О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
22 сентября 2020 г. 0:56

Айым талапкерлердин теледебаты өттү. Алар медицина тармагын жакшыртуу боюнча, аялдардын ишкерлигин колдоо тууралуу суроолорго жооп беришти

Бүгүн, 21-сентябрда айым талапкерлердин теледебаты өттү. Ага “Мекен Ынтымагы" партиясынан Венера Осмонбетова, "Кыргызстан" партиясынан Асель Атабекова, "Социал-демократтар" партиясынан Айчүрөк Камаева, "Биримдик" партиясынан Аида Касымалиева, "Республика" партиясынан Алтынай Өмүрбекова катышты. 1-суроо: Пандемия кыргыз медицинасынын абалын жылаңачтап даана көрсөттү. Көйгөйлөрдүн көпчүлүгү сокурга көз бүткөндөй көрүндү. Медицина тармагындагы абалды кантип оңдосо болот? Сиздердин программада бул жаатта кандай конкреттүү сунуштар бар? Венера Осмонбетова: "Пандемияда медицина тармагыбыз жылаңач экенин көрдүк. Ошонун кесепетинен жарандарыбыз каза болду. Болгону биз келечектин медицинасын түзгөнгө аракет кылышыбыз керек. Медициналык академиясына инновациялык программаларды киргизүү керек. Кесипкөй дарыгерлер чыгып ушундай жагдайдан чыгаруусу шарт. Пандемияда ооруканалар жетишпей жатты. Аппараттар жетишсиз болуп элдин жини келди. Биздин программада жазылгандай, бардык жерге күчтүү кадрлар керек" , - дейт. Асель Атабекова: "Биздин программада бул көйгөйгө өтө маанилүү ролду өткөрдүк. Себеби бул мамлекеттик масштабда ар бир үй-бүлөнүн көйгөйү болуп эсептелет. Жалпылап айтканда, биз программага жаңы медициналык борборлорду куруу, "Тез жардам" унааларын сапатын жакшыртуу дегенди койдук. А бирок биз тереңирээк карап, ушул медициналык жакта болгон акыбалды өзгөртүш үчүн, биз түшүнүп турабыз. Мына фонддо 6 миллиард доллар, 6 миллиард сом чечип коёбуз десек, элибизди алдаган болобуз. Муну менен маселени чече албайбыз. Ошол бюджетке кандай жол менен толуктасак, ошол 6 миллиард сомду 15 миллиард сомго жеткириш үчүн кандай көйгөйлөрдү чечишибиз керек деп, ошону карап чыктык. Мисалы, ар бар адам ооруп калса ооруканага барат. Ал ооруканада кезек болгондуктан жеке клиникага барганга туура келет. Ал жактан алар акча төлөшөт. Ар бир адам иштеген жеринде фондго акча төлөп келе жатат. Ошол адамдын акчасы ал адам кайда жүрсө, артынан жүрүшү керек. Кайсы гана поликлиникага кайрылбасын ошол фонд иштеши керек. Себеби деген бул ар бир адамдын ден соолугуна салган салымы болот. Ошол жагынан башташыбыз керек", - деди. Айчүрөк Камаева: "Негизи эле пандемия учурунда бир эле медицина тармагы эмес, жалпы эле бийликтин шалаакылыгын жана жоопкерчиликсиз мамилесин көрө алдык. Баарыбыз эле дары-дармектин жетишсиздиги, ооруканада орундун жоктугу жана башка бир катар маселелерге туш болдук. Биздин партия өзүбүздүн программада элдин ушул сыяктуу актуалдуу көйгөйлөрүн камтып, атайын программа иштеп чыктык. Бүгүнкү күндө биз медицинага көңүл буруп, алардын айлык маянасын көтөрүү жана башка социалдык көйгөйлөрүнө маани беребиз. Ал үчүн саясий эрктүү болуу керек", - деди. Аида Касымалиева: "Биздин партия медицина тармагына өзгөчө көңүл бурабыз деп жатабыз. Чындап эле пандемиянын сабактары абдан курч жана өкүнүчтүү болду. Биздин партиянын программасында бул боюнча жакшы сунуштар бар. Дарыгерлерге жакшы айлык төлөй албай калдык. Медицина кызматкерлердин базалык айлыгы көтөрүлүшү зарыл. Бул санэпидемстанция кызматы жок экен. Жогорку окуу жайларга бюджеттик орундарды камсыздап берүү шарт. Пандемиянын учурунда дарыгерлердин макамы жөнүндө мыйзам жок экенин көрдүк. Парламент мыйзам кабыл алып берди", - деди. Алтынай Өмүрбекова: "Биздин "Республика" саясий партиясынын платформасында, программасында саламаттыкты сактоо маселесине абдан чоң көңүл бурулуп жатат. Бюджетти эки эсеге көбөйтөбүз жана анын булактарын дагы аныктаганбыз. Бүгүнкү күнү бизге электрондук саламаттыкты сактоо толугу менен керек. Ар бир киши төрөлгөндөн баштап, эң акыркы күндөргө чейин өзүнүн медициналык электрондук картасы болушу керек. Ал жерде бардык маалымат болушу зарыл. Экинчи маселе - бул кадрларды даярдоо маселеси. Бүгүнкү күндө бизде көптөгөн медициналык окуу жайлар бар, бирок сапаты жакшы болбой жатат. Ошондуктан толук түрдө даярдоо маселесине көңүл буруу. Үчүнчүдөн, 7 облустагы ооруканаларыбыз биотехнологиялык заманбап ооруканаларга айланышы зарыл", - дейт. 2-суроо: Аялдардын ишкерлигин колдоо боюнча так кандай кадамдарды сунуштайсыздар? Венера Осмонбетова аялдардын ишкерлигин колдоодо комплекстүү систем иштеп чыгуу керектигин айтты. "Жеңилдетилген кредит жактан көмөк көрсөтүүбүз зарыл. Мамлекеттен аял ишкерлерге колдоо керек. Биз аларга жарнамалык жактан болсо дагы көмөк көрсөтүүбүз шарт. Алар кандайдыр бир мамлекеттик иш-чараларга катышуусун, мамлекет тарабынан социалдык жарнама жактан болсо дагы колдоо кылышыбыз зарыл. Биз айымдардын гана ишкерлиги эмес, негизи эле ишкерликке көңүл буруубуз абзел. Биздин программада инвесторлорду тартуу, алардын көңүлүн бурдуруу сыяктуу дагы программаларды иштеп чыкканбыз", - деди ал. Асель Атабекова: "Мен өзүм 90 пайыз айымдар менен иштешем жана бул жактагы көйгөйдү биздин партия жакшы түшүнүп турат. Айымдардын бизнесин баштоосуна мамлекет конкреттүү жардам көрсөтүп, чечкиндүү кадам кылышыбыз керек. Мисалы, алар кандайдыр бир иш баштап жатса мамлекет тарабынан сөзсүз түрдө колдоо зарыл. Камсыздандыруу жактан болобу, салык системинен болобу, алардын кандайдыр бир маселесин чечүүгө салымыбызды кошуубуз шарт" , - дейт. Айчүрөк Камаева азыркы учурда алардын айымдардын ишкерлигин колдоо боюнча атайын эч кандай деле программасы жок экенин билдирди. "Бирок конкреттүү түрдө чечимдерди кабыл алып, иш алып бара алабыз. Атайын бир ыйгарым укуктуу орган конкреттүү түрдө иш алып баруусу керек. Бир чечкиндүү программаны иштеп чыгуу абзел. Мисалы, пандемия учурунда ишкерлер ЖМКлар аркылуу аларга бир чиновник тарабынан басым болуп жаткандыгын айтып жатышты. Ишкерлер пандемияда канча адамдарга жардам кылды. Аларга эч кандай басым болбошу керек. Биз аларга басым кылгандын ордуна колдошубуз шарт. Бул парламент тарабынан көзөмөлгө алынышы керек жана тиешелүү деңгээлде тапшырма берилиши зарыл" , - дейт ал. Аида Касымалиева: "Бул көйгөйдү мамлекеттин бир маселеси деп кароо керек. Мен көптөгөн аймактарда болдум. Айылдарда үй жумуштарынан, балдардан бошоп ишкерлик менен алек болуу үчүн айымдардын убактысы деле жетпейт. Негизи айылдарда айымдарга өтө кыйын, ошон үчүн жөлөк пул маселесине көп көңүл буруп келдим. Биз социалдык шарттарды иштеп чыгуубуз шарт. Мисалы, балдарын 2-3 саатка калтырып туруу жагын карап көрүү зарыл. Ушул сыяктуу жардамдарды болсо дагы уюштуруу керек. Шаарда чач-тарачтар, сулуулук салондор бар, аларды дагы колдоо керек. Бизде айымдар акылдуу, эмгекчил келишет, аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү зарыл. Мен мындай маселелерди көп көтөрүп жүрөм ", - деди. Алтынай Өмүрбекова: "Айымдардын ишкерлиги ар дайым мамлекеттин жардамына муктаж. Бул жерде эки кыйынчылык бар. Биринчиден, маалыматтын аздыгы, экинчиден финансылык көйгөй. Дал ушул жерде мамлекеттен жардам керек. Эгер 90-жылдарды эске ала турган болсок, биздин айымдар колуна баштык алып, өлкөнүн экономикасын сактап калышкан. Менимче, аларга ыраазычылык билдирүү убактысы келди. Ошондуктан мамлекеттик жардам, колдоо көргөзүү абзел. Айымдар канча акча таппасын, үй-бүлөсүнүн кирешесине салым кошот. Мамлекет айымдардын ишкерлигин колдоо менен чоң пайда таба алат", - дейт. Айым талапкерлер бири-бирине суроо узатышты. "Мекен-Ынтымагы" партиясынан депутаттыкка талапкер Венера Осмонбетова айым талапкерлерге суроо узатты. Ал "Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Асель Атабековага "Жыл сайын өлкөдө канча бала зордук-зомбулук көрөт жана канча аял күйөөсү тараптан кордукка кабылат?" деген суроо берди. Асель Атабекова: "Бул жөн эле сан, 20дан 30 пайызга чейин аялдар зомбулукка кабылышат. Ал эми балдар 4-5 пайызга чейин зомбулукка кабылышат", - деп жооп берди. Венера Осмонбетова "Социал-демократтар" партиясынан талапкер Айчүрөк Камаевага "Акыркы 10 жыл бою бийликте туруп, мамлекеттин өнүкпөгөнүн моюнуңарга аласыңарбы?" деген суроо берди. Айчүрөк Камаева: "Биз мамлекет алдында, эл алдында өзүбүздүн катабызды сезип турабыз. Бул боюнча Алмазбек Шаршенович дагы эл менен жолукканда бир нече жолу айтып жүрдү. Бул туурасында биз моралдык жоопкерчиликти алып, элге дагы кайрылуу жасап келебиз. Ушул каталарыбызды жоёлу деп КСДП эмес, "Социал-демократтар" партиясын түзүп, 90 пайыз эски адамдардан арылып, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө жигердүү салым кошобуз деп парламентке баратабыз" , - деди. Венера Осмонбетова "Биримдик" партиясынан депутаттыкка талапкер Аида Касымалиевага "Партиядан партияга секиргендер булар эки жүздүүбү же партиядагы туруксуздукпу?" деген суроо берди. Аида Касымалиева: "Мен өзүм жөнүндө жооп берип коёюн, 2015-жылы КСДПдан депутаттыкка аттандык эле. КСДП кийинки учурда ыдырады. Айрымдары башка лидерлер менен, калгандары "Социал-демократтар" менен калды. Кайсы КСДП жөнүндө сөз болуп жатканы түшүнүксүз. Бул нерсени бир партияга секирүү деп эсептебейм. "Биримдик" партиясынын идеологиясы социал-демократия боюнча калды. Партиялаштарым менен башка партия түзгөнгө мажбур болдук", - деди. Венера Осмонбетова "Республика" партиясынан талапкер Алтынай Өмүрбековага "Пандемия учурунда сиз жоопкерчиликтүү жумушта турдуңуз, бирок анын натыйжасында миңден ашык адам каза болду. Ушуга эмне себеп болду деп ойлойсуз?" деп суроо узатты. Алтынай Өмүрбекова: "Туура, февраль, март айында мен өкмөттө иштеп жатканда пандемия менен күрөшүүнү биздин өкмөт баштаган. Анда биздин биринчи максатыбыз коронавирусту өлкөгө киргизбөө болчу. Бизде алгачкы жолу коронавирус илдети март айында аныкталды. Эгерде ошол иштерди кылбасак, балким, февралда эле келмек. Пандемия менен күрөшүүдө биз жакшы эле салым коштук. Апрель айында мен жумуштан кеттим. Андан бери июнга чейин эл карантинде отурду. Кийин убактысы келгенде бул иштер иликтенет. Тарых дагы, убакыт дагы көрсөтөт" , - деп жооп берди. "Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Асель Атабекова тарабынан талапкерлерге суроо берилди. Ал "Мекен-Ынтымагы" партиясынан талапкер Венера Осмонбетовага "Кандай кыйыр салыктарды билесиз жана алар кандай аталат?" деген суроо берди. Венера Осмонбетова бул суроого жооп бере албай турганын айтты. Асель Атабекова "Республика" партиясынан талапкер Алтынай Өмүрбековага төмөндөгүдөй суроо узатты. "Ипотека 6 пайыз менен саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматкерлерге берилет жана алгачкы төлөм алып салынат деп жазыптырсыздар. Бул абдан сонун. Айтсаңыз, айлык маяна боюнча, 4 миңден 18 миңге чейин маяна алса, болжолдуу 2 миллион сомду төлөө үчүн 20 жыл дарыгерлер эч нерсе ичпей, жебей жашай беришеби? Эмнеге негиздеп, ушундай убаданы берип жатасыздар?" Алтынай Өмүрбекова: "Биздин партия жөн гана айтып койбойбуз, биз далилдейбиз. Алгачкы төлөм боюнча, бул эң биринчиден мугалимдерди жана дарыгерлерди ойлонткон маселе. Мындан сырткары мугалимдердин жана дарыгерлердин үй-бүлөсү бар. Алар үй-бүлөдө жалгыз гана иштеген адам эмес да. Мага бир дарыгер келип, "алгачкы төлөмдү алып койсоңор менин төлөгөнгө шартым бар. Балам Москвадан ай сайын акча салып турат" деген. Ал ай сайын төлөм төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү бар экенин, бирок алгачкы төлөмдү төлөй албастыгын айткан. Бул жөн эле курулай сөз эмес, конкреттүү окуядан алынган", - деди. Асель Атабекова тарабынан "Биримдик" партиясынан талапкер Аида Касымалиевага "Сиздердин программаңыздарда абдан көп социалдык көйгөйлөр көтөрүлгөн экен. Азыркы учурдагы курч медициналык көйгөйлөрдү чечүүдө конкреттүү кандай чараларды колдоносуздар?" деген суроо узатылды. Аида Касымалиева: "Мен программа менен таанышып жаткан учурда ар бир пунктка көңүл бургам. Анын ичинде айлык маянанын көтөрүлүшү, "Тез жардам" кызматынын сапатын жакшыртуу, биокоопсуздук, лабораторияларга көңүл бурулган" , - дейт. "Социал-демократтар" партиясынан талапкер Айчүрөк Камаевага "Мурда КСДПнын мүмкүнчүлүктөрү көп, узак жолу бар эле. Азыр эмне үчүн акыркы чекитти көрүп туруп, мындай амбициялар болуп жатат?" деген суроо берилди. Айчүрөк Камаева: "Кандай амбициялар жөнүндө сөз болуп жатканына түшүнгөн жокмун. Бүгүнкү күндө эки "КСДП" менен "Социал-Демократтар" партиясын алмаштырып жатасыздар. КСДП башка курам менен кеткен. Ал эми "Социал-Демократтар" партиясы, биз, жаңы башка курам менен шайлоого келе жатабыз. Арабызда азыркы депутаттардан 5-6оо эле бар. Калгандары баары башка адамдардан куралган. Бизди эмне себептен жогорку деңгээлдеги амбиция түрткү кылды? Жогоруда эле айтып өтпөдүмбү, өлкөдөгү көмүскөдө калган иш-аракеттердин күчөшү, элдин алдындагы бийликтин шалаакылыгы. Мындан тышкары кландык бийликтин акырындык менен жайылып келе жаткандыгы. Мына ушулардын баары түрткү болду", - деп жооп берди. “Социал-Демократтар” партиясынан депутаттыкка талапкер Айчүрөк Камаева айым талапкерлерге суроо берди. Ал “Биримдик” партиясынан талапкер Аида Касымалиевага суроо узатты. “Элдин айтуусу боюнча, “Биримдик” партиясы саясий саткындар, элдин ырыскысын уурдагандар, жарымынан көбү мамлекетте чоң кызматта турган адамдар менен бара жатат. Ушундай курам менен азыркы убакта уят болуп жаткандай эле, эртеңки күнү дагы элдин алдында уят болуп, келечекте балдарыңыздын жүзүн кандай карайсыздар?" Аида Касымалиева: “Жанатан бери саткын, саткын деген сөз көп айтылды. КСДПнын урашына ким күнөөлүү? ЖЭБ боюнча комиссиянын курамына киргем, бул боюнча КСДП фракциясы өзү демилге көтөрүп болуп көрбөгөндөй чуулгандуу иштерди көтөрүп, укук коргоо органдары өзүнүн баасын берди. Курам боюнча айтсам, мен азыр Кербенден келдим. Элдин кабыл алуусу жакшы жана биздин команда күчтүү. Биринчи саптарда тажрыйбалуу адистер турат. Азыр бардык партияда келе жаткан жаштарды колдойм, бул абдан сонун көрүнүш", - деди. Айчүрөк Камаева “Кыргызстан” партиясынан талапкер Асель Атабековага “Сиздердин партиянын курамында эки сөздүн башын бириктире албаган, сабатсыз депутаттар аттанып жатат. Алар парламентке келип кала турган болсо, кыргыз парламентин дүйнө жүзүнө сабатсыз парламент деп даңазалап калабы?” деген суроо берди. Асель Атабекова: “Орус тили - бул мамлекеттик тил эмес. Адамдын адашканын көтөрүп, негизги көйгөйдү көтөрбөй элди алдап жатабыз. Мисалы, биздин спикер түрк тилинде сонун сүйлөйт экен. Бакуда түрк тилинде сүйлөсө баары таң калышыптыр. Эмне үчүн бул тууралуу эч ким айтпайт? Адам сөздөн адашып кеткенине эмес, жасаган ишине баа берилиши керек” , - деп жооп берди. Айчүрөк Камаева “Республика” партиясынан талапкер Алтынай Өмүрбековага “Эмне үчүн үй-бүлөлүк башкарууга каршы тура алган жоксуздар? Коркуп жатасыздарбы?” деген суроо узатты. Алтынай Өмүрбекова: “Биз корксок 7-чакырылышка аттанмак эмеспиз. Биздин мурунку саясий лидерибиз өзүнүн билдирүүсүн берген. Биз анын оюн сыйлайбыз. Мурунку президент бардык конституциялык нормаларды бузуп, шайлоо убагында үгүт иштеринде мыйзам бузган. Ал киши жөнүндө жаман ой айткым келбейт. Анткени ал мага жооп бере албайт. Бирок бул баарыбызга тарых болушу керек. Түбөлүк бийлик жок. Ошондуктан эч качан мыйзам бузууга барбоо зарыл”, - деп жооп берди. "Биримдик" партиясынан талапкер Аида Касымалиева талапкерлерге суроо берди. Ал "Республика" партиясынан талапкер Алтынай Өмүрбековага "Пандемия учурундагы моралдык бир жоопкерчиликти сезбейсизби? Бүгүнкү күндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы жетекчиси Космосбек Чолпонбаев дагы камакка алынды..." деп кайрылды. Алтынай Өмүрбекова: "Аида Камчыбековна, пандемияда эң негизги жетекчилер чыгып ачык-айкын элге маалымат берүүдөн баш тартканда, мен ошол маалда чыгып элге бардык керектүү маалыматты жеткирип турганга аракет кылдым. Ошондо эле жоопкерчиликти моюнума алып койгом десем болот. Мен жана дагы айтып кеттим жоопкерчиликтен эч ким качпайт, бул жерде иликтөө жүргүзүү үчүн биринчилерден болуп демилгечи болом. Ким кандай жумуш аткарды өз убагында баары жооп берет, эч ким качпайт. Үчүнчүдөн, Космосбек Чолпонбаев эмне себептен бүгүнкү күндө камакка алынды ачык айтыла элек. Бул болсо жанагы пандемия учурундагы чоң акчалар туура эмес сарпталдыбы же болбосо буга чейинби деген суроо турат. Ошондуктан менин оюмча, укук коргоо органдары да маалыматты бүгүнкү күндө ар кандай берип жатат. Бирөөсү 9 миллион доллар десе, бирөөсү 65 миллион доллар дейт. Ошол толук, туура маалымат болгондо, мен кенен комментарий бере алам деп ойлойм" , - деди. Аида Касымалиева "Мекен-Ынтымагы" партиясынан талапкер Венера Осмонбетовага "Эл арасында "Мекен-Ынтымагы" партиясы шайлоо учурунда гана пайда болот деген пикир бар. Сиз буга кандай пикирдесиз?" деп суроо берди. Венера Осмонбетова: "Биздин катарда бүт карапайым адамдар, өзгөчө ушул жылкы талапкерлер. Негизи шайлоого катышкан бул ар бир партиянын милдети, ошол себептен биз шайлоого катышабыз. Шайлоо бүткөндөн кийин ар кандай сөздөрдү чыгарбай эле өтсөк өттүк, өтпөсөк өз ишибизди улантып келе беребиз. Эгерде элде маалымат жок болсо же сиздер билбесеңиздер такыр бир иши жок деп айтууга туура келбейт. Себеп дегенде биз жерлерди кыдырабыз, балдарды окутууда, элдин аң-сезимин жогорулатууда салым кошуп келебиз. Жыл сайын балдарыбызга саясий сабаттуулукту, чоң саясатка барбасак дагы кадрларды даярдап келебиз" , - деди. Аида Касымалиева "Кыргызстан" партиясынан талапкер Асель Атабековадан гимнди ырдап берүүнү суранды. Атабекова гимндин биринчи 4 сабын ырдап берди. Аида Касымалиева "Социал-демократтар" партиясынан талапкер Айчүрөк Камаевага "Сиздер эч кандай программаны айтпастан эле, сын гана айтып жатасыздар, бирок бир дагы жолу мындай конкреттүү сунуштарды айткан жоксуздар..." деп кайрылды. Айчүрөк Камаева: "Биздин конкреттүү түрдө сунуштар программабызда берилген. Мен кыскача токтолуп кетейин, биз бүгүнкү күндө парламенттин күчүн көбөйтүп, ал эми президенттин ыйгарым укуктарын кыскартуу менен биргеликте күчтүү парламентти түзөбүз деп бара жатабыз. Эгерде биз өтүп кете турган болсок, биздин программада көрсөтүлгөн тармактар боюнча иштердин баарын тең этап-этабы менен аткарабыз" , - деди. "Республика" партиясынан талапкер Алтынай Өмүрбекованын мөөнөтү аз калгандыгына байланыштуу "Биримдик" партиясынан талапкер Аида Касымалиевага гана суроо узатты. Биринчи суроо: "Дүйнө жүзү азыркы учурда пандемиянын экинчи толкуну болот деп даярданып жатышат. Сиздердин партиянын тизмесинде бир канча жооптуу мамлекеттик кызматкерлер бар. Ошол эле вице-премьер, социалдык өнүктүрүү министри, анын орун басары бүгүнкү күнү пандемияга даярданбай шайлоо менен алышып жүрөт. Сиздин оюңузча, бул нормалдуубу? Ким даярданып жатат бул убакытта?" Жооп: "Негизинен мен буга чейин дагы байкагам Аида Исмаилова боюнча экөөңүздөр бир партиядан, бир фракциядан чыгып, вице-премьер-министр болдуңуздар. Бирок ошол башынан эле мамилеңиздер начар. Анан мен ал мамилелерге профессионалдык жактан эмес, аралашкым келбейт да. Анан дагы бир нерсени айткым келет да, менден кийинки вице-премьер жакшы жумушту жасабай койду деген таризде интервьюңузду окуп калдым да. Бул дагы жоопкерчиликтен качуу. Социалдык өнүктүрүү министри, вице-премьер-министр дагы өзү даярдыктарын көрүп жатса керек. Мына азыр шайлоону өткөрүп алабыз деп, анан кийин барышты деп ойлойм. Алар үчүн жооп бере албайм" . Экинчи суроо: "Сиз бүгүн депутат катары ушул төш белгини кармап туруп "Биримдик" партиясы административдик-ресурс колдонгон жок деп айта аласызбы?" Жооп: "Айта алам. Төш белгимди дагы кармайм, чын жүрөгүмдөн дагы айта алам. Себеби дегенде өнөктүк башталганда эле каралоо башталды. Ал жерде ошол менин айыл өкмөтүмдү ремонт иштерине бөлүнгөн иштерди, анан башка партияга иштеп жаткан директор. Ал боюнча видео дагы бар. Ошол паспортторду эмне себептен чогултуп жатасыз деген сөздөрдөн улам саясий интригага башка партия ошол жерде анын талапкери айлантып жиберди. Ал каралоону туура түшүндүм. Аны Кудайга койдум десем болот. Башка партиялардын айыл өкмөттөрү башка партиялардан талапкер болуп жаткан эң күлкүлүү. Мисалы, мен Өзгөндө көбүрөөк иштейм, айыл өкмөт, аким, ошолордун баары административдик ресурсту колдонсо, башка партияларга колдонуп жатат да. Азыр мына президент дагы "Тең мамиле" деп айтып кетти. Ошол дагы чоң таасирин берип жатат". 00:19 22-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева, Айжанар Рыспек кызы, Гүлзина Каныбекова

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:57

Теледебатта айым талапкерлер бири-бирине суроо беришти

Бүгүн, 21-сентябрда айым талапкерлердин теледебаты өттү. “Мекен-Ынтымагы" - Венера Осмонбетова; "Кыргызстан" - Асель Атабекова; "Социал-демократтар" - Айчүрөк Камаева; "Биримдик" - Аида Касымалиева; "Республика" - Алтынай Өмүрбекова. "Мекен-Ынтымагы" партиясынан депутаттыкка талапкер Венера Осмонбетова айым талапкерлерге суроо узатты. Ал "Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Асель Атабековага "Жыл сайын өлкөдө канча бала зордук-зомбулук көрөт жана канча аял күйөөсү тараптан кордукка кабылат?" деген суроо берди. Асель Атабекова: "Бул жөн эле сан, 20дан 30 пайызга чейин аялдар зомбулукка кабылышат. Ал эми балдар 4-5 пайызга чейин зомбулукка кабылышат" , - деп жооп берди. Венера Осмонбетова "Социал-демократтар" партиясынан талапкер Айчүрөк Камаевага "Акыркы 10 жыл бою бийликте туруп, мамлекеттин өнүкпөгөнүн моюнуңарга аласыңарбы?" деген суроо берди. Айчүрөк Камаева: "Биз мамлекет алдында, эл алдында өзүбүздүн катабызды сезип турабыз. Бул боюнча Алмазбек Шаршенович дагы эл менен жолукканда бир нече жолу айтып жүрдү. Бул туурасында биз моралдык жоопкерчиликти алып, элге дагы кайрылуу жасап келебиз. Ушул каталарыбызды жоёлу деп КСДП эмес, "Социал-демократтар" партиясын түзүп, 90 пайыз эски адамдардан арылып, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө жигердүү салым кошобуз деп парламентке баратабыз" , - деди. Венера Осмонбетова "Биримдик" партиясынан депутаттыкка талапкер Аида Касымалиевага "Партиядан партияга секиргендер булар эки жүздүүбү же партиядагы туруксуздукпу?" деген суроо берди. Аида Касымалиева: "Мен өзүм жөнүндө жооп берип коёюн, 2015-жылы КСДПдан депутаттыкка аттандык эле. КСДП кийинки учурда ыдырады. Айрымдары башка лидерлер менен, калгандары "Социал-демократтар" менен калды. Кайсы КСДП жөнүндө сөз болуп жатканы түшүнүксүз. Бул нерсени бир партияга секирүү деп эсептебейм. "Биримдик" партиясынын идеологиясы социал-демократия боюнча калды. Партиялаштарым менен башка партия түзгөнгө мажбур болдук", - деди. Венера Осмонбетова "Республика" партиясынан талапкер Алтынай Өмүрбековага "Пандемия учурунда сиз жоопкерчиликтүү жумушта турдуңуз, бирок анын натыйжасында миңден ашык адам каза болду. Ушуга эмне себеп болду деп ойлойсуз?" деп суроо узатты. Алтынай Өмүрбекова: "Туура, февраль, март айында мен өкмөттө иштеп жатканда пандемия менен күрөшүүнү биздин өкмөт баштаган. Анда биздин биринчи максатыбыз коронавирусту өлкөгө киргизбөө болчу. Бизде алгачкы жолу коронавирус илдети март айында аныкталды. Эгерде ошол иштерди кылбасак, балким, февралда эле келмек. Пандемия менен күрөшүүдө биз жакшы эле салым коштук. Апрель айында мен жумуштан кеттим. Андан бери июнга чейин эл карантинде отурду. Кийин убактысы келгенде бул иштер иликтенет. Тарых дагы, убакыт дагы көрсөтөт" , - деп жооп берди. "Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Асель Атабекова тарабынан талапкерлерге суроо берилди. Ал "Мекен-Ынтымагы" партиясынан талапкер Венера Осмонбетовага "Кандай кыйыр салыктарды билесиз жана алар кандай аталат?" деген суроо берди. Венера Осмонбетова бул суроого жооп бере албай турганын айтты. Асель Атабекова "Республика" партиясынан талапкер Алтынай Өмүрбековага төмөндөгүдөй суроо узатты. "Ипотека 6 пайыз менен саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматкерлерге берилет жана алгачкы төлөм алып салынат деп жазыптырсыздар. Бул абдан сонун. Айтсаңыз, айлык маяна боюнча, 4 миңден 18 миңге чейин маяна алса, болжолдуу 2 миллион сомду төлөө үчүн 20 жыл дарыгерлер эч нерсе ичпей, жебей жашай беришеби? Эмнеге негиздеп, ушундай убаданы берип жатасыздар?" Алтынай Өмүрбекова: "Биздин партия жөн гана айтып койбойбуз, биз далилдейбиз. Алгачкы төлөм боюнча, бул эң биринчиден мугалимдерди жана дарыгерлерди ойлонткон маселе. Мындан сырткары мугалимдердин жана дарыгерлердин үй-бүлөсү бар. Алар үй-бүлөдө жалгыз гана иштеген адам эмес да. Мага бир дарыгер келип, "алгачкы төлөмдү алып койсоңор менин төлөгөнгө шартым бар. Балам Москвадан ай сайын акча салып турат" деген. Ал ай сайын төлөм төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү бар экенин, бирок алгачкы төлөмдү төлөй албастыгын айткан. Бул жөн эле курулай сөз эмес, конкреттүү окуядан алынган", - деди. Асель Атабекова тарабынан "Биримдик" партиясынан талапкер Аида Касымалиевага "Сиздердин программаңыздарда абдан көп социалдык көйгөйлөр көтөрүлгөн экен. Азыркы учурдагы курч медициналык көйгөйлөрдү чечүүдө конкреттүү кандай чараларды колдоносуздар?" деген суроо узатылды. Аида Касымалиева: "Мен программа менен таанышып жаткан учурда ар бир пунктка көңүл бургам. Анын ичинде айлык маянанын көтөрүлүшү, "Тез жардам" кызматынын сапатын жакшыртуу, биокоопсуздук, лабораторияларга көңүл бурулган", - дейт. "Социал-демократтар" партиясынан талапкер Айчүрөк Камаевага "Мурда КСДПнын мүмкүнчүлүктөрү көп, узак жолу бар эле. Азыр эмне үчүн акыркы чекитти көрүп туруп, мындай амбициялар болуп жатат?" деген суроо берилди. Айчүрөк Камаева: "Кандай амбициялар жөнүндө сөз болуп жатканына түшүнгөн жокмун. Бүгүнкү күндө эки "КСДП" менен "Социал-Демократтар" партиясын алмаштырып жатасыздар. КСДП башка курам менен кеткен. Ал эми "Социал-Демократтар" партиясы, биз, жаңы башка курам менен шайлоого келе жатабыз. Арабызда азыркы депутаттардан 5-6оо эле бар. Калгандары баары башка адамдардан куралган. Бизди эмне себептен жогорку деңгээлдеги амбиция түрткү кылды? Жогоруда эле айтып өтпөдүмбү, өлкөдөгү көмүскөдө калган иш-аракеттердин күчөшү, элдин алдындагы бийликтин шалаакылыгы. Мындан тышкары кландык бийликтин акырындык менен жайылып келе жаткандыгы. Мына ушулардын баары түрткү болду", - деп жооп берди. “Социал-Демократтар” партиясынан депутаттыкка талапкер Айчүрөк Камаева айым талапкерлерге суроо берди. Ал “Биримдик” партиясынан талапкер Аида Касымалиевага суроо узатты. “Элдин айтуусу боюнча, “Биримдик” партиясы саясий саткындар, элдин ырыскысын уурдагандар, жарымынан көбү мамлекетте чоң кызматта турган адамдар менен бара жатат. Ушундай курам менен азыркы убакта уят болуп жаткандай эле, эртеңки күнү дагы элдин алдында уят болуп, келечекте балдарыңыздын жүзүн кандай карайсыздар?" Аида Касымалиева: “Жанатан бери саткын, саткын деген сөз көп айтылды. КСДПнын урашына ким күнөөлүү? ЖЭБ боюнча комиссиянын курамына киргем, бул боюнча КСДП фракциясы өзү демилге көтөрүп болуп көрбөгөндөй чуулгандуу иштерди көтөрүп, укук коргоо органдары өзүнүн баасын берди. Курам боюнча айтсам, мен азыр Кербенден келдим. Элдин кабыл алуусу жакшы жана биздин команда күчтүү. Биринчи саптарда тажрыйбалуу адистер турат. Азыр бардык партияда келе жаткан жаштарды колдойм, бул абдан сонун көрүнүш" , - деди. Айчүрөк Камаева “Кыргызстан” партиясынан талапкер Асель Атабековага “Сиздердин партиянын курамында эки сөздүн башын бириктире албаган, сабатсыз депутаттар аттанып жатат. Алар парламентке келип кала турган болсо, кыргыз парламентин дүйнө жүзүнө сабатсыз парламент деп даңазалап калабы?” деген суроо берди. Асель Атабекова: “Орус тили - бул мамлекеттик тил эмес. Адамдын адашканын көтөрүп, негизги көйгөйдү көтөрбөй элди алдап жатабыз. Мисалы, биздин спикер түрк тилинде сонун сүйлөйт экен. Бакуда түрк тилинде сүйлөсө баары таң калышыптыр. Эмне үчүн бул тууралуу эч ким айтпайт? Адам сөздөн адашып кеткенине эмес, жасаган ишине баа берилиши керек”, - деп жооп берди. Айчүрөк Камаева “Республика” партиясынан талапкер Алтынай Өмүрбековага “Эмне үчүн үй-бүлөлүк башкарууга каршы тура алган жоксуздар? Коркуп жатасыздарбы?” деген суроо узатты. Алтынай Өмүрбекова: “Биз корксок 7-чакырылышка аттанмак эмеспиз. Биздин мурунку саясий лидерибиз өзүнүн билдирүүсүн берген. Биз анын оюн сыйлайбыз. Мурунку президент бардык конституциялык нормаларды бузуп, шайлоо убагында үгүт иштеринде мыйзам бузган. Ал киши жөнүндө жаман ой айткым келбейт. Анткени ал мага жооп бере албайт. Бирок бул баарыбызга тарых болушу керек. Түбөлүк бийлик жок. Ошондуктан эч качан мыйзам бузууга барбоо зарыл” , - деп жооп берди. "Биримдик" партиясынан талапкер Аида Касымалиева талапкерлерге суроо берди. Ал "Республика" партиясынан талапкер Алтынай Өмүрбековага "Пандемия учурундагы моралдык бир жоопкерчиликти сезбейсизби? Бүгүнкү күндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы жетекчиси Космосбек Чолпонбаев дагы камакка алынды..." деп кайрылды. Алтынай Өмүрбекова: "Аида Камчыбековна, пандемияда эң негизги жетекчилер чыгып ачык-айкын элге маалымат берүүдөн баш тартканда, мен ошол маалда чыгып элге бардык керектүү маалыматты жеткирип турганга аракет кылдым. Ошондо эле жоопкерчиликти моюнума алып койгом десем болот. Мен жана дагы айтып кеттим жоопкерчиликтен эч ким качпайт, бул жерде иликтөө жүргүзүү үчүн биринчилерден болуп демилгечи болом. Ким кандай жумуш аткарды өз убагында баары жооп берет, эч ким качпайт. Үчүнчүдөн, Космосбек Чолпонбаев эмне себептен бүгүнкү күндө камакка алынды ачык айтыла элек. Бул болсо жанагы пандемия учурундагы чоң акчалар туура эмес сарпталдыбы же болбосо буга чейинби деген суроо турат. Ошондуктан менин оюмча, укук коргоо органдары да маалыматты бүгүнкү күндө ар кандай берип жатат. Бирөөсү 9 миллион доллар десе, бирөөсү 65 миллион доллар дейт. Ошол толук, туура маалымат болгондо, мен кенен комментарий бере алам деп ойлойм" , - деди. Аида Касымалиева "Мекен-Ынтымагы" партиясынан талапкер Венера Осмонбетовага "Эл арасында "Мекен-Ынтымагы" партиясы шайлоо учурунда гана пайда болот деген пикир бар. Сиз буга кандай пикирдесиз?" деп суроо берди. Венера Осмонбетова: "Биздин катарда бүт карапайым адамдар, өзгөчө ушул жылкы талапкерлер. Негизи шайлоого катышкан бул ар бир партиянын милдети, ошол себептен биз шайлоого катышабыз. Шайлоо бүткөндөн кийин ар кандай сөздөрдү чыгарбай эле өтсөк өттүк, өтпөсөк өз ишибизди улантып келе беребиз. Эгерде элде маалымат жок болсо же сиздер билбесеңиздер такыр бир иши жок деп айтууга туура келбейт. Себеп дегенде биз жерлерди кыдырабыз, балдарды окутууда, элдин аң-сезимин жогорулатууда салым кошуп келебиз. Жыл сайын балдарыбызга саясий сабаттуулукту, чоң саясатка барбасак дагы кадрларды даярдап келебиз", - деди. Аида Касымалиева "Кыргызстан" партиясынан талапкер Асель Атабековадан гимнди ырдап берүүнү суранды. Атабекова гимндин биринчи 4 сабын ырдап берди. Аида Касымалиева "Социал-демократтар" партиясынан талапкер Айчүрөк Камаевага "Сиздер эч кандай программаны айтпастан эле, сын гана айтып жатасыздар, бирок бир дагы жолу мындай конкреттүү сунуштарды айткан жоксуздар..." деп кайрылды. Айчүрөк Камаева: "Биздин конкреттүү түрдө сунуштар программабызда берилген. Мен кыскача токтолуп кетейин, биз бүгүнкү күндө парламенттин күчүн көбөйтүп, ал эми президенттин ыйгарым укуктарын кыскартуу менен биргеликте күчтүү парламентти түзөбүз деп бара жатабыз. Эгерде биз өтүп кете турган болсок, биздин программада көрсөтүлгөн тармактар боюнча иштердин баарын тең этап-этабы менен аткарабыз" , - деди. "Республика" партиясынан талапкер Алтынай Өмүрбекованын мөөнөтү аз калгандыгына байланыштуу "Биримдик" партиясынан талапкер Аида Касымалиевага гана суроо узатты. Биринчи суроо: "Дүйнө жүзү азыркы учурда пандемиянын экинчи толкуну болот деп даярданып жатышат. Сиздердин партиянын тизмесинде бир канча жооптуу мамлекеттик кызматкерлер бар. Ошол эле вице-премьер, социалдык өнүктүрүү министри, анын орун басары бүгүнкү күнү пандемияга даярданбай шайлоо менен алышып жүрөт. Сиздин оюңузча, бул нормалдуубу? Ким даярданып жатат бул убакытта?" Жооп: "Негизинен мен буга чейин дагы байкагам Аида Исмаилова боюнча экөөңүздөр бир партиядан, бир фракциядан чыгып, вице-премьер-министр болдуңуздар. Бирок ошол башынан эле мамилеңиздер начар. Анан мен ал мамилелерге профессионалдык жактан эмес, аралашкым келбейт да. Анан дагы бир нерсени айткым келет да, менден кийинки вице-премьер жакшы жумушту жасабай койду деген таризде интервьюңузду окуп калдым да. Бул дагы жоопкерчиликтен качуу. Социалдык өнүктүрүү министри, вице-премьер-министр дагы өзү даярдыктарын көрүп жатса керек. Мына азыр шайлоону өткөрүп алабыз деп, анан кийин барышты деп ойлойм. Алар үчүн жооп бере албайм". Экинчи суроо: "Сиз бүгүн депутат катары ушул төш белгини кармап туруп "Биримдик" партиясы административдик-ресурс колдонгон жок деп айта аласызбы?" Жооп: "Айта алам. Төш белгимди дагы кармайм, чын жүрөгүмдөн дагы айта алам. Себеби дегенде өнөктүк башталганда эле каралоо башталды. Ал жерде ошол менин айыл өкмөтүмдү ремонт иштерине бөлүнгөн иштерди, анан башка партияга иштеп жаткан директор. Ал боюнча видео дагы бар. Ошол паспортторду эмне себептен чогултуп жатасыз деген сөздөрдөн улам саясий интригага башка партия ошол жерде анын талапкери айлантып жиберди. Ал каралоону туура түшүндүм. Аны Кудайга койдум десем болот. Башка партиялардын айыл өкмөттөрү башка партиялардан талапкер болуп жаткан эң күлкүлүү. Мисалы, мен Өзгөндө көбүрөөк иштейм, айыл өкмөт, аким, ошолордун баары административдик ресурсту колдонсо, башка партияларга колдонуп жатат да. Азыр мына президент дагы "Тең мамиле" деп айтып кетти. Ошол дагы чоң таасирин берип жатат". 23:31 21-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева, Айжанар Рыспек кызы, Гүлзина Каныбекова

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:57

"Аялдардын ишкерлигин колдоо боюнча так кандай кадамдарды сунуштайсыздар?" Айым талапкерлердин теледебаты

Бүгүн, 21-сентябрда айым талапкерлердин теледебаты өтүп жатат. “Мекен-Ынтымагы" - Венера Осмонбетова; "Кыргызстан" - Асель Атабекова; "Социал-демократтар" - Айчүрөк Камаева; "Биримдик" - Аида Касымалиева; "Республика" - Алтынай Өмүрбекова. Суроо: Аялдардын ишкерлигин колдоо боюнча так кандай кадамдарды сунуштайсыздыр? Венера Осмонбетова аялдардын ишкерлигин колдоодо комплекстүү систем иштеп чыгуу керектигин айтты. "Жеңилдетилген кредит жактан көмөк көрсөтүүбүз зарыл. Мамлекеттен аял ишкерлерге колдоо керек. Биз аларга жарнамалык жактан болсо дагы көмөк көрсөтүүбүз шарт. Алар кандайдыр бир мамлекеттик иш-чараларга катышуусун, мамлекет тарабынан социалдык жарнама жактан болсо дагы колдоо кылышыбыз зарыл. Биз айымдардын гана ишкерлиги эмес, негизи эле ишкерликке көңүл буруубуз абзел. Биздин программада инвесторлорду тартуу, алардын көңүлүн бурдуруу сыяктуу дагы программаларды иштеп чыкканбыз", - деди ал. Асель Атабекова: "Мен өзүм 90 пайыз айымдар менен иштешем жана бул жактагы көйгөйдү биздин партия жакшы түшүнүп турат. Айымдардын бизнесин баштоосуна мамлекет конкреттүү жардам көрсөтүп, чечкиндүү кадам кылышыбыз керек. Мисалы, алар кандайдыр бир иш баштап жатса мамлекет тарабынан сөзсүз түрдө колдоо зарыл. Камсыздандыруу жактан болобу, салык системинен болобу, алардын кандайдыр бир маселесин чечүүгө салымыбызды кошуубуз шарт" , - дейт. Айчүрөк Камаева азыркы учурда алардын айымдардын ишкерлигин колдоо боюнча атайын эч кандай деле программасы жок экенин билдирди. "Бирок конкреттүү түрдө чечимдерди кабыл алып, иш алып бара алабыз. Атайын бир ыйгарым укуктуу орган конкреттүү түрдө иш алып баруусу керек. Бир чечкиндүү программаны иштеп чыгуу абзел. Мисалы, пандемия учурунда ишкерлер ЖМКлар аркылуу аларга бир чиновник тарабынан басым болуп жаткандыгын айтып жатышты. Ишкерлер пандемияда канча адамдарга жардам кылды. Аларга эч кандай басым болбошу керек. Биз аларга басым кылгандын ордуна колдошубуз шарт. Бул парламент тарабынан көзөмөлгө алынышы керек жана тиешелүү деңгээлде тапшырма берилиши зарыл" , - дейт ал. Аида Касымалиева: "Бул көйгөйдү мамлекеттин бир маселеси деп кароо керек. Мен көптөгөн аймактарда болдум. Айылдарда үй жумуштарынан, балдардан бошоп ишкерлик менен алек болуу үчүн айымдардын убактысы деле жетпейт. Негизи айылдарда айымдарга өтө кыйын, ошон үчүн жөлөк пул маселесине көп көңүл буруп келдим. Биз социалдык шарттарды иштеп чыгуубуз шарт. Мисалы, балдарын 2-3 саатка калтырып туруу жагын карап көрүү зарыл. Ушул сыяктуу жардамдарды болсо дагы уюштуруу керек. Шаарда чач-тарачтар, сулуулук салондор бар, аларды дагы колдоо керек. Бизде айымдар акылдуу, эмгекчил келишет, аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү зарыл. Мен мындай маселелерди көп көтөрүп жүрөм ", - деди. Алтынай Өмүрбекова: "Айымдардын ишкерлиги ар дайым мамлекеттин жардамына муктаж. Бул жерде эки кыйынчылык бар. Биринчиден, маалыматтын аздыгы, экинчиден финансылык көйгөй. Дал ушул жерде мамлекеттен жардам керек. Эгер 90-жылдарды эске ала турган болсок, биздин айымдар колуна баштык алып, өлкөнүн экономикасын сактап калышкан. Менимче, аларга ыраазычылык билдирүү убактысы келди. Ошондуктан мамлекеттик жардам, колдоо көргөзүү абзел. Айымдар канча акча таппасын, үй-бүлөсүнүн кирешесине салым кошот. Мамлекет айымдардын ишкерлигин колдоо менен чоң пайда таба алат", - дейт. 21:20 21-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева, Айжанар Рыспек кызы, Гүлзина Каныбекова

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:58

Айым талапкерлер теледебатта "Медицина тармагындагы абалды кантип оңдосо болот?" деген суроого жооп беришти

Бүгүн, 21-сентябрда айым талапкерлердин теледебаты өтүп жатат. “Мекен Ынтымагы" - Венера Осмонбетова; "Кыргызстан" - Асель Атабекова ; "Социал-демократтар" - Айчүрөк Камаева ; "Биримдик" - Аида Касымалиева ; "Республика" - Алтынай Өмүрбекова . Суроо: Пандемия кыргыз медицинасынын абалын жылаңачтап даана көрсөттү. Көйгөйлөрдүн көпчүлүгү сокурга көз бүткөндөй көрүндү. Медицина тармагындагы абалды кантип оңдосо болот? Сиздердин программада бул жаатта кандай конкреттүү сунуштар бар? Венера Осмонбетова: "Пандемияда медицина тармагыбыз жылаңач экенин көрдүк. Ошонун кесепетинен жарандарыбыз каза болду. Болгону биз келечектин медицинасын түзгөнгө аракет кылышыбыз керек. Медициналык академиясына инновациялык программаларды киргизүү керек. Кесипкөй дарыгерлер чыгып ушундай жагдайдан чыгаруусу шарт. Пандемияда ооруканалар жетишпей жатты. Аппараттар жетишсиз болуп элдин жини келди. Биздин программада жазылгандай, бардык жерге күчтүү кадрлар керек" , - дейт. Асель Атабекова: "Биздин программада бул көйгөйгө өтө маанилүү ролду өткөрдүк. Себеби бул мамлекеттик масштабда ар бир үй-бүлөнүн көйгөйү болуп эсептелет. Жалпылап айтканда, биз программага жаңы медициналык борборлорду куруу, "Тез жардам" унааларын сапатын жакшыртуу дегенди койдук. А бирок биз тереңирээк карап, ушул медициналык жакта болгон акыбалды өзгөртүш үчүн, биз түшүнүп турабыз. Мына фонддо 6 миллиард доллар, 6 миллиард сом чечип коёбуз десек, элибизди алдаган болобуз. Муну менен маселени чече албайбыз. Ошол бюджетке кандай жол менен толуктасак, ошол 6 миллиард сомду 15 миллиард сомго жеткириш үчүн кандай көйгөйлөрдү чечишибиз керек деп, ошону карап чыктык. Мисалы, ар бар адам ооруп калса ооруканага барат. Ал ооруканада кезек болгондуктан жеке клиникага барганга туура келет. Ал жактан алар акча төлөшөт. Ар бир адам иштеген жеринде фондго акча төлөп келе жатат. Ошол адамдын акчасы ал адам кайда жүрсө, артынан жүрүшү керек. Кайсы гана поликлиникага кайрылбасын ошол фонд иштеши керек. Себеби деген бул ар бир адамдын ден соолугуна салган салымы болот. Ошол жагынан башташыбыз керек", - деди. Айчүрөк Камаева: "Негизи эле пандемия учурунда бир эле медицина тармагы эмес, жалпы эле бийликтин шалаакылыгын жана жоопкерчиликсиз мамилесин көрө алдык. Баарыбыз эле дары-дармектин жетишсиздиги, ооруканада орундун жоктугу жана башка бир катар маселелерге туш болдук. Биздин партия өзүбүздүн программада элдин ушул сыяктуу актуалдуу көйгөйлөрүн камтып, атайын программа иштеп чыктык. Бүгүнкү күндө биз медицинага көңүл буруп, алардын айлык маянасын көтөрүү жана башка социалдык көйгөйлөрүнө маани беребиз. Ал үчүн саясий эрктүү болуу керек", - деди. Аида Касымалиева: "Биздин партия медицина тармагына өзгөчө көңүл бурабыз деп жатабыз. Чындап эле пандемиянын сабактары абдан курч жана өкүнүчтүү болду. Биздин партиянын программасында бул боюнча жакшы сунуштар бар. Дарыгерлерге жакшы айлык төлөй албай калдык. Медицина кызматкерлердин базалык айлыгы көтөрүлүшү зарыл. Бул санэпидемстанция кызматы жок экен. Жогорку окуу жайларга бюджеттик орундарды камсыздап берүү шарт. Пандемиянын учурунда дарыгерлердин макамы жөнүндө мыйзам жок экенин көрдүк. Парламент мыйзам кабыл алып берди", - деди. Алтынай Өмүрбекова: "Биздин "Республика" саясий партиясынын платформасында, программасында саламаттыкты сактоо маселесине абдан чоң көңүл бурулуп жатат. Бюджетти эки эсеге көбөйтөбүз жана анын булактарын дагы аныктаганбыз. Бүгүнкү күнү бизге электрондук саламаттыкты сактоо толугу менен керек. Ар бир киши төрөлгөндөн баштап, эң акыркы күндөргө чейин өзүнүн медициналык электрондук картасы болушу керек. Ал жерде бардык маалымат болушу зарыл. Экинчи маселе - бул кадрларды даярдоо маселеси. Бүгүнкү күндө бизде көптөгөн медициналык окуу жайлар бар, бирок сапаты жакшы болбой жатат. Ошондуктан толук түрдө даярдоо маселесине көңүл буруу. Үчүнчүдөн, 7 облустагы ооруканаларыбыз биотехнологиялык заманбап ооруканаларга айланышы зарыл", - дейт. 20:52 21-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева, Айжанар Рыспек кызы, Гүлзина Каныбекова

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:58

"Кыргызстан" партиясы №15: Заманбап медицина - бул дени сак улуттун негизи!

2020-жылдын июль айындагы маалыматка ылайык, Кыргызстанда саламаттыкты сактоо тармагында 72 миң 284 адам иштейт, анын 13 миң 722си жогорку медициналык билимдүү, 33 миң 740ы орто медициналык билимдүү адистер. Ошентип 10 миң адамга болжол менен 21 дарыгер туура келет. 2018-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги бул тармакта бюджеттин жана адам ресурстарынын натыйжалуу бөлүштүрүлүшү үчүн оптимизациялоо жүргүздү. Бирок оптимизациялоо бирдиктүү жыйынтыкка алып келген жок. Мисалы, бир дарыгер стандарттарга ылайык айына 300 бейтапты тейлөөсү керек, ар бир күнгө бөлгөндө 13-16 бейтап болот. Иш жүзүндө дарыгерлер орто эсеп менен эки эсе көп бейтапты тейлегендиктен ар бир бейтапты кароого бөлүнгөн 30 мүнөттүн баарын колдоно алышпайт. Аймактарда 10-15 бейтаптын ордуна дарыгерлер кээде үч сааттык жумушта 30дан ашык бейтапты кабыл алышат жана ар бирине 5 мүнөткө жетпеген убакыт бөлө алышат. Саламаттыкты сактоо тармагын каржылоону көбөйтүү аракеттерине карабастан, медицина кызматкерлеринин орточо эмгек акысы республикалык орточо деңгээлден төмөн – 10 750 сом бойдон калууда. Саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйү – квалификациялуу адистер менен дарыгерлердин тартыштыгы. Бүгүнкү күндө көптөгөн дарыгерлер чет өлкөгө кетип жатышат, анткени ал жакта көбүрөөк эмгек акы алып, кесиптик жактан өнүгүүгө мүмкүнчүлүктөрү жогору. Ал эми Кыргызстан заманбап медицина жаатында артта калууда. Учурдагы дагы бир негизги көйгөйлөрдүн бири 1,5 миң үй-бүлөлүк дарыгерлердин жетишсиздиги. Пандемияга байланыштуу дарыгерлердин статусу жөнүндө суроо пайда болду жана Кыргызстанда медицина тармагын кескин реформа кылыш керек экенин көрсөттү. Саламаттыкты сактоо министрлигине эпидемия менен күрөшүүдө дарыгерлерге кошумча акы, кенемте төлөө үчүн март айынан июлга чейин 785,4 миллион сом бөлүнгөн. Натыйжада жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө, жандандыруу бөлүмдөрүндө, вирусологиялык лабораторияларда, обсервацияларда же мобилдик топтордо иштеген дарыгерлер 29 күн ичинде жалпысынан 72000 сом алышы керек болчу. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлигинин компенсациялык төлөмдөр боюнча комиссиясынын төрайымы Индира Жумабаеванын айтымында, коронавирустан каза болгон дарыгерлердин үй-бүлөсүнө гана компенсация берилген, калгандары боюнча маселе дагы деле каралып жатат. Медицина тарамагын модернизациялоо жана дарыгерлердин жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн «Кыргызстан» партиясы төмөнкүлөрдү сунуш кылат: 1) мамлекеттик бюджеттен эмгек акы алган медкызматкерлерди киреше салыгынан бошотуу, эгерде салыктардан кийинки эмгек акы орточо айлык акынын деңгээлинен төмөн болсо. Бул чара 18000 сомдон аз алгандардын эмгек акысын 10%га жогорулатат. 2) коммерциялык медицинаны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү: - айрым оор илдеттерди (онкология, кургак учук ж.б.) дарылоо же операция жасаган жана органдарды трансплантациялаган жеке клиникаларды киреше салыгынан бошотуу; - дарылоо, айрым оор ооруларды операция жасоо жана органдарды трансплантациялоо менен байланышкан кызмат көрсөтүүдөн киреше алган чет өлкөлүк дарыгерлерди салыктардан бошотуу; - дарылоо, айрым оор илдеттерге операция жасоо жана органдарды трансплантациялоо менен байланышкан кызматтарды көрсөтүүдөн киреше алган чет өлкөлүк адамдар үчүн ыңгайлуу визалык же визасыз режимди киргизүү; - ооруларды дарылоого келгендер, ошондой эле алардын туугандары (коштоочу адамдар) үчүн ыңгайлуу визалык режимди түзүү. 3) Кыргызстанга алынып келген медициналык жабдууларды жана буюмдарды бардык салык, бажы жана башка төлөмдөрдөн бошотуу; - ата мекендик медицинаны өнүктүрүү үчүн медициналык мекемелер эң алдыңкы технологиялар менен жабдылышы үчүн бардык шарттарды түзүү керек. 4) медициналык кызматкерлерге белгилүү бир жеңилдиктерди караштыруу: - коммуналдык кызматтарга акы төлөөдөн бошотуу же баасын төмөндөтүү; - үзгүлтүксүз 9 ай иштегенден кийин (11 айдын ордуна) акы төлөнүүчү өргүүгө жиберүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу. 5) жаш дарыгерлерди, анын ичинде медициналык ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн айыл жеринде иштөөгө стимул берүү программасын иштеп чыгуу. Программа дарыгерлерге турак жай жана жер, пайызсыз насыя, "жаш дарыгердин депозити" менен камсыз кылышы керек. Медицина кызматкерлерине кам көрүү "Кыргызстан" партиясынын артыкчылыктуу максаттарынын бири. Адам өмүрүн сактап калгандар, эң жогорку жашоо деңгээлине ээ болушу керек. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а 19:08 21-09-2020

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:35

Шайлоо-2020: Партиялардын добуш талашы мушташканга жеткирди

Ош облусунун Араван районунда агитация учурунда болгон окуядан 12 жаран жаракат алды. Жаңжал “Мекеним Кыргызстан” жана “Биримдик” партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылып, кийин эки партия тең муну «чагым» деп сыпаттаган билдирүү таратышты. Бул окуя коомчулукта кызуу талкуу жаратып, бул башталышы гана экендигин, жана чыныгы «бой» али алдыда экендигин айтышууда. Ошол эле учурда бул окуяны партиялардын чыныгы жүзү менен байланыштырышууда. Болуп өткөн жаңжал эмнеден белги берет? Алдыда бул окуянын чоо-жайына кененирээк токтолобуз. Аравандагы жаңжал кантип чыкты? 20-сентябрь күнү кечинде Араван районунун Юсупов айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер Илхом Маннанов жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп жаткан. Бул арада адамдар тобу келип, ортодо чатак чыккан. Анын кесепетинен Араван райондук ооруканасына ар кандай жаракаттар менен 11 жаран, Ош шаардык ооруканасына оор абалда 1 жаран кайрылган. Андан сырткары 5 унаа каражаты талкаланган. Окуя Араван РИИБине Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ээнбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Учурда мушташка катышкан 10 жаран кармалып сурак берүүдө. Ооруканада жаткан 12 жаран дагы жакынкы убакта суралат. Тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, келтирилген чыгымдар эсептелүүдө. Өкмөт башчы Араванда жаңжал чыгаргандарды жоопко тартуу керектигин белгиледи Премьер-министр Кубатбек Боронов Ош облусунун Араван районунда эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда чыккан жаңжалды тез арада иликтөөнү Ички иштер министрлигинин жетекчилигине тапшырды. Ошондой эле Өкмөт башчы күнөөлүүлөр өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керектигин белгилеп, жергиликтүү бийликке калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын да берди. Аравандагы окуя боюнча аты аталган эки партия эмне дейт? Жаңжал “Мекеним Кыргызстан” жана “Биримдик” партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылып, кийин эки партия тең муну «чагым» деп сыпаттаган билдирүү таратышты. «Мекеним Кыргызстан» партиясы бул окуя боюнча Фейсбукка билдирүү таратып, анда жолугушуу учурунда күтүүсүздөн чагымчылардын тобу партиянын тарапкерлерине кол салып, ур-токмокко алып киргенин билдиришти. Ошондой эле аталган партия бул иш калыс жана акыйкат териштирилет деген ниетин билдирип, тиешелүү органдар мындай чагымды уюштургандарды жана аларга буйрук бергендерди катуу жазалоого тийиш деп эсептей турганын кошумчалаган. Ал эми «Биримдик» партиясы бул окуя боюнча Фейсбукка жарыялаган билдирүүсүндө, чагымчылдарга сөзсүз чара көрүлүшүн талап кылды. Ошондой эле аталган партия шайлоонун мыйзамдуулуктун жана тартиптин шарттарында өтүшүн жактай турганын билдирген. Эксперт: «Партиялар добуш үчүн ар кандай ыкмаларга даяр экен» деген түшүнүктү пайда кылды Шайлоо алдында атаандаштык ушунчалык катуу курчуп баратканда, ар кандай провокациялар четтен чыккан кызыктар тараптардын ортосунда орун алуусу мүмкүн экендигин жана окуяга чок таштап койгон кызыктар тараптар болушу мүмкүндүгүн саясат тануучу Эмил Жороев билдирди. Анын айтымында, мындай окуянын орун алышы өлкөдө кооптуу кырдаалды жаратты. «Жалпысынан Кыргызстан боюнча атаандаштык катуу жүрүп жатат. Ошто, Жалал-Абадда, Сузакта бир нече партиялардын атаандашуусу катуу жүрүүдө. Ошондой жерлерде партиялар эч нерседен кайтпай тургандыгы көрүнүп калып жатат. Жадакалса, «от чыгып кетиши да мүмкүн экен» деген түшүнүктү берип жатат. Партиялар добуш үчүн ар кандай ыкмаларга даяр экенин түшүнүп, коркунуч сезими толук орун алып калышы толук мүмкүн» , — деди Жороев. Жороев билдиргендей, Аравандагы окуяны күч органдары биринчи кезекте тыкыр изилдеп чыгып, партияларга да, шайлоочуларга да «кандай ката кетти жана кимдер күнөөлүү» деген суроолор боюнча толук маалымат бериш керек. Молдалиев: “Провокаторлор” башка жаңжал чыгып кетсе эмне болот» деп ойлонушу керек Саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин айтымында, Аравандагы окуя шайлоодо баарына каршы добуш берүүгө чакырык салгандардын чырагына май тамызды. Ошондой эле, «өздөрү элдин арасында ынтымак менен бир иш-чара өткөрө албаган партиялар, кантип элге жакшы иш жасап берет? » деген ойдун жаралуусуна дагы бир ирет шарт түздү. Шайлоо алдындагы мындай пикир келишпестиктер башка жерлерде деле болот. Бирок бул жерде кимдердин мушташып жаткандыгы маанилүү. «Бул жерде шайлоо өнөктүгүнөн мушташка баргандай түр көрүнүп жатат. Араван району — Кара-Суу району сыяктуу эле көп улуттуу аймак. Биз көп улуттуу мамлекет экенибизди унутпашыбыз керек. Ушул жерден башка жаңжал чыгып кетсе эмне болот. “Провокаторлор” башка жаңжал чыгып кетсе эмне болот» деп ойлонушу керек. Ошол партиялардын деңгээли ушул» , — деди Молдалиев. Саясат талдоочу билдиргендей, партиялар мушташ жолу менен эмес, акыл күчү менен күрөшүш керек. Башкача айтканда, идеялардын тиреши болуш керек. Ошондой эле күч органдары созуп жүрүп албай, тез реакция кылып, күнөөлүүлөрдү жазалап, башкаларды да мындай ишке барбай тургандай кылыш керек. Мындан сырткары, ал эл арасындагы «шайлоого көбүнчө «каралар», криминалдар баратат» деген ойлорду бул окуялар далилдеп жатат деген ойдо. Эске салсак, буга чейин да жогоруда аты аталган эки партиянын үгүтчүлөрүнүн ортосунда жаңжал чыкканы айтылып келген.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:58

Энергетикалык кризистен чыгуунун жолу – чакан ГЭСтерди куруу

“Энергетикалык кризистен чыгуунун жолу – чакан ГЭСтерди куруу”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен болгон жолугушуу учурунда билдирди. “Энергетикалык коопсуздук – бул керектөөчүлөрдү электр жана жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо, технология жана жабдууларын дайыма жаңылап туруу. Азыркы энергетика секторунда олуттуу көлөмдө коммерциялык жана техникалык жоготуулар бар. Ал жоготууларды тийиштүү деңгээлде кыскартуу керек. Ага укуктук-ченемдик базаны жана өндүрүштүк-экономикалык мамилени жакшыртуу менен жетүүгө мүмкүн”, – деди ал. Алтынбек Сулайманов энергияны экспорттогон өлкөгө айлантуу заман талабы экенин кошумчалады. “Калк үчүн отун-энергетикалык ресурстар жеткиликтүү болушу керек. Ошондой эле аны экспорттоого мүмкүнчүлүк жаратуу зарыл. Энергетика жана башка табигый ресурстар өлкөнүн киреше булагы болуп, Кыргызстанды жаңы рынокторго чыгара алат. Табигый ресурстарды өздөштүрүү экономиканын өнүгүп-өсүшү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана жакырчылыкты азайтуу үчүн маанилүү”, – деди Сулайманов. Партия лидери энергоресурстарды эскилиги жеткен технология менен өндүрүү өлкөгө кымбатка түшөрүн баса белгиледи. “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкерлер Акбалык Жумалиева , Бакыт Карапашов , Нурбек Мурашев , Алмазбек Сагындыков , Эсен Казакенов , Тынарбек Алимбеков жана Нурмухамед Мамбеталиев Майлуу-Суу шаарынын жана Бүргөндү айылынын тургундары менен жолугушту. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Раззакова 7/2. 21- сентябрь, 2020-жыл. 16:23 21-09-2020

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:58

Талапкер Руслан Молдошев: “Кыргызстан” партиясынын келечеги – бул биздин өлкөнүн келечеги!"

"Кыргызстан" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Руслан Молдошев 1973-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Каракол шаарында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде “Колдонмо математика жана информатика” адистиги боюнча окуган. Ошол эле университетте аспирантураны аяктаган. Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясында “Каржы жана насыя” адистиги боюнча диплом алган. Жаңы маалыматтык технологиялар борборунда инженер-программист жана “Мээрим” фондунун Ысык-Көл облустук филиалынын Шаардык балдар жана өспүрүмдөр борборунда маалыматтык технологиялар ийриминин жетекчиси болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын II категориядагы мугалими квалификациясы бар. Бишкек шаарындагы №5 Улуттук компьютердик гимназияда мугалим жана программист, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун программалоо бөлүмүнүн башкы адиси, ошондой эле бир нече жоопкерчилиги чектелген коомдордо жана соода компанияларында иштеген. “Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка эмне үчүн ат салышып жаткандыгын Руслан Молдошев маегинде айтып берди. - Ийгиликке жетүүдөн мурун ар ким өз жолун басып өтөт ... Сиз кандай жолду басып өттүңүз? - Мен орто мектепте жакшы окуп, жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктап, аспирантурага тапшырдым. Жаш кезимде кесибим боюнча программист болуп, ал убакта программисттерге суроо-талап жок болгондуктан мигранттын тагдырын башымдан өткөрдүм. Казакстанга иштегени кетип, ал жерден Шаршенбек Абдыкеримов менен таанышып калдым. Бул жолугушуу менин тагдырымды өзгөрттү. Анын кеңеши менен мен өлкөнүн жаркын келечегин түптөө үчүн мекениме кайтып келдим. - Сиздин оюңуз боюнча, Шаршенбек Абдыкеримовдун ишенимине ээ болууга сиздин кайсы сапаттарыңыз жардам берди? - Менин оюмча, адамдарга жана жумушка болгон мамилем. Тагдыр мени ушул адамга алып келгенине абдан кубанычтамын. Ал менин насаатчым болуп калды. - Эмне үчүн “Кыргызстан” партиясын тандадыңыз? - Биринчиден, менин келечекке болгон көз карашым партиянын программасы менен дал келди. Бул партияда көптөгөн ишкерлер бар. Партиянын программасында өндүрүшкө жана экономикалык өсүшкө өзгөчө басым жасалган. - Жаңы муунга насаатчы боло алдыңызбы? - Мен жаштар менен көп иштейм жана мага алар менен иштөө абдан жагат. Менин негизги кесибим - окутуучу, университетте иштейм. Жаштар келечекти кандайча көрүшөрүн, кандай натыйжаларга жетүүнү каалай тургандыктары жөнүндө айтып беришет, мен болсо алардын пландарын тууралап, алардын башына түшкөн кырдаалда кандай мамиле кылуу керектиги боюнча кеңештерди берип турам. - “Кыргызстан” партиясынын келечеги тууралуу айтсаңыз? - Талапкерлер сөзүнө туруп, партиянын татыктуу атын жаманатты кылбашы керек. Партиянын аты биздин өлкө менен тыгыз байланыштуу, ал жөн гана пафос эмес. Өндүрүштө иштеп, бизнес менен алектенип, бул тармактарда мамлекеттик деңгээлде чечиле турган көптөгөн көйгөйлөрдү байкадым. Салык жана бажы тармагындагы инвестиция тартуудагы көйгөйлөр мамлекеттик экономика үчүн негизги тоскоолдуктар болууда. Бизнеске тоскоол болгон көйгөйлөр мыйзам менен жөнгө салынгандан кийин экономикабыз өнүгөт. Эгерде мен Жогорку Кеңештин депутаты болуп калсам, аймактардагы элдер менен бир топ иштерди алып барууну пландап жатам. Көпчүлүктүн жашоосун жакшыртууга мүмкүнчүлүктөрү бар, бирок эмнеден баштоону билишпейт. Ушул багытта элге жардам бергим келет. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а 14:57 21-09-2020

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:58

"Биримдик" №1. Талапкер Эмилбек Жусупов: "Мекендештеримдин мекенине кайтып келүүсү үчүн кызмат кылам"

"Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык тандоо» саясий партиясынын талапкерлери - Махабат Мавлянова , Эмилбек Жусупов жана Тариел Каримов туулуп өскөн жерине, тагыраагы Кулатов айылынын жашоочулары менен жолугушуп, депутаттыкка аттануудагы максаттары тууралуу айтып беришти. Ѳз сѳзүндѳ жаш талапкерлердин бири Эмилбек Жусупов: “Мен Жогорку Кеңешке "Биримдик" менен бирге аттандым, себеби элимдин эртеңине кам көрүү! Мен колумдан келбей турган көп нерсени убадалабайм, бирок элим үчүн ак, так кызмат кылуу ниетим бар”, – деп билдирди. Ал ошондой эле Жогорку Кеңешке чет ѳлкѳдѳ жашап, иштеп жүргѳн жүз миңдеген мекендештерибиз ѳздѳрүнүн туулган жерине, элине келип, ата-энелеринин, жакындарынын жанында жашап, иштешсе деген аруу максат, тилек менен аттанып жаткандыгын айтты. Жогорку Кеңешке эл, жер үчүн кызмат кылуу ниети менен бараткан жаш талапкерди Кулатов айылынын жашоочулары колдоого алышып, жылуу сѳздѳрүн айтышты. Айылдын аксакалы ѳзүнүн батасын берди: "Ушул айылдан чыккан атактуу Тѳрѳбай Кулатов 30 жашында эл башында турган. Сен да келерки жылы 30га чыгат экенсиң. Сен дагыТѳрѳбай Кулатовдой чыгаан инсан болоруңа ишенебиз", - деп айылдын элин жаш талапкер үчүн добуш берүүгѳ чакырып ѳттү. "Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 21-сентябрь, 2020-жыл. Раззаков 4. 14:34 21-09-2020

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:58

Үгүт ишинде чыккан мушташ. Окуя БШКнын жыйынында каралабы? Жооп

Ош облусунун Араван районунда шайлоо өнөктүгүнүн үгүт иштери жүрүп жаткан маалда мушташ чыгып, 12 адам ооруканага жаткырылып, 5 унаа талкаланганы аныкталган. Бул окуя коом арасында чоң талкуу жаратты. Учурда иш боюнча укук коргоо органдары териштирүү иштерин баштады. Буга байланыштуу БШКга байланышып: "Аравандагы окуя БШКнын жыйынында каралабы?" деген суроо узаттык. Бизге БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Гүлнара Журабаева жооп берди. "Аравандагы окуяны көрдүк. Бирок азырынча буга карата жалпы баа гана бере алабыз. Жалпы баа дегенибиз мындай иш-аракеттер шайлоо мыйзамдарына туура келбей тургандыгын эскертебиз. Араван районунда катталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Окуя боюнча териштирүү иштерин укук коргоо органдары жүргүзүп жатат. Демек, алар ишти карап чыгып, иликтөө жүргүзүп, анан бизге бул ишке байланыштуу конкреттүү маалыматтарды бергенде гана БШК кандайдыр бер чечим кабыл алып, укуктук баа бере алат. БШК жалпы жыйында күн тартибине коюлган маселелердин арасында Аравандагы болгон окуяны талкуулашы мүмкүн. Албетте, шайлоо маалындагы мындай иш аракеттерди биз колдобойбуз. Тартип бузгандар жоопкерчиликке тартылышы керек. Бирок жана айткандай эле алгач укук коргоо органдары окуя боюнча териштирүү жүргүзгөндөн кийин гана БШК аны караганга укуктуу", - дейт Журабаева. Эске салсак, Ош облусунун Араван районунда үгүт иштери жүрүп жаткан убакта чогулган элдин арасында мушташ чыкканы маалымдалган. Анда 20-сентябрь күнү саат 19:15 чамасында белгисиз жаран Араван РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Араван айылында белгисиз адамдар урушуп жаткандыгын кабарлаган. Жыйынтыгында аталган факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 13:28 21-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:59

“Кыргызстан” партиясынын үгүт кербени аймактарда

“Кыргызстан” саясий партиясынын үгүт кербени аймактарды кыдырууда. Тагыраагы, аталган партиядан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жыргалбек Саматов Ош облусунун Өзгөн районунун эң алыскы Аюу, Кайрат, Ничке-Сай жана Алтыбай айылдарынын тургундары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө талапкер “Кыргызстан” партиясынын “Эл үчүн” программасы менен кеңири тааныштырды. Ал эми жергиликтүү тургундар ичүүчү таза суу, электр энергия, жерди трансформациялоо жана социалдык объектилерге байланыштуу маселелерди көтөрүштү. Ошондой эле социалдык жөлөк пулдарга байланыштуу мыйзамды кайра карап чыгууну суранышты. Саматов элдин көйгөйлөрүн уккан соң, өз ойлору менен бөлүштү. "Азыр өкмөт Өзгөн районундагы 180 гектар жерди трансформациялоо маселесин чечип жатат. Участоктордогу көйгөйлөр чечилет деп ойлойм, бирок алгач таза суунун биринчи траншын бүтүрүшүбүз керек" , - деди талапкер. Ошондой эле Саматов бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн донорлорду тартууну көздөп жаткандыгын белгиледи. Ал эми “Кыргызстан” партиясынын дагы бир талапкери Жаныбек Исаев Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды айылдарынын тургундары менен жолугушту. Жергиликтүү тургундар талапкерди жылуу кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Исаев шайлоочуларга өлкө экономикасын өнүктүрүүгө жана элдин жыргалчылыгын камсыз кылууга багытталган партиянын “Эл үчүн” деген программасы тууралуу кеңири айтып берди. Тургундар партиянын пландары жана программасы менен таанышкан соң “Кыргызстан” партиясын колдоого даяр экендигин чын ниеттеринен билдирди. Айыл аксакалдары “Кыргызстан” партиясына ак жол каалап, баталарын беришти. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а 12:22 21-09-2020

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:59

Балаңыз акылдуу болсун десеңиз...

Акча мектепти эмес, окуучуну ээрчиши керек Билим берүү коомдун өнүгүшү жана алдыга жылуусу үчүн чечүүчү мааниге ээ. Аталган тармак коомдун негизги эрежелерин, баалуулуктарын балдардын жан дүйнөсүнө сиңирүүчү курал болуп эсептелинет. Билим берүү системасы өнүккөн аймактарда кылмыштуулук азайып, жумушсуздук маселеси чечилип, жалпы социалдык-экономикалык өнүгүү болот. Андыктан мамлекет үчүн жаштарга билим берүү негизги максат болуусу зарыл. КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫ Кыргызстандын билим берүү системасы окутуунун сапаты жагынан да, материалдык камсыздануу жагынан да талапка жооп бербей турганы эч кимге сыр эмес. Анын үстүнө мектепке кирүү үчүн “шапка” берүү, класстык фондго акча чогултуу сымал терс көрүнүштөр коомдо кыжырланууну жаратып келет. Мектепти аяктап жаткан бала кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билбей калат. Ошол бойдон “элден калбай жогорку окуу жайга тапшыруу” деген принцип менен өзүнүн жөндөмүнө туура келбеген жана кесиптик суроо-талапка жооп бербеген адистиктерди тандашат. Жыйынтыгында жумушсуздук күч алууда. Орто мектепте билим алуу убактылуу көрүнүш катары кабылданып, өтө эле формалдуу түрдө. Билим берүүнүн сапаты боюнча Кыргызстан PISA программасы боюнча акыркы орундарда турат. 2006-жылы 57-орунду гана камсыздап, ал эми 2009-жылы 65-орунга түшкөн. Мындан соң өлкө бийлиги аталган программага катышуудан баш тарткан. Окуучулардын билим берүүдөгү жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа (англ. Programme for International Student Assessment, PISA) – дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндөгү мектеп окуучуларынын сабаттуулугун жана алган билимин тажрыйбада колдоно билүүсүнө баа берген тестирлөө болуп саналат. Ал үч жылда бир өтүп, 15 жаштагы өспүрүмдөр катышат. PISA программасында алдыңкы орундарды бербеген өлкө – Финляндия. Финляндияда билим берүү ваучер системасы менен каржыланып, учурда финдердин билим берүү модели дүйнө боюнча мыкты экенин далилдеди. Ваучердик каржылоо Финляндиянын орто билим берүү системасына төмөнкү артыкчылыктарды алып келди. Мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү 100% акысыз Каржылоо мектепке эмес, окуучунун өзүнө берилет Окуучулардын жол акысы бийлик тарабынан төлөнөт Бала бакчада жана мектепте тамак-ашы бекер Китептер жана окуу куралдар бекер Бала бакчадагы тарбиячы жана мектеп мугалими айына бир жолу баланын үйүнө барып үй-бүлөнүн көйгөйлөрү менен таанышып турат Окуу жылынын аягында мугалимдердин бардыгы иштен кетирилип, кийинки жылга сынак аркылуу катышат Кароосуз калган балдар жок Финляндия тандап алган ваучердик схема билим берүүдө мыкты жыйынтыктарды берип, ийгиликтүү иштеп жатат. ЖАҢЫ ЫКМА: КАРЖЫЛООНУН ВАУЧЕРДИК СИСТЕМАСЫ Кыргызстандын билим берүү системасын өзгөртүү – коомчулуктун жана замандын талабы. “Бир Бол” партиясы үчүн балдардын келечеги, алардын билими жана акыл көрөңгөсү маанилүү болуп эсептелинет. Партиянын шайлоо алдындагы программасында билим берүүнү өнүктүрүү эң башкы максат катары белгиленген. Программанын көзүрү билим берүүдөгү ваучер системасы. Ваучер деген эмне? Билим берүү ваучери – окуучу тандаган мамлекеттик жана жеке мектеп үчүн өкмөттүк каржылоо сертификаты. Ваучер жыл сайын берилип, каражат билим алуу үчүн гана колдонулат. Ваучер колго акчалай түрдө эмес, квитанция, талон же сертификат түрүндө берилет. Ваучердин наркын эсептөөдө тоолуу аймактар, шарты катаал региондор эске алынып, баасы кымбатыраак болот. Ваучер эмне берет? Окуучуларга, алардын ата-энелерине мамлекеттик жана жеке мектептерди тандоо укугу берилет Билим берүүнүн сапаты жакшырат Мугалимдердин кесипкөйлүгү артат Мугалимдин айлыгы көтөрүлөт Окутуучулардын мыктылары иргелип алынат жана аларда стимул пайда болот Ваучердик системанын талаптарына жооп берген билим берүү мекемелеринин саны артат жана курулат Мамлекеттик казынадан бөлүнгөн каражат максаттуу колдонулат Орточо айлык маянасы нормадан төмөн ата-энелерге мамлекеттик колдоо болот Билим берүү мекемелери арасындагы атаандаштык күчөйт Атаандаштыкка туруштук берүү үчүн билим берүүдөгү жаңы технологиялар киргизилет Билим берүүдөгү формалдуулук жоюлат Жемкорлук жоюлат Билим берүү мекемелеринде комфорт жана тийиштүү шарттар түзүлөт Шарты мыкты жеке менчик билим берүү жайларынын саны өсөт Ваучердин иштөө схемасы кандай? Өкмөт бала бакча жана мектепке ар бир балага жылына канча сом керектелерин эсептейт. Сертификат түрүндө балдары мектепте окуган ата-энеге тапшырылат. Ваучер ээлери мамлекеттик жана жеке мектептердин арасынан мыктысын тандап, ваучерин ошол мектепке тапшырат. Мектеп же ЖОЖдор топтолгон ваучерлерге жараша акча бөлүп берет. Тийиштүү санда ваучер топтой албаган билим берүү жайларынын компетенттүүлүгүнө шек жаралат. Демек, билим берүү мекемелери тийиштүү сандагы ваучер топтош үчүн ишмердүүлүгүн жакшыртууга, жаңы технологиялар менен камсыз болууга, окуу программасын кайра ойлонуп чыгууга жана коррупциядан арылууга мажбур болушат. БИЛИМ БЕРҮҮНҮ КАРЖЫЛООНУН АЗЫРКЫ СИСТЕМАСЫ МЕНЕН ВАУЧЕРДИК КАРЖЫЛООНУН АЙЫРМАСЫ 2019-жылдагы санак боюнча өлкө боюнча 2 миң 268 мектеп бар. Аларда Кыргызстан боюнча 1 миллион 300 миң окуучу билим алат. Билим берүү тармагына республикалык жана жергиликтүү бюджеттен биригип жылына 30 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүнүп турат. Мындан сырткары ар бир мектептин коомдук кеңеши тарабынан ыктыярдуу түрдө каражат чогултулат. “Бир Бол” партиясынын шайлоо алдындагы программасына ылайык, кыргыз өкмөтү ар бир окуучу балага башталышта 16 000 сомдук ваучерлерди берет. Республика боюнча 1 300 000 окуучуга жалпы 20 800 000 сом бөлүнөт. Жыйынтыгында бюджет кыйла үнөмдөлөт. Бул каржылоо үчүн мектептер арасындагы атаандаштык күчөп, сапат жогорулайт. Белгилей кетсек, ата-эне ваучер менен мамлекеттик жана жеке менчик мектептердин арасынан каалаганын тандайт. Эгер жеке мектептеги каржылоо кымбат болсо, ата-эне жетпеген каражатты өзү толуктайт. Директорлор окуучуларга кардар катары мамиле кылышат. Кардардык мамиле – мектеп директору менен окуучу, окуучу менен ата-эне, директор менен ата-энелердин ортосундагы түшүнбөстүктөрдүн алдын алат. Эгер бала билим берүүнүн сапатына жана начар мамилеге макул болбой, мектептен кете турган болсо, акча да окуучунун артынан кете турганын мектептин жамааты ар убак эске алышы керек болот. БИР БОЛ - №13 ЖАРАТМАН КҮЧ! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 12:10 21-09-2020

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:35

ВИДЕО-Келдибеков шайлоочуларды коркутуп, Текебаев менен чабышам дейт

no article

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:59

"Биримдик": "Аравандагы окуяга күнөөлүүлѳр мыйзам чегинде жазаланышы керек"

"Аравандагы окуяга күнөөлүүлѳр мыйзам чегинде жазаланышы керек". Бул тууралуу "Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди. Партиянын расмий ѳкүлү тараткан билдирүүдѳ: "Коомдо тынчтык менен ынтымактан кымбат эч нерсе жок, чагымчылдык жасаган күнѳѳлүүлѳр мыйзам чегинде жазаланышы керек" , - деп айтылат. Окуяга себепчи болгондорду айыптаган "Биримдик" партиясы чагымчылдарды тез арада аныктоо зарылдыгын белгилеген. "Ош облусунун Араван районундагы саясий партиялардын биринин ѳкүлдѳрүнүн үгүт жолугушуусунда тургундардын ортосунда мушташ чыккан. Бул окуяга байланыштуу укук коргоо органдары тез арада иликтѳѳ жүргүзүп, чагымчылдарды аныктайт деп үмүттѳнѳбүз". Андан ары билдирүүдѳ: "Биримдик" саясий партиясы мыйзамдуулуктун жана тартиптин шарттарында өтүшү керек болгон таза жана акыйкат шайлоону жактайт. Республикада үгүт иш-чаралары бардык катышуучулардын коопсуздук талаптарын так сактоо менен уюштурулуп, партиялардын өкүлдөрү тарабынан эч кандай чагымчыл деструктивдүү билдирүүлөргө жол берилбеши керек. Бул өтө маанилүү. Провокацияга күнөөлүүлөр мыйзам чегинде тиешелүү жазаларын алышы керек", - деп айтылган. "Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 21-сентябрь, 2020-жыл. 11:04 21-09-2020

Подробнее
21 сентября 2020 г. 17:26

Руслан Казакбаев

Руслан Казакбаев: 2-3 миң сомго балдарыбыздын келечегин сатып, мамлекетибизди талкалоого жол бербейли!

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники