О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
21 сентября 2020 г. 10:58

Аравандагы чагым боюнча «Мекеним Кыргызстан» партиясынын билдирүүсү.

Аравандагы чагым боюнча «Мекеним Кыргызстан» партиясынын билдирүүсү. 2020-жылдын 20 сентябрында биздин партиянын талапкери Илхом Маннанов Араванда шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүп жатканда күтүүсүздөн чагымчылар аралашып, жолугушуу үзгүлтүккө учураган. Чагымчылардын тобу капыстан эле биздин партиянын тарапкерлерине кол салып, ур-токмокко алып кирген. Натыйжада биздин тарапкерлердин арасынан бир канча киши жапа чегип, ооруканага кайрылууга аргасыз болгон. Алардын бири азыр оор абалда Ош облустук ооруканасынын реанимиация бөлүмүндө жатат. Бул окуя боюнча айрым маалымат каражаттары укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянуу менен чындыкка коошпогон маалымат тарата баштады. Социалдык тармактарда да дароо биздин партиянын атынан маалымат тараткан фейктер пайда болду. Бирок окуя болгон учурда тартылып калган видеолордон аны кимдер баштаганын жана чынында эмне болгонун так, таасын көрүүгө болот. Бизге белгилүү болгондой, бул факт «Ээнбаштык» беренеси менен катталды. Биз бул иш калыс жана акыйкат териштирилет деген ниеттебиз. Ошондой эле бул окуяга жарандык коом менен эл аралык байкоочулардын көңүлүн бургубуз келет. Өлкөбүздөгү туруктуулук, бейпилдик жана улут аралык ынтымактын алдында эч кайсы шайлоо, эч кайсы үгүт иши түккө турбайт. «Мекеним Кыргызстан» партиясы үчүн бул эң жогорку баалуулуктар. Биз бардык саясий атаандаштарыбызды өз кызыкчылыктарынан мурда элдин жана өлкөбүздүн бейпилдигин ойлоого чакырабыз. Эки жумадан кийин шайлоо да бүтөт. А бизге ушул жерде - ата-бабалардан калган ыйык Мекенибизде бири-бирибиз менен саламдашканга, жүз карашып жашоого туура келет. Андыктан биз тиешелүү органдар мындай чагымды уюштургандарды жана аларга буйрук бергендерди катуу жазалоого тийиш деп эсептейбиз. Себеби Кыргызстаныбыздын тынчтыгынан кымбат эч нерсе жок!

Подробнее
21 сентября 2020 г. 16:15

📢Уточни себя в списках избирателей на сайте www.tizme.gov.kg ⚠️КАК ПРАВИЛЬНО ИСКАТЬ?

📢Уточни себя в списках избирателей на сайте www.tizme.gov.kg ⚠️КАК ПРАВИЛЬНО ИСКАТЬ? Для того чтобы узнать свой статус, необходимо осуществить поиск по фамилии и/или имени. Чтобы быстро найти себя в списке необходимо ввести фамилию полностью и первые 3 буквы имени. Например, Жаныбеков Данияр (фамилия «Жаныбеков» имя «Дан»).

Подробнее
23 сентября 2020 г. 14:38

Урматтуу кыргыз элим, Кыргыз тили майрам күнүңүздөр менен!

Урматтуу кыргыз элим, Кыргыз тили майрам күнүңүздөр менен! Кымбаттан кыналышып бүткөн тилим. Кылымдан азиз энем күткөм тилим. Төрөлүп, бул дүйнөгө көз ачканда, Жаралып, жаным менен бүткөн тилим.

Подробнее
21 сентября 2020 г. 12:43

Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков С.Ш

Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков С.Ш Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Шайлдабекова Н.К. Бир канча саясий партиялардын үгүт иштери добуш сатып алуу, аномалдык миграция жана административдик ресурстарды колдонуу менен коштолууда. Буга чейин Кыргызстанда мындай масштабдагы добуш сатып алуу болгон эмес. Өлкөдө мындай жат көрүнүштү көрбөгөн бир да адам калган жок. Бирок укук коргоо органдары жана БШК эч кандай чара көрбөй, шайлоодогу “фавориттерге” эркин күрөшүүнү тебелөөгө, шайлоо жыйынтыгына ыплас жолдор менен таасир берүүгө мүмкүнчүлүк берип жатат. Өзгөчө чарасыздык “Мекеним Кыргызстан” жана “Биримдик” партияларына жасалып жатат. Алар 2020-жылдын 20-сентябрында Араван районунун шайлоочулары менен жолугушууда массалык мушташка алып келген чыр-чатактын чыгышына себепкер болушту. Натыйжада, жергиликтүү жашоочулар жабыркады. Мындай чыр-чатактар улут аралык олуттуу жаңжалга алып келиши мүмкүн экендигин эскертүүнүн кереги жок. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 28-беренесинин 2-пунктуна ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштеринде улуттук, этникалык, расалык, диний жана эл аралык кастыкты козута турган, дискриминациялоого чакырган пропаганда жүргүзүүгө тыюу салынат. Жогоруда айтылган жагдай боюнча ыкчам чара көрүп, болуп өткөн окуяны, массалык түрдө добуш сатып алуу, жүз миндеген жарандарды Форма 2 менен каттоо, административдик ресурс колдонуу фактыларын изилдөөнү жана “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик” партияларынын талапкерлеринин тизмесин каттабоо маселесин кароону талап кылабыз. Полит.совет "Реформа"

Подробнее
21 сентября 2020 г. 16:02

В общей сложности с 3 августа засчет краудфандинга мы собрали

В общей сложности с 3 августа засчет краудфандинга мы собрали 6 831 693,33 сомов!!! Спасибо! Отчет по поступлениям доступен на нашем сайте: www.reformakerek.kg/report Мы продолжаем собирать средства, чтобы наши кандидаты могли посетить каждый город и село Кыргызстана! Чтобы о нас узнали как можно бОльшее количество людей! 20 сом, 50, 100 сом, любая сумма имеет значение

Подробнее
21 сентября 2020 г. 11:09

Президенту Кыргызской Республики Жээнбекову С.Ш

Президенту Кыргызской Республики Жээнбекову С.Ш Председателю Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики Шайлдабековой Н.К. Предвыборная агитация ряда политических партий сопровождается массовым подкупом избирателей, аномальной миграцией и использованием административного ресурса. Никогда раньше в Кыргызстане подкуп избирателей не достигал таких масштабов. Нет ни одного человека в стране, кто этого сейчас не видит. Однако, правоохранительные органы и ЦИК проявляют преступное бездействие, позволяя «фаворитам» предвыборной гонки растаптывать принципы свободного волеизъявления и самым грязным образом влиять на ход и результаты выборов. Особенно откровенно покровительство и попустительство используются к политическим партиям «Мекеним Кыргызстан» и “Биримдик”, которые 20 сентября 2020 года во время встречи с избирателями Араванского района спровоцировали и устроили конфликт, который перерос в массовую драку, в результате которой пострадали местные жители. Нет необходимости напоминать, что конфликты подобного рода могут перерасти в серьезные катаклизмы межнационального характера. Согласно части 2 статьи 28 конституционного Закона «О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики» при проведении предвыборной агитации запрещаются пропаганда национальной, этнической, расовой, религиозной, межрегиональной вражды, призывающего к дискриминации, вражде. На основании вышеизложенного требуем безотлагательно принять меры по расследованию данного инцидента, фактов массового подкупа избирателей, регистрации сотен тысяч избирателей по Форме 2, использования административного ресурса и рассмотреть вопрос об отмене регистрации списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша от партий «Мекеним Кыргызстан» и “Биримдик” С уважением, Политический совет ПП "Реформа"

Подробнее
21 сентября 2020 г. 13:57

Спорт өмүр булагы демекчи, «Республика" бир гана жаштардын активдүү саясаты үчүн эмес, алардын ар тараптан өнүгүүсүнө шарт түзүүгө аракет жасайт.

Лейлек районундагы "Республика" партиясынын жаштар канаты сергек жашоо образына чакырат. Активдүү жаштар 14 чакырымга чуркашып, пандемиянын шартында жаштарды сергек жашоого чакырышты. Спорт өмүр булагы демекчи, «Республика" бир гана жаштардын активдүү саясаты үчүн эмес, алардын ар тараптан өнүгүүсүнө шарт түзүүгө аракет жасайт.

Подробнее
21 сентября 2020 г. 13:29

Спасибо бишкекчанам за поддержку!

Спасибо бишкекчанам за поддержку! В Бишкеке прошла встреча кандидатов в депутаты в Жогорку Кенеш КР от партии "Республика" с жителями Октябрьского района. Встреча состоялась 20 сентября по инициативе кандидатов Лейлы Луровой и Максата Дамир уулу. Присутствующим была презентована программа партии и пути решения скопившихся на местности проблем. Публика с интересом слушала кандидатов и поддержала как их самих, так и партию "Республика".

Подробнее
21 сентября 2020 г. 12:49

Абдурахман Муртазалиев: С большой силой приходит большая ответственность. Я, будучи спортсменом, в рядах партии "Республика" намерен поднять на новый уровень спорт в Кыргызстане.

Абдурахман Муртазалиев: С большой силой приходит большая ответственность. Я, будучи спортсменом, в рядах партии "Республика" намерен поднять на новый уровень спорт в Кыргызстане.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 19:26

Ордо-туура тандоо

Чүй облусунун Жайыл районунун тургундары "Ордо" саясий партиясын колдоп чыгышты! #ордо #ордо12 Ордо- туура тандоо

Подробнее
21 сентября 2020 г. 15:10

Биздин талапкер- Борбукеева Рита.

Биздин талапкер- Борбукеева Рита. ✨1970-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунда туулган. Жогорку билимдүү, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинен билим алган. ✨Эмгек жолун 1991- жылы Чүй облустук телеканалында редактор катары баштап, андан ары КООРТ, "Азаттык" , КТРК өңдүү өлкөдөгү көрүнүктүү ММКларда эмгектенген. 2012-2014-жылдары Ыссык-Көл районунун акиминин орун басары, 2014-2017- жылдары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары болгон. ✨Бүткүл кыргызга таанымал акын Алыкул Осмоновдун Чолпон-Ата шаарындагы үй-музейинин ачылышына Рита Борбукееванын салымы чоң. Кароосуз калган ыйык жерди көрүп зээни кейиген Рита Борбукеева үй-бүлөсү менен биргеликте 2005-жылы ал жерди оңдоп музейге айланткан. Мына ушундай кыргыздын элим-жерим деп күйгөн кызы Социал-демократтардын катарында парламенттик шайлоого баратат.

Подробнее
21 сентября 2020 г. 14:54

Азыркы учурда саясий партиялардын үгүт иштери кызуу жүрүүдө.

Азыркы учурда саясий партиялардын үгүт иштери кызуу жүрүүдө. “Кыргызстан” партиясынын талапкерлери Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына барып, шайлоочулары менен жолугушту. Жергиликтүү тургундардын кандай чечилбеген маселелери бар? "Кыргызстан" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин арасында Балыкчыдан чыккан кандай ийгиликтүү инсандар бар? Кененирээк кийинки материалда:

Подробнее
21 сентября 2020 г. 15:53

Кандай гана кыйынчылыктар болсо дагы биз баарын жеңип чыга алабыз. Үмүттүн шооласы көрүнгөн жерде ийгилик бар.

Кандай гана кыйынчылыктар болсо дагы биз баарын жеңип чыга алабыз. Үмүттүн шооласы көрүнгөн жерде ийгилик бар. Баарыбыз Кыргызстанда байгерчиликте, бактылуу болуп жашагыбыз келет. Биздин бүгүнкү жаңы кадамдарыбыз өлкөбүздүн келечегин аныктайт. “Кыргызстан” партиясы биз менен!

Подробнее
21 сентября 2020 г. 16:04

Акан Иманов

Элеттиктердин турмушу, мүдөөлөрү жана көйгөйлөрү Акан Имановго жакындан тааныш. Эл аралык "Азаттык" радиосунда дыйкандардын көйгөйлөрүн байма-бай чагылдырылып келген журналист катары коомго таанылган. Өзү туулуп өскөн Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылдык кеңешинин эки жолку депутаты, көп жылдан бери айыл чарбасы менен алектенген дыйкан, коомдук ишмер жана кайрымдуулук долбоорлорунун уюштуруучусу. "Айылдарды өнүктүрүү мамлекеттин бирден бир багыттарынан болушу керек", дейт Акан.

Подробнее
21 сентября 2020 г. 12:34

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине "Кыргызстан" партиясынан талапкер Кубанычбек Нурматов: "Урматтуу шайлоочуларым!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине "Кыргызстан" партиясынан талапкер Кубанычбек Нурматов: "Урматтуу шайлоочуларым! 2015-жылы Араван районунун элинин колдоосу менен "Кыргызстан" саясий партиясынан Жогорку Кеңешке эл өкүлү болуп келдим. Акыркы 5 жылда көптөгөн иштер аткарылды, ал иштердин ичинен элге билингени да, билинбей калганы да бар. Ошол эле мезгилде, ар түрдүү себептер боюнча чечилбей калган да социалдык-экономикалык көйгөйлөр жок эмес. АРАВАН районундагы шайлоочуларымдын мага болгон ишеничин жоготпоого толугу менен аракет кылдым жана кылып келе жатам. Сиздердин назарыңыздарга 5 жылдык кыскача отчёт сунушталат. ЭЛ СҮЙЛӨСҮН, ЭЛ ТАРАЗАЛАСЫН!"

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники