О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
18 сентября 2020 г. 18:40

«Мекеним Кыргызстан» партиясы бул тармакта иштегендердин салыгын азайтып, жеңил өнөр жай ишканаларын технопарктар менен бириктирип көйгөйдү чечүүгө болорун айтты.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкерлер жеңил өнөр жайынын өкүлдөрү менен жолугушту. Сүйлөшүү учурунда өлкөдөгү тикмечилик боюнча көйгөйлөр айтылып, аларды чечүү жолдору келтирилди. Тикмечилик тармагы Кыргызстандын өнүгүшүнө зор салымын кошууда. Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 30 пайызын ушул тармак түзөт. Өлкө аймагында сегиз миңдин тегерегинде орто жана чакан цехтер иштеп, 50 миңден ашык адам жумуш менен камсыз болгон. «Мекеним Кыргызстан» партиясы бул тармакта иштегендердин салыгын азайтып, жеңил өнөр жай ишканаларын технопарктар менен бириктирип көйгөйдү чечүүгө болорун айтты. *** Кандидаты в депутаты от партии «Мекеним Кыргызстан» встретились с представителями легкой промышленности. В ходе диалога были озвучены актуальные проблемы швейной отрасли и намечены пути их решения. Швейная отрасль в Кыргызстане вносит значительный в клад в экономику страны. Тридцать процентов ВВП формируется благодаря этой сфере. На территории республики функционирует около восьми тысяч средних и малых производственных цехов. В швейном секторе заняты более 50 тысяч человек. Партия «Мекеним Кыргызстан» видит решение проблем отрасли в снижении налогов для «швейников» и объедении предприятий легкой промышленности в технопарки.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 15:41

Бир сап менен

Бир сап менен • Тышкы саясат: «Мекеним Кыргызстан» евразиялык жана терең региондук интеграцияга багытталган стратегиялык курсту колдойт. • Коррупцияга каршы күрөш: мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармагын 2025-жылга чейин толук санариптештирүү. • Чек ара: мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча комиссия туруктуу негизде иштөөгө тийиш. • Ыктыярчылар: ыктыярчылар күнүн негиздеп, алардын аракетин мамлекет ар тараптан колдоого алуусу керек. • Инфраструктураны өнүктүрүү: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун тездетүүнү колдоо. Нарында жергиликтүү элдин макулдугу менен ири логистикалык борбор ачуу, эл аралык ишенимдүү инвестор менен биргеликте «Манас» аэропортунда жүк ташуучу борборду куруу. • Салык: бардык салыктарды жоюп, ишкерлик жүгүртүүгө салынган бир гана салыкты калтыруу. • Административдик-аймактык реформа: беш жыл аралыгында облустарды жоюп, райондорду ирилештирүү жана үч баскычтуу башкарууга өтүү: республика – аймак – айыл. *** Важное – одной строкой • Внешняя политика: «Мекеним Кыргызстан» поддерживает стратегический курс на Евразийскую интеграцию. • Борьба с коррупцией: полная цифровизация рынка государственных услуг к 2025 году. • Граница: комиссия по вопросам делимитации и демаркации государственных границ должна работать на постоянной основе. • Волонтеры: обеспечить добровольческим движениям всяческую поддержку со стороны государства. • Развитие инфраструктуры: ускоренное строительство железной дороги: КНР – Кыргызстан – Узбекистан. Открытие крупного логистического центра в Нарыне по согласованию с местными сообществами, строительство карго-центра на базе аэропорта «Манас». • Налоги: Упразднить все налоги и оставить один налог, начисляемый на оборот бизнеса. • Административно-территориальное деление: в течение пяти лет ликвидировать области, укрупнить районы и перейти к трехуровневой системе управления: республика – аймак – айыл

Подробнее
18 сентября 2020 г. 17:54

Республика

“Республика” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына Нарын облусунан талапкер Илгиз Сарылдык уулу “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” партияларынын Нарын облусундагы талапкерлерин ачык дебатка чакырат.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 14:28

"Республиканы" тандады.

Самаркандектин тургундары өзгөрүүлөр үчүн "Республиканы" тандады. Алдыга жол №14

Подробнее
18 сентября 2020 г. 13:42

Мирлан Бакиров: “Шамалды-Сай – кичи шаарларды өнүктүрүүнүн жаркын үлгүсү”.

Мирлан Бакиров: “Шамалды-Сай – кичи шаарларды өнүктүрүүнүн жаркын үлгүсү”. “Мекеним Кыргызстан” партиясын талапкерлеринин эл менен жолугушуулары уланууда. Бул жолу партия лидери Мирлан Бакиров Жалал-Абад облусундагы Шамалды-Сай поселогунун жашоочулары жана ага коңшулаш Кызыл-Жар айылынын эли менен жолукту. “Шамалды-Сай кичи шаарларды өнүктүрүүнүн жаркын үлгүсү, - деди Мирлан Бакиров, - анткени бул сыяктуу чакан шаарчаларды жашоочулар таштап кетип жатышат. Ал эми Шамалды-Сайга болсо элдер жашоо үчүн көчүп келип жатышат”. Эске сала кетсек, СССР учурунда бүткүл союздук буйрутма менен иштеп, түз Москвадан камсыздалчу бир нече шаарчалардан эл көчүп кеткен. Алардын жашоочулары Бишкек, Чүйгө агылууда же сырткы миграцияга кетишкен. Ал эми Шамалды-Сайда мындай жараян байкалган жок. Анткени, Шамалды-Сай гидроэнергетиктердин шаарчасы жана бул шаарчанын тегерегиндеги Кызыл-Жар, Шамалды-Сай аймагы бүт Кыргызстанга эң эрте бышчу эгиндери, талыкпас дыйкандары менен таанылды. “Мекеним Кыргызстан” көтөрүп жаткан логистикалык борборлорду куруу маселеси дал ушул Шамалды-Сай , Кызыл-Жар аймагына да тиешелүү. Эгер бул аймакка логистикалык борбор курулуп калчу болсо, дыйкандар эгинин коромжусуз жана жогорку сапатта өткөрө алышмак. Ошондой эле коңшулаш Өзбекстан менен Кыргызстандын дыйкандары үчүн сырткы рынокторго чыгууга чоң өбөлгө болуп бермек.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 11:43

№4 «Мекеним Кыргызстан»: Күчтүү аймак – күчтүү өлкө!

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкерлер өлкөбүздүн түштүк аймагында жолугушуу өткөзүштү. Искендер Матраимов, Алишер Козуев, Ибрагим Жунусов, Жапар Ормонов жана башка саясий бирикменин мүчөлөрү Сарай, Савай айылынын, Кара-Суу шаарынын 5000ден ашык тургундары менен жолугушту. Бул иш-чараларда талапкерлер өлкөбүздү өнүктүрүүгө багытталган партиянын программасы жана пландары тууралуу айтып өтүштү. №4 «Мекеним Кыргызстан»: Күчтүү аймак – күчтүү өлкө! *** Кандидаты от партии «Мекеним Кыргызстан» провели встречи на юге страны. Искендер Матраимов, Алишер Козуев, Ибрагим Жунусов, Жапар Ормонов и другие представители политического объединения встретились с более чем 5000 жителями сел Сарай, Савай и города Кара-Суу. На встрече кандидаты рассказали о программе партии и планах по развитию страны. «Мекеним Кыргызстан» №4: Сильные регионы – сильная страна!

Подробнее
18 сентября 2020 г. 18:45

Урматтуу Нарын областынын тургундары!

Урматтуу Нарын областынын тургундары! Биз «Чоӊ Казат» саясый партиясынын өкүлдөрү катары атайын Нарын областына келдик. Көп жылдан бери көӊүл бурулбай, чечилбей келе жаткан көйгөйлөрүӊүздөр менен таанышып, аларды чечип бергенге убада беребиз. Ушул убакытка чейин көп сөздөр берилип, бирөөсү дагы аткарылган эмес. Ошондуктан, баардык маселелериӊизди ачык-айкын айтып, чогу чечимге келиш үчүн сиздерди Жолугушууга чакырабыз. 🇰🇬17 сентябрь -Жумгал району 🇰🇬18 сентябрь - Ак-Талаа, с. Баят 🇰🇬19 сентябрь - Кочкор 11.00 🇰🇬20 сентябрь- Ат-Башы мал базары 10.00, 🇰🇬20 сентябрь - 14.00 Нарын 🇰🇬Баардык маалыматтар үчүн 0701 707 068 кайрылыӊыздар. Биз Элден чыккан партиябыз. Эгер эл менен чогу болгонду кааласаӊыз бизге ыхтыярчылар, дружинникте жана көзөмөлдөөчүлөр керек. Бизге кошулуӊуздар!🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬

Подробнее
18 сентября 2020 г. 10:51

Салык системасында 2009-ж. алгылыктуу реформалар жасалган.

Салык системасында 2009-ж. алгылыктуу реформалар жасалган. Бирок жашоо бир орунда турбайт. Өлкөбүздүн алдында бизнести жана экономиканы сактоо милдети турат. Андыктан, негизги салыктардын жана чогултуулардын ордуна бирдиктүү салык киргизүүнү сунуштайбыз. Сатуучудан эсепке түшкөн ар бир акча каражатынан акцептсиздик жол аркылуу салык суммасы алынат. Тактап айтканда, ишкананын же ишкердин эсебине буйрутма берген тараптан акча түшкөн сайын же накталай акчаны ритейл аркылуу инкассациялаганда салык суммасы алынып турат. Идеянын авторлорунун ою боюнча салык боюнча маалымат чогултууну жеңилдетүүдө заманбап банктык технологиялар колдонулат. =============== Налоговая система не претерпела существенных реформ с 2009 г, но жизнь не стоит на месте. Перед нашей страной сейчас стоит задача во что бы то ни стало реанимировать бизнес и экономику. Поэтому мы предлагаем ввести единый оборотный налог, исчисляемый в процентах к выручке, вместо основных налогов и сборов. Путем безакцептного изъятия суммы налога при каждом поступлении на расчетный счет денежных средств от покупателей. То есть предусмотрено безналичное списание суммы налога при каждом поступлении денег на расчетный счет организации или ИП от покупателей, заказчиков или при инкассации наличных денег в ритейле. По мнению авторов идеи, упрощенному сбору данного налога будут способствовать современные банковские технологии

Подробнее
18 сентября 2020 г. 20:00

"Ата Мекен" партиясынын талапкерлери

Ата Мекен" партиясынын талапкерлери - Тилек Токтогазиев жана Эльдар Абакировдун катышуусу менен түз эфирде дебаттар башталып жатат. КТРК — 20:00 (Тилек Токтогазиев) ЭЛТР – 22:05 (Эльдар Абакиров) *** Прямо сейчас начинаются дебаты в прямом эфире с участием кандидатов от «Ата Мекен» - Тилеком Токтогазиевым и Эльдаром Абакировым. КТРК — 20:00 (Тилек Токтогазиев) ЭЛТР – 22:05 (Эльдар Абакиров)

Подробнее
18 сентября 2020 г. 21:55

Аксы району - Өзгөрүүлөрдү, "Алдыга жолду" жаштарды колдойт ✅

Аксы району - Өзгөрүүлөрдү, "Алдыга жолду" жаштарды колдойт ✅ Аксы районунан чыккан жаш талапкерибиз, келечектен көптү үмүттөндүргөн кадр Бектеналы Абрахмановду Аксы районунун жашоочулары колдоп, ак баталарын беришүүдө. Бектеналы Абрахманов университеттен тартып коомдук иштерге активдүү аралашып, кийин Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы, кеңешчиси болуп иштеди. Жергиликтүү элдин маселесин ичинен билет. "Мамлекетти эффективдүү башкаруу үчүн 16 министрлик эмес 7 гана калтырыш керек, облустук деңгээлди жоюш керек, жергиликтүү бюджетти 2 эсе көтөрөбүз"-деген идеяны Аксы эли колдоп беришти.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 10:56

Бизнеске колдоо керек – Орто жана чакан бизнес колдоого муктаж болуп келет, бирок дайым начар шарттар аларга түзүлүп келген.

Бизнеске колдоо керек – Орто жана чакан бизнес колдоого муктаж болуп келет, бирок дайым начар шарттар аларга түзүлүп келген. “Республика” партиясы чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн 3 пайыздык кредиттерди сунуштайт.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 15:56

17-сентябрда “Бир Бол” партиясынын үгүт кербени Ош облусунун Кара-Суу шаарында уланды.

17 сентября кандидаты от политической партии «Бир Бол» встретились с избирателями в рамках предвыборной кампании. Мероприятия состоялись в таких селах, как Кашкар-Кыштак, Шарк, а также Кызыл-Кыштак Кара-Сууйского района Ошской области. На встрече присутствовал лидер партии «Бир Бол» Алтынбек Сулайманов, кандидаты – Фарход Алимжанов, Шаирбек Маматокторов, Заир Тагаев, Дуйшон Торокулов и другие.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 21:58

Кыргызымдын жери, абасы, суусу, жада калса тоо – ташы да кандай керемет!

Кыргызымдын жери, абасы, суусу, жада калса тоо – ташы да кандай керемет! Бекеринен улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов: «Ата Журт деп аталган туулуп-өскөн жердин тирлик тартиби, салт-санаасы, ыр, жомогу, жаратылышы, абасы – бүткүл турпаты адамдын адам катары калыптанышында жана өз тагдырына ээ болуусунда зор таасири бар экендигине бекем ишенемин» – деп айтпаса керек. Чындыгында ушундай ажайып кооз жерибиз менен сыймыктанып, аны ааламга даңктап турушубуз гана керек. «Кыргызстан» партиясы кыргыздын кереметин чет элдик жарандарга таанытуу, жылына 2 млн. туристти тартып келүүнү приоритеттүү багыт катары карап келет. Биз меймандос элибиз, адамдын көз жоосун алган кооз өлкөбүз менен мактанабыз! Биз Кыргызстаныбыз менен сыймыктанабыз!

Подробнее
18 сентября 2020 г. 21:59

Көч бара-бара түзүлөт дегендей, Атыркүл Ибраимова дароо эле ишкер айымдардын санын толуктап калган жок.

Көч бара-бара түзүлөт дегендей, Атыркүл Ибраимова дароо эле ишкер айымдардын санын толуктап калган жок. Өрнөктүү өмүрүн мугалимдиктен баштаган. Учурда өлкөдөгү ийгиликтүү айымдардын сап башында. Мындай инсандардын “Кыргызстан” партиясына кошулушу жөн жерден эмес. Анткени, бул партия жалаң мыктылардан куралган

Подробнее
18 сентября 2020 г. 14:01

Замандаш

«Замандаш» партиясынын талапкерлери Баткен районунун Тажикстан менен чектеш жайгашкан Аксай айылынын тургундары менен жолугушту. Жолугушуу учурунда жергиликтүү элдин көйгөйлөрү, чек ара маселеси боюнча сөз болду.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники