О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
16 сентября 2020 г. 1:41

Бактыгүл Молдогазиева: Биздин партия мекенин, элин сүйгөн, мамлекетти өнүктүрүүнү каалаган, кризистен чыгара турган партия

Бактыгүл Молдогазиева жогорку билимдүү. Кыргыз-Россия Славян Университетинде юридикалык билим алган. Сан-Диего Мамлекеттик Университетинин магистратурасынан бизнес мектебин бүтүргөн. Кесиби менен Юстиция министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында иштеген. Аны менен катар жеке ишкерлик менен да алектенген. - Бактыгүл айым, өзүӊүз каалаган кесиптин ээси боло алдыӊызбы? - Ооба. Ал эми ата-энемдин каалоосу башка болчу, алар эсеп-кысапчы болуумду каалашкан. "Бухгалтердик билим ал" деп айткан ата-энемдин айтканына көнбөй, юрист кесибине ээ болдум. Мен табиятымдан эле ыйлаган кишинин көз жашын аарчыганды, алсыздарга жардам бергенди, укугу тепселип, айласын таппай тургандарга кол кабыш кылганды жакшы көрөм. Ошон үчүн ушундай кесипке ээ болдум. Эмне үчүн талантуу жаштар чет өлкөгө кетип жатышат деген суроо мени кабатырлантчу. Мекениме кайткан соң, ишимди эл аралык уюмдардын аялдардын укугун коргоо долбоорунан баштадым. Айтор, алган билимимдин болушунча пайдаланууга, тажрыйба топтоого аракет кылдым. - “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандоого эмне түрткү болду? - Бул партиянын жаңы көз карашта жазылган, жаңы идеяларга бай, башка партиялардын программасынан дээрлик өзгөчөлөнгөн программасы менин тандоомо себеп болду. Программаны окуур замат, партияга болгон кызыгуум артып, шайлоого барайын деген чечим кабыл алдым. - Сиздердин партия мамлекетибизди кризистен чыгара алабы? - Биздин партиянын программасында гана мамлекетибизди кризистен чыгарып, өнүктүрө турган жолдор ачык жазылган. Тагырагы, программада маселени жолго салыш керек делсе, кайра ошол жерде ал маселени чечүүнүн реалдуу сунуштары берилген. Мына ушундай артыкчылыктарынан улам, “Мекеним Кыргызстан” мекенин, элин сүйгөн, мамлекетти өнүктүрүүнү каалаган патриоттордун партиясы экен деген чечимге келип, өзүмдү сынап көрөйүн, элдин элегинен өтсөм депутат болоюн деген максатта шайлоого аттандым. Депутат мамлекеттик бийликтин мыйзым чыгаруу бутагындагы элдин өкүлү. Депутаттын мыйзам ченемдүү укуктары, милдеттери Конституцияда так жазылган. Эгер депутат болуп калсам билимимди, тажрыйбамды, баардык күч-аракетимди мекенибиздин, элибиздин өнүгүшүнө багыттайм. Ошондой эле балдарга татыктуу билим берүү, патриоттук духтарын көтөрүп тарбиялоо маселесин колго алам. Балдардын, аялдардын укугун коргойм. Анткени, балдарды тарбиялоодо эненин орду өтө жогору. Зордук-зомбулукка кабылган балдардын, аялдардын укугун коргоо мамлекетибиздин келечегине кам көрүү деп эсептейм. Мындан ары пандемиядагыдай кечирилгис кемчиликтер кетпесин тилейм. Элибизди жараткан бөөдө кырсыктан, апааттан сактасын. Элибизде тынчтык болсун, жалпы шайлоочуларга бекем ден-соолук, бакубат жашоо каалайм. Шайлоо күнү ар бир шайлоочу өзүнүн жүрөгүн тыңшап, жаңылбай добуш берсин. Биздин партия “Мекеним Кыргызстан”. Бизге добуш бериңиз! Биз мекенди коргоп, элдин бакубат жашоосун камсыз кылууга, мамлекетибизди социалдык-экономикалык жактан өстүрүүгө, элибизге жаркын жашоо тартуулоого аракет кылабыз. Анткени, биз мекендин кадырын билебиз. Карапайым элдин турмушун жакшыртабыз. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:42

Мелисбек Жунусов: Биздин партия парламентке келсе, Кыргызстан өнүгөт. Элибизге утуш болот

Мелисбек Жунусов пандемия учурунда Ат-Башынын Казыбек айылын жетишсиз дары-дармектер менен камсыздаган. Коргонуучу кийимдерди алып берген. Ат-Башы айылынын жеңиш аянтын калыбына келтирген. "Ача-Кайыңды", "Терек-Сай" жана "Бирлик", "Ак-Муз" айылындарындагы каттоочу жолду тегиздетип берген. Бул эми эл билген иштери, билгизбей кайрымдуулук кылып жаткан иштерим толтура. Бирок, кылганын милдет кылбайт. "Мен ар дайым элимдин кызматында болууга аракет кылам. Кандай кырдаал болбосун, элиме жардам бергенге ашыгам", - деген Мелисбек мырза депутат болуп калса кайсыл тармакты өнүктүрүүгө салым кошоорун да айтты. -Кудай буюруп, депутат болуп калсам айыл чарбасын жана экологиялык туризмди өнүктүрүүнү колго алам. Буюрса, бул тармактар мамлекетти алдыга сүрөгөн логистикалык өнүгүүнүн негизи болот деп ишенем. Ошондой эле партиянын программасындагы ар бир бөлүм ишке ашат. Биз парламентке келсек, Кыргызстан өнүгөт. Элибизге утуш болот. Мамлекетибиз жаркын жашоого багыт алат. -Жаш партиянын курамы купулуңузга толобу? -Албетте, толот. Биздин партияда тажрыйбалуу, акылы жетик, иштин көзүн тапкан күчтүү адистер көп. Ооба, сиз айткандай, биздин партия жаш. Жаш болгону менен эл ишенимине ээ болгон. Жергиликтүү кеңештин шайлоолоруна биринчи жолу катышса да, ийгиликке жеткен жаш – конструктивдүү команданын партиясы. Жигердүү иштеген жаш талапкерлер менен толукталган курамы мени кубандырат. Буюрса, биз элибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн, бир муштумдай түйүлүп, чоң иштерди жасайбыз. Мамлекетибизди өнүктүрөбүз. Биздин команданын ар бир мүчөсү ийгиликке жетебиз деген ишеним жана күчтүү дем менен иштеп жатат. -4 - ийгиликтин башаты десек болобу? -Албетте. 4 ийгиликтин, жакшылыктын белгиси. Кыргыздар төрт санын жакшы жөрөлгө катары кабыл алган. Мисалы, түндүк, түштүк, батыш, чыгыш деп төрткө бөлүнөт. Кыргызда: "Төрт тарабың кыбыла" деп айтылат. Жыл да 4 мезгилден турат. Бийлик да төрт бутактан турат. Үй-бүлө мүчөлөрү да: ата-эне, уул-кыз болот. Бул жагын эске алганда, 4 санын ийгиликтин башаты, жакшы жөрөлгө катары кабыл алсак болот. Кудайдан болуп, партиябызга ийгилик жылмайсын. Тагдыр чечкен 4-октябрь күнү, 4 номер менен триумфалдуу көрсөткүч менен чыгууга толук мүмкүнчүлүк бар деп ойлойм жана шайлоочулар биздин партияга добуш берет деп тереӊ ишенем. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:42

Эрлист Акунбеков: Элеттеги элдин турмушун жакшыртабыз

Эрлист Акунбеков, 36 жашта. Ош мамлекеттик университетинен жана Москвадагы Михаил Ломоносов атындагы ММУнун экономика факультетинен билим алган. Азыр “Бай дыйкан” долбоорунун жетекчиси. Сугат жана талааларды кайрадан иштетип чыгуу боюнча жаңы системаларды киргизип, ал натыйжалуулугун көргөзүүдө. Жети агролабораториянын жана фермерлерди колдоо боюнча фонддун негиздөөчүсү. – Аты жаман илдет дүйнөнү каптагандан бери көпчүлүк өлкөлөр экономикалык оор соккуга учурады. Медицинасы күчтүү, экономикасы бай мамлекеттер да бул илдетке туруштук бере албай, бир топ алсыраганын көрдүк. Албетте, ошол экономикалык каатчылыкка дуушар болгон мамлекеттердин катарында Кыргызстан да болду. Өлкөгө карантин режими киргизилген учурда элге жардам берүү максатында командам менен кызмат кылдым. Жер-жерлерге беткап, антисептикалык каражаттарды таратып турдук. Эң негизгиси Кыргызстанды кыдырып, аба аркылуу дезинфекция иштерин акысыз жүргүзүп бердик. Вирус чыккан үйлөргө чейин кирип, короолорду дезинфекция кылдык. Оорулуулар жаткан имараттарды, ооруканалардын бирин калтырбай дрон жана мотодельтапландын жардамы менен дезинфекция иштерин жүргүздүк. Илдет менен алпурушуп жүрсөк, парламенттик шайлоонун күнү да аныкталып калыптыр. Жакындарым, командам, досторум шайлоого катыш деген сунуш берди. Бизнестеги жетишкендиктерим, аз убакыттын ичинде көптөгөн ийгиликтерди багындырганым, ишкерликтеги тажрыйбамды, чет өлкөлөрдө алган билимимди эл үчүн пайдаланууга убакыт келди окшойт деген ишенимде «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттандым. Мен өзүмдүн напсимди тарбиялоону биринчи орунга коём. Жогорку Кеңешке барууда өзүмдүн кыпындай дагы жеке кызыкчылыгым жок. Элден жашыра турган бизнесим деле жок. Парламентке баруудагы негизги максатым – элге пайдалуу мыйзамдарды жазуу, тар чөйрөнүн кызыкчылыгына пайда келген иштер менен эмес, элеттеги карапайым элдин турмушун жакшыртуу. Айрыкча дыйкандарды ар тараптан колдоого алган программаларды иштеп чыгып, ишке ашыруу. Өзүмдүн киреше булагым дыйканчылыкка байлангандыктан, мен бул багытта командам менен мыкты иш алып бара алам деп ойлойм. Эгерде мага эл ишеним артып, мандатка ээ болсом, жаза турган мыйзамдар, трибунада көтөрө турган орчундуу маселелердин баары эл үчүн болот. Буюрса, дыйканчылыкка пайда алып келе турган чечкиндүү мыйзамдарды иштеп чыгып, дыйкандардын укугун коргоп, ишине дем-күч берем. Дыйкандар өндүргөн продукцияларын кымбат баада сатууга жол ачууга бардык аракеттерди жасайбыз. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:43

Партия «Кыргызстан» за «зеленую экономику»!

Партия «Кыргызстан» выступает за развитие «зеленой экономики» в стране, а также использование современных, высокотехнологичных и экологичных ресурсов. «Зеленая экономика» - экономика, которая приводит к повышению благосостояния людей и укреплению социальной справедливости при существенном снижении рисков для окружающей среды, сохраняющая и преумножающая природный капитал, эффективно использующая ресурсы и стимулирующая сохранение естественных экосистем страны. Как отмечает партия, приоритетными направлениями развития «зеленой экономики» в Кыргызстане являются энергетика, сельское хозяйство, промышленность, экотуризм. Интенсивное, бессистемное, нерациональное использование природных ресурсов вносит значительный вклад в экономический рост в краткосрочном периоде, но в долгосрочной перспективе это приведет к значительным негативным последствиям: широкомасштабной бедности и ухудшению здоровья населения из-за загрязненного воздуха и некачественной питьевой воды, недостатка продовольствия и энергии. Уже сейчас в Кыргызстане наблюдаются тревожные тенденции. Растет площадь сельскохозяйственных угодий, признанных деградированными или подверженными процессам разрушения. Деградация земель в Кыргызстане по большей части является результатом неустойчивого, беспорядочного использования сельскохозяйственных угодий, чрезмерного выпаса скота, а также неэффективных систем ирригации и управления водным хозяйством. В совокупности эти факторы поставили страну перед риском нарастания проблем в обеспечении населения экологически чистыми продуктами питания. Кроме того, повышенное загрязнение атмосферного воздуха негативно влияет на здоровье человека и устойчивость экосистем, а также увеличивает коррозию элементов технической инфраструктуры. Особенно остро проблема загрязнения атмосферного воздуха стоит в городах страны. По экспертным оценкам, более 87% основных загрязняющих веществ поступает в атмосферный воздух от транспортных средств, число которых ежегодно растет. Это ведет к увеличению расходов населения на здравоохранение, потерю экосистем и дополнительным экономическим издержкам на содержание объектов инфраструктуры. Все указанные факторы говорят о необходимости и актуальности перехода Кыргызстана к «зеленой экономике», заявляет партия. Развитие «зеленой экономики» в стране нуждается в изменении государственной политики в сторону стимулирования энергоэффективности и энергосбережения, производства энергии из возобновляемых источников, повышения эффективности управления водными и земельными ресурсами в городских и сельских районах, экосистемном подходе по адаптации к изменению климата, мониторинге и учете экосистемных услуг. В конечном итоге все преобразования должны быть нацелены на положительное воздействие на качество жизни человека и окружающую среду. Для развития «зеленой экономики» партия «Кыргызстан» предлагает: - повысить прозрачность деятельности сектора топливно-энергетического комплекса и обеспечить безубыточность энергокомпаний; - внедрять современные энергосберегающие технологические мероприятия, улучшать систему управления энергосектором, а также ускорить внедрение дополнительных генерирующих мощностей (ГЭС и возобновляемые источники энергии); - внедрять соответствующие современные технологические решения по обновлению зданий, где даже самые простые проекты дают до 40% экономии энергии; - стимулировать переход частных предпринимателей на низкоуглеродное топливо или на электричество; - создать электрозарядную инфраструктуру в КР; - увеличить долю общественного транспорта на сжатом газе и электричестве; - внедрить прозрачное, рациональное управление земельными и водными ресурсами; - развивать рынок органического сельского хозяйства; - внедрять современные технологии для повышения производительности хозяйств, урожайности сельскохозяйственных культур; - изучать опыт передовых аграрных зарубежных стран; - обучать фермеров методам ведения «зеленого» сельского хозяйства; - создать современные, независимые лаборатории, доступные для фермеров, а также условия для производ ства и экспорта органической продукции; - пересмотреть налоговые тарифы на ввоз органических удобрений и предоставить налоговые льготы для производителей биопрепаратов и органических удобрений для стимулирования их производства; - создать условия для привлечения инвестиций на строительство завода по выпуску органических удобрений и создания торгово-логистических центров; - создать кооперацию и предоставить стимулы во избежание мелкотоварности сельского хозяйства через поощрение использования современных технологий; - реформировать тарифную политику поставки ирригационной воды и изменить налоговую политику по отношению к сельскохозяйственным работникам; - проанализировать налоговое законодательство для стимулирования льгот или субсидий для перехода к «зеленой» экономике; - обеспечить фермеров льготными кредитами и лизинговой техникой. Зеленая экономика – это основа экономической независимости! Заказчик: политическая партия "Кыргызстан". Оплачено из избирательного фонда партии "Кыргызстан" уполномоченным по финансовым вопросам Шамшидин уулу Разаком (свид. №94 от 06.08.2020 г.)

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:43

"Мекеним Кыргызстан" - социально ориентированная партия

Политические партии, участвующие в нынешней парламентской гонке, представили на суд общественности свои программы. Сегодня остановимся на программе молодой политической организации, как «Мекеним Кыргызстан». Как бы общественность не относилась к кандидатам от данной политической ячейки, надо признать, программа у партии стоящая, по крайней мере, заслуживает тщательного изучения. Тем более, это подчеркивают даже видные политологи. К примеру, на днях высокую оценку программе дал доктор исторических наук Зайнидин Курманов. «Вопреки ожиданиям, удивила программа партии «Мекеним Кыргызстан», которую бьют в соцсетях даже ленивые и дураки. Не поленитесь, прочитайте! Это очень добротная цельная программа - действие, основанная на социально-либеральной идеологии. План, рассчитанный не только на пятилетку, но и дальнейший период. Партия презентовала не просто обещания, а в комплексе новую политику. А не обрывки каких-то бессвязных идей, спертых у других. Партия «МК» не оказалась очередным «центристским болотом», которых через край в СНГ, а партией с современной прогрессивной идеологией, в центре которой стоит забота о человеке, его правах и свободах, материальном благосостоянии. «МК» - это идеологическая партия, в программе которой излагается система взглядов, мировоззрение партии по строительству в Кыргызстане цивилизованного «социального капитализма» вместо нынешнего «дикого капитализма». Такая идеология сейчас очень актуальна в Кыргызстане, которая превращается в несвободную страну с олигархической формой правления. Отсюда все эти многочисленные законодательные инициативы по ограничению свободы. Граждане при такой системе вынуждены выживать сами, не надеясь на помощь государства, что хорошо было видно при борьбе с коронавирусом», - заявляет Курманов. Отметим, что партия «Мекеним Кыргызстан» разработала концепт программы кардинального обновления здравоохранения, в основе которого лежат рыночные механизмы, которые необходимо быстро внедрять в систему здравоохранения, если мы хотим получить современные больницы по всей стране и реальную для всех доступность к медицинским услугам в кратчайший срок. В партии намерены больше внимания обратить на социальную сферу. Тем более, что в числе кандидатов от политической партии есть много людей колоссальным трудовым опытом в государственных структурах. В партии «Мекеним Кыргызстан» есть люди, которые смогут решить имеющиеся задачи. Прежде всего, необходимо решать социальные проблемы. В этом плане политическая партия кардинально отличается от других политячеек не только своей программой — конкретной и реальной, но и полным отсутствием популизма и конструктивной позиции. Отметим, что «Мекеним Кыргызстан» подготовила программу партии, используя шрифт Брайля , благодаря которому люди с ограниченными возможностями могут прочитать и написать любой текст. Всего в Кыргызстане насчитывается свыше 5 тысяч человек с отсутствием возможности видеть.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:44

Токтогулдагы жолугушуу: «Биримдик» аткарылбаган убадаларды бербейт!

Бүгүн, 15-сентябрда “Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо партиясынын үгүт кербени Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушуу ѳткѳрдү. Партия лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров партиянын программасы менен тааныштырып өттү. “Эмне үчүн “Биримдик”? Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов Евразиялык интеграциянын артында биздин келечек турат деп айткан. Социалдык демократия - бул СССРге кайра кайтуу эмес, бул биздин басып өткөн жолубуз”, - деди ал. Ал жергиликтүү бийлик органдарына кайрылып, кайсы бир партия үчүн административдик ресурсту колдонбой, бардык партияларга бирдей шарттарды түзүп берүүгө, шайлоо ѳнѳктүктѳрүнүн жүрүшүнѳ кийлигишпѳѳгѳ чакырды. Партиянын талапкери Улукбек Кочкоров учурда Кыргызстанда 47 жетимдер үйү, 17 карылар үйү бар экендигин айтып өттү. “Качан кыргыз тирүүлөй балдары туруп ата-энесин мамлекеттин кароосуна өткөрчү эле? 30 жылдык эгемендик тарыхыбызда биздин маданиятыбызга, салт-санаабызга жат нерселерди таңуулаганга аракет жасашты. Ошондуктан биз программаны иштеп чыгууда салтыбызга динибизге, үрп датыбызга кайтып, анын негизинде демократиялык социализм багытын тандадык”, - деди ал. “Биздин программа Конституцияда жазылган укугуңуздарды ишке ашырууга багытталган программа. Кыргызстан социалдык мамлекет деп башкы мыйзамда жазылгандай, биз өлкөнүн экономикасын жанданта турган программаны даярдадык, экономиканы кѳтѳрүү үчүн Кыргызстандын товар өндүрүүчүлөрүн колдоого алган механизмди сунуштап атабыз». Жогорку Кеңештин вице-спикери, депуттыкка талапкер Аида Касымалиева “Биримдик” партиясы дыйкандардын, мугалимдердин, дарыгерлердин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн үнү», - деди. “Азыр үгүт иштери жүрүп жаткан учур, партиялар ар кайсы убадаларды берип жатышат. Мисалы, сүйүнчү пулдун өлчөмүн жогоролутабыз деп атышат. Мурдагы шайлоодо да ушунтип убада кылышкан, бирок учурдагы 4000 сомду биз киргизгенбиз. Ошондуктан биз куру убада берүүдөн алыспыз”, - деди ал. Ошондой эле Аида Касымалиева ѳз сѳзүндѳ Токтогулдан кыргыз маданиятына зор салымын кошкон инсандардын чыкканына токтолду. “Биримдик партиясынын программасында маданият тармагына чоң көңүл бурулган, анын алкагында райондо музейлер, маданият үйлөрү жанданат, туризм тармагы өнүктүрүлөт”, - деди ал. Токтогул районунан депутаттыка талапкер Нурбек Тотонов да сөз сүйлөп, райондун көйгөйлөрүн чечүү үчүн болгон күч аракетин жумшоого токтогулдуктарга убада берди. Жолугушуунун аягында райондун аксакалдары баталарын беришип, талапкерлерге ийгилик, жеңиш каалашты. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:44

Адилет Канымбеков: Кыргызстандын булуң-бурчуна клиникаларды ачып, сапаттуу тейлөөнү жолго коём

Талапкерди учкай тааныштыра кетсек, Адилет Канымбеков Сокулук районунун Күн-Туу аймагына караштуу Чоң-Жар айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Кесиби - тиш догдур. 9 жылдык тажрыйбасы бар. Менчик клиникасы бар, ошону иштетет. Медицинадагы көйгөйлөрдүн баарын билет. Саясатты да жакшы билет. Себеби, буга чейин Күн-Туу айылдык кеңешинин депутаты болгон. " Элдин элегинен өтүү, шайлоо маселеси мага тааныш",-дейт талапкер. Жогорку Кеӊештин депутаттыгына биринчи жолу талапкер болуп катталып, аттанып аткан Адилет мырзага чү дегенде эле саламаттык сактоо маселесинен суроо салдык. - Адилет мырза, эгер депутат болуп калсаңыз, саламаттык сактоо маселенин үстүндө иштейсиз да? - Албетте. Медицинаны аксаткан, талапка жооп бербеген мыйзамдарды кайра иштеп чыгам. Кудай буюруп, депутат болуп калсам көкүрөгүмдөгү бышып жетилген маселелерди ишке ашыруунун аракетин көрөм. Калкты милдеттүү медициналык кароодон өткөрүү боюнча маселелерди алып чыгам. Ошондой эле жер-жерлердеги медиктердин жетишсиздигин жоюп, Кыргызстандын булуң-бурчуна клиникаларды ачып, сапаттуу тейлөөнү жолго коём. Анткени, пандемия медициналык абалыбызды алаканга салгандай көрсөтүп койду. Илдет күч алганда жанынын айласын таппай, ооруканадан орун таппай карайлагандар көп болду. Ошондой эле медиктердин жетишсиздиги баарыбызга байкалды. Буюрса, мына ушундай кемчиликтерди жоё турган долбоорлорду сунуштап, элибиздин саламаттыгына кам көргөн иштер менен алек болом. -- Толгон партиянын ичинен эмнеге “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандадыңыз? --“Мекеним Кыргызстан” партиясынын мага программасы жакты. Программасында мени түйшөлткөн көп жагдайлар жазылып, абалдан чыгуунун жолдору да сунушталыптыр. Мындан тышкары, “Элибиз – эң башкы байлыгыбыз” деген урааны да мени кайдыгер калтырган жок. Ойлонуп-толгонуп отуруп “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен шайлоого барайын, алдыга койгон максаттарымды ишке ашырайын деген чечимге келдим. Себеби, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасында мамлекетти саздан чыгаруу, билимди өркүндөтүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы катачылыктарды жоюу, маданиятты көтөрүү, үйсүз үй-бүлөлөрдү үйлүү кылуу, ишкерликти, элетти өнүктүрүү, бизнес каттоону жөнөкөйлөтүү, интернетти ар бир адамга жеткиликтүү кылуу, деги койчу мамлекеттин абалын жакшыртуу боюнча толгон-токой негиздүү сунуштар жазылыптыр. Мына ушундай чоң максаттарды ишке ашыруу үчүн, мамлекетимдин өнүгүшүнө салым кошуу, элге пайдамды тийгизүү үчүн шайлоого аттандым десем болот. -- “Мекеним Кыргызстан” партиясына айтылган сын-пикирди кандай алып жатасыз ? -- Америкалык жазуучу Ралф Уолдо “биз укум-тукумубуздагылардын кыялына караганда, замандаштарыбыздын кыялын көбүрөөк тартып калабыз”, деген экен. Сындардын туурасын туура, катасын түздөгөнгө аракет кылып жатабыз. Эң башкысы биздин партия такталбаган маалыматтардын чабуулуна калган партиялардын бири. Бир нерсени мактанып айтып кетейин “Мекеним Кыргызстан” партиясы жерин сатпаган, артына кылчактабаган жаш партия, буюрса мен ишенем элдин купулуна толобуз. -- Адилет мырза, кыргыздын каада-салттарына ишенесизби? -- Кыргыздар байыртадан дүйнө таанымын өзүнүн салты аркылуу элге жайылтып, кылымдардан-кылымдарга жашап келе жаткан калк. Ошондуктан салтыбызды бекем кармап, карыларды урматтап, улуулардын жолун улап келишибиз керек. Эң башкысы кыргыз эли биримдикте болсо көп ийгиликке жетебиз! “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:45

Аскар Шабданов: Биздин партия ар бир жарандын социалдык абалын жакшыртууга, экономиканын өнүгүшүнө салым кошот

Аскар Шабданов жогорку билимдүү. КМУнун экономика факультетин аяктаган. Кесиби боюнча 13 жылдан бери финансы системасында эмгектенип келе жатат. Улуттук банктан коммерциялык банктарга чейин иштеди. Жөнөкөй кызматтан жетекчиликке чейин жетип, тажрыйба топтоду. Талас облусунун губернаторунун жардамчысы болду. Шаардык кеңештин эки чакырылышынын депутаты болду. Бул жактан маселенин күрөө тамырынан кармаганды, аны чечүүнүн жолдорун үйрөнгөнүн айткан Аскар мырза, "Эл менен иштөөнү үйрөндүм, өзүмдү ар тармактан өстүрүүгө аракет кылдым", - дейт. - Иштин көзүн табууга аракет кылган, ар тараптан өзүңүздү өнүктүргөн адам экенсиз. Эмне үчүн башка партияны эмес, “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандадыңыз? - Анын себеби бар. “Мекеним Кыргызстан” партиясы башка партиялардан өзгөчөлөнүп, карапайым элдин арасынан чыккан жигердүү жаштарга басым коюп, жаңы жүздөрдүн саясатка аралашышына мүмкүнчүлүк берип, элетти көтөрүүнү колго алды. Элет өнүксө - эл өнүгөт. Эң негизгиси “Мекеним Кыргызстан” партиясы эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу Талас шаарынан 2 талапкер чыгарды. Мындай нерсе Талас шаарынын тарыхында болгон эмес. Программасы артыкчылыкка бай болгон үчүн, лидерлери жаштарга басым жасаганы үчүн парламенттик шайлоого ушул партия менен аттанууга белсендим. Элибиз саясаттан чарчап турган заманда, биздин партия ар бир жарандын социалдык абалын жакшыртуу жана экономика тармагына өнүгүшүнө салым кошот. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасында саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагы гана эмес, экономика чөйрөсүндөгү да көп новаторлук идеялар бар. Программанын чоң бир бөлүгү айыл чарбасына арналган, бул өтө маанилүү, анткени калкыбыздын басымдуу бөлүгү дал ушул чөйрөдө иштейт. Мен бул күчтүү командада экениме, партиянын мүчөсү болгонум менен сыймыктанам. - Депутат болуп калсаӊыз, партиянын программасын ишке ашырууга киришесизби же башка да көздөгөн максатыӊыз барбы? - Кудай буюруп, депутат болуп калсам, партиябыздын программасын партиялаштарым менен бирдикте ишке ашырууга аракет кылам. Мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартып, эффективдүү иштетүүгө аракет кылып, бири-бирин кайталаган көп ведомстолорду жоёбуз. Тагырагы, чиновниктердин санын азайтып, аларга корогон каражатты билим берүүнү, медицинаны өнүктүрүүгө жумшайбыз. Маданиятты көтөрөбүз. Үнөмдөлгөн каражатты максаттуу пайдаланабыз. Пандемия медицинаны абалын алаканга салып көрсөтүп койгондой абал башка тармактарда болбошу керек деген максатта иш алып барабыз. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:45

Шайлоо-2020: Депутаттыкка аттанып жаткан төрт талапкер тизмеден чыкты. Алар кайсы партиянын өкүлдөрү? (тизме)

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого аттанып жаткан партиялардын тизмесинде катталган кээ бир талапкерлерди андан чыгарды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, талапкерлер партиялар берген арызынын негизинде тизмеден алынган. "Мекенчил" партиясы - Мамытов Бабуржан Маматкаримович; "Ата Мекен" партиясы - Аман Төлөгөн уулу; Социал-Демократтар - Жунушалиев Рустам Рахманович, Абдиев Тилек Таштанбекович. Маалыматта бул чечим “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамдын 6-7-18-беренелеринин негизинде, партиялардын жазуу түрүндөгү катынын негизинде жана Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен кабыл алынганы айтылат. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. 18:04 15-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:45

"Бир Бол" ЖМКлар тарабынан жаштардын жана билимдүүлөрдүн партиясы деп таанылды

Жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча, “Бир Бол” партиясы бир катар көрсөткүчтөр менен 1-орунга чыкты. Kaktus.media редакциясынын изилдөөсү боюнча, “Бир Бол” - жаштардын партиясы деп табылды. Партиянын курамы 95% жаңыртылып, талапкерлердин орточо жаш курагы - 37 жашты түздү. Жыйынтыгында “Бир Бол” аталган маалымат каражатында берилген тизменин 1-сабына чыккан. Ошондой эле Sputnik.kg сайтынын санагына караганда “Бир Бол” партиясынын тизмесинин 95% жогорку билимдүүлөр түзүп, башка партиялардын ичинен сап башында турат. Кошумчалай кетсек, “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкерлигин 108 киши койгон. Анын ичинен 63% эркектер, калган 37% аялдар. Курагы 35 жаштан ашпаган талапкерлер 44% түзөт. Ошондой эле башка улуттун өкүлдөрүнүн саны – 28. Мүмкүнчүлүгү чектелгендерден 4 жаран талапкерлигин койгон. Учурда Кыргызстандагы айрым ЖМКлар саясий партиялардын курамын иликтеп, аны окурмандарга сунуштап жатат. Бул өз кезегинде туура тандоого багыт берүүгө жардам берет. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 15-сентябрь, 2020-жыл. Бишкек шаары, Раззаков көч., 7/2. 21:05 15-09-2020

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:45

Шайлоо бюллетендерин "Учкун" ачык акционердик коому даярдайт

Шайлоо бюллетендерин "Учкун" ачык акционердик коому даярдайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 14-сентябрда БШК өз жыйналышында 4-октябрга дайындалган шайлоодо бюллетендерди даярдоону аныктоо жөнүндө токтом кылды. Аталган басмакананын директору "Кыргызстан" партиясынан талапкер Дайыр Кенекеев . Бул боюнча социалдык тармактарда нааразычылыктарын жазгандар болууда. 19:29 15-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:45

Шайлоо-2020: КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулар өлкөдөгү шайлоого мониторинг жасоого киришти

Борбордук шайлоо комиссиясында КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулардын миссиясы менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти. "Жолугушууга Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова катышты. Тараптар 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого байланышкан маселелерди талкуулашты. КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулар алардын миссиясынын негизги максаты – боло турган шайлоонун улуттук мыйзамдарга шайкеш келишин жана эркин, демократиялуу шайлоо өтүшүнө байкоо жүргүзүү экендигин билдиришти. Миссиянын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, шериктештиктин алкагында кабыл алынган документтерге ылайык жана шайлоо өткөрүүнү уюштуруу боюнча жалпы таанылган эл аралык принциптер менен эл аралык укуктун негизинде жүргүзүлөт" , - деп айтылат маалыматта. Маалым болгондой, 2020-жылдын 14-сентябрынан тарта миссиянын штабы шайлоого мониторинг жасоого киришти. 18:06 15-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
15 сентября 2020 г. 18:49

Алтынбек Сулайманов

Алтынбек Сулаймановду криминал дегендерге жооп.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 15:58

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер

Расмий түрдө Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:45

"Республика" №14: Программисттин диплому 11-класста! Аттестат менен кошо кесиптик дипломго ээ бол!

“Республика” партиясы билим берүү тармагында чечкиндүү реформаларды жүргүзүп, кагаз бетинде эмес, чыныгы санариптештирүүнү ишке ашырат. Ар бир окуучу мектепте жана кесиптик лицейде билим алуу менен бирге заманбап кесипти өздөштүрөт! 100 миң мектеп бүтүрүүчүсү 11-класстын аттестаты менен бирге программисттин дипломун алып чыгат. Кыргызстан келечекте өзүнүн Кремний өрөөнүн же Сколково сыяктуу долбоорлорун иштетүүгө түрткү берген каржы жана технологиялык платформаларды тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. "Тездик менен өнүгүп жаткан санарип коому IT-адистерине көбүрөөк муктаж болуп жатат. Бүгүнкү күндө көптөгөн электрондук кызматтар жана операциялар үчүн төлөмдөрдү блокчейнсиз элестетүү мүмкүн эмес! Программисттер - бул Жобс сыяктуу дүйнөнү өзгөртө турган жаңы муун, алар өзүнүн интуициясына жана намыскөйлүгүнө таянышы керек. Бул жогорку айлыкты камсыздаган эң жаңы кесип, биз бардык мектептерде ушул багытта билим алууну киргизебиз!", - деди “Республика” партиясынан талапкер Дайан Белек . Буга чейин "Республика" партиясынын лидери Мирлан Жеенчороев улан-кыздар милдеттүү түрдө 11-классты мектепте, колледжде же кесиптик лицейлерде аяктоосу керек деген демилге көтөрүп, мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Бул багытта атайын изилдөөлөрдү жүргүзгөндө, 200 миң кыргызстандык тогузунчу классты бүткөндөн кийин эч жерде окубай калган. Айрымдары акча табуу максатында алыскы жана жакынкы өлкөлөргө мигрант болуп кетсе, кээ бири көчөдө бош жүргөндүктөн кылмыштуу жана ар кандай экстремисттик уюмдар тартып кетүүдө. Бул мыйзам кабыл алынган жана 2021-жылдан тарта күчүнө кирет. Буга улай "Республика" партиясы эми бардык орто мектеп окуучуларына программисттен баштап ашпозчуга чейинки кесиптерге ээ болуу мүмкүнчүлүгүн сунуштап жатат. Андан тышкары "Республика" партиясы мамлекеттик кызматтарды толугу менен санариптештирүүнү жактайт. Санариптештирүү өлкөнүн бардык тармактарын камтышы керек, бул билим берүү тармагынан жана мамлекеттик кызматтардан башталышы зарыл. "Кагаздар жоголуп кетиши мүмкүн. Ал эми санариптик блокчейн менен эч качан мындай маселе болбойт. "Республика" буга чейин керексиз маалымкаттарды азайтып, калкты тейлөө борборлорун ачкан. Эми калк үчүн мамлекеттик кызматтарды алуу дагы жеңилдейт. Мамлекеттик кызматтарды телефондун көлөмүнө чейин кыскартабыз! Паспортту үйдөн чыкпай эле аласыңар! Келечекте кагаздар болбойт", - дейт "Республика" партиясынан талапкер. "Республика" партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институтту жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматын жоюп тышкы чалгындоо кызматын түзүү, прокуратураны жоюп аны Адилет министрлигинин курамына киргизүү суроолору турат. Партия жумуш орундарын түзүү жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бирди киргизүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу. "Республика" стратегиялык маанидеги ишканалардан тышкары бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат. Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН 01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А. Бишкек шаары, Горький көчөсү, 1/2. 16:54 15-09-2020

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники