О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
25 сентября 2020 г. 17:58

"Кыргызстан" партиясы: "Кен байлыктардан түшкөн киреше - элге!"

"Кыргызстан" партиясы: "Кен байлыктардан түшкөн киреше - элге!"

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:58

Сабатсыз, текебер адам эл көйгөйүн чече алабы?

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын жетекчиси Мирлан Бакировго оӊтойсуз суроолор… - Мирлан Искакбекович, сиз учурда «Мекеним Кыргызстан» партиясын жетектеп шайлоого бара жатасыз. Сиз вице-спикер болуп турганда дарегиңизге карата кескин сын-пикир арбы­н айтылды. «Жаман атка жал бүтсө жанына торсук байлатпайт» болуп, жөнөкөй аткаминерге «Ту­руңуз ордуңуздан, эмнеге ак көйнөк кийип келбейсиз, Жогорку Кеңеш ба­зарбы?» - деп опурулуп абийриңиз төгүлдү. Натыйжада кечирим сурап кутулдуңуз чынбы? Андан көп өтпөй, «Кыргызстанда жашоосуна нааразы болгондорду Памирге айдаш керек», - деп элге акаарат келтирдиңиз, ыраспы? Эмне мынча текеберсиз? Парламентке келип калсаңыз кыргыздарды Афганистанга көчүрөм деп чыкпайсызбы? Ал аз келгенсип, коронавирус илдетинин учурунда элди кетмен, күрөк берип канал каздырыш керек деп чыктыңыз, чынбы? Элде ала албаган өчүңүз барбы? Соцтармакка акылдуу болуп пост жазсаңыз эле катасынан баш айланат. Же калппы? Сабатсыз, текебер адам партия жетектеп, парламентке жулунуп жатканы Кудайга жагабы? Деги өзүңүз тууралуу кандай «бийик» ойдосуз? Жөн эле эс алсаңыз кантет?

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:58

"Кыргызстан" партиясынан талапкер Эрмек Нургазиевдин расмий билдирүүсү

"Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эрмек Нургазиев адвокатка кол көтөрдү делген маалымат боюнча түшүндүрмө берди. Эрмек Нургазиевдин айтымында, “Альянс Курулуш” компаниясынын коомунун үлүш ээлеринин кызыкчылыгын коргойт делген адвокат жаңжалды атайын уюштурган. “Бул окуя 2019-жылдын 7-сентябрында болгон. Мен кооперативдин төрагасы болуп шайланган Бишкектин 8-кичи районундагы объекттин жер төлөсүн "Капитал Плюс" микрокредиттик компаниясы камакка алмакчы болгон. Ошол күнү үлүш ээлери менен болгон жолугушууга ал адвокат эч ким чакырбаса дагы келген. Бирок ал чагымчылдыкты алдын-ала пландаштырып, окуяны видеого тартууга адамдарды даярдап койгон. Сүйлөшүү учурунда ал кырдаалды козутуп, биринчи мени жаакка чаап жиберди, мен дагы эмне кылышты билбей аны чаап жибердим. Белгилей кетейин, ал атайлап күтүлбөгөн жерден ачык чагымчылдыкка барган. Бул окуядан кийин ал милицияга арыз жазган. Мен дагы арыз жаздым. Ошол эле күнү милицияга күбөлөр менин сөздөрүмдү тастыкташты. Ошентип чыр-чатак жөнгө салынган. Бул окуядан бир жыл өткөн соң адвокат менин парламенттик шайлоого аттангандыгымды билип, бул окуянын видеосун жарыялап жатат. Ал видеодон мени жаакка чапкан бөлүктү кесип салып, окуяны башка өңүткө буруп, шайлоо өнөктүгүмө тоскоолдук кылууну көздөөдө. Насыя алган адамдар төлөмдөрдү кечиктирген үчүн «Капитал плюс» микрокредиттик компаниясы насыя алуучуларды сотко берип, күрөөгө коюлган мүлктү камакка алышкан. Ошентип алар “Альянс Курулуш” курулуш компаниянын мүлкүн камакка алышып, натыйжада 600 үй-бүлө жабыркаган. Жабыр тарткандар аны адвокат кылып жалдашат. Ал үлүшчүлөрдүн укугун коргогону менен «Капитал плюс» микрокредиттик компаниясы менен кызматташкан. 2018-жылы "Альянс Курулуш" курулуш компаниясынын директору камалган соң үлүш ээлери мен баштаган турак-жай курулуш кооперативин каттоодон өткөрүп, имаратты бүтүрүп берүүмдү суранышты. Бирок «Капитал Плюс» компаниясы, анын ичинде адвокат буга бут тосушту. Алар үчүн үйдүн курулушу бүтпөй, сот аркылуу аларга өтсө пайдалуу болмок”, – дейт Эрмек Нургазиев. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а. 20:03 11-09-2020

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:58

Кара-Суу №4 – тизмедеги "Мекеним Кыргызстан" партиясын тандайт!

Кара-Суу районунун тургундары “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкерлерди жакшы маанайда тосуп алышты. “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Искендер Матраимов менен жолуккан жергиликтүү калк, пандемия учурунда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын айтып, ак сакалдуу аталар, ак жоолукчан апалар баталарын беришти. Бул жөн гана сөздөр эмес, чыныгы колдоо. Жолугушуу учурунда “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Искендер Матраимов: - “Бүгүн республикада жалпы системалык кризис башталды. Коронавирус пандемиясы 2020-жылдын башынан бери көптөгөн жарандарыбыздын өмүрүн алып кетти. Өлкөдө жумушсуздуктун саны көбөйдү, медицина тармагынын деңгээли алсыз болуп импортко көз каранды экономика мамлекеттик башкарууга жана аткаруу бийлигинин көз карандысыз чечим кабыл ала албагандыгын көрсөттү. Азыр калк психологиялык кысымды баштан өткөрүп жатат, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал баарыбызды ойлонтту. Тилекке каршы, саясий уюмдун көптөгөн мүчөлөрү дагы бул илдетке кабылып, айрымдары узак убакытка чейин күрөшүп, ал эми кээ бирлери жакындарынан айрылды. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрү, бардык адамдардай эле, чоң соккуларды башынан өткөрүштү. Тилекке каршы, адамдар буга чейин көп нерсенин баркын билчү эмес. Өлкөнү өнүктүрүү, өстүрүү биздин милдет экенин түшүндүк", - деди. "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Алишер Козуев: - "Ар бирибиз өзүбүздүн көз карашыбызды, өзүн-өзү башкара билүүдө көп кыйынчылыктарды кезиктирдик. Биздин максатыбыз өнүккөн базар экономикасы бар социалдык багыттагы мамлекетти куруу жана ар бир мекендештин жыргалчылыгын жогорулатуу", - деди талапкер. “Мекеним Кыргызстан” партиясы - ар бир жарандын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет 18:57 11-09-2020

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:58

"Мекеним Кыргызстан” партиясы: Үйсүз үй-бүлө – үнсүз булбул

"Мекеним Кыргызстан" партиясы шайлоо алдындагы программасында улуттун уңгусун улаган үй-бүлөнү унутта калтырган жок! “Мекеним Кыргызстан” партиясы ар бир кыргызстандыктардын үй-бүлөсүно көңүл буруп, мугалим жана дарыгерлер үчүн эки жыл аралыгында экиден көп кабаттуу үйлөрдү куруу демилгесин колдойт. Үйсүз үй-бүлө – үнсүз булбул Бюджеттик кызматкерлер, жакыр катмардагы жарандар жана аймактардагы жашоочулар үчүн үй-жайга ээ болуу оңой эмес маселе бойдон калууда. Мамлекеттик ипотекалык компания бул багыттагы жагдайды жакшыртууга аракеттенип жатканы менен, турак жай менен камсыздоо программасы туруктуу каржылоого муктаж болгондуктан үзгүлтүк менен ишке ашууда. Биздин сунуш: – Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердигин оптимизациялоо; – Өлкө бюджетине оорчулукту азайтуу максатында арзан турак жай сатып алууга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган компаниянын программаларын каржылоонун кошумча булактарын табуу жана тартуу; – Бара-бара сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен социалдык турак жайды ижарага алуу программасын иштеп чыгуу; – Аймактарда ири долбоорлорду ишке ашырып жаткан жергиликтүү ишкерлер менен инвесторлорду өздөрүнүн социалдык программаларынын алкагында жергиликтүү тургундар үчүн үй салып берүүсүнө стимулдаштыруу; – Аймактарда жеке турак жай курулушун өнүктүрүү механизмин карап чыгуу. Мындай механизмдин алкагында мамлекет иш берүүчүнүн каражаты менен турак жай курулушун биргелешип каржылоо үчүн субсидия бере алат. Жумуш берүүчү мындай турак жайды өз кызматкерлерине ижарага берсе болот. Беш жыл иштегенден кийин ижарачы бул турак жайды курулуштун болжолдуу наркынын 15 пайыздан ашпаган баасы менен менчикке өткөрүп алуу укугуна ээ болот. Мындай механизм региондорго жаш адистерди тартуу менен гана чектелбестен, жер-жерлерде ушул тармакка тиешелүү инфраструктураны баскыч-баскыч менен өнүктүрүүгө түрткү берет; – Бишкек жана Ош шаарларында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын алкагында мугалим жана дарыгерлер үчүн эки жыл аралыгында экиден көп кабаттуу үйлөрдү куруу. “Мекеним Кыргызстан” партиясы – мамлекеттин өнүгүшүнө чоң багыт берет! “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиздер! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 18:15 11-09-2020

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:58

Жылдыз Мусабекова "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер

“Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Жылдыз Мусабекова учурдагы шайлоодогу саясий кырдаалга токтолуп, албармандарга ток этер сөзүн айтып, айрым такталбаган маалыматтарга чекит койду. - Саламатсызбы Жылдыз Аманбековна, акыркы учурдагы саясий кырдаалдар кандай болуп жатат? - Мекенчилдик эмнеден башталат? Мамлекеттүүлүк символдорун сыйлап, урматтоодон. Азганакай элиңдин барына топук кылуудан. Башаламан, эки жүздүүлүк, кылмыштуулук күч алса кыйналбай, кысталбай, мамлекетке жүгүн артпай, кадыр-колко кылбай белдерин бекем бууп, бешенесине жазган тагдырларына моюн сунуп жашап аткан кыйын элибиздин бары кандай сонун. “Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч”, “атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” деген улуу философия менен жашаган кыргыз телибай тентектерин, уул, кыздарынын каталарын кечирип, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк боло алат. Кыйын кырдаалда бири-бирине калкан, кылыч, белине кырчоо эл биз кыргыз эле болсок керек. Мекенчилдигибизди баса белгилегендин дагы бири - биздин туубуз. Кайсы өлкөгө барбайын ар кандай иш-чараларда имарат ичинде башка калкынын саны бизден миң, миллион эсе көп улуттардын жанында тууң желбиреп турса көкүрөктөгү сыймык көөдөнүңдү козгоп, көзгө жаш алдырат. Дүйнөдө 20-30-40 миллион эли бар, бирок мамлекети жок улуттар толтура. Мамлекет кура албай зар какшап жүрүшөт. Азганакай болсок да Кыргызстан деген күнөстүү өлкөбүз бар экенине сыймыктанам. - Жакынкы аралыкта эле “Мекеним Кыргызстан” партиясы тууну боз үйдүн түндүгүнөн чыгарды” деген талкуу кетти. Ага сиздин көз карашыңыз кандай? - Өткөндө “Мекеним Кыргызстан” партиясы тууну боз үйдүн түндүгүнөн чыгарды” деп, Американы ачкандар эмгиче айтып бүтө албай ыңгайы келе калганда ала жатканды адат кылышты. Анда эмесе өткөнгө кайрылайын. Эсиңерде болсо керек былтыр Орто Азиянын тарыхында биринчи жолу Кыргызстанда гей парад өткөн. Болгондо да борбордук аянтта. Курманжан датка энебиздин эстелигинин алдында топтошкон маңкурттар бетибизге көө жапкан. Албетте, билбегенге бир эле митинг өттү, гейлердин желегин көтөргөн. “Анын эмнеси бар экен?” деп ырсактап, тыңсынгандар да кекиртектен болду. Ооба, билгенге улуттун уңгусуна сокку согулду. Кыргыз элинин келечегине балта урулду, кылычы кыя чабылды... Мамлекетибиздин борбордук аянтында гейлердин парады өткөнү - бул маскарачылык, маңкурттуктун жеткен чеги. Кыйын күндө өз баласынын башынан кечип, өрөөндүн элин сактап калган Датка энебизди мазакташты. Кыргыз элинин энелеринин көөдөндөрүнө түкүрүштү. Алайлык бир эл өкүлү үн каттыбы? Борбордук аянтта Манас турат, “Манастын атына шек келтирдиңер” деп бир таластык эл өкүлү бакырдыбы? Жок! Айрым бейөкмөт уюмдардын бейжайынан, бет тырмаганынан чочуп коомайланышты. Улут, нарк, насил маселесине келгенде дудук, дүлөй, сокур...Кыргыз элинин кылымдан-кылымга сакталып келаткан тарыхына, үрп-адатына, салтына, бүтүндөй баалуулуктарыбызга, ата-бабалар мурасына сасыктарды сайраңдатып, тебелеп, тепсеттирдик! Өтө өкүнүчтүүсү энебиздин, Манастын эстелигин мазактагандар кыргыз жөнүндө эмне деп гана жазган, айткан жок. Өңчөй “киргиздер” чогулуп алып кыргыздын кымыз, айыл, кыргыз жыттанган уул, кыздарын "мырк, тупоголовые, колхоз, мрач, срач, необразованные тупые" деп ооздорунун отуз эки тишин көргөзө каткырышты. Ошондо эч ким бакырып чыккан жок! - Жылдыз Аманбековна, “С аясат сапырылган жерде улут да өлөт. Кыргыздын мыкты уулдары ойгонгондо гана улуттук кызыкчылык, баалуулук улуттун уңгусу деген ыйык нерселер көздүн карегиндей аздектелет ” деп жүрөсүз. Ошондой чыгаандар арабызда барбы? - Мамлекет жалгыз. Жападан жалгыз. Кызыкчылыктар болсо миң сан, керек болсо миллиард. “Кыйын кезде кыргыздын кырына кырчоо, белине белбоо болом” деген интеллигенция өтө аз экенине ынандым. Акыны да, жазуучусу да жым болуп жымырап гана жатышты. Алыска кепти созбойун, Акаев доорунда бир канча жыл жумуртка басып, түндүк көтөргөн аял борбордук аянтта турду. Оозуна талкан сугунуп алгансып эч ким лам дешпеди. Дээрлик өзүн интеллигенция эсептеген көбүнөн ошо кезде ушу аял боюнча, дегеле мамлекеттүүлүк маселесине келгенде пикир сурасаң “айланайын, Ала-Арчага көмүлбөй калам” деп артын карабай качышчу. Мен жетектеген “Айат” гезити 2010-жылдан кийин сандан-санга саймедиреп отуруп, араң эки жылдан соң каражолтой аялды алып тындык. Ага чейинки Убактылуу Өкмөт да “лам” деген эмес! Туура, саясат сапырылган жерде улут да өлөт. Кыргыздын мыкты уулдары ойгонгондо гана улуттук кызыкчылык, баалуулук улуттун уңгусу деген ыйык нерселер көздүн карегиндей аздектелет. Айтор, биз нан тебеледик, казанга түштүк, эркегибиз катын болгонуна сыймыктанып, кыздар чай куйганды чанды...Улутка сокку урулуп атканда айрым урматтуу уулдарыбыз, кымбаттуу кыздарыбыз баштарын коңулга катып, катарыбыздан качты эле, кадимки кыргыздын эле карапайым уулдары боз үйдөн туу желбиретишсе жинигип кала сакташты. Алардын ою боюнча гейлердин желеги желбиресе желбиресин, кыргыздын желеги кара жерге кирсинби?... Ар бир кыргыздын үйүнүн түндүгүнөн Кыргызстан деген мекенибиздин желеги желбиресин. Биз, кыргыздар тээ Манас доорунан бери эркиндикти эңсеп келгенбиз, эркиндик деп Алтайдан Ала-Тоого көчтүк. Баасы бир ушунча кымбат болду. Далай кан төгүлдү. Кыргыз баспаган жер, суу, тоо, токой, зоо, аска, кыргыздын балтасы чаппаган кайың, тал, терек, арча калган жок. Канча кан менен эңсеген эркиндикке ээлик кылган ата-бабаларыбызга таазим! Миңдеген жылдарды карыткан тарыхыбызга Кудайга миң мертебе шүгүр...Бир кезде "ээнсирейт эркиндиктин аралы!" деп жаздым эле, элибиз эч качан ээнсиребесин! Үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган жүрөгү Кудайдан корккон мыкты уул, кыздарыбыз көп, ууч кур эмес... Анткени азыр Кыргызстан деген мамлекетибиз бар! Кыргызстаныбызды көздүн карегиндей сактайлы, эркелетели, ардактайлы, барктайлы, мактаналы! Ырыскыбызды теппейли. Жаманбы, жакшыбы эгемен элбиз, ушунубуз кут болсун! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 17:11 11-09-2020

Подробнее
11 сентября 2020 г. 13:36

Биримдик

Жалал-Абад обулусунун Аксы районунда айылдашынан биздин партияны колдоосун талап кылган жарандардын окуясына «Мекеним Кыргызстан” партиясынын эч кандай тиешеси жок экендигин билдиребиз. Айрым ЖМКлар окуянын чоо-жайын толугу менен түшүнбөй туруп, коркутуулар “Мекеним Кыргызстан” партиясынын үгүттөөчүлөрү тарабынан болгон деген маалымат таратышты. Дагы бир жолу баса белгилейбиз, бул мындай эмес. Башка партиялардан айрымаланып, "Мекеним Кыргызстан" агитаторлор менен расмий келишим түзүп, Кыргыз Реаспубликасынын мыйзамында каралган бардык салыктарды төлөйт. Албетте бул - тарапташтар келишим түзбөй туруп бизге үгүттөө иштерин жүргүзө албайт дегенди билдирбейт. Кимдир бирөөгө же ага каршы үгүттөөгө, өз пикирин айтууга ар бир жарандын укугу бар. Бирок бул учурда алар партиянын расмий агитаторлору болуп саналбайт. Биз, айылдаштардын ортосундагы катардагы пикир келишпестик партиянын бетине көө жабуу үчүн атаандаштар тарабынан атайын колдонулган деп эсептейбиз. "Мекеним Кыргызстан" партиясы дагы бир жолу чыныгы күрөш жүргүзүүгө, ыплас технологияларды колдонбоого жана болбогон чыр-чатактарды көбүртүп-жабыртып жибербөөгө чакырат. *** Партия «Мекеним Кыргызстан» заявляет, что не имеет никакого отношения к хулиганскому инциденту, произошедшему в Аксыйском районе Джалал-Абадской области с участием двух граждан, якобы требовавших от своего односельчанина в грубой форме поддержать нашу партию. Некоторые СМИ, не разобравшись до конца в сути дела, тут же распространили информацию об инциденте, указав, что угрозы исходили от агитаторов партии «Мекеним Кыргызстан». Еще раз подчеркиваем, что это абсолютно не так. В отличие от других партий, «Мекеним Кыргызстан» заключает со всеми своими агитаторами официальные договоры, оплачивая при этом все налоги и сборы, предусмотренные законодательством Кыргызской Республики. Конечно, это не значит, что за нас, как и за другие партии, не могут вести агитацию наши сторонники и без заключения договоров. Это право каждого – агитировать за или против любой партии, высказывать свое мнение и так далее. Но в этом случае они не считаются официальными агитаторами партии. Мы считаем, что бытовой конфликт между односельчанами был намеренно использован нашими оппонентами, чтобы попытаться бросить тень на репутацию партии. Партия «Мекеним Кыргызстан» в очередной раз призывает всех к честной борьбе, без использования грязных технологий и без попыток раздуть скандал там, где для этого нет никаких оснований.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 23:20

Аалы Карашев:

"Республика" партиясы натыйжалуу реформаларды ишке ашырды. Аалы Карашев: Партия "Республика" воплотила в реальность эффективные реформы.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:58

Вице-премьер: "Чет өлкөдөгү мекендештердин парламенттик шайлоого катышуусу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү керек"

"Алдыдагы парламенттик шайлоолорго даярдык көрүү алкагында чет өлкөдөгү шайлоо участоктору тийиштүү жабдуулар жана гигиеналык коргоочу каражаттар менен өз мөөнөтүндө камсыздалышы керек" , - деп вице-премьер министр Акрам Мадумаров айтты. Бул тууралуу ал шайлоо өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык камсыздоодо көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын жыйынында билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө Тышкы иштер министрлигинин жана Мамлекеттик миграция кызматынын чет өлкөдөгү мекендештердин добуш берүүсү үчүн тийиштүү шарттарды камсыздоо жана биометрикалык маалыматтарды чогултуунун жүрүшү тууралуу маалыматы угулду. Белгиленгендей, чет өлкөдө 44 шайлоо участогу түзүлгөн. Аларды тийиштүү материалдык-техникалык база жана гигиеналык коргоочу каражаттар менен камсыздоо маселелери иштелип жатат. Мындан тышкары, парламенттик шайлоолорго даярдык көрүү жана аны өткөрүү учурунда коомдук укуктук тартипти камсыздоого тийиштүү маалымат угулду. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, тийиштүү иш-чаралар планы иштелип чыккан. "Чет өлкөдөгү мекендештердин парламенттик шайлоого катышуусу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү керек. Бардык уюштуруу маселелерин өз учурунда аткаруу зарыл", - деди вице-премьер-министр Акрам Мадумаров. 12:10 11-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:58

Алмамбет Шыкмаматов: “Оппозициялык партияларга добуш бериңиздер”

“Добуш үчүн акча тараткандар – элдин душманы!” Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов Нарын облусунун эли менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, добуштарын саткандар эки эсе жарды болгон абалга кептелет. “Бийликтин партияларына добуш бербеңиздер! Алар ансыз деле паспортторду чогултуп, административдик ресурсту колдонуу менен элге басым жасап, №2 форма аркылуу добуштарды сатып алып жатышат. Эгер бийликке оппозиция барбаса, парламент накта “чимкириктердин” уюгу болот” , – деди Шыкмаматов. Ал ошондой эле элди оппозициялык партияларга добуш берүүгө чакырды. “Шайлоо алдында мектеп оңдоп, стадион кургандар бийликке келгенде короткон акчасын 4-5 эсеге көбөйтүп алышат. Ал эми добушун саткандар эки эсе жарды болушат. Ошондуктан “Бир Бол” сыяктуу оппозициялык партияларга добуш бериңиздер”, – деди Алмамбет Шыкмаматов. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 11-сентябрь, 2020-жыл. 11:08 11-09-2020

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:58

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын талапкерлеринин толук тизмеси

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын талапкерлеринин толук тизмеси жарыяланды. Аталган партияда 120 талапкер катталган. № Аты-жөнү Туулган датасы жана жылы Иштеген жери Ээлеген кызматы 1 Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 09.03.1965 Жумушсуз 2 Суваналиев Өмүрбек Исакович 31.07.1960 Коопсуздук кеңеш Катчынын орун басары 01.04.2020 - 3 Масалиев Исхак Абсаматович 21.05.1960 Жумушсуз 4 Саттарова Айгүл Эркебаевна 06.10.1985 Жумушсуз 5 Сманбеков Темирлан Камашович 15.04.1957 Б.Кыдыкеева атындагы Т.Ю.З. Директор, 03.03.2020 - 6 Тилектешов Улукбек Тилектешович 18.10.1993 Жумушсуз 7 Асанов Курсан Сатарович 31.08.1966 Жумушсуз 8 Нарматова Орозайым Көчкөнбаевна 19.02.1994 Жумушсуз 9 Ибраев Саматбек Кулукеевич 25.02.1965 Жогорку Кеңеш Депутат, 01.04.2020 - 10 Малабаев Медербек Муратбекович 07.02.1991 Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Адистин милдетин аткаруучу 02.05.2019 - 11 Жамалдинов Зиядин Исламович 12.06.1966 Жогорку Кеңеш Депутат, 28.10.2015 - 12 Шеркулова Чыныгүл Абдукахаровна 26.04.1979 «Интерчейндж Кочкор-Ата» ЖЧК Директор, 20.03.2019 - 13 Домшенко Олег Леонидович 01.10.1970 Жумушсуз 14 Момунов Акат Акынович 01.05.1969 Жумушсуз 15 Акматов Айданбек Акматович 16.09.1967 Жумушсуз 16 Өмүшова Замира Анарбаевна 14.04.1977 Жумушсуз 17 Сапарбаев Эрлан Турдакунович 24.06.1975 НИУ ВШЭ Россия Аспирант, 01.11.2019 - 18 Айтбаев Акыл Казакович 25.03.1965 проф. Ш. Мусакожоев атындагы инновация академиясы доцент, 30.09.2019 - 19 Мусаев Люшер Лажапович 30.11.1986 Жумушсуз 20 Айдарова Айгүл Абдисаламовна 15.03.1989 Чүй ОИИБи Тергөөчү, 27.06.2018 - 21 Кадырбеков Ишенбай Дюшенбиевич 16.07.1949 Жумушсуз 22 Разыков Рахманжан 22.05.1955 Жумушсуз 23 Жайчиев Эмиль Аканбекович 22.12.1976 Жумушсуз 24 Акматова Венера Сайпидиновна 27.11.1972 И.Арабаев атындагы мамлекеттик университети доцент, 01.09.2012 - 25 Болуш Уран 30.08.1983 Канада-Кыргыз соода палатасы Директор, 01.06.2020 - 26 Матмусаев Жанышбек Мырзабекович 05.02.1975 ИИМ Пенсионер, 18.04.2019 - 27 Осмонов Малик Калылович 10.10.1957 Жумушсуз 28 Кожокулова Айнагүл Акматкуловна 16.03.1963 «Бишкексвет» ишканасы Экономист, 01.07.2019 - 29 Темиров Абыдин Салайдинович 03.02.1968 «Агро Алатоо» ЖЧК Директор, 24.04.2018 - 30 Берикбаев Санжарбек Турдукулович 20.11.1969 Жалал-Абад театр «Барпы» Директор, 29.05.2014 - 31 Мунарбек уулу Мирбек 25.05.1994 ОсОО “АЛА-ТОО инженеринг” Башкы директор, 01.04.2019 - 32 Эшеналиева Назгүл Арстановна 25.10.1974 Жумушсуз 33 Арапбаев Руслан Арапбаевич 08.06.1988 «Кызыл-Кыя Сууканал» ишканасы, Кызыл-Кыя Юрист, 01.06.2017 - 34 Алиев Ибрагимбек Махмадшоевич 19.05.1971 Улуттук онкология борбору Врач онколог, 04.02.2008 - 35 Токсобаев Жолдошбек Осмонбекович 06.06.1960 Жумушсуз 36 Токоева Канчайым Канатбековна 25.05.1962 Искусство балдар мектеби Директор , 26.08.2003 - 37 Калмурзаев Азаматбек Тиллабалдыевич 05.11.1979 Жумушсуз 38 Сатаркулов Бакыт Советбекович 17.05.1964 “Ботаб” ЛТД ЖЧК Башкы директор, 01.01.2018 - 39 Довлотов Сейитбек 23.03.1958 «Юринформ» Адвокат, 31.01.2017 - 40 Бараканова Салтанат Нурудиновна 22.10.1959 Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитети Эксперт, 10.05.2011 - 41 Бейшенбеков Турсунбек Бейшенбекович 11.03.1990 Жумушсуз 42 Болушов Жеңиш Акматалиевич 16.06.1971 БФ «Болуш-Ахмадали» Директор, 12.05.2020 - 43 Осмоналиев Марс Мукашевич 01.11.1960 Жеке ишкерлик Жеке ишкер, 14.10.2015 - 44 Кожоева Ибадат Абдыразаковна 04.07.1962 «Жаачылар» АКК Төрага, 31.05.2011 - 45 Шерматов Батырали Ташбаевич 04.03.1977 ЦСМ №9, Бишкек шаары Массажист, 01.01.2009 - 46 Сабырбеков Темирбек Сабыржанович 18.01.1962 Жумушсуз 47 Абдувалиев Алишер Муктаралиевич 10.06.1986 Жогорку Кеңеш эксперт, 15.12.2015 - 48 Алибаева Айгерим Абдижалиловна 01.04.1994 Жумушсуз 49 Булашбаев Жолдошбек Осмоналиевич 02.11.1982 Жумушсуз 50 Муратбек уулу Азамат 06.03.1993 «Кош-Добо коому» АКК Төрага, 05.04.2018 - 51 Наргозуев Бегалы Молдогозуевич 05.02.1961 “Авиакомпания Аман эйр” ЖЧК Президенттин кеңешчиси, 10.04.2010 - 52 Айтбаева Жылдыз Сагымбаевна 22.04.1979 ОшМУ, юрфак Доцент, 22.10.2014 - 53 Маматаев Улукбек Калмаматович 08.03.1974 Жумушсуз 54 Шарапов Турсунбай Рахматиллаевич 18.01.1986 Жумушсуз 55 Осмонов Илгиз Сапарбаевич 15.12.1990 «Осмонов жана Ко» ЖЧК Башкы директор, 10.07.2017 - 56 Мишина Ирина Витальевна 01.04.1977 Жумушсуз 57 Закиров Жолу Абдуллаевич 05.03.1965 Жумушсуз 58 Ражапов Неъматилло Абдурахманович 09.04.1966 Жумушсуз 59 Тиркешов Медетбек Суеркулович 19.08.1975 Жумушсуз 60 Маматова Динора Турдиалиевна 18.07.1980 Жумушсуз 61 Таиров Шайырбек Азимжанович 08.03.1980 Жумушсуз 62 Хамраева Гулжамал Елемесовна 05.01.1970 Жумушсуз 63 Касымалиев Досубек Кожобекович 02.02.1958 Жумушсуз 64 Измайлова Рамиля Халитовна 03.11.1975 Жумушсуз 65 Мырзакматов Улан Кенжебекович 13.07.1992 Жумушсуз 66 Асаналиев Эмил Жолдошевич 18.02.1966 «Желденг Транс» ЖЧК Башкы директор, 24.12.2014 - 67 Камчыбек уулу Алтынбек 28.03.1992 Жети-Өгүз айылдык кеңеш депутат, 11.12.2016 - 68 Алибекова Назира Эркебаевна 18.02.1994 «АНТ ЯПЫ» курулуш компаниясы Менеджер, 01.07.2019 - 69 Кожалиев Ишен Токтосунович 30.07.1966 Жумушсуз 70 Кубанычбеков Нурбек Кубанычбекович 26.01.1993 Жумушсуз 71 Жороев Курманбек 25.12.1952 Жумушсуз 72 Ботобаева Акмарал Айдарбековна 15.08.1989 Жумушсуз 73 Жоошбаев Назаркул Чоконович 22.06.1965 Жумушсуз 74 Бактыбек кызы Жазгүл 30.01.1989 Жумушсуз 75 Ибраев Кубан Сагынович 06.01.1967 «ЭТР» ЖЧК Аткаруучу директор, 28.04.2017 - 76 Кадырова Рахима Хабибуллаевна 19.10.1982 Жумушсуз 77 Жураев Дилмурод Хамитович 22.06.1986 Жумушсуз 78 Куттибеков Жолдошалы Умаралиевич 24.05.1986 “Аска Курулуш” ЖЧК арматурщик, 01.04.2015 - 79 Калыгулов Максат Рыскулович 15.05.1999 Жумушсуз 80 Өмүрбаева Гүлзат Жакшылыковна 05.08.1983 БГУ Окутуучу , 04.04.2014 - 81 Куватбеков Улан Асангазыевич 19.05.1986 Жумушсуз 82 Назырбеков Керимжан Мамытович 19.06.1973 Жумушсуз 83 Ураимов Мирлан Абдуманапович 12.08.1985 Жумушсуз 84 Мурабдиллаева Феруза Шамшидиновна 01.05.1988 Жумушсуз 85 Манасов Шамсидин Абдил-Алиевич 30.08.1984 “Ал-Дияр” ЖЧК Юрист , 07.05.2014 - 86 Саадалов Данияр Адилбекович 11.02.1987 “Азия Спецтехника” ЖЧК Юрист, 23.09.2016 - 87 Байтиков Асанбек Байдолотович 16.11.1969 Жумушсуз 88 Булгакова Елена Николаевна 04.01.1976 Жумушсуз 89 Смаилов Канатбек Осмонкулович 18.09.1985 Жумушсуз 90 Рахманбердиева Айша 20.12.1950 Жумушсуз 91 Султанов Нурбек Албанбаевич 05.07.1982 Жумушсуз 92 Сулайманова Гүлбара Токтомушовна 17.01.1963 «Оомат-тур» ЖЧК Директор, 01.01.2012 - 93 Мамедов Эринад Оручевич 27.04.1978 Жумушсуз 94 Карабаева Айсулуу Акыловна 10.05.1990 Жумушсуз 95 Абдыкулов Бек Жашасынович 21.01.1981 КХ «Ынтымак Ырыс» Төрага, 01.01.2007 - 96 Мамытов Нурлан Мамбетжанович 09.07.1989 Жумушсуз 97 Чоморов Улукбек Кубанычбекович 13.07.1987 КХ «Улугбек» кызматкер, 01.01.2014 - 98 Курманбекова Үмүт Калыбековна 04.08.1981 Жумушсуз 99 Янченко Антон Юрьевич 30.05.1990 Жумушсуз 100 Чолокова Нургуль Бактыбековна 04.01.1987 Жумушсуз 101 Аккаров Сейитбек Джалиевич 25.01.1978 с/у Мады депутат, 26.12.2016 - 102 Айдарбекова Чынара Сатылгановна 12.05.1968 Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Окутуучу, 02.02.2009 - 103 Осмонов Сейдали Омарбекович 17.01.1962 Жумушсуз 104 Абдылдаева Гулнур Билимбековна 14.10.1987 Жумушсуз 105 Ахмеджанов Алишер Абдуманабович 08.04.1987 Жумушсуз 106 Мурзакулова Мухлиясхан Ташмаматовна 14.07.1976 Жумушсуз 107 Кокоев Оморбек Жумабаевич 11.02.1968 Жумушсуз 108 Юмакаева Альбина Камильевна 18.09.1983 Жумушсуз 109 Хуснутдинов Ильдар Мухамадзакиевич 02.12.1974 Жеке ишкерлик Директор, 10.09.1994 - 110 Саитмуратова Ширин Алижановна 29.08.1992 Жумушсуз 111 Никульшина Анастасия Васильевна 24.12.1987 Жумушсуз 112 Абдысатаров Айтбек Абдысатарович 31.05.1993 «АЗВИРТ» ЖЧК Техник-лаборант, 02.03.2020 - 113 Кулмурзаева Айпери Сүйүнтбековна 26.02.1993 Жумушсуз 114 Сулейманов Исмар Рашидович 15.11.1995 Жумушсуз 115 Отамурзаева Одина Насиржановна 27.03.1987 Жумушсуз 116 Сулайманов Калыбек Карыпбаевич 31.10.1964 Жумушсуз 117 Торокулова Назирахан Абдиллаевна 28.01.1976 Жумушсуз 118 Шермамбетов Таалайбек Турдубекович 23.04.1969 Жумушсуз 119 Ахтырская Тамара Вячеславовна 02.04.1981 Жумушсуз 120 Капаров Эрлан Эмилбекович 23.02.1997 Жумушсуз 10:47 11-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:58

"Кыргызстан" партиясы: “Фермерлерди кооперативдерге бириктиребиз!”

"Кыргызстан" партиясы жеке фермерлер менен кооперативдерди бириктирүүнү сунуштайт. Анткени өлкө агрардык мамлекет болгону менен айыл чарба тармагынын азыркы абалы замандын талабына жооп бербейт. Союздун кулашы менен айыл чарба багытындагы жерлер менчикке берилген. Учурда айыл чарба продукцияларынын негизги өндүрүүчүлөрү жеке фермерлик чарбалар жана майда чарбалар. Алар жалпы айыл чарба продукцияларынын 98,4 пайызын өндүрөт. Ал эми мамлекеттик чарбалардын үлүшүнө 1,6 пайыз туура келет. Айыл жерлеринде өлкө калкынын үчтөн эки бөлүгү жашайт. Бирок айыл чарбасында эмгектенген бир адам 13 гана адамга жете турган продукция өндүрө алат, башкача айтканда эмгектин өндүрүмдүүлүгү аз. 2018-жылы айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн 2 миллиард 700 миллион сом бөлүнгөнүнө карабай, өндүрүлгөн азыктар экспортко кетпей келет. Мунун башкы себеби чарбалардын өтө майда болуп жаткандыгы. Практика көрсөткөндөй, майда чарбалар технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү жоктугунан кол эмгеги менен гана чектелип жатышат. Мындан улам алардын өндүрүмдүүлүгү жана кирешеси аз болуп, айыл чарба тармагынын өнүгүүсүнө түрткү боло албай жатышат. Фермерлер өндүргөн продукциялар өздүк керектөөдөн ашпайт. Албетте, бул айыл чарбасынын экономиканын өсүшүнө тийгизген таасирин азайтат. "Кыргызстан " партиясы төмөнкүлөргө көңүл бурат: "Кыргызстан" партиясы майда чарбаларды бириктирген ассоциация, кооператив жана башка уюмдарды түзүүнү сунуштайт. Биздин сунуш менен мамлекет дыйкандарды иш жүргүзүүдө колдоо үчүн мамлекет аларга субсидия же жеңилдетилген насыялоонун жаңы механизмин иштеп чыгат. Биз айыл чарба министрлигинин ишин эффективдүү аткаруусун талап кылып, аймактарды сугат суусу менен өз убагында камсыз кылууну жана ирригациялык инфраструктура курууну тездетүүнү көзөмөлдөйбүз. Биз айыл чарбасын өнүктүрө турган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөп, кошумча инвестицияларды тартуу жана илимий методдордун колдонулушуна басым жасайбыз. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а. 10:21 11-09-2020

Подробнее
11 сентября 2020 г. 14:11

Партия «Кыргызстан»

Партия «Кыргызстан»: Доступ к бесплатному профтехобразованию для мигрантов!

Подробнее
11 сентября 2020 г. 21:39

Гульнара Дегенбаева – мама 149 детей.

Гульнара Дегенбаева – мама 149 детей. Женщина с золотым сердцем дала теплоту, кров, образование и отличное воспитание всем своим воспитанникам. Понимая все тяжбы подрастающего поколения, а в особенности беспризорных детей, Гульнара Дегенбаева намерена приложить усилия, чтобы молодежь страны имела возможность получить качественное образование.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 13:53

Среди кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша от политической партии «Кыргызстан» немало успешных предпринимателей и бизнесменов.

Среди кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша от политической партии «Кыргызстан» немало успешных предпринимателей и бизнесменов. Они смогли с нуля создать малые и средние, а также крупные перерабатывающие предприятия и соответственно, обеспечить рабочими местами десятки тысяч кыргызстанцев, в том числе в регионах.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники