О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
11 сентября 2020 г. 1:35

Саясий партиялардын шайлоо бюллетенине кирүү катары (Тизме)

БШКда партиялар чүчүкулак кармап, шайлоо бюллетенине кирүү боюнча номурдары аныкталды. Саясий партиялар шайлоо бюллетенине мындай тартипте кирет: № 1 — "Биримдик"; № 2 — "Мекенчил"; № 3 — "Ыйман Нуру"; № 4 — "Мекеним Кыргызстан; № 5 — "Реформа"; № 6 — "Ата Мекен"; № 7 — "Замандаш"; № 8 — "Бутун Кыргызстан"; № 9 — "Социал-демократтары"; № 10 — "Мекен Ынтымагы"; № 11 — “Ооганстандагысогуш ардагерлери жана жашка жаңжалдын катышуучуларынын партиясы” № 12 — "Ордо"; № 13 — "Бир Бол"; № 14 — "Республика"; № 15 — "Кыргызстан"; № 16 — "Чон Казат". Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:34

БШК “Республика” партиясынын жаңы ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Чечим 9-сентябрда “Республика” саясий партиясынан шайлоого мурда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу өкүлдү чакыртып алуу жана жаңысын дайындоо жөнүндө алынган билдирүүнүн негизинде кабыл алынды. Кечээ, 9-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия “Республика” саясий партиясынан шайланган ыйгарым укуктуу өкүл Анарбек Исмаиловду каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Анын ордуна, БШКнын маалыматы боюнча, Арстанбек Туржанов “Республика” саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталды. Чечим 9-сентябрда “Республика” саясий партиясынан шайлоого мурда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу өкүлдү чакыртып алуу жана жаңысын дайындоо жөнүндө алынган билдирүүнүн негизинде кабыл алынды. Булак: kyrgyztoday.org

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:34

“Мекенчил” Кара-Буурада. К.Ташиев: “Биздин ураан – “Бийлик - элге, уурулар - түрмөгө!”

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Кара-Буура районуна барды. Бүгүнкү партиялык система, партиялык курулуш туура эместигин убакыт далилдеди. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 10-сентябрда Кара-Буура районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Кайрадан бир мандаттуу системаны киргизүү керек. Партиялык тизмени эл шайлоо алдында гана көрөт. Арасынан кылган ишин жактырган бир талапкер үчүн добуш берет, бирок анын артынан эл байлыгын жеген, мамлекетке зыян алып келген бир канчасы өтөт. Дүйнөдөгү мамлекеттер бул системанын туура эместигине көзү жетип, кайтып башташты. Мисалы, Россияда 100 пайыз партиялык система эле, азыр анын 50 пайызы можаритардык системага өттү. Бир мандаттуу болгондо эл чыныгы талапкерди тандай алат, өзүнүн аймагындагы мыкты, эл көйгөйүн билген жана чече алган инсанды чыгарат. Биз бийлик элге деп жатабыз, а уурулардын орду түрмөдө болуш керек. Уурулар азыркыдай партиялык тизмеге жашынып алып, бийликке келбеши керек. Сиздерге” жыргатып жиберебиз, асмандагы айды алып беребиз”- деп куру убада бербейбиз, биздин ураан – “Бийлик - элге, уурулар - түрмөгө!”,- деди Камчыбек Ташиев. Макала "Мекенчил" саясий партиясынын шайлоо фондунан каржыланды

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:34

Ар бир добуш - бакубат мамлекет үчүн

Парламенттик шайлоого карата үгүт иштерине расмий старт берилгенине бүгүн туура жетинчи күн. Ушул жети күндөн бери маалымат каражаттарында, интернет-сайттарда, социалдык түйүндөрдө кычыраган, тим эле мээримдүү жылмайган сүрөттөр жайнады. Жалындуу, патриоттук духту көтөргөн ураандар жазылды. Алар менен катар эле таттуу убадалардын «парады» жүрө баштады. 2010-жылдан бери шайлоолорго үзгүлтүксүз катышып, жеңишке ээ болуп келаткан партиялардын айрымдары мурдагы эле убадаларын кайра дагы кайталашууда. Болгону анча-мынча оңдоп-түзөп, учурга ылайыкташтырып алышкан. Баягы эле арзан пайыздагы ипотекалык, айыл чарбалык кредиттер, баягы эле административдик-аймактык реформалар, баягы эле сот реформасы, баягы эле чек ара маселелерин «дароо» эле чечип салуу убадалары үстөккө-босток берилди. Айлык акыларды, пенсия, жөлөк пулдарды 2-3 эсе, алтургай жаңы төрөлгөн наристеге сүйүнчү пулду 10 эселеп көбөйтүп беребиз деген «жалындуу» убадалар. Мына ушул сыяктуу толгон-токой убадаларды берип жаткан саясий партияларга «Мурда кайда жүрдүңөр эле?» деген суроону узаткың келет. Мурда деле саясатта эмес белеңер? Мурда деле парламентте отурбадыңарбы? Өкмөттү курабадыңарбы? Ошондо ушул убадаларды аткаруу үчүн колу-бутуңар тушалуу беле? Эл убададан жалкып калды. Көңүлдү көккө көтөрүп туруп кайра жерге чаап салгандай эле болгон буга чейинки айтылган, аткарылбай калган убадалар. Андыктан эми убаданын артында анын кантип аткарыла турганы боюнча чечмелөөсү да болушу керек. Эгер аткара албай калышса, анда кандай жоопкерчилик тартууга даяр. Мына ушундан өйдө өз программаларына ачык жана так жазуулары зарыл. Ошондо гана азыраак болсо да ишеним пайда болот. Эгер берилген убадалар аткарылса, анда ишеним улам өсөт. Партияларга, саясатчыларга болгон ишеним өчүп калганына байланыштуу коомчулукта «Шайлоо күнү бюллетенде «Баарына каршы» добуш берели» деген чакырыктар да болууда. Бул чакырык деле мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбейт. Мамлекет мыйзам талаасынан чыкпашы үчүн мыйзамдуу парламенти, мыйзамдуу өкмөтү болушу шарт. Эгер биз баарына каршы добуш берсек, анда бүгүнкү катышып жаткан партиялардын бири дагы кийинки өтө турган шайлоого катыша албай калат. Анан биз кимдерди шайлайбыз? Же дагы шашылышынан жаңы партияларды түзө калабызбы? Аламанга аттанган 16 партиянын ичинде бычакка сап боло ала тургандары да бар. «Кой аксагы менен миң» демекчи, баардык эле партияларда кемчилиги да, артыкчылыгы да бар. Биз шайлоочулар ошону терең калчообуз зарыл. Кайсыл партиянын артыкчылыгы көбүрөөк? Кайсыл партияда билимдүү, маданияттуу, тажрыйбалуу кадрдар бар? Тандообуздун өзөгүн ушул суроолордун түзгөнү абзел. «Биздин айылга жол салып берген», «Суу чыгарып берген», «Трансформатор койдуруп берген» деген сыяктуу себептер менен добушубузду бербейли. Ал сатылган добуш болуп калат. Бизге шайлоо алдында акча таратып же жол салып, суу чыгарып калган талапкерлер эмес, дээрлик беш жыл бою мамлекеттин өнүгүүсүн камсыздоого бел чечпей иштей турган депутаттар керек. Булак: media-center.kg

Подробнее
10 сентября 2020 г. 16:11

Бүтүн Кыргызстан - элдик партия!

Бүтүн Кыргызстан - элдик партия! Элдин колдоосу менен БШКны соттон утуп, шайлоого мыйзам жолу менен аттандык! Жеңиш сөзсүз биз тарапта болот, кудай буйруса! Биз биргебиз жана жеңебиз!

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:35

Соңку жаңылыктар: Шайлоого кайсы партия кандай номер менен катышат? Чүчүкулактын жыйынтыгы чыкты

COVID-19: АКЫРКЫ АБАЛКыргызстанда акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Ошол эле учурда вирустун 71 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн бирифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталгандан бери илдет 44 684 адамга жукту, алардын ичинен 40 487 бейтап айыкты, 1063 бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө COVID-19 илдетине чалдыккан 532 бейтап ооруканада жатат, 2260 адам үйүндө дарыланууда.ПАРТИЯЛАРДЫН БЮЛЛЕТЕНДЕГИ НОМЕРИ БЕКИДИСаясий партиялардын шайлоо тизмесиндеги орду Борбордук шайлоо комиссиясынын түн жарымында өткөн жыйынында чүчү кулак кармоо аркылуу аныкталды. Чүчү кулакты шайлоого бараткан 16 саясий партиянын ар биринин ыйгарым укуктуу өкүлү кармады. Саясий партиялардын номурлары иреттик бюллетенде 1- “Биримдик” ,2- “Мекенчил”, 3-“Ыйман Нуру”, 4- “Мекеним Кыргызстан”, 5-“Реформа”, 6. “Ата Мекен” , 7- “Замандаш”, 8-“Бүтүн Кыргызстан”, 9- “Социал-Демократтар”, 10- “Мекен Ынтымагы”, 11-“Афганистан согушунун ардагерлери, 12- “Ордо”, 13- “Бир Бол”, 14- “Республика”, 15-“Кыргызстан”, 16-“Чоң Казат” болмой болду. БШКнын маалыматына караганда бюллетенде 16 партиянын тизмесинен тышкары “баарына каршы” графасы да болот.БШК ЖОГОРКУ СОТКО КАЙРЫЛБАЙТБШК “Бүтүн Кыргызстан” партиясы боюнча Жогорку сотко кайрылбайт. Бул тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Govori.TVга” билдирди. Анын айтымында мындай чечим кабыл алынганы кечээ белгилүү болгон. Ал эми бул тууралуу БШК да тастыктады. Маалымат боюнча, Бишкек административдик соттун чечимине каршы Жогорку сотко кайрылышпайт жана партиянын талапкерлеринин тизмеси расмий катоого алынган. Эске салсак, 9-сентябрда Бишкек административдик соту “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызын карады. Анда сот “Бүтүн Кыргызстандын” пайдасына чечим чыгарган.БИШКЕКТЕ 4 УНАА КАГЫШТЫБишкек шаарында 4 автоунаа катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кырсык 9-сентябрь күнү саат 18:00дө Киев жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кагышкан унаалардын арасында инкассатордун машинасы дагы бар. Окуянын видеосу “Короче” Telegram каналына жарыяланды. “Газель” маркасындагы инкассатордук унаа Калык Акиев көчөсүнө жеткенде Honda Fit менен кагылышкан. Окуяда “Газель” каптал жагына оодарылып кетип, жол четине токтоп турган Mercedes Benz жана Toyota Ipsum унааларына тийген. Кырсыктан инкассатордук унаанын айдоочусу жабыркаган. Унаалар айып короого токтотулуп, териштирүү иштери жүрүүдө.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:35

Коомчулук шайлоодо добуш сатып алууга каршыбы?

Шайлоо үгүтү күчөп баратат.Андан да шайлоочуну сатып алуу маселеси андан да күчөп бараткандай.Утат деген партиялар дагы азыртадан эле шайлоочуну сатып алуу аракеттерин баштап жаткандыктарын коомчулуктун өкүлдөрү билдирип жатат.Айрым активдүү жарандар өздөрүнө акча сунуш кылгандарды милиция кызматкерлерине билдирип жаткандыктары тууралуу да маалыматтар кетүүдө.Бир топ партиялар адегенде добуштун баасын миң сомго баалап,шайлоо жакындаган сайын анын баасын көтөрүп жаткандыктары тууралуу да айтышууда.Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоону таза өткөрүү боюнча Коопсуздук Кеңешинде катуу талаптарды койду.Өлкөнүн башкы прокуратурасы дагы добуштарды сатып алуу боюнча укук коргоо органдары тарабынан 20 дан ашык факты катталып,териштирүү жүрп жаткандыгын билдирди. Деги эле шайлоону таза өткөрүү боюнча коомчулукта проблемалуу суроолор арбын болууда. ARGUMENT.KG

Подробнее
10 сентября 2020 г. 16:13

Акылбек Жамангулов

Акылбек Жамангулов: "Кесипти туура тандоо- ийгиликтин башаты, жаркын келечектин пайдубалы!"

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:35

В Кыргызстане зарегистрировано 22 случая нарушений выборного законодательства

Генеральная прокуратура Кыргызстана проводит мониторинг СМИ и интернет ресурсов с целью недопущения нарушений выборного законодательства. Как сообщает пресс-служба надзорного органа, внимание обращается на злоупотребления административным ресурсом со стороны государственных гражданских и муниципальных служащих и их участия в предвыборной агитации в интересах отдельных кандидатов или политических партий. Все это делается с целью недопущения нарушений принципов равенства на выборах, а также дестабилизации общественно-политической ситуации. Так, в период подготовки к предстоящим выборам депутатов Жогорку Кенеша изучена 21 публикация, рассмотрение которых поручено орган ам внутренних дел. Всего по республике в ЕРПП зарегистрировано 22 материала, досудебное производство по которым осуществляется органами внутренних дел согласно установленной законом подследственности. «Проводимый мониторинг публикаций показал, что в большинстве случаев указывается о нарушениях в виде ф альсификаци и избирательных документов (ст.195 У головного кодекса К ыргызской Р еспублики ), злоупотребления административным ресурсом (ст.87-1 К одекса о проступках К ыргызской Р еспублики ) , подкупа избирателей (ст.192 У головного кодекса К ыргызской Р еспублики ) и получения избирателем денежных средств (ст.42-3 К одекса о нарушениях К ыргызской Р еспублики ) . Генеральная прокуратура республики доводит до сведения участников избирательного процесса, что органы прокуратуры и другие правоохранительные органы будут принимать меры по пресечению нарушений избирательного законодательства и привлечению виновных лиц к установленной законом ответственности», говорится в сообщении Генпрокуратуры.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:42

Лидер партии «Кыргызстан» Канатбек Исаев: Мы можем потерять государство

Если Кыргызстан не встанет на путь правильного, динамичного развития, мы можем потерять государство, заявил лидер политической партии «Кыргызстан» Канатбек Исаев на встрече с жителями села Байтик Аламединского района Чуйской области. По его словам, в течение 30 лет независимости страны не наблюдается заметного развития, многие граждане работают в другой стране, хотя в республике достаточно природных ресурсов. «Если сравнивать с другими странами, наша республика богаче и территорией больше. Возьмем, к примеру, прибалтийские Эстонию, Литву, Латвию. Их население насчитывает 1,8 млн, 2 млн, 2,02 млн граждан соответственно, вместе взятые меньше нашего. Их общая территория тоже меньше Кыргызстана. Наш бюджет составляет 2,09 млрд долларов, их – 10, 12 и 14 млрд, что в 7 раз больше, чем наш бюджет. Зарплата учителей там от 1 тыс. евро, медсестер – 900 евро. Золота нет, угля нет, туризма, электроэнергии тоже. А богатеют они за счет правильного управления, правильного использования человеческих ресурсов», – отметил К.Исаев. Он также привел в пример Швейцарию, с которой часто сравнивают Кыргызстан. «Ее территория в 5 раз меньше, примерно, как наша Нарынская область. А как живут там люди! В Японии и Южной Корее нет даже 10% наших богатств. Поэтому мы не должны жаловаться, у нас достаточно ископаемых, воды, люди у нас умные. Надо просто правильно управлять. Коалиция большинства парламента формирует правительство – исполнительный орган. А то, кто окажется в этой коалиции, зависит от партий, вошедших в Жогорку Кенеш. Поэтому важно сделать правильный выбор. Выборы – это не только 5-летнее будущее страны, но и направление развития государства на 10-15 лет. Если мы не встанем на путь правильного, динамичного развития, мы потеряем государство», – сказал лидер партии. Вместе с тем он подчеркнул, что предки много веков проливали кровь за землю и людей, участвовали в войнах, в результате кыргызстанцы добились независимости, но не могут никак с достоинством оценить труд предыдущих поколений. «У меня есть копия благодарственного письма от султана Абдулхамида, который благодарит Шабдана Баатыра за вклад в строительство железной дороги от территории современной Турции до Мекки. Тогда, направляясь в хадж в Мекку, Шабдан Баатыр увидел турков, стоящих дорогу, и дал им 2000 золотых. Эта дорога уже почти разрушена, но турки до сих пор помнят вклад кыргызов в ее строительство. Мы когда-то сами могли оказывать помощь, которая требуется сейчас нам самим. Поэтому пришло время изменить жизнь кыргызстанцев к лучшему, пришло время отличать белое от черного, пришло время сделать правильный выбор!» – заявил К.Исаев. Партия «Кыргызстан» № 15: Благополучие народа – благополучие всего государства! Заказчик: политическая партия «Кыргызстан». Оплачено из избирательного фонда партии «Кыргызстан» уполномоченным по финансовым вопросам Шамшидин уулу Разаком (свидетельство № 94 от 06.08.2020).

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:35

“Медиа диалог” долбоору шайлоону чагылдыруу боюнча ЖМКлар арасында жыйынтыгын чыгарды

“Медиа диалог” долбоору алдыдагы парламенттик шайлоону чагылдыруу боюнча редакциялык материалдарды басып чыгаруу жана медиа каражаттар менен социалдык тармактарды мониторинг жасоо боюнча конкурстун жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу аталган долбоордон билдиришти. Анда маалымдалгандай, гранттык программанын негизги максаты -сөз эркиндиги, дебаттарга ачык аянтча бөлүп берген жана мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзгөн медиаларды жана жарандык коомду колдоо. Коомду агартуучулукту, шайлоо процессинин демократиялуулугун камсыз кылмакчы. Биринчи конкурста төрт медиа уюм тандалып алынган, анда маалыматты илгерилетүү, ой-пикир эркиндиги, мамлекеттик органдардын маалыматтык ачык-айкындуулугун камсыздаган иштер ийгиликтүү ишке ашырылгандан кийин гранттык экинчи жана үчүнчү конкурс жарыяланды. Экинчи конкурс июль айында жарыяланган, ал социалдык түйүндөрдө шайлоо процессинин негизги катышуучулары боюнча кастыкты козутуу, шыкактоо сыяктуу ыкмалардын пайдаланылышына мониторинг жасоого багытталган. Үчүнчү конкурс август айында жарыяланган. Ал ЖМК өкүлдөрүн алдыдагы парламенттик шайлоону чагылдыруу боюнча редакциялык материалдарды уюштурууга жана талапкерлер ортосунда дебаттарды алып көрсөтүүгө чакыруу болду. Эки конкурс жарыялангандан кийин эки медиа уюм 30 000 евро турган грантты алууга тандалып алынган, алар медианы жана социалдык тармактарды мониторинг жасашат. Ал эми 9 медиа уюм 5 000 евродон 10 000 еврого чейин жеке гранттарды алат, булар редакциялык долбоорлордун сериясын уюштурат жана долбоор 2 айдан 6 айга чейин созулат. Гранттык программаны ALDA Europe – жергиликтүү демократиянын Европа ассоциациясы башкарат. Маалымат үчүн: “Медиа диалог” долбоору Европа бирлигинин “Стабилдүүлүккө жана тынчтыкка түрткү болгон аспапдолбоору ” боюнча каржыланат жана ал 2021-жылдын ортосуна чейин созулат. Долбоордун максаты-жалпыга маалымдоо каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу жана эркин, жаңжалсыз шайлоону колдоо болуп саналат.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:35

Депутаттыкка талапкер журналисттер. Алар шайлоого аттанганын окурмандарына эскерттиби?

​Алдыдагы парламенттик шайлоого онго жакын журналист талапкер катары катышарын расмий жарыялашты. Айрымдары саясий, экономикалык, социалдык багытты чагылдырып коомчулукта салмактуу аброй топтогондор болсо, арасында алып баруучу катары таанылгандар да бар. Журналисттик чөйрөдө таанылган уул-кыздардын жоон тобу жетинчи чакырылыштагы парламенттик шайлоого аттанууда. Алардын катарында Чынара Капарова, Тынчтыкбек Алтымышев, Элнура Алканова, Улукбек Карыбек уулу, Руслан Калматов, Рамиз Каимов, Азият Жекшеев, Эркин Нурбаев, Нурзат Токтосунова жана башкалар. Эки талапкер бийликчил партияны тандаса, калганы капчыктууларды, оппозицияны жана көп жылдык тарыхы бар партиялар менен баратат. «Азаттыктын» мурдагы кабарчысы Руслан Калматов коомчулукта бийликтин партиясы деп аталып келаткан «Биримдик» партиясы менен шайлоого аттанды. Жаш журналист талапкерлердин тизмесинде 75 катарды ээлеген. Ал өнөктүккө катышып жатканын окурмандарына эскертип, батасын алганын айтат. «Башында шайлоого баратканымы эч кимге деле айткан эмесмин. Бирок үгүт иштери башталган күнү өзүмдүн окурмандарыма, тааныштарыма башка санаалаш досторго соцтармактар аркылуу кайрылып, ыраазычылыгымды билдирдим. Аларга «Биримдик» партиясы менен Жогорку Кеңештин депутатыгына аттанганымды айттым, эскерттим. Дээрлик баары ак жол каалашты, ийгилик айтышты. Журналист менен депутаттын иши окшош эле. Эл менен иштейсиң, маселелерин угасың, алардын чечилишине жардам бересиң», -дейт Руслан Калматов. «Бир Болдун» алдыңкы тизмесинде бараткан журналист Чынар Капарова болсо бул чечимди шайлоого жакын калганда кабыл алган. Бирок ал талапкер катары парламентке аттанганын коомчулукка жарыялаган деле жок. Болгону жакын сааналаштары гана билишкен. «Көрөрмандарым, угармандарым мени «саясатка барат же барбайт» деп ойлонбогон чыгар. Республика абдан чоң. Канча күйөрманым, канча көрөрманым бар экенин так билбейм. Бирок мени колдогон адамдар жакшы пикирлерин айтып жатышат. Тааныштарым менин шайлоого кетип жатканымы соцтармактар аркылуу маалыматтардан билишти», -дейт Капарова. Кыргыз журналистикасынын этикалык кодексине ылайык, ушул кесипте иштеп жүргөндөр кайсы бир партия менен шайлоого баратса, милдеттүү түрдө коомчулукка эскертип коюуга тийиш. Эгер, окурман же көрүүчүлөрүнө расмий кабарлабаса, журналисттик этиканы бузуу болуп эсептелерин «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Тулегенов эскертет. «Журналисттердин саясатка аралашуусу өздөрүнөн көз каранды. Демократия болгондон кийин ар бир адамдын өзүнүн укугу бар. Ага эч ким тоскоолдук жаратпайт. Бирок журналисттик этикалык кодекстин негизинде эгер, журналист мурда ушул кесипте иштеп жүрүп саясатка аралашып, кайсы бир партияга мүчө боло турган болсо, анда сөзсүз түрдө коомчулукка, окурмандарына, көрөрмандарына жана угармандарына шайлоого кетип атканын, кайсы партиянын курамына киргенин эскертиш керек. Анткени алар анын саясатка аралашып жатканынан кабардар болушу абзел. Себеби журналист мурдатан кандайдыр бир сын-пикир камтылган макалаларды даярдап жүргөн болсо, эми партиянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу иш-аракеттерди жүргүзүп калат да», -деди Тулегенов. Мөөнөтү аяктап бараткан азыркы алтынчы чакырылыштагы парламентке 2015-жылы Каныбек Иманалиев, Аида Касымалиева, Рыскелди Момбеков, Жылдыз Мусабекова жана Жанар Акаев баштаган журналисттер депутат болуп барган. Булардын ичинен алдыдагы парламенттик шайлоого Жанар Акаев, Аида Касымалиева, Рыскелди Момбеков кайрадан кетип жатат. Медиа эксперт Азамат Тынаев журналисттердин депутаттыкка аттанышы салтка айланып калды деп сыпаттайт. Анткени шайлоо учурунда журналисттер саясий партияларга мыкты картина болуп бере алат. Буга журналисттин аброю жана ага коомдун ишеним артканы себеп. Ошол себептүү партия кожоюндары аларга көз артып, артынан кадимкидей аңчылык жүргүзөт. «Журналисттердин депутаттыкка аттанышы салтка айланып калды. Бул акыркы шайлоолордун эле көрүнүшү эмес. Убагында бул жолду маркум Мелис Эшимканов агабыз деле ачып берген. Албетте, ал кишинин саясий жолу олку-солку болгон. Бирок бул жагынан саясатчылардын баары эле бир партиядан экинчисине секирип жүрүшпөйбү. Демек мындай көрүнүш бир эле журналисттердин көйгөйү эмес. Биздин чөйрөбүздөн шайлоого катышып, күрөшүп, утуп, депутат болуп калган кесиптештерибизди эле карайлы. Ооба, баары тең эмес. Арасында катуу сын-пикирге калгандары бар. Мисалы, интернетти көзөмөлдөгөн чуулу мыйзам долбоорун мурунку журналист болуп иштеген кесиптештерибиз колдоп чыкпадыбы. Бул саясат. Биздин кесиптештерибиз экенине карабастан аларга мамилебизди саясатчы катары буруп, туура эмес кылган иштерин сындап, талкууга алышыбыз керек». Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Учурда үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. Шайлоо-2020: Партиялардын бюллетендеги орду аныкталды

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:38

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын шайлоо алдындагы программасындагы маданият тармагындагы системасы

Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасында маданият тармагы унутта калган жок. “Мекеним Кыргызстан” партиясы – Маданият жана искусство тармагында айлык акыларды жогорулатууну камсыздоо зарылдыгына көңүл бурду. Маданият – жан дүйнө азыгы. Маданият менен искусство бюджеттик саясатта приоритеттүү багыттардын катарында турууга тийиш. Аларды эң акырында, калган-каткан акча менен финансылоону токтотуу керек. Маданият жана искусство, алардын деңгээли адам капиталынын сапатына түздөн-түз таасир этет жана экономикалык-социалдык өнүгүү үчүн таасирдүү ресурс болуп саналат. Биздин сунуш: – Маданият жана искусство тармагында айлык акыларды жогорулатууну камсыздоо; – Иштебей жабылып калган маданият үйлөрү менен китепканалардын имараттарын жаңы маданий жайларга айлантуу боюнча программа иштеп чыгуу; – Меценаттыкты коомдогу жаңы салт катары жайылтууну мамлекеттик деңгээлде колго алуу; – Архив, китепкана жана музейдеги материалдардын фото, аудио, видеофонддорунан бирдиктүү электрондук фонд түзүп, бирдиктүү маалымат системасы аркылуу маданий мурастардын абалын жана пайдаланылышын көзөмөлдөө. Каалоочулардын аларды онлайн форматта көрүүсүн камсыздоо; – Кыргыздын айнаамасын жана Орхон-Енисей жазууларын – Түштүк Сибирь менен Борбор Азиянын байыркы түрк рун жазуулары эстелигин ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн мамлекеттик деңгээлде иш алып баруу. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:38

Материалы за неделю

Ош облусунда саясий партиялардын үгүт материалдарын жок кылган факты катталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, учурда милиция кызматкерлери жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Араван айылында жарандардын саясий партиялардын баннерлерин чечип салган учур катталган. Милиция кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") жана 210-беренеси ("Башка бирөөлөрдүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу"). Ошондой эле, мыйзам бузуулар жөнүндө кодексинин 48-беренесине ылайык ("Үгүт материалдарын жок кылуу же зыянга учуратуу") жоопко тартыларын эскертет. Ал эми айыппул 7 миң сомдон 300 миң сомго чейин.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:38

“Мекеним Кыргызстан” партиясы мектептеги окуучулар үчүн «Мектеп автобусу» улуттук программасын иштеп чыгат

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасында билим тармагы унутта калган жок. “Мекеним Кыргызстан” партиясы заманбап мектептерди куруп, сапаттуу билим берүү системасын түзөт. Билими күчтүү миңди жыгат Билим берүү – жакырчылыкты кыскартуу менен экономикалык өсүшкө түрткү берүүчү эң таасирдүү инструменттердин бири. Мамлекеттин милдети – заманбап талаптарга жооп берген, сапаттуу жана бардыгы үчүн жеткиликтүү билим берүү системасын түзүү. Мектептеги билим берүү боюнча биздин сунуштар: – Жаңы мектептерди куруу, авариялык абалдагы мектептерди сапаттуу оңдоп-түзөө үчүн бизнес менен өнөктөштүк боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгуу. Өнөктөштүк эки тарапка тең пайдалуу болгудай шартта түзүлүшү керек. Ишкер мектеп курууга, же оңдоп-түзөөгө салган каражатынын ордуна салыктык жеңилдиктерди алууга тийиш; – Окуучулары аз жана мугалим жетишпеген айыл жерлерине чакан мектептерди куруу саясатынан окуучуларды жакын жердеги башка чоңураак мектептерге ташуу саясатына өтүү керек. Бул үчүн «Мектеп автобусу» деген улуттук программа иштеп чыгуу зарыл. Мындай программа аймактарда жолдорду куруу жана реабилитациялоо долбоорунун өнүгүүсүнө түрткү берүүчү катализаторго айланат; – Мугалимдердин социалдык абалын өзгөртүү жолдорунун бир чечими катары аларга айлык акы чегерүүдө бирдиктүү тарифтик торчо системасына кайтуу; – Жалпы билим берүүчү негизги предметтер: математика, физика, химия, биология, география, тарых, орус жана кыргыз тили сабактарынын саатын көбөйтүү үчүн мектептик билим берүүнүн мазмунун кайрадан карап чыгуу. 2012-жылы бул сабактардын сааты негизсиз кыскарып калган. Жогорку билим берүү багытында биздин сунуштар: – Өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайларды көз карандысыз эл аралык комиссиялар аркылуу аккредитациядан өткөрүү. Анын жыйынтыгы менен билим берүүнүн жогорку талаптарына жооп бербеген окуу жайлар жабылышы керек; – Эмгек рыногу талап кылган ар кайсы кесиптерге кадрларды даярдоо боюнча улуттук программа иштеп чыгуу; – Жеңилдетилген шартта окутуу программасын киргизип, анын натыйжасында жаш адистерди мамлекеттик тапшырма менен аймактарда ишке орноштуруу; – Жогорку окуу жайлар менен бизнестин ортосунда эки тарапка тең пайдалуу шартта кызматташуу боюнча байланыштарды түзүү. Мамлекет профессионалдык-техникалык жана атайын орто билим берүү системасына көңүл бурушу керек. Эмгек рыногунда азыр жумушчу кесиптеги адистерге муктаждык күч. А бизде атайын даярдыктагы техникалык адистер жетишсиз жана гуманитардык багыттагы кадрлар, маселен, юрист, экономист, же эл аралык байланыштар боюнча адистер ашыкча даярдалууда. “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиздер! Максатыбыз бир, жолубуз шыдыр элибиз аман болсун! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники