О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
15 сентября 2020 г. 0:46

Парламентские выборы в Шри-Ланке перенесли на фоне коронавируса

Парламентские выборы в Шри-Ланке , запланированные на 25 апреля, переносятся в связи с коронавирусом , сообщает ланкийская газета Daily Mirror со ссылкой на главу избирательной комиссии Махинду Дешаприю. По его словам, новая дата будет назначена после 26 марта. Количество заболевших новым типом коронавируса на Шри-Ланке достигло 50 человек. В стране приостановлен прием всех пассажирских рейсов в международном аэропорту Бандаранаике. Всемирная организация здравоохранения 11 марта объявила вспышку нового коронавируса COVID-19 пандемией. В мире заражены уже более 200 тысяч человек примерно в 160 странах, более 8 тысяч человек скончались. Источник: https://ria.ru/

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:51

Азыркы депутаттардын 84ү кайрадан шайлоого бара жатат. Тизме

Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болгондордун төрттөн үч бөлүгү кайрадан парламентке келүүгө ниет кылууда. Депутаттык мандат үчүн 16 саясий партия ат салышмакчы. Тизменин жарымынан көбүн мыйзам чыгаруу ишмердигинен арылгысы келбеген азыркы эл өкүлдөрү түзөт. Sputnik Кыргызстан редакциясы партиялардагы тизмеден талапкер болгон учурдагы депутаттарды санап чыкты. Материалга жакында эле мандатын тапшырып, эл өкүлүнүн креслосуна кол сунгандар да киргизилди. Партиялар тизмедеги депутаттар боюнча тизмектелди. “Биримдик” менен 29 парламентарий бара жатат. Алардын 14ү алтынчы чакырылышка КСДПдан депутат болуп келген. Алар: Төрөбай Зулпукаров (№3) — парламентте бешинчи чакырылыштан бери келе жатат; Евгения Строкова (№ 4); Аида Касымалиева (№ 8) — ЖКнын вице-спикери; Марат Аманкулов (№ 11); Улан Примов (№ 17); Азамат Арапбаев (№ 19) — 2008-2010-жылдары төртүнчү чакырылыштын депутаты; Асылбек Жээнбеков (№ 27) — 2007-жылы төртүнчү, ал эми 2010-жылы бешинчи чакырылыштын депутаты жана кийин ЖКнын төрагасы болгон ; Өмүрбек Бакиров (№ 30) — “Республика — Ата-Журт” партиясынан бешинчи чакырылыштын депутаты; Бакытбек Жетигенов (№ 35) — бешинчи чакырылыштын депутаты, “Ар-Намыс” менен келген; Абтандил Кулбараков (№ 39); Айнура Осмонова (№ 44); Сайдолимжон Жураев (№ 46); Айнуру Алтыбаева (№ 52) — “Ар-Намыстан” бешинчи чакрылыштын депутаты болгон; Нодирбек Каримов (№ 55). Дагы жети депутат “Республика — Ата-Журт” партиясынын фракциясынан кошулган: Айбек Алтынбек (№ 13); Пархат Тулендыбаев (№ 22) — 2007- 2010-жылдары “Ак Жол”партиясынан келип, төртүнчү чакырылышка мандат алган; Махабат Мавлянова (№ 28); Сагындык Келдибаев (№ 29); Динара Исаева (№ 40) — 2007- 2010-жылдары “Ак-Жол”партиясынан төртүнчү чакырылыштын депутаты болгон; Нурбек Тотонов (№ 43); Абдыбек Дүйшалиев (№ 57). Төрт депутат “Бир Бол” партиясынан келген: Бакирдин Субанбеков (№ 15); Жаныбек Бакчиев (№ 26); Исхак Пирматов (№ 31) — “Республика” партиясынан бешинчи чакырылыштын депутаты болгон; Бактыбек Турусбеков (№ 71). Үч депутат “Өнүгүү — Прогресс” партиясынан кошулган: Гүлшат Асылбаева (№ 32); Абдумажит Юсуров (№ 67) — төртүнчү чакырылыштын депутаты; Абылкайыр Узакбаев (№ 170); Партияга “Кыргызстан” фракциясынан Айнура Аскарова кирген (№ 89). Тизмеге 15 азыркы депутат кирген. Алардын жетөө “Республика — Ата-Журт” фракциясынан: Марлен Маматалиев (№ 7); Жыргалбек Турускулов (№ 9); Таабалды Тиллаев (№ 11); Бактыбек Сыдыков (№ 22); Бактыбек Райымкулов (№ 25); Алиярбек Абжалиев (№ 27) — 2005-2007-жылдары депутат болгон; Тариел Жоробеков (№ 79). Беш депутат “Мекеним Кыргызстанга” КСДПдан келген: Искендер Матраимов (№ 10); Гүлкан Молдобекова (№ 12); Иса Өмүркулов (№ 26) — ал биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү чакырылыштын депутаты болгон; Ильхом Маннанов (№ 33); Жылдыз Мусабекова (№ 44). Эки депутат “Өнүгүү —Прогресс” партиясынан, алтынчы чакырылыштан келген: Мирлан Бакиров (№ 1) — “Республика” партиясынан бешинчи чакырылышта мандат алган, 2017-жылы вице-спикер болуп шайланган; Осмон Турдумамбетов (№ 54) — парламентке 2020-жылдын 28-августунда келген. “Мекеним Кыргызстанга” ЖКдагы “Кыргызстан” фракциясынан Урматбек Самаев депутат болуу ниетинде (№ 21). Аталган партиянын бүгүнкү тизмесинен 11 эл өкүлүн окууга болот. Алардын көбү алтынчы чакырылыштын депутаттары: Канат Исаев (№ 1) — бешинчи чакырылышка “Республиканын” тизмеси менен келген; Нурбек Алимбеков (№ 3) — бешинчи чакырылышка “Республиканын” тизмеси менен келген; Азизбек Турсунбаев (№ 5) — үчүнчү, төртүнчү чакырылыштын депутаты; Дастанбек Жумабеков (№ 7) — бешинчи чакырылышта “Ата-Журттун” тизмеси менен келген, ЖК спикери; Шаршенбек Абдыкеримов (№ 9) — 2011-жылы “Республика” менен парламентке келген; Салайдин Айдаров (№ 13); Алмазбек Токторов (№ 43); Бектен Сыдыгалиев (№ 66). “Кыргызстандын” катарына “Республика — Ата-Журттан” өткөндөр: Талант Мамытов (№ 2) “Республика —Ата-Журттан” шайланып, бешинчи чакырылыштын депутаты болгон; Экмат Байбакпаев (№ 22). Тизмеден Тазабек Икрамовду табууга болот (№ 27), “Өнүгүү — Прогресстен” алтынчы чакырылышка депутат болуп келген. “Кыргызстандын” жети талапкери шайлоого чейин мандатын тапшырган. Алар: Таалайбек Масабиров (№ 15) сентябрдын башында, Данияр Төлөнөв (№ 10) жана Кубанычбек Нурматов (№ 21) — августта, Руслан Чойбеков (№ 6) — июнда, Жаныбек Исаев (№ 29) менен Алмазбек Эргешов (№ 30) майда кетти. Бул партияга жети депутат кирип, кайрадан эл өкүлү болууга аттанды. Алардын төртөө — алтынчы чакырылышка Социал-демократтардын тизмеси менен келгендер: Жанар Акаев (№ 1) — эки жыл мурда КСДПнын катарынан чыгарылган; Рыскелди Момбеков (№ 3); Эльвира Сурабалдиева (№ 4); Абдывахап Нурбаев (№ 10); Үчөө мурда эле “Ата Мекенде” болчу: Наталья Никитенко (№ 8); Эмил Токтошев (№ 11) Бахадыр Сулейманов (№ 15) — бешинчи чакырылышта “Ата-Журттан” келген. Бул партия менен алты депутат талапкер болуп бара жатат. Алардын басымдуу бөлүгү “Республика — Ата-Журт” фракциясы менен ЖКга келгендер: Мирлан Жээнчороев (№ 1); Кенжебек Бокоев (№ 6) — “Республика” тизмеси менен бешинчи чакырылышта депутат болгон; Руслан Казакбаев (№ 11); Максат Сабиров (№ 13) — “Республика” тизмеси менен бешинчи чакырылышта депутат болгон; Калдарбек Баймуратов (№ 22). “Республиканын” 14-тизмесинде КСДПдан келген Аалы Карашев жүрөт. Мандат үчүн Алтынбек Жунус уулу да жарышка түшөрүн айта кетели (№ 5). Депутаттык мандатынан ал үгүт иштери башталар алдында баш тарткан. КСДП фракциясынын бардык алты депутаты Жогорку Кеңешке депутат болуп келүү мүмкүнчүлүгүн сынаганы турат. Ирина Карамушкина (№ 2) — ал төртүнчү чакырылыштан бери депутат; Анвар Артыков (№ 3) — парламенттеги ишмердүүлүгүн 1990-жылдары Кыргыз ССРинин Жогору Советинин депутаты болуудан баштаган. 2000-жылы ЖКга он жылдык тыныгуудан кийин “Ар-Намыс” партиясы менен кайра шайланган; Карамат Орозова (№ 5) — төртүнчү жана бешинчи чакырылыштын да депутаты болгон; Асел Кодуранова (№ 15) — КСДП фракциясынан төртүнчү чакырылыштын депутаты болгон; Альфия Самигуллина (№ 25); Мухтарбек Айнакулов (№ 35). Бул партиянын тизмесинен Жогорку Кеңештин беш депутатын кезиктирдик. Алардын экөө “Замандашка” саясий “Ата Мекен” биримдигинен келген: Айсулуу Мамашова (№ 8); Искандер Гайпкулов (№ 33) — кезегинде үчүнчү чакырылыштын депутаты болгон. Тизмеде биринин артынан экинчиси турган башка эки депутат алтынчы чакырылышта “Бир Бол” фракциясынан келген: Алмазбек Акматов (№ 13); Улугбек Ормонов (№ 14) — үчүнчү жана төртүнчү чакырылыштын депутаты жана “Ак-Жол” фракциясынын лидери болгон. “Замандаштын” бешинчи тизмесинде Умбеталы Кыдыралиев бар. Ал “Республика — Ата-Журт” партиясынан алтынчы чакырылышта мандат алган. Алтынбек Сулайманов (№ 10); Дүйшөн Төрөкулов (№ 13) Партиялык тизмени баштап бара жаткан Алмамбет Шыкмаматов алтынчы чакырылышка “Ата Мекен” менен депутат болуп келген. Бир учурда фракцияны жетектеп турган. Былтыр партия лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестиктен улам мандатынан баш тарткан. Бул партиянын катарында ЖКнын азыркы эки депутаты бар. Курманкул Зулушев (№ 7) “Республика — Ата-Журт” фракциясынын алтынчы чакырылышында депутат болгон, андан кийинки тизмедеги Гүлнара Клара-Самат (№ 8) “Ата Мекенден” жаңы “Мекенчилге” өткөн. Бул партиянын тизмесинде азыркы депутаттардын бирөө бар, ал — Саматбек Ибраев (№ 9). КСДП фракциясы менен ЖКга апрель айында келип мандатка ээ болгон. Ушул эле мезгилде “Бүтүн Кыргызстандын” тизмесинин өйдө жагынан мурдагы эки депутат орун алган. Исхак Масалиев (№ 3) мандатын май айында, Зиядин Жамалдинов (№ 11) — августтун аягында тапшырып берген. Афганистан жана башка локалдык чатактардын катышуучуларынын партиясында, “Ордо”, “Реформа”, “Чоң Казат”, “Ыйман нурунун” тизмесинде ЖКнын азыркы депутаттары жок. Ошентип Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына келип, мандат алуу үчүн азыркы 84 депутат талапкер аттанды. Мандаттарын анча көп эмес убакыт мурда тапшырган бир катар парламентарийлерди эсепке алганда бул сан 94кө чейин көбөйүшү мүмкүн.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:51

Шайлоо-2020. Сооронбай Жээнбеков терс билдирүүлөргө ыкчам реакция кылуу керектигин айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-сентябрда, өлкө премьер-министри Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Эпидемиологиялык абалды турукташтыруу жана жакшыртуу, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча чаралар талкууланды. Премьер-министр Кубатбек Боронов бул багытта Өкмөттүк түзүмдөрдүн көрүп жаткан камылгалары жөнүндө, ошондой эле бардык санитардык талаптарды эске алуу менен парламенттик шайлоо өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча уюштуруу иш-чаралары тууралуу айтып берди. Мындан сырткары, жакында Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондоруна болгон иш сапарынын жыйынтыктары жөнүндө да айтып берди. Жер-жерлерде тургундар инвесторлордун — тоо-кен компанияларынын ишмердигине түшүнүү менен мамиле кылып башташканы белгиленди. Алардын фонддорунан бир катар социалдык маселелерге багытталган долбоорлор ишке ашырылып, ал эми компаниянын ишине көп сандаган жергиликтүү тургундар тартылууда. Ошондой эле Өкмөт башчысы азыркы тапта республикалык бюджетке каражаттардын келип түшүүсүн көбөйтүүнүн үстүндө иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарда эл арасында тоо-кен иштетүү тармагына инвестиция тартуунун жана ар кандай чагымчыл чакырыктарды болтурбоонун маанисин түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошол эле маалда инвесторлордун ишмердигинде социалдык жагдайдын эске алынышы керектигин баса белгиледи. Мамлекет башчысы укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийлик тарабынан шайлоо мыйзамдарынын бузулбашына жана жер-жерлерде санитардык талаптардын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгына көңүл бурду. Ар кандай терс билдирүүлөргө жана публикацияларга ыкчам реакция кылуунун, жарандардын коомдук коопсуздугун күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Сооронбай Жээнбеков көптөгөн эл аралык уюмдар менен эксперттер пандемиянын экинчи толкуну болушу мүмкүндүгү жөнүндө айтып жатышканын кошумчалап, буга байланыштуу дары-дармек каражаттарын, медициналык жабдууларды жетиштүү көлөмдө даярдап алууга, аймактардагы ооруканалардын курулушу менен ремонт иштерин тездетип бүткөрүүгө дагы бир жолу көңүл бурду. Ал экономикалык кыйын кырдаалга карабастан, мамлекеттин бардык социалдык милдеттенмелери, медиктерге кенемте төлөмдөрү өз маалында жана толук көлөмдө камсыз болушу керектигин баса белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков күз-кыш мезгилине талаптагыдай кам көрүү, айрыкча, социалдык объектилердин даярдыгын камсыз кылуу зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:51

Партия «Кыргызстан»: Оптимизируем госорганы, сократим армию чиновников!

В Кыргызстане существует ряд проблем в системе государственного управления: проблемы, связанные с бюджетной неэффективностью государственного управления, кадровые проблемы и проблемы административно-политические. К примеру, около 15% республиканского бюджета тратится на содержание государственного аппарата, при этом на здравоохранение уходит порядка 10%. Опыт многих стран мира показывает, что наиболее оптимальное количество министерств или аналогичных структур является 12 или 15. Как правило, обязательными являются министерства финансов, иностранных дел, обороны, внутренних дел, здравоохранения, а остальные создаются в зависимости от специфики страны, национальных традиций и тенденций в развитии мировой экономики. В Кыргызстане же на начало 2020 года численность государственных служащих без учета данных государственных органов, обеспечивающих оборону, общественный порядок и безопасность, составила 18,7 тысяч человек, из которых более 39% пришлось на женщин. Общее количество министерств, ведомств, агентств и служб составляет 36 органов, также 5 фондов. В связи с чем партия «Кыргызстан» предлагает оптимизировать структуру исполнительной власти с 36 до 14 единиц, что приведет к сокращению числа чиновников. Партия предлагает: - устранить лишние функции. Любая необоснованно выполняемая функция является кандидатом на сокращение. Целью сокращения функций является экономия средств, улучшение организационной структуры государственного органа, оптимизация внутренней координации и повышение прозрачности; - сократить дублирование в деятельности государственных органов. Часто бывает, что несколько государственных органов или отделов в одном государственном органе занимаются разработкой политики для одного и того же сектора или группы. Происходит не только распыление ресурсов, но и разработка зачастую противоречащих друг другу решений, мер и шагов, снижение уровня ответственности и прозрачности; - прибавить недостающие функции. Зачастую отсутствуют административные функции, необходимые для перехода к рыночной экономике. В то время, как некоторые функции должны быть сокращены (например, руководство предприятиями) на их месте должны быть созданы новые более уместные функции, к примеру, регулирование рыночной деятельностью; - рационализировать и распределить функции. Функции в учреждениях и организациях часто разделены по различным отделам/подразделениям таким образом, что это снижает эффективность их деятельности и прозрачности. Например, два отдела могут заниматься предоставлением услуг для одних и тех же лиц. В таких случаях надо объединить схожие функции для улучшения предоставления услуг и упрощения внутренней координации. Партия «Кыргызстан» предлагает оптимизировать часть госорганов, другую часть оставить самостоятельными ведомствами.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:52

Данияр Абдыкаров: Зомбулукка кабылган өспүрүмдөрдүн укугун коргоп, мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүгө көзөмөлдү күчөтөм

Абдыкаров Данияр Сатарбаевич 1975-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1992-жылдан бери Ички иштер башкармалыгында иштеп келет. Алсак, ал 1994-1998 — Бишкек ШИИБдин кызматкери, 1998-2001 — ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери, 2001-2016 — ИИМдин бир канча башкармалыктарында эмгектенген. 2016-жылдан бери Ички иштер министринин орун басары болуп иштеп келет. - Данияр Сатарбаевич, эмне үчүн башка партия менен эмес, ушул партия менен Жогорку Кеңешке талапкер болуу чечимин кабыл алдыңыз? - Бул партияны тандаганыма анын программасы себеп болду. Анда менин көкүрөгүмдү өйүп жүргөн маселелердин баары жалпак, жеткиликтүү тил менен жазылыптыр. Атүгүл аны чечүүнүн жолу да сунушталыптыр. Жаңыланууга багыт алган, маселени жаңыча көз караш менен караган жаңы дем менен жазылып, башка партиялардыкынан дээрлик өзгөчөлөнүп, артыкчылыктарга бай экен. Окуп, талдап көргөндөн кийин жүрөгүмдө - “Мекеним Кыргызстан” Кыргызстанды өнүктүрө турган партия деген ишеним пайда болду. Ошон үчүн партиянын мүчөсү болуп катталып, Жогорку Кеңешке талапкер болуу чечимин кабыл алдым. - Партиянын программасын мактап калдыӊыз. Сизди кайсыл багыттары ынандырып, ишенимиңизди пайда кылды? - Бардык эле багыттары ынандырды. Кыска, нуска, баса белгилей кетсем, мамлекетти кризистен чыгаруу, билимди өркүндөтүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы катачылыктарды жоюу, маданиятты көтөрүү, үйсүз үй-бүлөлөрдү үйлүү кылуу, ишкерликти, элетти өнүктүрүү, бизнес каттоону жөнөкөйлөтүү, интернетти ар бир адамга жеткиликтүү кылуу, адам укугун коргоо деги койчу мамлекеттин абалын жакшыртуу боюнча толгон-токой негиздүү сунуштар жазылыптыр. Мына ушул багыттардын баары мени кайдыгер калтырган жок. Ишенимимди ого бетер күчөттү. - Демек, сиздердин партия мамлекетибизди алдыга сүрөп, элибизди жаркын жашоодо жашашына шарт түзөт экен да. Ишенсек болобу? - Албетте! Биздин партия мамлекетибизди алдыга сүрөп, элибиздин жаркын жашоодо жашашына шарт түзөт деген ишеним менде зор. Биздин партиянын программасы кагаз жүзүндө калбайт, буюрса ишке ашат деген ойдомун. Келечекте “Мекеним Кыргызстан” партиясы мекенди сөз менен эмес, иш менен сүйөрүн далилдейт. Биз ийгиликке жетсек, мамлекетибиз да жеңишке жетет. - Эгерде депутат болуп калсаңыз, кайсыл тармакка маани бересиз жана кандай маселелерди көтөрүүнү пландап жатасыз? - Эми жүрөгүмдү өйүп жүргөн маселелер өтө эле арбын. Кудай буйруп, згер депутат болуп калсам, анда биринчи зомбулукка кабылган өспүрүмдөрдүн укугун коргоону колго алмакмын. Анткени, каражат табуунун азабынан мигрант болуп кеткендер көп. Алардын көпчүлүгүнүн балдары туугандарынын колунда калып, зомбулукка кабылып, укуктары корголбой жатат. Кыргыздын келечеги болгон өспүрүмдөрдү коргоп, тийиштүү жардамымды бергим келет. Ошондой эле Кыргызстан аркылуу Афганистан, Тажикстанга мыйзамсыз баңгизаттар өтүп, Европага чейин чыгат. Мына ошол жагын да көзөмөлдү күчөткөн мыйзамдарды жазсам деген ниетим бар. Анткени, ал жерде уюшкан кылмыштуу топтор түрдүү иштер менен алек болуп жүрүшөт. Ал тармакты да көзөмөлгө алып, мыйзамсыз иштерге бөгөт коюп, чек араны күчөтүлгөн тартипте иштетип, мыйзамсыз баңгизатты жүгүртүүнү токтотушубуз керек. Болбосо анын кесепети да тийип калышы ыктымал. Мына ушундай асыл ой, ак тилектерди ишке ашырып, эл үчүн, мекенибиз үчүн кызмат кылып, мамлекет үчүн пайдалуу иштерди жасагым келет. Урматтуу мекендештер, 4-октябрь күнү жүрөгүңүздөрдү тыңшап, туура тандоо кылыңыздар. Эл үчүн, мекен үчүн кызмат кыла турган партияга добушуңуздарды бериңиздер. “Мекеним Кыргызстан” №4. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:46

БШК: Айрым шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлдү

Бүгүн, 14-сентябрда шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумунда Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын бир катар шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча чечим кабыл алды. Чечим Ысык-Ата жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоо участкаларынын айрым даректерин өзгөртүү боюнча өтүнүчтөрүнүн негизинде кабыл алынды. Ошентип, төмөнкү шайлоо участкаларынын даректеринде өзгөрүүлөр болду: 1. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Туз айыл аймагынын №7132 участогу Осмонов көчөсүндөгү маданият үйүнөн Ысык-Ата районуна караштуу А.Айталиев атындагы Туз орто мектебинин имаратына; 2. Ысык-Ата районундагы Логвиненко айыл аймагындагы №7142 участогу Логвиненко айыл өкмөтүнүн имаратынан Кирпичная көчөсү 2 дарегиндеги “Алтын балалык” бала бакчасынын имаратына; 3. Ысык-Ата районундагы Ысык-Ата айыл аймагынын №7136 участогу Жакишев көчөсүндөгү Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн имаратынан Тайкашкаев көчөсү 27 дарегиндеги О.Болоболаев атындагы мектептин имаратына; 4. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Чий айыл аймагындагы № 3100 участогу Ленин көчөсүндөгү клубдун имаратынан Ленин көчөсүндөгү Качыбек орто мектебинин имаратына; 5. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айыл аймагындагы №3112 шайлоо участогу Өмүралы көчөсүндөгү клубдун имаратынан Асанбай көчөсүндөгү Алышпаев атындагы орто мектебинин имаратына; 6. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Учук айыл аймагынын №3106 участогу Ленин көчөсүндөгү М.Жусупов атындагы орто мектебинин имаратынан Арык-Мырза көчөсүндөгү клубдун имаратына; 7. Ак-Суу районундагы Ак-Булуң айыл аймагынын №3104 участогу Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн имаратынан Туманов атындагы орто мектептин имаратына; 8. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл аймагынын №3128 участогу Рахмат көчөсүндөгү Эшимбеков атындагы орто мектептин имаратынан Рахмат көчөсүндөгү Кара-Жал айыл өкмөтүнүн имаратына которулду. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:46

Тажикстанда президенттик шайлоого беш талапкер катталганы аныкталды

Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттикке беш талапкерди каттады. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү ЖМКлары жазып чыкты. Маалыматка караганда, президенттикке Агрардык партия Рустам Латифзоданы, Социалисттик партия Абдухалим Гаффорзоданы, бийликтеги Элдик-демократиялык партия, Эркин кесиптик кошуундар менен Жаштар биримдиги азыркы президент Эмомали Рахмонду, Экономикалык реформалар партиясы Рустам Рахматзоданы жана Коммунисттик партия Мирож Абдуллоевди көрсөттү. Ал эми өзүн өзү көрсөткөн жалгыз талапкер Фаромуз Иргашев боюнча кандай чечим чыгары азырынча белгисиз. Эске салсак, Тажик оппозициясы бул шайооого катышуудан баш тарткан. Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрда өтөт жана бул өлкөнүн эгемен тарыхындагы алтынчы шайлоо болуп калат. Бул шайлоолордун баарында азыркы президент Эмомали Рахмон жеңген. Ал өлкөнү соңку 28 жылдан бери башкарып жатат. Белгилей кетсек, Тажикстанда президент жети жылга шайланат. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:47

БШК: Үч жарым миллионго жакын шайлоочунун тизмеси такталды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 465 415 кишинин тизмесин тактады. Бул тууралуу 14-сентябрда расмий маалым болду. Эске салсак, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн саны 2 761 297 киши болгон. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо 3 025 770 шайлоочу катталган. Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрда өтөт, ага 16 партия катышууда. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:47

Акматалиев: Партии набрали слишком много агитаторов, это пугает

Ректор Академии управления при президенте Алмазбек Акматалиев предлагает внести изменения в закон о выборах в Жогорку Кенеш. Об этом он написал в социальных сетях. Так, Акматалиев считает, что необходимо ввести нормы о количестве агитаторов политических партий, так как ряд политорганизаций привлекают для агитации довольно много людей. А это, как полагает Акматалиев, можно расценивать как подкуп избирателей под видом агитаторов. "Во время выборов самыми востребованными являются агитаторы. Через них не только проводятся агитационные работы и распространение буклетов и плакатов, но и другие не совсем законные действия, такие как подкуп избирателей. При этом по закону партии могут привлекать в качестве агитаторов неограниченное количество. В то же время с ними не заключаются договоры. В случае нарушения закона эти агитаторы могут откреститься от партии и заявить, что не сотрудничают с той или иной политорганизацей. Чтобы пресечь подобное явление, необходимо ввести нормы, обязывающие партии заключать договоры с агитаторами. А также нужно на законодательном уровне расписать четкое количество возможных агитаторов", - считает Акматалиев.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:47

Выборы. ЦИК продолжает уточнять списки избирателей

Центральная комиссия по выборам и проведению референдумов (ЦИК) Кыргызстана распространила информацию о списке избирателей. Число избирателей в контрольном списке на выборах депутатов Жогорку Кенеша по состоянию на 4 сентября 2020 года составляет 3 465 415, что больше: по сравнению с предварительным списком избирателей (количество избирателей 3 429 043) на 36 372, рост 1,1 %; по сравнению с числом избирателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша, прошедших 4 октября 2015 года (количество избирателей 2 761 297), на 704 118 - рост 25,5 %; по сравнению с числом избирателей на выборах президента Кыргызской Республики, прошедших 15 октября 2017 года (количество избирателей 3 025 770), на 439 645 - рост 14,5 %. От избирателей на 12 сентября 2020 года поступило 11 264 заявления. Напомним, выборы депутатов Жогорку Кенеша состоятся 4 октября 2020 года.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:48

Кандидат от «Мекеним Кыргызстан» не указывал в декларациях бизнес, будучи главой Госагентства по делам молодежи и спорта

Канат Аманкулов, с 2016 года возглавляющий Госагентство по делам молодежи, физической культуры и спорта, временно сложил свои полномочия для участия в предвыборной гонке. Сейчас он идет под 13-м номером в списке партии «Мекеним Кыргызстан». Хотя еще 4 августа в новостях его указывали как соучредителя партии «Чон Казат» в официальном списке учредителей и руководителей партий, идущих на выборы. Уже в 20-х числах августа появились сообщения, что он баллотируется от «Мекеним Кыргызстан». Economist.kg и проект «Декларатор» сравнили открытые источники с его налоговыми отчетами и не нашли в них упоминаний о фирме по финансовому посредничеству. С кем и чем владеет Аманкулов ОсОО «АКМ ЛТД» — существует с 2009 года и занимается прочим финансовым посредничеством, не включенным в другие группировки. Фирма расположена в Бишкеке, по улице Тоголок Молдо, дом 40. Налоговые отчисления за 11 лет существования составили ноль сомов. У компании три учредителя. osoo.kg Совладельцы: Акматалиев Медетбек Эмильбекович — имеет отношение к Кыргызско-Китайскому заводу по производству взрывчатых веществ «Салют компани» за $6 млн, запущенному в Кеминском районе в 2018 году с участием тогдашнего премьер-министра Муххамедкалыя Абылгазиева. Компания Акматалиева «STER GROUP» является соучредителем «Салют компани» , хотя сама с 2011 года не заплатила в бюджет ни одного сома налогов. Второй его бизнес — компания по добыче минерального сырья и строительного камня «Нарын Групп». Мамбетжанов Адамгазы Карыбекович — о нем известно только то, что он совладелец еще одной фирмы «LITWELL», деятельность которой не указана в учредительных документах. Декларации Аманкулова Сайт «Декларатор» располагает только двумя налоговыми отчетами кандидата — за 2016 и 2018 годы. Согласно им, заработок чиновника в эти годы составлял 505 тысяч сомов и 620.7 тысяч соответственно. Это в среднем по 47 тысяч в месяц. Имущество Аманкулова: недостроенный дом 200м² и земли (15 га), мебель совокупно на 360 тысяч сомов, ювелирных изделий на 300 тысяч, различной техники на 250 тысяч. Близкий родственник в 2016 году за весь год заработал 45 тысяч сомов, в 2018-м — 9.9 тысяч . Но при этом мебели задекларировано на 1.6 млн сомов, а ювелирных изделий на 700 тысяч сомов. Передвигается родственник Аманкулова на Лексусе 350. Отметим, что по закону под близким родственником подразумевается супруга, несовершеннолетние дети или иные граждане, находящиеся на попечении чиновника. Наши материалы Редакция Economist.kg и проект «Декларатор» совместно подготовили 48 (включая этот) материалов о сокрытии депутатами и чиновниками бизнеса в декларациях. В целях беспристрастного освещения работы парламента и контроля прозрачности его деятельности за время совместной работы проводились расследования относительно депутатов всех без исключения представленных в Жогорку Кенеше фракций, включая спикера Дастана Джумабекова.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:48

Тажикстанда президенттик шайлоого беш талапкер катталды

Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттикке беш талапкерди каттады. Ага ылайык, президенттикке Агрардык партия Рустам Латифзоданы, Социалисттик партия Абдухалим Гаффорзоданы, бийликтеги Элдик-демократиялык партия, Эркин кесиптик кошуундар менен Жаштар биримдиги азыркы президент Эмомали Рахмонду, Экономикалык реформалар партиясы Рустам Рахматзоданы жана Коммунисттик партия Мирож Абдуллоевди көрсөттү. Өзүн өзү көрсөткөн жалгыз талапкер Фаромуз Иргашев боюнча кандай чечим чыгары азырынча белгисиз. БШКнын катчысы Навруз Самадзода «Азаттыктын» тажик кызматына ушул тушта Демократиялык партиянын төрагасы Саидджафар Усмонзоданын штабы тапшырган документтер иликтенип жатканын, ал өзү БШКга чакырылганын, чечим жакында чыгарын билдирди. Тажик оппозициясы бул шайооого катышуудан баш тарткан. Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрда өтөт жана бул өлкөнүн эгемен тарыхындагы алтынчы шайлоо болуп калат. Бул шайлоолордун баарында азыркы президент Эмомали Рахмон жеңген. Ал өлкөнү соңку 28 жылдан бери башкарып жатат. Эл аралык коомчулук, Батыш мамлекеттери Тажикстандагы бир да шайлоого «эркин, ачык атаандаштык шартында, демократиялык принциптерге жараша өттү» деп баа берген эмес. Тажикстанда президент жети жылга шайланат.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:48

Үч жарым миллионго чукул шайлоочунун тизмеси такталды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 465 415 кишинин тизмесин тактады. Бул тууралуу 14-сентябрда расмий кабарланды. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн саны 2 761 297 киши болгон. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо 3 025 770 шайлоочу катталган. Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешин шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия катышат.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:48

ЦИК исключила одного кандидата из списка партии «Ыйман Нуру»

ЦИК исключила одного кандидата из списка партии «Ыйман Нуру» Центральная комиссия по выборам и проведению референдумов на заседании 14 сентября приняла решение исключить из зарегистрированного списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша выдвинутого политической партией «Справедливости и развития «Ыйман Нуру» Айпери Муратбек кызы. Как сообщает пресс-служба ЦИК, решение принято на основании личного заявления об исключении из списка кандидатов Айпери Муратбек кызы от 12 сентября 2020 года, руководствуясь статьей 61 конституционного Закона «О выборах президента и депутатов Жогорку Кенеша», статьями 6, 7, 18 Закона «Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов». Источник: reporter.kg

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:48

На выборах депутатов ЖК смогут проголосовать почти 3,5 млн человек. Сколько по форме №2?

По сравнению, чем с выборами президента 15 октября 2017 года количество избирателей увеличилось на 439 645. Количество избирателей в контрольном списке по состоянию на 4 сентября 2020 года составляет: 3 млн 465 тысяч 415, что больше по сравнению с предварительным списком избирателей на 36 тысяч 372 избирателя. Об этом сообщат пресс-служба ЦИК. В Центризбиркоме отметили, что по сравнению на выборах депутатов Жогорку Кенеша прошедших 4 октября 2015 года количество избирателей увеличилось на 704 тысячи 118. По сравнению, чем с выборами президента 15 октября 2017 года количество избирателей увеличилось на 439 645. Кроме того, отмечается количество поступивших заявлений от избирателей по форме 1 и 2. По форме 2% - в эл формате через сервис "Кабинет избирателя" 11 264: Отменено избирателями 237 заявлений; Отменено системными администраторами 389 заявлений; Обработано 8 365 заявлений; На обработке 2 247 заявлений. - в УИК нарочно 253 006: Обработано 192 519 заявлений; На обработке 60 487 заявлений. - в сумме 264 270 заявлений о намерении голосовать по избирательному адресу (в процентном соотношении 7,63 % от общего количества избирателей). по форме 1: - в эл формате через сервис "Кабинет избирателя" - 12; - в УИК нарочно 3 835; - в сумме 3 847 заявлений по уточнению своих данных в списке избирателей. Источник: media-center.kg

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники