О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
18 сентября 2020 г. 0:11

Выборы-2020. 53 процента избирателей не знают, как голосовать в период СOVID-19

Эксперты ОФ «Общее дело» в преддверии выборов провели социологический опрос среди кыргызстанцев. Согласно результатам исследования, 53 процента граждан страны не знают, как голосовать в период СOVID-19. Еще 60 процентов планируют посетить 4 октября свой избирательный участок независимо от эпидемиологической ситуации. 14 процентов избирателей будут голосовать только в том случае, если угроза заражения коронавирусом будет минимальной. Президент Сооронбай Жээнбеков подписал указ о назначении выборов в парламент . Они пройдут 4 октября. В выборах примут участие 16 партий.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:11

Выборы-2020. 14 процентов кыргызстанцев будут голосовать против всех

Эксперты ОФ «Общее дело» провели в преддверии выборов в парламент телефонный опрос среди граждан Кыргызстана. В нем участвовали 1 тысяча 202 человека. Опрос проводился по всей стране. По его результатам 14 процентов респондентов будут голосовать против всех. 58 процентов до сих пор не определились с партией, которой захотели бы отдать голос. Отмечается, что только 15 процентов назвали политорганизацию, представителей которой хотели бы видеть в Жогорку Кенеше. Эксперты также указали, что 31 процент избирателей интересуется предвыборными программами, для 23 процентов опрошенных важно, кто вошел в список кандидатов в депутаты. Президент Сооронбай Жээнбеков подписал указ о назначении выборов в парламент . Они пройдут 4 октября. В выборах примут участие 16 партий.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:11

Выборы-2020. Турция выделила Кыргызстану $100 тысяч на покупку оборудования

Турция выделила Кыргызстану $100 тысяч в преддверии парламентских выборов. Об этом сообщили в посольстве Турции в Кыргызстане. По его данным, на эти деньги закупят устройства идентификации избирателя, автоматические урны для голосования и мониторы. «При содействии Турецкого агентства по сотрудничеству и координации (ТИКА) в рамках «Международного проекта по обучению сотрудников правоохранительных органов» был проведен тренинг по безопасности на выборах для 21 сотрудника милиции Кыргызстана», — проинформировали в диппредставительстве.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:11

Выборы-2020. Прокуратура возбудила дело по факту подкупа избирателей

Прокуратурой Чуйской области возбуждено уголовное дело по факту подкупа избирателей. Об этом 24.kg сообщили в ведомстве. Уточняется, что всего по региону в ЕРПП зарегистрировано 10 фактов и 5 проступков в части выборного законодательства. «Ранее в милицию поступило сообщение о том, что вблизи УИК, расположенного в селе Новопокровка неизвестные лица заполняют форму № 2 на приезжих граждан. Факт зарегистрирован в ЕРПП по статье «Подкуп избирателей», — сообщили редакции. В надзорном органе отметили, что в Чуйской области расположено 406 участков. Во всех районах образованы координационные группы оперативного реагирования, которые взаимодействуют с прокуратурой и другими уполномоченными органами. Установлено, что отдельные помещения избирательных участков не оборудованы специальными приспособлениями — пандусами, поручнями, кнопками вызова помощи, отвечающими потребностям избирателей с ограниченными возможностями здоровья, а также не обеспечены телефонной связью. Прокуратурой внесены девять предписаний и одно представление об устранении нарушений закона.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:11

Выборы-2020. Международные наблюдатели просят предоставить факты о нарушениях

Миссия наблюдателей от СНГ направила письма в ЦИК, МВД, Верховный суд и Генпрокуратуру с просьбой предоставить факты о нарушениях, допущенных в предвыборный период. Об этом сообщает ЦИК. Уточняется, что штаб миссии просит также показать обращения, связанные с ходом избирательной кампании, и ознакомить с результатами их рассмотрения. Ранее Генпрокуратура зарегистрировала 22 материала о нарушениях избирательного законодательства. В ЦИК также было рассмотрено более 30 публикаций и 8 обращений граждан о нарушениях избирательного процесса. Кыргызстанцы также сообщают о фактах подкупа со стороны кандидатов и агитаторов политических партий. Напомним, в законодательстве теперь есть норма , согласно которой к ответственности до пяти лет лишения свободы или к штрафу до 300 тысяч сомов можно привлечь не только кандидата, но и квартального, домкома, айыл башчи, рядового гражданина, если они участвуют в подкупе избирателей. Президент Сооронбай Жээнбеков подписал указ о назначении выборов в парламент . Они пройдут 4 октября. В выборах примут участие 16 партий.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:11

Аскар Шабданов: Партиябыз жарандардын социалдык абалын жакшыртууга салым кошот

Аскар Шабданов жогорку билимдүү. КМУнун экономика факультетин аяктаган. Кесиби боюнча 13 жылдан бери финансы системасында эмгектенип келе жатат. Улуттук банктан коммерциялык банктарга чейин иштеди. Жөнөкөй кызматтан жетекчиликке чейин жетип, тажрыйба топтоду. Талас облусунун губернаторунун жардамчысы болду. Шаардык кеңештин эки чакырылышынын депутаты болду. Бул жактан маселенин күрөө тамырынан кармаганды, аны чечүүнүн жолдорун үйрөнгөнүн айткан Аскар мырза, «Эл менен иштөөнү үйрөндүм, өзүмдү ар тармактан өстүрүүгө аракет кылдым», — дейт. — Иштин көзүн табууга аракет кылган, ар тараптан өзүңүздү өнүктүргөн адам экенсиз. Эмне үчүн башка партияны эмес, «Мекеним Кыргызстан» партиясын тандадыңыз? — Анын себеби бар. «Мекеним Кыргызстан» партиясы башка партиялардан өзгөчөлөнүп, карапайым элдин арасынан чыккан жигердүү жаштарга басым коюп, жаңы жүздөрдүн саясатка аралашышына мүмкүнчүлүк берип, элетти көтөрүүнү колго алды. Элет өнүксө — эл өнүгөт. Эң негизгиси «Мекеним Кыргызстан» партиясы эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу Талас шаарынан 2 талапкер чыгарды. Мындай нерсе Талас шаарынын тарыхында болгон эмес. Программасы артыкчылыкка бай болгон үчүн, лидерлери жаштарга басым жасаганы үчүн парламенттик шайлоого ушул партия менен аттанууга белсендим. Элибиз саясаттан чарчап турган заманда, биздин партия ар бир жарандын социалдык абалын жакшыртуу жана экономика тармагына өнүгүшүнө салым кошот. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагы гана эмес, экономика чөйрөсүндөгү да көп новаторлук идеялар бар. Программанын чоң бир бөлүгү айыл чарбасына арналган, бул өтө маанилүү, анткени калкыбыздын басымдуу бөлүгү дал ушул чөйрөдө иштейт. Мен бул күчтүү командада экениме, партиянын мүчөсү болгонум менен сыймыктанам. — Депутат болуп калсаңыз, партиянын программасын ишке ашырууга киришесизби же башка да көздөгөн максатыңыз барбы? — Кудай буюруп, депутат болуп калсам, партиябыздын программасын партиялаштарым менен бирдикте ишке ашырууга аракет кылам. Мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартып, эффективдүү иштетүүгө аракет кылып, бири-бирин кайталаган көп ведомстолорду жоебуз. Тагыраагы, чиновниктердин санын азайтып, аларга корогон каражатты билим берүүнү, медицинаны өнүктүрүүгө жумшайбыз. Маданиятты көтөрөбүз. Үнөмдөлгөн каражатты максаттуу пайдаланабыз. Пандемия медицинаны абалын алаканга салып көрсөтүп койгондой абал башка тармактарда болбошу керек деген максатта иш алып барабыз. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан — ар бир кыргызстандыктын партиясы! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:11

Казакстан Беларустагы аскердик машыгууларга катышат

Казакстан 12-октябрдан 16-октябрга чейин Беларустун аймагында өтө турган «Бузулбас боордоштук» деп аталган аскердик машыгууларга катышууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Гани Нусипов билдирди. Анын айтымында, бул машыгуулардын «Беларустагы ички саясий абалга тиешеси жок». «Быйыл Казакстандын атынан ыкчам топтун курамында бир нече киши байкоочу катары катышат. Алар тынчтык орнотуу операцияларын уюштуруу тажрыйбалары жана өзгөчөлүктөрү менен таанышат», — деди Нусипов. 15-сентябрда Орусиянын Коргоо министрлиги ар жылкы командалык-штабдык машыгууларга Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө башка төрт өлкөнүн — Армениянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын аскердик күчтөрү да тартыла турганын билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, «Лосвидо» полигонунда жоокерлер тынчтык операцияларына даярдык көрүү жана аларды өткөрүү боюнча машыгуу өткөрүшөт. Ушу тапта Беларустагы Брест полигонунда орус-беларус аскердик күчтөрүнүн катышуусунда «Славян агайындар 2020» машыгуулары өтүүдө. 150 авиациялык, аскердик жана атайын техникалар, ошондой эле бир жарым миң жоокер катышып жаткан машыгуулар 25-сентябрда аяктайт. Алгач «Славян агайындар» машыгууларына Сербия да катышары кабарланган. Бирок өткөн жумада Белград жарым жыл бардык эл аралык аскердик машыгууларга катышууну токтотконун, мындай чечим Европа Биримдигинин катуу басымы астында кабыл алынганын билдирген. Беларуста жаңы шайлоо өткөрүүнү жана азыркы президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган каршылык акциялары бир айдан ашык убактан бери уланууда.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:11

Шайлоочулардын 53% СOVID-19 учурунда кантип добуш берүүгө катышарын билбейт

Шайлоочулардын 53 пайызы СOVID-19 учурунда кантип добуш берүүгө катышарын билбейт. Бул тууралуу «Общее дело» коомдук фонду жүргүзгөн иликтөөдө айтылат. Шайлоочулардын 60 пайызы 4-октябрда эпидемиологиялык кырдаалга карабай шайлоо тилкесине барат. 14 пайызы коронавируска байланыштуу кырдаал туруктуу болуп, санитардык талаптар сакталган күндө гана барышат. Шайлоо 4-октябрда өтөт. Жогорук Кеңештеги депутаттык орундарга 16 партия ат салышууда.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:11

Жанарбек Алымов: Жашыл экономикага өтүү — мезгилдин талабы

Эл аралык тажрыйбанын негизинде, бул натыйжалуу чечим деп айтууга болот. Кантсе да, бул келечектеги муундарды олуттуу экологиялык тобокелчиликтерге же экологиялык тартыштыктарга дуушар кылбастан, узак убакытка чейин адамдардын жыргалчылыгынын өсүшүнө алып келген товарларды жана кызматтарды өндүрүү, бөлүштүрүү жана керектөө менен байланышкан экономикалык иштин бир түрү. Жүргүзүлүп жаткан реформаларда жашыл экономиканын принциптери өзгөчө ролду ойнойт деп эсептейм. Баарына белгилүү болгондой эле, жашыл экономика дегенибиз жаратылыш ресурстарынын өнүмдүүлүгүн жогорулатуу жана аларды сарамжалдуу пайдалануу. Ал эми жаратылышты урматтоо, айлана-чөйрөнүн жакшырышына алып келет жана бул өз кезегинде калктын ден-соолугун чыңдоого жардам берет. Ушундан улам, энергетика, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба тармактарын камтыган инвестициялар керек. Мисалы, энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу, энергиянын альтернативдүү булактарына өтүү жана парник газдарынын чыгышын азайтуу керек. Жашыл экономикага өтүү инновациялык активдүүлүктү стимулдаштыраарын баса белгилөө керек. Бул үчүн жумушчу стандарттары менен атаандаштык чөйрөсүн түзүү керек. «Жашыл экономика» түшүнүгү туруктуу өнүгүү парадигмасынын алкагында экономика, коом жана жаратылыш компоненттеринин гармониялуу айкалышын камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан. Азыркы учурда, бул дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жана региондорунда кризиске каршы инновациялык формациянын глобалдык курсу болуп бара жатат. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, «жашыл экономика» региондорду өнүктүрүүгө түрткү берет, социалдык туруктуулукка көмөктөшөт жана «жашыл экономиканын» тармактарында жаңы жумушчу орундарын түзүү аркылуу экономикалык потенциалды жогорулатат. Түштүк Корея жашыл экономиканы киргизүү боюнча эң алдыңкы лидерлердин бири. Бул өлкө жашылдандыруу концепциясын улуттук стратегия катары кабыл алган жана өнөр жай, энергетика жана инвестиция, транспорттун жашыл түрлөрү, таза суунун альтернативдүү булактары, таштандыларды кайра иштетүү технологиялары, парктарды өнүктүрүү, шаар ичиндеги дарыяларды иреттөө маселелерине чоң көңүл бурат. Түштүк Кореянын мисалында экономиканын ушул түрүнө эффективдүү өтүү боюнча иш-аракеттер планын ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын жетиштүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Биринчи кезекте, жашыл экономика жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу, калктын кеңири катмарына иштин ушул түрүнүн артыкчылыктарын түшүндүрүү керек. Мен бул жааттагы эксперттердин, биринчи кезекте, жашыл экономиканын негизги шарттарын жана аныктамаларын, критерийлерин жана индикаторлорун, анын ичинде жашыл технологиялардын же тармактардын аныктамаларын макулдашуу керек деген пикирине кошулам. Мындай аныктамалар жана критерийлер мамлекеттик каржылоо, изилдөө, жашыл сатып алуулар, эл аралык каржылык жана техникалык колдоо издөө, жашыл технологияларды тартуу, прогрессти баалоо жана жашыл экономикага өтүүнүн башка милдеттеринин артыкчылыктуу багыттарын тандоодо маанилүү. Жашыл экономика салттуу экономикалык системага караганда көбүрөөк пайда алып келет«... Жанарбек Алымов, № 4 «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер. «Мекеним Кыргызстан» № 4 — бул ар бир кыргызстандыктын партиясы! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:16

"Суйунчу" от Дастана Джумабекова. 50 тысяч выделены из фонда спикера?

Спикер парламента и кандидат в депутаты от партии "Кыргызстан" Дастан Джумабеков подарил 50 тыс. сомов новорожденному в Таласской области. Он выделил эти деньги из средств фонда торага, а не из собственных, как сообщалось ранее. Об этом Kaktus.media сообщил пресс-секретарь спикера Жоомарт Максатбеков. Напомним, ранее пресс-служба Жогорку Кенеша сообщала о поездке спикера по Таласской области и подарке новорожденному в 50 тыс. сомов. Пресс-секретарь считает, что данное событие не имеет ничего общего с предвыборной кампанией или агитацией какой-либо отдельной партии. Но в письме от пресс-службы указывается, что "Джумабеков вручил молодой матери за радостную весть от имени своей семьи "суйунчу" в размере 50 тысяч сомов". Центральная избирательная комиссия и ее рабочая группа намерены рассмотреть данную информацию и сам факт передачи денег от кандидата родителям малыша. По законодательству прямая передача денег считается подкупом избирателей.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:11

Гүлшар Култаева кыргызстандыктарга чукул кайрылуу жасады

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутатыкка талапкер Гүлшар Култаева жалпы кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. «Урматтуу мекендештер, жердештер! Өзгөрүүгө мезгил келди. Өзгөрүүнү өзүбүздөн баштайлы. Биз өзгөрбөйүн коом өзгөрбөйт. Бир катар мисал келтире кетейин. Мен ишиме байланыштуу чет өлкөгө көп чыгам. АКШда уулум билим алып жүргөн учурда бардым мен да Америкага. Чыныгы демократия орногон мамлекет экен. Ал жакта адамдар өзгөрүүнү өздөрүнөн баштаган. Адамдар уникалдуу. Уникалдуу ашпозчу, уникалдуу таксист, уникалдуу ишкер, уникалдуу илимпоздорду Америкадан гана жолуктурасың. Мисалы, жаздан бери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө адамдар асманда катар тизилген жылдыз сыяктуу нерселерге күбө болушту. Ар ким ар кандай божомолдоду. Ал чындыгында белгилүү ишкер, уникалдуу адам Илон Масктын «SpaceX» компаниясы учурган 60 спутник болчу. Ал адам спутник туризмин ишке ашыруу аракетинде. Эми каалоочулар космоско илим изилдөө эмес, эс алуу үчүн уча баштайт. Анткени глобалдашуу заманы, санариптешүү заманы, интернеттин заманы ушуга алып баратат! Учурда адамдар электромобилдер менен жүрүп калды башка өнүккөн өлкөлөрдө. Ал да уникалдуу Илон Масктын долбоорлорунун бири. Айтайын дегеним, бизге да өзгөрүүгө мезгил келди. «Мекеним Кыргызстан» партиясы дал ушул өзгөрүүлөрдү кылууга чечкиндүү кадам таштай турчу мыкты команда. Урматтуу жердештер! Биз да уникалдуу партияларды тандайлы. Туура чечим чыгарып, татыктуу талапкерлерди шайлайлы. Келечек биздин балдарыбыздыкы, неберелерибиздики. Демек өзгөрүүгө мезгил келди. Өлкөнүн өзгөрүүсү ушундан башталат. Урматым менен, мен, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер Гүлшар Култаева». Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан — ар бир кыргызстандыктын партиясы! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:11

Жыргалбек Турускулов: Негизги принцибим — жашаганың эмес, жасаганың калат

Он жыл «Республика» партиясы менен чогуу жүрүп, 5 жыл Жогорку Кеңеште депутат болгон Жыргалбек Турускулов «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкерлигин койду. Мындай кадамы, чечими тууралуу эл арасында ар кандай сөз тарап талкууга алынды. Алгач аймактардагы элдин маанайын сурадык. — Ачык айтышыбыз керек, элдин пикири ар башка болуп жатат. Бирок, жалпысынан алганда, жаман эмес, элдин маанайы жакшы. Элге биздин партиянын программасы жагып жатат. Биздин командага өз ишин мыкты билген, ар тармактуу кесипкөй кыргыздын уул-кыздары бириккендиктен улам, калктын бизге болгон ишеним өтө чоӊ. Биз аны актоого күчүбүз дагы, акылыбыз дагы жетет. 4-октябрь күнү, элибиз шайлоого активдүү катышып, № 4 «Мекеним Кыргызстан» партиясына өз добуштарын беришет. Ар бир жаран акыл калчап, адашпай, туура тандоо кылаарына ишенем! — Кандай суроо-талаптар болууда? — Суроо-талап көп. Аны уктук, аткарабыз. «Бул партия менен эмнеге чогуу бара жатасыз?» деген суроону көп адамдар, жолугушуудагы шайлоочулар дагы беришти. Бул партияга чыныгы кесипкөй инсандар бир командага чогулгандыгы көңүлүмө төп келди. Биздин мамлекетибиз парламентаризм багытында жаш, Европа, Америка же башка мамлекеттердин парламенттик өнүгүү жолун карасак, жүз жылдап бүгүнкү күнгө келишкен. Аларда дагы биздикиндей учурлар болгон. Бул саясий процесс. Ошондуктан бири-бирибизге ийгилик каалап, жакшы ниет коюп, таза ой менен саясий процесстерди туура кабыл алсак гана өнүгүү жолуна түшөбүз. — 10 жыл «Республика» партиясында жүрүп, башка партияга өтүп кеткениңизди кандай түшүнсөк болот? Сурайын дегеним, чечим кабыл алуу оңойго турбаса керек? — Партия өзгөрсө адамдын көз карашы, кылган иштери дагы өзгөрүп кетмек беле? Жашоодогу принцибим да, урааным да — жашаганың эмес, жасаганың калат. «Республика» партиясында жасаган иштерим калды да. Албетте, чечим кабыл алуу оңой болгон жок. Анткени 10 жыл партияга баардык күч-аракетимди жумшап кызмат кылдым. — «Республикачылар» таарынган жокпу? — Шайлоонун алдында жакшы билесиздер, партиялардын съезди өтөт. Ошол иш-чаралардын алдында «Республика» партиясынын негиздөөчүсү ( Өмүрбек Бабанов жөнүндө сөз болууда — авт .) менен ачык сүйлөшкөнбүз. Аягында бири-бирибизге ийгилик каалап кайттык. Мамилебиз түз боюнча калды. Менимче таарынычтар жок. — Сиз жогоруда «Республикага» кылган ишим калат" дедиңиз 5 жыл депутат болуп турганда кандай иштерди кылдыңыз? Кандай мыйзам жаздыңыз дегендей... -Туура айтасыз, депутаттын иши мыйзам чыгаруу, мыйзамды демилгелеп чыгуу жана алардын аткарылыш механизмдерин жөнгө салуу. Мындан тышкары, Өкмөттүн ишин көзөмөлгө алып, эл менен Өкмөттүн ортосунда көпүрө болуу функциябыз бар. 5 жыл ичинде коомубуздун жашоо-шарттарын жеңилдетүүгө багытталган 8 мыйзам долбооруна демилгечи болдум, алардан тышкары 32 мыйзам долбооруна башка эл өкүлдөрү менен бирге демилгечи катары иш алып бардым. Ал эми биздин фракция өз программасында көрсөткөн 15 мыйзамдын 13нө Президентибиз тарабынан кол коюлуп, бүгүнкү күндө элибиздин жашоо-шартында колдонулуп жатат. Жалпы жонунан алганда, жеке мага 1035 кат келип түшкөн жана алар тиешелүү жактарга аткарууга жиберилген. Өкмөт менен элдин ортосунда көпүрө болууну сөз кылып кетпедимби, ошого ылайык, Өкмөт тарабынан райондордо чечилбей келген маселелерди чечкенге колумдан келишинче аракет жасап келдим. Жеке атуул-жаран катары өзүмдүн кичи мекениме Жогорку Кеңешке келгенге чейин деле, бүгүнкү күндө деле жардам берип келем жана кандай болбосун жардам көрсөтө берем. — Өткөн чакты кеп кылдык. Эми учур чактан кеп кылсак. Кандай платформа менен бара жатасыз? — Жалпы партиянын платформасын билсеңиздер керек. Биздин партия депутаттардын санын кыскартуу демилгесин көтөрүп чыкты. Мындан тышкары, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрдү жоюуга болгон аймактык реформаларды, бири-бирин кайталаган мекемелерди кыскартуу жана оптимизациялоо демилгелерди приоритетке алып жатабыз. Мамлекетибизде жаралган орчундуу көйгөйлөрүбүздү чечүүгө болгон реалдуу сунуштар дагы көп. Ошолорду ишке ашырууга болгон аракетимди жумшап, өз салымымды кошом. Шайланып чыга турчу аймагыма ылайыкташылган дагы жеке өзүмдүн программам бар. — Мисалы? — Мисалы, эң маанилүү болуп турган маселе бул — Түндүк-түштүк альтернативдик жолу. Анын курулушун, сапаттуу болушун көзөмөлгө алууну жана анын эксплуатациялык сапатына көңүл бурууну максаттарымдын сап башына коюп жатам. Буйруса, бул жол ишке берилип калса, биринчи эле менин демилгем чоң жүк ташуучу унаалардын жүгүнүн салмагын текшерүү үчүн аралыктан башкарган постторду киргизүүнү сунуштайм. Жук ташуучу унаалардын айдоочулары да түшүнөт болушу керек. «Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:11

Чүй облустук прокуратурасы добуш сатып алуу фактысы боюнча иш козгоду

Чүй облустук прокуратурасы добуш сатып алуу фактысы боюнча иш козгоду. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти. Мааалыматка караганда, милицияга Новопакровка айылындагы шайлоо тилкесине белгисиз жарандар № 2 форманы толтуруп жатканы кабарланган. Факт бирдиктүү реестрде «добуш сатып алуу» беренеси меен катталды. Чүй облусунда 406 шайлоо тилкеси бар. Белгилей кетсек, шайлоо алдында № 2 форма менен добуш берүүнү каалагандардын саны көбөйдү. № 2 форма менен шайлоочу башка тилкеден, катталбаган жеринен тизмеге туруп добуш бере алат. Массалык маалымат каражаттарында, айрым талапкерлер өзүнө тиешелүү тилкеден добуш топтоо үчүн жарандарды шайлоо тилкелерине алып келип каттап жатканы айтылган.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:11

Шайлоо-2020. Түркия жабдуу сатып алуу үчүн Кыргызстанга $100 миң берет

Парламенттик шайлоо алдында Түркия Кыргызстанга $100 миң бөлүп берди. Бул тууралуу өлкөбүздөгү Түркия элчилиги билдирет. Маалыматка ылайык, бул каражатка шайлоочулардын өздүгүн аныктоочу жабдууларын, автоматтык урна жана мониторлор сатылып алынмакчы. «Мындан тышкары Кызматташуу жана координация боюнча түрк агенттигинин (ККТА) колдоосу менен «Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутуу» боюнча эл аралык долбоордун алкагында шайлоо убагында коопсуздук сактоого багытталган тренингге Кыргызстан милициясынын 21 кызматкери катышты», — деп билдиришти элчиликте.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:11

Элнура Алканова: Эл азыр жакшы жашашы керек

Кыргызстандын саясий ландшафты жаңы энергияга, жаңы идеяларга жана жаңы жүздөргө муктаж. Бирок жалгыз дарак токой болбойт дегендей, кескин өзгөрүүлөрдү жасоо үчүн мыкты команда керек. Күчтүү, беттегенин бербеген, бийликке бийлик үчүн эмес, элдин жашоосун чындап өзгөртүүнү самаган команда келгенде гана өлкө өнүгүү жолуна түшөт. Мындай команда бар — ал «Мекеним Кыргызстан» партиясы. Аталган партиянын катарын толуктаган Элнура Алканова учурдагы саясый кырдаалга токтолду. — Коронавирус толкуну Кыргызстанга абдан катуу сокку урду. Дээрлик ар бир үй-бүлө андан жапа чекти, катуу стресс алды. Бир туугандарыбыз, жакындарыбыз, досторубуз, же тааныштарыбыз ооруп жатты, бир канчасынан айрылдык. Ар бир күн «бүгүн канча адамга жугуптур, канча адам каза болду?» деген жүрөк үшүн алган суроолор, сандар менен башталып жатты. Бул оор күндөрдө биздин партиянын өкүлдөрү да бир муштумга түйүлүп, дароо эл камын көрүүгө киришти. Биз күндүзгү стационарларды ачып, зарыл дары-дармектерди, коргонуу каражаттарын сатып алып, элге бекер тараттык. Аймактардан келген дарыгерлерди жайгаштырууга жана өлкөнүн ар кайсы булуң-бурчуна гуманитардык жүктөрдү жеткирүүгө жардам бердик. — «Мекеним Кыргызстан» өзүнүн жасаган иштери тууралуу мактанган учурлары болдубу? — Ошол учурда масс-медиа менен түздөн-түз байланышы бар адам катары мени партиялаштарым бул ишти эч кимге жар салбай, а түгүл ооз ачпастан унчукпай жасап жатышы таң калтырды. Айта турган иш көп болчу, ал учурда шайлоо жарыялана элек болгондуктан андан маселе да чыкмак эмес. Бирок партиялаштарым маалымат каражаттары менен социалдык тармактарда майдаланып отургусу келген жок. Айкөлдүк коштогон бул кайрымдуулук иштери мага «Мекеним Кыргызстандагы» мыкты уюштуруу менен натыйжага жетүүнү көрсөттү. — «Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоого «Ооба» деп аталган жаңылануу программасы менен бара жатат. Бул көрүнүш баарына «макулбуз» дегенди түшүндүрөбү? — «Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоого «Ооба» деп аталган жаңылануу программасы менен бара жатат. Бир нерсеге макул болууну билдирген бул сөздү колдонуу менен биз «Кыргызстанга өзгөрүү, жаңылануу керекпи, элибиз жакшы жашашы керекпи?» — деген суроолорго так кесе жооп бергибиз келди. — «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында депутаттардын санын кыскартуу маселеси көтөрүлгөн.... — Программанын эң башкы жана маанилүү пункттарынын бири — Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу. Кыргызстан — анча чоң эмес өлкө. Бюджет таңкыстыгын жана экономиканы эске алсак, бизге компакттуу башкаруу системасы — салыштырмалуу чакан өкмөт жана чакан парламент керек. Жогорку Кеңештин VI чакырылышы кыргыз парламентаризминин тарыхындагы эң начар, кадыры кеткен чакырылыш болду окшойт.120 депутаттын ашып кетсе 20-30 чактысы эле иштеп, ошолор гана жыйындарда активдүү позициясын көрсөтүп жатканын бүт өлкө — баарыбыз карап турдук. Калгандары ишке каалаган учурда келип кетип, же келсе да бир сөз айтканга жарабай, өз мөөнөтүн унчукпай өткөрүштү. Бул депутаттарга жана аларды тейлеген аппаратка бюджеттен — эл эсебинен олчойгон каражат кетип жатты. Биздин бюджетке мындай оорчулуктун эмне кереги бар? Ошол каражатка андан көрө оорукана же мектептерди курсак жакшы эмеспи. Мектеп демекчи, элдин саны күн санап өсүүдө. Демек жылдан жылга жаңы мектептерге муктаждык да күчөйт. Азыр өлкөгө алты жүздөй мектеп жетпейт. Дагы эки жүздөй мектептин имараты авариялык абалда. Бийлик бул маселеге өзгөчө көңул бурганы менен баары бир жаңы мектептерди салууга каражат жетпейт. «Мекеним Кыргызстан» партиясы бул маселени чечүүнүн жолун мамлекет менен жеке ишкерлердин өнөктөштүгүнөн көрүүдө. Ишкерлер мектептерди оңдоо менен курууга жардам берип, ал үчүн салыктык жана башка жеңилдиктерди алса болот. Биздин шайлоо алдындагы программабыз көптөгөн кызыктуу жана конкреттүү сунуштарды камтыйт. Аларды ишке ашыруу менен кыска убакытта элдин турмушун оңдоого мүмкүн болмок. Бул өтө маанилүү учур. Анткени эл качандыр бир кезде эмес, дал азыр жакшы жашашы керек. Карапайым калкыбыз жакшы жашоону кыялдана берүүдөн чарчады. Демек өзгөрүүгө, жаңыланууга убакыт келди. «Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники