О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
11 сентября 2020 г. 1:38

Очередность партий в избирательном бюллетене

Центризбирком провел жеребьевку по установлению очередности партий в избирательном бюллетене. По итогам жеребьевки бюллетень будет выглядеть следующим образом: № 1 — «Биримдик»; № 2 — «Мекенчил»; № 3 — «Ыйман Нуру»; № 4 — «Мекеним Кыргызстан»; № 5 — «Реформа»; № 6 — «Ата Мекен»; № 7 — «Замандаш»; № 8 — «Бутун Кыргызстан»; № 9 — «Социал-демократы»; № 10 — «Мекен Ынтымагы»; № 11 — Партия ветеранов войны в Афганистане и участников других локальных боевых конфликтов; № 12 — «Ордо»; № 13 — «Бир Бол»; № 14 — «Республика»; № 15 — «Кыргызстан»; № 16 — «Чон Казат». Последний пункт в бюллетене - «Против всех».

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:38

Центризбирком не стал подавать кассационную жалобу на решение суда по «Бутун Кыргызстану»

Центризбирком не будет обжаловать решение суда по партии «Бутун Кыргызстан». Как заявила председатель Центризбиркома Нуржан Шайлдабекова, ранее административный суд удовлетворил жалобу «Бутун Кыргызстана» и признал решение ЦИК об отказе в регистрации недействительным. Чиновница подчеркнула, что ЦИК вправе обратиться в Верховный суд. Однако на данный момент стартовала активная фаза выборного процесса, поэтому они подчиняются решению административного суда.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:38

Шайлоо-2020: Улан Примов: «Биримдик» партиясы аймактардын социалдык маселелерин чечүүнү көздөйт

“Биримдик” Демократиялык социализм — Евразиялык тандоо саясий партиясынан аттанган талапкер Улан Примов Алай районунун Будалык айыл аймагынын Октябрь, Кум-Шоро, Кара-Суу жана Оро-Добо айылдарынын тургундары менен жолугушту. Примов үгүт иштерин ата-журтунан баштоону туура көргөнүн айылдыктар менен болгон маегинде айтты. “Туулган жердин топурагы алтын” дегендей, кичи мекенинин тургундарынын батасын алгандан кийин үгүт иштерин баштоону туура кордум, — дейт Улан Примов. Талапкер “Биримдик” партиясынын платформасы тууралуу тааныштырып, анын максаттары тууралуу кенен айтып берди. Айылдыктар негизги маселелерден пенсия пособия албагандар да бар экенин айтышты. Мындан сырткары Примов жергиликтүү тургундарды түйшөлткөн социалдык көйгөйлөрү тууралуу угуп, буюрса Парламенттен бийликке ар бир маселени жеткирерин убадалады. Примов ошондой эле партиянын социалдык саясаты тууралуу айтып: «Бул жерде эң башкысы, мамлекет тарабынан калктын акчалай кирешесинин өсүшүнө багытталган, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн баарынан жогору турган мамлекет тарабынан так саясат жүргүзүлүүдө. Бул чөйрөдө биздин негизги милдеттерибиз социалдык адилеттүүлүктүн принциптерин камсыз кылуу; калкты толук жумуш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү; убактылуу жумушсуз калган жарандарга жөлөкпулдарды мыйзамга ылайык, бирок минималдуу керектөө себетинен төмөн эмес өлчөмдө төлөө; жарандардын адилеттүү эмгек акыга болгон укугун ишке ашыруу; адамдардын тамак-ашка, турак-жайга, кийим-кечеге жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон биринчи муктаждыктарын канааттандырууга мүмкүндүк берген деңгээлде минималдуу эмгек акыларды жана жөлөкпулдарды белгилөө», — деди. Мындан тышкары тургундар акыркы убакытта элди түйшүккө салган медицина тармагын жана жаштардын ден-соолугун чындоо борборлорун өкмөткө жеткирип, берүүнү өтүнүштү. “Чоң-кичине ар бир кызмат очогунун куруучусу ал очоктун эмне максатта курулгандыгын улам эстеп турса, иш өз нугу менен жүрүп, жемиштүү болот”, — дейт Улан Примов. Алай эли “Биримдик” Демократиялык социализм — Евразиялык тандоо саясий партиясынын талапкери Улан Примовду чын дилден колдоо ниетин билдиришти. Будалыктар Улан Примовду узатып жатып, ыраазычылыктарын айтып, ак баталарын беришти.«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:38

Шектүү болсоң секирик жасайсыңбы?

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында өкүртө тилдеген мурдагы Транспорт министри Жамшитбек Калилов «Биримдик» партиясы менен шайлоого аттанды. Ал кызматынан орун басары 500 миң доллар пара сурап кармалып, камакка алынгандан кийин президенттен сөгүү угуп анан кеткен. Тилекке каршы, күбө катары суралып, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетти. Орун басары өзү билип 500 миң долларды сурап, сиңирип кеткидей башы экөө эмес болчу. Бул жерде акыйкат тергөө жүргөндө балким Калиловдун кулагы көрүнмөк. Коррупция менен күрөш тандоо жолу менен жүрүп жатканы ушундан билинип жатпайбы?

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:38

Тизме. «Чимкириктердин» 100дөн ашык депутаты кайрадан шайлоого баратышат….

Жогорку Кеңештин тарыхында «Ак жол» партиясы үстмөдүк кылган 4-чакырылыштын депутаттарынынан кийин, 6-чакырылыштын депутаттары эң көп сынга кабылды. Ал түгүл «чимкириктер» деген каймана атка ээ болушту. Элдин назарынан калгандар өтө көп болду. Тилекке каршы, өткөндөн сабак албаган эл өкүлдөрүнүн 80%тен ашыгы кайрадан 7-чакырылышка талапкер катары шайлоого шаңыраңдап бара жатышат. Бийликчил «Биримдик» партиясынан бараткандар: 1. Жээнбеков Асылбек Шарипович (Президенттин иниси баштап) 2. Зулпукаров Төрөбай Закирович 3. Пирматов Исхак Айтбаевич 4. Бакчиев Жаныбек Абдукапарович 5. Арапбаев Азамат Абдуллажанович 6. Субанбеков Бакирдин Жамалович 7. Алтыбаева Айнуру Тойчиевна 8. Алтынбеков Айбек 9. Асылбаева Гүлшат Кадыровна 10. Аскарова Айнура Алмасбековна 11. Бакиров Өмүрбек Мирзараимович 12. Дюйшалиев Абдыбек Кашымбекович 13. Тотонов Нурбек Темирбекович 14. Турусбеков Бактыбек Сагындыкович 15. Тулендыбаев Пархат Розумович 16. Исаева Динара Шертаевна 17. Жетигенов Бакытбек Жеўишбекович 18. Касымалиева Аида Камчыбековна 19. Каримов Нодирбек Токтасинович 20. Келдибаев Сагындык Аширалиевич 21. Кулбараков Абтандил Илдузович 22. Мавлянова Махабат Эргешовна 23. Осмонова Айнура Шермаматовна 24. Строкова Евгения Григорьевна 25. Примов Улан Бердибаевич 26. Жамангулов Акылбек Жекшенович 27. Аманкулов Марат Аскерович 28. Исмаилова Аида Жекшенбаевна 29. Кадыркулов Искендер Анарбекович 30. Джураев Сайдолимжан Маруфович 31. Юсуров Абдумажит Лелезович 32. Сарсейитов Исламбек Зайырбекович 33. Узакбаев Абылкайыр Осмонбекович Бийликчил «Мекеним Кыргызстан» партиясынан: 1. Абжалиев Алиярбек Токобекович (Президенттин кан кудасы) 2. Өмүркулов Иса Шейшенкулович 3. Бакиров Мирлан Исакбекович 4. Матраимов Искендер Исмаилович 5. Зулушев Курманкул Токторалыевич 6. Маматалиев Марлен Абдырахманович 7. Молдобекова Гүлкан Сакиновна 8. Маннанов Ильхом Абдукахарович 9. Мусабекова Жылдыз Аманбековна 10. Самаев Урматбек Обозбекович 11. Тиллаев Таабалды Гапырович Бийликчил «Кыргызстан» партиясынан бараткандар: 1. Жумабеков Дастан Артисбекович 2. Исаев Канат Кедейканович 3. Икрамов Тазабек Икрамович 4. Эргешов Алмаз Манасбекович 5. Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович 6. Алимбеков Нурбек Каарыевич 7. Турсунбаев Азизбек Атакозуевич 8. Мамытов Талант Турдумаматович 9. Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович 10. Масабиров Таалайбек Айтмаматович 11. Султанбекова Чолпон Аалыевна «Бир Бол» партиясынан: 1. Сулайманов Алтынбек Турдубаевич 2. Торокулов Дүйшөн Гуламкадырович 3. Шыкмаматов Алмамбет Насырканович «Ата Мекен» партиясынан: 1. Акаев Жанарбек Кубанычович 2. Момбеков Рыскелди Чыныбекович 3. Никитенко Наталья Владимировна 4. Нурбаев Абдывахап Мамадрасулович 5. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна 6. Токтошев Эмиль Токтакунович «Республика» партиясынан: 1. Бокоев Кенжебек Сатымкулович 2. Жээнчороев Мирлан Канатбекович 3. Жунус уулу Алтынбек 4. Карашев Аалы Азимович 5. Казакбаев Руслан Айтибаевич 6. Баймуратов Калдарбек Шакирович 7. Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна 8. Жылкыбаев Узарбек Казиевич «Социал демократтар» партиясынан: 1. Карамушкина Ирина Юрьевна 2. Орозова Карамат Бабашевна 3. Кодуранова Асел Союзбековна 4. Артыков Анвар Артыкович «Замандаш» партиясынан: 1. Мамашова Айсулуу Турусбековна 2. Гайпкулов Искандер Төрөбаевич 3. Ормонов Улугбек Зулпукарович 4. Кыдыралиев Умбеталы Токторалыевич «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмеси чыкканда дагы толукталат...

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:39

"Замандаш" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан алдыңкы талапкерлер

«Замандаш» партиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин сунуштады. Жалпысынан 156 талапкер катталган, алардын көпчүлүгү калың элге таанылган инсандар. Партиянын курамына саясатты, экономиканы терең билгендер, генералдар, ийгиликтүү ишкерлер, дарыгерлер, мугалимдер, бир канча тилди өздөштүргөн жаштар, дегеле өз ишин мыкты билген инсандар топтолгон. Сатыбалдиев Эльмурза 1992-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Юридикалык илимдердин кандидаты. 1992-жылдан бери прокуратура органдарында ар кандай жооптуу кызматтарда иштеп келген. Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары. Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу төрагасы болгон. Башкы прокурордун милдетин аткаруучу. Башкы прокурор. Генерал-майор. 2009-жылы 29-майда Кыргыз Республикасынын классикалык жана пляж волейболу федерациясынын президенти болуп шайланган. 2009-жылы 19-ноябрда Жогорку Кеңештин фондунун 70 жылдыгына арналган юбилейлик медаль менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы. Ормонов Улугбек 2007-жылы Жогорку Кеңеште миграция комитетин жетектеп турганда миграция боюнча мыйзам жазып, Урал, Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Екатеринбург өңдүү көп шаарларда миграциянын өкмөттүк өкүлчүлүгүн түзгөн. 1997-жылы “Дастан” заводунда директордун орун басары болуп турганда, жумушчуларга 700 сомдон айлык таратып, өзү 70 сом маянага иштеген. Алардын ичинде Россия менен Кыргызстандын кызматташтыгына, достугуна чоң салым кошкондугу үчүн Петр Великий Ордени менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. Жайлообаев Айбек Чет өлкөдө билим алган, Түркиядагы полиция академиясын бүтүргөн. Кыргыз, орус, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. “Ат-Башы” коомдук фондунун негиздөөчүсү. 12 жылдан бери билим берүү, спорт, маданият, теология жана жашылдандыруу багытында коомдук иштерди алып барып келет. Көптөгөн кылмыш иштердин бетин ачкан. Өз ишинин мыкты адиси. Аймактардагы окуучуларга жетишсиз китептерди сатып берип, мугалимдердин квалификациясын көтөрүүгө жардам берип келет. Футбол, волейбол, шахмат, күрөш жана көк бөрү боюнча турнирлерди уюштуруп, дени сак муунду тарбиялоого кызыкдар экенин далилдеп келет. Шамиев Рыскелди Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылынан чыккан Кыдыр акенин чөбөрөсү. Бабасынын “Калыстыктан тайбай, калп сөздү айтпай, элге жарык жүзүм менен кызмат кылам” деген сөзүн туу тутуп жашайт. Кыргыз күрөшүн ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине каттатуу демилгесин көтөрүп чыккан. 2019-жылы алгачкы жолу кыргыз күрөшү боюнча Азиянын ачык чемпионатын өткөргөн. III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз күрөштөн биринчиликти алгандарга кадимки курдун ордуна кымбат баалуу таштардан жасалган, калкан берүү идеясын ишке ашырган. Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси. Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт отличниги. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Мамбетсеитова Гүлнара Гүлнара Мамбетсеитова 1969-жылы 28-мартта Нарын шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. 1995-жылдан ушул кезге чейин Улуттук хирургиялык борбордун анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы. Саламаттыкты сактоонун отличниги. Саламаттыкты сактоонун жана шаардык кеңештин ардак грамоталарынын ээси. Адылбеков Увазарбек Увазарбек Адылбеков 1968-жылы 8-июлда Фрунзе шаарында туулган. Ж.Алкснис атындагы Рига жогорку аскер авиациялык инженердик мектебинин учактарды башкаруу факультетин аяктаган. 2012-2016-жылы Бишкек шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын депутаты; БГКнын муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы; 2016 -ж. Бишкек шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын депутаты. Карабаева Мухаббат Мухаббат Карабаева 1959-жылы 28-сентябрда Ош шаарында төрөлгөн. Низами атындагы Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетин физика мугалими адистиги боюнча аяктаган. 1996-2009-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жардамчысы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын эксперти. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы кеңсесинде бөлүм башчысы. Акыйкатчынын кеңсесинин башчысы. Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү. Саралаев Тимур Университетте саясат таануу боюнча сабак берип, 12 жыл иштеген. Айлык маянасынын аздыгынан, негизги жумушунан тышкары таксист болуп иштеген. 5-класста бир нече ай "Аламүдүн" базарына чыгып, күн сайын 1 каптан нан саткан. Чоң Чүй каналынан кичинекей кызды жана бир кишини сууга чөгүп бараткан жеринен куткарып чыккан. Бир нече китеп жана илимий макалаларды жазган. Алар: “Этнополитология”, "Теория элит и власти”, "Парадигмальные аспекты культурной политики. Мигранттарды колдоо фондунун директору (бул уюм кыргызстандыктарга укуктук жактан көмөк көрсөтөт). Пандемия учурунда 24 саат миңдеген замандаштардын мекенине кайтып келүүсүнө тынымсыз иштеген. Денисенко Галина Галина Денисенко 1961-жылы 23-мартта туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктаган. 2005-2006-жылдары Чүй районунун Юрьевка айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун үй-бүлөлүк дарыгери. Галина Денисенко жогорку категориядагы дарыгер. Жаманкулов Сагынбек 19 жашында СССРде спорттун эркин күрөш түрү боюнча чебер аталган. Кыргызстан, Молдавия жана Украинанын чемпиону болгон. Республикалык Кыргыз күрөш федерациясынын вице-президенти. Кыргыз спортун өнүктүрүүгө чоң салым кошкон, белгилүү спортчулардын машыктыруучусу, устаты. Одесса шаарындагы М.Ломоносов атындагы технология институтунда билим алган. Кечки саат сегизден таңкы сегизге чейин портто иштеп, күнүмдүк жашоосуна акча тапкан. Үй-бүлөлүү, 5 бала, 3 небереси бар. "Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г. Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12 үй. Чыгарылган күнү 10-сентябрь 2020-жыл. 19:13 10-09-2020 Автор: Гүлшат Ысамамат кызы

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:39

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын шайлоо алдындагы 7 облуска түзгөн программасы

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо алдындагы бардык облустарга өнүгүү долбоорун иштеп чыкты. Облустар үчүн өнүгүү долбоорлору Баткен облусунда күрүч, рапс, соя, ошондой эле мөмө-жемиштерди өстүрүүгө багытталган тамак-аш жана кайра иштетүү тармактарын, айыл-чарба өндүрүшүн өнүктүрүүнү демилгелөө керек. Аты алыска кеткен айтылуу Баткен өрүгү аймактын визиттик карточкаларынын бири жана экспорттун эн белгиси болуп калышы керек. Жалал-Абад облусунда электр энергиясын, электрониканы, көмүр казып алуу жана башка пайдалуу кендерди өндүрүүнү андан ары өнүктүрүү зарыл. Баарынан мурда пахта өндүрүүгө жана уникалдуу жапайы жаңгак токойлорунун түшүмүн кайра иштетүүгө адистешкен айыл-чарба тармагын өнүктүрүү керек. Мындай географиялык жайгашууда рекреациялык инфраструктураны өнүктүрүү да абдан маанилүү. Ысык-Көл облусунда эс алуучу туристтик инфраструктураны интенсивдүү өнүктүрүү зарыл. Ошондой эле транспорттук жана коммуникациялык инфраструктураны да. Органикалык жашылчалар менен жемиштерди өстүрүү жана кайра иштетүү өтө кирешелүү болот. Мындан тышкары Ысык-Көлдө спорттук медицина тармагында кызмат көрсөтүү структурасын иштеп чыгуу керек. Ошондо бизге өздөрүн калыбына келтирүү жана реабилитациялоо үчүн КМШнын бардык өлкөлөрүнөн спортчулар келмек. Нарын облусу өзүнүн географиялык жайгашуусун колдонуп, соода-логистикалык потенциалын өнүктүрсө болот. Нарында ошондой эле жогорку өнүмдүү мал чарбачылыгы үчүн да бардык шарттар бар. Аймак акыркы жылдары этно туризмдин сүйүүчүлөрү үчүн да жагымдуу жайга айланууда. Экологиялык жана медициналык туризмдин багыттары да перспективдүү болушу мүмкүн. Ошондой эле «Нарын» ЭЭАсынын өнүгүүсүнө жаңы дем берүү керек. Ош облусунун экономикасы үчүн жеңил, кайра иштетүү өнөр жайын, ар тараптуу айыл-чарба тармагын, биринчи кезекте бакча өсүмдүктөрүн жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүү локомотив болушу мүмкүн. Тоо-кен тармагы да алардын катарында. Экологиялык, этно, ошондой эле “зыярат” туризмин өнүктүрүү да маанилүү, анткени аймакта көптөгөн мазарлар, ыйык жайлар, мечиттер бар. Заманбап байланышты, мунай өнөр жайын, түштүк регионунун чет мамлекеттер менен соода жүргүзүүсүн, ошондой эле эки тараптуу сооданы камсыз кылган инфраструктураны өнүктүрүү зарыл. Суу түтүктөрүнүн жана ирригациялык системанын курулушун улантуу да маанилүү маселе. Талас облусунда кайра иштетүү өнөр жайын түзүү, айыл чарба продукцияларын, тамак-аш азыктарын өндүрүү жана аларды экспорттоо, байланышты өнүктүрүү маанилүү. Мындан тышкары бул аймакта маданий жана тарыхый туризмди да өнүктүрсө болот. Чүй облусу үчүн логистикалык борборлорду өнүктүрүү, IT-паркка инвестицияларды тартуу, инфраструктура, тоо-кен байлыктарын казуу, айыл-чарба продукциясын кайра иштетүү жана билим берүү мекемелеринин деңгээлин жогорулатуу приоритеттүү багыт болуп саналат. “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиздер! Максатыбыз бир, жолубуз шыдыр, элибиз аман болсун! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 18:00 10-09-2020

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:39

Ибрагим Жунусов, "Мекеним Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер: "Депутаттар актёрлорго, министрлер суфлёрлорго, эл көрүүчүгө айланып калды"

- Кыргыз Республикасынын Эл артисти, профессор Ибрагим Жунусов “Мекеним Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка аттанды. Ибрагим мырза, саламатсызбы, сиз бир чоң мамлекетте бакыйган элчи элеңиз. Эмне үчүн андай жакшы кызматты таштап, депутаттыкка аттанып жатасыз? - Чынында элчилик кызмат бир чети абдан кызыктуу, бир чети абдан жооптуу пост. Андыктан мөөнөтүм бүткөнчө иштей берсем деле болмок. Бирок акыркы жылдары социалдык тармактар, анан түздөн-түз кайрылган адамдар аркылуу “жакшы кызмат берип койсо эле отура бересиңби? Кыргызстанга келип иштебейсиңби” деген кайрылуулар көп болду. Менин мурдагы депутаттык ишмердүүлүгүмдү баалаган адамдардан да ошондой сунуштарды көп уктум. Өзүм дагы ал-күчүм барында дагы бир жолу саясаттын эшигин ачайын, элдин оюн, элдин сөзүн жогору жакка жеткирип жүргөм, эми да жеткире алам деген чечимге келдим. Түркияда, Өзбекстанда элчи болуп турганда көп нерселерди үйрөндүм. Ошол тажрыйбамды мекенимде пайдаланса болот деген ойдо депутаттыкка аттанып жатам. - Эмне үчүн “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандап алдыңыз? - Чындыгында мага үч-төрт партиядан сунуштар болду. Шайлоого барарымды угуп калган партиянын лидерлери мага чалып сүйлөштүк. Баарынын эле ойлору жакшы, эч ким концепциясын же программасын элге жаман кызмат кылайын деген ойдо түзбөйт. Баарынын эле элдин көйгөйлөрүн чечип бере алабыз деген пландары бар экен. Бирок “китептин тамгалары бирдей, жазылганда эле башкача болуп калат” дегендей, партиялардын баарынын пландары окшош, бирок аткарууга келгенде окшобой калат. “Мекеним Кыргызстандын” алдына койгон максатын, элге кылган кызматтарын, айрыкча коронавирус дарты келгенде Кыргызстан үчүн жасаган иштерин көрүп ушул партияга токтолдум. - Жогоруда айтылгандай, буга чейин вице-премьер-министр, министр, элчи кызматтарын аркаладыңыз. Ушул кызматтарда элге кандай пайда келтире алдым деп ойлойсуз? - Вице-премьер кезимде бир жылдын ичинде көп ишти кыйратып салдым дегенден алысмын. Мен иштеген жыл өтө оор учурга туш келди, Ош жана Жалал-Абад шаарларын кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп жатты. Бүт облустарда митингдер токтобой, губернаторлор улам алмашып жаткан кез эле. Бир айда бир аким, бир жылда эки-үч губернатор алмашкан учурлар болду. Эсиңерде болсо керек, мурда персоналдык пенсия деген бар эле. Жанагы бир ай, үч ай иштеген аким, губернатор, министр, алардын орун басарлары, депутаттар кийин жаш курагы келгенде бүт персоналдык пенсияга чыгат эле. Биз ушул нерсени абдан жакшы жолго коюп, аким, губернатор, министр, депутат дегендердин баарын персоналдык пенсияга чыкчулардын катарынан алып салдык. Мамлекеттик наамы барларды, эки жолу шайланган депутаттарды гана калтырып, алардын ар бирин өз-өзүнчө категорияга бөлдүк. Бул абдан жакшы натыйжасын берди. Анткени алардын баарына персоналдык пенсия төлөнө берсе бюджетти чоң тартыштыкка алып келмек. Мен жаңыдан Түркияга элчи болуп барганда эмгек мигранттары “биздин айлыктардан төлөнгөн салыктар Түркияда калып жатат, кийин пенсияга чыкканда кандай болот?” деген суроону коюшту. Биз алардын суроосу боюнча сунуш даярдап, Жогорку Кеңеш аркылуу мыйзам долбоору кабыл алынышына жетиштик. Азыр Түркияда иштеп жүргөн мигранттар Кыргызстанга кайтып келсе, төлөгөн салыктары пенсияга чегерилет. Кыргызстанда иштеп кеткен түрк жарандарыныкы да ошондой. Бул мыйзам азырынча Кыргызстан менен Түркияда гана иштейт. Учурда Россия, Казакстан, Түштүк Корея боюнча да иштер жүрүп жатат. Өзбекстанда болсо акыркы эки жыл иштедим. Өзүңөр билесиңер, чек аралар ачылып, бири-бири менен карым-катнаш болуп көрбөгөндөй бийиктикке чыкты. Акыркы 6 айдын ичинде Өзбекстандан Кыргызстанга өтө көп гуманитардык жардамдар, медициналык жабдуулар, дары-дармектер келди. Азыр да келип жатат. Өзбекстан дары-дармектерди чет өлкөлөргө чыгарбоо чечимин кабыл алган. Ошого карабастан биздин фирмалар алып жатат. Ошол эле учурда Кыргызстан да аларга гуманитардык жардамдарды жөнөтүп жатты. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда азыр 15 эле пайыз чечилбеген чек ара тилкеси калды. Анын да 7 пайызы оозеки бүткөн, азыр делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссия анын үстүндө иштеп жатат. - Кайра депутат болуп шайлансам кандай иштерди жасасам деген максат-пландарыңыз бар? - Бир гана максат - элге кызмат кылуу. Чындыгын айтыш керек, көп депутаттар жакшы иштей алышкан жок. Жакшы иштеген жыйырма, балким, отуз депутат бардыр. Менин максатым – жаңы чакырылышта жакшы иштеген, кыргыз элине күйгөн депутаттар көп болсо, ошолордун катарын толтуруп, ошолор менен чогуу иштесем дейм. Алтынчы чакырылыштагы депутаттар тууралуу ар кандай сөздөр айтылды, ар түрдүү аттар, лакаптар коюлду. Жакшы иштерди жасоо менен парламентти ошондой жаман аттардан кутултсам деген аруу тилек. Жогорку Кеңеш – бул чоң саясий сахна. Бирок аны театралдык сахнага айландырып алышты. Депутаттар актёрлорго айланды. Министрлер суфлёрлорго, эл көрүүчүгө айланды. Ал эми журналисттер театралдык сынчыга айланып калды. Мына ушул нерселерди өз-өз ордуна коюш керек. Мен мурда депутат болгом, бул жагынан тажрыйбам жетишерлик деп ойлойм. - Азыр саясатка, дегеле бардык чөйрөлөргө жаштар келиши керек деген ураандар көп айтылууда. Буга сиздин көз карашыңыз кандай? - Туура, биз “келечек жаштардыкы” деген ураан менен чоңойгонбуз. Бирок бүгүнкү турмуш, шарт ага кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Келечек илимдүү, билимдүү, мекенчил жаштарга таандык. Кеп жашта эмес, башта болуш керек. Жаштан башка жеткенге чейин өтө көп убакыт, түйшүк талап кылынат. Ошондуктан ортолукту табыш керек. - Шайлоочуларга каалооңуз? - Биринчиси, шайлоочуларбыз жакшы, алдыңкы партияга чын жүрөгү менен добуш беришин каалайм. Экинчиси, бир гана шайлоочулар эмес, жалпы элибиз тынччылык-аманчылыкта, токчулукта жашасын. Элибизде эч кандай жамандык болбосун. Ар кандай апааттардан сактасын. Азыркы кыйынчылыктардан чыгып, мурункудай бактылуу турмушта жашашын каалайм. Жүрөгү таза, пейили ток болсун. Эл эч жамандык көрбөй, дайыма эл аман болсун! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 17:11 10-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:39

"Кыргызстан" саясий партиясы КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын өкүлдөрү менен жолугушту

8-сентябрда КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын өкүлдөрү “Кыргызстан” партиясынын борбордук штабына барышты. Бул тууралуу саясий партиядан билдиришти. КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын демократиянын өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык институтунун аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Роман Амбурцев жана институттун эксперти, юридика илимдеринин доктору Роман Ромашов «Кыргызстан» саясий партиясынын иши менен таанышты. Партиянын штаб башчысы Канатбек Тургунбеков конокторду штабдын түзүмү жана ишмердүүлүгү менен тааныштырып, үгүт иштеринин жүрүшү, программанын тезистери, ошондой эле партияны каттоого байланыштуу сот процесстери жөнүндө айтып берди. Байкоочулар штабдын ишинин жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилешти. Мындан тышкары тараптар парламенттик шайлоону ачык-айкын жана таза өткөрүү боюнча биометрикалык технологияларды колдонуу маселесин талкуулашты. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а. 16:35 10-09-2020

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:39

4-октябрда 4-номерди тандаңыз! "Мекеним Кыргызстан" партиясы – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Тандоо такталды!

“Мекеним Кыргызстан” партиясы 2015-жылдын 2-ноябрында түзүлүп, кыска аралыктын ичинде өзүн саясий аренада тааныта алды. Тактап айтканда, 2016-жылы бир канча шаардык кеңештердин шайлоосуна катышып, алардын ичинен Ош жана Бишкек шаарларында ийгиликке жеткен. Шаардык кеңештерден мандатка ээ болгон депутаттар өз милдеттерин үзүрлүү аткарып, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү, элдин социалдык көйгөйлөрүн чечүү сыяктуу ар кандай тармактарда жакшы жыйынтык көрсөтө алышты. 2020-жылдын 2-июнунда өткөн кезектеги съездде “Мекеним Кыргызстан” партиясынын лидери болуп Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров шайланды. Төраганын орун басарлык кызматына Канатбек Азиздин талапкерлиги жактырылды. Баса, "Мекеним Кыргызстан" партиясы 4-октябрда – 4-номерде! 4 саны жапондордун айтымында, 1 менен 9 аралыгындагы сандардын бири сиздин маңдайыңызга жазылган тагдыр саны болуп эсептелинет. Бул сан сиздин кулк-мүнөзүңүздү, өзгөчөлүктөрүңүздү, касиетиңиз менен жөндөмдүүлүгүңүздү аныктап берет. Албетте, ким эле болбосун өзүнүн кандай экенин билгиси келет... ...Шайлоо деген жайлоодо жүргөн талапкерлер да түндөн бери сандарды санап, "салмагы сайдын ташындай" деп саймедиреп жатышат. Ошентип "Кудайдын буйругусуз кумурсканын буту сынбайт" демекчи, "Мекеним Кыргызстан" партиясынын маңдайына 4 саны буюрду. ...Акча мыйзамында 4 саны - бул туруктуулук. Бул сан толуктугу, эс-тутум, эмгек акы, аманат, пенсия дегенди түшүндүрөт. 4 саны нумерологияда чынчыл тапкан акчаны билдирет. Бул сан үнөмдөөнү токтотуп, кирешени көбөйтпөйт же азайтпайт. ...4 саны сиздин эмгекте тапкан кирешеңиз бир гана өзүңүздүн маңдай териңиз менен келет. Айланаңыздагылар сизге качан болсо да ишеним артышат. Бирок досторуңуздун көбү ишеничсиз болушат. ...4 саны - таланттуу уюштуруучунун тагдыры. Мындай адам өз тагдырын өзү жасайт, өзү курат, өзүн өзү ийгиликтерге жетелейт. Анын өмүрдөгү орду бош же жөн эле кыялы эмес. Каалаган, кыялданган нерселердин баары ишке ашат. Анын тагдыры каныккан болот жана алар эмне болбосун баарын уюштура алышат. Өтө чебер, калыс, тартиптүү, ишеничтүү. Алар ар бир ишке өтө жоопкерчиликтүү карайт. Жардам сурагандардан жардам аябайт, сунуштарды угат, маңыздуусун сурап калат. Ар бир маселеде ашыкпайт, шашылбайт, кыйынчылыктардан качпайт. Ак ниеттүүлүк, сабырдуулук, чечкиндүүлүк алардын башкы принциптери. Алар менен чогуу жүрүү жаркын жашооңуз үчүн ишенимдүү, ар бириңиз үчүн ийгиликтүү болот. Андыктан, 4-октябрда 4-номерди тандаңыз! "Мекеним Кыргызстан" партиясы – жаркын келечек, жакшы жашоо! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 15:25 10-09-2020 Автор: Азат Бейшенбеков

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:39

Шайлоо 2020: Саясий партиялардын теледебаттары кандай тартипте өтөт?

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышуучу саясий партиялардын ортосунда акысыз эфир убактысын жана басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак өткөргөн. Ага ылайык, КТРК каналындагы теледебаттар төмөндөгү тартип менен өтөт: Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер партиялардын кайрылуусу - 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин; Талапкер партиялар менен түз байланыш - 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин; Лидерлер теледебаты - 28-сентябрдан 2-октябрга чейин; Айым талапкерлердин теледебаты - 21-23-25-сентябрь; Жаштар теледебаты - 14-16-18-сентябрь; ЭлТР каналындагы теледебаттар төмөндөгү тартип менен өтөт: Талапкер партиялар менен түз байланыш - 14-сентябрдан 18-сентябрга чейин; "Элге эмне дейсиз?" программасы - 28-сентябрдан 2-октябрга чейин; Лидерлер теледебаты - 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин; Партиялар теледебаты түз эфир - 21-сентябрдан 25-сентябрга чейин; (Теледебаттардын күнү, убактысы сүрөттө көрсөтүлгөн). Саясий партиялардын ортосунда акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак кармоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясы катышпай калган. Буга байланыштуу бул партия ар бир графикте 16-сентябрга кошулганын, ал эми убактысын телеканалдар өздөрү чечишерин БШКдан билдиришти. Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. 14:36 10-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:39

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын шайлоо алдындагы программасындагы маданият тармагындагы системасы

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасында маданият тармагы унутта калган жок. “Мекеним Кыргызстан” партиясы маданият жана искусство тармагында айлык акыларды жогорулатууну камсыздоо зарылдыгына көңүл бурду. Маданият – жан дүйнө азыгы. Маданият менен искусство бюджеттик саясатта приоритеттүү багыттардын катарында турууга тийиш. Аларды эң акырында калган-каткан акча менен финансылоону токтотуу керек. Маданият жана искусство, алардын деңгээли адам капиталынын сапатына түздөн-түз таасир этет жана экономикалык-социалдык өнүгүү үчүн таасирдүү ресурс болуп саналат. Биздин сунуш: – Маданият жана искусство тармагында айлык акыларды жогорулатууну камсыздоо; – Иштебей жабылып калган маданият үйлөрү менен китепканалардын имараттарын жаңы маданий жайларга айлантуу боюнча программа иштеп чыгуу; – Меценаттыкты коомдогу жаңы салт катары жайылтууну мамлекеттик деңгээлде колго алуу; – Архив, китепкана жана музейдеги материалдардын фото, аудио, видеофонддорунан бирдиктүү электрондук фонд түзүп, бирдиктүү маалымат системасы аркылуу маданий мурастардын абалын жана пайдаланылышын көзөмөлдөө. Каалоочулардын аларды онлайн форматта көрүүсүн камсыздоо; – Кыргыздын айнаамасын жана Орхон-Енисей жазууларын – Түштүк Сибирь менен Борбор Азиянын байыркы түрк рун жазуулары эстелигин ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн мамлекеттик деңгээлде иш алып баруу. "Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 13:07 10-09-2020 Автор: Гүлшат Ысамамат кызы

Подробнее
10 сентября 2020 г. 15:46

"Ата Мекен" шайлоочулары менен жолугушууларын улантууда. ⠀

"Ата Мекен" шайлоочулары менен жолугушууларын улантууда. ⠀ Талас жана Ысык-Көл жергесиндеги жолугушуулардан соң, кийинки кезек Чүй облусунда. ⠀ Бизге ишеним көрсөткөн ар бир тарапташыбызгп терең ыраазычылык билдиребиз! Жеңишке бирге жетебиз! ⠀ ** ⠀ "Ата Мекен" продолжает встречи с избирателями. ⠀ Таласская область, Иссык - Кульская область, а сегодня и в последующие дни — Чуйская область. ⠀ Мы выражаем благодарность каждому, кто верит в нас и наши идеи. Вместе мы придем к победе!

Подробнее
10 сентября 2020 г. 18:19

Встреча с жителями ЫССЫК-АТИНСКОГО района, село Алмалуу.

Встреча с жителями ЫССЫК-АТИНСКОГО района, село Алмалуу.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 16:06

Очередная встреча

Очередная встреча кандидатов партии с избирателями прошла в Сокулукском районе. Выступая перед местными жителями, лидер партии призвал не продавать голоса.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники