О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
18 сентября 2020 г. 0:22

Беларустагы тил кайрашкан тирешүү

Беларуста Тергөө комитети оппозиция лидерлеринин бири Мария Колесниковага «улуттук коопсуздукка доо келтирген чакырык жасаган» деген айып койду. Ал ушул айдын башында беларус-украин чек арасында кармалган. Колесникова беларус бийлиги аны Киевге күчтөп жөнөтөрдө паспортун айрып салганын, коркутууга кабылганын айтып чыккан. Ал арада беларус президенти Александр Лукашенко өлкөсүндөгү соңку жагдайдан улам Батышты дагы күнөөлөдү. Тергөө комитети 16-сентябрда тараткан маалыматта «​Мария Колесникова жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана Интернет тармагын колдонуу аркылуу Беларус Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган иш-аракеттерге барууга үндөгөн» деп айтылат. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Буга чейин Колесникованын абакта аллергиясы күчөп кеткени айтылган. Анын адвокаты Людмила Казак аны абактын медициналык бөлүмүнө которууга негиз жок экенин билдирди: «Бүгүн ага өзү буга чейин ичип жүргөн дары-дармектерди бергенге жетишпей калганыбызга карабай, жергиликтүү дарылар ага жардам берди. Ал өзүн аябай жакшы сезип жатат. Маанайы жакшы, өзү сергек. Баарыңарга ыраазычылык билдирип жатат». Беларуста шайлоодо жана андан кийинки каршылык акцияларында оппозиция лидерлеринин бирине айланган, Координациялык кеңештин мүчөсү Колесникова 8-сентябрда беларус-украин чек арасынан кармалган. Ал беларус бийлиги күчтөп башка мамлекетке чыгарып салууну көздөгөнүн, бирок каршылык көрсөтүп, паспортун айрып салганын билдирген. Ошол учурда күч органдары анын башына кап кийгизип «өлтүрөбүз» деп коркутушканын, 25 жылга чейин түрмөгө кесилерин айтып опузалашканын жарыя кылган. Ал ушул тушта Жодина шаарындагы тергөө абагында отурат. Ал арада беларус президенти Александр Лукашенко 16-сентябрда АКШны, Борбордук жана Чыгыш Европадагы айрым өлкөлөрдү жана Украинаны «Беларусту жок кылуу боюнча сценарий даярдап, ишке ашырууга аракет кылган» деп айыптап чыкты. Ал бул мамлекеттерди мындай оюн ишке ашырууга «бир канча жылдар бою даярданышкан» деп күнөөлөдү жана «максаты ишке ашкан жок» деди. «Өлкөдө болуп жаткан окуяларды талдаганда Беларустун тышкы оппоненттери эле эмес, агрессорлордун чыныгы ниети менен тактикасы аныкталды. Алар соңку он жыл бою азыркыдай «Ч» абалына дыкаттык менен даярданышкан. Дароо эле баарынын бетин ачыш үчүн бул оюнчуларды атынан атайлы. Глобалдык борборлор деңгээлинде биринчи кезекте бул - Кошмо Штаттар, тактап айтканда алардын демократияны колдоо деп атап алган фонддор тармагы. Европа аймагында болсо бул америкалык сателлиттер - Польша, Литва, Чехия жана тилекке каршы Украина», - деди ал. Лукашенко ушул күнү «Славян агайындар - 2020» деп аталган машыгууга келген Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Минскиде жолукту. Беларус президенти анда орусиялык кызматташы Владимир Путинден заманбап курал-жарак сураганын, дагы биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүүнү өтүнгөнүн билдирди. Беларустун батышында азыр «Славян агайындар - 2020» деп аталган чакан, 1,5 миң адам катышкан аскердик машыгуу башталды. Алардын 300ү Орусиядан келген десантчылар. Апта башында Владимир Путин менен Александр Лукашенко Сочи шаарында жолуккан. Анда Москва Минскиге 1,5 миллиард доллар насыя бөлүүгө убада берген. Өткөн айда Путин эгер зарылчылык болсо, Орусия Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун алкагында Беларуска жардам берүүгө даяр экенин билдирген. 17-сентябрда Беларустагы бир катар алдыңкы эркин басылмалар менен сайттар камактагы эки фотографты колдоо иретинде башкы бетине сүрөтү жок билдирүү жана макалаларды жарыялашты. Актай барактын орто ченинде «Бул жерде сүрөт болушу керек эле» деген жазуу жазылган. Ошондой эле фотографтар Александр Васюкович менен Владимир Гридин «уруксат берилбеген акцияга катышканы үчүн» 11 күнгө камалганы белгиленген. 16-сентябрда Минск шаарынын Фрунзе райондук соту «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Гридин менен TUT.BY басылмасынын штаттан тышкаркы фотожурналисти Васюковичти массалык жыйындар жөнүндө мыйзамды бузду деп таап, аларды 11 күнгө камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Фотографтардын жанында жүргөн үчүнчү киши, Васюковичтин досу Егор Колягин 210 доллар айыпка жыгылган. Аларды беткап кийген адамдардын тобу 13-сентябрда Минскидеги кафелердин биринде отурган жеринен кармап кеткен. Ал күнү беларус баш калаасында президент Александр Лукашенконун шайлоодогу «жеңишин» тааныбаган түмөндөгөн адамдар көчөгө чыгышкан болчу. Беларустун Ички иштер министрлиги акция маалында 400 киши кармалганын билдирген. Беларус бийлиги журналист, фотограф Владимир Гридиндин аккредитациясын да жокко чыгарып койгон. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президентинин милдетин аткаруучу Дейзи Синделар 16-сентябрда билдирүү таратып, беларус сотунун чечимин «көз каранды эмес журналисттерге коюлган чабуул» катары баалады. Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгын кескин сынга алган жана президент Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган жүрүштөр 9-августтан бери уланып жатат. Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өтүп, анда Александр Лукашенко жеңүүчү деп табылган. Бирок ошондон бери добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болуп түмөндөгөн эл Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып тынбай каршылык акцияларына чыгып жатат. Нааразылык акцияларында милициянын демонстранттарга ашкере күч колдонгону, жүздөгөн адамдардын сабалып, камалганы сынга кабылды.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:24

№2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 315 000 кишиге жетти

Парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн №2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 315 000ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова 17-сентябрда билдирди. 13-сентябрда бул көрсөткүч 253 миң, 8-сентябрда 188 миң болчу. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, ар бир добуш берүүчү тилкеде шайлоочулардын саны 2500дөн ашпашы керек. Кошумча участокторго жарандар №2 форма деген документ менен катталат. Оппозициячыл саясатчылар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү бул жол менен бийликчил партиялар адамдардын дарегин алмаштырып, добуш топтоонун амалын көрүп жатканын айтып келатышат. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. БШК добуш берүүгө укуктуу 3 465 415 жарандын тизмесин тактады. Шайлоо тилкелеринин саны - 2474. Анын 44ү чет мамлекеттердеги мекендештер үчүн башка өлкөлөрдө болот. №2 форма деп аталган документ 2011-жылдагы президенттик шайлоодон баштап колдонула баштаган. (SE)

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:24

Бекешев: партбосстор болочок депутаттарын көзөмөлдөөнүн жаңы ыкмасын табышты

Кыргызстанда айрым саясий партиялар парламентке өз тизмеси аркылуу келе турган болочок депутаттарды көзөмөлгө алуунун жаңы ыкмасын ойлоп табышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирип, мындай ыкма азыркы шайлоодо колдонулуп жатканын жана ага жеке өзү туш болгонун айтты: «Азыр партиялардын босстору акылдуу болуп калбадыбы. Алар фракциядан чыгуу тууралуу арызды эмитен эле жаздырып жатышат. Мисалы, мен депутат болдум дейли, бирок бир нерсени туура эмес айтып алсам же эртең менен партия лидеринин маанайын сурабай калып таарынтып алсам, ал мени каалаган күнү кетире алат. Азыр бир топ партиялар ошондой кылып жатышат». Бекешев мындай ыкманы партиялардын баары эмес, кээ бирлери гана колдонуп жатканын, аны мыйзамсыз деп баалоо мүмкүн эмес экенин, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) да бөгөт коё албай турганын, себеби бул партиянын ички иши экенин белгиледи. Депутаттын айтымында, мурда ушундай эле арыз партиядан чыгуу тууралуу жазылып келген, бирок депутат партиядан чыкса да, мандатынан ажырачу эмес. Ал эми азыр фракциядан чыгуу тууралуу жазылган арыздын негизинде каалаган депутаттын мандатын алып коюуга партия жетекчилигине кийин жол ачылат. Бекешев эгер партиялардын ичинде мындай система орносо, депутаттар кнопка баса турган «добуш берүүчү машинага» айланып калуу коркунучу бар экенин кошумчалады. 4-октябрда Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болот. Азыр үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. 120 депутаттык орунга 16 партиядан эки миңдей талапкер ат салышууда. Алтынчы чакырылышта КСДПдан шайланган Жанар Акаев, «Өнүгүү-Прогресстен» Тазабек Икрамов кийин фракциялардан чыгып, ишмердигин эркин депутат катары улантып келатышат. (RK)

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:24

Жолчу министрлер Жогорку Кеңешти мелжеди

Антикоррупциялык ишкер кеңеш жол тендерлерине байланыштуу чуулгандуу иштерде аттары аталган мурдагы төрт министрдин шайлоого баратканына тынчсыздануусун билдирди. Алардын арасында жол курулушунда мыйзамсыз тендер өткөрүп, коррупциялык чийимдерди түзгөн деген шек менен кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган мурдагы транспорт жана жолдор министри Нурлан Сулайманов да бар. Ал 2012-жылдан бери дайынсыз болуп, анын кылмыш иши убактылуу токтоп турган. Өлкөгө кайтып келсе, камакка алынып, иши сотко өтөрүн жарыялаган Башкы прокуратура Нурлан Сулаймановдун шайлоого катышып жатканынан кабарсыз болуп чыкты. Ири жол тендерлериндеги чуулгандуу иштер боюнча артынан сөз ээрчиген мурдагы министрлер Калыкбек Султанов, Аргынбек Малабаев жана Жамшитбек Калилов да саясий партиялардын тизмесинде депутаттыкка талапкер катары катталганы белгилүү болду. Мурдагы министрлердин саясий жүрүшү Буга чейинки социалогиялык сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча эң эле коррупциялашкан тармак катары таанылган Транспорт жана жолдор министрлигин жетектеген мурдагы төрт министр - Нурлан Сулайманов, Калыкбек Султанов, Аргынбек Малабаев жана Жамшитбек Калилов парламенттик шайлоого катышуу үчүн депутаттыкка талапкер катары катталган. 2012-жылы эл аралык издөө жарыяланган Нурлан Сулайманов «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде №18 талапкер болуп жүрөт. Ошол эле тизмеде ага катарлаш болуп, №19 катарда мурдагы министр Аргынбек Малабаевдин талапкерлиги бекитилген. Дагы бир мурдагы министр, кийин депутат жана экс-президент Атамбаевдин кеңешчиси болгон Калыкбек Султанов «Биримдик» партиясынан катар орду боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына №21 талапкер. Анын артынан мурдагы министр Жамшитбек Калилов №87 талапкер болуп, ошол эле партиянын тизмесине киргизилген. Мыйзамдын өксүгү Коррупцияга каршы ишкер кеңештин баш катчысы Нурипа Муканова мыйзамдын негизинде чуулгандуу иштер боюнча коомчулукка аты чыккан мурдагы аткаминерлердин шайлоого барышына бөгөт коюп, аларды мамлекеттик кызматка жолотпош керек деп эсептейт. «Мурдагы аткаминерлерге, экс-министрлерге козголгон иштер жабылып, алардын парламенттик шайлоого баратканы туура эмес, - деди ал. - Бирок азыркы мыйзамдар боюнча ага жол берилип калган. Азыркы партиялардын тизмесинде бир топ кишилерге кылмыш иши козголгон. Териштирип, карасаң бардыгы «таптаза» болуп чыга келишкен экен. Алардын арасында мурда бийликте жүргөн транспорт жана жол министрлери бар. Азыркы абалда биздин өлкө аябай эле коррупцияга чырмалышып калганын эске алуу менен мурда кылмыш иши козголгон аткаминерлерге бир эле шайлоого эмес, кийин мамлекеттик кызматка барууга да биротоло бөгөт коюш керек. Ошондо гана мамлекеттик кызматкерлердин арасын «тазалоого» болот. Бул чара мыйзамдык негизде ишке ашуусу зарыл. Антпесе коррупцияга аралашкан аткаминерлер кайра эле шайлоолорго катышып, кайрадан эле кызмат орундарына айланып келе берет. Биз мисалы, ошол эле жол тармагына миллиондогон доллар сырттан насыялар келерин, мамлекеттик бюджеттен ири каражат бөлүнүп жатканын билебиз. Бирок коррупциянын айынан жолдор сапаттуу салынбай, аз эле убакытта бузулуп, иштен чыгып, анан кайрадан насыя алынып, мына ошол акчанын эсебинен кайра жол куруу чыгымдары көбөйүп, өлкөнүн тышкы карызы өсүп жатат». «Суурулуп» чыккан Сулайманов Башкы прокуратура Сулаймановго транспорт жана жолдор министри болуп турганда коррупциялык чийимдерди түзүп, жол куруу тендерлерин мыйзамсыз өткөргөн деген шек менен 2012-жылы кылмыш ишин козгогон. Анда ал Жогорку Кеңеште «Ата Журт» фракциясынан депутат болгон. Ага Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча айып коюлган. Тергөөнүн маалыматы боюнча Нурлан Сулайманов 250 млн. сомдук жол тендерин өткөрүүдө өз пайдасын көздөп, ири өлчөмдөгү акчаны кымырган деп шек саналган. Бирок Нурлан Сулайманов депутаттык мандатын таштап, өлкөдөн качып кеткенине байланыштуу 2014-жылы Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен ага издөө жарыяланган. Башкы прокуратуранын экономикалык кылмыш иштерин тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Абай Молдакматов 2018-жылы 3-марттагы басма сөз жыйынында мурдагы министр Нурлан Сулайманов издөөдө болгондуктан кылмыш иши убактылуу токтотулганын айтып, ал кармалса камакка алынып, иши сотко өткөрүлө турганын жарыялаган болчу. Алты жыл изделген министр «алтын тизмеде» Мына ошентип, кармалса эле токтоосуз түрдө камакка алынып, сот жообуна тартыла турганы айтылган мурдагы министр Нурлан Сулаймановду Кыргызстандын укук коргоо органдары алты жылдан бери издеп таппай жатканда, ал өзү Кыргызстанга эбак эле кайтып келип, быйыл «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого баратканы белгилүү болду. Мыйзам боюнча парламенттик шайлоого катышып, депутат болуп шайланып келген адам кылмыш үстүнөн кармалган учурлардан сырткары мурдагы иштерине жооп бербейт жана кол тийбестикке ээ болот. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Нурлан Сулаймановду депутаттыкка талапкер катары каттабай койгонго негиз жок деген жообун узатты: «Ал киши тууралуу толук маалыматым жок экен. Бирок бардык талапкерлер «Түндүк» системасы жана укук коргоо органдарынын маалымат борборлору аркылуу электен өтүп, анан каттоодон өткөрүлгөн. Менин азыр эсимде болгон маалымат боюнча ал киши тууралуу соттун чечими чыккан эмес. Эгерде талапкерге айыптоо өкүмү чыкпаса жана андай өкүм күчүнө кирбеген болсо, анда анын пассивдүү шайлануу укугу сакталат». Ошол эле кезде мурдагы транспорт жана жолдор министри Нурлан Сулаймановдун өлкөгө качан кайтып келгени, анан кармалып, камакка алынып, тергөөгө сурак бергени жана анын кылмыш иши боюнча соттук териштирүү жүрүп, кандайдыр бир өкүм чыкканы тууралуу буга чейин кандайдыр бир расмий маалыматтар коомчулукка жарыяланган эмес. Башкы прокуратуранын «баёолугу» Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Наргиза Куватова издөөдө жүрүп, эми талапкер катары катталган Нурлан Сулаймановдун кылмыш иши тууралуу толук маалымат жоктугун, аны дагы такташ керек экенин айтып, ошол бойдон бул суроого так жооп бере албады: «Мурдагы күнү ошол боюнча маалымат сураттым эле. Бирок ал боюнча азырынча маалымат бизге келе элек. Азыр мен аны айткан кызматкерге айтып, ошону тактайынчы. Негизи, эл аралык издөөдөгү адам келгенде, ал кармалышы керек. Анткени ал боюнча тиешелүү соттун чечими аткарылышы керек да. Бирок азыр мен бул тууралуу толук маалымат бере албайм. Анткени бул иш боюнча мен билбейт экенмин. Ошондуктан ал адам издөөдө болду беле же ага байланыштуу иш каралды беле деп сураштырайын. Аны мен так айта албайм». Анткен менен «Кыргызстан» партиясындагы ишенимдүү булак Нурлан Сулаймановду талапкер катары каттоо учурунда бул маселе козголуп, бирок анын соттон акталганы боюнча жооп болуп, ага негиз берген документтер көргөзүлгөн соң маселе оң жагына чечилгени тууралуу билдирди. Бирок анын сот иши качан болгону жана аны актоо өкүмү эмненин негизинде кабыл алынганы боюнча так маалымат жок. «Марага чуркаган» Малабаев Аны менен удаалаш эле «Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер, мурдагы министр Аргынбек Малабаев 2015-жылы Балыкчы-Корумду жолуна байланыштуу ошол кездеги өкмөт башчысы Темир Сариев менен тендер чатагы боюнча каршылашып, кызматынан кеткен. Аргынбек Малабаев бул иште ал күбө катары өткөнүн айтып, анын бул иш боюнча эч кандай айыбы жоктугун белгиледи: «Эл катары эле шайлоого аттанып жатам. Буга чейинки кызмат орундарым боюнча артымда эч кандай «куйругум» жок. Эч жакка качкан эмесмин. Ушул жерде эле жүрөм. Сунуш түшкөндүктөн «Кыргызстан» партиясына өзүмдүн «Улуу Журт» деген партиям менен келип кошулдум. Балыкчы-Корумду жолу боюнча козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары суракка чакырылгам. Анткени ошол жол тендери боюнча иштин бардыгын өзүм ачыкка чыгаргам. Себеби туура эмес тендер өтүп, «кара тизмедеги» Кытайдын компаниясы андан утуп алганын биринчилерден болуп мен айтып чыкпадым беле? Мен иш сапарымда жүргөн мезгилде тендер жарыялап, өткөрүшкөн. Мен ошол тендерге жооптуу орун басарымды кызматынан алуу боюнча өкмөткө сунуш киргизгем. Маселе ошондон чыккан». Табышмактуу тендердин таржымалы Буга чейин Жогорку Кеңеште Түркия менен Өзбекстандагы шылуундук үчүн эл аралык издөөдө жүргөн түркиялык ишкер Кыргызстанда Тараз-Талас-Суусамыр жана Ош-Баткен-Исфана жол долбоорлорун тендерден утуп алганы белгилүү болгон. Ал чет элдик ишкер жетектеген компания кошумча жалданган жергиликтүү аткаруучу ишканалар менен жумушчулардын да акысын төлөбөй келгени боюнча кылмыш иши козголуп, бирок жыйынтык чыккан эмес. Ислам өнүктүрүү банкы 2015-жылы Кыргызстанга Тараз-Талас-Суусамыр жолунун 75 чакырымын оңдоого 17 миллион 500 миң доллар насыя берген. Йылмаз Хун Эртугрул ээлик кылган түркиялык «Чакыр Япы Санайи ве Тижарет» компаниясы бул тендерди утуп алган. Ошондой эле анын бул компаниясы азербайжандык «Алке Иншаат Санайи» компаниясы утуп алган Ош-Баткен-Исфана жолуна туунду жалдануучу (субподрядчик) болуп кирген. Бул долбоордун 21,31 миллион долларын Ислам өнүктүрүү банкы каржылап, 2,5 миллион доллардан ашууну республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Бул жол куруу долбоорунун тендери мурдагы министр Калыкбек Султановдун учурунда өткөн. Курулуш иштери кийинки министрлер Аргынбек Малабаев, Замирбек Айдаров жана Жамшитбек Калиловдун мезгилинде улантылып, азыркы күнгө чейин пайдаланууга бериле элек. Мурдагы министр Аргынбек Малабаев аталган жол тендеринин кесепети тууралуу мындай дейт: «Бул тендер Калыкбек Султанов министр болуп турганда өткөрүлгөн экен. Кийин мен министр болуп келген кезде бул жол долбоорунун биринчи фазасы бүтүп калыптыр. Ошол кезде 35 чакырым жолдун тилкеси калган болчу. Ал жерде Кыргызстандын эле жергиликтүү ишканалары иштеп жаткан экен. Тендерден уткан ошол чет элдик компаниянын жетекчилигин чакырып: «Биздин келишимде бекитилген шарттар боюнча силер бул жерге завод коюп, иштетишиңер керек эле. Андан кийин өзүңөрдүн жол куруу техникаңар болушу негизги талап болчу. Анын бардыгы каякта?» деп маселе койгом. Бул иштердин бардыгы башында тендер Калыкбек Султановдун учурунда болсо, кийин Жамшитбек Калиловдун учурунда деле пара менен кармалгандар болду. Мен корко турган эч нерсе жок. Анан кийин ал кишини темир жолду долбоорлоонун башына алып барып коюшканына түшүнгөн жокмун. Азыр эми ал адам «Биримдик» партиясынан талапкер болуп чыгып жатканын уктум». Ошол эле кезде бул чуулгандуу тендер чуусу боюнча мурдагы министр, 2015-жылы «Ата Мекен» партиясынан депутат, анан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болуп жүрүп, азыр «Биримдик» партиясынан депутаттыкка аттанган Калыкбек Султановдун өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болбоду. Мурдагы транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров ал тендер өтүп, келишимге кол коюлгандан кийин кызматка келгенин айтып, утуп алган компаниядан баш тартууга мүмкүн эмес болчу деген мааниде жооп кайтарды: «Бул боюнча макулдашуу ратификацияланып, тендер өтүп, келишимге кол коюлуп калган. Тендердин туура же туура эмес өткөнүн азыр эми эч ким айта албайт. Тендер өтүп, келишимге кол коюлган соң ишти башташ керек да. Бирок жол бүтпөй жатып эле чекесинен талкаланып, бузулуп баштаган. Ошондо эле кассациялык арыз берилиши керек эле да. Жолдун чекелери оңдолуп, тротуарлары эмгиче салына элек деп уктум. Кыскасы, дагы эле бүтө элек экен. «Чакыр Япы» жумушчулардын жана андагы жол курган ишканалардын эмгегин жеп алды да. Ошондуктан алар азыркы кезге чейин соттошуп келет. Акчасын эмгиче ала албай жүрүшөт. Элдин «булардын колунда техника жок, «бир калемсап менен келип эле жол курабыз» деген компания экен» деп айтканы туура болуп чыкты да». Жыйындан «айдалган» министр же чоң паранын чатагы Мындан сырткары «Биримдик» партиясынан талапкер катары катталган дагы бир мурдагы транпорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кууп чыкканы айтылган. Президент Сооронбай Жээнбеков Калиловдун анын орун басары 500 миң доллар пара менен кармалганын айтып, министрликтин ичи коррупцияга чырмалышып калганын мисалга алган болчу: «500 миң доллар пара алат деген эмне? Дүйнө жүзүнө уят болдук. Урматтуу өкмөт мүчөлөрү, урматтуу премьер-министр, бул эмне деген кеп? Жамшитбек Калилов мырза, ордуңуздан туруңуз. Мен болгондо, «тергөө бүткөнчө убактылуу бул жакта туруп турайын» деп арыз жазат элем. Жок дегенде «тергөө бүткөнчө четтеп турайын» деп арыз жазбайсыңарбы?! 500 миң доллар тууралуу коомчулукта талкуу болуп жатат. Бул эмне деген пара! Бул боюнча бардыгын жоопко тартыш керек. Баарын... Премьер-министр, министрди убактылуу четтетип тургула. Ал болсо бул жерде Коопсуздук кеңешинде отурат... Бул эмне деген шермендечилик?» Ал эми мурдагы министр Жамшитбек Калилов анын орун басары ири өлчөмдө пара менен кармалышына анын катышы жок экенин, ал иш анын берген маалыматынын негизинде козголгонун билдирди. Жамшитбек Калилов ошондуктан кийин ага ишеним көрсөтүлүп, темир жол долбоорлоо мекемесин жетектөөгө келгенин белгиледи: «Мен министр болуп барганда, ал жакта кандай коррупциялык механизмдер, кандай схемалар бар, анын себептери эмнеде деген негизде министрликтин астында атайын комиссия түзгөнбүз. Ошол комиссия атайын иш планын иштеп чыккан. Анын алкагында көп иштер аткарылды. Анан жанагы конкреттүү факты боюнча айтсам, мен өзүм ошол убакта УКМКга, премьер-министрге «ушул ишти текшерип, аягына чыгарып бергиле» деп маалымат бергем. Ошонун негизинде жанагы иштер аткарылды. Алар кармалып, өз жазасын алды. Сот болду. Алды 12, арты алты жылга кесилди. Анан азыр эми бул ишке мени байлап, чыгарып жатышканы - буюртма менен каралоо». Коррупциялык кооптуу жагдайларды изилдөө боюнча эл аралык уюмдардын иликтөөсүндө Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлигине эң эле коррупциялашкан мамлекеттик органдардын бири катары мүнөздөмө берилген. Анда эл аралык донор уюмдардын насыяларынын эсебинен жол куруу тендерлерин өткөрүүдө чиеленишкен коррупция жана күңүрт схемалар бар экени көрсөтүлгөн. No media source currently available

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:24

Дастан Жумабековдун сүйүнчүсүнө байланыштуу расмий маалымат үчүнчү ирет өзгөртүлдү

Жогорку Кеңештин спикери, парламенттик шайлоого талапкер катары аттанган Дастанбек Жумабековдун Таласта жаңы төрөгөн келинге берген сүйүнчү акчасы тууралуу расмий маалымат үчүнчү ирет өзгөртүлдү. Жумабеков 14-сентябрда Таласка Жогорку Кеңештин төрагасы катары жумушчу сапар менен барып, жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген. Алгач бул каражат спикердин фондунан бөлүнгөнү айтылып, кийин үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берилгени расмий кабарланган. 17-сентябрда парламенттин басма сөз кызматы кайра маалымат таратып, каражат фонддон бөлүнгөнүн кабарлады. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу Жогорку Кеңештин спикери, алдыдагы парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде бараткан Дастанбек Жумабековго байланыштуу талашты 17-сентябрда карап бүтүүгө тийиш. БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, жумушчу топ эрежеге ылайык үч күндө корутунду чыгарып, жалпы жыйынга сунушун жибериши керек. Төраганын фонду - мамлекеттик каражат. Шайлоо эрежесине ылайык, талапкер үгүт маалында мамлекеттик каражатты колдонсо административдик ресурсту пайдаланган болот. Чөнтөгүнөн акча берсе - шайлоочуну сатып алуу болот. Ушундан улам БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова «Кыргызстан» партиясын шайлоо жарышынан четтетүүнү сунуш кылып, комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнөн колдоо таба алган эмес. Спикердин келинге акча бергенине байланыштуу маселени БШКнын карамагындагы жумушчу топ карап чыкмай болгон. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы төрага үгүткө катышпай жатканын, аймактарда жумушчу сапарларда жүргөнүн, буга «Жогорку Кеңештин макамы жөнүндө» мыйзам жол берерин билдирди. Кыргызстандын 120 орундуу парламентке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Үгүт иши 4-сентябрда башталган. (SE)

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:24

Шайлоо-2020: Сурамжылоого катышкандардын 75% добуш бергени барарын айтты

«Жалпы иш» коомдук фонду шайлоого карата сурамжылоо жүргүзүп, ага катышкандардын 75% шайлоо күнү добуш бергени бара турганын аныктады. Бул тууралуу фонд 17-сентябрда өткөргөн басма сөз жыйынында жарыялады. Сурамжылоого катышкандардын 60% коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал кандай болсо да баары бир шайлоого барарын билдирген. Коомдук фонддун 21-августтан 4-сентябрга чейин өткөргөн сурамжылоосуна 18 жаштан улуу курактагы 1202 респондент телефон аркылуу катышты. Бул иш-чара элдин шайлоого жана ага катышып жаткан саясий партияларга карата ой-пикирин, көйгөйлөрүн билүү максатында уюштурулган. Суроолорго жооп бергендердин 55% өзүн шайлоочулардын тизмесинен текшерсе болору тууралуу кабары жок экенин айткан. Ал эми 65% добуш сатып алууну эң кооптуу жагдай деп мүнөздөгөн. 16-сентябрга карата Кыргызстанда шайлоочулардын тизмесине үч миллион 429 миң адам кирди. Участкалык шайлоо комиссияларынын сатын 2 462. Жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. 120 орунга 16 партиядан эки миңдей талапкер ат салышууда. (RK)

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:24

Үзөңгү-Кууш менен коштошуу

Кыргыз эл артисти, обончу жана композитор Калыйбек Тагаев тууралуу Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин эскерүүсү. Акыркы ырыңыз ушул “ҮЗӨҢГҮ-КУУШ МЕНЕН КОШТОШУУ” деген ыр болду эле. Тыягы ысыккөлдүк, быягы атбашылык малчылар жайлап чыкчу, асты кен, үстү гүл, аска-зоосу менен кокту-колоттору кайберенге толгон бул керемет жайлоону сатып жибергенибизди эмнегедир акырындап биз дагы унутуп бараткан элек. Бир күнү эле телефон чалып “Үзөңгү-Кууш жөнүндө текст керек болуп жатат. Ылдам жазып бер, обону даяр болуп калды, Майрамдын (Кыргыз эл артисти Майрам Дүйшекеева) үнүнө ылайыктап атам” дедиңиз. - Байке, Үзөңгү-Куушту көргөн белеңиз?, - дедим. - Бала кезде далай жолу болгом, акыркы күндөрү түшүмө кирчү болду. ... Кытайга сатып жиберишпедиби! Эмне деген керемет жер эле! ...Акыры ырды да жазып, сиздин талабыңызы менен он кайра өзгөртүп, кайра жазып жатып, акыры бүтүп, чекит койдук. Филармонияда өткөн концертиңизде Майрам ырдап чыкты эле го. Коңур жели кошо чыккан Күн менен, Колдон кеттиң, кош асыл жер гүлдөгөн. Секилериң тиктеп турар кийиктей, Сендей жерди табалбаспыз дүйнөдөн. Азап болду өзүңдү эстеп жүргөнүм, Арман менен өтөт окшойт күндөрүм. Биздики эмес бүркүт учкан аскалар, Биздики эмес эми сенин гүлдөрүң. Кайырмасы: Койгула деп, алып кала албадым, Кош асыл жер, ичте болор арманым. Эстей жүргүн өзүң үчүн кан төккөн, Бир кездеги аталардын арбагын. Калк болалбай ажыраган эркинен, Канча эл жүрөт Мекени жок тентиген. Кудурет ай, жетпей койдук баркына, Кудай бизге берген бейиш энчиден. Колдон кутун учурган журт кең болбос, Кош асыл жер, эми сендей жер болбос. Ким жөөлөсө бере берген жер-суусун, Бул дүйнөдө биз өңдөнгөн эл болбос. * * * Ошол Майрамдын үнүнөн кийин, “Үзөңгү-Кууш менен эми коштошкондой болдум” деген сөзүңүз эсиме түшүп, үйүңүздөгү үстөлдүн үстүндөгү кыркалекей тизилген, суу куюп, дары чөп салынган он чакты айнек банкаларды, маал-маалы менен бир кашыктан иче калып, пианиного барып иштеп жаткан сизди ойлодум. - Ушинтип, жазып берген дары чөптөрүн ичип келатам, бир жыл болду. - Кандай эми, жардам берип атабы? - Кадимкидей оңолуп калдым, карачы, ичим да мурдагыдай дардыйбай, кичирейе түштү. * * * Ооруңуздун опурталдуу экенин билсек дагы сурагандан тартынчубуз. Өзүңүз да кеп кылып, айтчу эмессиз. Оюңуздун баары эле 80 жылдык мааракеде болчу. Молдосеитти чакырып, Майрамды ырдатып, Токтобекти ырдатып, үйдүн ичинен бир съемка жасатып, калганын Ат-Башынын жайы толуп турган июль айынын ортосунда тартабыз деп пландаган элек. Сиз өсүп-өнгөн карагайлуу кайкыдан, Кайыңдынын тоолору менен ырыңыздагы көк-жашыл болгон токоюңуздан бир жакшы телефильм жасамак болгонбуз. Кайсыл ырчылар, кимдер барарын, кайсыл жерден тартарыбызды Молдосеит айтып берген. Мен Нарынга-- Берганшага чалып, Тагаевден өткөн кимибиз бар, Беке? Бишкектеги атбашылыктар Нарындын аты жок Маданият үйүнүн атын “Калыйбек Тагаев атындагы Маданият үйү” деп атайлы деп жатышат, чалгындап чыгып, эмне болгонун кабарлап кой, кокус болбой баратса, Ак үйдөн айттыртып чечим чыгарталы” дедим. “Ушинтели деп атабыз, кандай дейсиз?” десем, Сиз угуп алып жаш баладай сүйүнүп, аябай кубандыңыз эле. * * * - Шайлоо, атбашылыктар эми 80 жылдыгымды жакшылап өткөрүп бергиле, - дегенсиз. - Ал жагынан кадырыңыз жан болсун, буга чейин 70 жылдыгыңызды, 75 жылдыгыңызды өткөрүп, репетиция кылдык эле, карап туруңуз, эми 80 жылдыкты кадимки атбашылыктар өткөргөндөй өткөрөбүз, байке”. -деп тамашалагам. Чын эле жердештериңиз “сизге айтпай” бир канча жолу чогулуп, 80 жылдыгыңыз тууралуу көп сүйлөштүк Шарипа эже, Эсенбек байке, Ысмайыл, Данил, Накен, Мелис, Аскар, Дүйшөн, Молдобай, Мирбек, Токтобек, Кутмырза, Акбар болуп. Баягы көнгөн адатыбыз боюнча эстесек эле Мелис Турганбаев менен Аскар Салымбековду эстеп, эмнегедир булардан да бай, булардан да март башкаларын, мисалы Аю-Маюу дегендерин такыр эле эстебей, анын үстүнө жамандык-жакшылыкка көп келбеген немелер өзүлөрүн эстетете бергиси келбей, анан бара-бара өзүнөн өзү эле эстен чыгып кете берет турбайбы. Тагаевди дүйнө дүң эткендей, өзүнүн эч кимдикине окшобогон кайрыктары бар керемет ырларына окшотуп, буюрса бир башкача өткөрөлү деп максат кылган элек. Тилекке каршы, аныбызга Сиз дагы, Биз дагы жетпей калдык, кантели байке! * * * Анда коронавирус дегени каптай элек кез. “Кытайдан бир оору чыгыптыр, эл көчөдө баратып эле кулап жыгылып жатыптыр” дегенди укканыбыз менен медицинага караганда атбашылык Арстан Алайдын айткандарына көбүрөөк ишенген жаныбыз коронавирус дегенин алгач чымын чакканча көргөн жок элек. Кадимкидей эле гүүлдөп-шаалдап, тойго десе тойго барып, ишке барып, ойноп-күлүп жашап жүргөнбүз. Сиз дагы “80 жылдыгымды белгилейм” деп концерт даярдап, Молдосеиттин жанын койбой “телефильмиңди тездетпейсиңби” деп булкунуп, таарынып, кээде сөгүнүп да жиберип, менин жанымды койбой “текст бер” деп, айламды кетирип жатып, алты ырга сөз жаздырып, баш көтөрбөй иштеп жаттыңыз. * * * Анан пандемия деген келип, келгенде да тамагыбыз тургай, табагыбызды таппай калгыдай кылып келбедиби. Ошондон тартып карантинге кирип кеткен бойдон чыкпай калдык, бири-бирибизди көрмөк тургай, чала албай да, баягы барабыз деген Ат-Башыбызга баралбай да калбадыкпы. Ал балакет оору ар бирибизди узун-туурабыздан “аралап” өттү окшоду. Адамдар фронтто жүргөнсүп, “дайын-даректерин” пандемия басаңдагандан кийин, бир-эки айдан кийин гана “Сен эмне болдуң? Сенчи?” деп сурап жүрүшпөдүбү? Сизди ооруканада дегенинен чалсам, чыгып келген экенсиз, “кандайсыз?” десем, “жакшы боло албай жатам” дедиңиз. Ошол күндөн ашып кетсе он күн өттү окшойт, 16-сентябрь күнү Токтобек чалды, “байке Тагаевден ажырап калдык” деп... * * * Апаңыз 90го чыккан экен. 90го сиз да чыкмаксыз, эгер Тагаев болбой, башка болгондо, эгер чыгармачыл адам эмес, кызматына барып-келчү жолду аяп басып, аяп келип жүргөн “элиталардын” бирөө болгондо. 80 жаш да жашпы? Негизи эле таланттар узак жашабайт. Алар биринчи өмүрлөрүн экинчи ирет жашай турган өмүрлөрүнө таштап кеткенге шашат. Сиз да аябай шаштыңыз эле. Алардын биринчи өмүрүнө караганда экинчи өмүрү узак болот. Элибизде “Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол” деген сөз бекеринен айтылган эмес. Бул эки бир тууган ага-инилер 13-кылымда дүйнөдөн өткөн. Бирок алардын ырлары 700 жылдан бери карай биз менен күнү бүгүнкүдөй чогуу жашап келатат. Дүйнөдө кыргыз деген эл бирөө болгондой эле, кылымда бир келе турган өтө сейрек талант Тагаев да бирөө эле болучу, башка Тагаев аттуу талант жок, кийин дагы болбойт. Сиз 80 жыл жашадыңыз. Бул жаштар үчүн өтө узак жаш болсо, биздей улгайгандар үчүн өтө кыска жаш. Сиз 80 жыл жашасаңыз эми калган өмүрүңүздү элиңизде калган, бизде калган Тагаевдин кымбат ырлары 800 жыл, 900 жыл, миң жыл жашайт, түбөлүк жашайт. Сиздин биринчи өмүрүңүз тиги дүйнөгө кеткен менен, экинчи өмүрүңүз эми мындан ары өмүр бою сиздин даңкызды алып-учуп, кылым кезип, өлбөй-өчпөй жашай берет. * * * Ушул жерден даанышман абабыз Кусейин Карасаевдин Мидин тууралуу жазган эскерүүсүнөн үзүндү келтире кетели: “Адатта өтө шыктуу таланттар жалындай жалбырттап жүрүп, түрдүү окуялардын ичинен чыгат. Ошондой таланттардын бири—Мидин болчу. Учкундай жалт этип чыккан шыктын түшкөн жери жайлуу болгондо андан бетер жалбырттап жанып, эгер жалт этип учуп чыккан таланттын түшкөн жери жайсыз болсо өчүп калат эмеспи. Келечек муун! Таланттуу адамыңарды сыйлагыла! Аны кодулабагыла, кор кылбагыла! Анын шыгынын өсүшү үчүн шарт түзгүлө! Шык деген кишинин баарында эле боло бербейт. Анда-санда гана кишилерге бүтөт. Ал байлыктан эмес, бийликтен эмес, Кудайдан келген шыбага”. * * * Таланттуу художниктердин тирүү кезиндеги баарына эле жага бербеген кыял-жоруктары мезгил өткөн сайын эскирип, муун алмашкан сайын, кереги жок буюмдай өзүнөн өзү унутулуп жок болуп, тарыхта алардын ойду-келди жүргөндүгү эмес, орден-медалдары эмес, ардак наамдары менен ар кайсыл жылдарда алган сыйлыктары эмес, мыкты чыгармалары гана каларын түшүнгөн мезгил да акыры бизге келет.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:27

Выборы-2020: Прокуратура возбудила уголовное дело по факту подкупа голосов избирателей

Прокуратурой Чуйской области возбуждено уголовное дело по факту подкупа избирателей. Об этом сообщает 24.kg. Всего по региону в ЕРПП зарегистрировано 10 фактов и 5 проступков в части выборного законодательства. Ранее в милицию поступило сообщение о том, что вблизи УИК, расположенного в селе Новопокровка, неизвестные заполняют форму №2 на приезжих граждан. Факт зарегистрирован в ЕРПП по статье « Подкуп избирателей». Отмечается, что в Чуйской области расположено 406 участков. Во всех районах образованы координационные группы оперативного реагирования, которые взаимодействуют с прокуратурой и другими уполномоченными органами. Установлено, что отдельные помещения избирательных участков не оборудованы специальными приспособлениями — пандусами, поручнями, кнопками вызова помощи, отвечающими потребностям избирателей с ограниченными возможностями здоровья, а также не обеспечены телефонной связью. Прокуратурой внесены девять предписаний и одно представление об устранении нарушений закона.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:24

Больше 200 тыс сомов штрафа — наказание за фото бюллетеня на голосовании

На каждой кабинке будет надпись, что нельзя фотографировать, а в Уголовном кодексе прописаны санкции за нарушение тайны голосования.БИШКЕК, 17 сен — Sputnik. За фотографирование бюллетеня предусмотрен большой штраф, сообщил Sputnik Кыргызстан заместитель председателя Центральной избирательной комиссии Абдыжапар Бекматов. Напомним, выборы в Жогорку Кенеш пройдут 4 октября. "Фотографировать, размещать нельзя. За этим тщательно следят члены избирательных комиссий. На каждой кабинке есть надпись, что нельзя фотографировать, а в Уголовном кодексе прописаны санкции за нарушение тайны голосования — это статья 191 "Воспрепятствование осуществлению избирательных прав". Бюллетень погашается, и снова проголосовать вы не сможете", — рассказал Бекматов. Корреспондент задал уточняющий вопрос: "Условно, если я взял бюллетень, в кабинке поставил галочку и сфотографировал, меня оштрафуют?". Бекматов ответил утвердительно и добавил, что будет выписан штраф IV категории. За подкуп голосов накажут и избирателей — выписки из законодательства КР Как сказали в пресс-службе ЦИК, наблюдатели смогут увидеть, пользуется ли избиратель телефоном. Отметим, что по положению ЦИК, подготовленному к выборам, кабины должны быть установлены с учетом обеспечения тайны волеизъявления и возможности контроля членами избирательной комиссии и наблюдателями за действиями голосующих. Какое последует наказание? В статье 191 указаны следующие санкции за "воспрепятствование свободному осуществлению гражданином своих избирательных прав или права на участие в референдуме, нарушение тайны голосования": общественные работы IV категории — 280-360 часов; или исправительные работы III категории — от двух лет до двух лет и шести месяцев; или штраф IV категории — от 180 тысяч до 220 тысяч сомов.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:24

Стало известно, кто возглавит группу наблюдателей от МПА СНГ на выборах в КР

Сейчас идет формирование группы международных наблюдателей, в которую войдут парламентарии стран — участниц МПА СНГ.БИШКЕК, 17 сен — Sputnik. Группу наблюдателей от Межпарламентской ассамблеи государств — участников СНГ на выборах в Кыргызстане возглавит зампредседателя Национального собрания Армении Ален Симонян, сообщила пресс-служба организации. "В соответствии с распоряжением председателя Совета МПА СНГ, председателя Совета Федерации Федерального собрания РФ Валентины Матвиенко координатором группы международных наблюдателей от МПА СНГ, участвующих в мониторинге выборов депутатов Жогорку Кенеша КР, назначен заместитель председателя Национального собрания Армении Ален Симонян", — говорится в сообщении. Отмечается, что еще продолжается формирование группы международных наблюдателей, в которую войдут парламентарии стран — участниц МПА СНГ. Матвиенко: Успех парламентской дипломатии определяют человеческие отношения Напомним, наблюдатели от МПА СНГ из числа сотрудников Секретариата совета и экспертов Международного института мониторинга развития демократии (МИМРД) 6-9 сентября вели долгосрочный мониторинг парламентских выборов в Оше и Бишкеке. Парламентские выборы в Кыргызстане состоятся 4 октября 2020 года.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:24

Подарок роженице — на какой стадии вопрос по спикеру ЖК и партии "Кыргызстан"

В социальных сетях появилась информация, что спикер парламента Дастан Джумабеков (кандидат от партии "Кыргызстан") якобы подарил роженице 50 тысяч сомов. За это его или партию предложили не допускать к выборам.БИШКЕК, 17 сен — Sputnik. Вопрос по партии "Кыргызстан" и спикеру Жогорку Кенеша Дастану Джумабекову рассматривается рабочей группой Центральной избирательной комиссии, сообщил Sputnik Кыргызстан заместитель председателя ЦИК Абдыжапар Бекматов. Ранее одна из членов ЦИК предложила не допускать к выборам партию или спикера, который является кандидатом от "Кыргызстана", из-за подаренных роженице 50 тысяч сомов. "Этот вопрос находится на рассмотрении рабочей группы, как только она все подготовит, вынесем на заседание ЦИК, которая примет решение. Точную дату, когда вынесут, не могу сказать", — сказал Бекматов. История со спикером-кандидатом В социальных сетях появилась информация, что спикер парламента Дастан Джумабеков, числящийся кандидатом в депутаты от "Кыргызстана", во время рабочей поездки в Талас якобы подарил роженице 50 тысяч сомов от своей семьи , а также пообещал, что в ближайшие годы государство будет выплачивать такую сумму каждой семье, в которой родится младенец. ЦИК не стала рассматривать сегодня вопрос по партии "Кыргызстан" и спикеру ЖК 15 сентября говорилось, что в этот день рабочая группа Центризбиркома рассмотрит вопрос о возможном использовании административного ресурса кандидатом в депутаты Жогорку Кенеша от партии "Кыргызстан", а член ЦИК Атыр Абдрахматова заявила, что Джумабеков использовал административный ресурс. Она собиралась поднять вопрос о недопущении торага или партии "Кыргызстан" к участию в выборах. Но большинство членов ЦИК отказались включать этот вопрос в повестку заседания того дня.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:24

Турция выделит Кыргызстану $ 100 тыс на проведение выборов

Деньги будут выделены по запросу кыргызской стороны. На них приобретут устройства для идентификации избирателя, автоматические урны для голосования и другое оборудование.БИШКЕК, 17 сен — Sputnik. Турция окажет Кыргызстану финансовую поддержку в размере 100 тысяч долларов для проведения выборов, сообщило посольство этой страны в Бишкеке. Отмечается, что средства будут выделены по запросу кыргызской стороны. На них приобретут устройства для идентификации избирателя, автоматические урны для голосования и другое оборудование. Также сообщается, что при содействии Турецкого агентства по сотрудничеству и координации (ТИКА) в рамках Международного проекта обучения сотрудников правоохранительных органов с 7 по 10 сентября был проведен тренинг по безопасности на выборах для 21 сотрудника правоохранительных органов Кыргызстана. Турецкая компания готова открыть в Кыргызстане лабораторию для ПЦР-тестов В ходе выборов предусматривается участие граждан Турции в ограниченной миссии, основанной Организацией по безопасности и сотрудничеству в Европе (ОБСЕ)/ БДИПЧ, и в Международной миссии по наблюдению за выборами, основанной Тюркским советом.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:24

Дастан Жумабековду жарыштан четтетүү сунушу. БШК маселени эки күндөн бери кароодо

Эки күн мурда БШКнын айрым мүчөлөрү Жумабековду же анын партиясын шайлоого катышуу укугунан ажыратууну сунуштаган.БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековду жана "Кыргызстан" партиясы боюнча маселени Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу карап жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Эки күн мурда БШКнын айрым мүчөлөрү шайлоо мыйзамдарын бузду деп Жумабековду же ал курамына кирген "Кыргызстан" партиясын шайлоого катышуудан четтетүүнү сунуштаган. "Бул маселени азыр жумушчу топ карап жатат, алар корутунду чыгаргандан кийин БШК жыйындарынын күн тартибине киргизилет. Анын натыйжасында чечим кабыл алынат. Качан караларын так айта албайм", — деди Бекматов. Азыркы депутаттардын 84ү кайрадан шайлоого бара жатат. Тизме Белгилей кетсек, 15-сентябрда депутаттыкка талапкер, учурдагы спикер Дастан Жумабековдун өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиевдин коштоосунда Кара-Буура райондук ооруканасына барган сүрөттөрү чыккан. Анда көз жарган келинге өзүнүн үй-бүлөсүнүн атынан сүйүнчү катары 50 миң сом бергени айтылып, жакынкы жылдары мамлекет наристелүү болгон ар бир үй-бүлөгө ушундай каражат төлөп берерин убадалаганы жазылган. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова спикер кызматын пайдаланып, үгүт иштерин жасап жатканын билдирген. Бул көрүнүштү административдик ресурс жана добуш сатып алуу деп баалаган. Ошол эле күнү БШКнын жыйынында кароону сунуштаганда "алгач материалдарды карап чыгуу керек" деп колдоо тапкан эмес.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:25

Пресс-секретарь торага ЖК дал разъяснения по поводу вручения «суйунчу» Д.Джумабековым

Пресс-секретарь торага Жогорку Кенеша Дастанбека Джумабекова Жоомарт Максатбеков дал разъяснения по поводу вручения «суйунчу». Об этом говорится на сайте kabar.kg. По его словам, информация о том, что Дастанбек Джумабеков в ходе своей рабочей поездки в Таласскую область вручил «суйунчу» в размере 50 тыс. сомов матери ребенка, названного в его честь, является верной. «Однако, уточняем, что данные средства были выделены не из личных средств спикера, а из фонда Торага Жогорку Кенеша. Поэтому, данное событие не имеет ничего общего с предвыборной кампанией или агитацией какой-либо отдельной партии», - говорит Максатбеков. Он подчеркнул, что депутаты Жогорку Кенеша с 4 сентября по 2 октября приняли решение работать в регионах и воздержаться от заседаний в парламенте, дабы исключить возможность использования трибуны в партийных интересах. В рамках рабочей поездки в Таласскую область торага посетил ряд социальных объектов, встретился с представителями местных администраций. «Кроме того, была организована встреча с гражданами, в том числе с руководителями медицинских учреждений. Во время визита, как с гражданами, так и с матерью новорождённого, получившая «суйунчу», не были озвучены предложения проголосовать за какую-либо партию. Тем самым на встречах с жителями Торага не проводил агитацию и не предлагал голосовать за какого-либо кандидата или партию в целом», - отметил пресс-секретарь спикера. Максатбеков подчеркнул, что спикер Дастанбек Джумабеков и до этого не раз оказывал помощь лицам с ограниченными возможностями здоровья, малообеспеченным и многодетным семьям во время визитов в регионы. И нынешнее вручение «суйунчу» является не первой. «В соответствии с Регламентом Жогорку Кенеша и Законом «О статусе депутата Жогорку Кенеша», полномочия спикера сохраняются до тех пор, пока депутаты нового созыва не принесут присягу и не вступят в должность», - говорится в сообщении пресс-секретаря.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:25

Каждый голос ради перспективы будущего

Обстоятельно подумать, сделать выбор и проголосовать. На раздумье остаётся чуть больше двух недель. Если одни твёрдо убеждены в выборе, то есть и те, кто не определился, либо сомневается. Ещё чаще наблюдается настроение людей, которые намерены поставить галочку напротив пункта «против всех». Кому выгодно голосовать «против всех»? И что будет, если так поступят многие? И имеет ли смысл это делать?

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники