О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
15 сентября 2020 г. 0:54

"Кыргызстан" партиясы: "Салыктарды кескин түрдө азайтабыз!"

"Кыргызстан" партиясы өндүрүүчүлөрдүн салык төлөмдөрүн товарларды жеткирүүчүлөрдөн, жумуштардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн айырмалоону сунуш кылат. Бул чаралар партиянын “ЭЛ ҮЧҮН” программасынын алкагында иштелип чыккан. Партия белгилегендей, акыркы жылдарда Кыргызстанда салык тутумунун өнүгүү тенденциясы көмүскө экономиканын жогорку деңгээлин көрсөтүп турат. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, көмүскө экономиканын көлөмү 2018-жылы 133 миллиард 400 миллион сомду же ИДПнын 23,4% түздү. Фискалдык саясаттагы орун алган көйгөйлөрдөн чыгуу үчүн 2009-жылга чейин иштеп келген салык тутумуна көңүл буруу керек, анткени кыйыр салыктарды кеңири колдонуу өлкөдө экономикалык өсүштү токтотуунун, коррупциянын пайда болушунун жана гүлдөшүнүн негизги себептеринин бири болуп калды. Анда 5 кыйыр салык болгон: КНС - 20%, жол салыгы - 0,8%, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн салык - 1,5%, калкка акы төлөп кызмат көрсөткөндөр үчүн салык - 4%, акциз салыгы (ар бир товар үчүн жеке ставкаларды эске алуу менен). Ушундай акылга сыйбас экономикалык саясаттын натыйжасында өлкөдөгү дээрлик бардык ири ишканалар банкротко учурады. Бул массалык жумушсуздукка жана жүз миңдеген жарандардын жумуш издеп башка өлкөлөргө кетишине алып келди. Эгерде биздин мамлекет ишкердин салыгы менен туруктуу негизде өлкө бюджетине максималдуу киреше алгысы келсе, анда ал белгилеген салыктар оптималдуу болушу керек. Салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр ишкердин кирешесинин 1/3 бөлүгүнөн ашпашы керек, ошондо ишкер калган бөлүгүн (2/3) муктаждыктары үчүн колдонуп, бизнесин кеңейте алат. Бул катыш дүйнөнүн көптөгөн өнүккөн өлкөлөрүнүн фискалдык саясатында байкалат. Ошол эле учурда Кыргызстандагы акыркы салык реформасынын жүрүшүндө Салык кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынып, ал 2009-жылы күчүнө кирген жана бүгүнкү күнгө чейин күчүндө. Ушул Салык кодексинде көп жылдардан бери биринчи жолу кыйыр салыктардын саны жана алардын ставкалары төмөндөтүлдү: КНСтин ставкасы 20 пайыздан 12 пайызга чейин төмөндөтүлдү; үч салык - калкка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө салык, жолдорго салык, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн салык - сатуудан алынуучу салык болуп, бир салыкка бириктирилген, 1 пайыздан 3 пайызга чейин түзгөн. Бирок талдоо көрсөткөндөй, бул чаралар салык тутумун оптималдаштыруу жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө шарт түзүү үчүн дагы эле жетишсиз. Кыйыр салыктардын саны жана ставкалары жогору бойдон калууда. Алар ишкерге туруктуу ишмердүүлүк жана бизнести кеңейтүү үчүн жетиштүү киреше алууга мүмкүнчүлүк берет, эгерде анын бизнеси жогорку рентабелдүү болсо - 100% же андан көп (ишкер бизнеске жумшалган ар бир сомдон 2 сом жана андан көп киреше алганда). Эгерде бизнестин кирешелүүлүгү ушул деңгээлден төмөн болсо, республиканын көпчүлүк ишкерлеринин арасында байкалгандай, анда иштеп жаткан салык тутумунун шартында туруктуу иш алып баруу жана бизнести кеңейтүү үчүн жетиштүү киреше алуу мүмкүн эмес. Тике жана кыйыр салыктарды салыштырганда тике салыктар (киреше салыгы, пайда салыгы) продукцияны өндүрүүчүлөр үчүн кыйыр салыктарга (КНС, сатуудан алынуучу салык, акциздик салыктар) караганда жеңилирээк жана калыс экендигин көрүүгө болот, алар өндүрүүчүлөргө колдонулбашы керек. Кыйыр салыктар өндүрүштүк эмес тармакка ийгиликтүү колдонулушу мүмкүн, мисалы ортомчулук кызматын көрсөткөн чөйрөлөрдө. Түзүлүп баштаган ишкананын кирешелүүлүгүн камсыз кылуу максатында келечекте туруктуу ишмердүүлүктү жана бизнести кеңейтүү үчүн жетиштүү киреше алуу зарылчылыгын эске алуу менен реэкспорттун мамлекеттик саясатынан баш тартуу зарылдыгы үчүн “Кыргызстан” партиясы продукция өндүрүү менен алектенген ишкерлерге салыктын өзгөчө жеңилдиктерин камсыз кылууну сунуш кылат, себеби жакынкы коңшуларынын (Кытай, Казакстан, Россия, Өзбекстан) Кыргызстандан айырмаланып, өнүккөн индустриалдык өнөр жайы бар. Мындан тышкары биздин өлкө продукциянын өздүк наркы боюнча атаандашышы керек, тактап айтканда продукциянын өздүк наркынын төмөндөшүнө таасир этиши керек. Бул саясаттын натыйжасы экспорттук потенциалдын көбөйүшү, жаңы жумуш орундарын түзүү, ИДПны жан башына көбөйтүү, "Бизнес жүргүзүү жеңилдиги" эл аралык рейтингин жогорулатуу болот. Эгерде биз Сингапурда, Малайзияда, Түштүк Кореяда жана Кытайда тез экономикалык өсүшкө шарт түзгүбүз келсе, анда биз бул өлкөлөрдөн сабак алышыбыз керек. Мисалы, Кыргызстан Кытайдын тажрыйбасын колдонушу мүмкүн, ал өлкөдө жаңы ишканалар киреше салыгынан 2 жылга, кийинки 3 жылга 50%га бошотулган. Бул чара жаңы ишканаларга 5 жылда "бутуна турууга" жардам берди. Кытай чет өлкөлүк инвестициялардын агымын өзүнө тартып, кыска убакыттын ичинде дүйнөнүн алдыңкы өнүккөн өлкөлөрү менен атаандашууга жөндөмдүү, заманбап индустриялуу өлкөгө айланды. Ошол эле учурда "Кыргызстан" партиясы мыйзамдарга ченемдерди киргизүү керек деп эсептейт. Ага ылайык, чет элдик инвестор кыймылсыз мүлктүн толук ээси болушу мүмкүн, тактап айтканда белгилүү бир мөөнөттө жер участогун сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү (мисалы 5 жыл аралыгында, салыктык өргүү этабы толук аяктаганга чейин). Мындан тышкары партия насыялык келишимдин негизинде инвесторду жыл сайын алынган пайданын 20% бизнести өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө милдеттендирген ченемдерди кароону сунуштайт. Мындай чара жумуш орундарын түзүп, салыктык өргүү режиминде киреше алганда (2 жылдан кийин) инвестордун өлкөдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Ошондой эле “Кыргызстан” партиясынын пикири боюнча, Евразия экономикалык бирлигинин рыногунун күчүн, ошондой эле Европа бирлигинин парламенти тарабынан республикага берилген бажы жеңилдиктерин толугу менен пайдалануу зарылчылыгына чоң көңүл буруу керек. Ошентип төмөн салыктар дүйнө жүзү боюнча олуттуу инвестицияларды тартат. Инвестиция - бул экономикалык өсүш, элдин жыргалчылыгын жогорулатуу жана бюджетти толтуруу. Бул эмгек акысы жогору болгон жумуш орундарынын санын, ошондой эле пенсиялардын жана жөлөк пулдардын өлчөмүн көбөйтүү жолу деп белгиледи "Кыргызстан" партиясы. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 7-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а 16:53 14-09-2020

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:54

Нуржамал Казначиева: "Уркуя Салиевадай болуп из калтыргым келет"

Жогорку Кеңешке депутаттыкка катышып жаткандардын арасында жаштар кѳп. Алардын арасында «Биримдик» демократиялык социализм – Евразиялык тандоо» саясий партиясынын катарында Нуржамал Казначиева да бар. Ноокаттын кызы, 31 жашта, кесиби боюнча экономист. Кыргыз-Орус славян университетин артыкчылык менен бүтүргѳн. Буга чейин банк секторунда жооптуу кызматтарды аркалап келген. Анын айтымында, парламенттик шайлоого катышуу чечимин кабыл алуу оңой болгон жок. Үй-бүлѳсү, ата-энеси менен кеңешкенден кийин ушундай чечимге келген. «Бул чоң жоопкерчиликти талап кылат, моюнума артылган жүктү тартып кете аламбы, жокпу деген суроо ойлондурду. Мен үчүн Ноокаттын даңктуу кызы Уркуя Салиеванын ѳрнѳктүү ѳмүр жолу үлгү. Мен да ошол инсандай болуп артыма жакшы из калтыргым келет» , - дейт ал. Нуржамал Казначиева муун алмашуу дегенде жалаң жаштарга басым жасоого каршы. Анткени аларда жаштыктын деми, идея, кѳз караштар болгону менен тажрыйба жок. Жаш курак, бай идея менен тажрыйба шайкеш келип, айкалышканда гана ѳнүгүү, ѳзгѳрүү, жеңиш болот. Андыктан жаштар тажрыйбалуу, салмактуу саясатчылардан үлгү алып, алардан кѳп нерселерди үйрѳнүшү керек. Ар бир талапкердин шайлоого катышуудагы ниети, максаттары болгондой эле Нуржамал айым да алдына чоң максаттарды койгон. "Кудай буюруп, депутат болуп калсам, негизги басымды калкты жумуш менен камсыз кылууга шарттарды түзүү жана калктын реалдуу акчалай кирешесин жогорулатуу, жарандардын адилеттүү эмгек акы алууга болгон конституциялык укугун ишке ашыруу, жетим балдарга, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, улгайган жарандарга, жалгыз бой жарандарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан берилүүчү жөлөк пулду көбөйтүү, үй-бүлө институтун чыңдоо программасын иштеп чыгуу – менин депутаттык негизги ишим болот» , - дейт Казначиева. "Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы" саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. Дареги: Бишкек шаары, Разаков көчөсү 4. 16:20 14-09-2020

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:54

Кара-Буурадагы жолугушуу: “Биримдик” аймактык реформаны жүргүзүп, чиновниктердин санын азайтат!

"Биримдик" демократиялык социализм – Евразиялык тандоо партиясынын үгүт кербени Талас облусунун Кара-Буура районунда уланды. Партиянын лидерлери жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, партиянын программасы тууралуу кеңири маалымат беришти. “Биримдик” партиясынын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров программага кеңири токтолуп, “Биздин негизги максат - программаны элге жеткиликтүү кылып берүү” деди. Ошондой эле партия кыска убакытта өзүнүн катарына жигердүү, татыктуу инсандарды чогулта алганын баса белгиледи. Зулпукаров партиялаштары тууралуу айтып келип, “Алардын акылы, билими, тажрыйбасы жетиштүү. Мамлекетти чоң ийгиликтерге жеткирүүгө күчүбүз жетет” деди. Ал эми мамлекеттин бюджетинин киреше бѳлүгү тууралуу сѳз кылып, 2005-жылга чейин бюджет 48 миллиард сом болсо, 2005-жылдан 2019-жылга карата бул кѳрсѳткүч 154 миллиард сомго жеткенин билдирди. Төрөбай Зулпукаровдун айтымында, ушул кирешелердин эсебинен социалдык көйгөйлөр чечилип, пенсия, жөлөк пул, социалдык колдоолор төлөнүүдѳ. Ал ошондой эле партиянын идеологиясына токтолуп, “Евразиялык тандоо - бул биздин тарых. Демократиялык социализм – бул СССРге кайтып келүү эмес, бул мамлекеттик жеке өнөктѳштүктү күчөтүү. Бул социалдык теңдик деген сөз” деп түшүндүрмѳ берди. Жеңишке жетишкендер жоопкерчиликти моюнга алуулары керектигин айтып, партия келечекте аймактык-административдик реформаны ишке ашыруу менен чиновниктердин санын кыскартууну кѳздѳй турганын кошумчалады. Андан кийин партиянын тизмесин баштаган Акылбек Жамангулов сѳз алып, тѳмѳнкүлѳрдү айтты: “ Евразиялык тандоо - бул кошуна мамлекеттер менен экономика, маданият жана башка тармактар боюнча алака-катышты бекемдөө. Негизги багыт - бул экономиканы көтөрүү, социалдык көйгөйлөрдү чечүү. “Биздин партия көпчүлүк добуш алса, программада белгиленген реформаларды ишке ашырабыз. 4 жылда Кыргызстандын 4 жылдык стратегиясы эмес, 15 жылдык багыты белгиленет”, - деди Жамангулов. Ошондой эле "Биримдик" демократиялык социализм – Евразиялык тандоо партиясынын талапкери Аида Касымалиева ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын караган ата-энелерге жөлөк пул бериле баштаганын, баланы караган эне эмгек стажы менен пенсияга чыгуу укугуна ээ болгонун маалымдады. Кара-Бууранын кулуну, “Даңк” орденинин ээси, кѳп жылдардан бери ѳлкѳнүн суу чарбасында жетекчилик кызматтарды аркалап келе жаткан "Биримдик" демократиялык социализм – Евразиялык тандоо партиясынын депутаттыкка талапкери Көкүмбек Таштаналиев сөз сүйлөп, партиянын катарына кошулгандыгынын себебин тѳмѳнкүчѳ билдирди: “Партиянын катарына кошулганымдын себеби, партиянын курамындагы саясатта жалындуу демилгелери бар, мамлекеттин өнүгүшүнө өз салымын кошкон инсандарды көрүп тандадым”, - деди. Ал добуш берүү күнү партиялардын элдин турмушун жакшыртууга багытталган максаттуу программаларын эске алып, жүрѳктүн таразасына салып тандоого чакырды. Жолугушуунун соңунда Кара-Буура районунун белгилүү инсандары, кадырман аксакалдары “Биримдик” партиясынын талапкерлерине ийгилик каалап, “Айкөл Манас атабыз колдосун!” деп баталарын беришти. "Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы" саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. Дареги: Бишкек шаары, Разаков көчөсү 4. 12:40 14-09-2020

Подробнее
14 сентября 2020 г. 19:33

95 пайызы жогорку билимдүү

"Бир Бол" саясий партиясынын тизмесиндеги талапкерлердин 95 пайызы жогорку билимдүү

Подробнее
14 сентября 2020 г. 11:00

Открытый диалог

Кандидаты партии "Замандаш" ответили на самые острые вопросы.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 18:35

Чынара Океева

Чынара Океева, “Ыйман Нуру” саясий партиясынан депутаттыка талапкер: “Ковид-19 илдетинин Кыргызстанга жайылышы менен кыргыз коомундагы бир топ шишиктер жарылып, маселелер ачыкка чыгып калды. Көрсө, бизде мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү күнүмдүк маселер менен алек болуп, өнүгүү процесси токтоп калыптыр. Ооруканалар эскирип, техникалык-материалдык абалы эч кандай азыркы шартка туура келбейт экен. Дары-дармек мафиясы бүт саламаттыкты сактоо тармагын көз каранды кылып алыптыр. Өндүрүш толугу менен сырттан келген сырьего көз каранды экен, чек аралар жабылаары менен токтоп калды. Сырттан мигранттардан келген капитал азайып, акча которуулар токтоп, эл жакырланып, күнүмдүк азык -түлүккө жетиши кыйындап кетти. Мунун баарын талдаган коомчулук азыр мурдагы убадакөй, бийлик-мансапка жетээри менен элди унутуп калган саясий партиялардан тажап, “Ыйман нуру” сыяктуу жаш, таза, булганбаган, реалдуу экономика менен алектенген күчтөрдү тандап алууга токтолуп жатканы жашыруун эмес. Мисалы, “Ыйман нуру” партиясында, өкмөттүк ар кандай структураларда иштеп, башкаруунун ички кухнясын жакшы билген, ишкерлер чөйрөсү менен бирге конкреттүү экономикалык программаларды ишке ашырууга дилгир жаш кадрлар жана ийгиликтүү ишкерлер бар. Булар кооз сүйлөп, куру популизм менен алектенгендерге караганда коомго алда канча пайдалуу болуп саналат”. . Вера в светлое будущее укрепляет доверие людей! Чынара Океева, кандидат в депутаты от политической партии “Ыйман Нуру”: «С распространением Kovid-19 в Кыргызстане, многие проблемы стали очевидными. Получилось так, что госструктуры заняты повседневными делами, и процесс разработки других проектов остановился. Больницы устарели, их материально-техническое состояние не соответствует современным условиям. Фармафия поставила в зависимость всю систему здравоохранения. Производство полностью зависело от импортного сырья и остановилось, когда границы были закрыты. Сократился капитал, поступающий от мигрантов, денежные переводы прекратились, даже доступ к повседневной еде стал трудным. Люди уже не верят пустым обещаниям.В партии «Ыйман Нуру» есть молодые люди и успешные предприниматели, которые работают в различных государственных структурах, знают внутреннюю кухню менеджмента, стремятся реализовывать конкретные экономические программы с бизнес-сообществом. Они гораздо полезнее для общества, чем те, кто красиво говорит и занимается пустым популизмом».

Подробнее
14 сентября 2020 г. 20:34

Чынгыз Макешов.

Чынгыз Макешов. "Ыйман Нуру» партиясынын программасы менен тааныштыруу

Подробнее
14 сентября 2020 г. 19:45

Кто в Панфиловском районе?

Кто в Панфиловском районе? Ищите наших реформаторов :) Готовы отвечать на ваши вопросы!

Подробнее
14 сентября 2020 г. 19:29

Алтынбек Сулайманов Ноокат районуна караштуу Бел-Кайрагыч айылынын эли менен болгон жолугушууда башкаруу системасы тез, ыкчам жана жеңил болуш керектигин билдирди.

Алтынбек Сулайманов Ноокат районуна караштуу Бел-Кайрагыч айылынын эли менен болгон жолугушууда башкаруу системасы тез, ыкчам жана жеңил болуш керектигин билдирди. “Кыргызстанды адам укуктары, жарандардын эркиндиги сакталган өлкө катары көргүм келет. Ошондой эле биздин команда мекенибизди эң биринчи адамдын өмүрү, ден соолугу, укугу жана эркиндиги эң чоң баалуулук катары каралып, компетенттүү адамдар башкарган өлкө катары көргүбүз келет. Кыргызстан чоң реформага муктаж. Медицина менен билим берүү тармактарын үстүртөдөн гана реформалап жүрөбүз, бирок бул да натыйжа бербей жатат”, - деди А.Сулайманов. Ошондой эле системаны эски адамдар өзгөртпөй тургандыгын, анткени алар ушул система менен калыптанып калганын айтты. “Биз, биздин команда жаратман, жаңы, билимдүү күч катары дал ушул системаны өзгөртүүгө баратат. Ал үчүн элдин, силердин колдооңор керек!” - деди ал.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 19:31

Нурсултан Кубанов "Сыр Сандык" берүүсүндө.

"Бир Бол" саясий партиясынын эң жаш талапкери Нурсултан Кубанов "Сыр Сандык" берүүсүндө. Толугу менен "Бир Бол" YouTube каналында көрсөңүздөр болот.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 19:32

Фарходбек Алимжанов

"Бир Бол" саясий партиясынын талапкери Фарходбек Алимжанов Ош шаарынын Калинин конушунун тургундары менен жолугушту

Подробнее
14 сентября 2020 г. 19:37

Путь Биримдик - путь к процветанию

Вместе с Биримдик наша страна выиграет возможность уверенно встать на рельсы решения социальных и экономических проблем. ⠀ Путь Биримдик - путь к процветанию!

Подробнее
14 сентября 2020 г. 19:41

"Мекеним Кыргызстан"

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын атынан депутаттыкка талапкер Ибрагим Жунусов: "Маданият менен искусство бюджеттик саясатта приоритеттүү багыттардын катарында турууга тийиш. Кыргыздын айнаамасын жана Орхон-Енисей жазууларын ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн мамлекеттик деңгээлде иш алып барууну сунуштайбыз". *** Кандидат в депутаты от партии "Мекеним Кыргызстан" Ибрагим Жунусов: «Культура и искусство должны стать приоритетными направлениями в бюджетной политике. Мы предлагаем лоббировать на уровне государства включения в Список культурного наследия ЮНЕСКО кыргызского лунного календаря и орхоно-енисейских надписей».

Подробнее
14 сентября 2020 г. 19:36

“Ар бир үйдө бирден IT адистигине ээ киши болсун”

Мирбек Асангариев: “Ар бир үйдө бирден IT адистигине ээ киши болсун” “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Мирбек Асангариевдин пикиринде, өлкөдө ар бир үйдө бирден IT адистигине ээ киши болуш керек. Талапкер бул билдирүүнү Каракол шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда айтты. “Биздин девиз – үйдө отуруп, бүтүндөй дүйнө менен иштөө. IT программалоонун мүмкүнчүлүктөрү абдан кенен. Бул адистик багытында билим алуу – замандын талабы. Ошондой эле кирешелүү кесип”, - деди М.Асангариев. Айтымында, губернаторлук, акимчиликтерди жоюп, имараттарын IT программалоо адистигин окутуу үчүн бөлүп берсе болорун айткан талапкер кыздарды бул тармакта билим алууга чакырды. Эске салсак, “Бир Бол” саясий партиясынын кезектеги үгүт кербени Ысык-Көлгө жетти. Депутаттыкка талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Мирбек Асангариев, Руслан Акматбек жана Екатерина Филаретова Каракол шаарынын жана Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунун эли менен жолугушту.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 19:38

Создано молодежное крыло Ошской городской организаци Партии «Биримдик»

Создано молодежное крыло Ошской городской организаци Партии «Биримдик» 13 сентября, состоялось еще одно знаковое событие в истории обновленной Партии «Биримдик». В Оше создано Молодежное крыло Партии демократического социализма – евразийский выбор «Биримдик», которое объединяет активную молодежь, готовую принимать участие в решении проблем в разных сферах жизнедеятельности. Это уже второе официально созданное молодежное крыло Партии. Напомним, 11 сентября, было создано молодежное крыло Бишкекской городской организации Партии. Теперь эстафету подхватили и молодежные активисты южной столицы. В своем приветственном слове председатель партии Марат Аманкулов заявил, что: Участники конференции выбрали председателя молодежного крыла – им стал Абдыманапов Медербек Арстанбекович и членов Совета Ошской городской организации Политической партии «Демократическая партия «Биримдик» (Единство)» - Иманказыев Нурумбет, Кайыпбек кызы Асылай, Максутова Асемгул, Бакишев Нурилло, Эрмекбек кызы Айзирек. К новому объединению обратился член партии, кандидат в депутаты Жогорку Кенеша Аманкулов Марат Аскерович. Выступая перед членами партии и соратниками по молодежному крылу, его председатель Абдыманапов Медербек подчеркнул, что Как ранее отметил Марат Аманкулов, создание молодежного крыла по инициативе самих молодых партийцев – это прозрачный, естественный и самый правильный ход по построению обновленной Партии демократического социализма – евразийский выбор «Биримдик – Единство». Эта партия, у которой есть идеология, которая ставит высокие цели и конкретные задачи. Только такая партия сможет вывести народ Кыргызстана на путь развития, социальной справедливости и новой евразийской интеграции. Гражданам Кыргызстана понятны и созвучны идеи социальной справедливости, тесного сотрудничества с другими странами и народами Евразийского континента. Все это делает роль партии демократического социализма – евразийского выбора «Биримдик – Единство» только сильнее! Потому что «Биримдик» - партия единства! 8 часа Снимката на профила на birimdikofficial birimdikofficial Мы едины в нашем стремлении сделать Кыргызстан успешным, прогрессивным, справедливым демократическим государством! И МЫ СДЕЛАЕМ ЭТО!

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники