Замандаш: «Партия продолжит также защищать интересы народа!»
Подробнее"Кыргызстан" партиясы: Европага жол – ВСП+ 2016-жылдын башында Европа биримдиги Кыргызстанга жалпы жеңилдиктер системасын колдонуучу - ВСП+ макамын берип, өндүргөн товарларын Европа өлкөлөрүнө бажы төлөмдөрү жок алып кирүүгө уруксат берген. 2019-жылдын аягында Кыргызстандын Европа өлкөлөрү менен болгон тышкы соодасында кыргыз товарларынын экспорту (894 миллион доллар) Европанын импортуна караганда (341,3 миллион доллар) басымдуулук кылат. Баарынан көп Улуу Британияга - 833,2 миллион доллар, Литвага - 17,1 миллион доллар жана Германияга - 8,6 миллион долларга бааланган товар экспорттогон. Негизинен Кыргызстандан ЕБ өлкөлөрүнө айыл чарба продукциялары экспорттолот: бал, буурчак, козу карындар, жаңгактар, жашылча-жемиштер, кургатылган жемиштер, ошондой эле жүндөн, булгаарыдан жасалган буюмдар, кездемелер, тамеки жана пахта. Бирок кыргыз бийлиги Европа Бирлиги тарабынан Кыргызстанга берилген ВСП + мүмкүнчүлүгүн толук кандуу колдоно албай келет. Берилген мүмкүнчүлүктү 5-7%га гана пайдаланып, 3 жылдын ичинде биз укмуштуудай ийгиликтерге жетише элекпиз. Кыргызстан өндүргөн товарларын Европага рыногуна жеткирүүдө чыгымдардын көптүгү, товарлардын сапатынын европалык стандарттарга шайкеш эместиги, эл аралык сертификатты алуудагы кыйынчылыктар экспорттоо мүмкүндүгүн толук кандуу пайдаланууга бут тосуп келет. Буга улай эле аралыктын алыстыгы, логистикалык борборлор жана инфраструктуранын начардыгы себеп. ВСП+ тутуму Кыргызстанга берген бардык мүмкүнчүлүктөрдү толук кандуу колдосок, киреше эле эмес, өлкөнүн беделин жогорулатуу сыяктуу бир катар артыкчылыктарга ээ болмокпуз. Ошол эле учурда ЕБ Кыргызстанга инвестиция салган негизги эл аралык донорлордун бири бойдон калууда. Ошондуктан өлкө бул өнөктөштүктү сактап калуу үчүн бардык аракеттерди көрүшү керек. “Кыргызстан” партиясы максатка жетүү үчүн төмөнкүлөр зарыл деп эсептейт: - Кыргызстандын экспорттук продукциялары жөнүндө маалыматты ЕБ аймагындагы импорттоочулардын каталогдоруна жана маалымат базаларына киргизүүнү камсыз кылуу; - ЕАЭБ жана ЕБ алкагындагы талаптарга жана улуттук талаптарга ылайык "Бирдиктүү терезе" маалымат тутумун модернизациялоо; -Экспорттоо үчүн артыкчылыгы жогору өлкөлөрдө жана уюмдарда соода өкүлчүлүктөрүн түзүү боюнча ишти уюштуруу; - Кыргыз Республикасынын тышкы өкүлчүлүктөрү ачылган ЕБ өлкөлөрүндө, инвестицияларды жана эл аралык өнөктөштөрдү тартууга багытталган иш-чараларды (бизнес форумдар, жарманкелер, көргөзмөлөр, бет ачарлар) уюштуруу боюнча ишти күчөтүү. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а. 11:09 10-09-2020 Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
ПодробнееБашкы прокуратура шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөйт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти. Ага ылайык, Башкы прокуратура төмөндөгү категориядагы жарандардын үгүт иштерин жүргүзүүгө жана ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга укугу жок экендигин маалымдайт. мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер; мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген адамдар; атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар; шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү; байкоочулар, эл аралык байкоочулар; диний ишмерлер; кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү; 18 жашка чыга элек адамдар; чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар; жарандыгы жоктор; Шайлоо алдындагы үгүттөө кампаниясында төмөнкүлөргө тыюу салынат: улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты; гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды басмырлоого; кастыкка чакырган үгүттөө; бийликти басып алууга; конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө; мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга багытталган чакырыктарга; Шайлоочулардын добушун кандай түрдө болбосун сатып алууга. "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 1-сентябрындагы чечимин аткаруу максатында Башкы прокуратура шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө менен айрым талапкерлердин же саясий партиялардын кызыкчылыктарын көздөө максатында мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин, тең укуктуулукту бузуу менен административдик ресурстарды кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусуна жана алардын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуусун, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет-булактарына мониторинг жүргүзүп келүүдө. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдануу мезгилинде 21 жарыя-макала изилденип, ички иштер органдарынын кароосуна жиберилген" , - деп айтылат маалыматта. Жалпысынан республика боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 22 материал катталып, ички иштер органдары тарабынан каралып жатканы маалымдалат. 09:43 10-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева
Подробнее“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасында билим тармагы унутта калган жок. “Мекеним Кыргызстан” партиясы заманбап мектептерди куруп, сапаттуу билим берүү системасын түзөт. Билим берүү – жакырчылыкты кыскартуу менен экономикалык өсүшкө түрткү берүүчү эң таасирдүү инструменттердин бири. Мамлекеттин милдети – заманбап талаптарга жооп берген, сапаттуу жана бардыгы үчүн жеткиликтүү билим берүү системасын түзүү. Мектептеги билим берүү боюнча биздин сунуштар: – Жаңы мектептерди куруу, авариялык абалдагы мектептерди сапаттуу оңдоп-түзөө үчүн бизнес менен өнөктөштүк боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгуу. Өнөктөштүк эки тарапка тең пайдалуу болгудай шартта түзүлүшү керек. Ишкер мектеп курууга же оңдоп-түзөөгө салган каражатынын ордуна салыктык жеңилдиктерди алууга тийиш; – Окуучулары аз жана мугалим жетишпеген айыл жерлерине чакан мектептерди куруу саясатынан окуучуларды жакын жердеги башка чоңураак мектептерге ташуу саясатына өтүү керек. Бул үчүн «Мектеп автобусу» деген улуттук программа иштеп чыгуу зарыл. Мындай программа аймактарда жолдорду куруу жана реабилитациялоо долбоорунун өнүгүүсүнө түрткү берүүчү катализаторго айланат; – Мугалимдердин социалдык абалын өзгөртүү жолдорунун бир чечими катары аларга айлык акы чегерүүдө бирдиктүү тарифтик торчо системасына кайтуу; – Жалпы билим берүүчү негизги предметтер: математика, физика, химия, биология, география, тарых, орус жана кыргыз тили сабактарынын саатын көбөйтүү үчүн мектептик билим берүүнүн мазмунун кайрадан карап чыгуу. 2012-жылы бул сабактардын сааты негизсиз кыскарып калган. Жогорку билим берүү багытында биздин сунуштар: – Өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайларды көз карандысыз эл аралык комиссиялар аркылуу аккредитациядан өткөрүү. Анын жыйынтыгы менен билим берүүнүн жогорку талаптарына жооп бербеген окуу жайлар жабылышы керек; – Эмгек рыногу талап кылган ар кайсы кесиптерге кадрларды даярдоо боюнча улуттук программа иштеп чыгуу; – Жеңилдетилген шартта окутуу программасын киргизип, анын натыйжасында жаш адистерди мамлекеттик тапшырма менен аймактарда ишке орноштуруу; – Жогорку окуу жайлар менен бизнестин ортосунда эки тарапка тең пайдалуу шартта кызматташуу боюнча байланыштарды түзүү. Мамлекет профессионалдык-техникалык жана атайын орто билим берүү системасына көңүл бурушу керек. Эмгек рыногунда азыр жумушчу кесиптеги адистерге муктаждык күч. А бизде атайын даярдыктагы техникалык адистер жетишсиз жана гуманитардык багыттагы кадрлар, маселен, юрист, экономист же эл аралык байланыштар боюнча адистер ашыкча даярдалууда. “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиздер! Максатыбыз бир, жолубуз шыдыр элибиз аман болсун! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 09:00 10-09-2020
ПодробнееЧогуу өзгөрөбүз "Замандаш" партиясын бекеринен элдик партия деп аташпайт. Себеби, биз бир гана шайлоо алдында иштебейбиз. Биздин штабдар шайлоодон кийин да жабылган эмес. Шайлоодон тышкаркы убакытта да эл менен иштеп келгенбиз.
ПодробнееЖаштык менен тажрыйбанын айкалышы
ПодробнееПо результатам жеребьевки, партия «Биримдик» получила в избирательном бюллетене номер 1
ПодробнееЗамандаш» Жогорку Кеңештин VII чакырылышына талапкер "Замандаш" саясий партиясынын кайрылуусу
ПодробнееБиз биргебиз жана жеңебиз! Кудай буйруса, сиздердин колдооңуздар менен Бүтүн Кыргызстан саясий партиясы алдыдагы чоң жарышта эң биринчи болуп келет!
ПодробнееМирбек Маматкасы уулу "Реформа" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кандидат в депутаты ЖК от ПП "Реформа" Голосуйте за новые, чистые силы! Голосуйте за нас! В бюллетени #5!
ПодробнееВо время пандемии наши соотечественники, которые были за границей на заработках и не только, оказались в тяжёлой ситуации: без денег, без работы и жилья. А самое главное, не могли вернуться на Родину, в Кыргызстан. На помощь к ним пришёл лидер партии "Замандаш" Жениш Молдокматов. Благодаря Женишу Молдокматову голос мигрантов был услышан. В парламенте депутаты Жогорку Кенеша подняли вопрос о возвращении мигрантов домой. Так, 200 кыргызстанцев вернулись к себе на Родину.
ПодробнееАйдана Дека: Я за перемены! Я за Республику ✅ Партия "Республика" в геометрической прогрессии набирает обороты в голосовании. В 2010 году : более 200 тысяч голосов. В 2015 году : более 300 тысяч голосов. В 2017 году : более 600 тысяч голосов В 2020 году даст Бог мы получим 1 миллион голосов) Присоединяйтесь к нашим рядам. Наш путь-Путь Вперед!
ПодробнееРазвитая страна – развитое сельское хозяйство. Партия "Республика" планирует снизить агрокредиты до пяти процентов.
Подробнее@talas__begaliev : Дүйнөнү эмес өзүңдү өзгөрт! Эч качан баарын билем деп бир орунда токтоп калбайлы. Башкалар канчалык сизди барктаса да, дайыма өзүңүздү өстүрүүнүн, өзгөртүүнүн үстүндө иштеңиз! ⠀ Меняйте себя, а не мир что окружает вас! Никогда не думайте, что вы всё уже знаете. И как бы высоко не оценивали вас, всегда имейте мужество говорить себе: я невежда и стремитесь усовершенствоваться во всех направлениях. Развивайтесь!
Подробнее4-октябрда – 4-номерди тандаңыз! "Мекеним Кыргызстан" партиясы – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Тандоо такталды! *** 4 октября - номер 4! Партия «Мекеним Кыргызстан» - партия каждого кыргызстанца! Выбор очевиден!
Подробнее