О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
23 сентября 2020 г. 0:34

Шайлоого «Кыргызстандын» курамында аттанган Айтмамат Назаров талапкерликтен баш тарты

Парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын курамында аттанган Айтмамат Назаров талапкерликтен баш тарты. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гульнара Джурабаева билдирди.Маалымат боюнча, Назаров арызын 21-сентябрда жазган. БШК жакынкы отурумунда арызды карап, чечим кабыл алат.Эске салсак, «Улуттук энергохолдингди» жетектеп келген Айтмамат Назаров шайлоо алдында кызматын өткөрүп бергенине карабай, энергетикалык объектилердин ачылыш аземдерине катышып сөз сүйлөп, анысы телеканалдар аркылуу таратылып, үгүт тартибин бузганы боюнча анын үстүнөн арыз түшкөн. Боршайкомдун жумушчу тобу 20-сентябрь күнү арызды кароого киришкен.Назаров мүчө болгон “Кыргызстан” партиясы шайлоо эрежесин бузган деп буга чейин да эки жолу маселе көтөрүлгөн.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:34

Шайлоону көзөмөлдөө үчүн аккредитациядан өткөн эл аралык байкоочулар кимдер?

БШК 4-октябрда боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын дагы 42 өкүлүн эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өткөрдү. Бул тууралуу КР БШКнын басма сөз кызматы билдирет. Аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын тизмеси № к/м күб.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:34

Саясий партиялардын шайлоо фонддору 504 млн сом коротушту

Шайлоо тууралуу мыйзамдарга ылайык, банк же башка мекемелер саясий партиялардын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш. БШКнын контролдук-текшерүү тобу 18-сентябрга карата банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди. № Саясий партиянын аталышы Келип түштү Чыгымдалды 1 «Мекеним Кыргызстан» 108 215 641 105 053 771 2 «Биримдик» 97 408 300 89 602 259 3 «Кыргызстан» 90 539 602 88 407 824 4 «Ата-Мекен» 47 945 134 41 986 511 5 «Бир Бол» 38 537 293 38 520 449 6 «ЗАМАНДАШ» 37 292 000 37 278 196 7 «РЕСПУБЛИКА» 30 116 655 29 956 836 8 «Мекенчил» 13 060 175 12 360 334 9 «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын» 10 169 500 10 117 303 10 «Социал-демократтар» 9 423 360 9 234 112 11 «ОРДО» 8 314 000 8 287 508 12 «Бүтүн Кыргызстан» 7 629 524 6 981 208 13 «Реформа» 7 539 662 7 259 269 14 «Ыйман Нуру» 7 063 800 6 562 480 15 «Мекен Ынтымагы» 7 039 210 6 986 882 16 «Чоң казат» 6 688 914 6 192 666 Бардыгы: 526 982 770 504 787 608

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:34

Боронов: Шайлоо учурунда интернет жана электр жарыгы өчпөшү керек

4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоодо коомдук жана санитардык коопсуздук сакталып, байланыш, интернет жана электр энергиясы үзгүлтүксүз иштеш керек. Бул тууралуу премьер-министри Кубатбек Боронов Шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүдө жана шайлоону өткөрүүнү материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын отурумунда билдирди. Кеңешмеде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, ошондой эле бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери баяндама жасады. Форма-2 документин берген сервер иштебей жатат Бороновдун айтымында, шайлоочулардын тизмесин тактоо процесси аяктады. БШК шайлоочуларды добуш берүү участкаларына жеткирүү фактысын, ошондой эле добуштарды сатып алуу боюнча белгилерди каттады. Шайлоо тилкелерине пандустарды орнотуу иштери улантылууда. Киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар кабыл алынды. Электр энергиясы, байланыш, Интернет менен үзгүлтүксүз камсыздоо, өрт коопсуздугун сактоо боюнча жумуштар жасалды. Чет мамлекеттердеги добуш берүү тилкелерине гигиеналык коргонуу каражаттары жеткирилүүдө, ошондой эле жабдууларды жана бюллетендерди жеткирүү маселеси каралууда. Кубатбек Боронов шайлоо процессине катышып жаткан саясий партиялар мыйзам чегинен чыкпаш керектигин белгиледи. «Ошондой эле саясий партиялар санитардык нормаларды так сактоосу керек. Талаптарды аткарбаган партияларга Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эскертүү берилүүгө тийиш», — деди премьер-министр. Өкмөт башчы жарандарды добушун сатпоого чакырды. «Сервер иштебей жатат». Шайлоочулар «Форма-2» тапшыра албай калды

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:36

Кубатбек Боронов поручил провести расследование и привлечь к ответственности участников драки между представителями двух партий

Премьер-министр Кыргызстана Кубатбек Боронов поручил руководству министерства внутренних дел провести в кратчайшие сроки расследование инцидента, произошедшего между представителями политических партий «Биримдик» и «Мекеним Кыргызстан» в Араванском районе Ошской области. Глава правительства отметил, что виновные лица должны быть привлечены к ответственности в соответствии с законодательством страны. Местным органам власти поручено провести разъяснительные работы среди населения в Араванском районе. В партии «Мекеним Кыргызстан» сообщили, что 20 сентября кандидат в депутаты Ильхом Маннанов проводил встречу с избирателями в Араванском районе Ошской области, но «неожиданно встреча была прервана группой провокаторов, которые начали буквально избивать участников агитационного мероприятия». По данным партии, несколько сторонников «Мекеним Кыргызстан» были госпитализированы, а один из пострадавших находится в тяжелом состоянии в Ошской межобластной клинике. В партии же «Биримдик» заявили, что виновные в провокации должны быть наказаны по всей строгости закона, и выразили надежду на то, что правоохранительные органы в кратчайшие сроки проведут расследование и установят провокаторов. В социальных сетях и некоторых СМИ появилась информация, что именно сторонники этих двух партий устроили массовую драку, но в самих партиях эту информацию не подтвердили. 20 сентября в Араванском районе Ошской области на встрече с кандидатом в депутаты парламента от партии «Мекеним Кыргызстан» произошла массовая драка.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:37

Социал-демократы Кыргызстана смогут провести самую эффективную реформу правоохранительных и судебных органов

Социал-демократы смогут провести самую эффективную реформу правоохранительных и судебных органов Во-первых, силовые структуры должны перестать быть орудием рейдерского захвата бизнеса и вымогательства взяток. Во-вторых, недопустимо вмешательство силовых структур в политику, проведение ими политических репрессий и атак на свободу слова. Социал-демократы предлагают: 1. Пересмотр дел, возбуждавшихся по политическим мотивам. 2. Расформировать АКС ГКНБ, как ненужный и дублирующий орган, ставший основным источником коррупции, кроме того, обязать Генеральную прокуратуру строго следить за соблюдением подследственности для всех силовых ведомств. 3. В перспективе — создание Следственного комитета, изъятие функций проведения расследования у МВД, ГСБЭП и ГКНБ. Прекратить силовое давление на бизнес! 4. Ввести постоянные ежегодные проверки на «полиграфе» для всего судейского корпуса с автоматическим увольнением судей, эту проверку не прошедших. 5. Законодательный запрет на использование силовых структур в политической борьбе. 6. Введем норму об обязательном увольнении всех государственных служащих, которые не могут подтвердить законность своих значительных расходов, а также расходов близких родственников. Ввести презумцию вины госслужащего, последние должны доказывать законность происхождения имущества и денежных средств. Запрет на использование госслужащими чужого движимого и недвижимого имущества. Эта мера позволит избежать переформления коррупционных активов подставных лиц. Госслужащий должен жить на законные средства от государства и этих средств должно хватать на достойную жизнь в соответствии с его эффективностью. 7. Законодательное обеспечение и контрольное сопровождение реформы правоохранительной системы, а также исправительной системы. Сегодня правоохранительные органы – не защитник народа, а их страх, потому что их никто не контролирует и применение ими силы никак не ограничено. Сегодня система ГСИН – это не про исправление и наказание, а про мучение, истязание и поругание достоинства людей. Силовые структуры должны блюсти законы государства. Необходимо создать мотивацию именно на защиту законности, а не служение интересам тех, кто имеет право их уволить, соответсвенно, нужно пересмотреть принципы зависимости силовых структур. ГСИН сегодня – это карательный орган и ВУЗ криминалитета, когда как должен нести воспитательную функцию. МВД и ГСИН должны работать на упреждение, то есть на профилактику преступности, то есть снижение уровня преступности по стране и должно быть результатом их работы. 8. Разрушить текущую порочную систему в пенитенциарной системе, в который на данный момент правит криминал. 9. Реформа уголовного законодательства, которая в нынешнем виде оставляет много произвола для судей при выборе наказания для преступников, что создает значительный простор для коррупции. 10. Переаттестация сотрудников МВД и “чистка” кадрового состава. 11. Создание института выборного участкового (шерифа) на уровне айыл окмоту. Проведение социал-демократами реформы в правоохранительных органах приведёт к повышению уровня доверия со стороны народа к органам и значительно снизит количество правонарушений в стране. Заказчик: Политическая партия “Социал-демократы”. Оплачено из избирательного фонда политической партии “Социал-демократы”. Уполномоченный по финансовым вопросам политической партии “Социал-демократы” Конурбаева Аида Азаматовна, регистрационное свидетельство № 40 ЦИК КР.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:37

Сагындык Келдибаев: Евразиялык тандоо - бул стратегиялык, саясий, аскердик коопсуздук

«Биримдик» демократиялык социализм – Евразиялык тандоо» партиясынын талапкери Сагындык Келдибаев бүгүн Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Капчал, Ак-Терек, Түз-Бел, Кысык-Алма айылдарынын тургундары менен жолугушту. Жолугушуу учурунда айыл тургундары тарабынан талапкерге суроолор жана сунуштар арбын болду. Алардын басымдуу бөлүгү айыл жериндеги социалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору жана партиянын программасына багытталды. Ак-Терек айылынын тургуну тарабынан Евразиялык тандооңуздардын себеби эмнеде? – деп узатылган суроого талапкер төмөнкүчө жооп берди. “Евразия – Биздин тарыхый жана маданий аралыбыз, биздин цивилизация, биздин үй. Анын борбору Борбордук Азия болсо, жүрѳгү – Кыргызстан. Жаңы Евразиялык интеграция Кыргызстанга ѳзүнүн кѳз карандысыздыгын сактап, экономикалык жактан ѳнүгүп, руханий жана маданий, тарыхый ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ сактап, ѳнүктүрүү үчүн керек. Биз биримдик менен гана ири ѳлкѳлѳрдүн геосаясий жана экономикалык кызыкчылыктарынын таңууланышынан, таасирлеринен коргонобуз. Демек, бул стратегиялык, саясий, аскердик коопсуздук. Евразиялык тандоо биздин ѳлкѳнүн тарыхтагы, саясаттагы, аймактын эле эмес, дүйнѳнүн экономикасындагы ордубузду аныктайт. Биз дүйнѳлүк саясий процесстердин активдүү бѳлүгү экенин билдиребиз.” Жыйынтыгында, айыл тургундары талапкерге ийгилик каалап, ак батасын берип узатышты. Белгилей кетсек, Сагындык Келдибаев VI чакырылышта да элдин колдоосуна ээ болуп, эл өкүлү катары эмгектенген. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:38

Анализ выборных программ

Наконец-то выборам дан обратный отсчет и многих интересует традиционный вопрос – с чем на этот раз политические партии вышли на старт избирательной гонки за депутатские мандаты? Что необычного предлагают народу кандидаты в ЖК КР, за что партии собираются рьяно бороться и какие удивительные идеологические сюрпризы ждут широкую общественность? Я не стану скрупулёзно и под лупой разглядывать каждую строчку в программах партий. Достаточно оценить понимание авторов программ (читай лидеров партий) состояние всех сфер жизнедеятельности общества, видение проблем, расстановку целей и задач, приоритеты в направлениях развития. Как правило, каждые 5 лет в преддверии предстоящих выборов в Жогорку Кенеш политические партии начинают творчески подправлять свои прошлосозывные программы и платформы, креативно переформулируя то, что уже было заявлено пятилетку назад. Но, иногда вносятся интересные идеи, инициативы, мысли, которые действительно заслуживают внимания и поддержки, которые, что называется являются изюминкой, что позволяет идентифицировать одну партию от другой. Еще до начала агитации в околополитических кругах уже ходили разговоры/мнения о будущих фаворитах нынешней избирательной кампании, к коим были отнесены такие партии как «Кыргызстан», «Бир Бол», «Биримдик» и «Мекеним Кыргызстан». Остальные партии имеют только теоретические шансы попасть в новый состав парламента, поэтому просматривать их программы я не стану – не имеет смысла. Две первые названные партии уже были в составе последнего созыва и им на этот раз будет труднее еще раз добиться сакральной электоральной взаимности. Причина проста – как-то слабенько эти партии показали себя в качестве реформаторов в течении последних пяти лет. Ни шатко, ни валко. Поэтому, у них новая предвыборная программа должна быть такой задорной и убедительной, чтобы у избирателей не осталось тени сомнений в чистоте помыслов, сердец и рядов этих партий. Итак, начнем с партии «Кыргызстан», которая представила свою предвыборную программу под названием «ЭЛ YЧYН». Программа неинтересная, но пафосная. Особенно умиляет необычное видение современного Кыргызстана. Хотя бы такой штрих - про безработицу, коррупцию, реформу судебной системы говорят на каждом углу. Даже акыны президенту открыто поют про коррупцию. А в программе партии «Кыргызстан» про коррупцию - ни слова! Про важнейшие проблемы страны – молчок! Более чем странно… Сразу видно, что авторы программы слабо представляют ожидания и чаяния народа. В этом месте теряется интерес к дальнейшему изучению программы. Ни о чем! Такое впечатление, что программу просто наспех «слепили на лету» - методом подбора наиболее политически привлекательных лозунгов, которые абсолютно несравнимы по своей актуальности, масштабности, ранжиру. Вырваны из контекстов, из чужих выступлений, из прошлых концепций и стратегий. Особенно удручает сверхзнакомый лозунг «Развитие Кыргызстана базируется на развитии важнейшего ресурса – человека». Могли бы потрудиться и, хотя бы, немного переформулировать любимое высказывание одного из беглых президентов. Популистская программа, рассчитанная на наивного обывателя. «Кыргызстан», как обычно, в своем репертуаре. Партия «Бир Бол». В противовес предыдущей партии, программу «Бир Бол» нельзя отнести к популистским, новая программа более соответствует реальности и пожеланиям народа. Чувствуется преемственность в программе. Она как всегда неплохо проработана, много дельных идей и инициатив, особенно в сфере экономики, в части поддержки МСБ, упразднения финпола и много других интересных задумок. Вот только есть одна проблема… Все эти идеи реализуемы, если только у этой партии будет широкая поддержка со стороны их коллег-партий из ЖК. А поддержки, естественно, не будет, и своими силами они не выполнят свои обещания. Зачем брать на себя столько, если заведомо знаешь, что не поднимешь? Прошлый состав бирболовцев был намного сильнее, и даже они не смогли выполнить 10-ой части своих программных обещаний. А про нынешний состав вообще говорить нечего. Тот самый случай, когда говорят, что добротная программа попала в руки неудачников. Далее партия «Биримдик». Партия новая на парламентском горизонте, имеет достаточный опыт на уровне выборов в местные кенеши, неплохо себя зарекомендовала. «Мекеним Кыргызстан». Тоже новичок в большой парламентской игре. Однако к своей программе подошел основательно и даже слишком ответственно. Оценивая критическим взглядом концептуальное содержание, поймал себя на мысли, что в разработке программы принимал участие (или консультировал) государственник высокого ранга, вполне возможно кто-то из экс-премьеров или их советников. По почерку и смысловому наполнению можно определить. Уж слишком четко определено современное состояние страны и грамотно расставлены приоритеты в целях и задачах. И не придраться. Самая важная часть в каждой программе – чтобы цели и задачи совпадали с ожиданиями людей. Тоже присутствует. Видать, не поскупились на проведение социологических исследований, отсюда и результат. Программа в меру амбициозна, авторы не ловят журавлей в небесах, не морочат людям голову «Нью-Васюками», стоят на реальной земле. Эту бы программу – да в качестве учебного пособия авторам из партии «Кыргызстан» - «Как писать программы»! Но… За какую партию люди проголосуют - поживем-увидим.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:38

Кандидат от партии «Кыргызстан» Айтмамат Назаров: Для меня служение народу дороже депутатского мандата

Кандидат в депутаты Жогорку Кенеша от партии «Кыргызстан», глава Национального энергохолдинга Айтмамат Назаров сделал официальное заявление, связанное с отказом от участия в парламентских выборах: «Я принял решение снять свою кандидатуру с предвыборной гонки. В связи с этим написал заявление в Центральную комиссию по выборам и проведению референдумов КР об исключении меня из списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от политической партии «Кыргызстан». Это решение я принял после замечаний в мой адрес относительно участия в церемонии подачи электроэнергии в одно из сел, где ранее не было электричества. На посту председателя Национального энергохолдинга я ставил себе цель поэтапно электрифицировать все села в нашей стране. Я считаю, что в 21 веке неприемлема ситуация, когда люди живут без электричества. Мое участие в церемонии подачи электроэнергии в село Жазы-Кечуу пытаются преподнести как политическую агитацию, и я снял свою кандидатуру с предвыборной гонки, чтобы продемонстрировать, что цели по служению народу для меня дороже депутатского мандата. Доверие для меня очень большая ценность, и для этого мы все должны научиться соблюдать нормы и требования закона».

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:38

Жоробеков: Партиянын негизги багыттары менин кесибиме да туура келгени үчүн “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандадым

– Депутат болуп калсаңыз кайсы тармактын ишин жакшыртуунун аракетин көрөсүз? – Кудай буюруп, депутат болуп калсам, айыл чарбаны көтөрүүнү колго алам. Анткени Кыргызстан – агрардык өлкө. Калктын 60 пайыздан ашууну экономиканын дал ушул тармагында мээнет кылат. Дыйкандардын өндүргөн продукцияларын жетиштүү баада сатып, мээнети акталгыдай шарт түзүүгө аракет кылам. Билим берүү тармагын да жакшыртууга болгон аракетимди жумшайм. Анткени билим берүү – жакырчылыкты кыскартуу менен экономикалык өсүшкө түрткү берүүчү эң таасирдүү инструменттердин бири экенин билем. Саламаттыкты сактоо тармагындагы орчундуу маселелерди чечип, сапаттуу медициналык кызмат көрсөтө турган абалга жеткирүүгө болгон күчүмдү жумшайм. Себеби мыйзамда жазылган баарына бекер жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтөбүз деген сөздөр кагазда гана калууда. «Мекеним Кыргызстан» саламаттыкты сактоо тармагын кардиналдуу өзгөртүү концепциясын иштеп чыкты. Ошол концепция аркылуу баарын жөнгө салабыз. – Эмне үчүн “Мекеним Кыргызстан” партиясына токтолдуңуз? – «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы – өлкө турмушунун ар кайсы багыттары боюнча реалдуу жазылган. Ошондой эле популизмден алыс жана өзгөчөлүктөргө бай. Партиянын негизги багыттары менин кесибиме да туура келгени үчүн “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандап, Талас районунан талапкер болдум. Учурда парламенттик шайлоого үгүт иштери активдүү жүрүп жатат. Бул шайлоо элдин эртеңи үчүн өтө маанилүү, себеби шайлоодо элибиз татыктуу партияны тандап алуусу керек. – Партиянын ийгиликке жет е рине ишенесизби? – Ишенем. Анткени шайлоого күчтүү талапкерлер аттанды. Ар биринин өз тармагында орду бар. Биздин саясий партия билимдүү, энергиялуу жаштардан жана тажрыйбалуу саясатчылардан куралган. Ошон үчүн “Мекеним Кыргызстан” ийгиликке жетет деген үмүтүм зор. Урматтуу шайлоочулар, 4-октябрь күнү “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиз. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:39

Келдибеков: Жаңылануунун улуттук өзгөчөлүгүн - өткөндүн духун бекем сактоо менен келечектин кубатын жаратуудан көрөм

Жогорку Кеңештин V-чакырылышынын спикери, депутат, саясатчы Ахматбек Келдибеков “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынан депутаттыкка талапкер өзүнүн мамлекеттеги куруужагы 7 өзөктүү маселе бар экендигин айтты. – Кыргыз эли Азиядагы эң байыркы калк. Бизде мамлекетти куруунун, аны коргоонун жана башкаруунун улуу салттары болгон. Менин оюмча, азыр элибиздин алдында кыйшаюусуз чечүүнү талап кылган 7 ѳзѳктүү маселе бар. Алар: Адилеттүүлүк: Адилеттүүлүк азыркы күндѳ ѳлкѳбүздѳгү, коомубуздагы башкы саясий постулат болушу керек. Ал эми адилеттүүлүктүн түркүгү – эркин жана кара кылды как жарган калыс сот. Ошондуктан адилет сот системасын түзмѳйүн, биздин демократиялык дѳѳлѳттѳр тууралуу сѳз кылууга саясий да, моралдык да акыбыз жок. Акыйкаттык: Улуттук айкѳлдүк сапатты сактоо – ал кыргызды сактоо. Ал эми элибиздин салттуу дѳѳлѳттѳрүнѳ ар кандай саясий эксперименттерди жасоо саясаттын да, саясатчылардын да нравалык принциптерин аныктабайт! Айкѳлдүк: Бул элибиздин эзелтеден келе жаткан улуу сапаты, улуу наркы. Бул асыл сапаттардын мамлекетүүлүгүбүздү чыңдоодогу орду жана ролу эбегейсиз зор. Мекенчилдик: Уюткулуу журт мекенчил болот. Ѳз улутун сүйүү – улутчулдук эмес, ал тарыхын урматтоо, элин сыйлоо дегендик. Ал мекендин ыйыктыгын урматтоо дегендик. Ыймандуулук: Ыймандуу жана ынтымактуу коом гана келечектүү мамлекет кура алат. Биз саясий ыйман маселесин башкаруу системасына киргизүүбүз зарыл. Ал эмне? Ал – тазалык, чынчылдык, абийирдүүлүк жана таза кѳкүрѳк. Ырайымдуулук: Эл аралык саясаттагы адам укугу деген маселе, кыргыздын кѳѳнѳ түшүнүгүндѳ адамга адам ырайымдуу болушу зарыл деген маани менен түшүндүрүлүп келген. Ынсапкорлук жана сарамжалдуулук: Кыргыз эли эзелтеден ушул эки сапатты жогору баалап келген. Кыргыз улуттук коррупциясынын ѳзгѳчѳлүгү, тамыры, ѳзѳгү биздин сарамжалсыз мамилебизде, ынсапкорлугубузда жатат. Мен жаңылануунун улуттук ѳзгѳчѳлүгүн ѳткѳндүн духун бекем сактоо менен келечектин кубатын жаратуудан кѳрѳм. Ахматбек Келдибеков, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:39

Партия «Кыргызстан» №15: Создадим условия для сокращения государственных проверок!

В Кыргызстане малое и среднее предпринимательство является важной составляющей экономики и выступает одним из важнейших объектов проводимых государством реформ, направленных на развитие и улучшение бизнес-среды, привлечение прямых инвестиций, создание эффективно работающей экономической системы для успешного развития государства в целом. По данным Нацстаткома КР, за 2019 год на территории Кыргызстана действовало 12 тысяч предприятий, из них 11,3 тысячи - малые предприятия и 700 - средние предприятия. При этом более 61 процента из числа действующих малых предприятий находятся в Бишкеке. Численность занятых в малых и средних предприятиях за 2019 год составила 87,3 тысячи человек. В 2018 году - 91 тысяча человек. Согласно исследованию Всемирного банка «Ведение бизнеса 2020», за 2018-2019 годы Кыргызстан вошел в топ-20 стран-реформаторов, улучшив показатели по индикаторам: «Подключение к электросетям», «Налогообложение» и «Получение кредита». Между тем Кыргызская Республика заняла 80-е место в рейтинге из 190 стран, потеряв 10 позиций в связи с изменением методологии составления индикаторов «Получение разрешений на строительство» и «Защита миноритарных инвесторов», по которым были понижены показатели на 60 и 77 позиций соответственно, что существенно повлияло на рейтинг страны. Наиболее острой проблемой малого и среднего бизнеса в Кыргызстане является ставка социальных отчислений, уплачиваемых работодателями, которая почти в два раза превышает ставку налога на прибыль, что создает экономическое основание для уменьшения заработной платы субъектами малого и среднего бизнеса. Также отмечается отсутствие нормативной базы, устанавливающей четкие и понятные требования при получении лицензионных и разрешительных документов, отсутствие прозрачности и открытости процедур лицензирования, отсутствие процедур приостановления и возврата лицензии, дублирование процедур лицензионного контроля с проверками, проводимыми инспекциями госорганов, отсутствие конкретных требований к порядку прекращения действия и аннулированию лицензий и разрешений. Сохраняются сложности получения различных видов разрешений, а проводимые проверки на предмет соблюдения требований законодательства содержат коррупционные проявления, избыточные требования и не гарантируют безопасности. Стоит отметить, что с 1 января 2019 года введен мораторий на проверки субъектов предпринимательства сроком на 2 года. В целях защиты прав предпринимателей и исключения потенциальных коррупционных механизмов внесены изменения и дополнения в Закон Кыргызской Республики «О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства», которые предусматривают освобождение новых предпринимателей от проверок на 3 года, сокращение в два раза кратности проверок предпринимателей со стороны санитарно-эпидемиологического надзора, государственные контролирующие органы не вправе проводить внеплановые проверки без подтверждающих сведений и материалов, а также уменьшился срок контрольной проверки до 1 дня. Тем не менее по опросам предпринимателей остаются претензии к деятельности контролирующих органов, и с повестки бизнес-сообщества не сходит проблема проверок, а их результативность находится под сомнением. Партия «Кыргызстан» предлагает: Сократить количество лицензионно-разрешительных документов, которых насчитывается 240. Провести анализ пересмотра ставок тарифов страховых взносов для предпринимателей, занятых индивидуальной трудовой деятельностью, малого и среднего бизнеса в целях введения соизмеримого тарифа страховых взносов и фокусировки на рост общего объема отчислений в результате изменений, создания экономических стимулов для решения вопросов занятости, а также отказа от выплат заработных плат в «конвертах». Пересмотреть Закон Кыргызской Республики «Об оптимизации нормативной правовой базы регулирования предпринимательской деятельности» в части изменения принципа периодического пересмотра нормативных правовых актов, регулирующих предпринимательство (на данный момент раз в 5 лет). Создать понятную и прозрачную систему контроля. Эффективные законы исключат неэффективные и коррупционные государственные проверки! Заказчик: политическая партия «Кыргызстан». Оплачено из избирательного фонда партии «Кыргызстан» уполномоченным по финансовым вопросам Шамшидин уулу Разаком (свидетельство № 94 от 06.08.2020).

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:40

Нургүл Аднаева, талапкер: Менин тандоом “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы болду, себеби...

– Нургүл Мажитовна, кайда иштегенсиз? Канча жылдык тажрыйбаңыз бар? Кепти ушул суроодон баштасак . – Менин эки жогорку билими бар: жогорку медициналык жана эл аралык экономика багытында окугам. Саламаттыкты сактоо тармагында 32 жылдан бери эмгектенип келе жатам, Бишкек шаардык №6 клиникалык бейтапканада участкалык терапевттен баштап, башкы дарыгерге чейинки тепкичтерди басып өттүм. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда 13 жыл иштеп, башкы адистен дарылоо мекемелери жана калк менен иштөө башкармалыгын жетекчилигине чейинки кызматтарды аркаладым. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинде реформаны ишке ашыруу жана стратегиялык жактан пландаштыруу башкармалыгынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратындагы социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө саламаттыкты сактоо маселелери боюнча эксперт болуп эмгектендим. – Кудай буюруп, депутат болуп калсаңыз саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртууга басым коёсуз да , ээ? – Жогоруда айткандай, саламаттыкты сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында көп жыл, башка да ар тараптуу багытта иштегеним үчүн ал тармактагы маселелерди чече турган мыйзам долбоорлорун жазам. Ошондой эле ак халатчан коллегаларыма социалдык жактан көмөк көрсөтүү, алардын жана бейтаптардын укугун коргоого алган мыйзамдарды сунуштайм деген ниеттемин. Эң негизги максатым – калкыбыздын саламаттыгына кам көрүүнү колго алуу. Буюрса, орундуу маселелерди көтөрүп, орчундуу иштерди бүтүрүп, элиме пайдалуу иш жасоо менен Жогорку Кеңештин татыктуу эл өкүлү болгум келет. – Апаат медицинаны н абалын ачык көрсөттү. Финансынын аз бөлүнгөнүнөн медицинадагы мышык ыйлаарлык абал ачыкка чыгып калдыбы же анын башка да себептери барбы? – Кыргызстанда калктын саламаттыгын коргоо финансылык жактан толук көлөмдө корголгон эмес. Республикада калктын саламаттыгын сактоого багытталган бир нече артыкчылыктуу программалар кабыл алынганы менен, алардын ичинен тийиштүү түрдө каржыланбагандары да бар. Ошон үчүн акыркы жети айдын ичинде, айрыкча мамлекетибиздин коронавирус инфекциясы менен күрөшүү учурунда ата мекендик саламаттыкты сактоонун бардык көйгөйлүү маселелери ачыкка чыкты. Ошондуктан дагы эмне болот деп кооптонбой, азыртан кам көрүшүбүз керек. 1. Коомдук саламаттыкты сактоо кызматын улуттук өзгөчөлүктөрдү жана менталитетти эске алуу менен заманбап мамилелердин алкагында түп тамырынан өзгөртүү зарыл. Сергек жашоонун жана ооруларды алдын алуу боюнча реалдуу программаны иштеп чыгуу, аны финансы жактан толук кандуу каржылоо маселени чечүү керек. 2. Президенттин санариптештирүү программасынын алкагында саламаттыкты сактоону электрондоштурууну андан ары өнүктүрүүнү, дары каражаттарынын улуттук маалыматтар базасын ишке ашырууну колго алуу керек. 3. Медицина кызматкерлерин социалдык жактан камсыздоо, эмгек акылардын үзгүлтүксүз индексациялоо зарыл. 4. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) системасын реалдуу жакшыртуу үчүн ар бир адамдын камсыздоонун кайсы түрү ыңгайлуусуна шарт түзүп, укугун коргоо. 5. Дары каражаттарына бааларды мамлекеттик жактан жөнгө салууга милдеттүү кылып, фарм компанияларга салыктарды жеңилдетүүнү карап чыгуу. 6. Саламаттыкты сактоого мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (МЖӨ) активдүү киргизүү жана башка көптөгөн маанилүү маселелер бар. Учурдан пайдаланып, апаат убагындагы ак халатчан өмүр сакчыларына, алардын катарында иштеген ар бир жараныбызга (жаш балдардан баштап улуу адамдарыбызга чейин) күжүрмөн эмгегине, кайратмандыгына, боорукерлигине таазим этем. – Ушундай тажрыйбаңыз менен эмне үчүн "Мекеним Кыргызстан” партиясын тандадыңыз? – Мен ар бир саясий партиянын өзүнүн татыктуу адамдары жана ар биринин өлкөбүздү жакшы жакка өзгөртүү боюнча өздөрүнүн көз карштары, ойлору бар деп ойлойм. Менин тандоом “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы болду. Анткени “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын саламаттыкты сактоо жаатындагы концепциясы менен таанышканымда ойлорум, тилектерим, максаттарым шайкеш келди. Ошондой эле "Мекеним Кыргызстан" партиясынын курамы купулума толду. Ар кайсы аймактардан, ар кыл курактагы, ар түрдүү улуттан турган, ар кандай мамлекеттик жана жеке менчик стуктураларда элге кызмат кылып келген кесипкөй адамдардан турганы кубантты. Партиянын ар бир мүчөсүнүн башкы максаты – Кыргызстандын элинин жашоо шарттарын жакшыртуу, элдин кызыкчылыктарын жогору баалоо жана бакубат өлкө куруу. – “Мекеним Кыргызстан” партиясы мамлекетибизди алдыга сүрөп, элибиздин жаркын жашоодо жашашына шарт түзөт деген ишеним барбы ? – Албетте! Элибиздин жашоосу ар тармактуу максаттар, амбициясы жана тажырыйбасы бар ишкерлер келген учурда гана өзгөрүшү мүмкүн. “Мекеним Кыргызстан” партиясы ошондой адамдарга бай. Мамлекетибизди алга сүрөп, калкыбыздын жашоосун жакшы жакка өзгөртүп, жарандардын билимин жогорулатып, саламаттыгын бекемдөөгө “Мекеним Кыргызстан” партиясынын толук кандуу мүмкүнчүлүгү бар. – Шайлоо бюллет е н ин деги 4 - орун ийгиликтин башаты десек болобу? – 4 орун, 4-октябрь бекеринен шайкеш келбесе керек. Мен жакшы жөрөлгө катары кабыл алып, жакшылыкка жорудум. Урматтуу шайлоочулар, 4-октябрда “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш берип, жаркын жашоого багыт алыңыздар! “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:40

Шайлоо 2020. Форма №2 боюнча катталган шайлоочуларды четтетүү мүмкүн эмес

Кыргызстанда 445 миң шайлоочу №2 формадагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берет. БШК аларды шайлоо укугунан ажыратуу мүмкүн эместигин белгилейт. Фейсбуктагы баракчасында шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Джурабаева мунун себебин түшүндүрүп берди.Маалыматка ылайык, №2 форма боюнча катталган шайлоочулар менен УШКлардын тизмесин түзүү гана калды. Биз участоктордо добуш берүү процессин жана пара берүү иштери боюнча көзөмөл жүргүзүшүбүз керек. Тиешелүү фактылар катталса, добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылат », — деди Гүлнара Джурабаева.Кыргызстанда 3 миллион 466 миң шайлоочу бар.Эске салсак, тизмелерди оңдоо үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштары түрүндө жаза, 260 миң сомго чейин айып пул же эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бирок, №2 форм жана биометрикалык маалыматтары менен башка участокто каттоодон өтүү мыйзам тарабынан жоопко тартылбайт.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:40

Тилек Токтогазиев: «Коррупционерлерди лимондой сыгабыз»

«Ата Мекен №6» партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев КТРК каналы өткөргөн дебатка катышты. Ал өз сөзүндө коррупция менен күрөшүүгө кескин чараларды көрүү керектигин баса белгиледи. « Пандемия учурунда атам баштаган бир нече жакын адамдарымдан айрылдым. Мындай чириген системанын бизге кереги жок. Бул системаны түп-тамырынан жоготуу керек. Реформа аркылуу жаңы багытка түшөлү. Өзүңүздөр билгендей, Кыргызстандын бюджети качан болсо бөксө. Анткени казынанын эсебинен кардын тойгузган уурулар көп. Биз ошол уурулар менен коррупционерлерди лимондой сыгып, ордуларына коебуз. Кымырып алган акчаларды бюджетке кошобуз» , - дейт Тилек. Кыргызстандын бюджети бүгүнкү күндө 2 млрд доллардан азыраак. Ал эми мамлекеттик карызды кайтаруу үчүн 390 млн долларга чейинки каражат сарпталат деген, талапкер бюджеттин таңкыстыгын айтып өттү. « Биз биринчи кезекте коррупция менен күрөшүүбүз керек. Анткени бюджетибиз ансыз да тешик челектей болуп калды. Салыктан түшкөн, бажыдан түшкөн каражаттарды канча куйсак деле толбойт», - дейт Токтогазиев. Ал бюджетке түшпөй жаткан каражаттарды мисал келтирди. «Кытай тарап Кыргызстанга 6 млрд долларлык товар кирет деген маалымат берүүдө, биздеги статистика боюнча бул болгону – 1,5 млрд доллар », - дейт ал. Ошондой эле «Ата Мекен№6» командасы реформа жасап, системаны өзгөртөт деп кошумчалады. «Жанар Акаев баштаган депутаттар Эльвира Сурабалдиева, Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко, Эмиль Токтошев, Бахадыр Сулейманов коррупцияга каршы туруп, элдин таламын талашып келишти. «Ата Мекен» партиясы мына ушундай адамдардан түзүлгөн. Мен мекендештерибизди 4-октябрь күнү туура тандоо жасоого чакырып кетем. «Ата Мекен» үчүн добуш бериңиздер», - деди Тилек Токтогазиев. "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники