О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
19 сентября 2020 г. 14:56

БШКнын мүчөлөрү парламент төрагасы Дастанбек Жумабековду шайлоодон четтетүүнү сунушташты

Спикер үй-бүлөгө жаңы төрөлгөн сүйүүчүнү тапшыруу менен мыйзамды бузду. Дастанбек Жумабеков депутаттыкка талапкер болгондуктан, бул паракорчулук катары бааланууда.Буга чейин Дастанбек Жумабековдун пресс-катчысы Жоомарт Максатбеков парламент спикеринин фондунан 50 миң сом бөлүнгөндүгүн, ошондуктан сүйүнчүнүн берилишин пара катары кароо туура эместигин айткан. Анткени спикер парламентке барган партиянын шайлоо өнөктүгүнө же үгүт иштерине эч кандай тиешеси жок экендигин түшүндүргөн. … Буга чейин, эсибизде, Дастанбек Жумабеков сүйүнчү каражатын жеке фондунан которгон деп айтылган.Жогорку Кеңештин депутаттары 4-сентябрдан 2-октябрга чейин аймактарда иштөөнү чечишти. Спикер Талас облусуна талапкердин статусунда эмес, жумушчу сапарынын алкагында барды. Басма сөз кызматы Жумабеков шаар тургундары менен болгон жолугушууларда үгүт иштерин жүргүзбөйт деп ишендирүүдө.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:56

КАБИРИ: ЭГЕР БИЗ ТАЖИКСТАНДА БОЛСОК, ШАЙЛООГО БОЙКОТ ЖАРЫЯЛАМАКПЫЗ

Тажикстан Улуттук альянсынын төрагасы, Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири 16-сентябрда Жорж Вашингтон университетинин Борбор Азияны иликтөө программасынын алкагында сөз сүйлөдү. Ал коронавирус маалындагы Тажикстандагы саясий жана экономикалык абалга баа берип, президенттик шайлоо жараянын сынга алды. Анын айтымында, президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүгү болгондо, шайлоого бойкот жарыяламак. Тажикстанда тыюу салынган партиянын лидери бул сөзүн президенттик жарышта көз карандысыз талапкерлердин жоктугу, үгүт маалында баарына бирдей мүмкүнчүлүк берилбегени менен түшүндүрдү. Тажикстанда Борбордук шайлоо комиссиясы беш талапкерди каттаган. Арасында өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Эмомали Рахмон да бар. Бийликке жалгыз оппозиция болгон Социал-демократиялык партия шайлоого бойкот жарыялаган. Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясы менен Социал-демократиялык партиясы 2013-жылы коалиция түзүп, президенттикке укук коргоочу Ойнихол Бобоназарованы сүрөшкөн. Ал тиешелүү өлчөмдө кол топтой алган жок деген жүйө менен марадан четтетилген. Мухиддин Кабири онлайн-жолугушуу учурунда Тажикстанда ким жеңишке жетери белгилүү экенин, жеңүүчү добуштардын канча пайызын өзүнө ээлик кылып алары гана ачык эместигин айтты. Ал бул сан 70-80% тегерегинде болушу ыктымал деп эсептейт. Кабири 2015-жылдын сентябрынан бери Европада бозгунда жүрөт. Тажикстанда аны сыртынан узак мөөнөткө соттошкон. Тажик бийлиги Кабирини жана анын шериктерин беш жыл мурда коргоо министринин орун басары уюштурган козголоңго катышы бар деп күнөөлөгөн. Ал бардык айыптоолорду четке каккан. Соцтармактардын колдонуучулары Кабири түз эфирде сөз сүйлөй турган маалда Тажикстанда бир саат Интернет өчүрүлгөнүн жазышты. WWW.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:57

Аргынбек Малабаев: "Кыргызстан" партиясы кескин түрдө чоң реформаларды жасайт"

4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого аттанган “Кыргызстан” саясий партиясынын курамында саясий ишмерлерден тартып, экономиканын реалдуу секторунун көрүнүктүү өкүлдөрү бар. Алардын айрымдары өкмөттөгү эң жоопту кызматтарды, министрликтерди, облустарды жетектеп жүрүшкөн. Ушундай мыкты жетекчилердин бири “Кыргызстан” партиясынын катарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Аргынбек Малабаев менен маек курдук. Саламатсызбы Аргынбек мырза, сиз парламенттик шайлоого “Кыргызстан” саясий партиясынан талапкер катары бара жатасыз. Бул партиянын өзгөчөлүктөрү тууралуу кыскача айтып берсеңиз? “Кыргызстан” партиясы 2015-жылкы шайлоодо чоң жеңишке жеткен, артында 200 миңден ашык колдоочулары бар партия. Ошондой эле бул партия парламентке келген күндөн тартып, шайлоочуларга берген убадаларын аткаруунун үстүндө иштеп келе жатат. Андан сырткары Жогорку Кеңештин VI чакырылышы менен парламентке келген алты партиянын ичинен “Кыргызстан” партиясы гана туруктуу партия экенин көрсөтө алды. Ал эми башка партиялардын айрымдары чачырап жок болсо, айрымдарынын мүчөлөрү көчмөн болуп, улам бир партиялар менен биригип шайлоого бара жатат. Негизи талапкерлер убагында элге берген убадаларын унутуп, беш жылдан кийин башка партияларга кирип кете берсе, анда биз кимден жоопкерчиликти сурайбыз? Ошондуктан мен ишенем, быйылкы шайлоодо биздин “Кыргызстан” партия жеңишке жетип, эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп, жакшы иштерди алып барган, туруктуу жана таза партия болот. Бүгүнкү күндө өлкөдө темир жол, жол куруу тармагында кандай маселелер бар? Деги эле азыркы учурда Транспорт министрлиги реформалоого муктажбы? Бүгүнкү күндө кыргыз темир жолу, шаар, айыл аралык жол куруу тармагынын телегейи тегиз, жыргап кетти дегенден алысмын. Бир топ көйгөйлөр бар. Бул эле эмес, жарандык авиация, почта, байланыш, жүргүнчүлөрдү ташыган таксилер жана кичи автобустар боюнча да көптөн бери чечилбеген бир топ маселелер бар. Темир жолго жаңы техникаларды алыш керек жана башкаруу системасын өзгөртүүгө тийишпиз. Авиация кара тизмеден чыгыш керек. Өзүбүздүн учактарыбыз жок. Коопсуздук маселеси бар. Ошондой эле мен иштеп турганда транспорт жана коммуникация министри эле, азыр транспорт жана жол министри болуп калды. Министрлик чачыранды болуп, жоопкерчилик жок болуп жатат. Эми баарын бир колго топтошубуз керек. Экинчиден кадр тандоодо чоң мүчүлүштүктөр болуп, эртеңки күнү министрликте чоң маселелерди жаратышы мүмкүн. Анткени жалаң тааныш-билиш же сырттан бул тармакка тиешеси жок адамдарды кызматка орноштура берүү туура эмес. Ошондуктан бул тармакка иштин көзүн билген кадрларды кызматка дайындоо керек. Бишкек жана Ош шаарларынын ички жолдору бүгүнкү күндүн талабына жооп бербегендиктен, унаа тыгындары көп болууда. Мындан улам бул маселени түп тамырынан чечүү үчүн жаңы айланма жолдорду же метро куруу зарылбы? “Кыргызстан” партиясы жеңишке жетип, парламентке келген соң кандай программаларды жана мыйзамдарды сунуш кылат? Сөзсүз түрдө бул маселе боюнча өзүбүздүн сунуштарды киргизебиз. Азыр шаардын калкынын саны миллиондон ашып кетти деп айтылып жатат, бирок жаңы конуштарды кошкондо эки миллиондой бар. СССР учурунда шаардын калкы миллиондон ашып кетсе метро, трамвай куруу каралчу. Биз дагы инвестор тартып, метро курушубуз керек. Азыр тыгын көп, жеңил унаа менен жүргөнчө метро менен кетсең көп ишиң бат бүтмөк. Алматыда тыгын көп болуп, көпүрөлөрдү курушкан, азыр метро куруп башташты. Метро ыңгайлуу, бизге мэрияда бул боюнча айтылып келет, бирок конкреттүү план жок болуп жатат. Бишкек жана Ош шаарларындагы жол тыгындарын азайтып, экологиялык жактан абанын тазаланышы үчүн айланма жолдорду курушубуз зарыл. Шаар ичиндеги базарларды сыртка чыгарып, сырттан кирген унааларга чектөөлөрдү киргизишибиз керек. Мисалы, Бишкектин батыш-чыгышына жаңы автобекеттерди куруп, ал жакта жүрчүлөр үчүн шарттарды түзүп берүүбүз керек. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а 14:38 19-09-2020

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:57

"Биримдик" №1. Замирбек Осмонов: “Учурдагы шайлоо – программа, идеялардын жарышы болсун”

“Биримдик” демократиялык социализм - евразиялык тандоо” партиясынын үгүт иш-чаралары Баткен облусунун Лейлек районунун борбору Исфана шаарына жетти. Үгүт иштеринин ачылышы Кыргыз Республикасынын гимни менен башталды. Андан кийин ар бир кандидат тууралуу маалымат берилди. Алгач сөз “Биримдик” партиясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаровго тийди. Ал ар бир жаран акчага алданбай, жүрөк менен келечекти тандоосу керек деп баса белгиледи. Ал эми Лейлек жергесинен чыккан талапкер Замирбек Осмонов тууралуу мындай деди: “Бул киши өкмөттүн туура эмес кадамдарын оңдоп, жолго салган. Ал жергиликтүү, райондук, облустук деңгээлде эмес, жалпы Кыргызстандын деңгээлинде иштеп бере турган инсан”. Замирбек Осмонов: “ Лейлек эли ысымы ар бирибизге ыйык тумарга айланган Исхак Разаковдун жердештери, таза, касиеттүү эл. Бул жерден Кыргыз мамлекетинин пайдубалын түзгөн, мамлекетти башкарган инсандарыбыз чыккан. Келечегибиз кең болсун десек, өткөн тарыхты сыйлашыбыз керек. Таберик кылып калтырган мамлекетти сакташыбыз керек”. Ошондой эле ички-тышкы миграциянын себептерине токтолуп, мындай деди: “Экономикабыздын чабалдыгы, интеграцияланбаганы, ресурстардын жетишсиздиги, анын ичинде өндүрүлгөн продукцияга талаптын жоктугунан улам иш орундары жок. Мына ушундан улам күчкө толуп турган эр-азаматтарыбыз четке чыгып кетүүдѳ”. Талапкердин айтымында, экономикалык саясаттын негизги милдеттери бул - экономикалык өсүштүн жогорку темптерине жана калктын реалдуу кирешесин көбөйтүүгө жетишүү. “ Мына ошондо гана мигранттарыбыз өз мекенине кайтып келип кызмат кылат”, - дейт Замирбек Осмонов. Андан ары Замирбек Осмонов буларга токтолду: “ Шарты оор Маргун айылына бардык. Ошол эл биздин программаны угуп, чет жактагы мигранттар чалды дешти. Шайлоодо акча албагыла, жетпесе биз жиберели. Акча алсаңар, турмушубуз, мамлекет оңолбойт, мамлекет оңолбогондон кийин биз мигранттар кайтып барышыбыз кыйын дегенди айтышыптыр. Биз мигранттарыбыз кайтып келиши үчүн мамлекетибизди оңдошубуз керек”. Талапкер Замирбек Осмонов тѳмѳнкүчѳ сѳзүн жыйынтыктады: “Лейлектин эли реалдуу программа сунуштаган “Биримдик” партиясын шайлап бересиздер деп ишенем. Учурдагы шайлоо – программа, идеялардын жарышы болсун. Келечекте мүдүрүлбөй биздин эл да башка элдердей татыктуу жашаса деп алдыңыздарда турабыз. Калыстыктан тайбай татыктууларды, элим деп жүрѳгү соккон, кыргыз элинин кадырын бийик койгон, мамлекетти алдыга сүрөй турган адамдарды тандап аласыздар деп ишенем!”. "Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 19-сентябрь, 2020-жыл. 10:39 19-09-2020

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:57

"Бүтүн Кыргызстан" мигранттарга жардам берүү жагын "Замандаштан" талашпай деле койсо болот". Шайлоого аттанган партиялардын дебаттагы суроо-жооптору

Парламенттик шайлоого аттанып жаткан саясий партиялардын теледебаты уланууда. КТРКда орун алган бүгүнкү дебатка 6 партиянын - "Ата Мекен", "Биримдик", "Бүтүн Кыргызстан", "Бир бол", "Замандаш" жана "Чоң Казат" партияларынын жаштар канатынын лидерлери катышты. Партия өкүлдөрү 3-раундда бири-бирине суроо узатышты. "Замандаш" партиясынан депутаттыкка талапкер Жакшылык Матановдун атаандаштарына берген суроолорунан: "Биримдик" партиясынан Акылбек Жамангуловго суроо: "Айтууңуздар боюнча жаңы кадам, жаштар менен шайлоого аттанып жатасыздар. Тизмеңиздерде мурдагы чакырылыштын 30дан ашык өкүлү бар экен, аларды кошуп алып кантип жаңы кадам деп атасыздар? Жооп: "Биринчиден, жаңы кадам деп айткан жокпуз. Биз баарыбыз тең укуктуу мамлекетте жашайбыз. Мыйзамга ылайык, өлкөнүн бардык жарандары (иш козголуп же соттун чечими чыкпаса, экинчиден башка мамлекеттин жараны болбосо) талапкер болууга толук укугу бар. Экинчиден, сиз айткан мурдагы чакырылыштын депутаттары бардык эле партиялардын катарында бар. Үчүнчүдөн, талапкерлердин мыйзамдык укуктарын чектөөгө бир дагы адам акылуу эмес. Ал элдин добушуна ээ болсо, албетте, депутат болуп, элге кызматын өтөш керек". Ал эми "Биримдик" партиясынан депутаттыкка талапкер Акылбек Жамангуловдун суроосу "Чоң Казат" партиясынын өкүлүнө берилди: "Силердин лидериңер 200 чарчы метр батирде жашап, акыркы үлгүдөгү жол тандабас айдап жүрөт. Бирок декларациясында бул мүлктүн баары көрсөтүлбөптүр, ал кишинин дагы мүлкүн конфискация кыласыздарбы?" Жооп: "Өзүңүз жооп берип көнгөндөй, ал кишинин өзүнөн сураңыз". "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Орозайым Нарматова "Замандаш" партиясына гана суроо берүүгө үлгүрдү. "Лидериңер Орусияга барып "силердин көйгөйүңөрдү чечкенге араңардан талапкер чыгыш керек" деген. Бирок катарыңарга андай адамдарды кошо алган жок. Бул мигранттардын атын колдонуу болуп калабы же аларды алдоо болобу?" Жооп: "Бүтүн Кыргызстан" партиясы мигранттарга жардам берүү жагынан "Замандаштан" талашпай деле койсо болот. Биздин партия 13 жылдан бери укуктук, финансылык жактан мигранттарга жардам берип келген. Бүгүн жаштар лидериңерге жактоочу болуп жатасыңар, бул уят. Биздин лидерди мигранттарды катарыбызга кошобуз деп кошпой койду деп жатасыздар. Силер биринчи өзүңөрдү билип алгылачы. Канча жылдан бери "Мадумаров үчүн өлөм" деген жаштар катарыңардан чыгып кетпедиби". "Бир Бол" партиясынын өкүлү Нурсултан Кубановдон "Чоң Казат" партиясына берген суроосу: "Туризм багытындагы негизги аткара ала турган кандай программаңар бар? Жооп: "Туризмди өнүктүрүүнү комплекстүү караш керек. Биринчиден, аэропорт жана транспортторду жаңылоо. Экинчи - бул сервис. Бизде тилекке каршы, сервис өтө төмөн. Өлкөгө келген туристтер үчүн эң биринчи кызмат көрсөтүүлөр маанилүү". 00:59 19-09-2020 Автор: Бактыгүл Момбекова, Бактыгүл Султаналиева, Гүлдана Мамадали кызы,

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:57

"Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев оппоненттеринен ундун, картошканын баасын сурады

Парламенттик шайлоого аттанып жаткан саясий партиялардын теледебаты уланууда. КТРКда орун алган бүгүнкү дебатка 6 партиянын - "Ата Мекен", "Биримдик", "Бүтүн Кыргызстан", "Бир бол", "Замандаш" жана "Чоң-Казат" партияларынын өкүлдөрү катышты. Анда партия өкүлдөрү бири-бирине суроо узатышты. "Ата Мекен" партиясынын жаштар канатынын лидери, депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиевдин атаандаштарына берген суроолорунан: "Биримдик" партиясынын талапкери Акылбек Жамангуловго берген суроосу: "2019-жылдын биринчи кварталында "Альфа Телеком" (Мегаком) 300 миллион салыкты төлөптүр. Ал эми 2020-жылы салыктын өлчөмү 35 миллион сомго түшүп кеткен. Дээрлик 80 пайызга салык төлөөнүн түшүп кетишинин себеби эмнеде?" Жооп: "Сиздин маалымат туура эмес. Бизде, тескеринче, 28 пайызга өсүш болду. "Мегаком" компаниясы башка менчик компанияларга караганда салык инспекциясына өкмөттүн сурамы боюнча салыктарды алдын ала төлөп келет". "Биримдик" партиясынын талапкери Акылбек Жамангуловго суроо: "Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышындагы 31 депутат сиздердин партиядан келип жатыптыр. Пандемия учурунда каникулга чыгып кеткен депутаттардын 7-чакырылышка келгенге моралдык укугу барбы?" Жооп: "Мен биздин тизмеге кирген депутаттар үчүн жооп бергенден алысмын. Алар азыркы Жогорку Кеңештин депутаттары, бүгүнкү күнгө чейин мандаттарына ээ. Бир жылдын ичинде жаңы түзүлгөн "Биримдик" партиясы 7-чакырылыштагы парламентке жаңы кадамдар менен кирип бара жатабыз". "Ата Мекен" партиясынын жаштар канатынын талапкери Тилек Токтогазиевдин "Биримдик" партиясынын талапкери Акылбек Жамангуловго берген суроолору. Суроо: "Троллейбус, автобустун жол акысы канча сом?" Жооп: "Троллейбустуку 8 сом, автобустуку 10 сом". Токтогазиев: "Туура эмес, автобустуку дагы 8 сом". Суроо: "Ундун жогорку сортунун баасы канча сом?" Жооп: " 20 сомдун тегереги болсо керек". Токтогазиев: "Туура эмес, 47 сом". Суроо: "Картошканын баасы канча сом?" Жооп: "Билбейт экенмин". 23:53 18-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:58

"Жаңы дем эмес эле, партиянын жеми болуп калбайсыңарбы?". Дебатка катышкан "Чоң-Казаттын" өкүлүнөн атаандаштарына суроо

Парламенттик шайлоого аттанып жаткан саясий партиялардын теледебаты уланууда. КТРКда орун алган бүгүнкү дебатка 6 партиянын - "Ата Мекен", "Биримдик", "Бүтүн Кыргызстан", "Бир бол", "Замандаш" жана "Чоң-Казат" партияларынын өкүлдөрү катышты. Дебаттын жүрүшүндө партия өкүлдөрү бири-бирине суроо узатышты. "Чоң-Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер Бекжан Рысмендеевдин атаандаштарына берген суроолорунан: "Биримдик" партиясынан депутаттыкка талапкер Акылбек Жамангуловго : "Сиз геополитика дегенди кандай түшүнөсүз? Евразиялык баалуулук деген эмнени билдирет?" Жооп: "Биздин партия программа эмес, эң биринчи идеологияны түптөдүк. Байкап көрсөк, негизги курулуштар, завод, фабрикалар, инфраструктура, жалпы эле биздин экономикабыз, саясатыбыз, тышкы жана ички карым-катнаштарыбыз социализм учурунда калыптанган. Бүгүнкү күнгө чейин анын жакшы жактарын көрүп келе жатабыз. Экинчиден, мамлекетибиз башынан көп сыноолорду өткөрдү. Ошого карабастан элибиз эгемендигин жана демократиялык принциптерин, сөз эркиндигин сактап калды. Ошондуктан биз демократиялык-социализмди калыптандырабыз деген максатты койдук. Евразиялык тандоо дегенибиз - кыргыздар илгертен эле кошуна мамлекеттер менен мамиле түзүп келген. Азыркы реалдуу жашоодо да экономикалык, саясий жашообуз коңшу мамлекеттер менен тыгыз байланышта. Мисалы, пандемия шартында Кыргыз-Казак чек арасы жабылып көптөгөн экономикалык кыйынчылыктарды тарттык". "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтагазиевге суроо: "Учурдагы ботконун автору "Ата Мекен" партиясы. Анткени 29 жылдан бери бийликте жүрөт. "Жаңы дем" деп ачтыңар? Жаңы дем эмес эле, "Ата Мекендин" жеми болуп калбайсыңарбы?" Жооп: "Азыркы ботконун себепкери учурундагы жана азыркы бийлик. "Ата Мекен" партиясы акыркы чакырылышта 11 эле депутат менен барган. "Кумтөр" маселеси боюнча элдин тарабында турган. Мисалга алсак, мөңгүлөр талкалансын дегенде башка партиялардын өкүлдөрү макул болуп, "Ата Мекен" жана азыркы "Жаңы демдин" мүчөлөрү каршы чыккан. Азыркы дебатты өткөрүп жатканыбыздын себепкери, шайлоонун таза өтүшүнө эң чоң салым кошкон так ушул "Ата Мекен" партиясы. Демек, боткону бийликти узурпациялап алгандар жасаган. Убагы келгенде биз аларга укуктук баа беребиз". "Замандаш" партиясынын талапкери Жакшылык Матановго суроо: "Сиздер маркум Мухтар Өмүракуновдун сүрөтүн баннерлерге илип жатасыздар? Ошол эле маалда партиянын тизмесинде Элмурза Сатыбалдиев жүрөт. Ал киши убагында Өмүракуновго каршы иш козгогон. Бул нерсе силердин принциптериңерге каршы келбейби?" Жооп: "Биринчиден, баннерлерге сүрөтү илинди дегенди тактап айтсаңыз жакшы болмок. Ат-Башыга бир гана баннер илинген. Бул баннер партия тарабынан эмес, үй-бүлөсү тарабынан илинген болчу. Экинчиден, архивди карап чыксаңыз, Мухтар Өмүракуновго иш козгогондордун арасында Элмурза Сатыбалдиев жок". "Бир бол" партиясынын талапкери Нурсултан Кубановго суроо: "Мурашевдин кабинетине фермерлер келип, чириген картошканы төккөн. Мурашевди эмнеден улам шайлоого алып келдиңер? Жооп: "Нурбек Мурашевге болгон сокку бул жөн гана дискредитация болгон деп кыскача жооп берем". 23:24 18-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:58

Дүңүнөн окуудан өткөн мыйзамдар, тышкы карыздан кутулуунун жолдору боюнча суроолорго дебатка катышкан 6 партиянын жооптору (видео)

Бүгүн, 18-сентябрда КТРКда алдыдагы шайлоого аттанган партиялардын дебаты болду. Ага 6 партиянын - "Ата Мекен", "Биримдик", "Бүтүн Кыргызстан", "Бир бол", "Замандаш" жана "Чоң-Казат" партияларынын өкүлдөрү катышты. "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев . "Биримдик" партиясынан депутаттыкка талапкер Акылбек Жамангулов. "Бир бол" партиясынан депутаттыкка талапкер Нурсултан Кубанов. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Орозайым Нарматова. "Замандаш" партиясынан депутаттыкка талапкер Жакшылык Матанов. "Чоң-Казат" партиясынын жаштар канатынын лидери, депутаттыкка талапкер Бекжан Рысмендеев. 1-СУРОО: Жогорку Кеңеш мыйзамдарды топ-тобу менен кабыл алып, айрым мыйзамдарды регламенттин талаптарын эске албай окуудан тез эле өткөрүп салат. Айрым мыйзамдар кабыл алынгандан бир айдан кийин кайра чакырылып же өзгөртүү киргизилип, аткарылышын токтотуп, мөөнөтүн узарткан учурлар да аз эмес. Кээ бир адистер кабыл алынган мыйзамдар аткарууга келгенде таптакыр реалдуулукка туура келбей жатканын айтышат. Парламентке келгендер жеке кызыкчылыгын көздөп өлкөгө доо кетирген маселе бар экени айтылып келет. Мыйзам чыгаруу ишин канткенде жакшыртууга болот? "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев. "Мунун эки себеби бар. Биринчиси, президент өзүнүн чегинен чыгып кеткен. Биз жаңы команда менен парламентке келип, президентти ордуна коёбуз. Өзүнүн ишкерлигин коргогон депутаттар эмес, элдин кызыкчылыгын коргогон депутаттар бар арабызда. Биз парламентти күчтөндүрүп президентти ордуна коёбуз. Өлкө башчы өкмөткө, сот системине кийлигишпей "Англия королу" болушу керек. Мыйзамды иштетишибиз керек. Алып баруучудан кошумча суроо: "Жогорку Кеңештин негизги ишмердүүлүгүн, мыйзамдын сапатын жакшыртууга багытталган программаңыздар жок экен. Жооп : "Саясий аренага тажрыйбалуу адамдардан турган команда керек. Кадр баарын чечет, билимдүү, эрктүү адамдар келсе мыйзамды иштете алат". "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Орозайым Нарматова. "Мыйзамды элдин көйгөйүн жон териси менен сезген, билген, түшүнгөн адамдар жаза алат. Бизнестерди манипуляциялап алгандар, базарчылар тигил жакка барып алып өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлогондугу үчүн эч качан элге ыңгайлуу мыйзам жазып бербейт. "Бүтүн Кыргызстан" партиясы 10 жылдан бери парламентте эмес, эл арасында жүрөт. Биздин мекендештердин конституциялык укугу бузулуп жатат. Мигранттардын көйгөйүн, жумушун билбеген депутаттар кантип мыйзам жаза алышат? Элге "Бүтүн Кыргызстан" иштеп бере алат". "Замандаш" партиясынан депутаттыкка талапкер Жакшылык Матанов. "Буга карата баабыз абдан төмөн. Азыр биз 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары тууралуу кеп козгойлу. Кандай гана мыйзам болбосун Казакстандын, Орусиянын мыйзамдарын "кж" деп оңдоп алып жазган мыйзамдар бар экенин баарыбыз билебиз. Маалым болгондой, өнүккөн өлкөлөрдө бир жылда 5-6 эле мыйзам кабыл алынат. Жана башка мыйзамдарга керектүү өзгөртүүлөрдү гана киргизишет. Ал эми бизде кандай? Бизде пакет-пакети менен 60-70 мыйзамды бир алып кирип, бир күндө 3 окуудан кабыл алып өткөрүп коёт. Мисалга алсак, акыркы жолу Жогорку Кеңеш каникулга кетип жатканда 67 мыйзамды бир күндө 3 окуудан өткөрүп берди. ЖКнын түздөн-түз милдети мыйзам чыгаруу жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөө деп айтып жатабыз. Биздин депутаттар ар бир мыйзамды карап, эртең элдин жашоосуна кандай жардам берет, бул мыйзам элдин жашоосуна тоскоолдуктарды жаратпайбы деген жоопкерчиликти алып туруп, көңүл бурушу керек. Бүгүнкү күндөгү депутаттар мыйзам менен таанышпай туруп эле кабыл алган үчүн "кнопка баскычтар" деген атты бекеринен алган жок да. Ошондуктан кыргыз элиме кайрылат элем, билимсиз депутаттарды шайлабаңыздар!" "Бир бол" партиясынан депутаттыкка талапкер Нурсултан Кубанов. "Бул суроого жооп берерден мурда кайрылуу жасап кетким келет. Пандемия учурунда баарыбыз көрдүк, канча деген биздин мыкты инсандар, жакындарыбыз өтүп кетти. Бирок азыр шайлоо башталып, кайра эле ошол депутаттар, мурдагы министрлер кызматка келе жатат. Мен ойлогом азыр Акылбек мырза (ред.: Жамангулов) сөзүнүн башында партиядагы депутаттардын атынан Кыргыз элинен кечирим сурайт го деп. Депутаттар каникулга чыгып кетишти да. Бирок андай сөз болгон жок. Жаштар үлгү бололу. Буга чейин деле жаштардын теледебаты болду. Бирөө дагы ушул өтүп кеткен инсандарыбызды эскерип койгон жок. Суроо боюнча, биз санариптүү мамлекет деген долбоорубузду сунуштайбыз. Анда ар бир мекендешибиз Аpp Stor жана Play Market`тен "Бир бол" деген тиркемени жүктөп алса болот. Бул тиркеме аркылуу мыйзам долбоорлору талкууланып жатканда, аны тиркеме аркылуу элге чыгарабыз. Мисалы, жакында эле чуулгандуу болгон "маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамды депутаттардын басымдуу бөлүгү колдоду. Биздин эркиндикке шек келтирди. Бирок биз ошондой мыйзам долбоорлор чыгып жатканда элге таратып, "каршы" жана "макул" деп добушка коёбуз". "Чоң-Казат" партиясынын жаштар канатынын лидери, депутаттыкка талапкер Бекжан Рысмендеев. "Эң биринчиден, жогорку билими барлар парламентке келиши керек. Биз көрүп турабыз, Жогорку Кеңештин чоң курамын бул аткезчилер, базаркомдор түзөт. Алар күнүнө 67 мыйзам кабыл алганы бул мүмкүн эмес. Аларды окуп да жетишпейт. Көпчүлүк депутаттар өзү кабыл алып жаткан мыйзамды окубай, кийин "аны мен билбей туруп кабыл алыптырмын" деп айтып чыгышат. Мисалы, бир саясатчы айткандай, "мен бир күндө 4 катарды басып коём" дейт. Бул кылмыш да. Кантип эле бир киши төрт ряддын добушун басып койсун? Биздин программабызда конфискация, люстрация жана конституциялык реформа боюнча пункттар бар". "Биримдик" партиясынан депутаттыкка талапкер Акылбек Жамангулов. "Жалгыз эле депутат мыйзам чыгаруунун үстүндө гана иштебейт да, 80 пайыз мыйзамды чыгарууда бул ЖКнын аппараты, секретариаттын кызматкерлери жана депутат болгон инсандардын, алардын кеңешчилери менен жардамчылары иш алып барат. Ал жакта кадрларды тандоо учурунда туура эмес, кесипкөй эмес инсандар иштеп жатканынын натыйжасы да ушул жерден чыгып жатат. Биздин партиянын парламентке баруудагы негизги максаты - акыркы 15-20 жылдагы мыйзамдарга ревизия жүргүзүү, канча мыйзам бири-бирине карама-каршы болуп жаткандарын алып чыгуу, мыйзамдарды шайкеш келтирүү, толук кандуу иштешине шарт түзүү. Мыйзамдардын санына эмес, сапатына басым жасоо бул өкмөт менен аткара турган чоң иш десем да болот. Жакшы мыйзамдар жазылган, бирок бир тобу карама-каршы иштеп жатат жана иш жүзүнө ашкан жок. Биз мунун үстүнөн иштейбиз". 2-СУРОО: Тышкы карыздын көлөмү бүгүнкү күндө 4 миллиард доллардан ашты. Пандемия шартында биздин өлкө чет элдик донорлорго кайрылууга аргасыз болду. Бюджеттин жетишсиздиги 30 миллиард сомду түзөрү болжолдонууда. Сиздердин көз карашыңыздар боюнча тышкы карызды көзөмөлдөө боюнча кандай чаралар эффективдүү? "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев. "Мен бул суроолорго анализ жүргүзүп көрдүм. Биздин Кытайга болгон тышкы карыздын көлөмү 1 миллиард доллардан ашат. Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында биринчи жолу тышкы кырыздын көлөмү ченден (60 пайыз) ашты. Бүгүнкү күндө бюджеттеги каражат 2 миллиарддан төмөн. Ал эми тышкы карызга эле 30 миллиард сом сарпталат. Биз эмне кылышыбыз керек? Биринчи кезекте коррупция менен күрөшүшүбүз керек. Бажыдан, салыктардан түшкөн каражат менен бюджетти толуктай албайбыз. Статистикага ылайык, Кытайдан бизге 6 миллиард долларга товар келет. Биз 1 жарым миллиард деп айтып келебиз, айырмасы 4 жарым миллиардды түзүүдө. Бажыдагы "уурулуктан" бюджетке миллиард доллар каражат түшпөй жатат. Мындан тышкары мамлекеттик органдарда деле "уурулук" болуп келет. Биз ал жакты иретке келтирип, каражаттарды бюджетке кайтарышыбыз керек. Кеч болуп кала электе Кытайга болгон карызды төлөшүбүз керек, анткени бул өлкө жерлерди тартып алат". "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Орозайым Нарматова. "Карызга келген каражаттар максаттуу колдонулбай жатканын элеттеги элден баштап шаар тургундарына чейин маалым. Бирок биз ким менен, кантип күрөшөбүз? Баары ачык-айкын болуп турса дагы оозубузга талкан салып алгандай болуп, бүгүн биздин ишибиз бүтсө болду деп калдык. Карызга келген акчаларды уурдап алып, бизди башкарам деген уяты жоктор саясатка барып жатат. Урматтуу, мекендештер биз сатылбайлы, элим деген эр-азаматтарды колдогондо гана жаркын келечекке жетебиз деп ишенем". "Замандаш" партиясынан депутаттыкка талапкер Жакшылык Матанов. "Учурда мамлекеттин карызы 4 миллиарддан ашуун долларды түзөт деп айтып жатабыз. Бирок ошонун 70 пайызы - бул тышкы карыз болсо, калганы ички карызды түзөт. Чет өлкөгө болгон карыздын 70 пайызы бул Кытайдын менчик банктарына таандык. Мисалга ала турган болсок, мамлекет тышкы карызды тейлөөгө 200-250 миллион долларды сарптайт. Ал эми бул 2024-жылдан тартып 450 миллиард долларга чыгат. Эгерде бюджетте 2 миллиард доллар болгон болсо, ошонун төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Биз мындан кантип чыгышыбыз керек? Мен буга 3 жолду сунуштайт элем. Биринчиден, пандемия шартында өнүккөн эң күчтүү 20 мамлекет, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн жеңилдетүүлөрдү караган. Ошондуктан биздин өкмөт Кытайдын бийлиги менен насыянын пайызын жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек. Дүйнөлүк банктар менен сүйлөшүп, ал жактан дагы каражат тартыш керек. Экинчиден, өкмөттү толугу менен оптималдаштыруу зарыл. Мамлекеттин бюджетинен кетип жаткан ашыкча чыгымдарды жоюп, эң керектүү тармактарга каражатты туура, адилеттүү бөлүштүрүү керек. Үчүнчүдөн, коррупцияны жоюш керек деп айтып келебиз. Аны түп-тамырынан бери жоюп салуу мүмкүн эмес. Бирок колдон келсе, коррупционерлерди кескин кыскартууга аракет жасоо керек. Ошондо гана өнүгөбүз!" "Бир бол" партиясынан депутаттыкка талапкер Нурсултан Кубанов. "Бюджетке түшүп жаткан негизги каражаттардын басымдуу бөлүгү жолдорду курууга жана салууга кетип жатат. Бирок бизде эки жылдан кийин эле жолдор бузулуп баштайт. Анан кайрадан насыя, гранттык каражаттарды алып, капканга түшүп жаткандай болуп жатабыз. Ички валлдык продукт бизде 600 миллиарддан ашык каражатты түзөт. Бирок адистер анын дагы 40 пайызы көмүскө экономиканын эсебинен түшпөй жатканын айтып келишет. Бирок мен айтып кетет элем, көмүскө экономиканын айынан 40 пайыз эмес, 60 пайыздан ашык каражат бюджетке түшпөй жатат. Эсептеп көрсөңөр бизге канча салык жана башка жактардан каражат түшсө, кайра эле ошончо каражатты жоготуп жатабыз. Эгер мыкты, билимдүү кадрлар болгондо мындай маселе жаралмак эмес. Бардык маселе кадрлар менен чечилет. Коррупциянын айынан бүгүнкү күндө баары кыйналып жатат. Мугалимдер өтө аз айлык алышат. Бирок азыр шайлоо учурунда аларды акчага кызыктырып, бийликчил партияларга добуш берүүгө үгүттөп жатышат". "Биримдик" партиясынан депутаттыкка талапкер Акылбек Жамангулов. "Тышкы карыз боюнча жогоруда айтылып жаткан цифралар бурмаланып жатат. Биз элди адашууга түртпөшүбүз керек. Каржы министрлигинин расмий маалыматы боюнча, ушул жылдын 31-июлуна карата Кыргыз өлкөсүнүн тышкы карызы 4 миллиард 169 миллион долларды түзөт. Эртеби, кечпи бул карыздарды кайтарышыбыз керек, бул маселе баарыбызды кыжаалат кылат. Насыяга келген акчаларды пайызы менен төлөшүбүз керек. Биринчи кезекте, насыяны кайдан, канча мөөнөткө жана кандай шарт менен алганыбызга ревизия жүргүзүшүбүз керек. Биздин бюджет өскөн күндө деле тышкы карызды жаап кете албайт. Ошондуктан дипломатиялык каналдар аркылуу пайыздык чендер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү абзел". "Чоң-Казат" партиясынын жаштар канатынын лидери, депутаттыкка талапкер Бекжан Рысмендеев. "Жанар Акаев айткандай, биз быйыл миллиард доллар карызга алганбыз, бирок Ливанга миллиарддаган доллар инвестиция салгандыгыбызды эч кимибиз сезген жокпуз. Бул акчага, мисалы, Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун, Ысык-Көл аймагына баруучу жолдорду курууга мүмкүн эле. Бирок бүгүнкү күндө биз жыйынтык көрө элекпиз жана отчёт ала элекпиз. ЖКнын депутаттары каникулдан каникулга кетип жатышат. "Чоң Казат" партиясы биринчи болуп парламентке келсе, биз отчёт талап кыла баштайбыз. Экинчиден, биздин программада мыйзамсыз алынган же мамлекеттин менчигинде турган товарларды конфискациялоо жазылган". 22:35 18-09-2020 Автор: Бактыгүл Момбекова, Бактыгүл Султаналиева, Гүлдана Мамадали кызы

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:59

“Республика” партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев: “Өлкөдөгү коррупциялык схемалардын башчыларын жазалоого күчүбүз да, эркибиз да жетет!”

4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого карата бардык партиялар өз программаларын жар салышты. Алардын арасынан "Республика" партиясынын программасы бул жолу да максаттардын так жазылышы боюнча айырмаланып, анын айрым пункттары талкууга түшүп жаткан кез. “Республика” партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев айрым саясий реформалар жөнүндө кененирээк түшүндүрмө берүү максатында маек берди. - Мирлан Канатбекович, “Республика” партиясынын программасында Президенттик институтту жоюу керек деген демилге бар. Ушул боюнча коомчулукта ар тараптуу пикирлер орун алып жатат? - Кыргызстанда эки революция тең эбегейсиз укукка ээ Президенттик институттун жана үй-бүлөлүк-мафиялык кландардын кесепетинен келип чыккан. Алар Кыргызстандын казынасын өз капчыгындай көрүп, өз жакындарын гана байытууга багыт алып калган. Президенттик институт ынтымакка, өнүгүүгө баштаган жол эмес, тескерисинче, ыдыроого жана коомдо ынтымакты жогото турган институтка айланып калды. Бийликтин ээси - эл! Элибиз мамлекеттик башкаруунун так жолун тандашы керек. Биз бул маселе боюнча өзүбүздүн ачык позициябызды айтып коюшубуз керек. “Республика” партиясы парламенттик башкаруу үчүн! Өлкөдө бардык бийлик бутактары баш мыйзам менен жүктөлгөн милдетин кыйшаюусуз аткарышы керек. Кылчактабастан жоопкерчиликти өз моюнуна алышы керек. Өлкөнүн жоопкерчилиги премьер-министрге жана өкмөткө жүктөлүшү керек! Айрымдардын президент болуш керек, көзөмөлдөгөн бирөө болуш керек деген пикирлерин угуп жатам. Биз дайыма бирөөлөрдү туурап жүрөбүз, качан бизге ылайыктуу болгон өз жолубуз менен кетебиз? Мисалы, АКШда премьер-министр жок, министрлер кабинетин президент башкарат. Ал жакта Конгресс менен президенттин ортосундагы арбитр - бул сот. Ошондуктан биздин сунуш Конституциялык соттун укугун бекемдеш керек, ортодо талаш-тартыш маселе болсо Конституциялык сот чечет, ошондо өлкөнү мыйзам башкарат. Партиялык, саясий маданияттуулук өсүп, жоопкерчилик да күчөйт. Шайлоодо кайсы партия көп добуш алып келсе, ошол партиянын жетекчилери премьер-министр болуп келип, өз партиясынын эл алдындагы кадыр-баркы үчүн, анын программасынын аткарылышы үчүн жан үрөп иштейт. Эгерде аткаруу бийлиги натыйжалуу иштей албаса, партия өкмөт менен кошо жоопкерчилик тартып, кийинки шайлоодо парламентке өтө албай калат. - Парламенттик өлкөлөрдө премьер-министр эң көп добуш алган партиядан дайындалышы керек, Кыргызстанда бул эмне үчүн ишке ашпай жатат? - Биз парламенттик мамлекетте болбогон практиканы колдонуп келе жатабыз. Жадакалса, кошуна супер президенттик өлкөлөрдө да парламенттик шайлоодо утуп келген партиянын лидери премьер-министр болот. Мисалы, Казакстанда Нур Отандан, Орусияда Единая Россиядан келген Өкмөт башчыларын мисал тартсак болот. Ал эми Кыргызстанда болсо саясий партияга таптакыр тиешеси жок жаран эле министрлер кабинетин башкарып калып жатат. Мындай жол менен келген өкмөт башчынын эл алдында эч кандай жоопкерчилиги жок, анткени шайлоого катышып, электоратка убадасын берип келген эмес. Ал бир адамдын же бир топтун батасын алып, анын буйругун аткаруу үчүн келген адам. Ошол себептен биз азыр жалтак, эл алдында жоопкерчиликсиз өкмөт башчыларын көрүп жүрөбүз. Жаңы премьер-министр келсе аппараты толук өзгөрүп, вицелеринен тарта министрлердин командасы кароолчусуна чейин алмашат. Кызматтан алып салган адамдары душманына айланат. Ошентип 6 ай алмаштыруу менен алектенет, анан ордуна башка келет, ал да өзүнүн убактысынын көбүн тааныш-туугандарын алып келүү менен өткөрүп иштегенге мүмкүнчүлүгү калбайт. Аларга буйрутма берген адамдын тапшырмасын аткаргандан башка нерсенин кереги жок. Жыйынтыгында, жалпы өлкө утулуп, экономика жабыр тартып, элдин мүдөөсү аткарылбай калып жатат. Биз өкмөттү түзсөк, убада биздики, программа биздики болот! Тиги мунун кадры, бул тигинин тууганы деп эч кимди бөлбөйбүз, өкмөттүн курамын ким кайсы партиядан экенине карабастан жалаң профессионалдардан түзөбүз. Эгерде биздин партия өкмөттү кураса саясий да, экономикалык да жоопкерчиликти толук моюнубузга алабыз! Эч кимди карап жалтаңдабай, чыныгы адистерден түзүлгөн команда менен программабыздагы реформаларды ишке ашырууга билек түрө киришебиз. - Ал эми партиялар арасындагы квота деген маселени кандай кыласыздар? - Квота деген нерсе мыйзамда жок, эч жерде жазылган эмес. Бүгүнкү күндө коалициялык көпчүлүк премьер-министрди гана шайлайт, башка министрликтер боюнча милдеттүү түрдө квота берилет деген жок нерсе. Эгерде күчтүү, чечкиндүү өкмөт башчы болсо командасын өзү түзөт, курамын өзү сунуштайт, партиясына же кимдир бирөөнүн көрсөтмөсүнө же өтүнүчүнө карабай адистигине карап тандай алат. Ал эми азыр кандай? Эч кандай программасы жок, эл алдында берген убадасы жок премьер-министр жана партияларга устукан катары тартылган кызматтар энчиленген чиновниктер болуп калганын моюнга алыш керек. - Эми УКМКны жоюу боюнча маселеге кайрылалы, бул демилгеңиздерге да терс пикирлер болуп жатат? - Тилекке каршы, кечөө эле саясий куугунтукта жүргөн адамдар ушундай позицияны карманып жатышканы таң калычтуу. Ошондой эле программаны толук окуп үңүлбөстөн “экспертмин” дегендер өз пикирлерин билдирип чыгышты. Бүгүнкү күндө УКМК өзүнүн түпкү миссиясына туура келбеген функцияларды аткарып жатат. Бүгүн бул орган “жандарм” катары эле жарандарды аңдып, ким чындыкты сүйлөсө, ким альтернативдүү ой айта турган болсо ошону куугунтукка алуу менен гана алек. Бүгүнкү күндө саясий айдыңда башкача ой жүгүрткөндөр кысымга алынган учурлар бар. Альтернативдүү пикир, башкача көз караш, эгерде уңгусунда улуттук коопсуздукка доо кетирген террордук чакырыктар болбосо, баш мыйзам менен корголгон. Азыр чет жактан миллиондогон каражаттар которулуп, ошонун эсебинен байып жаткан адамдар бизге өздөрүнүн идеологиясын, саясатын, биздин кыртышка жат баалуулуктарын таңуулап жатат. Кибер коркунучу, милиарддаган каржысы бар эл аралык террордук уюмдардын коркунучу бар. Бизде жүздөгөн үй-бүлөлөр согуш жүрүп жаткан аймактарга жалданып кетип жатат. Чет жактан келген күмөндүү акчаларга курулган объектердин ачылышына барып лента кеспей, УКМК ушул сыяктуу тышкы коркунучтарга каршы иш-аракеттерди жасашы керек. Анын ордуна карапайым дарыгер, жөнөкөй дыйканды бийликтин көз карашына дал келбеген сөзү үчүн кечирим суратып, майда иштер менен алектенип жатат. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин биринчи жана эң негизги жумушу өлкөнү сырткы күчтөрдөн коргоп, мамлекеттин эгемендүүлүгүн, улуттук коопсуздукту камсыздоо болуп саналат! Мындан улам биз УКМКнын керексиз, мындайча айтканда, “жандармдык” функцияларын жоёбуз. УКМК замандын жаңы чакырыктарына даяр болуп, өлкөнүн тышкы коопсуздугуна калкан болушу керек! - Сот реформасы тууралуу айтып келе жатканыбызга көп болду, сиздер да сот системасын толук көз карандысыз кылабыз деп жатасыздар, кантип деген суроо жаралат? - Соттор буйрутманы аткарып иштеп калышканы жашыруун эмес. Кээ бир сотторду жолдогу мурдагы МАИ кызматкерлери менен салыштырсак болот. Алар деле көчөдөгүдөй мыйзам бузган адамды пара менен же телефондук сүйлөшүүдөн кийин коё берет. Адилеттүүлүк жок болуп калды. Бүгүнкү күндө соттор да айрым депутаттардай эле кожоюн таап алып ошолордун сөзүнөн чыкпай жүрөт. Өз алдынча ойлоно албаган, бирөөнүн жетегинде жүргөн жаш, компетенттүү эмес соттор пайда болду. Паракорчулук боюнча мурда биринчи орунда МАИ кызматы турса, азыр соттор турат. Кыргызстанга инвестициянын келбей, бизнес өнүкпөй жаткандыгынын бирден бир себеби соттордун адилетсиздиги! “Республика” партиясы көз карандысыз, адилеттүү сотту камсыз кылабыз! Биз бардык экономикалык талаш-тартыштарды третей сотторуна беребиз. Учурда Британиянын соту эң адилеттүү сот катары брендге айланды. Дээрлик бардык дүйнөлүк талаш-тартыштар Британия сотунда каралат, дүйнөлүк ири компаниялар, инвесторлор Лондонду тандашат. Биз британдык сот системасы менен, керек болсо британдык сотторду жумушка орноштуруу менен бул тармакта адилеттүүлүктү орнотушубуз керек. Бул экономиканын өнүгүшүнө алып келет. Мындай система Сингапурда киргизилген, 2016-жылы Казакстанда ишке кирди эле, азыр ал жакта инвестиция көбөйдү. Третей соту бизнестин кызыкчылыгын коргойт, объективдүү, калыс чечимдерди чыгарат. Кыргызстанга бир сом же доллар алып келем деген инвестор анын каражаты корголоруна ишенимдүү болушу керек. Ал эми жалпы судьялардын калыстыгын орнотуу үчүн телефондук укукту жоюш керек. Алардын жеке телефону бүгүнкү күнү жашыруун тыңшоодо болсо, биз ачык тыңшоого өтөбүз. Соттун баскан-турганы, анын декларациясы, мүлк-байлыгы толук көзөмөлдө болушу керек. Эгерде сот аны ачык бузса, коомчулуктун пикирин эске албаса, жоопкерчиликке тартылат. Ошондой эле балдарга, зордук-зомбулуккка байланыштуу сот отурумдарынан башкасын онлайн көрүүгө жол ачабыз. Айрыкча, экономикалык талаш-тартыштар, саясий ишмерлер аралашкан резонанстуу соттук териштирүүлөр ММК, коомчулук үчүн ачык болушу керек. Эгер биз бийликке келип, реформаларды ишке ашырсак, укук коргоо органдарында буюртма менен иштеген тергөөчү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, опер кызматкерлер жана соттор боюнча ачык-айкын чоң соттук териштирүүлөрдү өткөрөбүз. Биз люстрацияны ушул тармактардан баштайбыз! Арасында кайсы гана бийлик болбосун иштешип кетүүгө жөндөмү күчтүү тергөөчүлөр бар, буйрутма соттор бар, буйрутма кызматкерлер бар. Алар жеке кызыкчылыгы үчүн бийлик алмашкан сайын кожоюнун өзгөртүп турушат. Ошондуктан экономикалык иштерде же саясий буюртма менен бейкүнөө адамдарга кылмыш ишин козгогон, абактарда кыйноого алып, күчкө салып сүйлөттүргөн укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жоопкерчиликке тартып, кара тизмеге киргизебиз. Алар эч качан мамлекеттик кызматта иштебегендей болушу керек! - “Республика” партиясынын коррупцияга каршы ураандары катуу чыкты, бирок бул боло жүргөндөй куру кыйкырык, куу сүрөөн болуп калбайбы? - Коррупция азыр тамырын ушунчалык терең жайды, анын масштабын ушундан билиңиз! Коррупционерлер уюшкан кылмыштуулук топтордун лидерлери менен бирге саясий партия түзүп, алдына өтө амбициялуу саясий максаттарды коюшту. Коррупция кулачын кенен жайганын ушундан билиңиз! Алар азыр коомчулукка ачык чакырык таштап жатат. Алар бүгүнкү күндө ушунчалык күчкө толгондугунун белгиси - коомчулуктун нараазычылыгына карабай өздөрүнүн саясий амбицияларын жар салып жатышат. Биз бийликти алганга даярбыз, андан кийин буга чейин көмүскө иштеп келген коррупциялык схемаларды мыйзамдуу түрдө иштетебиз деп турушат. Мен юрист катары, бул тармакты илимий жактан изилдеп чыккан адам катары айта алам, коррупция бул кылмыш эле эмес, бул социалдык көрүнүш. Кээ бирлер коррупциялык схемаларга аргасыз аралашканга мажбур, кээ бирөөлөр жеке кызыкчылыктан улам барып жатат. Биз коррупцияга каршы 500 сом алган мугалимден баштап, казынадан миллиарддарды уурдаган аткаминерлерди соттоп эле күрөшпөстөн, эң ириде анын келип чыккан себептерин жок кылышыбыз керек. Мунун бир гана жолу - бардык мамлекеттик мекемелерди санариптештирүү жана алардын ишмердүүлүгүнө ачыктык киргизүү. Себеби ар бир көлөкөдө кабыл алынган чечим - бул коррупция. Учурда коррупция өлкөнүн улуттук коопсуздугуна, мамлекеттин эгемендүүлүгүнө коркунуч туудуруп калды! Мамлекеттик чечимдер эл аралык кылмыштуу топтордун аралашуусу менен кабыл алынып жатат. Бажы, контрабанда кылмыштуу топ менен биригип калды. Алардын наркотрафик боюнча кызыкчылыктары бар, курал-жарактарды мыйзамсыз ташуу боюнча кызыкчылыктары бар. Бул Кыргызстан аркылуу өткөн мультимиллиарддык рынок! Эми бүгүн бул схеманын катышуучулары өздөрүнүн саясий амбициясын жар салып чыгышты. Бардык прогрессивдүү коом, эл аларга каршы турушу керек! - “Республика” партиясы коррупционерлердин, криминалдын бийликке келишине кантип тоскоолдук кыла алат? Биз жарандарды бизге добуш берүүгө чакырабыз. Көпчүлүк добушка ээ болсок, айтылган реформалардын баарын ишке ашырабыз! Бул коррупциялык схеманын өкүлдөрүн жазалоого күчүбүз да, эркибиз да жетет! Урматтуу мекендештер! Бүгүн ак менен каранын күрөшү болуп жатат. Бүгүн трансулуттук кылмыштуу топтор, коррупциялык схемалардын эрке балдары, бийлик алмашкан сайын беткаптарын алмаштырып, таасирдүүлөрдү тандап, этегине жүгүнүп жүргөн саясатчылар, кошоматчылар жана кылмыштуу ишмердигин жаап-жашыруу максатында бийликти эңсегендер саясатка аттанып жатат. Бүгүн коомчулук кимдин ким экендигин ачык көрүп турат. Өлкөнүн келечегин уурдап-тоногондун эсебинен, салынбаган ооруканалардын, мектептердин, жолдордун эсебинен, жетпеген электр жарыгынын, таза суунун, коюлбаган интернеттин эсебинен байыган партиялар бүгүн ошол элдин каражатын сапырып чачып жатат. Бүгүн эң жаманы, саясатка кылмыш дүйнөсү да аралашты, анткени жеңиштин куну жогору. Эгерде алар буга чейин бир бийликке кошомат кылып тынч жүргөн болсо, бүгүн алар ачыкка чыкты! Бетине жаш кыз-жигиттерди кармап алып ураан-чакырыкты салып, келечекти сатып алабыз деп демдүү баратышат. Алардын калп сөздөрүнө алданбаңыздар, арам акчаларына сатылбаңыздар! Сиздин бир добуш - бул биздин келечек! Сиздин бир добуш - бул балдарыбыздын, неберелерибиздин келечеги! Эгерде бул шайлоодо кара күчтөр утса, тарых өзгөрөт, багыт кескин бурулат! Латын Америкасындагыдай, Ооган мамлекетиндегидей кылмыштуу топтордун башкаруусуна жол ачасыздар. Ким кандай сөз айтпасын, тандоону кабинадан сиз жасайсыз! Биз баарын көзөмөл кылабыз деген сөздүн баары төгүн, кабинанын ичинде бир Жараткан менен жалгыз өзүңүз болосуз! Ошондуктан өлкөнүн жаркын келечеги үчүн, балдардын келечеги үчүн, эртеңки бакубат жашоо үчүн тандоону туура жүргүзүңүз! Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН 01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А. 21:20 18-09-2020 Автор: Гүлшат Ысамамат кызы

Подробнее
19 сентября 2020 г. 15:00

БШК Дастанбек Жумабековду каттоодон алган жок

Бүгүн, 18-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясында Дастанбек Жумабековдун 50 миң сом сүйүнчү пул бергени боюнча маселе каралды. Борбордук шайлоо комиссиясы жумушчу топтун сунушун канааттандырган жок. Тактап айтканда, "Кыргызстан" партиясына гана эскертүү берди. 20:57 18-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
19 сентября 2020 г. 15:00

БШК Дастанбек Жумабековдун сүйүнчүсү боюнча маселени карады (видео)

<p Бүгүн, 18-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясында жыйын өттү. Жыйында БШКнын жумушчу тобу Дастанбек Жумабековдун жаңы төрөлгөн балага 50 миң сом сүйүнчү пул бергени боюнча маселени карады. жаңыланды 20:50 18-09-2020 кошулду 19:06 18-09-2020 Автор: Азат Бейшенбеков

Подробнее
19 сентября 2020 г. 15:00

Искендер Матраимов кыргызстандыктарга билдирүү таратты

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Искендер Матраимов социалдык тармакта тараган такталбаган маалымат тууралуу кыргыз элине билдирүү таратты. Урматтуу элим, урматтуу шайлоочулар! Үгүт өнөктүгү маалында белгисиз топтор интернет айдыңы аркылуу мага жана мен мүчө болгон “Мекеним Кыргызстан” партиясына карата ыплас технологияларды колдонуп, айтпаган сөздү айтты деген карандай калптарды таратуу менен “кара пиар” жасоодо. Маселен, акыркы күндөрдө интернеттеги социалдык тармактарда менин атымды жана сүрөтүмдү коюп, “Искендер Матраимов «саясат.kg» сайтына «Карантинде ун таратып, элди ачкачылыктан сактап калдык, болбосо кедейлер кырылып калмак” деп айтты деген сөздү таратышууда. Бул карандай калп жана жалган жалаа. Мен аты аталган сайтка жана башка бир да маалымат каражатына же кайсы бир журналистке минтип айткан эмесмин. Коронавирус пандемиясы күчөп, элибиз кыйналып турган учурда кол сунуп, ар тараптуу жардам бергенибиз чын. Бирок биз аны эч качан колко, милдет кылган эмеспиз. Ал оюбузга да келген эмес. Жардамды чын дилибизден бергенбиз жана ага эл күбө. Азыр эми айрым ниети түз эмес топтор биздин ошол аракетибизди бурмалап, ушинтип манипуляция жасоодо. Андыктан айтпаганды айтты дедирген мындай жалган маалыматтарга ишенбеңиздер. Биз, "Мекеним Кыргызстан" партиясы парламенттик шайлоого аттанган күндөн тарта атаандаштарыбызды, бардык саясий күчтөрдү бири-бирин жок жерден жаманатты кылган мындай “кара пиарлардан” алыс болуп, таза күрөш жүргүзүүгө чакырып келебиз жана мындан ары да чакыра беребиз. Сиздерди урматтоо менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты жана Жогорку Кеңештин VII чакырылышын шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер Искендер Матраимов. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 18:14 18-09-2020

Подробнее
18 сентября 2020 г. 11:57

Партия «Республика» предлагает оставить ОДИН налог вместо пяти! Поддержим малый бизнес!

Партия «Республика» предлагает оставить ОДИН налог вместо пяти! Поддержим малый бизнес!

Подробнее
19 сентября 2020 г. 23:35

Сегодня 3 года, как Кыргызстан принимает участие во Всемирном Дне Чистоты!

Это масштабная акция собирает многих Волонтёров для очищения страны от Мусора!! и Мусора так много сейчас к сожалению.. Меня мягко говоря расстраивает, что чиновники так боятся что не выслужатся перед Президентом и не дай бог поддержат теперь по их пониманию «западные проекты»... Двойные стандарты просто нереально возмущают.. Когда нужно сделать Фейс « Демократической Страны» или прикрыть острые моменты -то Волонтёров привлекают во все возможные проекты Помощи по Стране. Сегодня мэрия недальновидно «испугалась» поддержать волонтёров, опасаясь «прозападных агентов».. ну зачем вы тогда берете гранты Европейского Банка, и работаете с Посольством Америки? Меня обвиняют, что я убирала мусор чтоб пойти в депутаты.. Слушайте, вы меня вынудили идти на выборы,чтобы у народа была альтернатива.. потому,что мои бесконечные обращение по решению проблем с Иссык-Кулем и проблемы загрязнения окружающей среды, города,страны и ваши обещания решить что-то, остаются словами. Все что будет литься на меня после этого поста, реакция и попытки оправдаться сами знаете кого.. А представляете я ещё и с Россией дружу. Ещё с Казахстаном, Узбекистаном, Таджикистаном и Индией, Турцией и Китаем.., Получается по вашей логике я продалась всем странам где была на форумах и конференциях...??🤦🏻‍♀️🤦🏻‍♀️🤦🏻‍♀️ По себе людей не судят.. Если не умеете перенимать позитивный опыт из других Мэрий или Правительств, то это ваши проблемы. И не надо все время меня смешивать с западом! Я из Кыргызстана, я космополит! Умею строить Отношения со Всеми! Это Естественно и Современно !! Но оказывается бывает по другому. Когда Мэр из другого города, другой страны- Просто поздравил всех Кыргызстанцев со Всемирным Днём Чистоты! Просто, душевно и без пафоса

Подробнее
19 сентября 2020 г. 15:00

Сузактын эли "Кыргызстан" партиясын чоң жарышка ак бата менен узатышты

Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Кыргызстан" саясий партиясынан талапкер Жусубали Төрөмаматов жана партиянын мүчөлөрү Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Курманбек айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту. "Кыргызстан" партиясынын программасын, платформасын угуу үчүн аталган аймактын жаштарынан тартып, улгайган адамдарына чейин чогулушту. Жолугушуунун жүрүшүндө, талапкер шайлоочуларга "Кыргызстан" партиясынын “Эл үчүн” программасында өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү боюнча конкреттүү багыттар камтылганын баса белгиледи. “Биздин максат – элдин жашоосун жакшыртуу. Ал үчүн биз салыктарды мүмкүн болушунча кыскартуу боюнча программа иштеп чыгабыз. Бул өз кезегинде өндүрүштүн өсүшүнө, инвестицияларды тартууга, эмгек акысы жогору болгон жумуш орундарынын, пенсиялардын жана жөлөк пулдардын көбөйүшүнө алып келет”, - деди Төрөмаматов. Шайлоочулар партиянын программасы менен кеңири таанышкан соң өздөрүнүн бир катар суроолорун беришти. Ошондой эле айыл тургундары негизги көйгөйлөрү катары электр энергияга болгон баанын кымбаттыгын, ичүүчү таза суунун тартыштыгын жана Кара-Чолок айылында бала бакчанын жоктугун айтышты. Андан сырткары чакан жана орто бизнести өнүктүрүү багытында жеңилдетилген насыя алууга кызыкдар экенин ортого салышты. Жусубали Төрөмаматов шайлоочулардын суроолоруна жооп берип жатып, партиянын программасында көптөгөн маселелерди чечүүнүн жолдору каралганын баса белгиледи. Ошондой эле ал «Кыргызстан» партиясы ишкерлерди колдоо багытында жеңилдетилген насыянын жаңы механизмдерин иштеп чыга тургандыгын айтты. Жолугушуунун соңунда айыл тургундары партиянын программасын жактырып, чын ниеттери менен “Кыргызстан” партиясын колдой турарын айтышып, ак бата менен узатышты. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а 17:33 18-09-2020

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники