О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
13 сентября 2020 г. 1:03

Зайнидин Курманов: “Мекеним Кыргызстан” партиясынын шайлоо алдындагы программасы мени таң калтырды”

Тарых илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Зайнидин Курманов социалдык тармактагы баракчасына партиялардын программалары боюнча көз карашын жарыялады. Профессор башка партиялардын арасынан “Мекеним Кыргызстанды” өзгөчө белгилеп, парламенттик жарыштын фаворити катары сыпаттады. --“Мекеним Кыргызстан” партиясынын шайлоо алдындагы программасы мени таң калтырды. Аталган партияны социалдык тармактарда тепкилебеген адам калган жок. Эринбей окуп чыгыңыздар. Бул социалдык-либералдык идеологияны камтыган максаты анык программа. Партиянын планы алдыдагы 5 жылдыкты гана эмес, андан аркы мезгилди да камтыган. “Мекеним Кыргызстан” партиясы өзүнүн убадаларын гана эмес, жаңы саясий багытты элге сунуштады. Эң башкысы чар жайыт, бири-бирине байланышы жок башкалардан уурдалган идеяларды алып чыккан жок. “Мекеним Кыргызстан” партиясы КМШ мамлекеттер арасында миңдеп саналган катардагы саны бар сапаты жок партия эмес, заманбап идеологиясы бар, жарандарга камкордук көргөн, алардын укугу, эркиндиги маанилүү болгон партия боло алды. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын шайлоо алдындагы программасында көз караштардын системасы орун алган, “жапайы капитализмдин” ордуна “социалдык капитализмди” курууга умтулган идеологиялык партия. Мындай идеология эркиндиги чектелип башкаруунун олигархтык формасы орун алып жаткан Кыргызстанда азыр абдан актуалдуу. Ушундан улам сөз эркиндигин чектөөгө аракет кылган мыйзам долбоорлору жазылып жатат. Мындай системада жарандар мамлекеттин жардамынан үмүт кылбай өз алдынча күн көрүүгө мажбур болот. Буга короновирус пандемиясындагы абал далил. Партиянын программасындагы адам укуктары, жарандык коомдун, бизнестин өнүгүүсү, калкты социалдык колдоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү, башкаруу, аймактардын өнүгүүсү, экономикалык саясат жана башка адамзаттын маанилүү көйгөйлөрүн чечүү жолдору дал ушул социалдык либерализм идеологиясынан келип чыккан. ЕАЭСтин алкагында Евразиялык интеграция маселесине чоң маани берилген. Анткени бизде башка цивилизациялык альтернатива жок. Европа биримдиги да НАФТА да бизди күтпөйт. Албетте Кытай, Иран, Афганистан, Пакистан же Индия менен интеграциялашуу маселесин карап көрсө болот. Бирок кантип? Программа жөнөкөй тилде жазылып, “Кыргызстан аймактагы ийгиликтүү модернизацияланган мамлекет катары башкаларга үлгү боло алат” деген чакырык менен аяктаган. Бул партиянын талапкерлери Жогорку Кеңешке келип калса программасын ишке ашырууга киришүүсүн абдан каалайт элем. Ушундай жагдайда Кыргызстан таптакыр башкача, өнүккөн мамлекетке айлана алат. Зайнидин Курманов, тарых илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.м

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:03

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо алдындагы программасы

Биз, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү – жаратман жана бир пикирдеги санаалаштарбыз. Партия мүчөлөрүндө саясий ишмердик жана башка ар кайсы тармактар боюнча, мамлекеттик башкаруудан тарта жумуш орундарын түзүүгө чейинки иште зор тажрыйбасы бар. Жашыбызга, жынысыбызга, улутубузга, диний ишенимибизге жана тек-жайыбызга карабай бизди жалпы бир түшүнүк – Кыргызстанды кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантабыз деген ой бириктирди. Коронавирус пандемиясынан кийин азыр дүйнө жүзү менен катар Кыргызстанда да системдүү туташ кризис байкалууда. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында андан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган. Биз бул багытта өлкөдөгү бардык конструктивдүү саясий күчтөр, жарандык коом жана жер-жерлердеги лидерлер менен иштешүүгө даярбыз жана каалайбыз. Себеби «Мекеним Кыргызстан» – бул ар бир кыргызстандыктын партиясы. «Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөдөгү кырдаал боюнча такай социологиялык мониторинг жүргүзүп турат. Кыргызстандын элин кандай негизги проблемалар түйшөлтүп жатканына биз дайыма абай салып турабыз. «Мекеним Кыргызстандын» командасында ишке ашыруу механизминин негизинде социал-либералдык идеология жактан көптөгөн новатордук, антикризистик идеялар бар. Биздин максат: Өнүккөн рынок экономикасы менен социалдык багыттагы мамлекет куруу; Ар бир жарандын жашоо шартын жакшыртуу. Биздин приоритеттер: Жеке эркиндик; Экономикалык эркиндик; Коомдун жана мамлекеттин жеке менчикти сыйлоосу; Мүмкүнчүлүктөр теңдиги. Анын ичинде укуктук жана саясий теңдик; Толеранттуулук, сабырдуулук жана айкөлдүк. Биздин принциптер: Улуттук кызыкчылыктарга приоритет; Эркин экономикалык жана саясий атаандаштык; Либералдык-плюралисттик башкаруу; Бейпилдик жана ынтымак-ырашкерлик; Рационализм жана прагматизм; Бардар эл жана бакубат өлкө. Элибиз – эң башкы байлыгыбыз! Мамлекет эл үчүн – бул коомчулуктун суроо-талабына ыкчам жооп берген заманбап мамлекет. Өз жарандарына сапаттуу жана өз учурунда кызмат көрсөткөн мамлекет. Күчтүү жана эффективдүү, ошол эле учурда болушунча ийкем, максатка ылайыктуу жана жөндүү принциптерди активдүү колдонгон мамлекет. «Мекеним Кыргызстан» партиясы мамлекеттик башкарууга эффективдүү механизмди киргизүүгө ынтызар. Биздин сунуш: – Мамлекеттик аппаратты модернизациялоо: штаттык санды кыскартып, мамлекеттик органдардагы кайталанган функцияларды жоюу, жеке тараптарга аутсорсингге берүүгө мүмкүн болгон керексиз функциялардан арылуу; – Оптимизация жана функцияларды кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен министрликтер менен ведомстволорду бириктирүү; – Көп функционалдуулук принцибин киргизүү. Вице-премьерлер менен тармактык министрликтердин башчыларынын функцияларын бириктирүү. Ушул эле жол аркылуу министрлер менен башкармалыктардын жетекчилеринин функцияларын айкалыштыруу; – Мамлекеттик кызмат системасына кадр тандоодо компетенттүүлүк стандарттарына жана коомчулук ишенимине дал келген жаңы механизмдерди киргизүү; – Жогорку Кеңеш депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу. Азыркы учурда ар бир депутатты кармоодо мамлекет жылына болжол менен 6 жарым миллион сомдой чыгымга учурайт. Өзгөчө соңку чакырылыштагы депутаттар ишке каалаганда келип-кетүү, же себепсиз келбей коюу, кнопка басуу (ордунда жоктор үчүн кыдырып добуш берүү), өз оюн таамай айта албагандардын арбындыгы, элдин мүдөө-талабын эске албай, ар кандай кызыкчылыктардын таламын талашуу менен парламенттин беделин кетирип бүттү. «Мекеним Кыргызстан» ушундан улам парламентте депутаттардын саны эмес, сапаты маанилүү деп эсептейт. Кыргыз парламентаризминин акыркы он жылдыктагы тарыхы көп депутат – мыкты парламент дегенди түшүндүрбөсүн далилдеди. Депутаттык корпусту кыскартуу бери дегенде бюджеттик каражатты үнөмдөп, ары дегенде парламент ишмердигинин натыйжалуулугун арттырат. Ошондо партиялар шайлоо тизмесин эптеп толтурбай, ич ара иргеп, тандоого өтөт. Парламентке элдин таламын талашкан, билимдүү, чыныгы элдик лидерлер келишине жол ачылмак. Бул сунуштардын айрымдарын ишке ашыруу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү талап кылынгандыктан «Мекеним Кыргызстан» шайлоодон жеңип чыкса дароо референдум өткөрүү демилгесин козгоп, кол топтоого киришет. Биринчи байлык – ден соолук Советтер Союзу урап, Кыргызстан эгемендик алгандан көп өтпөй бир катар эл аралык донор уюмдардын катышуусу менен өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо башталган. Бирок андан бери 30 жылдай өтсө да ал реформалардан жакшы майнап чыкканы байкалган жок. Өзгөчө коронавируска байланышкан соңку жагдай бул тармактагы абал кандай экенин ачык-айкын көрсөтүп койду. Демек, тармак жаңыча мамилеге, жаңы реформаларга муктаж. Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасындагы негизги проблемалар: – мамлекеттик медицина системасында айлык акынын аздыгы; – эскирген инфраструктура; – тейлөө сапатынын начардыгы; – атаандаштыктын төмөндүгү; – башкаруунун жана жөнгө салуунун алсыздыгы; – расмий эмес төлөмдөрдүн көптүгү. Бул тармактагы улуттук жана башка программалардын көпчүлүгү негизинен эл аралык уюмдардын финансылык колдоосу менен ишке ашкан, же ишке ашууда. Анда эч кандай мамлекеттик каржылык салым жок. Азыр бул тармак финансылоодо чоң кыйынчылыктарды баштан кечирип жатканын ачык моюнга алуубуз керек. Натыйжада мыйзамда жазылган баарына бекер жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтөбүз деген сөздөр кагазда гана калууда. Демек, бөлүп-бөлүп реформалоо бул тармакты оңдой албасын моюнга алуу зарыл. Баскыч-баскыч менен реформалоо парадигмасы өзүн актаган жок. «Мекеним Кыргызстан» саламаттыкты сактоо тармагын кардиналдуу өзгөртүү концепциясын иштеп чыкты. Анын өзөгү бул системага тезинен рыноктук механизмдерди киргизүүдө жатат. Эгер биз өлкөнүн бардык аймактарында заманбап ооруканалар болушун жана баарыбыздын колубуз жеткидей реалдуу, ыкчам медициналык тейлөөнү кааласак, анда ушундай кескин чараларга барышыбыз зарыл. Грузиянын тажрыйбасы реформа башталгандан тарта эки жыл ичинде эле бүт өлкө боюнча көп профилдүү заманбап ондогон оорукана салып койсо болорун көрсөттү. Алар буга саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик функционалдын бир тобун жеке секторго которуу менен жетишти. Ар кандай изилдөөлөр Кыргызстандын жакыр катмардагы жарандары ооруканага түшүп калса жылдык кирешесинин 70 пайыздан ашыгын короторун аныктаган. Көптөр дары-дармек жана дарылануу акысын жабуу үчүн болгон мүлкүн сатууга же ири карыз алууга аргасыз. Мунун айынан салттуу эмес, далилсиз медицинага, тактап айтканда, эмчи-домчуларга кайрылгандардын катары калыңдап баратат. Биздин сунуш: – Ооруканалар тармагын өнүктүрүү, рыноктук принциптер менен ооруканалардын инфраструктурасын толугу менен кайра куруу боюнча мамлекеттик программа кабыл алуу. Ал үчүн кызматташтык принциби менен инвесторлорду тартуу керек: жер, имарат, адамдык ресурстар – мамлекет тарабынан, имаратты модернизациялоо, дарылоо технологиясы – инвестордон; – Медициналык камсыздоо системасын өзгөртүүнү – жеке, анын ичинде чет элдик камсыздоо компанияларынын кызмат көрсөтүүсүн мамлекеттик медициналык камсыздоо менен бирдей шартка ылайыктап, жөнгө салуу. Ар бир адам камсыздоонун кайсы түрү ыңгайлуу экенин өзү тандашы керек; – Жакыр катмардагы жарандар жана пенсионерлер үчүн кайсы жакта катталганына карабай өлкө ичиндеги өзү каалаган дарылоо мекемесинде (менчигинин түрүнө карабай) колдонууга мүмкүн болгон медициналык сертификатты же ваучер системасын киргизүү. Бул бейтапка өз алдынча оорукана тандаганга эле жардам бербей, медициналык мекемелер арасында атаандаштыкты да күчөтөт. Бул үчүн менчик клиникаларды кардарларынын 5 пайызын бекер дарылоого милдеттендирүү зарыл; – Бүт өлкө боюнча социалдык дарыканалар түйүнүн ачуу. Бул түйүн үчүн эң зарыл дары-дармектерди өз баасында сатуу жолдорун иштеп чыгууну жана ал үчүн салыктык жеңилдиктерди, укук коргоо органдары тарабынан текшерүүлөргө иммунитет берүүнү сунуштайбыз; – Онлайн медициналык кызмат көрсөтүү өнүгүүсүн стимулдаштыруу. Бардык врачтар компьютер жана үзгүлтүксүз байланыш каражаттары менен камсыздалбаган шартта, албетте, бул идея утопиядай сезилет. Андыктан биз президенттин мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү программасынын алкагында эл аралык банктардан беш жыл аралыгында кайтаруу шарты менен медициналык тейлөөнү санариптештирүү программасын колдоого жеңилдетилген насыя алуунун механизмдерин иштеп чыгууну сунуштайбыз; – Саламаттыкты сактоо тармагын модернизациялоо программасынын бир бөлүгү катары сергек жашоону жана оорулардын алдын алуу боюнча өзүнчө программа иштеп чыгуу; – Медицина кызматкерлерин социалдык жактан камсыздоо системасын жакшыртуу. Ал айлык акылардын үзгүлтүксүз индексациялоосун да камтыйт. Билими күчтүү миңди жыгат Билим берүү – жакырчылыкты кыскартуу менен экономикалык өсүшкө түрткү берүүчү эң таасирдүү инструменттердин бири. Мамлекеттин милдети – заманбап талаптарга жооп берген, сапаттуу жана бардыгы үчүн жеткиликтүү билим берүү системасын түзүү. Мектептеги билим берүү боюнча биздин сунуштар: – Жаңы мектептерди куруу, авариялык абалдагы мектептерди сапаттуу оңдоп-түзөө үчүн бизнес менен өнөктөштүк боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгуу. Өнөктөштүк эки тарапка тең пайдалуу болгудай шартта түзүлүшү керек. Ишкер мектеп курууга, же оңдоп-түзөөгө салган каражатынын ордуна салыктык жеңилдиктерди алууга тийиш; – Окуучулары аз жана мугалим жетишпеген айыл жерлерине чакан мектептерди куруу саясатынан окуучуларды жакын жердеги башка чоңураак мектептерге ташуу саясатына өтүү керек. Бул үчүн «Мектеп автобусу» деген улуттук программа иштеп чыгуу зарыл. Мындай программа аймактарда жолдорду куруу жана реабилитациялоо долбоорунун өнүгүүсүнө түрткү берүүчү катализаторго айланат; – Мугалимдердин социалдык абалын өзгөртүү жолдорунун бир чечими катары аларга айлык акы чегерүүдө бирдиктүү тарифтик торчо системасына кайтуу; – Жалпы билим берүүчү негизги предметтер: математика, физика, химия, биология, география, тарых, орус жана кыргыз тили сабактарынын саатын көбөйтүү үчүн мектептик билим берүүнүн мазмунун кайрадан карап чыгуу. 2012-жылы бул сабактардын сааты негизсиз кыскарып калган. Жогорку билим берүү багытында биздин сунуштар: – Өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайларды көз карандысыз эл аралык комиссиялар аркылуу аккредитациядан өткөрүү. Анын жыйынтыгы менен билим берүүнүн жогорку талаптарына жооп бербеген окуу жайлар жабылышы керек; – Эмгек рыногу талап кылган ар кайсы кесиптерге кадрларды даярдоо боюнча улуттук программа иштеп чыгуу; – Жеңилдетилген шартта окутуу программасын киргизип, анын натыйжасында жаш адистерди мамлекеттик тапшырма менен аймактарда ишке орноштуруу; – Жогорку окуу жайлар менен бизнестин ортосунда эки тарапка тең пайдалуу шартта кызматташуу боюнча байланыштарды түзүү. Мамлекет профессионалдык-техникалык жана атайын орто билим берүү системасына көңүл бурушу керек. Эмгек рыногунда азыр жумушчу кесиптеги адистерге муктаждык күч. А бизде атайын даярдыктагы техникалык адистер жетишсиз жана гуманитардык багыттагы кадрлар, маселен, юрист, экономист, же эл аралык байланыштар боюнча адистер ашыкча даярдалууда. Маданият – жан дүйнө азыгы Маданият менен искусство бюджеттик саясатта приоритеттүү багыттардын катарында турууга тийиш. Аларды эң акырында, калган-каткан акча менен финансылоону токтотуу керек. Маданият жана искусство, алардын деңгээли адам капиталынын сапатына түздөн-түз таасир этет жана экономикалык-социалдык өнүгүү үчүн таасирдүү ресурс болуп саналат. Биздин сунуш: – Маданият жана искусство тармагында айлык акыларды жогорулатууну камсыздоо; – Иштебей жабылып калган маданият үйлөрү менен китепканалардын имараттарын жаңы маданий жайларга айлантуу боюнча программа иштеп чыгуу; – Меценаттыкты коомдогу жаңы салт катары жайылтууну мамлекеттик деңгээлде колго алуу; – Архив, китепкана жана музейдеги материалдардын фото, аудио, видеофонддорунан бирдиктүү электрондук фонд түзүп, бирдиктүү маалымат системасы аркылуу маданий мурастардын абалын жана пайдаланылышын көзөмөлдөө. Каалоочулардын аларды онлайн форматта көрүүсүн камсыздоо; – Кыргыздын айнаамасын жана Орхон-Енисей жазууларын – Түштүк Сибирь менен Борбор Азиянын байыркы түрк рун жазуулары эстелигин ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн мамлекеттик деңгээлде иш алып баруу. Үйсүз үй-бүлө – үнсүз булбул Бюджеттик кызматкерлер, жакыр катмардагы жарандар жана аймактардагы жашоочулар үчүн үй-жайга ээ болуу оңой эмес маселе бойдон калууда. Мамлекеттик ипотекалык компания бул багыттагы жагдайды жакшыртууга аракеттенип жатканы менен, турак жай менен камсыздоо программасы туруктуу каржылоого муктаж болгондуктан үзгүлтүк менен ишке ашууда. Биздин сунуш: – Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердигин оптимизациялоо; – Өлкө бюджетине оорчулукту азайтуу максатында арзан турак жай сатып алууга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган компаниянын программаларын каржылоонун кошумча булактарын табуу жана тартуу; – Бара-бара сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен социалдык турак жайды ижарага алуу программасын иштеп чыгуу; – Аймактарда ири долбоорлорду ишке ашырып жаткан жергиликтүү ишкерлер менен инвесторлорду өздөрүнүн социалдык программаларынын алкагында жергиликтүү тургундар үчүн үй салып берүүсүнө стимулдаштыруу; – Аймактарда жеке турак жай курулушун өнүктүрүү механизмин карап чыгуу. Мындай механизмдин алкагында мамлекет иш берүүчүнүн каражаты менен турак жай курулушун биргелешип каржылоо үчүн субсидия бере алат. Жумуш берүүчү мындай турак жайды өз кызматкерлерине ижарага берсе болот. Беш жыл иштегенден кийин ижарачы бул турак жайды курулуштун болжолдуу наркынын 15 пайыздан ашпаган баасы менен менчикке өткөрүп алуу укугуна ээ болот. Мындай механизм региондорго жаш адистерди тартуу менен гана чектелбестен, жер-жерлерде ушул тармакка тиешелүү инфраструктураны баскыч-баскыч менен өнүктүрүүгө түрткү берет; – Бишкек жана Ош шаарларында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын алкагында мугалим жана дарыгерлер үчүн эки жыл аралыгында экиден көп кабаттуу үйлөрдү куруу. Күчтүү коом – күчтүү эл Кыргыз Республикасы – коомдук турмушка активдүү аралашкан бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын саны, таасири боюнча Борбор Азиядагы лидер өлкөлөрдүн бири. Демократиялык баалуулуктар биздин маданият менен жуурулушуп, активдүү жарандык позиция менен сөз эркиндиги айкалышкан уникалдуу моделди жаратты. 2020-жылы Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде 82-орунду ээледи. Салыштырып караганда, ушул эле рейтингде Казакстан 157, Өзбекстан 156, Тажикстан 161-орунда турат. «Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөдө сөз эркиндигин чыңдоого жана жарандык коомду өнүктүрүүгө багытталган бардык мыйзамдык демилгелерди колдоо ниетинде. Бүгүнкү күндө ар кайсы өлкөлөрдө, анын ичинде бизде да интернетти түрдүү жолдор менен чектөө чаралары жана мыйзамдар менен тескөө аракеттери болууда. Эл аралык коомчулук бир канча убакыттан бери интернеттин жалпы конституциясын (кодекс) кабыл алуу маселесин талкуулоодо. Мындай конституцияны кабыл алуу, маселен БУУнун алкагында улуттук деңгээлде интернет-эрежелерин киргизүүгө байланышкан көптөгөн проблемаларга бөгөт коюуга, же алдын алууга шарт түзмөк. Жогорку Кеңеште «Маалыматты манипуляциялоо боюнча» мыйзам долбоору кабыл алынышы кыргыз коомчулугунда кеңири талкууланды. Демек, бул маселеге эл да тынчсызданат. «Мекеним Кыргызстан» партиясы мындан ары интернет-конституция (кодекс) маселеси улуттук деңгээлде чечилишин күтүп тура албайт. Биздин сунуш: – Өзүбүздүн кыргыз интернет-конституцияны (кодексин) иштеп чыгуу керек. Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин дароо долбоорду даярдоо боюнча жумуш тобун уюштуруу. Ага жарандык коомдун кадыр-барктуу өкүлдөрү, журналисттер, бийлик өкүлдөрү жана депутаттар милдеттүү түрдө кириши керек. Кыргыз интернет-конституциясынын долбоору кеңири коомдук талкуудан өтүүгө тийиш. Иштин башы – ишкерлик Жакынкы он жылдыкта чакан жана орто бизнес экономикалык өнүгүүнүн локомотивине айланат. Кризис шартында көптөгөн ири компаниялардын кайра өзүнө келип, чыгашаларын жабуу менен киреше табууга өтүүсү бир үй-бүлөнүн масштабындагы кичи ишканаларга салыштырмалуу кыйыныраак. Бизнес менен ишкерликти өнүктүрүүнү стимулдаштыруу боюнча биздин сунуш: – Бизнести каттоодогу жана жүргүзүүдөгү бардык процедураларды кардиналдуу түрдө кыскартуу жана жөнөкөйлөтүү. Анын ичинде уруксат берүү, башкача айтканда, ишкана ачуудан тарта аны электр жана суу менен камсыздоо тутумуна туташтырууга чейинки жол-жоболорду да; – Уставдык капиталды кыскартып, кийин биротоло жоюп салуу; – Лицензиялоо жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү; – Лицензиялык ишмердик тизмесин кыскартуу; – Кризистик шартта бир жылга көчө соодасына эч кандай документтерсиз уруксат берүү, базарлардагы соодагерлерден патент үчүн төлөм алууну токтотуу. Doing Business-2020 рейтингинде Кыргызстан 80-орунду ээлеп, бир жылда он позицияны жоготту. «Мекеним Кыргызстан» 2025-жылы бул рейтингде алгачкы «жыйырмалыкка» түшүүнү максат кылууда. Санарип каганат Акыркы эки жылда Кыргызстан санариптешүү жана IT-технологияны өнүктүрүү жолунда байкаларлык алдыга жылды. Коронавирус пандемиясы менен карантин шарты ар бир үйгө жана бизнеске санарип технологияларды киргизүү жараянын болушунча тездетти. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын бул процессти мындан да тездетип, Кыргызстанды Борбор Азия менен Европаны, Азия менен Жакынкы Чыгышты байланыштырган IT-хабга батыраак айлантуу үчүн жаңы идеялары бар. Биздин сунуш: – Мамлекеттик деңгээлде, анын ичинде электрондук өкмөттө санариптештирүү чөйрөсүндөгү амбициялык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү, бардык мамлекеттик органдардын жана мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин арасында санариптик технологиялар боюнча маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу. Мамлекеттик сектордо иштегендер жана иштөөнү каалагандар үчүн жаңы стандарттарды иштеп чыгуу керек. Азыркы реалдуулукта колдонуучу катары компьютер кучактап отуруу жетишсиз. – Өлкөнү бүтүндөй интернеттештирүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасын иштеп чыгуу. Интернет арзан жана ар бир адамдын колу жеткидей болушу керек; – Санарип трансформация боюнча инновациялык билим берүү программаларын иштеп чыгуу; – IT тармагындагы бизнестин бардык түрлөрү үчүн максималдуу либералдашууну камсыз кылуу. – Жалпы IT-инфраструктурасын пайдаланууну, ачык маалыматтарды жана маалымат алмашууну, электрондук төлөөлөрдү жөнгө салуучу эрежелердин жана жол-жоболордун кодексин иштеп чыгуу жана кабыл алуу; – IT чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдарды карап чыгып, болгон кемчиликтерди жоюу жана зарыл болгон учурда жаңы мыйзамдарды кабыл алуу; – Интернет-маркетингинен тарта QA-инженерлерине чейинки IT тармагындагы кесипкөй адистерди көбөйтүү боюнча мамлекеттик тапшырма коюу. Ар кайсы деңгээлдеги билим берүү мекемелериндеги бул адистиктер мамлекеттик деңгээлде колдоого алынышы керек; – ЕАЭБ линиясы менен Бишкекте санариптешүүнүн глобалдык тенденциялары жана анын негизги чакырыктары боюнча форум өткөрүү. Мындай форум жыл сайын өтүп, бара-бара ал санарип жаатында кыргыз Давосуна айланышы мүмкүн. Жашыл экономика – жаркын келечек Акыркы он жыл ичинде Кыргызстанда стационардык булактардан чыккан заттар 50%га көбөйгөн. Айыл чарбасында гербициддерди колдонуу 85 пайызга чейин өстү. Жайыттар жабыркап баратат. Токой фондусунун аянты 20 пайыздай кыскарган. Азыркыга чейин бир катар айылдардын калкы ичүүчү таза сууга жетпей келет. Адамдардын иш-аракеттеринин натыйжасында мөңгүлөрдүн аянты азайып баратат. Бирок региондогу коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда экологиялык абал жакшыраак. Алардан айырмаланып бизде ири химиялык жана башка зыяндуу ишканалар жок жана электр энергиясынын дээрлик 90 пайызы ГЭСтерден алынат. Ушул негизде биз региондо «жашыл экономиканын» өнүгүү аянтчасына, анын технологияларын өткөрүүчүсүнө айлана алабыз. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү эл алдындагы, кийинки муун алдындагы жоопкерчилигин, Кыргызстан келечекте кандай болорун, андагы экосистемалар кандай сакталарын жана биздин балдарыбыз канчалык таза аба менен дем аларын толук түшүнүп, сезип турабыз. Биздин сунуш: – Транспорттун жогорку сапаттагы бензинге, газга же электр энергиясына өтүшүнө, ошондой эле күйүүчү-майлоочу майларды сертификациялаган лабораториялардын ишине байланыштуу ЕАЭБ эрежелеринин аткарылышына катуу көзөмөлдү камсыз кылуу; – Транспортуна экологиялык таза күйүүчү майларды пайдаланган бизнес-ишканаларга салык жеңилдиктерин берүү; – Бишкек жана Ош шаарларында коомдук транспорт системасын баскыч-баскычы менен масштабдуу реконструкциялоо программасын иштеп чыгуу; – Көмүр колдонгон жылуулук электр станцияларын жана от казандарын куруудан баш тартуу; – Жеке сектордо жылытууну энергия үнөмдөөчү газ мештерине тезинен которуу; – Суук мезгилде электр энергиясына дифференциалдуу тариф киргизүү; – Күндөн жана шамалдан электр энергиясын алууну өнүктүрүү; – Бардык мамлекеттик мекемелерди энергия үнөмдөөчү чырактарга өткөрүү; – Көчөлөрдү жарыктандырууну энергия үнөмдөгөн чырактарга которуу; – Био жер семирткич өндүрүүнү стимулдаштыруу; – Мал чарбасында зыяндуу дары-дармектерди, анын ичинде антибиотик менен анаболиктерди колдонууга катуу көзөмөл киргизүү; – Экологиялык таза айыл чарба продукциясын өндүрүүнү мамлекеттик деңгээлде колдоо; – «Жашыл» ишкерликти колдоо. Мекен айылдан башталат Кыргызстан – агрардык өлкө. Калктын 60 пайыздан ашууну экономиканын дал ушул тармагында мээнет кылат. Биздин айыл чарбанын, анын ичинде экспорттун потенциалын көтөрүү үчүн багбанчылыкты өнүктүрүүгө кунт коюу зарыл. Көп жылдык бак өсүмдүктөрүнүн түшүмүн сатуу рентабелдүү бизнес жана ушул багытты өркүндөтүү абзел. Маселен, Молдова мурда бизден грек жаңгагын сатып алчу. Кийинчерээк өздөрү 15 миң гектар жерге жаңгак өстүрүп, азыр анын түшүмүн сатуудан эле жылына 100 миллион евродой пайда табат. Кыргызстан үчүн алма, өрүк, гилас, шабдалы жана башка интенсивдүү бак өсүмдүктөрүнө ылайыкташкан айыл чарба бирикмелерин түзүү абзел. Алар мол түшүм бергендиктен көбүрөөк рентабелдүү. «Мекеним Кыргызстан» ушундан улам «Кыргызстан бактары» улуттук программасын ишке ашырууну сунуштайт. Жер реформасынын натыйжасында Кыргызстан майдаланган, чакан айыл чарба өндүрүшүнө ээ болду. Бирок биз азыр күч-аракетибизди чарбаларды формалдуу кеңейтүүгө багыттабашыбыз керек. Азыр негизинен кооперация же кызматташтыкты чыңдоого көңүл буруу зарыл. Бизге азыр фермерлер өз продукцияларын сата турган соода-логистикалык борборлор тармагы, ошондой эле айыл чарба техникаларын лизинг же ижарага алуу мүмкүнчүлүгү бар тейлөө станциялары керек. Ар бир аймакта фермерлер үчүн өз бизнесине тиешелүү бардык суроолорго жооп жана сунуш ала турган консультативдик борборлорду түзүү зарыл. Элет өнүксө – эл өнүгөт Соңку жылдары мамлекеттин саясаты аймактарга жүз бурду. Муну биз кош колдоп колдойбуз. Дал ошол күчтүү аймактар – өлкөнүн өнүгүүсүнүн өзөгү. «Мекеним Кыргызстан» партиясы азыр аймактарга бизнести тартуу, жер-жерлерде өндүрүштү жана ишкерликти өнүктүрүүгө дем берүү үчүн колдон келгендин баарын жасоо керек деп эсептейт. Бул багытта алдыга жылуу үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайбыз: – Региондордо энергетикалык, транспорттук, маалыматтык-коммуникациялык жана социалдык-маданий инфраструктураларды түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун аныктоо. Ар бир аймак үчүн сунушталган долбоорлордун каталогун түзүү; – Табигый ресурстарды казуудан түшкөн пайданы мамлекет, жер казынасын пайдалануучулар жана жергиликтүү жамааттар ортосунда адилет бөлүштүрүүнү камсыз кылуу. Бул аймактардын кирешесинин өсүшүнө оң таасирин тийгизет. – Кен байлыктарды казуудан жана иштетүүдөн тышкары “жашыл” экономиканы өнүктүрүүнүн алкагында курулушка, өндүрүшкө, IT-долбоорлорго кызыкдар инвесторлор үчүн фискалдык жана административдик жеңилдиктерди берүү жолу менен региондордогу инвестициялык климатты жакшыртуу. – Өз шаарларын жана айылдарын өнүктүрүүнүн стратегияларын жана долбоорлорун пландаштырууга жергиликтүү тургундарды тартуу менен стратегиялык сессияларды өткөрүүнүн методологиясын киргизүү. Акырындап аймактардын финансылык көз карандысыздыгын чыңдоо. Экономиканы өнүктүрүү менен региондордо жашаган калктын турмуш шарты жакшырышын камсыз кылуу. – Туризмди активдүү өнүктүрүү. Кыргызстан – жаратылышы кооз өлкө. Ар бир аймак туризмдин кайсы багытын өнүктүрө аларын аныктоого тийиш. А мамлекеттин милдети – ошол багытты колдоону камсыз кылуу. Облустар үчүн өнүгүү долбоорлору Баткен облусунда күрүч, рапс, соя, ошондой эле мөмө-жемиштерди өстүрүүгө багытталган тамак-аш жана кайра иштетүү тармактарын, айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүнү демилгелөө керек. Аты алыска кеткен айтылуу Баткен өрүгү аймактын визиттик карточкаларынын бири жана экспорттун эн белгиси болуп калышы керек. Жалал-Абад облусунда электр энергиясын, электрониканы, көмүр казып алуу жана башка пайдалуу кендерди өндүрүүнү андан ары өнүктүрүү зарыл. Баарынан мурда пахта өндүрүүгө жана уникалдуу жапайы жаңгак токойлорунун түшүмүн кайра иштетүүгө адистешкен айыл чарба тармагын өнүктүрүү керек. Мындай географиялык жайгашууда рекреациялык инфраструктураны өнүктүрүү да абдан маанилүү. Ысык-Көл облусунда эс алуучу туристтик инфраструктураны интенсивдүү өнүктүрүү зарыл. Ошондой эле транспорттук жана коммуникациялык инфраструктураны да. Органикалык жашылчалар менен жемиштерди өстүрүү жана кайра иштетүү өтө кирешелүү болот. Мындан тышкары Ысык-Көлдө спорттук медицина тармагында кызмат көрсөтүү структурасын иштеп чыгуу керек. Ошондо бизге өздөрүн калыбына келтирүү жана реабилитациялоо үчүн КМШнын бардык өлкөлөрүнөн спортчулар келмек. Нарын облусу өзүнүн географиялык жайгашуусун колдонуп, соода-логистикалык потенциалын өнүктүрсө болот. Нарында ошондой эле жогорку өнүмдүү мал чарбачылыгы үчүн да бардык шарттар бар. Аймак акыркы жылдары этно туризмдин сүйүүчүлөрү үчүн да жагымдуу жайга айланууда. Экологиялык жана медициналык туризмдин багыттары да перспективдүү болушу мүмкүн. Ошондой эле «Нарын» ЭЭАсынын өнүгүүсүнө жаңы дем берүү керек. Ош облусунун экономикасы үчүн жеңил, кайра иштетүү өнөр жайын, ар тараптуу айыл чарба тармагын, биринчи кезекте бакча өсүмдүктөрүн жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүү локомотив болушу мүмкүн. Тоо-кен тармагы да алардын катарында. Экологиялык, этно, ошондой эле “зыярат” туризмин өнүктүрүү да маанилүү, анткени аймакта көптөгөн мазарлар, ыйык жайлар, мечиттер бар. Заманбап байланышты, мунай өнөр жайын, түштүк регионунун чет мамлекеттер менен соода жүргүзүүсүн, ошондой эле эки тараптуу сооданы камсыз кылган инфраструктураны өнүктүрүү зарыл. Суу түтүктөрүнүн жана ирригациялык системанын курулушун улантуу да маанилүү маселе. Талас облусунда кайра иштетүү өнөр жайын түзүү, айыл чарба продукцияларын, тамак-аш азыктарын өндүрүү жана аларды экспорттоо, байланышты өнүктүрүү маанилүү. Мындан тышкары бул аймакта маданий жана тарыхый туризмди да өнүктүрсө болот. Чүй облусу үчүн логистикалык борборлорду өнүктүрүү, IT-паркка инвестицияларды тартуу, инфраструктура, тоо-кен байлыктарын казуу, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана билим берүү мекемелеринин деңгээлин жогорулатуу приоритеттүү багыт болуп саналат. Мекендин кадыры алыстан билинет Активдүү эмгек миграция акыркы он жылдыкта постсоветтик аймакта трендге айланып калды. Бул биринчи кезекте мигрант өз мекенинин социалдык-экономикалык абалына байланыштуу татыктуу айлык төлөгөн жумуш таппай жатканынан келип чыкты. Кыргызстан болсо негизинен Орусия менен Казакстанга жумуш күчүн жиберчү өлкөгө айланып калды. Мамлекет эмгек мигранттарынын агымынын өсүшүн өлкөнүн нормалдуу өнүгүүсү жана улуттук коопсуздук үчүн коркунуч катары карашы керек. «Мекеним Кыргызстан» өлкөнүн миграция саясатында эмгек миграциясын азайтууга жана мигранттардын мекенине кайтуусуна шарт түзгөн жаңы стратегия зарыл деп эсептейт. Жаңы стратегия эмгек мигранттарын коргоо жана ар тараптуу колдоонун так механизмдерин аныкташы керек. Аны иштеп чыгуу үчүн мигранттар коомчулугунун жана ушул багытта тажрыйбасы бар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган жумуш тобун түзүү зарыл. Ошол эле учурда биз башка өлкөлөрдө туруктуу жашаган мигранттар жана мекендештер үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайбыз: – Чет өлкөлөрдө таанылган диаспора лидерлерине ардактуу консул макамын ыйгаруу; – Башка өлкө жарандыгын алган мекендештерибизге Кыргызстанда өз жарандары менен бирдей, тоскоолдуксуз экономикалык ишмердик жүргүзүү укугун берген атайын карта – «Мекен Карт» берүү; – Мекенинде бизнес ачууну каалаган мекендештерге Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондусунан насыя алуу жол-жоболорун жеңилдетип берүү; – Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын биринчи орун басарынын ыйгарым укуктарына эмгек мигранттарынын – мекендештердин укуктарын коргоо маселесин киргизүү. Бир сап менен Тышкы саясат: «Мекеним Кыргызстан» евразиялык жана терең региондук интеграцияга багытталган стратегиялык курсту колдойт. Коррупцияга каршы күрөш: мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармагын 2025-жылга чейин толук санариптештирүү. Бажы көзөмөлү менен салык кызматындагы процесстердин ачыктыгы жана автоматташтырылышы. Коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган соттук-укуктук системаны реформалоо. Чек ара: мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча комиссия туруктуу негизде иштөөгө тийиш. Ыктыярчылар: ыктыярчылар күнүн негиздеп, алардын аракетин мамлекет ар тараптан колдоого алуусу керек. Инфраструктураны өнүктүрүү: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун тездетүүнү колдоо. Нарында жергиликтүү элдин макулдугу менен ири логистикалык борбор ачуу, эл аралык ишенимдүү инвестор менен биргеликте «Манас» аэропортунда жүк ташуучу борборду куруу. Республикадагы аэропортторду калыбына келтирүү боюнча инвестициялык программа. Салык: «Бир өлкө – бир салык» принцибин киргизүү. Башкача айтканда, бардык салыктарды жоюп, ишкерлик жүгүртүүгө салынган бир гана салыкты калтыруу. Административдик-аймактык реформа: беш жыл аралыгында облустарды жоюп, райондорду ирилештирүү жана үч баскычтуу башкарууга өтүү: республика – аймак – айыл. Соңку сөз «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы – өлкө турмушунун ар кайсы багыттары боюнча реалдуу долбоорлор топтому. Программа популизмден алыс жана өзгөчөлүктөргө бай. Анда коомдогу актуалдуу маселелер эске алынып, аларды чечүүнүн жолдору келтирилди. Албетте, баарын бир программага камтуу мүмкүн эмес. Биз өзүбүзгө андай максат да койгон жокпуз. Биз партиянын программасы баарыбызга жана ар бирибизге түшүнүктүү, элдик программа болушун каалайбыз. Ошондон улам ал жөнөкөй, жупуну тилде жазылды. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү ушул программада зарылдыгы көрсөтүлгөн көптөгөн мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга катышууга даяр. Биз Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, дүйнөнү кезектеги көчө революциясы эмес, интеллектуалдуу революция, инновация жана жаңы идеялардын революциясы менен таң калтырарына ишенебиз. Кыргызстан региондогу ийгиликтүү модернизациянын үлгүсү боло алат жана ошондой болууга тийиш. Чыгыш Азияда азыр төрт «жолборс» бар. Эми Борбор Азия «барстарынын» мезгили келди. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:03

Видео - Балбак Түлөбаев элди шайлоодо алданбоого чакырды

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев элди шайлоодо алданбоого чакырды. Булак:Nazarnews.kg

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:03

Милиция ищет автора поста в соцсетях о подкупе избирателей в Кара-Балте

Милиция Жайылского района ищет автора поста в соцсетях о подкупе избирателей в Кара-Балте. Об этом сообщает пресс-служба ГУВД Чуйской области. По данным пресс-службы, 11 сентября 2020 года пользователем интернет-сети «Фейсбук» Азатом Амановым был опубликован пост с видео, где он сообщает, что стал свидетелем того, что в Кара-Балте возле СШ № 3 неизвестные от имени одной из политических партий раздают избирателям по 1 тыс. сомов, далее в день голосования этим же избирателям якобы доплатят еще по 1 тыс. сомов. Сообщение было зарегистрировано в журнале учета информации ОВД Жайылского района. В целях выяснения всех обстоятельств факта подкупа избирателей сотрудниками ОВД Жайылского района была установлена личность человека, опубликовавшего данный пост. Автор поста 1988 года рождения, прописан в Кара-Балте, родственники сообщили, что фактически он проживает в Бишкеке. Для установления всех обстоятельств и личностей, причастных к вышеуказанному факту, и оказания помощи следствию сотрудники милиции связывались с автором поста, но он на контакт не вышел. В настоящий момент по данному факту продолжаются все необходимые следственно-оперативные мероприятия. ГУВД Чуйской области просит граждан обращаться с информацией о нарушениях выборного законодательства в милицию. Напомним, в настоящее время в органах внутренних дел расследуется 22 досудебных производства по фактам нарушений в ходе предвыборной агитации.

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:03

Выборы-2020. В ЦИК рассказали, в каком случае выборы признают несостоявшимися

Член Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Тынчтык Шайназаров рассказал 24.kg, что будет, если против всех кандидатов проголосует больше 7 процентов избирателей. По его словам, в законодательстве конкретной нормы на этот случай нет. «Но если такое и произойдет, то результаты выборов не отменят. Признаны выборы будут несостоявшимися только в том случае, если ни одна из партий-участниц не преодолеет барьер в 7 процентов и 0,7 региональной квоты, включая Бишкек и Ош. А «против всех» при этом возьмет большинство, опять же и по регионам тоже, плюс обе столицы», — сказал Тынчтык Шайназаров. Президент Сооронбай Жээнбеков подписал указ о назначении выборов в парламент. Они пройдут 4 октября. В выборах примут участие 16 политорганизаций. Источник: 24.kg

Подробнее
17 сентября 2020 г. 12:30

""Замандаш" партиясы - мамлекеттин казынасынан байыгандардын эмес, карапайым элдин партиясы", - Бегижан Ахмедов

13 сентября 2020 г. 1:04

Президеттин кан кудасы Абжалиев Матраимов менен бирге шайлоого аттанды.

Боршайком парламенттик шайлоого катышуучу «Мекеним Кыргызстан» партиясынын 200 талапкерин каттады. Партиянын талапкерлер тизмесинде Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев да бар — эл өкүлү шайлоого 27-орун менен баратат. *Эл арасында «Мекеним Кыргызстан» өлкөдөгү таасирдүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык деп айтылат. Аталган үй-бүлөнүн эң белгилүү мүчөсү бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты болуп саналат. Абжалиев парламенттин алтынчы чакырылышына «Республика — Ата-Журт» партиясы менен келген. Абжалиев коомчулукта иши менен эмес президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы катары белгилүү — анын уулу Атабек Абжалиев президенттин кызы Бактыгүл Шарипованын өмүрлүк жары. Бактыгүл Шарипова жана Атабек Абжалиев Ал эми Алиярбек Абжалиевдин башка уулу — Темирлан Токобеков, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты — өткөн жылдын июль айында ал жол кырсыкка учураган. Токобековго катталган BMW X7 үлгүсүндөгү унаа Lexus ES менен кагылышып, анын натыйжасында төрт киши каза тапкан. Кийинчерээк укук коргоо органдары жол кырсыгы Токобековдун унаасы жогорку ылдамдыкта бараткандыктан орун алганын аныктаган. Ошол эле учурда унааны Токобеков эмес, анын досу Элдияр Халмурзаев башкарганы айтылган — Каракол шаардык соту аны үй камагына киргизген. Абжалиевдин үй-бүлөсүнө тийиштүү компаниялар «Фактчек» жана «Кактус» басылмалары апрель айында Алиярбек Абжалиевге тийиштүү компаниялар жана анын мүлкү тууралуу иликтөө жарыялаган. Ага ылайык, Абжалиевдин өзүнө бир гана унаа катталганы белгилүү болгон. Анткен менен Абжалиевдин мурдагы жубайы Гүлсара Сулайманова жана уулу Темирлан Токобековго 30 компания катталганы ашкереленген. Компаниялардын көпчүлүгү курулуш, туристтик жана тоо-кен өнөр жайы менен алектенишет. Клоп.кж

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:04

Атабек Талибаев: “Ыктыярчыларды колдой турган мыйзам сунуштап, коомдук талкууга чыгарам”

Атабек Талибаев 1982-жылдын 25-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда карапайым адамдардын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 1989-жылдан баштап аталган райондогу орус жана кыргыз тилдүү А.С.Макаренко атындагы орто мектепте окуп, 1999-жылы артыкчылык аттестаты менен бүтүргөн. 2000-жылдан 2005-жылга чейин Бишкектеги Кыргыз-Орус-Славян университетинин юридикалык факультетинен билим алган. Ушул эле окуу жайдан 2005-жылдан 2008-жылга чейин экономика факультетинен билим алып, илимий иш жактаган. Атабек Талибаев үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Эмгек жолун 2005-жылы “Кахраман” ЖЧКсынын юристи болуп баштаган. 2008-жылдан 2010-жылга чейин “Кыргыз полиграфиясы” ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеген. 2013-жылдан 2020-жылга чейин “ЭкоИсламикБанк”-“Центр” ЖАКунун филиалында башкы юрист болгон. “Саясатка элимдин бакубат, бай жашоосу үчүн кызмат кылууга аттанып жатам” – Мен парламентке жеке кызыкчылыгымды ишке ашыруу же тар чөйрөнүн саясий кызыкчылыгын коргоо үчүн эмес, элимдин бакубат, бай жашоосу үчүн кызмат кылууга аттанып жатам. Ата-энемдин тилегин орундатып, элдин эмгегин жебеген эл уулу болгум келет. Буга чейин өзүбүздүн районго дареметиме жараша бир канча пайдалуу жумуштарды жасагам. Андай иштерди бүтүндөй Кыргызстан үчүн жасоого ниет кылып жатам. “Мандатымды эл үчүн пайдаланам” – Кыргызстандагы иштелип чыккан кээ бир мыйзамдардын чийки экени буга чейин деле белгилүү болчу. Бирок Кыргызстандын бардык аймактарына карантин режими кирип, өлкөдө өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал жарыяланганда мамлекетти сыздан сууруп чыга турган системанын жоктугу айдан ачык көрүнүп калды. Экономика, медицина жана бир катар министрликтер илдетке каршы турууда бир топ алсырай түштү. Буюрса, элдин ишенимине арзып, мандат берилип калса өлкөгө карантин режими киргенде тикеден тик туруп эл үчүн кызмат кылган ыктыярчы топтордун бийлик менен алакасын мыйзамдаштырууну пландап жатам. Алдыма ыктыярчыларды ар тараптан колдой турган мыйзам сунуштап, коомдук талкууга чыгарам деген максат койдум. Анткени жугуштуу илдет каптаган учурда кимдин ким экени баарыбызга ачык билинди. Ошондуктан алардын иш-аракеттерине бийлик кол кабыш кылып, ар тараптуу жардам көрсөтүүсү үчүн татыктуу мыйзам иштеп чыгам. Бул менин Жогорку Кеңешке барганда көтөрө турган эң алгачкы орчундуу демилгем болот. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:04

Кандидаты от партии «Кыргызстан» встретились с жителями Бакай-Атинского района

Кандидат в депутаты от политической партии «Кыргызстан» Даир Кенекеев встретился с жителями села Кок-Таш Бакай-Атинского района. В ходе встречи Кенекеев заявил, что программа партии предполагает проведение кардинальных реформ в пяти основных направлениях: экономика, социальная сфера, государственное управление, внешняя политика и судебная система. Он отметил, что эти изменения улучшат жизнь кыргызстанцев, а также обеспечат стабильность и развитие страны. «Наша партия предлагает программу под названием «Эл үчүн». Она охватывает самые важные сферы жизни и предлагает среднесрочные и долгосрочные стратегии в ключевых сферах развития страны. Мы сократим количество чиновников, создадим условия для сокращения государственных проверок. Мы также объединим наших фермеров в кооперативы и сосредоточимся на экспорте сельскохозяйственных продуктов в больших количествах. Кроме того, мы разработаем программу максимального снижения налогов и будем работать по многим другим направлениям», - подчеркнул он. Кенекеев также призвал избирателей не продавать свои голоса. «Если мы хотим развиваться, мы должны сделать правильный выбор. Кандидаты от партии «Кыргызстан» не боятся брать ответственность. Они готовы активно проводить реформы во всех сферах, а также вывести страну из кризиса и способствовать укреплению суверенитета, мира и демократии, - отметил Кенекеев. Жители села Кок-Таш выразили искреннюю поддержку команде партии «Кыргызстан», которая всегда служила народу. Также они поблагодарили Даира Кенекеева за его работу и дали своё благословение.

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:05

Зайнидин Курманов: “Мекеним Кыргызстан” партиясынын шайлоо алдындагы программасы мени таң калтырды”

Тарых илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Зайнидин Курманов социалдык тармактагы баракчасына партиялардын программалары боюнча көз карашын жарыялады. Профессор башка партиялардын арасынан “Мекеним Кыргызстанды” өзгөчө белгилеп, парламенттик жарыштын фаворити катары сыпаттады. --“Мекеним Кыргызстан” партиясынын шайлоо алдындагы программасы мени таң калтырды. Аталган партияны социалдык тармактарда тепкилебеген адам калган жок. Эринбей окуп чыгыңыздар. Бул социалдык-либералдык идеологияны камтыган максаты анык программа. Партиянын планы алдыдагы 5 жылдыкты гана эмес, андан аркы мезгилди да камтыган. “Мекеним Кыргызстан” партиясы өзүнүн убадаларын гана эмес, жаңы саясий багытты элге сунуштады. Эң башкысы чар жайыт, бири-бирине байланышы жок башкалардан уурдалган идеяларды алып чыккан жок. “Мекеним Кыргызстан” партиясы КМШ мамлекеттер арасында миңдеп саналган катардагы саны бар сапаты жок партия эмес, заманбап идеологиясы бар, жарандарга камкордук көргөн, алардын укугу, эркиндиги маанилүү болгон партия боло алды. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын шайлоо алдындагы программасында көз караштардын системасы орун алган, “жапайы капитализмдин” ордуна “социалдык капитализмди” курууга умтулган идеологиялык партия. Мындай идеология эркиндиги чектелип башкаруунун олигархтык формасы орун алып жаткан Кыргызстанда азыр абдан актуалдуу. Ушундан улам сөз эркиндигин чектөөгө аракет кылган мыйзам долбоорлору жазылып жатат. Мындай системада жарандар мамлекеттин жардамынан үмүт кылбай өз алдынча күн көрүүгө мажбур болот. Буга короновирус пандемиясындагы абал далил. Партиянын программасындагы адам укуктары, жарандык коомдун, бизнестин өнүгүүсү, калкты социалдык колдоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү, башкаруу, аймактардын өнүгүүсү, экономикалык саясат жана башка адамзаттын маанилүү көйгөйлөрүн чечүү жолдору дал ушул социалдык либерализм идеологиясынан келип чыккан. ЕАЭСтин алкагында Евразиялык интеграция маселесине чоң маани берилген. Анткени бизде башка цивилизациялык альтернатива жок. Европа биримдиги да НАФТА да бизди күтпөйт. Албетте Кытай, Иран, Афганистан, Пакистан же Индия менен интеграциялашуу маселесин карап көрсө болот. Бирок кантип? Программа жөнөкөй тилде жазылып, “Кыргызстан аймактагы ийгиликтүү модернизацияланган мамлекет катары башкаларга үлгү боло алат” деген чакырык менен аяктаган. Бул партиянын талапкерлери Жогорку Кеңешке келип калса программасын ишке ашырууга киришүүсүн абдан каалайт элем. Ушундай жагдайда Кыргызстан таптакыр башкача, өнүккөн мамлекетке айлана алат. Зайнидин Курманов, тарых илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.м

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:10

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо алдындагы программасы

Биз, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү – жаратман жана бир пикирдеги санаалаштарбыз. Партия мүчөлөрүндө саясий ишмердик жана башка ар кайсы тармактар боюнча, мамлекеттик башкаруудан тарта жумуш орундарын түзүүгө чейинки иште зор тажрыйбасы бар. Жашыбызга, жынысыбызга, улутубузга, диний ишенимибизге жана тек-жайыбызга карабай бизди жалпы бир түшүнүк – Кыргызстанды кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантабыз деген ой бириктирди. Коронавирус пандемиясынан кийин азыр дүйнө жүзү менен катар Кыргызстанда да системдүү туташ кризис байкалууда. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында андан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган. Биз бул багытта өлкөдөгү бардык конструктивдүү саясий күчтөр, жарандык коом жана жер-жерлердеги лидерлер менен иштешүүгө даярбыз жана каалайбыз. Себеби «Мекеним Кыргызстан» – бул ар бир кыргызстандыктын партиясы. «Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөдөгү кырдаал боюнча такай социологиялык мониторинг жүргүзүп турат. Кыргызстандын элин кандай негизги проблемалар түйшөлтүп жатканына биз дайыма абай салып турабыз. «Мекеним Кыргызстандын» командасында ишке ашыруу механизминин негизинде социал-либералдык идеология жактан көптөгөн новатордук, антикризистик идеялар бар. Биздин максат: Өнүккөн рынок экономикасы менен социалдык багыттагы мамлекет куруу; Ар бир жарандын жашоо шартын жакшыртуу. Биздин приоритеттер: Жеке эркиндик; Экономикалык эркиндик; Коомдун жана мамлекеттин жеке менчикти сыйлоосу; Мүмкүнчүлүктөр теңдиги. Анын ичинде укуктук жана саясий теңдик; Толеранттуулук, сабырдуулук жана айкөлдүк. Биздин принциптер: Улуттук кызыкчылыктарга приоритет; Эркин экономикалык жана саясий атаандаштык; Либералдык-плюралисттик башкаруу; Бейпилдик жана ынтымак-ырашкерлик; Рационализм жана прагматизм; Бардар эл жана бакубат өлкө. Элибиз – эң башкы байлыгыбыз! Мамлекет эл үчүн – бул коомчулуктун суроо-талабына ыкчам жооп берген заманбап мамлекет. Өз жарандарына сапаттуу жана өз учурунда кызмат көрсөткөн мамлекет. Күчтүү жана эффективдүү, ошол эле учурда болушунча ийкем, максатка ылайыктуу жана жөндүү принциптерди активдүү колдонгон мамлекет. «Мекеним Кыргызстан» партиясы мамлекеттик башкарууга эффективдүү механизмди киргизүүгө ынтызар. Биздин сунуш: – Мамлекеттик аппаратты модернизациялоо: штаттык санды кыскартып, мамлекеттик органдардагы кайталанган функцияларды жоюу, жеке тараптарга аутсорсингге берүүгө мүмкүн болгон керексиз функциялардан арылуу; – Оптимизация жана функцияларды кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен министрликтер менен ведомстволорду бириктирүү; – Көп функционалдуулук принцибин киргизүү. Вице-премьерлер менен тармактык министрликтердин башчыларынын функцияларын бириктирүү. Ушул эле жол аркылуу министрлер менен башкармалыктардын жетекчилеринин функцияларын айкалыштыруу; – Мамлекеттик кызмат системасына кадр тандоодо компетенттүүлүк стандарттарына жана коомчулук ишенимине дал келген жаңы механизмдерди киргизүү; – Жогорку Кеңеш депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу. Азыркы учурда ар бир депутатты кармоодо мамлекет жылына болжол менен 6 жарым миллион сомдой чыгымга учурайт. Өзгөчө соңку чакырылыштагы депутаттар ишке каалаганда келип-кетүү, же себепсиз келбей коюу, кнопка басуу (ордунда жоктор үчүн кыдырып добуш берүү), өз оюн таамай айта албагандардын арбындыгы, элдин мүдөө-талабын эске албай, ар кандай кызыкчылыктардын таламын талашуу менен парламенттин беделин кетирип бүттү. «Мекеним Кыргызстан» ушундан улам парламентте депутаттардын саны эмес, сапаты маанилүү деп эсептейт. Кыргыз парламентаризминин акыркы он жылдыктагы тарыхы көп депутат – мыкты парламент дегенди түшүндүрбөсүн далилдеди. Депутаттык корпусту кыскартуу бери дегенде бюджеттик каражатты үнөмдөп, ары дегенде парламент ишмердигинин натыйжалуулугун арттырат. Ошондо партиялар шайлоо тизмесин эптеп толтурбай, ич ара иргеп, тандоого өтөт. Парламентке элдин таламын талашкан, билимдүү, чыныгы элдик лидерлер келишине жол ачылмак. Бул сунуштардын айрымдарын ишке ашыруу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү талап кылынгандыктан «Мекеним Кыргызстан» шайлоодон жеңип чыкса дароо референдум өткөрүү демилгесин козгоп, кол топтоого киришет. Биринчи байлык – ден соолук Советтер Союзу урап, Кыргызстан эгемендик алгандан көп өтпөй бир катар эл аралык донор уюмдардын катышуусу менен өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо башталган. Бирок андан бери 30 жылдай өтсө да ал реформалардан жакшы майнап чыкканы байкалган жок. Өзгөчө коронавируска байланышкан соңку жагдай бул тармактагы абал кандай экенин ачык-айкын көрсөтүп койду. Демек, тармак жаңыча мамилеге, жаңы реформаларга муктаж. Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасындагы негизги проблемалар: – мамлекеттик медицина системасында айлык акынын аздыгы; – эскирген инфраструктура; – тейлөө сапатынын начардыгы; – атаандаштыктын төмөндүгү; – башкаруунун жана жөнгө салуунун алсыздыгы; – расмий эмес төлөмдөрдүн көптүгү. Бул тармактагы улуттук жана башка программалардын көпчүлүгү негизинен эл аралык уюмдардын финансылык колдоосу менен ишке ашкан, же ишке ашууда. Анда эч кандай мамлекеттик каржылык салым жок. Азыр бул тармак финансылоодо чоң кыйынчылыктарды баштан кечирип жатканын ачык моюнга алуубуз керек. Натыйжада мыйзамда жазылган баарына бекер жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтөбүз деген сөздөр кагазда гана калууда. Демек, бөлүп-бөлүп реформалоо бул тармакты оңдой албасын моюнга алуу зарыл. Баскыч-баскыч менен реформалоо парадигмасы өзүн актаган жок. «Мекеним Кыргызстан» саламаттыкты сактоо тармагын кардиналдуу өзгөртүү концепциясын иштеп чыкты. Анын өзөгү бул системага тезинен рыноктук механизмдерди киргизүүдө жатат. Эгер биз өлкөнүн бардык аймактарында заманбап ооруканалар болушун жана баарыбыздын колубуз жеткидей реалдуу, ыкчам медициналык тейлөөнү кааласак, анда ушундай кескин чараларга барышыбыз зарыл. Грузиянын тажрыйбасы реформа башталгандан тарта эки жыл ичинде эле бүт өлкө боюнча көп профилдүү заманбап ондогон оорукана салып койсо болорун көрсөттү. Алар буга саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик функционалдын бир тобун жеке секторго которуу менен жетишти. Ар кандай изилдөөлөр Кыргызстандын жакыр катмардагы жарандары ооруканага түшүп калса жылдык кирешесинин 70 пайыздан ашыгын короторун аныктаган. Көптөр дары-дармек жана дарылануу акысын жабуу үчүн болгон мүлкүн сатууга же ири карыз алууга аргасыз. Мунун айынан салттуу эмес, далилсиз медицинага, тактап айтканда, эмчи-домчуларга кайрылгандардын катары калыңдап баратат. Биздин сунуш: – Ооруканалар тармагын өнүктүрүү, рыноктук принциптер менен ооруканалардын инфраструктурасын толугу менен кайра куруу боюнча мамлекеттик программа кабыл алуу. Ал үчүн кызматташтык принциби менен инвесторлорду тартуу керек: жер, имарат, адамдык ресурстар – мамлекет тарабынан, имаратты модернизациялоо, дарылоо технологиясы – инвестордон; – Медициналык камсыздоо системасын өзгөртүүнү – жеке, анын ичинде чет элдик камсыздоо компанияларынын кызмат көрсөтүүсүн мамлекеттик медициналык камсыздоо менен бирдей шартка ылайыктап, жөнгө салуу. Ар бир адам камсыздоонун кайсы түрү ыңгайлуу экенин өзү тандашы керек; – Жакыр катмардагы жарандар жана пенсионерлер үчүн кайсы жакта катталганына карабай өлкө ичиндеги өзү каалаган дарылоо мекемесинде (менчигинин түрүнө карабай) колдонууга мүмкүн болгон медициналык сертификатты же ваучер системасын киргизүү. Бул бейтапка өз алдынча оорукана тандаганга эле жардам бербей, медициналык мекемелер арасында атаандаштыкты да күчөтөт. Бул үчүн менчик клиникаларды кардарларынын 5 пайызын бекер дарылоого милдеттендирүү зарыл; – Бүт өлкө боюнча социалдык дарыканалар түйүнүн ачуу. Бул түйүн үчүн эң зарыл дары-дармектерди өз баасында сатуу жолдорун иштеп чыгууну жана ал үчүн салыктык жеңилдиктерди, укук коргоо органдары тарабынан текшерүүлөргө иммунитет берүүнү сунуштайбыз; – Онлайн медициналык кызмат көрсөтүү өнүгүүсүн стимулдаштыруу. Бардык врачтар компьютер жана үзгүлтүксүз байланыш каражаттары менен камсыздалбаган шартта, албетте, бул идея утопиядай сезилет. Андыктан биз президенттин мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү программасынын алкагында эл аралык банктардан беш жыл аралыгында кайтаруу шарты менен медициналык тейлөөнү санариптештирүү программасын колдоого жеңилдетилген насыя алуунун механизмдерин иштеп чыгууну сунуштайбыз; – Саламаттыкты сактоо тармагын модернизациялоо программасынын бир бөлүгү катары сергек жашоону жана оорулардын алдын алуу боюнча өзүнчө программа иштеп чыгуу; – Медицина кызматкерлерин социалдык жактан камсыздоо системасын жакшыртуу. Ал айлык акылардын үзгүлтүксүз индексациялоосун да камтыйт. Билими күчтүү миңди жыгат Билим берүү – жакырчылыкты кыскартуу менен экономикалык өсүшкө түрткү берүүчү эң таасирдүү инструменттердин бири. Мамлекеттин милдети – заманбап талаптарга жооп берген, сапаттуу жана бардыгы үчүн жеткиликтүү билим берүү системасын түзүү. Мектептеги билим берүү боюнча биздин сунуштар: – Жаңы мектептерди куруу, авариялык абалдагы мектептерди сапаттуу оңдоп-түзөө үчүн бизнес менен өнөктөштүк боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгуу. Өнөктөштүк эки тарапка тең пайдалуу болгудай шартта түзүлүшү керек. Ишкер мектеп курууга, же оңдоп-түзөөгө салган каражатынын ордуна салыктык жеңилдиктерди алууга тийиш; – Окуучулары аз жана мугалим жетишпеген айыл жерлерине чакан мектептерди куруу саясатынан окуучуларды жакын жердеги башка чоңураак мектептерге ташуу саясатына өтүү керек. Бул үчүн «Мектеп автобусу» деген улуттук программа иштеп чыгуу зарыл. Мындай программа аймактарда жолдорду куруу жана реабилитациялоо долбоорунун өнүгүүсүнө түрткү берүүчү катализаторго айланат; – Мугалимдердин социалдык абалын өзгөртүү жолдорунун бир чечими катары аларга айлык акы чегерүүдө бирдиктүү тарифтик торчо системасына кайтуу; – Жалпы билим берүүчү негизги предметтер: математика, физика, химия, биология, география, тарых, орус жана кыргыз тили сабактарынын саатын көбөйтүү үчүн мектептик билим берүүнүн мазмунун кайрадан карап чыгуу. 2012-жылы бул сабактардын сааты негизсиз кыскарып калган. Жогорку билим берүү багытында биздин сунуштар: – Өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайларды көз карандысыз эл аралык комиссиялар аркылуу аккредитациядан өткөрүү. Анын жыйынтыгы менен билим берүүнүн жогорку талаптарына жооп бербеген окуу жайлар жабылышы керек; – Эмгек рыногу талап кылган ар кайсы кесиптерге кадрларды даярдоо боюнча улуттук программа иштеп чыгуу; – Жеңилдетилген шартта окутуу программасын киргизип, анын натыйжасында жаш адистерди мамлекеттик тапшырма менен аймактарда ишке орноштуруу; – Жогорку окуу жайлар менен бизнестин ортосунда эки тарапка тең пайдалуу шартта кызматташуу боюнча байланыштарды түзүү. Мамлекет профессионалдык-техникалык жана атайын орто билим берүү системасына көңүл бурушу керек. Эмгек рыногунда азыр жумушчу кесиптеги адистерге муктаждык күч. А бизде атайын даярдыктагы техникалык адистер жетишсиз жана гуманитардык багыттагы кадрлар, маселен, юрист, экономист, же эл аралык байланыштар боюнча адистер ашыкча даярдалууда. Маданият – жан дүйнө азыгы Маданият менен искусство бюджеттик саясатта приоритеттүү багыттардын катарында турууга тийиш. Аларды эң акырында, калган-каткан акча менен финансылоону токтотуу керек. Маданият жана искусство, алардын деңгээли адам капиталынын сапатына түздөн-түз таасир этет жана экономикалык-социалдык өнүгүү үчүн таасирдүү ресурс болуп саналат. Биздин сунуш: – Маданият жана искусство тармагында айлык акыларды жогорулатууну камсыздоо; – Иштебей жабылып калган маданият үйлөрү менен китепканалардын имараттарын жаңы маданий жайларга айлантуу боюнча программа иштеп чыгуу; – Меценаттыкты коомдогу жаңы салт катары жайылтууну мамлекеттик деңгээлде колго алуу; – Архив, китепкана жана музейдеги материалдардын фото, аудио, видеофонддорунан бирдиктүү электрондук фонд түзүп, бирдиктүү маалымат системасы аркылуу маданий мурастардын абалын жана пайдаланылышын көзөмөлдөө. Каалоочулардын аларды онлайн форматта көрүүсүн камсыздоо; – Кыргыздын айнаамасын жана Орхон-Енисей жазууларын – Түштүк Сибирь менен Борбор Азиянын байыркы түрк рун жазуулары эстелигин ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн мамлекеттик деңгээлде иш алып баруу. Үйсүз үй-бүлө – үнсүз булбул Бюджеттик кызматкерлер, жакыр катмардагы жарандар жана аймактардагы жашоочулар үчүн үй-жайга ээ болуу оңой эмес маселе бойдон калууда. Мамлекеттик ипотекалык компания бул багыттагы жагдайды жакшыртууга аракеттенип жатканы менен, турак жай менен камсыздоо программасы туруктуу каржылоого муктаж болгондуктан үзгүлтүк менен ишке ашууда. Биздин сунуш: – Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердигин оптимизациялоо; – Өлкө бюджетине оорчулукту азайтуу максатында арзан турак жай сатып алууга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган компаниянын программаларын каржылоонун кошумча булактарын табуу жана тартуу; – Бара-бара сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен социалдык турак жайды ижарага алуу программасын иштеп чыгуу; – Аймактарда ири долбоорлорду ишке ашырып жаткан жергиликтүү ишкерлер менен инвесторлорду өздөрүнүн социалдык программаларынын алкагында жергиликтүү тургундар үчүн үй салып берүүсүнө стимулдаштыруу; – Аймактарда жеке турак жай курулушун өнүктүрүү механизмин карап чыгуу. Мындай механизмдин алкагында мамлекет иш берүүчүнүн каражаты менен турак жай курулушун биргелешип каржылоо үчүн субсидия бере алат. Жумуш берүүчү мындай турак жайды өз кызматкерлерине ижарага берсе болот. Беш жыл иштегенден кийин ижарачы бул турак жайды курулуштун болжолдуу наркынын 15 пайыздан ашпаган баасы менен менчикке өткөрүп алуу укугуна ээ болот. Мындай механизм региондорго жаш адистерди тартуу менен гана чектелбестен, жер-жерлерде ушул тармакка тиешелүү инфраструктураны баскыч-баскыч менен өнүктүрүүгө түрткү берет; – Бишкек жана Ош шаарларында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын алкагында мугалим жана дарыгерлер үчүн эки жыл аралыгында экиден көп кабаттуу үйлөрдү куруу. Күчтүү коом – күчтүү эл Кыргыз Республикасы – коомдук турмушка активдүү аралашкан бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын саны, таасири боюнча Борбор Азиядагы лидер өлкөлөрдүн бири. Демократиялык баалуулуктар биздин маданият менен жуурулушуп, активдүү жарандык позиция менен сөз эркиндиги айкалышкан уникалдуу моделди жаратты. 2020-жылы Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде 82-орунду ээледи. Салыштырып караганда, ушул эле рейтингде Казакстан 157, Өзбекстан 156, Тажикстан 161-орунда турат. «Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөдө сөз эркиндигин чыңдоого жана жарандык коомду өнүктүрүүгө багытталган бардык мыйзамдык демилгелерди колдоо ниетинде. Бүгүнкү күндө ар кайсы өлкөлөрдө, анын ичинде бизде да интернетти түрдүү жолдор менен чектөө чаралары жана мыйзамдар менен тескөө аракеттери болууда. Эл аралык коомчулук бир канча убакыттан бери интернеттин жалпы конституциясын (кодекс) кабыл алуу маселесин талкуулоодо. Мындай конституцияны кабыл алуу, маселен БУУнун алкагында улуттук деңгээлде интернет-эрежелерин киргизүүгө байланышкан көптөгөн проблемаларга бөгөт коюуга, же алдын алууга шарт түзмөк. Жогорку Кеңеште «Маалыматты манипуляциялоо боюнча» мыйзам долбоору кабыл алынышы кыргыз коомчулугунда кеңири талкууланды. Демек, бул маселеге эл да тынчсызданат. «Мекеним Кыргызстан» партиясы мындан ары интернет-конституция (кодекс) маселеси улуттук деңгээлде чечилишин күтүп тура албайт. Биздин сунуш: – Өзүбүздүн кыргыз интернет-конституцияны (кодексин) иштеп чыгуу керек. Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин дароо долбоорду даярдоо боюнча жумуш тобун уюштуруу. Ага жарандык коомдун кадыр-барктуу өкүлдөрү, журналисттер, бийлик өкүлдөрү жана депутаттар милдеттүү түрдө кириши керек. Кыргыз интернет-конституциясынын долбоору кеңири коомдук талкуудан өтүүгө тийиш. Иштин башы – ишкерлик Жакынкы он жылдыкта чакан жана орто бизнес экономикалык өнүгүүнүн локомотивине айланат. Кризис шартында көптөгөн ири компаниялардын кайра өзүнө келип, чыгашаларын жабуу менен киреше табууга өтүүсү бир үй-бүлөнүн масштабындагы кичи ишканаларга салыштырмалуу кыйыныраак. Бизнес менен ишкерликти өнүктүрүүнү стимулдаштыруу боюнча биздин сунуш: – Бизнести каттоодогу жана жүргүзүүдөгү бардык процедураларды кардиналдуу түрдө кыскартуу жана жөнөкөйлөтүү. Анын ичинде уруксат берүү, башкача айтканда, ишкана ачуудан тарта аны электр жана суу менен камсыздоо тутумуна туташтырууга чейинки жол-жоболорду да; – Уставдык капиталды кыскартып, кийин биротоло жоюп салуу; – Лицензиялоо жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү; – Лицензиялык ишмердик тизмесин кыскартуу; – Кризистик шартта бир жылга көчө соодасына эч кандай документтерсиз уруксат берүү, базарлардагы соодагерлерден патент үчүн төлөм алууну токтотуу. Doing Business-2020 рейтингинде Кыргызстан 80-орунду ээлеп, бир жылда он позицияны жоготту. «Мекеним Кыргызстан» 2025-жылы бул рейтингде алгачкы «жыйырмалыкка» түшүүнү максат кылууда. Санарип каганат Акыркы эки жылда Кыргызстан санариптешүү жана IT-технологияны өнүктүрүү жолунда байкаларлык алдыга жылды. Коронавирус пандемиясы менен карантин шарты ар бир үйгө жана бизнеске санарип технологияларды киргизүү жараянын болушунча тездетти. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын бул процессти мындан да тездетип, Кыргызстанды Борбор Азия менен Европаны, Азия менен Жакынкы Чыгышты байланыштырган IT-хабга батыраак айлантуу үчүн жаңы идеялары бар. Биздин сунуш: – Мамлекеттик деңгээлде, анын ичинде электрондук өкмөттө санариптештирүү чөйрөсүндөгү амбициялык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү, бардык мамлекеттик органдардын жана мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин арасында санариптик технологиялар боюнча маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу. Мамлекеттик сектордо иштегендер жана иштөөнү каалагандар үчүн жаңы стандарттарды иштеп чыгуу керек. Азыркы реалдуулукта колдонуучу катары компьютер кучактап отуруу жетишсиз. – Өлкөнү бүтүндөй интернеттештирүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасын иштеп чыгуу. Интернет арзан жана ар бир адамдын колу жеткидей болушу керек; – Санарип трансформация боюнча инновациялык билим берүү программаларын иштеп чыгуу; – IT тармагындагы бизнестин бардык түрлөрү үчүн максималдуу либералдашууну камсыз кылуу. – Жалпы IT-инфраструктурасын пайдаланууну, ачык маалыматтарды жана маалымат алмашууну, электрондук төлөөлөрдү жөнгө салуучу эрежелердин жана жол-жоболордун кодексин иштеп чыгуу жана кабыл алуу; – IT чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдарды карап чыгып, болгон кемчиликтерди жоюу жана зарыл болгон учурда жаңы мыйзамдарды кабыл алуу; – Интернет-маркетингинен тарта QA-инженерлерине чейинки IT тармагындагы кесипкөй адистерди көбөйтүү боюнча мамлекеттик тапшырма коюу. Ар кайсы деңгээлдеги билим берүү мекемелериндеги бул адистиктер мамлекеттик деңгээлде колдоого алынышы керек; – ЕАЭБ линиясы менен Бишкекте санариптешүүнүн глобалдык тенденциялары жана анын негизги чакырыктары боюнча форум өткөрүү. Мындай форум жыл сайын өтүп, бара-бара ал санарип жаатында кыргыз Давосуна айланышы мүмкүн. Жашыл экономика – жаркын келечек Акыркы он жыл ичинде Кыргызстанда стационардык булактардан чыккан заттар 50%га көбөйгөн. Айыл чарбасында гербициддерди колдонуу 85 пайызга чейин өстү. Жайыттар жабыркап баратат. Токой фондусунун аянты 20 пайыздай кыскарган. Азыркыга чейин бир катар айылдардын калкы ичүүчү таза сууга жетпей келет. Адамдардын иш-аракеттеринин натыйжасында мөңгүлөрдүн аянты азайып баратат. Бирок региондогу коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда экологиялык абал жакшыраак. Алардан айырмаланып бизде ири химиялык жана башка зыяндуу ишканалар жок жана электр энергиясынын дээрлик 90 пайызы ГЭСтерден алынат. Ушул негизде биз региондо «жашыл экономиканын» өнүгүү аянтчасына, анын технологияларын өткөрүүчүсүнө айлана алабыз. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү эл алдындагы, кийинки муун алдындагы жоопкерчилигин, Кыргызстан келечекте кандай болорун, андагы экосистемалар кандай сакталарын жана биздин балдарыбыз канчалык таза аба менен дем аларын толук түшүнүп, сезип турабыз. Биздин сунуш: – Транспорттун жогорку сапаттагы бензинге, газга же электр энергиясына өтүшүнө, ошондой эле күйүүчү-майлоочу майларды сертификациялаган лабораториялардын ишине байланыштуу ЕАЭБ эрежелеринин аткарылышына катуу көзөмөлдү камсыз кылуу; – Транспортуна экологиялык таза күйүүчү майларды пайдаланган бизнес-ишканаларга салык жеңилдиктерин берүү; – Бишкек жана Ош шаарларында коомдук транспорт системасын баскыч-баскычы менен масштабдуу реконструкциялоо программасын иштеп чыгуу; – Көмүр колдонгон жылуулук электр станцияларын жана от казандарын куруудан баш тартуу; – Жеке сектордо жылытууну энергия үнөмдөөчү газ мештерине тезинен которуу; – Суук мезгилде электр энергиясына дифференциалдуу тариф киргизүү; – Күндөн жана шамалдан электр энергиясын алууну өнүктүрүү; – Бардык мамлекеттик мекемелерди энергия үнөмдөөчү чырактарга өткөрүү; – Көчөлөрдү жарыктандырууну энергия үнөмдөгөн чырактарга которуу; – Био жер семирткич өндүрүүнү стимулдаштыруу; – Мал чарбасында зыяндуу дары-дармектерди, анын ичинде антибиотик менен анаболиктерди колдонууга катуу көзөмөл киргизүү; – Экологиялык таза айыл чарба продукциясын өндүрүүнү мамлекеттик деңгээлде колдоо; – «Жашыл» ишкерликти колдоо. Мекен айылдан башталат Кыргызстан – агрардык өлкө. Калктын 60 пайыздан ашууну экономиканын дал ушул тармагында мээнет кылат. Биздин айыл чарбанын, анын ичинде экспорттун потенциалын көтөрүү үчүн багбанчылыкты өнүктүрүүгө кунт коюу зарыл. Көп жылдык бак өсүмдүктөрүнүн түшүмүн сатуу рентабелдүү бизнес жана ушул багытты өркүндөтүү абзел. Маселен, Молдова мурда бизден грек жаңгагын сатып алчу. Кийинчерээк өздөрү 15 миң гектар жерге жаңгак өстүрүп, азыр анын түшүмүн сатуудан эле жылына 100 миллион евродой пайда табат. Кыргызстан үчүн алма, өрүк, гилас, шабдалы жана башка интенсивдүү бак өсүмдүктөрүнө ылайыкташкан айыл чарба бирикмелерин түзүү абзел. Алар мол түшүм бергендиктен көбүрөөк рентабелдүү. «Мекеним Кыргызстан» ушундан улам «Кыргызстан бактары» улуттук программасын ишке ашырууну сунуштайт. Жер реформасынын натыйжасында Кыргызстан майдаланган, чакан айыл чарба өндүрүшүнө ээ болду. Бирок биз азыр күч-аракетибизди чарбаларды формалдуу кеңейтүүгө багыттабашыбыз керек. Азыр негизинен кооперация же кызматташтыкты чыңдоого көңүл буруу зарыл. Бизге азыр фермерлер өз продукцияларын сата турган соода-логистикалык борборлор тармагы, ошондой эле айыл чарба техникаларын лизинг же ижарага алуу мүмкүнчүлүгү бар тейлөө станциялары керек. Ар бир аймакта фермерлер үчүн өз бизнесине тиешелүү бардык суроолорго жооп жана сунуш ала турган консультативдик борборлорду түзүү зарыл. Элет өнүксө – эл өнүгөт Соңку жылдары мамлекеттин саясаты аймактарга жүз бурду. Муну биз кош колдоп колдойбуз. Дал ошол күчтүү аймактар – өлкөнүн өнүгүүсүнүн өзөгү. «Мекеним Кыргызстан» партиясы азыр аймактарга бизнести тартуу, жер-жерлерде өндүрүштү жана ишкерликти өнүктүрүүгө дем берүү үчүн колдон келгендин баарын жасоо керек деп эсептейт. Бул багытта алдыга жылуу үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайбыз: – Региондордо энергетикалык, транспорттук, маалыматтык-коммуникациялык жана социалдык-маданий инфраструктураларды түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун аныктоо. Ар бир аймак үчүн сунушталган долбоорлордун каталогун түзүү; – Табигый ресурстарды казуудан түшкөн пайданы мамлекет, жер казынасын пайдалануучулар жана жергиликтүү жамааттар ортосунда адилет бөлүштүрүүнү камсыз кылуу. Бул аймактардын кирешесинин өсүшүнө оң таасирин тийгизет. – Кен байлыктарды казуудан жана иштетүүдөн тышкары “жашыл” экономиканы өнүктүрүүнүн алкагында курулушка, өндүрүшкө, IT-долбоорлорго кызыкдар инвесторлор үчүн фискалдык жана административдик жеңилдиктерди берүү жолу менен региондордогу инвестициялык климатты жакшыртуу. – Өз шаарларын жана айылдарын өнүктүрүүнүн стратегияларын жана долбоорлорун пландаштырууга жергиликтүү тургундарды тартуу менен стратегиялык сессияларды өткөрүүнүн методологиясын киргизүү. Акырындап аймактардын финансылык көз карандысыздыгын чыңдоо. Экономиканы өнүктүрүү менен региондордо жашаган калктын турмуш шарты жакшырышын камсыз кылуу. – Туризмди активдүү өнүктүрүү. Кыргызстан – жаратылышы кооз өлкө. Ар бир аймак туризмдин кайсы багытын өнүктүрө аларын аныктоого тийиш. А мамлекеттин милдети – ошол багытты колдоону камсыз кылуу. Облустар үчүн өнүгүү долбоорлору Баткен облусунда күрүч, рапс, соя, ошондой эле мөмө-жемиштерди өстүрүүгө багытталган тамак-аш жана кайра иштетүү тармактарын, айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүнү демилгелөө керек. Аты алыска кеткен айтылуу Баткен өрүгү аймактын визиттик карточкаларынын бири жана экспорттун эн белгиси болуп калышы керек. Жалал-Абад облусунда электр энергиясын, электрониканы, көмүр казып алуу жана башка пайдалуу кендерди өндүрүүнү андан ары өнүктүрүү зарыл. Баарынан мурда пахта өндүрүүгө жана уникалдуу жапайы жаңгак токойлорунун түшүмүн кайра иштетүүгө адистешкен айыл чарба тармагын өнүктүрүү керек. Мындай географиялык жайгашууда рекреациялык инфраструктураны өнүктүрүү да абдан маанилүү. Ысык-Көл облусунда эс алуучу туристтик инфраструктураны интенсивдүү өнүктүрүү зарыл. Ошондой эле транспорттук жана коммуникациялык инфраструктураны да. Органикалык жашылчалар менен жемиштерди өстүрүү жана кайра иштетүү өтө кирешелүү болот. Мындан тышкары Ысык-Көлдө спорттук медицина тармагында кызмат көрсөтүү структурасын иштеп чыгуу керек. Ошондо бизге өздөрүн калыбына келтирүү жана реабилитациялоо үчүн КМШнын бардык өлкөлөрүнөн спортчулар келмек. Нарын облусу өзүнүн географиялык жайгашуусун колдонуп, соода-логистикалык потенциалын өнүктүрсө болот. Нарында ошондой эле жогорку өнүмдүү мал чарбачылыгы үчүн да бардык шарттар бар. Аймак акыркы жылдары этно туризмдин сүйүүчүлөрү үчүн да жагымдуу жайга айланууда. Экологиялык жана медициналык туризмдин багыттары да перспективдүү болушу мүмкүн. Ошондой эле «Нарын» ЭЭАсынын өнүгүүсүнө жаңы дем берүү керек. Ош облусунун экономикасы үчүн жеңил, кайра иштетүү өнөр жайын, ар тараптуу айыл чарба тармагын, биринчи кезекте бакча өсүмдүктөрүн жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүү локомотив болушу мүмкүн. Тоо-кен тармагы да алардын катарында. Экологиялык, этно, ошондой эле “зыярат” туризмин өнүктүрүү да маанилүү, анткени аймакта көптөгөн мазарлар, ыйык жайлар, мечиттер бар. Заманбап байланышты, мунай өнөр жайын, түштүк регионунун чет мамлекеттер менен соода жүргүзүүсүн, ошондой эле эки тараптуу сооданы камсыз кылган инфраструктураны өнүктүрүү зарыл. Суу түтүктөрүнүн жана ирригациялык системанын курулушун улантуу да маанилүү маселе. Талас облусунда кайра иштетүү өнөр жайын түзүү, айыл чарба продукцияларын, тамак-аш азыктарын өндүрүү жана аларды экспорттоо, байланышты өнүктүрүү маанилүү. Мындан тышкары бул аймакта маданий жана тарыхый туризмди да өнүктүрсө болот. Чүй облусу үчүн логистикалык борборлорду өнүктүрүү, IT-паркка инвестицияларды тартуу, инфраструктура, тоо-кен байлыктарын казуу, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана билим берүү мекемелеринин деңгээлин жогорулатуу приоритеттүү багыт болуп саналат. Мекендин кадыры алыстан билинет Активдүү эмгек миграция акыркы он жылдыкта постсоветтик аймакта трендге айланып калды. Бул биринчи кезекте мигрант өз мекенинин социалдык-экономикалык абалына байланыштуу татыктуу айлык төлөгөн жумуш таппай жатканынан келип чыкты. Кыргызстан болсо негизинен Орусия менен Казакстанга жумуш күчүн жиберчү өлкөгө айланып калды. Мамлекет эмгек мигранттарынын агымынын өсүшүн өлкөнүн нормалдуу өнүгүүсү жана улуттук коопсуздук үчүн коркунуч катары карашы керек. «Мекеним Кыргызстан» өлкөнүн миграция саясатында эмгек миграциясын азайтууга жана мигранттардын мекенине кайтуусуна шарт түзгөн жаңы стратегия зарыл деп эсептейт. Жаңы стратегия эмгек мигранттарын коргоо жана ар тараптуу колдоонун так механизмдерин аныкташы керек. Аны иштеп чыгуу үчүн мигранттар коомчулугунун жана ушул багытта тажрыйбасы бар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган жумуш тобун түзүү зарыл. Ошол эле учурда биз башка өлкөлөрдө туруктуу жашаган мигранттар жана мекендештер үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайбыз: – Чет өлкөлөрдө таанылган диаспора лидерлерине ардактуу консул макамын ыйгаруу; – Башка өлкө жарандыгын алган мекендештерибизге Кыргызстанда өз жарандары менен бирдей, тоскоолдуксуз экономикалык ишмердик жүргүзүү укугун берген атайын карта – «Мекен Карт» берүү; – Мекенинде бизнес ачууну каалаган мекендештерге Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондусунан насыя алуу жол-жоболорун жеңилдетип берүү; – Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын биринчи орун басарынын ыйгарым укуктарына эмгек мигранттарынын – мекендештердин укуктарын коргоо маселесин киргизүү. Бир сап менен Тышкы саясат: «Мекеним Кыргызстан» евразиялык жана терең региондук интеграцияга багытталган стратегиялык курсту колдойт. Коррупцияга каршы күрөш: мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармагын 2025-жылга чейин толук санариптештирүү. Бажы көзөмөлү менен салык кызматындагы процесстердин ачыктыгы жана автоматташтырылышы. Коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган соттук-укуктук системаны реформалоо. Чек ара: мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча комиссия туруктуу негизде иштөөгө тийиш. Ыктыярчылар: ыктыярчылар күнүн негиздеп, алардын аракетин мамлекет ар тараптан колдоого алуусу керек. Инфраструктураны өнүктүрүү: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун тездетүүнү колдоо. Нарында жергиликтүү элдин макулдугу менен ири логистикалык борбор ачуу, эл аралык ишенимдүү инвестор менен биргеликте «Манас» аэропортунда жүк ташуучу борборду куруу. Республикадагы аэропортторду калыбына келтирүү боюнча инвестициялык программа. Салык: «Бир өлкө – бир салык» принцибин киргизүү. Башкача айтканда, бардык салыктарды жоюп, ишкерлик жүгүртүүгө салынган бир гана салыкты калтыруу. Административдик-аймактык реформа: беш жыл аралыгында облустарды жоюп, райондорду ирилештирүү жана үч баскычтуу башкарууга өтүү: республика – аймак – айыл. Соңку сөз «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы – өлкө турмушунун ар кайсы багыттары боюнча реалдуу долбоорлор топтому. Программа популизмден алыс жана өзгөчөлүктөргө бай. Анда коомдогу актуалдуу маселелер эске алынып, аларды чечүүнүн жолдору келтирилди. Албетте, баарын бир программага камтуу мүмкүн эмес. Биз өзүбүзгө андай максат да койгон жокпуз. Биз партиянын программасы баарыбызга жана ар бирибизге түшүнүктүү, элдик программа болушун каалайбыз. Ошондон улам ал жөнөкөй, жупуну тилде жазылды. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү ушул программада зарылдыгы көрсөтүлгөн көптөгөн мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга катышууга даяр. Биз Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, дүйнөнү кезектеги көчө революциясы эмес, интеллектуалдуу революция, инновация жана жаңы идеялардын революциясы менен таң калтырарына ишенебиз. Кыргызстан региондогу ийгиликтүү модернизациянын үлгүсү боло алат жана ошондой болууга тийиш. Чыгыш Азияда азыр төрт «жолборс» бар. Эми Борбор Азия «барстарынын» мезгили келди. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:10

Партия «Кыргызстан»: Безопасность граждан – наша цель

Вопросам безопасности границ и проблемам жителей приграничных территорий необходимо уделить особое внимание, заявляет партия «Кыргызстан». Общая протяженность государственной границы составляет 4675,17 км, из них 1241,58 км — с Казахстаном, 1378,44 км — с Узбекистаном, 970,8 км — с Таджикистаном и 1084,35 км — с Китаем. Вопросы границ с Китаем и Казахстаном на сегодня считаются согласованными. Делимитация и демаркация границ с Узбекистаном и Таджикистаном решаются с разным успехом. На сегодняшний день официальные власти Кыргызстана и Узбекистана заявляют о соглашении 95% границы. С Таджикистаном же вопрос фактически заморожен – только 60%. На 2013 год были согласованы 519,9 км, или 54%. На процесс согласования 1500 километров ушло тогда 13 лет. После 2013 года действенных сдвигов в переговорах не произошло. Вместе с тем, за последние годы вопрос обеспечения безопасности границ стоит остро, были инциденты даже на тех участках, которые считаются стабильными. На неописанных участках границ они носят систематический характер. Основная масса приграничных конфликтов происходит на территории Баткенской области. Для решения существующих проблем на границе партия «Кыргызстан» предлагает: - придать особый статус не определенным приграничным участкам, а всей Баткенской области, что позволит заострить внимание на проблемы данной области на самом высоком уровне и рассматривать бюджет данного региона в особом порядке; - уполномоченному представителю правительства в Баткенской области придать статус вице-премьер-министра по приграничным вопросам и силовому блоку, что позволит скоординировано и на месте реагировать на разного рода инциденты, а также проводить переговоры на самом высоком уровне; - в особом приграничном административном-территориальном делении необходимо увеличить полномочия Государственной пограничной службы и увеличить контингент пограничников, а руководящий состав из заместителей силовых ведомств должен находиться именно в приграничных районах страны. - начать внедрение новых методов охраны границы Кыргызстана. (У КР имеется уникальная возможность применить опыт «Безопасного города» на участках, где высокая плотность населения двух государств, а при охране границ внедрение системы распознавания лиц позволит контролировать передвижения граждан. Более того по всей территории пограничных участков должны быть установлены камеры для моментальной реакции при частых инцидентах, что также будет являться доказательной базой при расследовании конфликтов и других правонарушений); - необходимо улучшить страхование граждан и их имущества на самых конфликтных участках, что позволит при наступлении страховых случаев, таких как ранение, смерть близкого человека, потери или получения ущерба имущества, получить компенсацию; - необходимо предусмотреть социальные выплаты для граждан, живущих в непосредственной близости к границе, в качестве возмещения за риск проживания в местности, сопряженной с риском здоровью и жизни. Применять следует методику расчета, где близость к границе дает возможность получить больше социальных выплат.

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:10

Адвокат Ассоль ответил Цветкову

Ассоль Молдокматова опубликовала обращение своего адвоката Абдурауфова Рустама к Цветкову. "ОТВЕТ В РЕЧИ МОЕГО АДВОКАТА РУСТАМА АБДУРАУФОВА @abduraufov.rustam «ДОРОГОЙ» АРТУР! ВСЛУШИВАЙТЕСЬ В СЛОВА ВНИМАТЕЛЬНО!, - написала Ассоль в описании. View this post on Instagram ОТВЕТ В РЕЧИ МОЕГО АДВОКАТА РУСТАМА АБДУРАУФОВА @abduraufov.rustam «ДОРОГОЙ» АРТУР! ВСЛУШИВАЙТЕСЬ В СЛОВА ВНИМАТЕЛЬНО! A post shared by Assol Moldokmatova (@assol_moldokmatova) on Sep 11, 2020 at 7:48pm PDT Напомним, ведущий и шоумен из России Артур Цветков собирается взыскать с Ассоль Молдокматовой компенсацию в $1 млн за моральный ущерб. Об этом он сообщил в своем Instagram-аккаунте.

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:11

Зайнидин Курманов опубликовал анализ программ политпартий Кыргызстана

Профессор, экс-спикер Жогорку Кенеша Зайнидин Курманов опубликовал на своей страничке в соцсети анализ программ политических партий Кыргызстана. Ниже приводим текст полностью: "Долго искал программы партий и наконец нашел. Думал уже, что деградация продолжается, и наши партии уже отказались от такого обязательного атрибута выборов как партийные программы и обещания. К счастью, это оказалось не так. Поэтому проанализирую те программы, которые нашел, а также заявления, уже прозвучавшие из уст лидеров партий. К моему глубокому удивлению, раньше всех запустила в интернет свою программу молодая партия «Мекеним Кыргызстан». А сегодня нашел программу многоопытной партии «Ата Мекен». Под рукой есть также выступления лидера партии «Республика», которую не назовешь новичком и должна была одной из первых разродиться каким-то серьезным документом, как это было раньше. Не понимаю, почему партии не хотят познакомить избирателей со своими программами? Боятся, что конкуренты украдут идеи? Роль партийных программ на выборах очень велика. Они говорят о том, чем собирается та или иная партия заниматься во власти, что нам ждать от них. В развитых странах с новыми выборами люди связывают новые надежды, свои планы. На выборах граждане выбирают будущее! И, что главное, партии выполняют свои обещания! Поэтому эти страны быстро развиваются. А партии столетиями правят страной, выполняют свой долг перед избирателями. Депутаты не бегают из одной партии в другую. А избиратели не продают свои голоса, а вчитываются в программные обещания. И выбирают те, которые их больше устраивают. У нас, к сожалению, все наоборот. Партии не выполняют своих обещаний. Поэтому страна живет бедно. А избиратели не связывают свою судьбу с выборами. Хотя давно пора. Будут ли расти пенсии и зарплаты, уровень жизни людей? Какой политике будет отдано предпочтение? Социальной сфере или экономическому росту? Откуда партии собираются взять деньги, которых всегда не хватает? У народа или олигархов ? Расспрашивать кандидатов, зачем они идут в парламент? Что хотят там делать? Чем удивить? Что собираются изменить, чтобы страна процветала. Программы партий хорошая настольная книга для депутата, план работы, кладезь новых идей! Там все четко написано, что он должен делать, а вы можете узнать, что от них ждать? Чтение предвыборных обещаний партий всегда для меня интересно. По ним я сужу, что это за партия, как она относится к людям, ее намерениях, перспективах и т.д. Читаю с ожиданием, что может быть сейчас начнется настоящая политика, начнутся реформы, страна начнет бурно развиваться. Не буду очень строг, партии у нас все молодые, политического опыта маловато. Государству самому еще только 30 лет. На этот раз был глубоко удивлен. Вопреки ожиданиям, удивила программа партии «Мекеним Кыргызстан» (далее «МК»), которую бьют в соцсетях даже ленивые и дураки. Не поленитесь, прочитайте! Это очень добротная цельная программа-действие, основанная на социально-либеральной идеологии. До революции эту идеологию разделяли российские кадеты, а также наши алашевцы – отцы основатели кыргызской государственности Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков и др. Нонсенс! План, рассчитанный не только на пятилетку, но и дальнейший период. Партия презентовала не просто обещания, а в комплексе новую политику. А не обрывки каких-то бессвязных идей, спертых у других. Партия МК не оказалась очередным «центристским болотом», которых через край в СНГ, а партией с современной прогрессивной идеологией, в центре которой стоит забота о человеке, его правах и свободах, материальном благосостоянии. МК это идеологическая партия, в программе которой излагается система взглядов, мировоззрение партии по строительству в Кыргызстане цивилизованного «социального капитализма» вместо нынешнего «дикого капитализма». Меня всегда удивляло, что в странах бывшего СССР не было либеральных партий - партий свободы. А слово «либерал» имело ругательное значение. Как можно стать свободной страной без партий Свободы? Такая идеология сейчас очень актуальна в Кыргызстане, которая превращается в несвободную страну с олигархической формой правления. Отсюда все эти многочисленные законодательные инициативы по ограничению свободы. Граждане при такой системе вынуждены выживать сами, не надеясь на помощь государства, что хорошо было видно при борьбе с кароновирусом. Из идеологии социального либерализма вытекает и программа действий партии в таких важных для людей проблемах как права человека, развитие гражданского общества, бизнеса, социальной поддержке населения, здравоохранении, образовании, управлении, развитии регионов, экономической политике и т.д. Анализ состояния того или иного сектора подкрепляется конкретными пакетами предложений, что нужно сделать, чтобы модернизировать отрасль, вывести ее на новый уровень и т.д. Важное значение придается внешней политике – углублению Евразийской интеграции в рамках ЕАЭС, ибо другой цивилизационной альтернативы у нас просто нет. Ни в ЕС, ни в НАФТА нас не ждут. Больше не с кем. Хотя, конечно, можно интегрироваться с Китаем, Ираном, Афганистаном, Пакистаном или Индией. Но как? Программа написана доступным для понимания языком. Заканчивается воодушевляющим призывом, что «Кыргызстан может стать примером успешной модернизации в регионе. Четыре «восточноазиатских тигра» уже есть. Пришло время «центральноазиатских барсов». Недостатком, на мой взгляд, выглядит предложение сократить наполовину состав Жогорку Кенеша. Понятно недовольство качеством работы парламента, что хочется иногда даже ликвидировать его. Но только Жогорку Кенеш может принимать законы. И никто другой. Поэтому проблему некачественной работы надо решать по другому, улучшая ее качественный состав, совершенствуя процедуры и механизмы. Освободить ЖК от излишних трат и через оптимизацию его работы. Совершенствуя систему госуправления в целом. Можно, конечно, оставить 60 депутатов, но это повлечет некоторые проблемы. Опасность небольшого парламента состоит, первое, в его недостаточной представительности, а значит слабой легитимности. В Кыргызстане живут представители 80 народов. Значит мандатов должно быть хотя бы 80. Во-вторых, маленький парламент будет легче подкупить даже олигарху средней руки. В-третьих, парламент это школа подготовки высших кадров управления. Сокращение может сократить приток новых сил в управление страной. Очень бы хотелось, чтобы депутаты от этой партии, если они пройдут в Жогорку Кенеш, обязательно взялись за ее реализацию. Кыргызстан мог бы стать совершенно другой, очень симпатичной страной. Программы других вероятных лидеров предвыборной гонки, которым эксперты предсказывают уверенную победу – партий «Биримдик» и «Кыргызстан» я нигде не нашел. Я обязательно посмотрю их, чтобы дать им анализ. Очень интересно стали выглядеть предвыборные обещания партии «Ата Мекен»/«ЖАНЫ ДЕМ». Узнал от знающих людей, что кандидаты в депутаты активно участвовали в обсуждении, написании и редактировании этого документа, что, конечно, очень похвально. Партия серъезно поработала над своими программными документами и разработала социально-ориентированную программу реформ, которая выглядит свежо и современно, а самое главное - реально. Пакеты предложений социалистической партии очень своевременны и актуальны. Соответствуют партийному посылу, что «страна должна сделать прорыв, должно открыться новое дыхание». Еще 20 лет такого неторопливого развития и мы окончательно превратимся в мировую провинцию. И никакие прорывы уже не будут возможны. Партия предлагает политические реформы – оптимизировать управление через сокращение аппарата и функциональный анализ, аскетизм и экономию средств, введения антикризисного менеджмента в управлении, снижение избирательного порога до 3%, чтобы в ЖК могли регулярно вливаться новые политические силы, ввести голосование по открытым партийным спискам, создание реального разделения ветвей власти и балансов между ними и внутри исполнительной власти. В области образования предлагается обеспечить все школы за счет государства бесплатным интернетом и компьютерами по умеренным ценам… В области прав человека – отменить все репрессивные законы. В экономике предлагается разработать государственные программы по развитию микробизнеса, ремесел, женского предпринимательства. В области борьбы с коррупцией партия предлагает провести люстрацию среди правоохранительных и судебных органов, что отвечает чаяниям населения, которое устало от продажного чиновничества всех рангов и мастей. Очень интересным и перспективным выглядит предложение партии создать при правительстве орган по руководству реформами – «мозга страны». До настоящего времени реформами никто по существу, кроме гражданского общества, не занимался. Реформы было поручено проводить соответствующим ведомствам, что только увеличивало коррупцию и неэффективность работы, вело к разрастанию бюрократизма и волокиты. Реформы имитировали и, в конце концов, провалили, что сейчас все приходится начинать сызнова. У гражданского общества была высокая мотивация, но не было рычагов. У власти были рычаги, но не было интереса, т.к. старые схемы хорошо обогащали коррупционеров. Если эта партия пройдет в парламент, то появится реальная возможность провести настоящие революционные реформы для людей. В этом центре будут представлены все силы, которые обладают умом и способностью изменить нашу страну. И правильно, что его создают при правительстве, а не в аппарате президента или в парламенте. Правительству, ответственному за все хозяйство в стране, придется напрямую работать с гражданским обществом и бизнесом, а также c экспертным сообществом. И совсем поразили лозунги партии «Республика», которая всегда позиционировала себя как партия созидания. Ликвидируем то, ликвидируем это. Страна «вусмерть» устала от разрушителей. Партия хочет «ликвидировать должность президента»? А кто будет, спрашивается, подписывать законы, представлять государство? Спикер - руководитель парламента, премьер – руководитель правительства? А кто будет представлять государство? Во всем мире суверенное государство сейчас представляют либо монархи, либо президенты. Президент на сегодняшний день это самая стабильная политическая фигура в стране. Уберите ее и в Кыргызстане начнется хаос, правительство и парламент начнут перетягивать одеяло, бороться за власть. В стране за 29 лет поменялось свыше 30 премьеров и 20 спикеров. Поэтому может быть сохраните хотя бы парламентского президента? У нас же с вами в 2015 г. был наработан великолепный проект конституции? В целом, на основе анализа программ двух партий можно сказать, что проектная деятельность политических партий значительно улучшилась. Надеюсь, что другие партии тоже нас удивят высоким качеством своих проектных документов. Дело осталось за малым, претворить эти замыслы в печатную букву закона и в реальную жизнь", - написал Курманов.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 11:30

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Гульнара Мамбетсеитова пандемия учурунда медицина тармагы туш болгон кыйынчылыктар жөнүндө айтып берди.

Язык

Партии

Дата

Источники