О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
17 сентября 2020 г. 1:44

Жаныбек Алымов, №4 “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер: “Жашыл экономикага өтүү мезгилдин талабы"

Эл аралык тажрыйбанын негизинде, бул натыйжалуу чечим деп айтууга болот. Кантсе да, бул келечектеги муундарды олуттуу экологиялык тобокелчиликтерге же экологиялык тартыштыктарга дуушар кылбастан, узак убакытка чейин адамдардын жыргалчылыгынын өсүшүнө алып келген товарларды жана кызматтарды өндүрүү, бөлүштүрүү жана керектөө менен байланышкан экономикалык иштин бир түрү. Жүргүзүлүп жаткан реформаларда жашыл экономиканын принциптери өзгөчө ролду ойнойт деп эсептейм. Баарына белгилүү болгондой эле, жашыл экономика дегенибиз жаратылыш ресурстарынын өнүмдүүлүгүн жогорулатуу жана аларды сарамжалдуу пайдалануу. Ал эми жаратылышты урматтоо, айлана-чөйрөнүн жакшырышына алып келет жана бул өз кезегинде калктын ден-соолугун чыңдоого жардам берет. Ушундан улам, энергетика, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба тармактарын камтыган инвестициялар керек. Мисалы, энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу, энергиянын альтернативдүү булактарына өтүү жана парник газдарынын чыгышын азайтуу керек. Жашыл экономикага өтүү инновациялык активдүүлүктү стимулдаштыраарын баса белгилөө керек. Бул үчүн жумушчу стандарттары менен атаандаштык чөйрөсүн түзүү керек. "Жашыл экономика" түшүнүгү туруктуу өнүгүү парадигмасынын алкагында экономика, коом жана жаратылыш компоненттеринин гармониялуу айкалышын камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан. Азыркы учурда, бул дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жана региондорунда кризиске каршы инновациялык формациянын глобалдык курсу болуп бара жатат. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, "жашыл экономика" региондорду өнүктүрүүгө түрткү берет, социалдык туруктуулукка көмөктөшөт жана "жашыл экономиканын" тармактарында жаңы жумушчу орундарын түзүү аркылуу экономикалык потенциалды жогорулатат. Түштүк Корея жашыл экономиканы киргизүү боюнча эң алдыңкы лидерлердин бири. Бул өлкө жашылдандыруу концепциясын улуттук стратегия катары кабыл алган жана өнөр жай, энергетика жана инвестиция, транспорттун жашыл түрлөрү, таза суунун альтернативдүү булактары, таштандыларды кайра иштетүү технологиялары, парктарды өнүктүрүү, шаар ичиндеги дарыяларды иреттөө маселелерине чоң көңүл бурат. Түштүк Кореянын мисалында экономиканын ушул түрүнө эффективдүү өтүү боюнча иш-аракеттер планын ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын жетиштүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Биринчи кезекте, жашыл экономика жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу, калктын кеңири катмарына иштин ушул түрүнүн артыкчылыктарын түшүндүрүү керек. Мен бул жааттагы эксперттердин, биринчи кезекте, жашыл экономиканын негизги шарттарын жана аныктамаларын, критерийлерин жана индикаторлорун, анын ичинде жашыл технологиялардын же тармактардын аныктамаларын макулдашуу керек деген пикирине кошулам. Мындай аныктамалар жана критерийлер мамлекеттик каржылоо, изилдөө, жашыл сатып алуулар, эл аралык каржылык жана техникалык колдоо издөө, жашыл технологияларды тартуу, прогрессти баалоо жана жашыл экономикага өтүүнүн башка милдеттеринин артыкчылыктуу багыттарын тандоодо маанилүү. Жашыл экономика салттуу экономикалык системага караганда көбүрөөк пайда алып келет"... Жаныбек Алымов, №4 “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер "Мекеним Кыргызстан" №4 - бул ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:44

Толкунбек Исаков: Биздин партияны жамандап да, жамандатып да аткандар өздөрүнө ишенбегендер

Бишкек (мурдагы Фрунзе) шаарында төрөлгөн 44 жаштагы Толкунбек Маматович патриот жигит. Кесиби юрист. Алгач Азиздер үчүн атайын адистештирилген мектептен билим алган, андан соң, Кыргыз Улуттук Университетинин юридика факультетинин бюджет бөлүмүндө окуган. “Майыптарга юридикалык жактан жардам” фондунун негиздөөчүсү жана президенти. Жусуп Баласагын атындагы КМУУнун сырттан окуу бөлүмүндө мугалим кесибин аркалаган. Кыргыз Республикасынын юстициясынын отличниги. 2010-2012-жылдары Бишкек шаардык кеңешинде Төкөлдөш округунан депутат болгон. Армрестлинг (кол күрөшүү) боюнча Кыргызстан жана Азия чемпиону. Классикалык музыканын сүйүүчүсү. Үй-бүлөлүү. Үч баланын атасы. Кыргыз, орус, казак, немис, англис тилдеринде эркин сүйлөгөн Толкунбек Маматович эмне себептен "Мекеним Кыргызстан" партиясын тандаганын төмөндөгүдөй түшүндүрдү. - Ар бир адам бир иш жасаарда миң ойлонуп, жүз толгонот. Анынсыӊарындай, мен дагы ойлонуп, толгондум, жакындарым менен кеңештим, акылдаштым. Анан жаш, прогрессивдүү, келечеги бар партиялардын бири болгон "Мекеним Кыргызстанга" токтолдум. Программасы бүгүнкү күндүн талабына жооп берет, жалпак тил менен түшүнүктүү, кыска, нуска жазылган. Көпчүлүктүн көөнүнөн орун табат деп ишенем. - Саясый күрөштө сөзсүз сын айтылат эмеспи. Сынды кандай кабыл алуудасыӊар жана сынды угуунун кемчилиги эмнеде? - Туура, шайлоо - саясый күрөш. Партиялар таймашы болуп аткан соң, албетте, ар түрдүү көз караштагы адамдардан сын айтылбай койбойт. Сын айткандарында калет жок, кемчилик бар. Аны эки түргө бөлсө болот. Кээ бир талапкерлерибиз, күйөрмандарыбыз программаны жеткиликтүү айтып бере албаганында. Бул бир. Экинчиден, биздин программа эң мыкты болгондуктан ар кай жактан көчүргөн өздөрүнүн программасына ичи чыкпай, куйкалары курушкандардын ушак-айыӊ таратканында. “Эл ушул партияга ооп кетпесе экен” деген коркунуч башкалардын жүрөгүнөн көбүрөөк орун алгандай сезилет. - Анан, жолугушуулар, күндөр кандай өтүүдө? - Негизи эле адамдын ар бир күнү - жарыш, шайлоо менен өтүүдө, жаӊы келаткан талапкерлерден үмүт кылууда. Кудай буйруп, депутат болуп калсам, социалдык тармактагы проблемалар менен алектенем. Алар билим берүү, маданият, спорт, муктаждарды социалдык жактан коргоо. Мен 20 жыл ашуун мезгилден бери майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоп келатам. Ошого байланыштуу майып эле эмес соо адамдардын кайсы тармакта кандай көйгөйү бар экенин абдан жакшы билем. Ошонун баарын сапаттуу мыйзам долбоорлору аркылуу түздөп, ошо багытка салым кошом деген үмүттөрүм бар. Кесибим юрист болгон соң укуктук талаага да салымым чоң болоорун билем. Сөзсүз түрдө биздин партиянын программасында көрсөтүлгөн максаттарга жетиш үчүн Конституцияга жана толгон-токой мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, программадагы иш-чаралар аткарылып, максатына жеткенге бар күчүмдү аянбайм. - Атаандаштар сөзсүз бири-бирин жамандайт эмеспи, дегеним, ушак-айыӊга көӊүл бурасызбы? - Бүгүнкү күндө ар тараптуу массалык түрдө биздин партияны жамандап да, жамандатып да аткандар өздөрүнүн адамдык ресурстарына, электоратына ишенбегендер. Эки жүз миң эмес, эки адамга кадыры жоктордун каалаган нерсени айта бериши кадыресе көрүнүш. Биздин команда ар тараптуу, бардык кесиптин мыкты адистери менен толукталган. Жаш, прогрессивдүү, креативдүү ой жүгүрткөн, өз тармагы эле эмес бизнести да кошо ала жүргөн касиет ар бир талапкерибизде бар. Демек, арт тарапка кылчайып, ар ким менен кыл чайнаша бербестен алдыга умтулганыбыз оң. Жеңиш ар дайым күчтүүлөр тарапта! Кеп, сөз кылып ушактап атабы, демек, биз күчтүүбүз! Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:45

“Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Эрлист Акунбеков Акман айылында шайлоочулар менен жолугушту

“Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Эрлист Акунбеков бүгүн, 16-сентябрда өзүнүн кичи мекени Акман айылында миңдеген шайлоочулары менен жолугушту. --Бизнестеги жетишкендиктерим, аз убакыттын ичинде көптөгөн ийгиликтерди багындырганым, ишкерликтеги тажрыйбамды, чет өлкөлөрдө алган билимимди эл үчүн пайдаланууга убакыт келди окшойт деген ишенимде «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттандым. Парламентке баруудагы негизги максатым – элге пайдалуу мыйзамдарды жазуу, тар чөйрөнүн кызыкчылыгына пайда келген иштер менен эмес, элеттеги карапайым элдин турмушун жакшыртуу. Айрыкча дыйкандарды ар тараптан колдоого алган программаларды иштеп чыгып, ишке ашыруу. Эгерде мага эл ишеним артып, мандатка ээ болсом, жаза турган мыйзамдар, трибунада көтөрө турган орчундуу маселелердин баары эл үчүн болот. Буюрса, дыйканчылыкка пайда алып келе турган чечкиндүү мыйзамдарды иштеп чыгып, дыйкандардын укугун коргоп, ишине дем-күч берем. Дыйкандар өндүргөн продукцияларын кымбат баада сатууга жол ачууга бардык аракеттерди жасайбыз, - деди депутаттыкка талапкер Эрлист Акунбеков. Жолугушуудан кийин Эрлист Акунбековго акмандыктар, ак боз ат мингизип ак баттасын берди. Эске сала кетсек Эрлист Акунбеков, 36 жашта. Ош мамлекеттик университетинен жана Москвадагы Михаил Ломоносов атындагы ММУнун экономика факультетинен билим алган. Учурда “Бай дыйкан” долбоорунун жетекчиси. Сугат жана талааларды кайрадан иштетип чыгуу боюнча жаңы системаларды киргизип, ал натыйжалуулугун көргөзүүдө. Жети агролабораториянын жана фермерлерди колдоо боюнча фонддун негиздөөчүсү. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:45

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Мирлан Назарбеков шайлоочуларына кайрылуу жасады

Урматтуу агайын туугандар, шайлоочулар! Жогорку Кеңешке шайлоо баарыбызга эң жоопкерчиликтуу милдет. Мен дагы Кыргызстандын атуулу катары, шайлоочу катары катышып өз тандоомду, добушумду берип келем. Анткени ар бирибиздин тандообуз, добушубуз чечүүчү болот! Менин билимим, мүмкүнчүлүгүм жана иш тажрыйбам партиянын астына койгон максатын ишке ашырууга жана өлкөбүздө бизнес сферанын, соцблоктун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кандай реформаларды жүзөгө ашыруу жетет. Бул максатты ишенимди - элим кабыл алат жана бекемдейт деген ишенимдемин. “Мекеним-Кыргызстан” партиясы мекенибиз үчүн ийгиликтин башаты, - деди депутаттыкка талапкер Мирлан Назарбеков. Эске сала кетсек, «Мекеним Кыргызстан» өлкөбүздөгү эң жаш, перспективдүү партиялардын бири. Аны менен бирге эле саясий аренада тажрыйбасы аз экенине карабай катарына ар тармакта өзүнүн билими, тажрыйбасы менен айырмаланган, мамлекетибизге кызмат кылган жана ал кызматын сөз менен эмес иш менен көрсөткөн инсандарды камтыган партия. Алардын катарында жалпыга маалым Таластын кулуну, белгилүү болгон бизнесмен, меценат Мирлан Назарбеков бар. Үлгүлүү үй бүлөдө татыктуу тарбия алган Мирлан Назарбековдун ар тараптуулугу, таланттуулугу, тырышчаактыгы жаш кезинен эле байкалган. Мектеп курагында эле ата-эне темасына, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналып жазылган ырлары райондук гезиттерге, өзү окуган мектептин дубал газеталарына жарыяланган. Жогорку билимди татыктуу алган Мирлан юрист кесибине ээ болуп алгачкы кадамын фискалдык органдарда тергөөчүлүктү аркалоо менен баштаган. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармачылыгында жетектөөчү адис болуп тажрыйбасын арттырган эл уулу кийинчерээк өз дареметин бизнес тармагында сынап бул жерде да ийгиликтерди жаратты. Эгемендике жаңы ээ болгон Кыргызстандын экономикалык, социалдык оорчулуктан чыгуусуна иш орундарын түзүү, миллиондогон салыктарды төгүү, кыйналган мекендештерине жардам колун сунуу, өзүнөн кийин өсүп келе жаткан муунга акылы, кеңеши аркылуу багыт берүү менен өзүнүн салымын кошуп келет. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:45

«Кыргызстан» - это партия, о которой говорят все!

Выборная кампания - это политическое шоу, которого в Кыргызстане ждут каждые пять лет. Помимо парламентских выборов еще есть президентские выборы и выборы в малые кенеши, и почти каждая такая кампания проходит шумно, скандально и помпезно. Впрочем, в этот раз из-за эпидемиологической ситуации с COVID-19 все 16 политических партий решили провести агитационные компании без лишней помпы. Съезды, а потом и встречи с избирателями проходят с соблюдением принятых санитарных норм, обязательное условие – ношение медицинских масок и обработка рук санитайзером. Отметим, что одним из фаворитов нынешний гонки является политическая партия со стажем «Кыргызстан», возглавляемая Канатом Исаевым. Практически вся его партия выдвинула кандидатами в депутаты VII созыва действующих депутатов. Партия «Кыргызстан», пожалуй, единственная в которой не стали в угоду модным тенденциям менять весь состав и делать ставку на молодые лица. В политической ячейке Каната Исасева решили не рисковать и не ставить на молодое «пушечное мясо», которое не способно принести голоса в общую копилку. На местах бороться за голоса электората, рассказывать о планах и идеях партии будут маститые политики, уже зарекомендовавшие себя как активные законодатели и чиновники, имеющие за своими плечами многолетний трудовой опыт. На прошлых выборах партия «Кыргызстан» по итогам парламентских выборов завоевала 18 мандатов. Исаев лично возглавил свою фракцию, но потом бразды правления передал своему другу – Алмазбеку Баатырбекову. Для последнего это стало своеобразным толчком в карьере, сейчас Баатырбеков занимает пост первого вице-премьер-министра. Политячейка Каната Исаева на встречах обещает устранить любые препоны, которые возникают на пути взаимодействия населения с госслужбой. Это также необходимо для экономии бюджетных средств, сократить дублирование в деятельности госорганов, улучшения организационной структуры госорганов, оптимизации внутренней координации и повышения прозрачности. Партия также предлагает оптимизировать часть госорганов, другую часть оставить самостоятельными ведомствами. По словам лидера партии, «Кыргызстан» далек от пустых обещаний. Политячейка поставила перед собой амбициозные, но достижимые цели на ближайшие пять лет, к тому же у нее есть потенциал и возможности. «Каким будет будущее страны по результатам выборов 4 октября этого года? Кто будет руководить правительством и каков будет его состав? Улучшится ли жизнь людей? Выйдет ли экономика страны из кризиса? Все это будет определяться по результатам предстоящих выборов», - заявляет Исаев. Партия «Кыргызстан» также намерена развивать туристический потенциал в стране. В частности, партийцы предлагают внедрить современные методы работы в туристической отрасли, создать условия для развития инфраструктуры и сервиса. Партию «Кыргызстан» молодой не назовешь, она изначально взяла неплохой старт. Еще с прошлых выборов. Завистников у партии предостаточно, а посему всегда найдутся те, кто будет радоваться техническим ошибкам на баннерах от данной партии. Да, действительно какие-то технические неполадки у партии в этом выборном сезоне появились. Но это не значит, что партия обязательно окажется в аутсайдерах. В любом случае партия движется вперед и здесь нет запятнанных имен. Что касается партийцев, то они сплочены и дружны. А что еще для победы надо?

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:46

Азиз Эсенов: Аракетибиз элибиздин жаркын келечеги үчүн! Кыргызстан – менин Мекеним

Эсенов Азиз Сыргакович Нарын облусунда 1977-жылы 22-январда жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөлүү, жогорку билимдүү. “Аракетибиз элибиздин жаркын келечеги үчүн! Кыргызстан – менин Мекеним!” деген ураан менен жашайт. Депутат болуп калса эң биринчи айыл чарбасын өнүктүрүүгө, дыйкандардын мээнетине көӊүл бурарын айтат. – Дыйкандардын мээнети кайтышы үчүн өндүргөн продукциябызды сыртка сатуунун жолун табам. Анткени көп учурда дыйкандарыбыз өндүргөн продукциясынан пайда көрмөк турсун, чыгымын жаба албай калган учурлары да арбын. Ошон үчүн жашылча-жемиштерди жана эт, сүт азыктарын сыртка сатып, элдин турмушун оңдоого аракет кылып, Кыргызстанды бардар эл жана бакубат өлкөгө айлантууга болгон аракетимди жумшайм. – Партияӊыздардын программасы башка партиядан эмнеси менен айырмаланат? – Биздин партиянын программасы башка партиялардан реалдуу сунуштары менен дээрлик айырмаланат. Бардык тармак эске алынып, камтылган. Алсак, мамлекетти кризистен чыгаруу, билимди өркүндөтүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы катачылыктарды жоюу, маданиятты көтөрүү, үйсүз үй-бүлөлөрдү үйлүү кылуу, ишкерликти, элетти өнүктүрүү, бизнес каттоону жөнөкөйлөтүү, интернетти ар бир адамга жеткиликтүү кылуу, деги койчу мамлекеттин абалын жакшыртуу боюнча толгон-токой негиздүү сунуштар жазылган. Ошондой эле мамлекеттик аппаратты модернизациялоо: штаттык санды кыскартып, мамлекеттик органдардагы кайталанган функцияларды жоюп, керексиз функциялардан арылуу тууралуу да сунушу бар. Кыскасы, “Мекеним Кыргызстан” реалдуу сунуштары менин ишенимимди жогорулатты. Ошон үчүн ушул партияны тандадым. Ушундай чоң максаттарды алдыга койгон партия менен парламентке барып, элимдин жаркын жашоосуна салым кошоюн, мамлекетимдин өнүгүшүнө кол кабыш кылайын деген чечимге келип шайлоого бара жатам. №4 “Мекеним Кыргызстан” партиясы мамлекетибизди алдыга сүрөйт. Элибиздин жаркын жашоосуна шарт түзөт. 4 деген сан ийгиликтин ачкычы, андыктан шайлоодо жеңишке жетебиз жана элибизге кызмат кылабыз! – Жеӊишке жет е риӊиздерге көзүӊүз жетеби? – Ар бир нерсе адамдын ниетинен да. Бир мисал келтире кетейин. Кочкордогу туристтик борборго достор менен былтыр барып арча отургузуп кеткенбиз. Быйыл баш көтөрүп, күн нуруна жайкалып өсүп жатыптыр. Бул менен мен эмне айткым келип жатат? Адам баласынын ниетине жараша иши уланат экен. Биз арчаларды жакшы ниет менен отургуздук элек, жыйынтыгын көрүп кубандым. Ошондуктан келиңиздер туугандар, биз ар бир ишке жакшы ниет коюп, тилек тилеп жыйынтыкка иштейлик. Ошондо мамлекетибизде бардык тармактан өнүгүү болот! “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп к елишкен №4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Ж айчиева Г ү лбарч ы н Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фонду су нун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:46

Партия «Кыргызстан»: Увеличим количество туристов до 2 млн в год!

Кыргызстан - страна солнца, снежных вершин, спокойных зеркальных высокогорных озер, альпийских лугов и кристально чистых рек. Всемирная туристическая организация назвала Кыргызстан наиболее дружелюбной для туризма страной. Кыргызстан - уникальная республика, где туристы со всего света могут поближе познакомиться с обычаями и бытом кочевого народа, культурой, попробовать местную кухню и испытать на себе теплое гостеприимство, которого нет больше нигде. Однако туристическая отрасль республики все еще остается нереализованной из-за неразвитой инфраструктуры, слабого маркетинга и низкого качества предоставляемых туристических услуг. Доля туризма в ВВП Кыргызстана равна 5%. По данным Нацстаткома, Кыргызстан в 2019 году посетили около 1,8 млн человек. Большинство из них - это туристы из Казахстана, России и Узбекистана. В 2020 году ожидался прирост количества гостей на 15-30% по сравнению с 2019 годом, но в связи с пандемией сегодня эта сфера подсчитывает сумму упущенной выгоды, а то и убытков. На данный момент в департаменте туризма при Министерстве культуры, информации и туризма имеется небольшой штат в 10 человек на всю страну, и нет представителей в регионах. Помимо этого, бюджет на развитие туризма и продвижение бренда Кыргызстана на мировом уровне составляет не более 10 млн сомов. Партия «Кыргызстан» предлагает внедрить современные методы работы в туристической отрасли. Мы создадим условия для развития инфраструктуры и сервиса, а также законодательно обеспечим безопасность каждого туриста. Партия «Кыргызстан» предлагает: ● разработать единую систему путевок: виза – перелет – проживание – досуг; ● построить велодорожку вдоль побережья от Чолпон-Аты до Каракола; ● развить гастрономический туризм в стране, который будет хорошим дополнением для всех видов туризма; ● выделить средства на исторический сериал про эпос «Манас» с привлечением зарубежных партнеров, что позволит внести существенный вклад в кинематограф, а также увеличит число желающих посетить Кыргызстан; ● усилить взаимоотношения с соседними странами и разработать уникальную систему отдыха, чтобы можно было посетить сразу несколько стран; ● построить юрточный городок с максимальным воссозданием культуры и быта кочевников. Таким образом, Узбекистан будут посещать ради древней архитектуры Бухары, Самарканда, Хивы, а Кыргызстан привлечет туристов первозданной природой и познакомит с кочевой культурой, где турист сможет жить в юрте, посетить джайлоо и увидеть конные национальные игры; ● улучшить инфраструктуру и качество сервиса в спортивном, медицинском, приключенческом, сельском, религиозном и экологическом туризме. Наша цель - 2 миллиона туристов со всего мира!

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:47

Абданбек уулу Белек: Парламентке барып калсак, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун тездетүүгө аракет кылабыз

Абданбек уулу Белек жогорку билимдүү. Кесиби - энергетик. Ал кесиби менен 11 жыл иштеген. "Түндүкэлектро" АКК, " Ошэлектр" АКК, Жалал-Абадэлектро" АККда эмгектенген. Алгач контролёр, анан мастер, кийин Энергосбыт, РЭСтин жетекчилик кызматына чейин жеткен. Директорлор Кеңешинин төрагасы болгон. Бакубат-Талас фондунун директору, “Ак- Куула" Улуттук ат оюндарынын Талас облусу боюнча төрагасы. - Абданбек мырза, депутат болуп калсаңыз кайсы маселенин алкагында иш алып барасыз? - К удай буйруп депутат болуп калсам, биринчи энергетикада тармагы боюнча маселе көтөрөм. Өлкөбүздөгү генерациянын кубаттуулугун күчөтүү жана көбөйтүүнүн аракетин көрөм. Себеби, бизде азыркы убакытта электр энергияны өндүргөн ГЭСтердин 10-20 пайызын гана иштетип жатабыз. Тагырагы, Токтогул ГЭСи жана башка ГЭСтер жана ЖЭБдин аз электр кубаттуулугун өндүрүп жатабыз. Бул тармак боюнча менде тажрыйба бар. Электр энергиясын көбүрөөк өндүрүүнүн жолун тапсак болот. Көбүрөөк өнгөн электр энергиясы өндүрүштү күчөтүп, экономикабызга чоң салым кошмок. Элдин турмушу жакшырмак. - “Мекеним Кыргызстан” партиясында бул ойлоруӊуз камтылган бекен? - Албетте. Бул партияны тандоомо бир канча себептер бар. Биринчиси, партиянын курамы жаш, жигердүү иштеген, ишинен майнап чыгарган, ийгиликтүү инсандардан турат. Экинчиси, мындай күчтүү команда менен ийгиликке жетсе болот деген ишенимим зор жана мындай команда менен иштөөнүн өзү ырахат экенин түшүндүм. Үчүнчүдөн, программада "минтиш керек, антиш керек!" деп эмес, маселени чечүүнүн жолу көрсөтүлүп, сунуштардан бери берилген. Мына ушуну да эске алдым. Төртүнчүсү, биздин партиянын программасы ишке ашса, элибизди жаркын жашоосуна шарт түзөөрүнө көзүм жетти. Анткени, парламентке барып калсак, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун тездетүүгө аракет кылабыз. Нарында жергиликтүү элдин макулдугу менен ири логистикалык борбор ачуу, эл аралык ишенимдүү инвестор менен биргеликте «Манас» аэропортунда жүк ташуучу борборду курууну жана республикадагы аэропортторду калыбына келтирүү боюнча инвестициялык программаларды ишке ашырууну колго алабыз. "Иштин башы ишкерлик" дегендей бизнес менен ишкерликти өнүктүрүүнү стимулдаштырабыз. Буйруса, элибиздин турмушун жакшыртууну жолго салабыз. - 4-орун ийгиликтин башаты деӊизчи?.. - Албетте, бюллетендеги 4-орунду жакшылыкка жоруш керек. Анткени, төрт саны ийгиликке жетелеген жакшы сан. Буйруса, биз 4-октябрда бюллетендеги 4-номур менен бирдикте ийгиликке жетебиз. Тилектерибизди, максаттарыбызды орундатабыз деп ойлойм. - Шайлоочуларга эмне дээр элеӊиз? - Урматтуу, шайлоочулар, шайлоо күнү жүрөгүңүздү тыңшап, адашпай, № 4 сандагы "Мекеним Кыргызстан" партиясына добуш бериңиз. Биз мамлекетибиздин жаркын жашоосу үчүн болгон күчүбүздү, мүмкүнчүлүгүбүздү жумшайбыз! Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:47

Материалы за неделю

no article

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:47

Жыргалбек Саматов: "Кыргызстан" партиясын тандап, экономиканы өнүктүрүү максатыбызга салым кошуңуздар"

«Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жыргалбек Саматов Өзгөн районунун "Ийри-Суу", "Жийде" жана башка бир катар айылдарынын жашоочулары менен жолугушту. Талапкер элге партиянын "Эл үчүн" программасы менен тааныштырып, программанын максаты республикабыздын бардык жарандарынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталгандыгына токтолду. “Биздин партия өндүрүштөрдү көбөйтүү, ишкерлерге жеңилдиктерди түзүп берүү, калкты жумуш менен камсыз кылуу сыяктуу көптөгөн чоң максаттарды алдыга коюуда. «Кыргызстан» партиясы буга чейин дагы миңдеген адамдарга жумуш орун түзүп берип, экономиканын өнүгүшүнө салым кошуп келген партия”, – деди Саматов. Жолугушууда айыл тургундары чечилбей келе жаткан көйгөйлүү маселелери тууралуу бир топ суроо узатышты. Алар негизинен таза суу, айдоо жерлерине арык казуу, балдарга жөлөк пул чегерүүдөгү көйгөйлөр жана уюлдук байланыш түйүндөрүнүн сапатын жакшыртуу тууралуу маселелерди көтөрүштү. Жыргалбек Саматов айыл тургундарынын көйгөйлөрүн угуп, аларды чечүү жолдору партиянын программасында камтылганын баса белгиледи. Андан соң элди «Кыргызстан» партиясына добуш берүүгө чакырып өттү. “Урматтуу мекендештерим, сиздер биздин партияга добуш берүү менен жаңы ишканаларды түзүү, натыйжасыз чиновниктерди кыскартуу, коррупцияны жок кылуу, арзан турак жай куруу, туризмди өнүктүрүү жаатындагы максаттарыбызды ишке ашырууга салым кошосуздар”, – деди Жыргалбек Саматов. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 16-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а 17:10 16-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:47

Ат-башылыктар "Замандашка" үмүт артарын айтышты

"Замандаш" партиясынын Жогорку Кеңешке талапкерлери үгүт кампаниясынын алкагында Нарын облусунун Ат-Башы районунунда болушту. Ага талапкерлер Чынара Шейшекеева , генерал-майор Мелис Турганбаев, Алмаз Акматов, Айбек Жайлообаев келишкен. Талапкерлер шайлоочуларды "Замандаш" партиянын программасы менен тааныштырып, таза шайлоого үгүттөштү. Элеттиктер айыл көйгөйлөрүн көтөрүшүп, районго картошка иштетүүчү кичи цех куруу зарылдыгын, жол салуу, көчөлөрдү жарыктандыруу, байланыш, футбол аянтчасын куруу маселелерин айтышты жана аларды чечүүгө көмөктөшүүнү суранышты. Ошондой эле тургундар Ак-Сайга өтүү үчүн паспорт столдон уруксат кагаз алышарын, ошол кызматты чек арачыларга берсе деген ойлорун ортого салышты. Эл менен жолугушууда "Замандаш" партиясын түптөгөн Муктар Өмүракуновдун уулу Аскар Өмүракунов да сүйлөп, атасынын көп максаттары аткарыла электигин айтып, бирок ал иштердин өтөсүнө чыгат деген ишеними бар экенин билдирди. "Атам ар дайым элге кызмат кылды. Өмүрүнүн акырына чейин эл деп жашады. Анын көп максаттары бар эле. Өкүнүчтүүсү, алар аткарылбай калды. Бирок, Кудайым буюрса, ошол ой-тилектерин ишке ашырабыз деп ойлойм. Себеби, учурда "Замандашта" изги максаттарды алдыга койгон, тажрыйбалуу, билимдүү талапкерлер бар", - деди Аскар Өмүракунов. Ак-Муз айылынын тургуну Бакыт Алияскаров мигрант болуп Орусиянын 7 шаарында 7 жыл эмгектенгенин айтып, ошол жылдары Муктар Өмүракуновдун депутат болбой туруп эле мигранттарга кылган кызматын өз көзү менен көргөнүн, анын жөнөкөйлүгүн жана адамкерчилигин эскерди. Ошондой эле ат-башылыктар Мелис Турганбаевге карата жакшы пикирлерин билдиришип, чоң үмүт артарын айтышты. Ал өз кезегинде: "Замандаш" партиясы - 13 жылдан бери өз жүзү, тарыхы бар элдик партия. Партия ар дайым эл үчүн кызмат кылган. Эч убакта убада берген эмес, убада бербей эле элдин мүдөөсүн аткарып келген. Мен да мамлекеттик кызматтарда эмгектенип, бир катар иштерди жасап келдим. Калк мүдөөсүн угуп, эл аралап иштедик. Эми алган тажрыйбамдын аркасында "Замандаш" партиясы менен элибизге кызмат кыла турган мыйзамдарды жазалы, көйгөйлөрдү чечели деген тилегим бар", - деп билдирди. Талапкерлер райондун борборунан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан Өзгөрүш айылына келишкенде тургундар аларды жылуу тосуп алышып, көп жылдан бери бүтпөй келген спорт зал салуу маселесин көтөрүштү жана бир катар суроолорду беришип, тийиштүү жоопторду алышты. "Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г. Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., мкр. Джал 23, 28. Чыгарылган күнү: 16-сентябрь 2020-ж. 14:11 16-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:47

Мелис Турганбаев: "Биз бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдарды жөнгө салабыз"

Бүгүн "Замандаш" партиясынын Жогорку Кеңешке талапкерлери шайлоочулар менен Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы облустук академиялык, музыкалык драма театрында жолугушту. Жолугушууга талапкерлер Мелис Турганбаев , Алмазбек Акматов , Жолдошбек Мамбеталиев , Асылбек уулу Бакай катышты. Алар "Замандаш" партиясынын тарыхы, программасы менен тааныштырышты жана алдыга койгон максаттарын айтып беришти. Андан кийин жолугушуу суроо-жооп түрүндө өтүп, тургундар ар түрдүү көйгөйлөрдү көтөрүштү. Нарын шаарынын тургуну, Чек ара кызматынын ардагерлеринин Нарын шаары боюнча төрагасы Темирболот Орозоев чек ара кызматынын ардагерлери ден соолугуна байланыштуу же үй-бүлөлүк себептер менен башка регионго барып жашоого мүмкүн эместигин, анткени бул учурда алардын пенсиясы кыркылып каларын айтты. Анын айтуусунда, кай бир ардагерлерге дал ушул мамиле боюнча кылмыш иши козголгонго чейин барган. Алмазбек Акматов бул маселе Жогорку Кеңештин трибунасында көтөрүлгөнүн жана ал чечилиши керектигин билдирди. Иш-чарада медицина кызматкерлеринин айлык маянасы төмөндүгү айтылып, ал боюнча пикирин Мелис Турганбаев билдирди. " Бул маселе биздин программада бар жана "Замандаш" менен шайлоого эки дарыгер бара жатат. Албетте, сиздердин айлык маянаны көтөрүү керек. Муну жакында эле болгон пандемия далилдеп койду. Биздин программада дарыгерлер, мугалимдердин жана маданият кызматкерлеринин айлык маяналары жана алардын иштөөсүнө шарт түзүү маселеси каралган" , - деп өзү жетектеген ЖАМКда медицина кызматкерлеринин айлык маяналары кандайча көтөрүлгөнү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле талапкер "Замандаш" партиясы менен шайлоого үч генерал бара жатканын жана алардын бир катар мыйзамдарды жазуу мерчемдери бар экенин айтты. "Биз 2010-жылдан кийин кылмыштуулукка каршы атайын мыйзам долбоорун жазганбыз. Ошол мыйзам долбоорунун куйрук-жалы кыркылбай кабыл алынганда, азыр бир топ өзгөрүүлөр болмок. Тилекке каршы, долбоор аябай чоң өзгөрүүлөр менен араң дегенде 2013-жылы кабыл алынды. Казактар биздин мыйзам долбоорун жазганыбызды угуп, атайын келип аны алып кетишти да, ошондой боюнча кабыл алышты. Аларда ошол мыйзам жакшы иштеп жатат. Учурда мыйзамдар бири-бирине каршы келген учурлар көп. Биз ушул маселелерди карап, бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, мамлекетибизди алдыга сүрөгөн жаңы мыйзамдарды жазалы деп жатабыз", - деди Турганбаев. Тургундар шайлоо өнөктүгүндө форма экини жоюу, 5 жылга чейин эл үчүн пайдасы тийбеген партиялар кайра шайлоого катышпагыдай мыйзам жазуу сунуштарын айтышып, соц пакетти карап чыгуу, жеке ишкерлердин жумуш берген адамга карата жасаган мамилесин жөнгө салуучуну кароо керектигин айтышты жана аталган талапкерлер Жогорку Кеңешке барып калса, чек ара маселесин чечип берүүсүн суранышты. Жолугушуунун акырында нарындыктар "Замандаш" партиясына ак жол каалап, ак сакалдар ак батасын беришти. "Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г. Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., мкр. Джал 23, 28. Чыгарылган күнү: 16-сентябрь 2020-ж. 14:02 16-09-2020

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:47

"Кыргызстан" партиясы "жашыл экономика" үчүн!

“Кыргызстанда "жашыл экономиканы" өнүктүрүү үчүн өтө чоң, реалдуу, келечектүү мүмкүнчүлүктөр бар” деп билдирди «Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Экмат Байпакбаев. Анын айтымында, ал демилгелеген VI чакырылыштагы парламент тарабынан кабыл алынган “жаңылануучу энергия булактары жөнүндө” мыйзам өлкөнүн экономикалык турмушун жакшыртат. «Мурда кабыл алынган “энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” мыйзам 10 жылдан ашык иштеген жок, тилекке каршы, бир кездерде аны ишке ашыруу механизми иштелип чыккан эмес. Болгону 2-3 чакан ГЭСтер курулган. Жүздөгөн чакан ГЭСтерди куруу керек. Тоолуу Кыргызстандын шартында бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Жылына 300 күн тийиши да чоң мүмкүнчүлүк! Эгемендүүлүк жылдарындагы көптөгөн башкаруучулардын кетирген кемчиликтеринен улам биз экспортчулар өлкөсүнөн импортчуларга айландык”, - деп белгиледи Байпакбаев. Жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн альтернативдүү энергияны киргизүүдөн тышкары атмосферага зыяндуу заттарды бөлбөгөн жана күйүүчү май куюуну талап кылбаган электромобилдерди жана коомдук транспортторго басым жасоо керек, ал биздин республикага дагы импорттолот. “Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү – ишкерлердин, өндүрүш кызматкерлеринин бул багытта конкреттүү долбоорлору бар. Өнөр жай ишканаларынын абаны тазалоо тутумун орнотуу боюнча милдеттенмеси айлана-чөйрөгө зыяндуу заттардын көлөмүн минималдаштырууга жардам берет. Ошондой эле өнүккөн, экологиялык таза мамлекеттердин тажрыйбасын изилдөөгө түрткү болот. Мындан тышкары, биз коопсуз тармакты өнүктүрүп, биздин эле калкты органикалык азык-түлүк менен камсыздабастан башка өлкөлөргө да экспорттошубуз керек. Байпакбаев Жогорку Кеңеш иштеп чыккан жашыл экономиканы өнүктүрүү концепциясын колдогонун, андан кийин өкмөт программа кабыл алгандыгын эскерди. Эми аны ишке ашыруу үчүн жигердүү аракеттер көрүлүшү керек. “Бүгүнкү күндө Кыргызстан пайдалана албай калган мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып жатышат. Биз жашыл экономиканы өнүктүрүү жолуна түштүк. “Кыргызстан” партиясы мындан ары дагы ушул багытта иш алып барат”, - деп белгиледи талапкер. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 16-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а 10:51 16-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
16 сентября 2020 г. 8:14

Ата Мекен - #6!

Бүгүн биздин кербен Баткен облусу боюнча сапарын улантат. ⠀ Партиянын программасы, алдыга койгон максаттары, партиянын жүздөрү жана аброю - добуш берүүдө эң негизги шарттардын бири. Ал эми шайлоо күнү эч ким добушун сатпай, татыктуу партияга өз добушун берет деп ишенебиз. ⠀ Ата Мекен - #6! ⠀ * ⠀ Сегодня наш караван продолжит встречи в Баткенской области. ⠀ Программа, идеи, люди и умение вести диалог — именно эти пункты в итоге сыграют свою роль в день выборов. Мы верим, что никто не будет продавать голоса за тысячу сомов, а каждый из вас сделает ответственный выбор. ⠀ Ата Мекен — №6!

Подробнее
24 сентября 2020 г. 12:23

Республика №14✅

Кулундунун тургундары «Алдыга жолду» тандап, «Республика» партиясын колдоого алышты.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники