О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
19 сентября 2020 г. 15:00

Бүгүн БШКда Дастанбек Жумабековду каттоодон алуу боюнча сунуш каралат

Бүгүн, 18-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясында Дастанбек Жумабековдун жаңы төрөлгөн балага 50 миң сом сүйүнчү пул бергени боюнча маселе каралат. "Жумушчу топ буга чейин Жумабековдун ишин карап, аны каттоодон алуу боюнча БШКга кайрылган. БШК саат 18:00дө сунушту карайт", - деп билдирди жумушчу топтун мүчөсү Атыр Абдрахматова . 16:14 18-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
19 сентября 2020 г. 15:00

«Замандаштын» үгүт кербени Ноокат районунда

17-сентябрда «Замандаш» партиясынын Жогорку Кеңешке талапкерлери Ноокат районунун тургундары менен жолукту. Жолугушууга Искендер Гаипкулов , Баткен согушунун ардагерлеринин төрагасы Канат Бакалов , Шайыргүл Баймурзаева , Эркинбек Токтошев жана Мырзажигит Маматкерим уулу катышты. Искендер Гаипкулов алгач Ноокаттын эли менен амандашып, «Замандаш» партиясынын тарыхын, программасын жана келечекке койгон максаттарын айтып берди. Искендер Гаипкулов: - «Замандаш» партиясы бир гана мигранттар менен эмес, жергиликтүү эл менен тыгыз байланышта иштешип келет. Эмне үчүн Ата Мекенден чыгып Замандашка кирдиң деген суроолорду көп берип жатышат, «Замандаш» партиясы туруктуу, эл менен болгондуктан «Замандаш» партиясы менен бирге бара жатам. Биздин партиянын тизмеси дыкат текшерилип, кесипкөй адамдар менен толукталган». Искендер Гаипкулов Ноокат элине Жогорку Кеңешке аттанып жаткан талапкерлерди тааныштырып, татыктуу талапкерлер «Замандаш» партиясы менен бара жаткандыгын билдирди. Канат Бакалов өзүнүн кайрылуусунда «Замандаш» эл менен экендигин жана шайлоого элдин үнүн угузуш үчүн баратканын белгиледи. - «Мен элдик партияны тандадым, тарыхы бар, мигранттар менен көптөн бери иштешип, башка партиялар жасабаган иштерди «Замандаш» жасап келе жатат. Бул партия биринчилерден болуп Баткен согушунун ардагерлерине жардам берген. «Замандаштын» лидери түздөн-түз ардагерлер менен иштешип, биздин иш-чараларга катышып келет». Маматкерим уулу Мырзажигит азыркы көйгөйдү көрүп туруп четте тура албастыгын, эли, жери үчүн шайлоого аттангандыгын билдирди. “Бул партия таза партия, таза болгондуктан тандадым, мен саясатчы болгум келбейт, мен өлкөмө жардам бергим келет”. Жолугушуунун аягында Ноокаттын ак сакалы «Замандаш» партиясына каалоо айтып, өзүнүн ак батасын берди. Искендер Гаипкулов эл менен коштошуп жатып сөзүн, -«Замандаш куру убада бербейт, «Замандаш» аткарат!» - деп жыйынтыктады. "Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г.Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12 үй. Чыгарылган күнү 18-сентябрь, 2020-жыл. 15:09 18-09-2020 Автор: Гүлшат Ысамамат кызы

Подробнее
19 сентября 2020 г. 15:00

"Замандаш" Кызыл-Кыянын эли менен жолукту

"Замандаш" партиясынын үгүт кербени Кызыл-Кыя шаарында болду. Жолугушууга Искендер Гаипкулов , Канат Бакалов катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарынын тургундарынан "Замандаш" партиясынан Жогорку Кеңешке бара жаткан талапкерлерге жергиликтүү тургундар тарабынан суроолор берилди. Кызыл-Кыянын тургуну талапкерлерден тез арада коомдук жайларды жарыктандырууга жардам берүүсүн суранды, бирок Искендер Гаипкулов бул нерсе мэриянын иши экендигин айтып, эгер мындай иштер жазалса, добушту сатып алуу болуп калат деп билдирди. - "Бул маселени шайлоодон кийин чечүүгө болот, мындай көйгөйлөрдү чечүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнүшү керек, биздин партия башка партияларга окшоп убадаларды бербейт. Шагыл төгүп, кыска убакыттын ичинде шайлоого чейин элди алдап, куру сөздөрдү айтпастан парламентке өтсөк элдин үнү болуп, алардын кызыкчылыгын сактайбыз" , - деди Гаипкулов. Ошол эле маалда жолугушууда "Замандаш" партиясынын буга чейин жасаган иштерине ыраазы болгон жарандардын саны арбын болуп, "Жүк 200" боюнча жардам алган эне ыраазычылыгын билдирди. - "2017-жылы 17-ноябрда балам чет жерде каза тапкан, «Замандаш» партиясы баламдын сөөгүн алып келип беришкен. «Замандаш» партиясына терең ыраазычылыгымды билдирем, жаштардын жаркын келечеги үчүн «Замандашка» добушумду берем", - деди ыраазычылыгын билдирген эне. Жолугушууда чет элде мигрант болгон жарандар да катышып, буга чейин «Замандаштан» жардам алгандарын жашырышкан жок. Кызыл-Кыянын тургундары шайлоодон шайлоого эмес, шайлоодон кийин да өзүнүн жардамын берип, эл менен кызматташып келген партия бир гана «Замандаш» деп айтышты. Жолугушуунун аягында Кызыл-Кыянын тургундары талапкерлерге, партияга ыраазы болуп кайтышты. "Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г.Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12 үй. Чыгарылган күнү 18-сентябрь, 2020-жыл. 14:38 18-09-2020

Подробнее
19 сентября 2020 г. 15:00

"Биримдик" №1 Баткенде: "Чек ара маселесин чечип, миграциянын агымын токтотобуз"

Парламенттик шайлоонун алкагындагы партиялардын үгүт иштери уланууда. Бүгүн, 18-сентябрда "Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык тандоо" партиясы Баткен шаарынын эли менен жолугушуу ѳткѳрдү. Партиянын тѳрагасынын орун басары Тѳрѳбай Зулпукаров "Биримдиктин" жаралыш тарыхына токтолуп, элдин кызыкчылыгын баарынан жогору койгон партия экенин белгиледи. Кээ бир партиялардай бир лидердин атына байлангандан айырмаланып бир лидердин үстѳмдүгүндѳ калбаган, ѳзүнүн идеологиясы бар партия экенин айтты. Ал элдин нарк-насилин, улуттук баалуулуктарды, ыйманын, дилин сактоону кѳздѳгѳн идеология. Ошондой эле Төрөбай Зулпукаров Баткендин кулуну, талапкер Улукбек Кочкоровдун социалдык ѳнүктүрүү министри катары реформалык чоң иштерди кылып, жарандарды социалдык жактан коргоо багытында зор ийгиликтерге жетишкенине токтолуп, анын келечекте Баткенге, кыргыз элине Исхак Разаковдой кызмат кыларын билдирди. "Биримдиктин" программасынын реалдуулугу, ишке ашырыла тургандыгы менен айырмаланган, элдин жашоосун жакшыртууну кѳздѳгѳн программа экенин айтып, эл ишеним артса, программада белгиленгендердин баары жүзѳгѳ ашарына ишендирип ѳттү. Жогорку Кеңештин вице-спикери, талапкер Аида Касымалиева Баткендеги эң кѳйгѳйлүү делген чек ара маселесин чечүү, облустагы жаштарды жумуш менен камсыз кылып, ички миграциянын агымын токтотуу зарылдыгын айтты. Партиянын идеологиясына токтолуп, социалдык теңчиликти жактай турганын билдирди. Анын белгилѳѳсүндѳ, ѳлкѳдѳ жакырлар менен байлардын ортосундагы ажырым ѳтѳ чоң. Мындай болбошу керек, социалдык теңчилик болмоюнча социалдык адилеттүү ѳлкѳнү куруу мүмкүн эмес. Ал эми социалдык адилеттүүлүккѳ жетишүү - "Биримдик" партиясынын эң башкы максаты. Талапкер Улукбек Кочкоров буга чейинки парламенттик шайлоолордо колдоп, ишеним артканы үчүн Баткендин элине ыраазычылыгын билдирип, министр кезиндеги аткарылган иштери боюнча маалымат берди. Анын айтымында, министрликтеги максатсыз жумшалган акчаларды туура багыттоо, коррупциялык схемаларды жоюу аркылуу жѳлѳк пул алчулардын катарына 100 миңдей аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳр кошулган. Оңго, солго кеткен миллиарддаган сомдордун эсебинен майып балдарын караган энелерге пенсия чектѳѳгѳ мүмкүн болду. Эми алардын балдарын баккан жылдары эмгек стажы катары эсептелип, келечекте пенсия ала башташат. Партиянын дагы бир талапкери Мамыржан Рахимов ѳз сѳзүндѳ биримдикчилердин колдоосу менен Баткенде миң жумуш орундуу текстиль фабрикасы, 250 жумуш орундуу ѳрүктү кайра иштетүүчү ишкана курулуп жатканы боюнча маалымат берди. "Биримдик" партиясы парламентке барса, буга окшогон кѳптѳгѳн долбоорлор ишке ашырыларын айтып, добуш берүүгѳ чакырды. Талапкер Эркин Рахманов шайлоодо "Биримдикке" добуш берүүгѳ чакырып, бул партияга ишеним артуу менен Баткендин эли ѳлкѳнүн ѳсүп, ѳнүгүүсүнѳ ѳз салымдарын кошо турганын баса белгилеп ѳттү. Баткен шаарынын кадырлуу аксакалы Туйгун Жолдошев биримдикчилерге шайлоодо ийгилик, ак жол, жеңиш каалап, ѳзүнүн ак батасын берди. "Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы" саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. Дареги: Бишкек шаары, Разаков көчөсү 4. 13:50 18-09-2020

Подробнее
18 сентября 2020 г. 17:53

Максат Сабиров: “Кыргызстандагы токой чарбасынын 70%ы Ысык-Көлдө жайгашкан.

Максат Сабиров: “Кыргызстандагы токой чарбасынын 70%ы Ысык-Көлдө жайгашкан. Тилекке каршы, ошол токой чарбанын таш-талканы чыгып жатканын көрүп жатабыз. Айлана-чөйрөнү коргоого сырттан келген бөлүп-жарып, сол чөнтөккө салбай, максаттуу пайдаланалы.”

Подробнее
19 сентября 2020 г. 15:01

Депутат Дастан Бекешев: "Жашыруун добуш берүү авторитардык өлкөлөрдө болушу керек. Биз ачык добуш берсек, кимдин ким экенин көрмөкпүз"

Шайлоодо добуш берүү ачык жүрсө, жарандар арасында жоопкерчилик күчтүү болмок. Мындай пикирин депутат Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасына билдирген. Бул боюнча депутаттын өзү менен байланышканыбызда, ал төмөндөгүлөрдү кошумчалады. "Жарандар депутаттарга нааразычылыгын шайлоого чейин билдирип келет да, парламентке өтчүлөрдү аныктоого келгенде амнезияга туш болушат. Андыктан шайлоо учурунда добуш берүү ачык болсо, ким чын эле өлкө үчүн күйөт, ким калп эле түр көрсөтөрүн билип алмакпыз. Жарандарда жоопкерчилик пайда болмок деген оюмду билдиргем. Себеби учурда элибиз үчүн эң оор мезгилдердин бири болгон июлдагы окуя унутулуп калгандай. Тигинисин деле, мунусун деле мактап жатышат. Кээ бирлери добушун сатууга чейин барып жатат. Эртең ошол эле добушун саткан адам укук коргоо органдарына барып, өлкөдөгү коррупцияга нааразы болот. Бул деген догма болуп калып жатпайбы. Жашыруун добуш берүү Беларусь, Түркмөнстан сыяктуу авторитардык өлкөлөрдө болушу керек. Себеби ал жакта ачык эле мага добуш бербесең, жумуштан кетирем деп коркутушат. Биз демократиялуу өлкөбүз. Ачык добуш берсек кимдин ким экенин көрмөкпүз" , - дейт Бекешев. Догма - сын көз карашты тажрыйбада сынабастан, жөн эле ишенип алган далилсиз жобо. 13:19 18-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
19 сентября 2020 г. 15:01

"Кыргызстан" партиясы: "Мугалимдердин жашоосун жакшырталы!"

Кыргызстандын калкынын 9 пайызы билим берүү тармагында эмгектенет. Учурда республика боюнча 4 миңден ашык мектепке чейинки, жалпы билим берүүчү, жогорку кесиптик билим берүү мекемелери бар. Билим берүү тармагында жалпы 108 миңге жакын мугалим эмгектенип, 1 миллион 700 миңге жакын тарбиялануучуларга, окуучуларга жана студенттерге билим жана тарбия беришет. Жалпы билим берүүчү мектептерде 78 миңге жакын мугалим эмгектенсе, анын ичинен шаарларда 22 миң, айыл жеринде 56 миңге жакын мугалим эмгектенент. Мектептердеги мугалимдердин түйшүгү өтө оор. Кыргыз Республикасынын "Мугалимдин статусу жөнүндө" мыйзамдын акыркы редакциясына ылайык, профилдик педагогикалык билими бар адис мектептерде мугалим болуп иштей алат. Ошол эле учурда республиканын мектептеринде эмгектенген мугалимдердин ичинен 2,5 пайызга жакыны талапка жооп бербейт, бирок кандайдыр бир адистик боюнча жогорку же орто кесиптик билимге ээ. 2019-жылы жалпы билим берүү мекемелеринде иштегендердин эмгек акылары болжол менен 30 пайызга көбөйдү. Бирок билим берүү тармагын каржылоону көбөйтүү боюнча бардык аракеттерге карабастан, мугалимдердин орточо эмгек акысы республикада орточо эмгек акынын деңгээлинен төмөн бойдон калууда. Мугалимдердин жашоо сапатын жогорулатуу үчүн “Кыргызстан” партиясы төмөнкүлөрдү сунуштайт: 1) бюджеттен орточо эмгек акы алган мугалимдердин эмгек акылары салыктардан кийинки орточо айлык боюнча республикалык көрсөткүчтөн төмөн болсо, анда мугалимдерди киреше салыгын төлөөдөн бошотуу. Бул чара 18 миң сомдон кем алгандар үчүн эмгек акыны 10%га жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет; 2) мугалимдер үчүн белгилүү бир артыкчылыктарды камсыз кылуу: - коммуналдык кызматтарга акы төлөөдөн бошотуу же наркын төмөндөтүү; - 11 айдын ордуна 9 ай тынымсыз иштегенден кийин акы төлөнүүчү өргүүнү алуу мүмкүнчүлүгүн караштыруу; 3) жаш мугалимдерди, анын ичинде педагогикалык ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн айыл жеринде иштөөгө стимулдаштыруу программасын иштеп чыгуу. Программа жаш мугалимдерге турак жай жана жер тилкесин, пайызсыз насыяларды берүүнү, окуучулардын санына жана сарпталган сааттарга ылайык эмгек акыларын эсептеп, "жаш мугалимдин депозитин" камсыз кылуу механизмин ишке киргизүүнү камтышы керек. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 17-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а 11:42 18-09-2020

Подробнее
18 сентября 2020 г. 10:48

Урматтуу карапайым кыргыз элим!

Урматтуу карапайым кыргыз элим! Биз жанындабыз! Биз сиз учун туруп беребиз.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 11:20

Ар бир жарандын талапкерлер менен таанышып, суроолорун берип, ой-пикирлери менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түзүү үчүн шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрөбүз. Бекеринен "эл өкүлү" дебейт да, эл менен дайыма диалогдо болуу зарыл

Ар бир жарандын талапкерлер менен таанышып, суроолорун берип, ой-пикирлери менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түзүү үчүн шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрөбүз. Бекеринен "эл өкүлү" дебейт да, эл менен дайыма диалогдо болуу зарыл. Бул диалог үгүт иштери менен гана чектелип калбайт, биздин талапкерлер дайыма байланышта, дайыма ачык. Алтынчы чакырылыштын депутаттары Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Эльвира Сурабалдиева, Наталья Никитенко жана Абдывахап Нурбаевдер дайыма эл менен жолугуп, ар бир облусту кыдырып, социалдык тармактарда да дайыма активдүү. Өлкөдөгү кырдаалга жооптуу адамдардын кемчилигин ачык айтуудан коркпойбуз. Сиз да коркпоңуз, анткени добуштарды сатып алууну ашкерелеп, мыйзам чегинде жазалоо керек! Биз, Кыргызстандыктар, чындыкты сүйлөп, акыйкаттык үчүн күрөшүп келген элбиз. 2020-жылдын 4-октябрында да ар бириңиз татыктуу партияга добуш бересиз деп ишенебиз! *** Мы проводим встречи с избирателями по всей стране, потому что нам важно, чтобы каждый из вас увидел, поговорил и задал свои вопросы кандидатам лично. Важен диалог между населением и теми, кто представляет интересы народа в парламенте. Мы находимся на связи с людьми не только во время выборов или агитации, но и после. Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Эльвира Сурабалдиева, Наталья Никитенко и Абдывахап Нурбаев — это те, кто представлял ваши интересы в предыдущих созывах и народ может подтвердить, что они всегда были на связи с теми, кто в нас верил: регулярно посещали все области, часто встречались с избирателями на своих участках и были доступны в социальных сетях. Мы - голос народа, и мы никогда об этом не забываем. Мы не боимся говорить о ситуации в стране прямо и в лицо тем, кто за это ответственен. Мы призываем не боятся и вас, нам важно поднимать тему о подкупе голосов и ситуациях, когда люди боятся отдать голос за оппозицию. Это неправильно и так не должно быть. И мы не будем молчать. Кыргызстан — страна, где живут люди, которые издревле никогда и ничего не боялись, особенно говорить в лицо правду. Мы надеемся, что каждый из вас сделает достойный выбор — 4 октября 2020 года на своем участке.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 20:21

#БирБол - сиздин парламенттеги үнүңүз. #БирБол - ваш голос в парламенте.

#БирБол - сиздин парламенттеги үнүңүз. #БирБол - ваш голос в парламенте.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 17:25

Жаңы форматтагы лидерлер! Лидеры нового формата!

Жаңы форматтагы лидерлер! Лидеры нового формата!

Подробнее
18 сентября 2020 г. 16:26

"Бир Бол" саясий партиясынын мүчөлөрү Кашкар кыштагында

"Бир Бол" саясий партиясынын мүчөлөрү Кашкар кыштагында

Подробнее
18 сентября 2020 г. 17:27

АНОНС 🟠

АНОНС 🟠 "Бир Бол" партиясынан депутаттыкка талапкер Нурсултан Кубанов КТРК каналынын жаштар теледебатында чыгат. Өткөрүп жибербеңиз!

Подробнее
18 сентября 2020 г. 15:28

"Бир Бол" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Жоомарт Жолдошев.

"Бир Бол" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Жоомарт Жолдошев.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 10:29

Мирбек Асангариев : "Чиновник деген ким?"

Мирбек Асангариев : "Чиновник деген ким?"

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники