О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
16 сентября 2020 г. 1:45

Руслан Чойбеков: “Кыргызстан” саясий партиясында өзүн-өзү калыптандырган инсандар көп”

“Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Руслан Чойбеков партиянын түптөлүшү жана алдыга койгон максаттары тууралуу айтып берди. - Руслан Нуркалиевич, “Кыргызстан” партиясынын түптөлүшү тууралуу айтып берсеңиз? - Баарына маалым болгондой, 2010-жылдын апрель айындагы революцияда, июнь айындагы кандуу кагылыштарда бир топ жарандарыбыз мерт болуп, бир тобу денесинен жаракат алып, мүлктөрү таланып-тонолду. “Эми тынчтыкты, биримдикти калыбына келтирүү керек” деген ой ар бирибиздин жүрөгүбүздө турду. Мына ушундай татаал учурда Шаршенбек Абдыкеримов агабыз жаштар кыймылын түзүүнү сунуштап, жабыркаган мекендештерге жардам берип, тамтыгы чыккан шаарларды калыбына келтирели деген демилгени көтөрдү. Ошентип “Келечек” жаштар кыймылы түзүлгөн. Бирок бул курам менен алыска бара албасыбызды, өмүр бою жаш бойдон калбасыбызды айткан агабыз кыймылдын атын өзгөртүп, “Кыргызстан” саясий партиясын түптөдү. Партия жаңыдан негизделип жатканда мен да юрист катары кол кабыш кылып, партиядагы мекендештерибиз менен пикирлеш, идеялаш болуп калдым. Көпчүлүккө маалым – бул партияда жалаң жаратмандар, өзүн-өзү жетилткен инсандар көп. Алар азыркы мезгилде мамлекеттин экономикасын алдыга жылдырууну биринчи планга коюшат жана өлкөбүздө миңдеген жарандарды жумуш менен камсыз кылып, элдин жашоо-турмушун жакшыртуу багытында зор эмгек кылып жатышат. - Баарыбыз жадаган системаны өзгөртүп, кантип кескин реформа жасайбыз? - “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деген сөз бар эмеспи. Чет жерде жүргөн жүз миңдеген мекендештерибиз миллиарддаган акча каражаттарын жиберип жатышат. Аларга өзгөчө жаштарга жумуш орундарын түзүшүбүз керек. Өсүп келе жаткан муун акылын, билимин жана тажрыйбасын мамлекетибиздин өнүгүшүнө жумшаса, сиз айткан реформа сөзсүз жасалат. Айрыкча, пандемияда чет жерде эмгектенип жүргөн миңдеген мекендештерибиз кайра кайтып келишти. Кыйын учурда бир гана ата журт тосуп алып, жөлөк болору тастыкталды. Алардын да көйгөйүн чечип, керектүү жардам менен камсыз кылууга тийишпиз. - “Кыргызстан” партиясы өлкөнү оор кырдаалдан алып чыгууга кандай салым кошот? - Биздин партиянын реалдуу, конкреттүү жана келечектүү планы бар. Аларды ишке ашыруу үчүн демилгелүү жаштарыбыз, тажрыйбалуу кесипкөй, эмгектин бардык баскычтарын, ысык-суугун көргөн аткаруучуларыбыз бар. Тагыраак айтканда, партия мүчөлөрү жоктон бар кылган адамдар. Буюрса, мамлекетибиздин моюнундагы оор жүктү башка партия өкүлдөрү, баарыбыз чогуу алабыз. Ал үчүн ынтымакта болуп, элибизге керектүү шарттарды түзүп беришибиз керек. Эң башкысы алдыдагы шайлоо тынч өтүп, эл өз тандоосун эркин, мыйзамдуу шартта билгизип, болочоктогу парламент эл жүгүн аркалап, мамлекетти алдыга сүрөгөн бийлик бутагы болушу керек. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 7-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а 16:10 15-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:45

Токтогулдагы жолугушуу: "Биримдик" аткарылбаган убадаларды бербейт!"

Бүгүн, 15-сентябрда “Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо партиясынын үгүт кербени Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушуу ѳткѳрдү. Партия лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров партиянын программасы менен тааныштырып өттү. “Эмне үчүн “Биримдик”? Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов Евразиялык интеграциянын артында биздин келечек турат деп айткан. Социалдык демократия - бул СССРге кайра кайтуу эмес, бул биздин басып өткөн жолубуз”, - деди ал. Ал жергиликтүү бийлик органдарына кайрылып, кайсы бир партия үчүн административдик ресурсту колдонбой, бардык партияларга бирдей шарттарды түзүп берүүгө, шайлоо ѳнѳктүктѳрүнүн жүрүшүнѳ кийлигишпѳѳгѳ чакырды. Партиянын талапкери Улукбек Кочкоров учурда Кыргызстанда 47 балдар үйү, 17 карылар үйү бар экендигин айтып өттү. “Качан кыргыз балдары ата-энесин мамлекеттин кароосуна өткөрчү эле? 30 жылдык эгемендик тарыхыбызда биздин маданиятыбызга, салт-санаабызга жат нерселерди таңуулаганга аракет жасашты. Ошондуктан биз программаны иштеп чыгууда салтыбызга, динибизге, үрп-адатыбызга кайтып, анын негизинде демократиялык социализм багытын тандадык”, - деди ал. “Биздин программа Конституцияда жазылган укугуңуздарды ишке ашырууга багытталган программа. Кыргызстан социалдык мамлекет деп башкы мыйзамда жазылгандай, биз өлкөнүн экономикасын жанданта турган программаны даярдадык, экономиканы кѳтѳрүү үчүн Кыргызстандын товар өндүрүүчүлөрүн колдоого алган механизмди сунуштап жатабыз". Жогорку Кеңештин вице-спикери, депутаттыкка талапкер Аида Касымалиева: “Биримдик” партиясы дыйкандардын, мугалимдердин, дарыгерлердин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн үнү", - деди. “Азыр үгүт иштери жүрүп жаткан учур, партиялар ар кайсы убадаларды берип жатышат. Мисалы, сүйүнчү пулдун өлчөмүн жогорулатабыз деп атышат. Мурдагы шайлоодо да ушинтип убада кылышкан, бирок учурдагы 4000 сомду биз киргизгенбиз. Ошондуктан биз куру убада берүүдөн алыспыз”, - деди ал. Ошондой эле Аида Касымалиева ѳз сѳзүндѳ Токтогулдан кыргыз маданиятына зор салымын кошкон инсандардын чыкканына токтолду. “Биримдик" партиясынын программасында маданият тармагына чоң көңүл бурулган, анын алкагында райондо музейлер, маданият үйлөрү жанданат, туризм тармагы өнүктүрүлөт” , - деди ал. Токтогул районунан депутаттыкка талапкер Нурбек Тотонов да сөз сүйлөп, райондун көйгөйлөрүн чечүү үчүн болгон күч-аракетин жумшоого токтогулдуктарга убада берди. Жолугушуунун аягында райондун аксакалдары баталарын беришип, талапкерлерге ийгилик, жеңиш каалашты. "Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы" саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. Дареги: Бишкек шаары, Разаков көчөсү 4. 14:33 15-09-2020

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:45

Депутаттыкка талапкерлер Ибрагим Жунусов, Улукбек Кочкоров, Темирбек Асанбеков дебатта эмнелерди убадалашты?

Кечээ, 14-сентябрда "ЭлТР" телеканалында Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып жаткан партиялардын талапкерлеринин дебаты өттү. Дебатка "Мекен Ынтымагы", "Мекеним Кыргызстан" жана "Биримдик" саясий партияларынан депутаттыкка талапкерлер катышты. Дебатка катышкан талапкерлердин тизмеси: 1. "Мекен Ынтымагы" партиясынын төрагасы, партиядан депутаттыкка талапкер - Темирбек Асанбеков; 2. "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер - Ибрагим Жунусов; 3. "Биримдик" партиясынан депутаттыкка талапкер - Улукбек Кочкоров. Суроо: Жумушсуздук менен күрөшүү сөз жүзүндө гана калып келет. Мөмө-жемиш иштетүүчү ишканаларды ачуу керек, инвесторлорду колдоо максатында сиздердин программада конкреттүү багыттар кайсылар? Темирбек Асанбеков: "Жумушсуздук эмнеден улам пайда болот? Бул экономиканын алсыздыгынан. Мөмө-жемиш, айыл-чарба тармагы - бул экономиканын азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу тармагы болот. Эми айыл-чарба тармагында ошол мөмө-жемишти өстүргөн дыйкандарга мамлекеттик институттар тарабынан түрткү болбосо, жеңил акча каражат булактары негизделбесе, тажрыйба илимий жолдор ачылбаса, алардын өндүргөн түшүмүн базарга алып чыгуу логистикалык карым-катнаш түзүлбөсө эч качан айыл-чарбасы көтөрүлбөйт. Мына бүгүнкү күндө бийликтин эч кандай таасири жок, элибиз эмгекчил экен. Өзүнүн өстүргөн түшүмүн кошуна мамлекеттерге сатууга аракет кылып жатышат. Бирок баштай элек жатып көп суммадагы каражатты насыяга алышат, анан саясий кырдаалдар өзгөрүп кетет. Ошон үчүн "Мекен Ынтымагы" партиясы эртеңки күнү айыл-чарба тармагын өнүктүрүү багытында дыйкандарга өздөрүнүн түшүмүн өткөрүп киреше табыш үчүн атайын программа иштелип чыккан. Бул техникалык жактан көмөк көрсөтүү, арзан каржы булактарын негиздөө. Бул мамлекеттик деңгээлде бюджетте каралышы керек", - деди Асанбеков. Ибрагим Жунусов: "Бүгүнкү күндө иш менен камсыздоо биринчилерден болуп саналат. Айрыкча дыйкандар жөнүндө, аларды колдоо биздин негизги максаттарыбыздын бири. Партиянын катарында дыйкандар көп болгондуктан алар бизге өздөрүнүн сунуштарын дагы койду. Алар койгон сунуштар боюнча өлкө боюнча логистикалык борборлорду иштеп чыгуу керек. Бул бүгүнкү күндө пилоттук долбоор катары Базар-Коргон жана Кара-Суу райондорунда логистикалык борборлор биздин партия тарабынан иштелип чыгып, аткарылып жатат. Биздин партиянын тизмесинде талапкерлердин көпчүлүгү 40ка жакын долбоорлор каралган. Бул келечекте биз үчүн өтө керектүү нерсе. Мен ойлойм, ушул логистикалык борборлорду туура жолго коюп алсак, пилоттук долбоорлор өзүнүн пайдасын бере баштаган кезде Кыргыз өлкөсүнүн мөмө-жемиши бардык жерге жетет деп ойлойбуз", - деди Жунусов. Улукбек Кочкоров: "Өз убагында 38 пайыз ички дүң продукцияны түзгөн айыл-чарба бүгүнкү күндө 12 пайызды түзүп жатат. Биз эмне кылабыз? Биринчиден, ушул багыттарга мамлекет тарабынан колдоо керек. Колдоо - алардын чыгарган продукциясын жылдыруу. Биз атайын бюджетниктерге, пенсионерлерге айлык маянаны көтөрүп, бизден чыгарылган продукцияны алууга шарт түзүү менен дыйкандардын продукциясын сатууга мүмкүнчүлүк түзөбүз. Эгерде дыйкандар колдой турган болсо, анда алар чыгарган продукциясын биздин рынокто кеңири сатканга, сыртка дагы алып чыкканга мүмкүнчүлүк түзүлөт". Суроо: Өлкөдө айыл-чарбасын көтөрүүгө чоң потенциал бар экенин айтып келебиз. Аягында баары жыйынтыксыз калып жатат. Сиздердин партия кандай конкреттүү сунуштар менен чыгып жатасыздар? Темирбек Асанбеков: "Мен өзүм айылда чоңойгом. Айылда жашагандар эртеден кечке талаада жүрүшөт. Алар кандай түшүм эгип, кайсы базарларга алып чыгышы керек экенин бири-биринен угушат. Өнүккөн өлкөлөрдө айыл-чарбаны өнүктүрүү багытында эрте эле дыйкандарга сунуштар берилет. Биздин чар-жайыт мамлекетибизде ар бир дыйкан өзүнүн ишин өзү кылышат, тобокелчилик менен иштешет. Кээде саясий кырдаалга байланыштуу чек аралар жабылып калган кезде насыяларын жаба албай кыйын абалга такалышат. Мунун баары бийлик институттарынын сапатсыздыгынан чыгып жатат. Алар үмүттөнгөн, карапайым айыл-чарбасында иштеп жаткан адамдардын турмушка жана экономикага болгон багытын негиздеп бербегендиктен, ошого түрткү болуп бербегендиктен, түшүмүнөн айрылып калса, ошолорду сактап калууга атайын каржы фонддору түзүлбөгөндүктөн келип чыгат. Өлкөнүн 30 жылдан бери араң турган айыл-чарбасын көтөрүү үчүн биз бардык тармагынан изилдеп, сунуштарды иштеп чыкканбыз". Ибрагим Жунусов: " Азыр "Бай дыйкан" деген долбоор иштелип жатат. Ошол эле учурда муну көтөргөн биздин партиянын ичиндеги талапкерлерибиз болуп жатат. Бул долбоор биздин дыйкандар үчүн абдан зарыл. Эмненин себебинен дыйкандар чоң потенциалга жетишпей жатат. Биринчиден, минералдык жер семирткичтердин жоктугунан дыйкандар көп нерсеге жетишпей жатышат. Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын ортосунда жер-семирткичтерди чыгаруучу заводдор курулуп жатат. Бул биздин дыйкандарга чоң жардам берет деген ойдомун. Ошол эле учурда бизде "Кыргызстандын бактары" деген долбоорубуз бар". Улукбек Кочкоров: " Тилекке каршы, өлкөдө стратегиялык пландоо жөнүндө мыйзам жана анын аткарылышына тиешелүү мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги жок болуп жатат. Ошондон улам азыр жайыттарыбыз иштетүүдөн чыгып калып, жерлерибиз жараксыз болуп калып жатат. Биз стратегиялык пландоо болушу керек деп ойлочубуз. Себеби чет өлкөдөн айыл-чарба продукциясын сатып алам деп келген ишкер бир айылдан кааласа 5-6 КамАЗ толтуруп кетиши керек. Экинчиден, мамлекет дыйкандар чыгарган продукцияны чет өлкөгө чыгаруу боюнча аракетин көрүшү керек" . ДЕБАТТЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН БИРИ-БИРИНЕ БЕРГЕН СУРОО-ЖООПТОРУ: Темирбек Асанбековго Ибрагим Жунусовдон суроо: Сиздердин тизмеде мамлекеттик иштерде иштей элек же иштеген адамдар бар болуп калышы мүмкүн. Эгер силердин партия коалицияга кирип же өкмөткө өтүп калса, өкмөт башчысы боло турган инсандар барбы? Жооп: " Ар бир лидер жоопкерчилик алышы керек. Биз элге программабызды сунуштап жатканда элге жагынып сунуштап койбой, сунуштаган ишти аткарыш керек. Кыргызда "Чөп чапканга барсаң дагы чалгы кармай билген адамды алып бар" деген макал бар. Сиз айткандай, жаштарды окутуп жатам. Партия - бул саясий мектеп. Биз ошол балдарды бардык жактан окутуп, анан парламенттик шайлоого бара жатабыз. Мына биз ошол балдар менен аткаруу бийлигин түптөөгө даярбыз". Улукбек Кочкоровго Ибрагим Жунусовдон суроо: Улукбек Тойчубаевич, парламентте, өкмөттө дагы иштедиңиз. Сиз ордуңузду кайда деп эсептейсиз? Жооп: " Мен өзүмө парламентте кандай иштей алсам, өкмөттө дагы ошондой иштей алам деп ишенем. 21 жашымдан баштап ар кандай мамлекеттик кызматтарда иштеп келгем. Кээ бир адамдар мамлекетте бир күн иштебей жатып сындап жатышат. Мен кайсы жакта болбосун иштеп кетүүнүн жолун билем деп айта алам". Темирбек Асанбековго Улукбек Кочкоровдон суроо: "Сиз бир дагы күн мамлекеттик кызматта иштебесеңиз эмне үчүн биздин жарандар сизге ишенип, силерге добуш бериши керек. Сиз иштеп кетүүгө кандай кепилдик бере аласыз?" Жооп: "Баарын убакыт көрсөтөт. Мен 2010-жылы эле каалаган партияга кошулуп өкмөткө кирмекмин. Бирок иштебеген системге кирбегениме бүт Кыргыз эли кубанып жатат. Ар ким ар кандай сүйлөй берип, ушул туңгуюктан чыга албай жатабыз. Эртең биз барсак, бийликке иштеген, бирок жеке ишин аткарып жүргөн кызматкерлерди жумуштан четтетем". Ибрагим Жунусовго Улукбек Кочкоровдон суроо: 9 миңге жакын кызматкерди жумуштан бошотобуз деп жатасыздар. Аларды кайда алып барып кандай жумуш менен, кантип камсыздайсыңар? Жооп: " Бул кыскартылат дегендер мамлекеттик кызматкерлер. Жогорку Кеңеште 60 депутат калсын дагы, калганы кыскартылсын деп жатабыз. Эгер биз шайлоодон өтсөк, ошол кыскарган депутаттардын кеңешчилерин жана башка кызматкерлер кыскарып отуруп, биз 400 миллион сомго жакын акчаны үнөмдөйбүз. Андан тышкары Камбар-Ата-1ди иштете турган болсок, 10 миңдей адамды жумуш менен камсыз кыла алат экенбиз. Бул бир эле мисал. "ЭлТР" телеканалынан берилген суроолор: Темирбек Асанбековго суроо: Жумушсуздук кантип чечилет? Жооп: "Баары барып кадрларга такалат. Жер-жерлердеги иш билги адамдарда окутуп, аларга билим берүү керек. Кесипкөй адамдарды колдоп, аларга жардам берсек, ошондо жылыш болот. Болбосо аймактар эч качан оңолбойт". Ибрагим Жунусовго суроо: Инвестициялык багыттарды көтөрүү инвесторлого административдик жеңилдиктерди берүү жумушсуздарды жумуш менен камсыздандыруу деп программаңыздарга жазыпсыздар. Сиздерде кандай административдик жеңилдиктер бар? "Биринчиден, инвесторлорду тартып, иштебей турган жерлерди объектилерди иштетебиз. Инвесторлорду колдоп берели деген да пландарыбыз бар". Улукбек Кочкоровго суроо: Жумушсуздардын санын кантип кыскартуу планын айтып берсеңиз? "Биз өзүбүздүн экономиканы ички продукциялар менен толтурганда гана жумушсуздук азаят. Бул иштей турган программа". 13:52 15-09-2020 Автор: Азат Бейшенбеков, Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:45

"Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан талапкер Канатбек Маматов: "Эл менен аткаруу бийлигинин ортосундагы көпүрө болуп, үнүңүздөрдү жеткирейин деп бара жатам"

"Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер, Кыргыз футболдук союзунун президенти Канатбек Маматов Өзгөн аймагын кыдырууда. Мырза-Аке айыл аймагынын эли жылуу маанайда, ак бата менен тосуп алды. Эл менен жолугушууда аталган аймактагы эң башкы көйгөй - электр чубалгыларын кармаган карагайлардын чирип, алмашылбай тургандыгы, таза суу менен камсыздалбагандыгы жана жумуш ордуларынын түзүлбөгөндүгү тууралуу көйгөйлүү маселелер айтылды. Канатбек Маматов элдин суроо-талаптарынын бардыгын чечүү жергиликтүү бийликтин колунда экендигин баса белгиледи. Жеке каражаттан кайрымдуулук иштерин байма-бай жасап туруу жетишсиз экендигин жана аймактар маселеси мамлекеттик деңгээлде, өлкө казынасынын максаттуу бөлүштүрүлүшүнө байланыштуу экендигин эске салды. "Мамлекет башчысы бекеринен соңку эки жылды аймактарды өнүктүрүү жана санариптешүүгө арнаган жок. Бул багыт “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасында да бар. Мисалы, санарип мамлекеттик кызматтарды алууну ыкчамдатат жана жеңилдетет. Айылдаштарымдын тамакты оңдуу бышыра албаган, үлбүрөгөн жарыктары, кенен кесир тиричилик кылууда суу жетишсиздиги мени дагы түйшөлтөт. 21-кылымда жашап жатып, Көлдүк айылыбызда өмүрү бала бакча болбогондугу өкүндүрөт. Мен сиздер менен биргеликте эл жашоосун жакшыртуу, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө багытын алайын деп саясий аламанга аттандым. Эл менен аткаруу бийлигинин ортосундагы көпүрө болуп, сиздердин үнүңүздөрдү жеткирейин деп депутаттыкка аттандым”, - деди ал өз сөзүндө. “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин башаты. Төгөрөгү төп келишкен №4 санын тандаңыз! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 13:49 15-09-2020

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:45

"Кыскартам, жоём, жаңылайм...". Депутаттыкка жаш талапкерлер келечектеги өкмөттүк түзүлүштү кандай көрүшөт?

14-сентябрда КТРКда алдыдагы шайлоого аттанган партиялардын алгачкы дебаты болуп өттү. Ага 5 партиянын - "Реформа", "Кыргызстан", "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы", "Мекеним Кыргызстан" жана "Мекен Ынтымагы" партияларынын жаштар канатынын өкүлдөрү, депутаттыкка талапкерлер катышты. 1. "Реформа" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Эркин Нурбаев; 2. "Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Алмаз Раимбеков; 3. "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" депутаттыкка талапкер Бегайым Ташматова; 4. "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Элнура Алканова; 5. "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Мухаммед Агибаев. СУРОО: Келечектеги өкмөттүн структурасын сиздер кандай көрөсүздөр? Эркин Нурбаев: "Ө кмөттүн структурасы боюнча суроого жооп берсем, мен өмүрүмдө өкмөттүн структурасында бир да жолу иштебесем, анда бул менин артыкчылыгым деп билем. Анткени мен эскирген системдин жүгүргүчү болгон жокмун. Эгерде мен парламентке барып калсам, адегенде эле люстрацияны сунуштайм. Унаада бензин жок болгон учурда анын тетиктерин алмаштыруу жөнүндө сөз кылуу туура эмес, бензинсиз унаа жүрөбү, ушул жөнүндө ойлонолу". Алмаз Райымбеков: " Эркин мырза люстрация боюнча туура эмес айтып кетти. Биз кайсы тармак керек, кайсынысы керек эмес экенин санарип платформасы аркылуу көрсөтүп берели деп жатабыз. Өкмөттүн структурасын жөн эле кескилеп салган болбойт, биз 14 министрликти сунуштайлы деп турабыз. Биз шашпай элге кайсы кызмат керек экенин аныктап, элдин оюн угуп, анын жыйынтыгында 14тү калтырууну пландаганбыз. Азыр айрымдар досуна кызмат жетпей калса да министрликтерди ачышууда, баарын ойлонуу менен жасайлы". Бегайым Ташматова: " Жогоруда айтып өткөн оппоненттер менен макулмун, биз өкмөттүн структурасын кайталанма кызматтардан тазалашыбыз керек. Биз адегенде эле кабыл алуучу мыйзам - аткаминерлердин мүлкүн ачык көрсөтүү жана мыйзамсыз мүлктөрдү конфискациялоо жөнүндө болот. Биз атайын түзүлгөн комиссиянын жардамында өкмөттүн кайсы тармактарын кыскартуу, жаңылоо керектигин аныктайбыз". Элнура Алканова: " Биздин шайлоо алдындагы программабыздын негизги приоритеттеринин бири - азыркы мамлекеттик аппараттар өтө көп кыскартууларга муктаж экендиги. Биз мамлекеттик аппараттарды дээрлик 2 эсеге азайтууну пландоодобуз. Бүгүн бизде кайсы кызматтар бар? Премьер-министр, вице-премьер-министрлер жана министрлер бар. Андан тышкары өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү, андан кийин акимдер жана айыл өкмөтү. Эгерде ар бир тармакты караган министрлер бар болсо, бизге вицелердин эмне кереги бар? Ал эми губернатор деген кызматты биз Советтер Союзунан "мураска" алып калганбыз. Алардын кызматы болгону көзөмөл кылуу - бизде көзөмөл органдары жетиштүү деп ойлойбуз. Биз бул кызматты да жоюуну сунуштайбыз. Мындан тышкары бирин-бири кайталаган кызматтар көп, аларды кыскартып, ага кеткен бюджетти айыл өкмөтүнө жумшоону пландайбыз". Мухаммед Агибаев: " Биз кадр саясатын толук карап чыгуу керек деп эсептейбиз. Мен жогоруда оппоненттерим айткан пикирлерге кошулам. Өкмөткө сапаттуу кадрларды алып келүү үчүн алгач парламентке мыкты кадрлардын келүүсү зарыл. Мындан тышкары өкмөттүн бардык тармактарына аудит жүргүзүү керек, анын негизинде ашыкча тармактарды жоюп, өкмөттүн конкреттүү курамын түзүү кажет". 10:57 15-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:45

"Экономиканы кантип өнүктүрөсүңөр?" деген суроого беш партиядан депутаттыкка жаш талапкерлердин жообу (видео)

14-сентябрда КТРКда алдыдагы шайлоого аттанган партиялардын алгачкы дебаты болуп өттү. Ага 5 партиянын - "Реформа", "Кыргызстан", "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы", "Мекеним Кыргызстан" жана "Мекен Ынтымагы" партияларынын жаштар канатынын өкүлдөрү, депутаттыкка талапкерлер катышты. 1. "Реформа" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Эркин Нурбаев; 2. "Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Алмаз Раимбеков; 3. "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" депутаттыкка талапкер Бегайым Ташматова; 4. "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Элнура Алканова; 5. "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Мухаммед Агибаев. Аларга "Сиздер экономиканы кандай жолдор менен өнүктүрөсүздөр?" деген суроо берилди. “Реформа” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Эркин Нурбаев: "Экономиканын өсүшү Кыргыз өлкөсүндө коррупциянын жоюлушунан башталат. “Реформа" партиясы оппозициялык партия катары тааныштырылгандыктан биз экономиканы өстүрүүнү биринчи кезекте экономикага чоң колун салып алган ууруларга согуш жарыялайбыз десек болот". “Кыргызстан” партиясынан талапкер Алмаз Райымбеков: "Айыл чарба тармагын өстүрүү зарыл. Биздин мамлекетибиз кандай абалда турганын көрүп турабыз. Локоматив болуп айыл чарба болуп саналышы керек. 67 пайыз элибиз айыл жеринде турат экен. Биз Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Кытай менен көлөмү боюнча атаандаш боло албайбыз. Биз сапаты менен лидер боло алабыз. Кыргыз-Орус фондунун 70 пайызын айыл чарбасына коротушубуз керек”. “Афганистан согушунун жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкан ардагерлердин жана катышуучулардын саясий партиясынан” депутаттыкка талапкер Бегайым Ташматова: "Партиянын эң башкы максаты - социалдык теңдик. Биздин партия элдик корпорация ачып корпорация аркылуу жеткиликтүү турак жай программасын ишке ашырууну көздөйт. Турак жайга муктаж адамдарды үй менен камсыз кылуу керек. Ошону менен катар эле айыл чарба тармагын өнүктүрүү каралган. Кайра иштетүүчү заводдорду куруу зарыл. Дыйкандар продукцияларын ортомчусу жок сатканга мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек”. “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Элнура Алканова: “Кыргыз өлкөсү 28 жыл өзүнүн экономикасына жол издеп, кайсы жол менен барабыз деп жүрүп бүгүнкү күндө биз эмне болдук? Салыктардын саны көп экономика жок, лицензиянын саны көп бизнесмендердин саны аз, электр энергиясы көп, суу бар, бирок таза суу менен эл толук 100 пайыз камсыз болгон жок. Электр энергия элге жетип жатабы, канча тыйындан сатып жатат? 28 жыл бою келген бийлик канчалаган коррупционерлерди түрмөгө камап жатканы менен, экономика бутуна турган жок. Эмне себептен Жогорку Кеңешке жеке кызыкчылыгын ойлогон саясатчылар барып жатат? Менин чоң үмүтүм Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына таза, жаш, энергияга бай саясатчылар келет деп ишенем”. “Мекен Ынтымагы” Мухаммед Агибаев: “Биз популисттик курулай убада бергенден алыспыз. Биздин экономисттер жакшы билсе керек, эгемендүүлүк алгандан бери бир гана модель менен өнүгүп келе жатабыз. Азыркы учурда дүйнө жүзүндө глобалдаштыруу заманында 3-4 модель боюнча өнүгүп жатат. Ошол моделди биздин өлкөгө алып келип колдонуш керек. Тактап айтсак, биздин туризм тармагында, айыл чарба тармагында потенциал чоң. Кен байлыктарыбыз бар, бул боюнча мыйзамдарды карап чыгуу керек". 09:29 15-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:45

Экономика, өкмөттүк түзүлүш, суроо-жооптор жана башка: Шайлоого карата алгачкы дебат партиялардын жаштар канаты менен башталды (видео)

14-сентябрда КТРКда алдыдагы шайлоого аттанган партиялардын алгачкы дебаты болуп өттү. Ага 5 партиянын - "Реформа", "Кыргызстан", "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы", "Мекеним Кыргызстан" жана "Мекен Ынтымагы" партияларынын жаштар канатынын өкүлдөрү, депутаттыкка талапкерлер катышты. 1. Реформа саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Эркин Нурбаев; 2. "Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Алмаз Раимбеков; 3. "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" депутаттыкка талапкер Бегайым Ташматова; 4. "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Элнура Алканова; 5. "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Мухаммед Агибаев. 1- СУРОО: Силер экономиканы кандай жолдор менен өнүктүрөсүңөр? “Реформа” партиясынан депутаттыкка талапкер Эркин Нурбаев: "Экономиканын өсүшү Кыргыз өлкөсүндө коррупциянын жоюлушунан башталат. “Реформа" партиясы оппозициялык партия катары тааныштырылгандыктан биз экономиканы өстүрүүнү биринчи кезекте экономикага чоң колун салып алган ууруларга согуш жарыялайбыз десек болот". “Кыргызстан” партиясынан талапкер Алмаз Райымбеков: "Айыл чарба тармагын өстүрүү зарыл. Биздин мамлекетибиз кандай абалда турганын көрүп турабыз. Локоматив болуп айыл чарба болуп саналышы керек. 67 пайыз элибиз айыл жеринде турат экен. Биз Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Кытай менен көлөмү боюнча атаандаш боло албайбыз. Биз сапаты менен лидер боло алабыз. Кыргыз-Орус фондунун 70 пайызын айыл чарбасына коротушубуз керек”. “Афганистан согушунун жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкан ардагерлердин жана катышуучулардын саясий партиясынан” депутаттыкка талапкер Бегайым Ташматова: "Партиянын эң башкы максаты социалдык теңдик. Биздин партия элдик корпорация ачып корпорация аркылуу жеткиликтүү турак жай программасын ишке ашырууну көздөйт. Турак жайга муктаж адамдарды үй менен камсыз кылуу керек. Ошону менен катар эле айыл чарба тармагын өнүктүрүү каралган. Кайра иштетүүчү заводдорду куруу зарыл. Дыйкандар продукцияларын ортомчусу жок сатканга мүмкүнчүлүк түзүлүш керек”. “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Элнура Алканова: “ Кыргыз өлкөсү 28 жыл өзүнүн экономикасына жол издеп, кайсы жол менен барабыз деп жүрүп бүгүнкү күндө биз эмне болдук? Салыктардын саны көп экономика жок, лицензиянын саны көп бизнесмендердин саны аз, электр энергиясы көп, суу бар бирок таза суу менен эл толук 100 пайыз камсыз болгон жок. Электр энергия элге жетип жатабы, канча тыйындан сатып жатат? 28 жыл бою келген бийлик канчалаган коррупционерлерди түрмөгө камап жатканы менен экономика бутуна турган жок. Эмне себептен Жогорку Кеңешке жеке кызыкчылыгын ойлогон саясатчылар барып жатат? Менин чоң үмүтүм Жогорку Кеңештин 7-чакырылыгына таза, жаш, энергияга бай саясатчылар келет деп ишенем”. “Мекен Ынтымагы” Мухаммед Агибаев: “Биз популисттик курулай убада бергенден алыспыз. Биздин экономисттер жакшы билсе керек, эгемендүүлүк алгандан бери бир гана модель менен өнүгүп келе жатабыз. Азыркы учурда дүйнө жүзүндө глобалдаштыруу заманында 3-4 модель боюнча өнүгүп жатат. Ошол моделди биздин өлкөгө алып келип колдонуш керек. Тактап айтсак, биздин туризм тармагында, айыл чарба тармагында потенциал чоң. Кен байлыктарыбыз бар, бул боюнча мыйзамдарды карап чыгуу керек". 2-СУРОО: Келечектеги өкмөттүн структурасын сиздер кандай көрөсүздөр? Эркин Нурбаев: Мен азыр биздин оппоненттердин сөздөрүн уктум. Мындан улам кайрылып кетет элем, азыр эл күйүп-жанган, өзгөрүүгө даяр болгон жаштарды көргүсү келет. Андыктан, сиздерди кандайдыр бир тармактын профессионалы катары калп көрүнүүдөн алыс болууга чакырат элем. Ал эми өкмөттүн структурасы боюнча суроого жооп берсем, мен өмүрүмдө өкмөттүн структурасында бир да жолу иштебесем, анда бул менин артыкчылыгым деп билем. Анткени мен эскирген системдин жүгүргүчү болгон жокмун. Эгерде мен парламентке барып калсам, адегенде эле люстрацияны сунуштайм. Унаада бензин жок болгон учурда анын тетиктерин алмаштыруу жөнүндө сөз кылуу туура эмес, бензинсиз унаа жүрөбү, ушул жөнүндө ойлонолу. Алмаз Райымбеков: Эркин мырза люстрация боюнча туура эмес айтып кетти. Биз кайсы тармак керек, кайсынысы керек эмес экенин санарип платформасы аркылуу көрсөтүп берели деп жатабыз. Өкмөттүн структурасын жөн эле кескилеп салган болбойт, биз 14 министрликти сунуштайлы деп турабыз. Биз шашпай элге кайсы кызмат керек экенин аныктап, элдин оюн угуп, анын жыйынтыгында 14тү калтырууну пландаганбыз. Азыр айрымдар досуна кызмат жетпей калса да министрликтерди ачышууда, баарын ойлонуу менен жасайлы. Бегайым Ташматова: Жогоруда айтып өткөн оппоненттер менен макулмун, биз өкмөттүн структурасын кайталанма кызматтардан тазалашыбыз керек. Биз адегенде эле кабыл алуучу мыйзам - аткаминерлердин мүлкүн ачык көрсөтүү жана мыйзамсыз мүлктөрдү конфискациялоо жөнүндө болот. Биз атайын түзүлгөн комиссиянын жардамында өкмөттүн кайсы тармактарын кыскартуу, жаңылоо керектигин аныктайбыз. Элнура Алканова: Биздин шайлоо алдындагы программабыздын негизги приоритеттеринин бири - азыркы мамлекеттик аппараттар өтө көп кыскартууларга муктаж экендиги. Биз мамлекеттик аппараттарды дээрлик 2 эсеге азайтууну пландоодобуз. Бүгүн бизде кайсы кызматтар бар? Премьер-министр, вице-премьер-министрлер жана министрлер бар. Андан тышкары өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү, андан кийин акимдер жана айыл өкмөтү. Эгерде ар бир тармакты караган министрлер бар болсо, бизге вицелердин эмне кереги бар? Ал эми губернатор деген кызматты биз Советтер Союзунан "мураска" алып калганбыз. Алардын кызматы болгону көзөмөл кылуу - бизде көзөмөл органдары жетиштүү деп ойлойбуз. Биз бул кызматты да жоюуну сунуштайбыз. Мындан тышкары бирин-бири кайталаган кызматтар көп, биз аларды кыскартып, ага кеткен бюджетти айыл өкмөтүнө жумшоону пландайбыз. Мухаммед Агибаев: " Биз кадр саясатын толук карап чыгуу керек деп эсептейбиз. Мен жогоруда оппоненттерим айткан пикирлерге кошулам. Өкмөткө сапаттуу кадрларды алып келүү үчүн алгач парламентке мыкты кадрлардын келүүсү зарыл. Мындан тышкары өкмөттүн бардык тармактарына аудит жүргүзүү керек, анын негизинде ашыкча тармактарды жоюп, өкмөттүн конкреттүү курамын түзүү кажет. ДЕБАТТЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН БИРИ-БИРИНЕ БЕРГЕН СУРОО-ЖООПТОРУ: “Афган” партиясына суроо: “Баткендеги чек ара маселесин кандай чечесиздер?” Жооп: Биздин партияда аскер адамдары, ал жакта эмне болуп жатканын билебиз. Афгандын ардагерлери Тажикстанда, Өзбекстанда жашашат. Биз тынч жол менен бул маселени чечебиз. Биз алар менен кошунабыз. Суроону берген Эркин Нурбаев: “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партияларына суроом жок. Бул партияларга азыр кылып жаткан жана келчекте кыла турган иштерине тийиштүү органдар прокуратура суроосун узатат. Ушундай суроо узатыш үчүн мен Эркин Нурбаев жана "Реформа" партиясы канымды, жанымды аябай тикемен тик туруп берем. “Кыргызстан” партиясы Алмаз Райымкулов “Реформа” партиясына: Саламаттыкты сактоо тармагы ыйлай турган абалда деп айттыңыз. Ошону каржы булактарын көрсөтө аласыздарбы? Жооп: Каржы булагы бюджет да. Бюджет эмнеден толукталат? Салыктан. Бюджеттин 60 пайызы көмүскөдө жүрсө, сиздин партиялаштарыңыздар килейген фирмаларды түзүп жатат. Райымкулов: Так маалымат берген жоксуз. Биздеги ишкерлер салыкты көп төгүшөт. Суроо: Электромобилди айтып жатасыңар бардык районго киргизебиз деп жатат. Чаткал районун кантип киргизебиз? Жооп: Чаткалга да киргизебиз. Чаткал эмне Марс бекен? 5 жыл реформа кылуу узак, биз өзүбүзгө 500 күн 5 негизги реформа деп максат койдук. Биз ал реформаны кыла албасак мандатыбызды тапшырабыз. “Афган” партиясына “Кыргызстан” партиясынан суроо: Завод, фабрика курабыз деп айтыпсыңар, СССР убагындагы чоң фабриканы негиздөөчүсү иштетип кеткенге эмне тоскоолдук болду? Жооп: 90-жылдары Кытайдан толтура арзан товарлар келип баштады. Фабрикалар банкрот болгон. Сатып алып жаңы жумуш орундарды түзгөн. “Мекеним Кыргызстан” партиясына “Афган” партиясынан суроо: Кызматкерлерди кескин кыскартабыз деп жатасыңар, алар андан кийин эмне иш кыларын ойлондуңарбы? Же алар да мигрант болуп кетиш керекпи? Жооп: Кечиресиз, биз вице-премьер-министрлерге жумуш издешибиз керекпи? Биз вице-премьер-министр, губернаторлорго жумуш ордун издебейбиз. Биз жөнөкөй, карапайым элге жумуш издөө үчүн саясатка аттанып жатабыз. "Мекеним Кыргызстан" партиясынан "Кыргызстан" партиясына суроо: Коомчулук сиздердин талапкердин аялды урган деген маалыматка таң калып турат. Бул талапкер сиздердин катарда калабы? Жооп: Бул маселе партияда каралат. жаңыланды 09:06 15-09-2020 кошулду 01:55 15-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
15 сентября 2020 г. 16:31

Төрөбай Зулпукаров:

Төрөбай Зулпукаров: Биздин команда күчтүү. Келечекте президент, премьер-министр болчу кадрлар бар.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 18:34

Биз элдин эсебинен үгүт иштерин жүргүзбөйбүз!

Биз элдин эсебинен үгүт иштерин жүргүзбөйбүз! ⠀ “Ата Мекен” партиясынын депутаттары өздөрүнүн сентябрь айындагы маянасынан баш тартышты. Мындай кадамын 3-сентябрь күнү кабыл алынган Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн 2020-жылдын 2-октябрына чейин убактылуу токтотуу чечимине ылайык деп түшүндүрүштү. “Биз депутаттыкка аттанып, учурда ар бирибиз шайлоочулар менен жолугушуп, аймактарды кыдырып, “үгүт талаасында” жүрөбүз. Парламентте иштебеген соң, ушул аралыктагы маянаны алуубуз бери дегенде адилетсиздик. Ансыз да бюджеттин таңкыстыгы жогору болуп турат. Казынадан акча коротууну каалабайбыз”, - дешти “Ата Мекен” партиясынын талапкерлери. ⠀ Маянасынан баш тарткандар, Жанар Акаев, Эльвира Сурабалдиева, Рыскелди Момбеков, Абдывахап Нурбаев, Наталья Никитенко, Бахадыр Сулейманов жана Эмиль Токтошевдер болушту. ⠀ «Тилекке каршы, айлыгыбызды кайрымдуулукка же бир пайдалуу ишке жумшап коюуга болбойт. Анткени үгүт учурунда бул мыйзам бузуу катары саналат. Ошентсе да шайлоочуларыбыздын алдында жүзүбүз жарык болуусун каалайбыз. “Ата Мекен” партиясынын негизги принциптеринин бири адилеттүүлүк деп жар салганбыз. Биздин ар бир кадамыбыз бул талаптарга жооп бериши маанилүү. Депутаттар шайлоо деп чуркап жүргөнү үчүн элдин салыгынын эсебинен айлык алууга укугу жок”, - деп белгиледи Наталья Никитенко. ⠀ «Мындай кадамдан соң бизди популист атагандар чыгаары шексиз. Бирок, депутаттардын баары учурда тикелей милдетин аткарбастан, шайлоого чуркап жүргөнү чындык. Демек, маянадан баш тартуу чечимибиз туура кадам болду. Жаңы Жогорку Кеңешке депутат болом деген кесиптештерибизди дагы биздин демилгени колдоп, айлыктан баш тартууга чакырабыз”, - дейт атамекенчилерди шайлоого баштап бараткан Janar Akaev ⠀ *** ⠀ Мы не будем агитировать за счет народа! ⠀ Кандидаты от партии «Ата Мекен» №6 -действующие депутаты парламента отказались от своей депутатской зарплаты за сентябрь. Свое решение народные избранники обосновали тем, что 3 сентября было принято постановление о приостановлении работы Жогорку Кенеша до 2 октября. ⠀ «Мы баллотируемся в депутаты, и сейчас каждый из нас проводит встречи с избирателями, работает в «поле». Будет несправедливо и нечестно, если за этот период мы получим зарплату, как-будто работали в парламенте. У нас и так дефицитный бюджет, тратить из него средства – мы не хотим», - объяснили свое решение кандидаты от «Ата Мекена» №6. ⠀ От зарплаты отказались: Janar Akaev, Эльвира Сурабалдиева, Момбеков Рыскелди Чыныбекович, Абдывахап Нурбаев (Abdyvahap Nurbaev), Наталья Владимировна Никитенко, Бахадыр Сулейманов - "Ата Мекен", Эмиль Токтошев Токтакунович. ⠀ «К сожалению, мы не можем просто перечислить нашу зарплату на какие-то добрые дела, на благотворительность, потому что идут выборы и это может быть истолковано, как нарушение закона. Но, мы хотим быть честными с нашими избирателями. Если мы говорим о справедливости, как одном из главных принципов партии «Ата Мекен», то и поступки наши должны этому соответствовать. Депутаты не должны заниматься выборами и получать за это зарплату», - подчеркнула Наталья Никитенко. ⠀ «Не сомневаюсь, что кое-кто будет обвинять нас в популизме. Но, если посмотреть правде в глаза, то многие депутаты сейчас занимаются агитацией, а не своими депутатскими обязанностями. Поэтому – наше решение отказаться от зарплаты правильное. Мы призываем и других наших коллег, баллотирующихся в новый Жогорку Кенеш отказаться от зарплаты», - так прокомментировал решение «атамекеновцев» лидер партийного списка Жанар Акаев.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 20:33

«Биримдик» Джаныбек Бакчиев

Кандидаты в депутаты ЖК от партии «Биримдик» Джаныбек Бакчиев и Галина Кетова встретились с жителями Октябрьского района Бишкека. Рассказали им о принципах, на которых строится партия и о том, почему социальная защищённость граждан – один из главных её приоритетов.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 19:49

Алтынбек Сулаймановду криминал дегендерге жооп.

Алтынбек Сулаймановду криминал дегендерге жооп.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 16:32

Талас облусунун тургуну:

Талас облусунун тургуну: Төрөбай Зулпукаров миллиондогон долларлардан баш тартып, мыйзам жазып казинолорду жапкан"

Подробнее
15 сентября 2020 г. 13:45

СПАСИБО, Ош!

СПАСИБО, Ош! Сегодня кандидаты «Ата Мекена» прибыли в Ош, чтобы встретиться с каждым из вас лично. Janar Akaev, Эльвира Сурабалдиева, Абдывахап Нурбаев (Abdyvahap Nurbaev), Тилек Токтогазиев, Наталья Владимировна Никитенко, Ulanbek Dzhuraev, Азизбек Нурматов, Керимберди Макеев, многие другие сопартийцы ближайшие десять дней встретятся с каждым, чтобы рассказать о программе «Жаны Дем», которая станет основной платформой в Жогорку Кенеше. Опыт, знания, амбиции и желание изменить страну движут каждым атамекеновцев во всем Кыргызстане, и мы верим, что мы получим достойную поддержку на выборах 4 октября 2020 года. Алга «Ата Мекен». №6 в бюллетене!

Подробнее
17 сентября 2020 г. 11:56

Өзгөн шаарындагы

Жогорку Кеңешке «Кыргызстан» партиясынан талапкер Жыргалбек Саматов Ош облусунун Өзгөн шаарындагы шайлоочулары менен жолугушту

Подробнее
15 сентября 2020 г. 11:47

Ош калаасы, ЫРАХМАТ!

Ош калаасы, ЫРАХМАТ! Бүгүн "Ата Мекен" партиясынын талапкерлери Ош шаарына келишти. Janar Akaev, Эльвира Сурабалдиева (Elvira Surabaldieva), Абдывахап Нурбаев (Abdyvahap Nurbaev), Тилек Токтогазиев, Наталья Владимировна Никитенко, Керимберди Макеев, Азизбек Нурматов, Ulanbek Dzhuraev, он күндүн ичинде түштүк жергесиндеги жактоочулары жана партиялаштары менен жолугушуп, "Жаңы Дем" программасынын презентациясын өткөрүшөт. 2020-жылдын 4-октябрындагы шайлоодо татыктуу колдоого ээ болобуз деп ишенебиз. Алга "Ата Мекен"! Бюллетенде #6!

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники