О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
19 сентября 2020 г. 14:52

БШКнын жумушчу тобу Дастанбек Жумабековду шайлоо жарышынан четтетүүнү сунуштады

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) караштуу Маалымдоо жана үгүт иштерин көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун парламенттик шайлоого талапкер катары каттоосун жокко чыгарууну сунуш кылды. Бул тууралуу 18-сентябрда “Азаттык” радиосуна БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирген: “Карап чыгышты. Бул маселени Боршайкомдун жакынкы жыйынына чыгарышат”. Жумабеков 14-сентябрда Таласка Жогорку Кеңештин төрагасы катары барып, жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген. Алгач бул каражат спикердин фондунан бөлүнгөнү айтылып, кийин үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берилгени расмий кабарланган. 17-сентябрда парламенттин басма сөз кызматы кайра маалымат таратып, акча фонддон бөлүнгөнүн айтылган. Ошентип, сүйүнчү акча тууралуу расмий маалымат үч жолу өзгөртүлгөн. Төраганын фонду – мамлекеттик каражат. Шайлоо эрежесине ылайык, талапкер үгүт маалында мамлекеттик каражатты колдонсо административдик ресурсту пайдаланган болот. Чөнтөгүнөн акча берсе – шайлоочуну сатып алуу болот. Ушундан улам БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова «Кыргызстан» партиясын шайлоо жарышынан четтетүүнү сунуш кылып, комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнөн колдоо таба алган эмес. Спикердин келинге акча бергенине байланыштуу маселени БШКнын карамагындагы жумушчу топ карап чыкмай болгон. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы төрага үгүткө катышпай жатканын, аймактарда иш сапарда жүргөнүн, буга «Жогорку Кеңештин макамы жөнүндө» мыйзам жол берерин билдирген. Булак: “Азаттык”

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:52

БШК "Чоң Казат" партиясынан 4 талапкерди шайлоодон четтетти

БШК 18-сентябрда "Чоң Казат" партиясынан депутаттыкка аттанган 4 талапкерди шайлоого катышуудан четтетти. Шайлоодон четтеген талапкерлердин тизмеси: - Султангазиева Анаркүл Аскарбековна; - Собирова Саида Иброхимовна; - Ажымамбетов Актан Айылчиевич; - Асаналиев Ганы Бекбоевич. Чечим "Чоң Казат" саясий партиясынан түшкөн билдирүүнүн негизинде кабыл алынды. Эске салсак, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
20 сентября 2020 г. 14:09

Урпактарга улуу жол улаш үчүн, БИР БОЛ!

Урпактарга улуу жол улаш үчүн, БИР БОЛ!

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:53

Пресные теледебаты молодых кандидатов

Сегодня на ОТРК продолжаются дебаты кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша. Согласно жеребьевке в сегодняшних дебатах участвуют представители пяти политический партий: «Чоң казат», «Замандаш», «Ата Мекен», «Биримдик», «Бир Бол», «Бутун Кыргызстан». Вопросы, которые ведущие задавали кандидатам, поступили на дебаты на многочисленных платформах ОТРК от кыргызстанцев. "В партии "Бир Бол" настроены конструктивно и мы намерены работатьь со всеми", - заявил Нурсултан Кубанов. В то же время он заявил, что не может ответить на вопрос, что хорошее было сделано в стране за последние 10 лет. "Наверное, я могу сказать, что плохого было за последнее время. Уже 300 тысяч людей перед выборами оформились по форме№2, то есть столько людей кочует. Есть еще определенные радикальные люди, которые предлагают радикальные меры. Скажу, что наша партия может изменить жизнь в лучшую сторону. Каждый из наших кандидатов готов работать на благо страны",- сказал кандидат.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:53

Молодые кандидаты на дебатах представляют свое видение развития Кыргызстана

Сегодня на ОТРК продолжаются дебаты кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша. Согласно жеребьевке в сегодняшних дебатах участвуют представители пяти политический партий: «Чоң казат», «Замандаш», «Ата Мекен», «Биримдик», «Бир Бол», «Бутун Кыргызстан». Вопросы, которые ведущие задавали кандидатам, поступили на дебаты на многочисленных платформах ОТРК от кыргызстанцев. Кандидаты в депутаты на сей раз приехали подготовленными. Один из кандидатов в депутаты Орозайым Нарматова заявила, что несмотря на то, что партия «Бутун Кыргызстан» 10 лет не была представлена в парламенте, они тесно общались с народом и знают все чаяния кыргызстанцев. «Мы более 10 лет не были представлены в парламенте, но мы все это время были с народом и знаем их чаяния и надежды. Сейчас многие хотят попасть в парламент, у всех есть свои идеи и свое видение. Но я хотела бы сказать, что люди должны голосовать своим сердцем, должны понимать, что от их выбора будет зависеть их жизнь», - сказала Нарматова. Кандидат из партии «Бир Бол» Нурсултан Кубанов заявил, партии есть много образованных людей, способных вывести страну в светлое будущее.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:53

Материалы за неделю

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына ат салышып жаткан партиялардын ортосундагы телетаймаштар кезек-кезеги менен өтүүдө . Бул ирээт "Чоң казат" партиясынан Бекжан Рысмендеев, "Ата -Мекендин" таламын талашкан Тилек Токтогазиев, "Замандаш"партиясынын өкүлү Жакшылык Матанов, "Биримдик" партиясынан Акылбек Жамангулов, "Бир бол" партиясынын эн жаш талапкери Нурсултан Курбанов, "Бутун Кыргызстан" партиясынын атынан Орозайым Нарматова чыгууда.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:53

Материалы за неделю

no article

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:53

В ЕРПП зарегистрирован 21 материал о массовой смене гражданами избирательного адреса по форме №2

В Единый реестр преступлений и проступков зарегистрирован 21 материал о массовой смене гражданами избирательного адреса по форме №2, сообщает пресс-служба Генпрокуратуры КР. По ее данным, в последнее время в преддверии парламентских выборов в интернет-ресурсах, отдельных социальных сетях, а также в сообщениях граждан распространяются сведения о массовой смене гражданами избирательного адреса по форме №2. В некоторых случаях возможно, такая смена избирательного адреса сопровождается путем массового подвоза к новым избирательным участкам, фальсификации документов и подкупа голосов избирателей. «В настоящее время, в Единый реестр преступлений и проступков для проведения досудебного производства по таким сообщениям всего зарегистрирован 21 материал и ведется следствие органами внутренних дел», - отметили в Генпрокуратуре. Статья 15 конституционного Закона КР «О выборах президента КР и депутатов Жогорку Кенеша» предусматривает, что каждый избиратель с момента ознакомления со списком избирателей, но не позднее 15 календарных дней до дня голосования, вправе заявить о намерении голосовать по избирательному адресу путем подачи в соответствующую участковую избирательную комиссию заявления установленного образца с приложением копии паспорта гражданина КР (а для лиц, проживающих или находящихся за пределами страны - копия паспорта (ID-карта) или копия общегражданского паспорта гражданина КР, служебного или дипломатического паспорта) и при этом избиратель проходит биометрическую идентификацию. Подобные заявления подлежат обработке и принятию решения о включении избирателя в список участковыми избирательными комиссиями. Уголовный кодекс КР предусматривает ответственность за подкуп голосов избирателей, в том числе за распространение денежных средств, вручение материальных ценностей или способствование в получении какой-либо должности или иных благ в период проведения выборов в виде штрафа от 180 тыс. до 220 тыс. сомов для физических лиц, и для кандидата в депутаты Жогорку Кенеша, а равно супругой (супругом), близкими родственниками кандидата и уполномоченными представителями, доверенными лицами – от 220 тыс. до 260 тыс. сомов либо лишением свободы до двух лет шести месяцев. Отмечаем, что в соответствии со статьей 2 указанного конституционного Закона, граждане голосуют свободно и добровольно. Никто не вправе принудить либо заставить граждан участвовать, либо не принимать участие в выборах и голосовании. Голосование организовано таким образом, чтобы обеспечить тайну голосования и один из основных принципов выборов «один избиратель - один голос». Кому отдать свой голос, каждый решает самостоятельно. В этой связи, Генеральная прокуратура обращается к избирателям и другим участникам избирательного процесса строго соблюдать требования закона.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:54

Абас уулу Кубанычбек: Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы популизмден алыс жана өзгөчөлүктөргө бай

Абас уулу Кубанычбек буга чейин ирригация, комсомол тармактарында иштеген, анан Бажыда эмгектенди. Учурдагы иши - ГЭС куруу боюнча "Нарын өндүрүштүк бирикмеси". 35 жылдык тажрыйбасы бар. Эми өзүн эл өкүлдүгүнөн сынайын деп турган талапкер, депутат болуп калса Мамлекеттин гидро-энергетикалык тармагын өнүктүрүү боюнча маселелерди көтөрөөрүн, көбүрөөк электр энергиясын өндүрүүнүн жолдорун сунуштаарын билдирди. Ошондой эле ал "Мекеним Кыргызстан" партиясын эмне үчүн тандагагын айтты. - Тандоомдун орундуу себептери бар. Биринчиден, “Мекеним Кыргызстан” жаңы партия. Бирок, ошого карабай парламентке келгенче эле үлгүлүү иштери менен элдин калың катмарына таанылып, эл оозуна алынып калган. Экинчиси, саясий партиянын программасы жана платформасы купулума толду. - Мисалы, кайсы жери купулуңузга толду? - Программада ар бир тармак боюнча жазылып, аны өнүктүрүүнүн, абалдан чыгуунун жолдору сунушталыптыр. Талапкерлердин тизмесинде жаңы жүздөргө, эмгегинен баар тапкандарга басым коюлуптур. Ушул жагы да ичимди жылытты. “Мекеним Кыргызстан” партиясында билимдүү, тажрыйбалуу талапкерлердин көптүгү жана команданын күчтүүлүгү партияга мүчө болушума негиз болду десем да болот. - Мактап жаткан программаӊар ишке ашабы жана эл алдындагы убада аткарылабы? - Буйруса, биздин партия айткан убадаларын аткарып, программада жазылган тармактардын баарын өнүктүрүүгө аракет кылат. Элдин турмушун жакшыртууга салым кошот. Мамлекеттин өнүгүүсүнө кол кабыш кылат. Элдин жаркын жашоодо жашашына шарт түзөт. Анткени, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы популизмден алыс жана өзгөчөлүктөргө бай программа. Андыктан, биздин партия ийгиликке жетелейт. Саясий жарышта ийгиликке жетебиз. Анткени, 4-сан 4-октябрга туш келип отурат. Бул дагы жакшы жышаан. Учурдан пайдаланып, шайлоочуларга кайрылып кетет элем, 4-катарда турган “Мекеним Кыргызстан” партиясын белгилеп, бизге добуш бериңиздер. Анткени, биздин утушка жеткенибиз, элдин жеңишке жеткенине барабар. Буюрса, биз партиянын программасын ишке ашырып, мамлекетибизди өнүгүү жолуна бурабыз. Бизге ишениңиздер, бизге добуш бериңиздер! Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:54

Анаркулов: Матраимовдун "ун таратпасак, кедейлер кырылып калмак” деп айтканы фейк

Интернет айдыңында депутаттыкка талапкер Искендер Матраимовдун «саясат.kg» сайтына «карантинде ун таратып, элди ачкачылыктан сактап калдык, болбосо кедейлер кырылып калмак» -деген сөзү тарап, көпчүлүктүн көңүлүн бурдурду. Бул боюнча «саясат.kg» маалымат агентигинин жетекчиси Нургазы Анаркулов төмөндөгүлөргө токтолду: --“Биздин «саясат.kg» маалымат аналитикалык порталына Искендер Матраимовдун бир дагы маеги чыккан эмес. Алардан маек алган эмеспиз, суйлөшүүлөр дагы жүргөн эмес жадакалса тааныбайбыз. Айта кетүүчү нерсе бул таркатылып жаткан нерсе “фейк” болуп эсептелинет. Айрым бир арам ойлуулар биздин сайтын жасалгалоосун алып, окшоштуруп ыплас нерселерди таркатып жатышат. Баардыгы калп, айрымдар “кара пиар” кылып колдонуп жатышат” - деди Анаркулов. Эске сала кетсек, “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Искендер Матраимов өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу элге кайрылуу жасады: “Урматтуу элим, урматтуу шайлоочулар! Үгүт өнөктүгү маалында белгисиз топтор интернет айдыңы аркылуу мага жана мен мүчө болгон “Мекеним Кыргызстан” партиясына карата ыплас технологияларды колдонуп, айтпаган сөздү айтты деген карандай калптарды таратуу менен “кара пиар” жасоодо. Маселен, акыркы күндөрдө интернеттеги социалдык тармактарда менин атымды жана сүрөтүмдү коюп, “Искендер Матраимов «саясат.kg» сайтына карантинде ун таратып, элди ачкачылыктан сактап калдык, болбосо кедейлер кырылып калмак”, — деп айтты деген сөздү таратышууда. Бул карандай калп жана жалган жалаа. Мен аты аталган сайтка жана башка бир да маалымат каражатына, же кайсы бир журналистке минтип айткан эмесмин. Коронавирус пандемиясы күчөп, элибиз кыйналып турган учурда кол сунуп, ар тараптуу жардам бергенибиз чын. Бирок биз аны эч качан колко, милдет кылган эмеспиз. Ал оюбузга да келген эмес. Жардамды чын дилибизден бергенбиз жана ага эл күбө. Азыр эми айрым ниети түз эмес топтор биздин ошол аракетибизди бурмалап, ушинтип манипуляция жасоодо. Андыктан айтпаганды айтты дедирген мындай жалган маалыматтарга ишенбеңиздер. Биз, Мекеним Кыргызстан партиясы парламенттик шайлоого аттанган күндөн тарта атаандаштарыбызды, бардык саясий күчтөрдү бири-бирин жок жерден жаманаттылаган мындай “кара пиарлардан” алыс болуп, таза күрөш жүргүзүүгө чакырып келебиз жана мындан ары да чакыра беребиз. Сиздерди урматтоо менен ЖКнын VI чакырылышынын депутаты жана ЖКнын VII чакырылышынан шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер Искендер Матраимов” - деп бөлүштү.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:54

Жоомарт Акжол уулу: Жаш ишкерлерге көбүрөөк көңүл буруп, ушул багыттагы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгам

Жоомарт Акжол уулу 1975-жылы туулган, Кыргыз Улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. 2005-жылдан бери ишкерлик менен алектенет. Азыр “Оомат” курулуш компаниясынын башкы директору. Учурда “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер. – Эмне үчүн саясатка барууну чечтиңиз? – Негизги максатым – эл-журтка кызмат кылуу. Өзүм акыркы жыйырма жылдан бери өндүрүш тармагында ишкерлик кылып келе жатам. Алгач кийим тигүү фабрикаларын ачып, тигилген кийим-кечелерди жакынкы чет өлкөлөргө экспорттоп келдик. 2009-жылы Кытай менен Түштүк Кореядан атайын токуучу жабдыктарды алып келип, байпак фабрикасын ачтык. Бул ишканалар азыр да ийгиликтүү иштеп, продукция негизинен экспортко чыгууда. 2013-жылы курулуш тармагына да аралашып, “Оомат” компаниясын негиздедик. Ошондон бери Бишкек шаарында бир нече көп кабаттуу үйлөрдү куруп, кардарларга тапшырдык. Курулуш иштери дагы деле уланууда. – Ишкерлик менен деле элге кызмат кылсаңыз болот го, сөзсүз эле саясатка баруу керекпи? – Албетте, болот. Бирок чоң саясатка кирип, мамлекетибиздин өнүгүшү үчүн көбүрөөк салым кошсом дейм. Мен өзүмө, бала-чакама керектүү шарттардын баарын түздүм деп эсептейм. Эми саясатка баруу менен ишкерликтеги, өндүрүштөгү тажрыйбамды мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жумшасам деген ниеттемин. Азыр мамлекет тараптан ишкерлерди колдоо жетиштүү деңгээлде эмес. Эгер парламентке келсем, ишкерлерге, өзгөчө ишти жаңы баштап жаткан жаш ишкерлерге көбүрөөк көңүл буруп, ушул багыттагы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгам. Келечекте ишкерлерге жакшы шарттарды түзүп бергенге аракет кылабыз. Мындан тышкары курулуш компаниялары үчүн курулушка уруксат алуу жол-жобосу азыр аябай татаал. Ушул маселелерди да жеңилдетсек, шаарларыбыздын көркүн ачкан имараттар, үйлөр көбүрөөк курулмак. Бул маселени чечсек өлкөнүн өнүгүшү үчүн да жакшы салым кошулмак. Анткени курулуш компаниялары мамлекеттик казынага курулуп бүткөн ар бир имарат же үй үчүн ири өлчөмдөгү салык төлөйт. – Эмне үчүн “Мекеним Кыргызстанды” тандадыңыз? – Биринчиден, бул партиянын программасы жакты. Программа бардык тармактарды камтып, анда өлкөнү кантип өнүктүрүү боюнча сунуштар көп экен. Экинчиден, жаңы, жаш жүздөргө басым жасалыптыр. Алардын бир тобу ишкер чөйрөдөн экени да мени ушул партияга тартты. Бул партияда келечекти көрө билген чыгаан адистер, такшалган тажрыйбалуу инсандар көп. Кудай буюрса, биз жеңишке жетип, Мекенибиз Кыргызстанды сөзсүз өнүктүрөбүз. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 16:34

Бардык адамдар үчүн бирдей укуктар жана мүмкүнчүлүктөр – адаттагыдай ураан. Бирок иш жүзүндө эмне болот?

Бардык адамдар үчүн бирдей укуктар жана мүмкүнчүлүктөр – адаттагыдай ураан. Бирок иш жүзүндө эмне болот? Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар көп учурда маалымат алуу, эң негизги муктаждыктарын канааттандыруу жана өлкөнүн коомдук турмушуна катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. «Биримдик» партиясы «өзгөчөлөрдү» бөлбөй, өлкөнүн бардык жарандары үчүн партия болууга умтулат. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар – ошондой эле биздин адамдар жана алардын өзгөчөлүктөрүнө ылайыктуу мамилеге татыктуу!

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:55

Искендер Матраимов кыргызстандыктарга билдирүү таратты

ЖКнын VI чакырылышынын депутаты жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Искендер Матраимов, учурдагы сациалдык тармактагы такталбаган маалымат тууралуу кыргыз элине билдирүү таратты. Урматтуу элим, урматтуу шайлоочулар! Үгүт өнөктүгү маалында белгисиз топтор интернет айдыңы аркылуу мага жана мен мүчө болгон “Мекеним Кыргызстан” партиясына карата ыплас технологияларды колдонуп, айтпаган сөздү айтты деген карандай калптарды таратуу менен “кара пиар” жасоодо. Маселен, акыркы күндөрдө интернеттеги социалдык тармактарда менин атымды жана сүрөтүмдү коюп, “Искендер Матраимов «саясат.kg» сайтына «Карантинде ун таратып, элди ачкачылыктан сактап калдык, болбосо кедейлер кырылып калмак”, — деп айтты деген сөздү таратышууда. Бул карандай калп жана жалган жалаа. Мен аты аталган сайтка жана башка бир да маалымат каражатына, же кайсы бир журналистке минтип айткан эмесмин. Коронавирус пандемиясы күчөп, элибиз кыйналып турган учурда кол сунуп, ар тараптуу жардам бергенибиз чын. Бирок биз аны эч качан колко, милдет кылган эмеспиз. Ал оюбузга да келген эмес. Жардамды чын дилибизден бергенбиз жана ага эл күбө. Азыр эми айрым ниети түз эмес топтор биздин ошол аракетибизди бурмалап, ушинтип манипуляция жасоодо. Андыктан айтпаганды айтты дедирген мындай жалган маалыматтарга ишенбеңиздер. Биз, Мекеним Кыргызстан партиясы парламенттик шайлоого аттанган күндөн тарта атаандаштарыбызды, бардык саясий күчтөрдү бири-бирин жок жерден жаманаттылаган мындай “кара пиарлардан” алыс болуп, таза күрөш жүргүзүүгө чакырып келебиз жана мындан ары да чакыра беребиз. Сиздерди урматтоо менен ЖКнын VI чакырылышынын депутаты жана ЖКнын VII чакырылышын шайлоого Мекеним Кыргызстан партиясынан талапкер Искендер Матраимов. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:55

Партия «Кыргызстан» №15: Решение проблем утилизации мусора - это обеспечение экологической безопасности граждан!

Кыргызстан ежегодно «производит» более 520 тысяч тонн бытовых отходов, которые по большей части свозятся на мусорные полигоны и свалки, расположенные вокруг крупных городов. По состоянию на 2018 год, по республике насчитывалось 406 мусорных свалок, под которые государством выделены территории общей площадью 616,3 га, где за несколько десятилетий накопилось около 16,5 миллионов тонн отходов. Большинство полигонов уже давно изжили свой срок. Они функционируют без соблюдения технических, санитарных и экологических норм безопасности, не изолированы и не огорожены. При сжигании и разложении отходы загрязняют воздух токсичными веществами, а удушающий дым расстилается на многие километры. Химические и другие опасные соединения впитываются в почву и попадают в ближайшие водоемы. Большинство жителей этих окрестностей даже не подозревают, насколько загрязнена потребляемая ими вода. Территории свалок – это еще и места обитания мышей, крыс, насекомых, которые являются переносчиками различных заболеваний и представляют серьезную эпидемиологическую угрозу для населения. Отсутствует полноценная система медико-биологического и химического контроля со стороны государства. Почти 96% территорий свалок, занятых мусором, даже те, которые являются санкционированными и имеют правоустанавливающие документы, не трансформированы в соответствующую категорию земель, необходимую для размещения отходов. В этой части нет должного контроля органов территориального самоуправления. Десятилетиями не решаются вопросы по строительству мусороперерабатывающих заводов и утилизации свалочного газа. При этом чиновники и депутаты не раз бывали в заграничных командировках для изучения опыта развитых стран, однако воз и ныне там. Стоит отметить, что Европейский банк реконструкции и развития (ЕБРР) выделил Бишкеку 22 миллиона евро, большая часть из которых пошла на строительство мусоросортировочного завода и рекультивацию санитарного полигона. Однако речь идет только о столице. Образование отходов производства и потребления по территории республики в расчете на одного человека возрастает. В 2010 году этот показатель составлял 1 118,2 кг на человека, а в 2016 году количество отходов на одного человека увеличилось почти в два раза и достигло 2 015,8 кг на человека. При сохранении существующих тенденций к 2030 году произойдет ухудшение компонентов природной среды, вплоть до необратимых негативных процессов и последствий, и, соответственно, к росту числа опасных инфекционных заболеваний среди населения. Партия «Кыргызстан» предлагает: - Регламентировать категории земель, занятых под объектами размещения отходов. При этом обратить внимание на законность трансформированных категорий земель. - Внести изменения в правовую базу относительно нормы об использовании раздельного сбора отходов, способствующей вовлечению вторичных материальных ресурсов в хозяйственных оборот. - Внедрить в нормативную правовую базу современные экономические механизмы управления отходами: 1) применить механизмы льготного налогообложения для резидентов территорий опережающего развития, региональные льготы по налогу на прибыль и имущество; 2) предоставить государственные гарантии по кредитам, привлекаемым на реализацию инвестиционных проектов, субсидии на компенсацию части на уплату процентов по кредитам, льготные займы, поддержку научно-технической деятельности и инноваций. - Проработать вопрос в области строительства мусороперерабатывающих заводов с нулевыми вредными выбросами, чтобы использовать конечные продукты переработки в области строительства, отделки помещений, санитарии, а также в сельском хозяйстве. - Внести инвестиционное предложение по дегазации полигона с использованием свалочного газа для генерации электрической энергии. - Повысить уровень информированности, экологического воспитания и заинтересованности населения в области раздельного сбора и минимизации образования отходов.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:56

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын командасы тууралуу билгиңиз келеби?

• «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атынан бардыгы болуп 200 талапкер катталды. • Орточо жаш курагы 40-45 жаш. • Алардын ичинен 31и улуттук азчылыктын өкүлү. • Төртөө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам. Талапкерлердин арасында Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын бир нече депутаты болгону менен, бул саясий жүрүштө жаңы жүздөргө басым жасалды. Алсак, ири коррупциялык иштер боюнча иликтөөлөрү менен белгилүү болгон журналист Элнура Алканова, юрист жана илимдин доктору Канатбек Азиз, көрүнүктүү жаш ишкер Кылыч Исамамбетов өңдүү мыктылар катарыбызда. Айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча Мирлан Бакиров, Эрлист Акунбеков сыяктуу талапкерлер бар. Мирлан Бакиров дыйкандарды колдоо үчүн бир нече мыйзам долбоорлорун ийгиликтүү иштеп чыкса, Эрлист Акунбеков айыл чарбага байланыштуу маселелерди айттырбай билет. Ал ийгиликтүү иштеп жаткан фермерлик бизнести көп жылдардан бери жетектеп келет. Сугат жана талааларды кайрадан иштетүү боюнча жаңы системаларды киргизип, ал натыйжалуулугун көргөзүүдө. Акунбеков жети агро-лабораториянын жана фермерлерди колдоо боюнча фонддун негиздөөчүсү. Экономика жаатын Марлен Маматалиев сыяктуу жаш бизнесмендер, ийгиликтүү ишкер жана Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Раимкулов, ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча конкреттүү пландарды түзүп, жакынкы аралыкта Нарын дарыясына курууну ниет кылган Абас уулу Кубанычбек өңдүү тажрыйбалуу адистер көзөмөлдөйт. Социалдык жактан өнүгүү жана саламаттыкты сактоо тармагы боюнча Бишкектин экс-вице-мэри Татьяна Кузнецова, саламаттыкты сактоо жана фармацевтика жаатында тажрыйбасы мол Гүлмира Шакирова бара жатат. Мамлекетти башкарууну реформалоо боюнча тажрыйбалуу юристтер жана саясатчылар – юрист Татьяна Карыжинская, юридика илиминин доктору Эрлан Базарбаев жана учурдагы парламенттин депутаты Искендер Матраимов иш жүргүзмөкчү. Мигранттарыбызды колдоо тармагында Орусиядагы жана Казакстандагы мекендештерибиздин арасында жакшы таанымал жана кадыр-баркка ээ инсан Бакытбек Адылов жана Кыргызстандын Түркия менен Өзбекстанда элчи болгон, көп жылдар бою Маданият жана туризм министрлигин жетектеген Ибрагим Жунусов бар. Партиябызда сергек жашоо образынын концепциясын алга сүрөй турган спортчулар бар. Жеңил атлетика боюнча чемпион Дарья Маслова, кикбокс боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын жеңичүүсү Улукбек Абдулазимов жана белгилүү футболчу Канатбек Маматов, ошондой эле кикбокс боюнча Дүйнөнүн чемпиону Шайлообек Атазов бар. Бул спортчулар өз карьерасында көптөгөн ийгиликтерди багынтты, эми элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөнү ниет кылышууда. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын жарк эткен мүчөлөрүнүн бири Толкунбек Исаков. Бала чагында оорунун айынан көзү такыр көрбөй калган, буга карабастан өзүн профессионал спортчу катары калыптандырып, азыркы убакта майыптардын укугун коргоо боюнча комитеттин төрагасы. Парламенттин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибеков да катарыбызда. Ал төрага болуп турганда парламент элдин жашоо шартын жакшыртуу багытындагы натыйжалуу мыйзам долбоорлорду кабыл алуу менен өзгөчөлөнгөн. Ошондой эле “Мекеним Кыргызстан” партиясынын командасында жетекчилик кызматта отуруп бюджеттин өсүшүнө жана бюджеттин эсебинен айлык алуучулардын маянасын көтөрүүгө чоң салымын кошкон мыкты башкаруучулар да бар. Муниципалдык кызматта Бакытбек Дюшембиев, Жапар Ормонов жана Мирлан Амантуровдун тажрыйбасы чоң. «Мекеним Кыргызстан» партиясы – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Өз партиялаштары менен сыймыктанган: Гүлшаркан Култаева, ЖК депутаттыгына талапкер. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники