, добуш сатып алуу фактылары аныкталса, ошол шайлоо тилкелериндеги шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышы мүмкүн. Талдоочулар быйылкы шайлоодо №2 форма толтургандардын санынын көп болушу жалпы добуш берүүнүн жыйынтыгына чоң таасир тийгизиши жана шайлоонун легитимдүүлүгү тууралуу суроо жаратышы мүмкүн экенин айтышат. Саясат талдоочу Чолпонбек Сыдыкбаев №2 форма бийликтин дарегине сынды күчөтүп жатканын белгиледи: «Шайлоонун жыйынтыгы таанылбай чыр чыга турган болсо, анда ага №2 формасы негизги себептердин бири болуп берет. Бул боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун да аты аталат. Анткени саясий чыр-чатактарда президенттин дарегине дайыма сөз айтылып келет. «Президент Борбордук шайлоо комиссиясына, тиешелүү органдарга тапшырма берген жок» деген сын айтылары турган иш. Жээнбеков шайлоонун таза өтөрүн айтып келген. Бирок иш жүзүндө чара көрбөгөндөй сезилип жатат». №2 форма менен добуш бергиси келген 445 миң адам катоодон өткөн жалпы шайлоочулардын 12 пайызын түзүп жатат. Кыргызстанда 13-сентябрга карата шайлоочулардын саны 3 миллион 465 миң адамды түзгөн. Бирок шайлоочулардын акыркы тизмеси добуш берүүгө бир жума калганда толук белгилүү болот. Көкөтөйдүн ашы – көп чырдын башы №2 форма - жарандардын шайлоо дарегин өзгөртүү тууралуу арызы. Бул 2011-жылдагы президенттик шайлоодон баштап ички миграцияны эске алып, шайлоочунун укугун камсыздоо максатында колдонула баштаган. Аналитик Мүсүр Кабылбеков №2 форма баштапкы максатын жоготуп, биометрикалык шайлоо системасына чейин колдонулуп келген «карусель» ыкмасынын аналогуна айланганын билдирди. «Мурдагыдай бир шайлоочу бир нече жолу добуш бере албай калды. Андыктан жаңы ыкма пайда болду. Бизде партиялык система болгону менен шайлоо башка жол менен жүрүүдө. Саясий партиялар аймактарды талапкерлерине бөлүп берип жатат. Алар өзүнө бөлүнгөн региондон болушунча көп добуш алганга аракет кылып, ар кандай жол менен шайлоочуларды алып келүүдө. Албетте мындай иштер менен бийликке жакын, акчасы көп партиялар алек болууда. Ар бир райондон 3-4 миң добуш алуу талапкер үчүн жетиштүү. №2 форма менен 445 миңден ашык адамдын катталышы шайлоонун жыйынтыгы белгилүү дегенди билдирет». Шайлоого катышып жаткан партиялардын үгүтчүлөрү, негизинен бийликке жакын делген партиялар 2-3 миң сомдон сунуштап, №2 форма менен алар айткан шайлоо тилкелерине каттоого туруу керектигин айтып жатышат. Бул сөздөрдү тастыктаган видео, аудилор коомчулукка жарыяланган. Бирок партиялар андай дооматтарды четке кагып келет. Президент Сооронбай Жээнбеков 19-сентябрда Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) «Биринчи радиосунун» кезектеги суроолоруна жооп берип, шайлоодо кандай гана мыйзам бузуу болбосун, баарына, анын ичинде добуш сатып алуу фактыларына чара көрүлөрүн айтты. Бирок андай мыйзамсыз иштер боюнча реалдуу фактылар жок экенин билдирди: «Тилекке каршы, биздин шайлоочуларыбыз имиш-имиш сөздү талкуулап, укук коргоо органдарына «мага «добушуңду сат» деди» деп кайрылган учурлар болбой жатат. Эл арасында «ушул партия ушинтип жатыптыр, бул партия сатып атыптыр» деп айтышат, ал сөздөрдү мен угуп жатам. Органдар иштеп жатат, бирок ушул боюнча кайрылган факт жок». Башкы прокуратуранын 11-сентябрдагы маалыматы боюнча, шайлоо алдындагы мыйзам бузуу фактыларына байланыштуу 43 материал текшерилген. Алардын көбү шайлоо документтерин бурмалоо, административдик ресурс колдонуу, добуш сатып алуу жана добуш сатуу сыяктуу мыйзам бузуу фактылары. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Үгүт иштери 4-сентябрдан тартып башталган. No media source currently available

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:20

«Республика» партиясынын Кадамжайдагы штаб башчысы суракка чакырылды

Парламенттик шайлоого катышып жаткан «Республика» партиясынын Кадамжай районундагы штаб башчысы «добуш топтоо максатында адамдарга акча тараткан» деген шек менен милицияга суракка чакырылды. Ал 22-сентябрда Жолдошбек Мамажанов атындагы маданият үйүнүн алдында шайлоочулар менен жолугушуп, акча таратканы аныкталганын Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди: «Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин негизинде текшерүү иштери жүрүп жатат». Акча таратуу фактысы тартылган видео соцтармактарга да тарады. «Республика» партиясынын басма сөз кызматы бул маалымат такталгандан кийин комментарий берилерин билдирди. Буга чейин добуш сатып алуу аракети үчүн «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик», «Кыргызстан» сыяктуу партиялардын дарегине сын айтылып келаткан. Ал партиялар муну четке кагышкан. Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда болот. Ага 16 партия ат салышууда. (SE)

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:20

Лукашенко шашылыш ант берди

Минскиде президент Александр Лукашенконун кезектеги беш жылдык кызматтык мөөнөткө киришүү аземи өттү. Бул тууралуу мамлекеттик БелТА агенттиги маалымдады. Инаугурация тымызын даярдалып, анын датасы тууралуу алдын-ала айтылган эмес. 66 жаштагы Лукашенко өлкөдө 9-августтагы шайлоодон кийин нааразылык акциялары тынчыбай жаткан шартта ант берди. Ал Беларусту 26 жылдан бери башкарып келатат. Митингдер менен жүрүштөргө чыккандар Лукашенкону бийликтен кетүүгө, 9-августтагы добуш берүү бурмаланганын айтып, эркин жана калыс шайлоо өткөрүүгө чакырып келатышат. Президент ал акцияларга күч менен жооп берген. Көптөгөн демонстрант кармалып, таяк жеп, айрымдары кыйноого туш болду. Оппозициянын лидери Светлана Тихановская инаугурация өткөрүү аракети «мыйзамсыз» болорун буга чейин айткан.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:20

Шайлоо-2020: Бишкекте «Баарына каршы» деген акция болду

Жарандык активисттер жана Жашылдар партиясынын мүчөлөрү 23-сентябрда Бишкекте «Баарына каршы» деген акция уюштурушту. Акциянын катышуучулары 4-октябрдагы парламенттик шайлоо бир топ мыйзам бузуу менен коштолуп жатканын билдиришти. Алар №2 форма деп аталган документ менен жарым миллионго жакын добуш берүүчүнүн шайлоо участкасын алмаштырууга, партияларды каттоодогу талаштарга, үгүт маалындагы эреже бузууга каршы экенин айтышты. Милиция аянттагы митинг алдын-ала эскертилбей, мыйзамсыз уюштурулганын белгилеп, аны Максим Горький атындагы скверде өткөрүүнү сунуш кылды. Акцияга чыккандар ага баш ийген жок. Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. №2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 445 миңге жетти. Бул жолку шайлоодо №2 форма айрымдар добуш сатып алууга шарт түзөт деген талаштуу документ бойдон калууда. (SE)

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:20

Выборы-2020 — Генпрокуратура завела 26 дел по публикациям в СМИ

Надзорное ведомство сейчас проверяет Кырнет на предмет нарушения законодательства во время предвыборной гонки.БИШКЕК, 23 сен — Sputnik. Генеральная прокуратура КР завела 26 дел по фактам нарушений в СМИ в период предвыборной кампании, сообщила пресс-служба президента. Глава государства Сооронбай Жээнбеков провел онлайн-совещание с генеральным прокурором Откурбеком Джамшитовым. Последний рассказал, что для обеспечения законности в период подготовки к выборам депутатов Жогорку Кенеша образованы штаб Генпрокуратуры, а также аналогичные штабы во всех областях, Бишкеке и Оше. Сейчас прокуратура наблюдает за публикациями в СМИ и на интернет-ресурсах, рассматривает поступающие жалобы и обращения. Жээнбеков прокомментировал массовую драку во время агитации в Араване Сотрудники надзорного ведомства проверили уже 55 публикаций. По 26 фактам завели дела: 18 — уголовных, 8 — о проступках.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:34

Выборы 2020. На площади Ала-Тоо проходит акция «Против всех»

Сегодня, 23 сентября, в Бишкеке на площади Ала-Тоо проходит акция «Против всех». На главной площади страны собралось около 15 челове к. Они призывают граждан проголосовать на грядущих выборах депутатов парламента против всех. Отметим, Первомайский районный суд вынес решение об ограничении данного мероприятия, но участники акции все же пришли. На месте находятся сотрудники правоохранительных органов, они предупредили о запрете. Однако не стали препятствовать.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:21

Бир партия 105 млн. сом. Шайлоого аттангандар канча каражат короткону айтылды

Соңку маалымат боюнча, 16 партиянын шайлоо фондуна 526,9 миллион сом чогулду. Анын 504,7 миллионун коротуп бүтүштү.БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын фондуна түшкөн каражат жана анын чыгымдалышы тууралуу маалымат берди. Документте 18-сентябрга чейинки маалыматтар жазылган. Ага ылайык, 16 партиянын шайлоо фондуна 526,9 миллион сом чогулган. Анын 504,7 миллионун коротуп бүтүшкөн. Буга шайлоо күрөөсүнө төккөн беш миллион сом дагы камтылган. Түркия Кыргызстандагы парламенттик шайлоого 100 миң доллар бермей болду 11-сентябрда чыккан маалыматта шайлоо фондуна эң көп каражатты "Биримдик" партиясы салса, эми "Мекеним Кыргызстан" баарынан озуп чыкты. Анын фондуна 108 миллион сом түшүп, 105 миллиону коротулуп бүттү. "Биримдиктин" киреше бөлүгү бир жумадан бери кыймылдабай турат. Бай партиялардын үчүнчү сабына 90 миллион сомдук фонду менен "Кыргызстан" илинди. Мыйзам боюнча ар бир партия шайлоо фондун түзүп, каржы булагы жана короткон чыгымдары туурасында ачык-айкын маалымат бериши керек. БШК: көпчүлүк "баарына каршы" добуш берсе да ушул партиялар кайра шайлоого катышат " Мекеним Кыргызстан " партиясы: Түшкөн каражат — 108 миллион 215,6 миң сом; Чыгымдалды — 105 миллион 053,7 миң сом. " Биримдик " партиясы: Түшкөн каражат — 97 миллион 408,3 миң сом; Чыгымдалды — 89 миллион 602,2 миң сом. " Кыргызстан " партиясы: Түшкөн каражат — 90 миллион 539,6 миң сом; Чыгымдалды — 88 миллион 407,8 миң сом. " Ата Мекен " партиясы: Түшкөн каражат — 47 миллион 945,1 миң сом; Чыгымдалды — 41 миллион 986,5 миң сом. " Бир Бол " партиясы: Түшкөн каражат — 38 миллион 537,2 миң сом; Чыгымдалды — 38 миллион 520,4 миң сом. " Замандаш " партиясы: Түшкөн каражат — 37 миллион 292 миң сом; Чыгымдалды — 37 миллион 278,1 миң сом. " Республика " партиясы: Түшкөн каражат — 30 миллион 116,6 миң сом; Чыгымдалды — 29 миллион 956,8 миң сом. " Мекенчил " партиясы: Түшкөн каражат — 13 миллион 060,1 миң сом; Чыгымдалды — 12 миллион 360,3 миң сом. " Афганистан согушунун ардагерлери " партиясы: Түшкөн каражат — 10 миллион 169,5 миң сом; Чыгымдалды — 10 миллион 117,3 миң сом. " Социал-демократтар " партиясы: Түшкөн каражат — 9 миллион 423,3 миң сом; Чыгымдалды — 9 миллион 234,1 миң сом. " Ордо " партиясы: Түшкөн каражат — 8 миллион 314 миң сом; Чыгымдалды — 8 миллион 287,5 миң сом. " Бүтүн Кыргызстан " партиясы: Түшкөн каражат — 7 миллион 629,5 миң сом; Чыгымдалды — 6 миллион 981,2 миң сом. " Реформа " партиясы: Түшкөн каражат — 7 миллион 539,6 миң сом; Чыгымдалды — 7 миллион 259,2 миң сом. " Ыйман Нуру " партиясы: Түшкөн каражат — 7 миллион 063,8 миң сом; Чыгымдалды — 6 миллион 562,4 миң сом. " Мекен Ынтымагы " партиясы: Түшкөн каражат — 7 миллион 039,2 миң сом; Чыгымдалды — 6 миллион 986,8 миң сом. " Чоң Казат " партиясы: Түшкөн каражат — 6 миллион 688,9 миң сом; Чыгымдалды — 6 миллион 192,6 миң сом.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:21

Шайлоо: Башкы прокуратура ЖМКлардагы макалалар боюнча 26 кылмыш ишин козгоду

Башкы прокурор ЖМКлардагы билдирүүлөргө жана жарыяланган материалдарга мониторинг жүргүзүлүп жатканын айтты.БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Башкы прокуратура шайлоо алдында ЖМКлардын макалаларындагы мыйзам бузуулар боюнча 26 кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен онлайн кеңешме өткөрдү. "Жамшитов Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү маалында мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында Башкы прокуратуранын атайын штабы түзүлгөнүн айтты. Ошондой эле ЖМКлардагы билдирүүлөргө жана жарыяланган материалдарга мониторинг жүргүзүлүп, келип түшкөн даттануулар менен кайрылуулар каралып жатканынан кабар берди", — деп айтылат билдирүүдө. Курсан Асановдун иши боюнча Эльвира Сурабалдиева суракка чакырылды Башкы прокурор билдиргендей, ЖМКлардагы жана интернет ресурстарындагы шайлоо боюнча 55 публикацияга мониторинг жүргүзүлгөн, алардын 26сы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Андагы 18 факты боюнча кылмыш тартибинде, ал эми жоруктар боюнча 8 фактыга сотко чейинки өндүрүш башталды.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:21

Айым талапкерлердин теледебаты / Шайлоо - 2020 / ТҮЗ ЭФИР (23.09.2020)

Бүгүн теледебатка "Мекенчил", "Ата Мекен", "Бир бол", "Замандаш", "Ордо" саясий партияларынан талапкерлер катышууда.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники