О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
10 сентября 2020 г. 2:12

"Биримдик" партиясынын тизмесине кимдер кирди? Аты-жөнү, кызматы

"Биримдик" партиясынан тизмеге 200 талапкер кирген. Алардын ичинен 65 талапкердин аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.БИШКЕК, 9-cен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке аттанып жаткан саясий партиялардагы талапкерлердин тизмесин жарыялады. "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка кимдер аттанды? Тизме "Биримдик" партиясынан тизмеге 200 талапкер кирген. Алардын ичинен 65 талапкердин аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз. Талапкерлердин кызмат орундары БШКда көрсөтүлгөндөй жазылды. 65 кандидаттын тизмеси: Жамангулов Акылбек Жекшенович, 1988, "Альфа Телеком" компаниясынын генералдык директору; Кочкоров Улукбек Тойчубаевич, 1974, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри; Зулпукаров Төрөбай Закирович, 1974, Жогорку Кеңештин депутаты; Строкова Евгения Григорьевна, 1965, Жогорку Кеңештин депутаты; Бегалиев Талас Кубанчбекович, 1977, жумушсуз; Бакасов Улан Болотбекович, 1984, жеке ишкер; Мирзаев Сухбатила Нематович, 1968, Оштогу "Имзо Кейжи" ишканасынын каржы-экономикалык иштер жана эл аралык мамилелер боюнча координатору; Касымалиева Аида Камчыбековна, 1984, Жогорку Кеңештин вице-спикери; Иманов Талантбек Орускулович, 1986, "Дастан" ишканасынын төрагасы; Жумаев Гүлжигит Бекболотович, 1973, "Дамла-Транс ЛТД" ЖЧКсынын башкы директору Аманкулов Марат Аскерович, 1970, Жогорку Кеңештин депутаты; Тынымсеитова Нуржан Мырзагуловна, 1972, "Елизавета" курулуш компаниясынын директору; Алтынбеков Айбек Алтынбекович, 1978, Жогорку Кеңештин депутаты; Капаров Ильгиз Төлөнович, 1990, Ош шаардык кеңешинин депутаты; Субанбеков Бакирдин Жамалович, 1952, Жогорку Кеңештин депутаты; Осмонова Нурзат Курманбековна, 1986, жумушсуз; Примов Улан Бердибаевич, 1978, Жогорку Кеңештин депутаты; Туманбаев Каныбек Тургунбекович, 1981, "БКС курулуш компаниясы" ЖЧКсынын директору; Арапбаев Азамат Абдуллажанович, 1970, Жогорку Кеңештин депутаты; Аманова Бурун Кушбековна, 1969, "Небесные горы" ЖЧКсынын башкы директору; Султанов Калыкбек Иманалиевич, 1956, "Авангард-Стиль курулуш компаниясы" ЖЧКсынын башкы директорунун кеңешчиси; Тулендыбаев Пархат Розымович, 1960, Жогорку Кеңештин депутаты; Осмонов Замирбек Бабакулович, 1974, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы; Жумалиева Эльмира Бусурманкуловна, 1962, Агрардык университетте мугалим; Чойбеков Бактыбек Каныбекович, 1977, "Арча-Бешик конушу" коомдук бирикмесинин төрагасы; Бакчиев Жаныбек Абдукапарович, 1967, Жогорку Кеңештин депутаты; Жээнбеков Асылбек Шарипович, 1963, Жогорку Кеңештин депутаты; Мавлянова Махабат Эргешовна, 1975, Жогорку Кеңештин депутаты; Келдибаев Сагындык Аширалиевич, 1967, Жогорку Кеңештин депутаты; Бакиров Өмүрбек Мирзараимович, 1978, Жогорку Кеңештин депутаты; Пирматов Исхак Айтбаевич, 1973, Жогорку Кеңештин депутаты; Асылбаева Гүлшат Кадыровна, 1960, Жогорку Кеңештин депутаты; Тагаев Нурдин Шамшыбекович, 1972, Россиянын Федералдык бажы кызматынын Кыргызстандагы Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлү; Нишанов Нургазы Нурланович, 1983, "Кыргыз жылуулук энергия" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович, 1966, Жогорку Кеңештин депутаты; Исмаилова Аида Жекшенбаевна, 1976, вице-премьер-министр; Жусупов Эмилбек Рамидинович, 1991, "Эмаком Холдинг" ЖЧКсынын президенти; Кадыркулов Искендер Анарбекович, 1962, "Түндүк электр" ААКтын башкы директору; Кулбараков Абтандил Илдузович, 1961, Жогорку Кеңештин депутаты; Исаева Динара Шертаевна, 1960, Жогорку Кеңештин депутаты; Саякбаев Рустам Темирбекович, 1978, "Профит Экспресс" ЖЧКсынын техникалык жана башкы директору; Жолболдуев Памирбек Бакыевич, 1963, Исанов атындагы КМКТАУнун финансы-экономикалык жана чарбачылык иштери боюнча проректору; Тотонов Нурбек Темирбекович, 1977, Жогорку Кеңештин депутаты; Осмонова Айнура Шермаматовна, 1971, Жалал-Абад шаарындагы "Кыргызстан" АКБнын башкы дирекциясынын улук адиси; Токомбаев Нурланбек Кантаевич, 1976, "Саара Эксклюзив" ЖЧКсынын башкы директору; Жураев Сайдолимжон Маруфович, 1965, Жогорку Кеңештин депутаты; Коргонбай уулу Жусупбек, 1977, "КейДжи Восток Сервис" ЖЧСсынын генералдык директору; Шульц Светлана Викторовна, 1964, "Алтын Эйр" авиакомпаниясынын борт коштоочулар кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу; Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич, 1980, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Медетов Ишенбек Бектурсунович, 1967, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары; Увайдиллаев Исламбек Увайдиллаевич, 1991, "Абий" ЖЧКсынын өндүрүштүк жетекчиси; Алтыбаева Айнуру Тойчиевна, 1958, Жогорку Кеңештин депутаты; Миңбаев Нурмухамед Бакирдинович, 1976, "Айжан" ЖЧКсынын директору; Тентимишов Максат Ишенбекович, 1971, КРдин Гуанчжоу шаарындагы башкы консулу; Каримов Нодирбек Тохтасинович, 1970, Жогорку Кеңештин депутаты; Исмайилова Ферузахон Азамжановна, 1979, "Носыралы" жеке медициналык борборунун башкы дарыгери; Дюшалиев Абдыбек Кашымбекович, 1962, Жогорку Кеңештин депутаты; Дыйканбаев Курманбек Сапарович, 1960, президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү; Исмаилов Сайдахмат Аблезович, 1970, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Усенова Гулсун Тураталиевна, 1957, Кара-Суу районундагы Ленин атындагы орто мектептин директору; Жусупакмат уулу Шайырбек, 1985, прокуратура органында ыкчам кызматкер; Орозбаев Эрк Нарынбекович , 1984 , "КЭЖ Трейд" ЖЧКсынын директору; Азыгалиев Нурланбек Асанбекович, 1970, "Анилия" ЖЧКсынын генералдык директору; Казначиева Нуржамал Жаныбековна, 1989, "Компаньон Банкы" ЖАКтын алдыңкы адиси; Маметов Медетбек Раимбердиевич, 1967, ИИМде иштеген, пенсионер; Каримов Тариел Келдибекович, 1967, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Мүлк" мамлекеттик ишканасынын директору; Юсуров Абдумажит Лелезович, 1964, ЖК депутаты; Иманкожоева Эркингүл Бекбачаевна, 1966, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты; Нурбаев Жалолидин Паязидинович, 1970, Ош облусунун Араван районунун Алля-Анаров айыл аймагынын башчысы; Бегалиев Болотбек Касымбекович, 1961, "Берекет" ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы; Турусбеков Бактыбек Сагындыкович, 1964, Жогорку Кеңештин депутаты; Акунова Лира, 1965, эл аралык "Руханият" ассоциациясынын директору; Абдиллахатов Абдумутал Акрамжанович, 1976, президенттик аппараттын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн эксперти; Файзуллаев Шукирилло Хабибиллаевич, 1965, Ош облусунун Араван районунун Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысы; Калматов Руслан Чиркешович, 1987, журналист; Токтосунова Нурзат Темирболотовна, 1983, "Нур Академиясы" ЖЧКсынын башкы директору; Жусупов Аширбай Бапович, 1963, Чүй облусунун Аламүдүн районунун "Майский" айыл чарба кооперативинин төраганын орун басары; Бостонов Аллаяр Рашитович, 1989, "Абдималик Ата" үрөнчүлүк дыйкан чарбасынын башкы директору; Молдокулов Курманбек Токторович, 1978, "Альфа Телеком" ЖАКтын Чүй-Чыгыш аймактык кеңсесинин директору; Абдимиталипова Гүлзара Жусумаматовна, 1971, ЖК депутатынын консультанты; Рахимов Мамыржан Тойчиевич, 1968, Автоэнергеснаб» ЖЧКсынын директору; Маматов Жаныбек Ысакович , 1969 , Исанов атындагы КМКТАУ алдындагы институттун директору, кафедра башчысы; Таштаналиев Көкүмбек Жумагулович, 1953, Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин жетекчиси; Карабекова Кызжибек Советовна, 1972, Жогорку Кеңештин аппаратындагы юридикалык башкармалыктын парламентаризм жана мыйзам чыгаруу бөлүмүнүн улук консультанты, экспертизанын адистештирилген түрлөрү бөлүмүнүн башчысы; Имаров Алгынбай Төралиевич, 1967, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясыынн акими; Саткеев Болот Жантайбекович, 1979, "Манас" эл аралык аэропорту ААКтын башкармасынын мүчөсү, Экономика жана финансы боюнча дирекциясынын директору; Калилов Жамшитбек Калилович, 1957, "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын башчысы; Солтонбекова Ализа Карыпбековна, 1978, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; Аскарова Айнура Алмасбековна, 1976, ЖК депутаты; Жумагазиев Канат Сагынович, 1977, Бишкек ШИИБдин начальниги; Осмоналиев Айбек Шермамбетович, 1976, Мамлекеттер аралык банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору; Рахимов Ахмаджон Каримович, 1955, Кара-Суудагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин машыктыруучусу; Исаева Гүлназ Назарбаевна, 1976, "Манас" эл аралык аэропортунун Оштогу филиалында авиациялык коопсуздук кызматынын атайын көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору; Сарсейитов Исланбек Зайырбекович, 1975, "Жамалгай" ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары; Дашков Даниил Васильевич, 1994, КРдин Куралдуу күчтөрүндо катчы, улук айдоочу; Эгембердиев Максатбек Бакирович, 1969, Грек-рим күрөшү федерациясынын Жалал-Абад облусунундагы президенти; Оморова Айнур Самыйбековна, 1967, Ысык-Көлдөгү Саруу айылдык кеңешинин депутаты; Эргешов Бекмурза Аскарбаевич, 1974, ИИМ Ош боюнча Мамлекеттик автоинспекциясынын адистештирилген монтаждоо жана эксплуатациялоо бөлүмүнүн башчысы; Исаев Бакыт Кыдырбекович, 1978, жеке ишкер; Сүйүнбаев Таалайбек Бектурович, 1981, Кыргыз медициналык стоматологиялык институтунун окутуучусу; Жураева Манзура Мухтаровна, 1967, Андреев атындагы орто мектепте (№9 "Бостон" орто мектеби деп аталып калган) башталгыч класстын мугалими, окуу иштери боюнча бөлүмдүн башчысы, мектеп директору; Капаров Талантбек Ташиевич, 1977, Ош шаардык муниципалдык ишканасынын жетекчиси; Бекбоев Турдуназир Бекбоевич, КРдин президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгында башкаруучу; Баатыр Аким, 1957, Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы; Абдылдаева Канзада Абдылдаевна, 1973, Айыл чарба жана экономика колледжинин окутуучусу; Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович, 1960, Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин орун басары; Субанов Саякбай Алмасович, 1966, президенттик аппаратта бөлүм башчы; Кушубеков Анарбек Канатович, 1963, жумушсуз; Мамбетова Анара Советовна, 1964, Бишкек мэриясынын №17 Муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетекчиси; Кадыров Адилбек Шеркулович, 1960, жумушсуз; Умбеталиев Расул Акматович, 1957, Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча "Таза Кол" коомдук фондунун директору; Нарбеков Бакытбек Наркулович, 1977, президенттик аппаратадагы мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары; Мейрманова Сауле Жаксуликовна, 1965, жумушсуз; Байдулетов Наркул Сатыбалдиевич, 1968, жумушсуз ; Сулайманов Сагынбек Ашимович, 1966, "МКК Ак Каржы" ЖЧКсынын директору; Дүйшемакунов Жакыпбек Турдалиевич, 1963, жумушсуз; Агафонова Галина Сергеевна , 1983 , Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрында жогорку категориядагы артист; Нурбаев Төлөнбай Камалдинович, 1978, жумушсуз; Нуралиев Марат Абдыкеримович, 1979, "Аск Тревел" ЖЧКсынын башкы директору; Даминов Дыйканбай Исабаевич, 1963, "Ош электр" ААКтын башчысы, коммерциялык директордун орун басары, инспектор, башкы директор. Голобородько Ида Львовна, 1979, Эл аралык университетинде доцент; Сайтахунов Ташматохун Жораевич, 1958, Улуттук жазуучулар союзунда мүчө; Дурсунов Атамша Латифович, 1961, "АвтоЛогистик" ЖЧКсынын башкы директору; Сатаев Зарылбек Апасович, 1963, эсеп палатасында аудитор; Каныбекова Бермет Каныбековна, 1987, жумушсуз; Жолдошбаев Бакай Сагынбаевич, 1988, Транспорт жана жолдор министрлигинин алдында бир катар ишти аркалайт; Исмаилов Хамидилло Халилиллаевич, 1990, Ош мэриясынын №5 Муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетекчиси; Сейдалиев Русланбек Жусупбекович, 1986, Ош атайын ооруканасында дарыгер-стоматолог; Асылбекова Айгерим Асылбековна, 1992, спорттук федерациянын вице-президенти; Айтмурзаев Нурлан Ташмурзаевич , 1959, лектор; Эсенгул уулу Улан, 1982, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси; Ниязалиев Айбек Кудайбергенович, 1971, "Кыргызнефтегаз" акционердик коомунда бир катар кызматтарды аркалайт; Жумакулова Бактыгүл Темирбековна, 1965, Октябрь районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун мектепке чейинки жана мектеп бөлүмүнүн педиатры; Абдухалилов Жасурбек Мингполотович, 1980, Арстанбап айылдык кеңешинин төрөгасы; Абдуллаев Ахмаджан Закиржанович, 1981, жумушсуз; Осмоналиев Максат Жээнбекович, 1987, жумушсуз; Бакир кызы Мээримкан, 1987, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; Кадыров Канатбек Садырович, 1969, жумушсуз; Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич, 1978, Транспорт жана жолдор министринин орун басары; Токтосунов Нурадин Гакимбекович, 1977, Свердлов районунун мамлекеттик салык башкармалыгынын башкы инспектору; Халымова Акмарал Тиркешовна, 1994, Ишеналы Арабаева атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде эсепчи; Турсунбаев Уланбек Сартбаевич, 1975, "Улукман дарыгер" коомдук уюмунун аткаруучу директору; Кадиркулов Шухрат Мехманкулович, 1970, жумушсуз; Бобукеев Бакдөөлөт Рыскулбекович, 1981, Атай айыл өкмөтүнүн башчысы; Кожоакматова Арзаим Иршатовна, 1990, Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинде адис; Эгембердиев Саатбек Искендерович, 1973, "Баар" жаштардын демилгелерин колдоо борборунун аткаруучу директору; Кочкорбаев Эламан Жапарович, 1996, Жалал-Абад облусунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүндө жооптуу катчы, юридикалык консультант; Темиров Русланбек Азамович, 1986, Кадамжай району боюнча мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчысы; Андреева Татьяна Александровна, 1981, Бишкек шаарындагы №59 орто мектептин директорунун орун басары; Баймуратов Нурланбек Абдалимович, 1972, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарындагы башкармалыгынын жетекчиси; Мияров Керимбек Эшимович, 1966, жумушсуз; Токтысопиев Эркин Уланович, 1986, "Азиус" ЖЧКсынын директорунун орун басары; Мүсүралиева Нуржан Сүйүналиевна, 1965, Талас медициналык колледжинде башкы бухгалтер; Аземов Абай Доктурбекович, 1987, "Байкан" ЖЧКсынын директору; Базарбек уулу Дамир, 1990, "Элхан групп" ЖЧКсынын башкы директору; Календеров Улугбек Ибраимович, 1979, юстиция министрлигинде статс-катчы; Нусубалиева Елиза Шамшарбековна, 1971, Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде лектор, кафедранын доценти; Худайбердиев Жалил Сражидинович, 1989, "Түштүк кыргыз цемент" ЖАКтын коммерциялык директору; Абдыназаров Нурбек Рахманбердиевич, 1989, "НУР" ЖЧКсынын директору; Рахманов Эркин Саттаркулович, 1967, "Эркин Кен" ЖЧКсынын директору; Асанкулова Алтынай Джолучуевна , 1983 , "Халык Банк Кыргызстан" ААКтын башчысынын орун басары; Тойбеков Ырысбек Орманкулович, 1984, "Шампанвинкомбинат" ишканасынын коммерциялык директору; Сакебеков Саткыналы Элеманович , 1960 , Мамлекеттик мүлк фондунда бөлүм башчы, сектордун жетекчиси; Ибрагимов Сироджидин Инабидинович, 1975, "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалындагы каржы бөлүмүнүн башчысы; Камчибекова Назинур Таалайбековна, 1998, жумушсуз; Эрматов Базарбай Тогузбаевич, 1965, "Ак он иш" ЖЧКсынын директору; Бекманбетов Советбек Шаршенович, 1983, "ВИТА МЕД ЛТД" ЖЧКсынын директору; Бекмурзаев Мирбек Ошкулович, 1985, Бакай-Ата токой чарбасынын башкы токойчусу; Жусупалиева Айнура Тургуновна, 1971, доцент; Узакбаев Абылкайыр Осмонбекович, 1964, ЖК депутаты; Калмакиев Каныбек Турсуналиевич, 1977, Ысык-Көл микрокредиттик агенттигинин директору; Асанбеков Каныбек Жолдошбекович, 1980, Панфилов районунун мамлекеттик салык башкармалыгынын башчынын орун басары; Элеманова Жылдыз Алдаярбековна, 1987, туризм тармагында эмгектенет; Абакунов Эрмек Акылбекович, 1987, "Саб компани" ЖЧКсынын башкы директору; Насирдинов Самат Насирдинович, 1986, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары; Абдиев Роман Жанышевич, 1974, "Мастер пост" ЖЧКсынын башкы директору; Акбаева Айжан Талайбековна, 1988, РСК Банкында бухгалтер; Камилов Ыдрысбек Каимович, 1974, Сары-Могол айылдык кеңешинин төрагасы; Сүйүмбек Бегматович, 1960, "Ош райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасынын башчысынын орун басары; Мусарова Зульфия Нурвундиновна , 1977 , Биринчи май райондук администрациясында бөлүм башчы; Койчубаков Нурлан Кеңешович, 1972, Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы начальниги; Комилов Абдурасул Муминович, 1969, адвокат; Абдулказиева Айгерим Абдулказиевна, 1992, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын № 3 калкты тейлөө борборунун оператору; Рысбекова Диляра Рысбековна, 1982, "Кораблик" ЖЧКсынын директору; Уланов Алмазбек Уланович, 1977, "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы бөлүм башчынын орун басары; Сагындык кызы Мээрим, 1994, жумушсуз; Элмирбекова Баян Элмирбековна, 1994, №44 орто мектепте социалдык педагог; Мураталиев Нурбек Якуббекович, 1985, "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалындагы каржы бөлүмүнүн башчысы; Жумакадырова Назира Мамытовна , 1986 , Нарын шаардык мэриясынын вице-мэри; Каджиева Тамиля Сергеевна, 1971, Чүй облустук китепкананын директору; Исакова Елена Юрьевна, 1985, Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде машыктыруучу; Коңурбаев Уланбек Искакович, 1979, "Меридиан Констракшн" ЖЧКсынын аткаруучу директору; Жанышбекова Аяна Нурдиновна, 1999, "БГАиКО" ЖЧКсында менеджер; Бапиева Мээримай Бакытбековна, 1998, жумушсуз; Нурахунова Фирюза Пулатжановна, 1996, жумушсуз; Батырбеков Алмазбек Аттокурович, 1986, Манас райондук электр тармагынын жетекчиси; Жапарова Гулира Дүйшонбековна, 1986, жумушсуз; Жайлоева Айжан Нурлановна, 1989, жумушсуз; Султанкулова Гүлжан Касымалиевна, 1978, жумушсуз.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:12

"Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка кимдер аттанды? Тизме

"Ата Мекен" партиясынан тизмеге 150 талапкер кирген. Алардын ичинен 65 талапкердин аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке аттанып жаткан саясий партиялардагы талапкерлердин тизмесин жарыялады. "Ата Мекен" партиясынан тизмеге 150 талапкер кирген. Алардын ичинен 65 талапкердин аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз. "Ата Мекен" партиясынын талапкерлери: Акаев Жанарбек Кубанычович , 1986, ЖК депутаты; Токтогазиев Тилек Мурсалиевич, 1990, "ЛАВИСТА" компаниясынын башкы директору; Момбеков Рыскелди Чыныбекович , 1968, ЖК депутаты; Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна , 1978, ЖК депутаты; Абакиров Элдар Курманбекович, 1981, жумушсуз; Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич, 1972, Эсеп палатасында аудитор; Осмонов Евраз Арысланбекович, 1980, жумушсуз; Никитенко Наталья Владимировна , 1979, ЖК депутаты; Шерниязов Абылкасым Эсентаевич, 1971, жумушсуз; Нурбаев Абдывахап Мамадрасулович , 1970, ЖК депутаты; Токтошев Эмиль Токтакунович , 1974, ЖК депутаты; Чотонова Турсунбүбү Дүйшөнкуловна, 1992, КРдин Италиядагы элчилигинде атташе; Эркебаев Азат Абдыганиевич, 1979, жумушсуз; Ким Ин Сен, 1978, жумушсуз; Сулейманов Бахадыр Искакович , 1963, ЖК депутаты; Кырбашева Кундус Бергеншаевна, 1984, "Кыргыз винд систем" компаниясында каржы боюнча жетекчи; Макеев Керимберди Жакыпович, 1976, "АККА" компаниясынын башкаруу жетекчисинин орун басары; Жураев Уланбек Муратович, 1980, "Спец Проект Монтаж" компаниясында каржы жетекчиси; Турдубеков Бактыбек Курманбекович, 1977, "Бишкек Штамп Завод" мамлекеттик компаниясынын жетекчиси; Шарапова Жибек Закировна, 1990, "Сезимтал" инклюзивдик мектебинин башкы директору; Рыспаев Бакыт Келгенбаевич, 1980, жумушсуз; Качкынбаев Сейтек Садырбекович, 1977, жумушсуз; Сатыбалдыев Абдимиталип Баатырбекович, 1972, ОшТУнун Физика жана энергомашина куруу кафедрасынын башчысы; Кулумбаева Гүлмира Шамшиевна, 1971, жеке ишкер; Аскаров Эрлан Алсеитович, 1987, жумушсуз; Курванбаев Сүйүнбек Бурканидинович, 1980, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты; Туленбаев Эмиль Советбекович, 1984, Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнүн начальниги; Турдалиева Чынар Алымкуловна, 1973, жумушсуз; Жунусов Улан Сманович, 1976, жумушсуз; Айнабаев Бектур Аскарович, 1978, "Нарын" бажысында бажы коштоп жүрүү бөлүмүнүн инспектору; Долдоев Таалайбек Анарбаевич, 1964, Ичүүчү суу менен камсыз кылууну өнүктүрүү департаментинде башкы адис; Кутманбаева Гүлжан Орозобековна, 1979, УСП АХЧ; Нариев Жаныбек Абдивалиевич, 1984, Ош шаардык кеңешинин депутаты; Нурматов Азизбек Нарынбаевич, 1989, жумушсуз; Кошалиев Мелисбек Ысманалиевич, 1985, жумушсуз; Тентимишева Замира Шарапидиновна, 1968, Бишкек шаардык мэриясынын экономика жана инвестиция департаментинде бөлүм башчы; Ботобаев Айбек Курманович, 1980, ИИМдин алдындагы Чүй ЖКККББ жана Кайгуул кызматынын начальниги; Исманов Талант Касымович, 1984, "Эркуфлай" ЖЧКсынын жетекчиси; Добулбеков Айдарбек Камалбекович, 1972, "Ак Жол Аксы" кооперативинин башчысы; Асаналиева Жийдегүл Абылкасымовна, 1988, жумушсуз; Айкынов Хаит Исраилович, 1952, жумушсуз; Курманкулов Алмазбек Комбердиевич, 1973, Экотехинспекциянын Аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси; Салибаев Ильичбек Паратович, 1970, жумушсуз; Наватова Айгуль Джаныбаевна, 1960, "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы, эксперт-лингвист; Орумбеков Эрик Көлбаевич, 1981, "Имрана-Али" ЖЧКсы, директор; Тарыкбаев Алмаз Нарынбекович, 1983, жумушсуз; Эгембердиев Кубанычбек Мырзамамытович, 1970, Кочкор-Ата аймактык колледжи, коммерциялык директор; Ивахник Наталья Владимировна, 1982, Республикалык психикалык ден соолук борбору, психиатр; Калилов Нурсултан Абдраимович, 1992, "Лидер Медикал" ЖЧКсы, финансы директору; Боронбаев Калысбек Олжобаевич, 1986, Жогорку Кеңеш, сектор башчысы; Төлөгөн уулу Аман, 1990, жумушсуз; Аблакеева Чынара Аскарбековна, 1982, жумушсуз; Романов Бакыт Асылбекович, 1980, жумушсуз; Сыдыков Бакытбек Дамирбекович, 1981, жумушсуз; Абдрахманов Нурбек Борисович, 1977, жумушсуз; Ташибекова Замира Мазеловна, 1970, Талас мамлекеттик университетинде кафедра башчысы; Мамбеткулов Максатбек Абдуманапович, 1986, ММБ ЖЧКсынын башкы директору; Ниязбеков Рыспек Жайлообекович, 1966, "Айше Трейдинг" ЖЧКсынын коммерциялык директору; Акынбеков Нургазы Эшенкулович, 1979, жумушсуз; Антипова Антонина Михайловна, 1964, жумушсуз; Балтабаев Сардорбек Абдумуталибович, 1985, "Юрконсул" юридикалык компаниясынын директору; Усупбаев Абдурахман Тажимырзаевич, 1974, "Техник" ЖЧКсынын директору; Молдосалиев Авдандил Жыргалбаевич, 1970, жумушсуз; Жолдошова Элнура Иматиллаевна, 1987, жумушсуз; Карымов Айбек Усенович, 1969, жумушсуз.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:12

ЦИК КР: У более чем 200 кандидатов в депутаты имеется погашенная судимость

Центральная комиссия по выборам и проведению референдумов опубликовала итоги проверки со стороны МВД и Верховного суда зарегистрированных кандидатов от политических партий. По итогам проверки выявлено, что из 1912 зарегистрированных кандидатов 1641 не имеют судимости, у 221 судимость погашена, по 50 - нет решения суда, 5 - привлечены к ответственности по нормам Административного кодекса (не влечет судимости), 26 оправданы судом, у 19 - дела на стадии рассмотрения в судах. Ранее сообщалось, что ЦИК допустила к парламентским выборам от различных партий более 50 кандидатов, в отношении которых ведутся расследования или же нет информации о погашении ими судимости. В ЦИК заверили, что в случае оглашения судом приговора эти кандидаты будут исключены из предвыборных списков. Выборы депутатов VII созыва Жогорку Кенеша назначены на 4 октября. Центризбирком 3 сентября зарегистрировал для участия в них 15 партий, от которых выдвигается 1912 кандидатов.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:12

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын арызы сотто каралууда

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен парламенттик шайлоодон четтетилген "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы Бишкек шаардык административдик сотуна арыз менен кайрылган. Эске салсак, биринчи сот отуруму 7-сентябрда болуп, 9-сентябрга кайрадан карап чыгууга жылдырылган. Учурда, арызды кароо иштери уланып жатат. Ал эми, имараттын сыртында "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тарапташтары чогулуп, наарызычылыктарын билдирүүдө.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:12

Парламенттик шайлоого аттанган айрым партиялардын талапкерлери тизмеден четтетилди

« Ыйман Нуру » адилеттик жана өнүгүү саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болууга талапкерлердин тизмесинен 6 талапкер чыгарылды. Борбордук шайлоо комиссиясы мындай чечимди Ильичбек Эргешов, Нияз Сарыев, Молдожаш Турдукулов, Шумкар Пазылов, Жаныбек Заирбеков, Алтынай Уранбековага карата 7-сентябрда кабыл алган. Комиссиянын маалыматы боюнча, буга «Ыйман Нуру»партиясынын жазуу түрүндөгү каты, Алтынай Уранбекованын арызы жана саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун чечими негиз болгон. Ошондой эле «Социал-демократтар» саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесинен Эрмек Окенов чыгарылды. БШК мындай чечимди партиянын жазуу түрүндөгү катынын негизинде жана саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен кабыл алган. 7-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы берген арызынын негизинде « Ата Мекен » социалисттик саясый партиясынан Жогорку Кеңешике депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен Дастан Алымбековду чыгарды.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:12

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына талапкер “Ата Мекен” социалисттик партиясы менен түз эфир

no article

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:37

Ибрагим Жунусов: Депутаттар актёрлорго, министрлер суфлёрлорго, эл көрүүчүгө айланып калды

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, профессор Ибрагим Жунусов, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка аттанды. Ибрагим мырза саламатсызбы, сиз бир чоң мамлекетте бакыйган элчи элеңиз. Эмне үчүн андай жакшы кызматты таштап, депутаттыкка аттанып жатасыз? --Чынында элчилик кызмат бир чети абдан кызыктуу, бир чети абдан жооптуу пост. Андыктан мөөнөтүм бүткөнчө иштей берсем деле болмок. Бирок акыркы жылдары социалдык тармактар, анан түздөн-түз кайрылган адамдар аркылуу “жакшы кызмат берип койсо эле отура бересиңби? Кыргызстанга келип иштебейсиңби” деген кайрылуулар көп болду. Менин мурдагы депутаттык ишмердүүлүгүмдү баалаган адамдардан да ошондой сунуштарды көп уктум. Өзүм дагы ал-күчүм барында дагы бир жолу саясаттын эшигин ачайын, элдин оюн, элдин сөзүн жогору жакка жеткирип жүргөм, эми да жеткире алам деген чечимге келдим. Түркияда, Өзбекстанда элчи болуп турганда көп нерселерди үйрөндүм. Ошол тажрыйбамды Мекенимде пайдаланса болот деген ойдо депутаттыкка аттанып жатам. -- Эмне үчүн “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандап алдыңыз? --Чындыгында мага үч-төрт партиядан сунуштар болду. Шайлоого барарымды угуп калган партиянын лидерлери мага чалып сүйлөштүк. Баарынын эле ойлору жакшы, эч ким концепциясын, же программасын элге жаман кызмат кылайын деген ойдо түзбөйт. Баарынын эле элдин көйгөйлөрүн чечип бера алабыз деген пландары бар экен. Бирок “китептин тамгалары бирдей, жазылганда эле башкача болуп калат” дегендей, партиялардын баарынын пландары окшош, бирок аткарууга келгенде окшобой калат. “Мекеним Кыргызстандын” алдына койгон максатын, элге кылган кызматтарын, айрыкча коронавирус дарты келгенде Кыргызстан үчүн жасаган иштерин көрүп ушул партияга токтолдум. -- Жогоруда айтылгандай, буга чейин вице-премьер-министр, министр, элчи кызматтарын аркаладыңыз. Ушул кызматтарда элге кандай пайда келтире алдым деп ойлойсуз? --Вице-премьер кезимде бир жылдын ичинде көп ишти кыйратып салдым дегенден алысмын. Мен иштеген жыл өтө оор учурга туш келди, Ош жана Жалал-Абад шаарларын кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп жатты. Бүт облустарда митингдер токтобой, губернаторлор улам алмашып жаткан кез эле. Бир айда бир аким, бир жылда эки-үч губернатор алмашкан учурлар болду. Эсиңерде болсо керек, мурда персоналдык пенсия деген бар эле. Жанагы бир ай, үч ай иштеген аким, губернатор, министр, алардын орун басарлары, депутаттар кийин жаш курагы келгенде бүт персоналдык пенсияга чыгат эле. Биз ушул нерсени абдан жакшы жолго коюп, аким, губернатор, министр, депутат дегендердин баарын персоналдык пенсияга чыкчулардын катарынан алып салдык. Мамлекеттик наамы барларды, эки жолу шайланган депутаттарды гана калтырып, алардын ар бирин өз-өзүнчө категорияга бөлдүк. Бул абдан жакшы натыйжасын берди. Анткени алардын баарына персоналдык пенсия төлөнө берсе бюджетти чоң тартыштыкка алып келмек. Мен жаңыдан Түркияга элчи болуп барганда эмгек мигранттары “биздин айлыктардан төлөнгөн салыктар Түркияда калып жатат, кийин пенсияга чыкканда кандай болот?” деген суроону коюшту. Биз алардын суроосу боюнча сунуш даярдап, Жогорку Кеңеш аркылуу мыйзам долбоору кабыл алынышына жетиштик. Азыр Түркияда иштеп жүргөн мигранттар Кыргызстанга кайтып келсе төлөгөн салыктары пенсияга чегерилет. Кыргызстанда иштеп кеткен түрк жарандарыныкы да ошондой. Бул мыйзам азырынча Кыргызстан менен Түркияда гана иштейт. Учурда Россия, Казакстан, Түштүк Корея боюнча да иштер жүрүп жатат. Өзбекстанда болсо акыркы эки жыл иштедим. Өзүңөр билесиңер, чек аралар ачылып, бири-бири менен карым-катнаш болуп көрбөгөндөй бийиктикке чыкты. Акыркы 6 айдын ичинде Өзбекстандан Кыргызстанга өтө көп гуманитардык жардамдар, медициналык жабдуулар, дары-дармектер келди. Азыр да келип жатат. Өзбекстан дары-дармектерди чет өлкөлөргө чыгарбоо чечимин кабыл алган. Ошого карабастан биздин фирмалар алып жатат. Ошол эле учурда Кыргызстан да аларга гуманитардык жардамдарды жөнөтүп жатты. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда азыр 15 эле пайыз чечилбеген чек ара тилкеси калды. Анын да 7 пайызы оозеки бүткөн, азыр делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссия анын үстүндө иштеп жатат. -- Кайра депутат болуп шайлансам кандай иштерди жасасам деген максат-пландарыңыз бар? --Бир гана максат - элге кызмат кылуу. Чындыгын айтыш керек, көп депутаттар жакшы иштей алышкан жок. Жакшы иштеген жыйырма, балким, отуз депутат бардыр. Менин максатым – жаңы чакырылышта жакшы иштеген, кыргыз элине күйгөн депутаттар көп болсо, ошолордун катарын толтуруп, ошолор менен чогуу иштесем дейм. Алтынчы чакырылыштагы депутаттар тууралуу ар кандай сөздөр айтылды, ар түрдүү аттар, лакаптар коюлду. Жакшы иштерди жасоо менен парламентти ошондой жаман аттардан кутултсам деген аруу тилек. Жогорку Кеңеш бул – чоң саясий сахна. Бирок аны театралдык сахнага айландырып алышты. Депутаттар актёрлорго айланды. Министрлер суфлёрлорго, эл көрүүчүгө айланды. Ал эми журналисттер театралдык сынчыга айланып калды. Мына ушул нерселерди өз-өз ордуна коюш керек. Мен мурда депутат болгом, бул жагынан тажрыйбам жетишерлик деп ойлойм. -- Азыр саясатка, деги эле бардык чөйрөлөргө жаштар келиши керек деген ураандар көп айтылууда. Буга сиздин көз карашыңыз кандай? --Туура, биз “келечек жаштардыкы” деген ураан менен чоңойгонбуз. Бирок бүгүнкү турмуш, шарт ага кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Келечек илимдүү, билимдүү, мекенчил жаштарга таандык. Кеп жашта эмес, башта болуш керек. Жаштан башка жеткенге чейин өтө көп убакыт, түйшүк талап кылынат. Ошондуктар ортолукту табыш керек. -- Шайлоочуларга каалооңуз? --Биринчиси, шайлоочуларбыз жакшы, алдыңкы партияга чын жүрөгү менен добуш беришин каалайм. Экинчиси, бир гана шайлоочулар эмес, жалпы элибиз тынччылык-аманчылыкта, токчулукта жашасын. Элибизде эч кандай жамандык болбосун. Ар кандай апааттардан сактасын. Азыркы кыйынчылыктардан чыгып, мурункудай бактылуу турмушта жашашын каалайм. Жүрөгү таза, пейили ток болсун. Эл эч жамандык көрбөй, дайыма эл аман болсун! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:12

Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстанда революцияларга чекит коюлду”

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. Кыргызстанда революцияларга чекит коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан маалымат жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Мамлекет башчысы өлкөдө туруктуулук болуш керек. “Революцияларга чекит коюп, иштөө керек. Юиздин өлкө өнүгүп келе жаткан өлкө болуп саналат. Биз өзүбүздүн жолубузду таптык, ошол боюнча өнүгүүгө ишенимдүү бара жатабыз”,-деди А.Атамбаев. Ошондой эле, ал эгер кимдир бирөө бийликти кааласа шайлоого катышсын деп белгиледи. Өз кезегинде РФ Президенти В.Путин Россия эч качан башка өлкөлөрдүн, өзгөчө өнөктөш өлкөлөрдүн ички саясий иштерине кийлигишпейт деди. “Бирок, Кыргызстандын Президентинин сөзүнө кошулуп кетким келет. Мурдагы постсоветтик мейкиндиктин барында туруктуулук болушу керек”,-деди ал.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:12

Япония өкмөтү Кыргызстанга 3 долбоорду ишке ашырууга 11,9 млн доллар бөлдү

Бишкек, 8-март /Кабар/. Япония өкмөтү 3 долбоорду – “электрондук өкмөт” түзүү үчүн Калкты билдиктүү мамлекеттик каттоону колдоо, КРдагы тобокелчиликтерди комплекстүү башкаруу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөө жана Борбордук Азияда аймактык кызматташтык жана “Коопсуз мектеп” программасын колдоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга Кыргызстанга 11,9 млн доллар бөлдү. 3 документке расмий кол коюу Кыргызстандын өкмөтүндө премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өттү. Премьер-министрдин айтымында, кол коюу пландалып жаткан долбоорлор Кыргызстанга көп багыттар боюнча алдыга жылууга жол ачат, атап айтканда электрондук өкмөт чөйрөсүндө, шайлоолордун таза жана ачык-айкын өтүшүн көтөрүүгө, андан тышкары мектеп жана мектепке чейинки балдар мекемелеринин коопсуздугу жаатында. “Бул багыттар дайыма өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу багыты болуп келген жана ошол бойдон кала берет. Өз кезегинде өкмөт бул каражаттардын өз максатында натыйжалуу колдонулушуна зарыл жардамдарды көрсөтөт. ПРООН жана ЮНИСЕФ тарабынан аткарыла турган долбоорлордун алкагында Япония өкмөтү тарабынан гранттын негизде берилип жаткан масштабдуу колдоо биздин өлкөнүн улуттук артыкчылыгы болуп саналат. Япония өкмөтү, Япониянын КРдагы элчилиги, ПРООН жана ЮНИСЕФ тарабынан Кыргызстандын министрлик жана ведомстволору менен биргеликте аткарылган жаңы долбоорлорду даярдоо жана кароо боюнча чоң иштер бизге белгилүү”,-деди ал. Ал арада Япониянын КРдагы элчиси Ёсихиро Ямомур долбоор ПРООН жана ЮНИСЕФ тарабынан ишке аша турганын белгиледи. “Япония менен Кыргызстанды демократиянын жалпы баалуулуктары бириктирип турат. Чейрек кылымдан бери биздин өкмөт Кыргызстанга демократиялык түзүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берип келет. Мен көрсөтүлгөн кайтарымсыз жардам өлкөдө мындан ары дагы демократияны өнүктүрүүгө жана элдин бакубатчылыкта жашоосуна шарт түзөт деп ишенем”,-деди элчи.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:12

Кыйраган Боингдеги жүктүн Президентке таандык экендигин айткандар далилдеп берүүгө же жоопкерчиликке тартылууга тийиш - депутат

Би шкек, 9 - март /Салтанат Абдраева – Кабар/. Сокулук районунун Дача-СУ айылында кулаган “Боинг-747” учагындагы жүк Президент Алмазбек Атамбаевге таандык экендигин айткандар далилдерди көрсөтүүгө же жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында КСДп фракциясынын депутаты Марат Аманкулов билдирди. Анын айтымында, акыркы учурда кыйраган учактын бортундагы жүк А.Атамбаевге таандык деп айтуу менен мамлекет башчынын аброюна шек келтирүү аракети жүрүп жатканына күбө болуп жатабыз. “Бул адамдар төгүнсүз далилдерди көрсөтүп же жалган жалаа үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек. Бул президенттик шайлоолордун алдындагы оюндар экендигин баарыбыз жакшы билебиз. Бирок, адамдардын кайгысынан оюн кылган туура эмес ”, - деди М.Аманкулов. Ошондой эле депутат көз карандысыздыктын 25 жылы бою өлкөбүз кыйла оор мезгилдерди кечиргенин эске салды. Ошондуктан өлкөдө орногон туруктуулукту бузуу эч нерсеге татыбайт.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:25

Материалы за неделю

У здания административного суда Бишкека вновь собрались сторонники партии «Бутун Кыргызстан». Отметим, сегодня идет рассмотрение жалобы партии на решение ЦИК об отказе в регистрации. Перед собравшимися выступил бывший чрезвычайный и полномочный посол КР в Южной Корее Кылычбек Султан. Бывший чиновник являлся представителем партии СДПК. Он отметил, что в свое время подавшись патриотизму, и послушав президента Сооронбая Жээнбекова, рассказал о фактах коррупции в МИД. Н потом он был вынужден уйти с госслужбы и пополнить ряды оппозиции.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:12

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаевдин билдирүүсү

Бишкек, 11-март /Кабар/. КР Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, к ийинки кезде Кыргыз Республикасында эркин сөрөй журналисттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана саясатчылардын бир ууч тобу басма сөз эркиндигине жамынып алышып, иш жүзүндө өздөрүнө жакпаган адамдарды, биринчи кезекте, бүткүл эл шайлаган эгемендүү Кыргызстандын Президентин ашкере ушактоого жана ага көө жабууга өтүштү. "Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында, а түгүл социалдык тармактарда да бул кампания акыркы бир нече жылдардан бери максаттуу жүрүп жатат жана өткөн жылдын жай мезгилинен тартып өзгөчө күч алды. Бул жалганчылыктын, ушакчылыктын жана бет тырмалыктын кампаниясы. Элибиз ыйык көргөн сөз эркиндиги принциптерин бетсиздик жана ушакчылык менен чаташтырган уятсыздардын жана ыймансыздардын иши. Журналисттердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эң башкы милдети жана укугу – бул адамдарга жалган маалыматтарды жана ушактарды эмес, калыс маалыматтарды, чындыкты жеткирүү экенин эске салгым келет. Кыргызстандын жарандары бул эркин сөрөй журналисттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана саясатчылардын чыныгы көздөгөн максаты чындык эмес, жалган жалаа жана ушактоо менен бүткүл эл тарабынан шайланган Мамлекет башчысынын жана бүт өлкөнүн дүйнөлүк коомчулуктагы беделин түшүрүү, өлкөнүн жаңы Президентин шайлоо алдында Кыргызстандагы кырдаалды курчутуу экенин билиши керек. Кийинки жылдары Кыргызстандын бутуна туруп бара жатканын түшүнүп, бул адамдар митаам жана булганыч оюн башташып, жалганчылыкты жана ушакчылыкты өздөрүнүн куралы кылып алышты. Тийиштүү мамлекеттик органдар бул өздөрүн калп эле эркиндик үчүн күрөшүүчү кылып көрсөтүп жатышкандарга мыйзам бүткүл эл шайлаган Президент үчүн эле эмес, бардык жарандар үчүн бирдей экенин эскерте турган мезгил келди. Азыр өлкөбүзгө жана Кыргызстан элине тынчтык жана туруктуулук, биримдик жана бекем баш кошкондук керек. Көптөгөн кыйынчылыктар аркылуу жетишилген жарандардын укуктары жана эркиндиктери менен бир ууч жалганчылар жана ушакчылар чайкоочулук кылышына жол бербейбиз”,-деп айтылат Президенттин билдирүүсүндө.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:12

А.Жээнбеков: Ө.Текебаевдин билдирүүлөрү жоопкерчиликсиздик жана ал туура эмес ыкмаларды колдонуп жатат

Бишкек, 13-март /Эрмек Абдрисаев - Кабар/. Өмүрбек Текебаевдин билдирүүлөрү жоопкерчиликсиздик жана ал тыюу салынган, туура эмес ыкмаларды колдонуп жатат. Мындай пикирин парламенттин V жана VI чакырылыштарынын мурдагы төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков оор кылмыштарга айыпталып жаткан “Ата-Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаевдин КР Президентинин акыл-эсин текшертүүсү боюнча сунушуна байланыштуу билдирди. “КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев – бул мамлекетти жана элди туюндурган мамлекет башчысы. Ошондуктан жеке таарынычтарына жана бүгүнкү күнү Өмүрбек Чиркешевич мындай жагымсыз жагдайда калгандыгынан улам ушундай билдирүүлөрдү жасап жатканы – өтө жоопкерчиликсиздик”, - деп эсептейт КР ЖК депутаты. А.Жээнбеков белгилегендей, түзүлгөн кырдаалда кастык сезимдерге жана жеке жаман көрүүлөргө алдырбаш керек. “Биринчиден, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын ойлош керек. Биздин көпчүлүк саясатчыларыбыздын кемчилиги - мамлекет менен элдин кызыкчылыктарын жеке амбицияларынан жана максаттарынан жогору кое алышпагандыгында болуп саналат. Ал эми адамдын кооз сөздөрүнө эмес, анын ишине жараша баа беришет эмеспи”, - деп эсептейт ал. Депутат А.Жээнбеков мамлекет башчысы менен көп жылдардан бери бирге иштеп, аны жакындан билээрин белгилеп өттү. “Мен КР парламентинин 2 чакырылышынын төрагасы болуп иштедим. Алмазбек Шаршеновичтин ишке болгон жөндөмдүүлүгүнө Кыргызстан көз карандысыздыгын алгандан тартып, мындай таасирдүү мамлекет башчыбыз болгон жок деп баа берем. Ал президенттердин жана премьер-министрлердин ичинен эң мыктысы. Өзүнүн билим деңгээли, жөндөмдүүлүгү жана кудай берген сапаттары менен ал буга чейинки өлкө жетекчилеринен өзгөчөлөнүп турат”, - деп белгилейт ЖК КР депутаты. А.Жээнбеков А.Атамбаевдин президенттиги учурунда Кыргызстанда абдан олуттуу жетишкендиктерди байкоого мүмкүн болгону чындык экендигин эскертти. “Буга карабастан, Президентке таарынычы бар оппозиция өкүлдөрү кырдаалды күчөтүп, экономикалык, саясий жана башка жетишкендиктердин жоктугун айтып жатышат”, - деп кошумчалады А.Жээнбеков. Парламентарийдин айтымында, карапайым эл 2010-жылы өлкөдө түзүлгөн жагдайды бүгүнкү абал менен салыштырса болот. “Өлкөнүн туруктуулугу элибиздин даанышмандыгы менен курулуп, Президенттин мүнөзү жана жеке сапаттары бул туруктуулукту сактап калууга жана андан ары өнүктүрүүгө шарт түздү. 2010-жылга чейинки жана андан кийинки айырма чоң. Алар көп сандаган жолдордун, мектептердин, ооруканалардын курулушу, “Датка-Кемин” линиясынын ишке киргизилиши менен энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүү, газ маселеси боюнча кабыл алынган чечим десек болот. Бул иштер өлкө 2010-жылдан кийин кабылган кыйынчылыктарга карабастан ишке ашты. 2011-жылы жана учурда шайлоолор кандай өткөрүлгөнүн салыштырып көргүлө. Диний саясат жөнгө салынып, иштей баштады. Булардан башка көптөгөн өнүгүү мисалдарын келтирүүгө болот”, - деп кошумчалады эл өкүлү. Парламенттин мурдагы төрагасы белгилегендей, буларга Ө.Текебаев өзү сындап жаткан альтернативалык жолдордун курулушун кошууга болот. “Буга чейин ал бул маселеге байланыштуу сын көз карашын билдирген эмес, бирок А.Атамбаев менен мамилеси өзгөргөн учурдан тартып, бул боюнча да сын айта баштады. Демек, ал буга чейин өзү да мактап, өзүнүн партиясы куруп жатат деп келген кадамдарды сындап жатат”, - деди ал. Ошондой эле, депутат А.Атамбаевдин башкаруусу учурунда өлкө көз карандысыз жана эгемен мамлекеттин түсүн алгандыгына көңүл бурду. “Өлкөдөгү кемчиликтерге жана кыйынчылыктарга карабастан, биз Кыргызстанды башка, кыйла сапаттуу деңгээлде көрүп турабыз. Бирок, таарынычы барлар жана өлкө душмандары гана буларды көрүүнү каалашпайт. Ал эми эл жана туура ой жүгүрткөн адамдар бул жетишкендиктерди күнүмдүк жашоосунда сезип жатышат. Атамбаевдин учурунда көз менен гана көрө ала турган эмес, кармап да көрүүгө боло турган ийгиликтер ишке ашырылды”, - деп кошумчалады парламентарий. КР ЖК депутатынын пикиринде, буларга кошумча катары Президенттин ой-жүгүртүү деңгээли жана ыкчам чечим кабыл алуусу абдан жогору. Бул аны башка саясатчылардан өзгөчөлөнтүп турат. “Ошонун натыйжасында биз мамлекетибиздин ийгилигине айланган маселелер боюнча туура чечимдерди кабыл алдык. Ал эми биз жетише албай калган багыттар, мурдагы Конституциянын кемчилдиктерине байланыштуу. Ачык мисал катары, өкмөттүн тез-тез алмашып турушун, парламентте 5-6 фракциянын болушун жана фракция лидерлеринин ыйгарым укуктарынын көптүгүн айтсак болот. Классикалык парламенттик башкаруунун таптакыр жоктугу. Мындай башаламандык жана жөнсүздүктөр болбогондо, биз дагы көп нерселерге жетише алмакпыз”, - деп түшүндүрдү КР ЖК депутаты. А.Жээнбеков КРнын Конституциясына түзөтүүлөрдү киргизүү Алмазбек Атамбаевдин стратегиялык жана эң туура кабыл алынган чечими экендигин белгилеп кетти. “Президентке мамлекетте тартип жана жоопкерчиликтүүлүктү орното турган оңдоолорду киргизүүгө мүмкүнчүлүк бербей коюшту. Кайра эле, мында дагы Текебаев башында турган, учурда да мамлекет башчысына каршы чыгып жаткан адамдар жолтоо болушкан”, - деди А.Жээнбеков. Асылбек Жээнбеков “Ата-Мекендин” лидеринин А.Атамбаев атайылап парламентти таратып, премьер-министрлик кызматты ээлеп калууну көздөп жатканы тууралуу билдирүүлөрүн бул кадимки спекуляция деп эсептейт. “Президент жасагысы келбеген аракеттерин анын оппоненттери өз мүдөөсү үчүн пайдалана тургандыктарын алдын ала сезген. Тактап айтканда, оппоненттер эч качан айтылбаган нерселерди элге таңуулашат. Ошондуктан, А.Атамбаевдин президенттигинин алгачкы күндөрүнөн бери, ал иш мөөнөтү аяктаганга канчадыр күн калганын, андан соң ал кызматын өткөрүп берип, премьер-министр да, ЖК төрагасы да болбой турганын айтып келет. Бул Алмазбек Шаршеновичтин тактыгын дагы бир ирет көрсөтүп, Ө.Текебаев сыяктуу адамдар шайлоолордун алдында мындай окуяларды айтышын алдын ала билгендигинен кабар берет. Ал алдын ала бул нерселер тууралуу айтып келген, бул анын акылмандыгынан кабар берет. Мына ошондуктан, А.Атамбаев башынан эле башка нукта белгилеп келгендиктен, Текебаевдин билдирүүлөрү боюнча кандайдыр бир сөздөр болушу мүмкүн эмес”, - деп кошумчалады А.Жээнбеков. Эл өкүлүнүн пикиринде, болуп жаткан окуялардын максаты - жалган маалыматтын эсебинен Президенттин атын каралап, мамлекет башчы тууралуу элге терс пикирди таңуулоо болуп саналат. Асылбек Жээнбеков мындан тышкары, каралоо, жалаа жабуу менен алектенген айрым ЖМКлар жана саясатчылар тарабынан мыйзамдар, моралдык-этикалык принциптер сакталбай жатканына көңүл бурду. “Биз бүгүнкү күнү коомдо мыйзамдар сакталбаган Кыргызстанда жашайбыз. Кайсы гана адептүү коом болбосун, курулай каралоо жана жалган жалаа жабуу менен алектенбеши керек. Ошондуктан, мыйзамда ар-намысына жана аброюна шек келтирилгнн адам сотко кайрыла алат деп жазылган. Тилекке каршы, ар кайсы коомдо адепсиз адамдар жана журналисттер бар”, - деп билдирди эл өкүлү. Коомдун адептүү бөлүгүн сыйлоого кантип жетишүүгө болот деген маселеде А.Жээнбеков мыйзам жолу менен гана деп эсептейт. “Жогоруда көрсөтүлгөн маселелер сотто азыркыдай жыл бою эмес, 5-10 күн каралган шартта тартип болот”, - дейт КР ЖК депутаты. Анын айтымында, ошондо гана жоопкерчилик жалпы эл үчүн милдеттүү ченемге айланат. “Биз адамдардын намысы, аброю сыйланбаган, анархия өкүм сүргөн мамлекетке айланып бара жатабыз. Мындай болбошу шарт. Себеби, анархиялык эмес, демократиялык, укуктук мамлекетти курушубуз керек. Ошондуктан, мен Президентти намысын, аброюн коргоо боюнча иш алып барган органдар тиешелүү деңгээлде иштешкен жок деп эсептейм. Ошондой эле «Zanoza» жана «Азаттык» маалымат каражаттарына карата доо арыздары туура деп эсептейм. Анын үстүнө “Азаттык” 100% тыштан каржыланган ЖМК. Ал эми мындай маалымат каражаттарында өз форматы болуш керек. Мисалы, Би-би-си сыяктуу. Тыштан каржыланган ЖМК ички мамлекеттик чечимдердин кабыл алынышына таасир берип, коомго жана мамлекетке өз чечимдерин таңуулоого таасир бербеши керек. Мындай ЖМКлар фактыларды гана көрсөтүшү керек. “Азаттык” өз форматын жоготуп, тыштан каржыланган маалымат каражаты экендигин унутуп койду”, - дейт парламентарий. А.Жээнбеков ЖМКлардын шектүү ой-пикирлерди жана айыптоолорду механикалык түрдө кайталап басуулары да туура эмес деп эсептейт. “Батыштын мисалындагы укуктук өлкөлөрдө, ЖМКлар жарыяланган материалдарына, айрыкча айыптоолоруна жооп берет. Бул аларда мыйзамдарды жана коом алдындагы жоопкерчиликти аткаруунун кыйла сапаттуулугу менен жетишилет. Тилекке каршы, бизде бүгүн мындай жок”, - деп жыйынтыктады Асылбек Жээнбеков.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:12

Президент Алмазбек Атамбаев бир катар чет мамлекеттердин элчилеринен Ишеним баракчаларын кабыл алды

Бишкек, 15-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-мартта Афганстан Ислам Республикасынын, Индиянын, Кот-д'Ивуар Республикасынын, Латвия Республикасынын, Эфиопиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилеринен Ишеним баракчаларын кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Алмазбек Атамбаев кыргыз жеринде дипломаттык миссиялардын жетекчилерин жылуу кабыл алып, аларды ардактуу жана жооптуу миссиясынын расмий башталышы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти: “Саламатсыздарбы, урматтуу бүгүнкү салтанаттын катышуучулары! Добрый день, уважаемые главы дипломатических представительств! Сердечно поздравляю вас с официальным началом важной и ответственной миссии! Убежден, что ваша деятельность позволит активизировать весь спектр сотрудничества между Кыргызской Республикой и странами, которые вы представляете. Как вы хорошо знаете, в прошлом году Кыргызстан отметил 25-летие независимости. За четверть века страна пережила две революции, кыргызский народ тяжелой ценой добился возможности построения открытого и свободного общества и демократического государства. Добился мира и стабильности, добился устойчивого развития экономики. Сегодня страна переживает исторический этап национального и культурного возрождения. Мы предложили миру уникальный проект - Всемирные игры кочевников. Мировое сообщество признало важность этого проекта и в декабре 2016 года Генеральная ассамблея ООН приняла резолюцию «Поощрение межрелигиозного и межкультурного диалога, взаимопонимания и сотрудничества на благо мира», в которой приветствуется вклад Всемирных игр кочевников в продвижение межкультурного диалога, укрепление социальной сплоченности, мира и развития. Несмотря на влияние мирового экономического и финансового кризиса, падение цен на энергоносители, ВВП Кыргызстана последние несколько лет показывает стабильный рост. Средний показатель роста за период с 2013 по 2016 гг. составил 5,4%. Страна также достигла энергетической независимости и стабильности энергосектора. Проводится сбалансированная внешняя политика, нацеленная на защиту национальных интересов и созданию внешних условий, благоприятствующих устойчивому развитию государства. Уважаемые главы дипломатических представительств! По долгу службы вы пристально отслеживаете ситуацию в странах аккредитации. И вы хорошо знаете, что в нашей стране нет запретных тем, которые не освещались бы в средствах массовой информации. Общественность через прессу влияет на принятие решений государственными органами. По уровню свободы слова Кыргызстан занимает ведущее место среди стран региона. Одним из фундаментальных наших достижений после апрельской народной революции стало то, чтоКыргызстан стал страной свободных людей, страной, где есть реальная свобода слова. Однако, к моему большому сожалению, совсем недавно я вынужден был выступить с заявлением по поводу ситуации, сложившейся в последнее время в информационном поле страны. Люди обеспокоены тем, как в соцсетях и СМИ целенаправленно распространяется лживая информация, откровенная клевета. Как всенародно избранный Глава государства, я не могу спокойно наблюдать за тем, как народ становится заложником домыслов и слухов, различных манипуляций. Во всем цивилизованном мире за клевету применяется достаточно суровое наказание. Так делается в США и Франции, где за клевету можно поплатиться не только крупным штрафом, но и угодить в тюрьму сроком до пяти лет. В Германии, например, существует понятие, как клевета против действующей власти, ее оскорбление или призывы к нарушению целостности республики. Наказать за это могут крупным штрафом или лишением свободы до пяти лет. Строгие наказания за клевету применяются в Швеции, Бельгии, Норвегии, Италии, Великобритании. Уголовная ответственность за клевету предусмотрена также в Австрии, Болгарии, Греции, Дании, Исландии, Испании, Латвии, Литве, Индии, Норвегии, Польше, Финляндии, Хорватии, Черногории, Чехии, Швейцарии. Я уже не говорю про соседние государства от Казахстана до Туркмении. Уважаемые главы дипломатических представительств! Уважаемые журналисты! Я против того, чтобы у нас была уголовная ответственность за клевету, но клеветники тоже должны как-то отвечать. Хотя бы финансово, ибо надеяться на их моральную ответственность невозможно. Клеветник – это моральный урод. И наш пророк Мухаммед их сравнивал с каннибалами, поедающими трупы своих родных. Уважаемые журналисты! За регулярным и целенаправленным огульным шельмованием всенародно избранного Главы государства и всей страны, за фейковыми новостями и откровенной демагогией отчетливо видны попытки дестабилизировать ситуацию перед намеченными на 19 ноября выборами нового Президента страны. Поэтому я убедительно призываю вас строго придерживаться журналистской этики и доводить до сведения общественности только правдивую и объективную информацию. Этого требует закон. И именно этим настоящий журналист отличается от сплетника и клеветника. Свобода – это прежде всего ответственность. Любая свобода заканчивается там, где нарушается свобода другого. Именно так и надо рассматривать свободу слова. Хочу также особо подчеркнуть, что иски о защите чести и достоинства Президента поданы только на два средства массовой информации, «Азаттык» и «Заноза», которые целенаправленно, уже несколько лет ведут работу по дискредитации Президента Кыргызской Республики и всей нашей страны в целом. А всего в стране на сегодня зарегистрировано 2561 средств массовой информации. Для тех, кто не знает, напомню: «Азаттык» - это филиал радио «Свободы», который финансируется конгрессом США и бюджет радио «Свобода» определяется сотнями миллионов долларов. «Заноза» тоже регулярно получает щедрые гранты от своих зарубежных покровителей. Поэтому их защитникам не надо лицемерно плакать о якобы несоразмерных исках. Урматтуу мекендештер! Урматтуу кыргыз журналисттери! “Жамандын үйүн коногу бийлейт” деген сөз бар кыргызда. Ою жаман конокторго, эл бузарларга өзүбүздүн үйүбүздү, Мекенибизди тебелетпесек. Элдин намысын, өлкөнүн намысын ойлосок, коргосок! Радио “Свободага” иштесек да, Мекенди ойлоп, кыргыздын намысын коргоп, Шайлообек Дүйшеевдей иштесек! Акча үчүн Ата-Журтту сатпасак. Бабакулов, Карабеков, Маслова, Идиновдордун ою башка! Карабеков өзү бир жолу телевизордон айтты эле: “Я что, - баткенский, что-ли?” – деп. Булар “баткенский” да эмес, “киргизский” да эмес. Булардын чөнтөгүнөн экинчи паспорт же “вид на жительство” чыкса да таӊ калбайм. Булар Кыргызстанда айла жок жашап жатышат, анткени башка жерде булардын кереги жок. Өз жерин жамандап жан багышат! Булар үчүн биздин каректей болгон Ата-Мекенибиз “тьма киргизская”. Кыргыз элим дегендер “баткенский” Исхак Раззаков, “баткенский” Апсамат Масалиев, “баткенский” Эгемберди Эрматов менен сыймыктанат! Биз үчүн ошол “тьма киргизская” жаркыраган Москва менен Нью-Йорк, Прагадан артык! Кисловдор, Широковдор Кыргызстандагы демократияга күйөт имиш. Эй, анча эле демократияга күйсөңөр, өзүңөрдүн мекениңерден, Россиядан баштабайсыӊарбы? Кыргыз Президенти радио “Свободаны” басмырдап жатат, сот аркылуу пул доолап жатат деп бакылдабай, андай эле радио “Свободага” ичиңер күйсө, анда биринчи орус мамлекет башчыларына кайрылбайсыңарбы, талап койбойсуңарбы: “Радио Свобода” орус каналдарында орун алсын, “Радио Свобода” орус радиосунан бакылдасын” деп! Кыргызстанда ошондой экен деп! Эй, өзүңөр күзгүдөн өзүңөрдү көрүп, анан бизге акыл үйрөтпөйсүңөрбү? Ал жерде балык болуп тымпыйып, бул жерде тайраңдабай. Биз өз үйүбүздү өзүбүз иретке келтиребиз, Кудайга шүгүр! Урматтуу мекендештер! Айрым сасык саясатчылар, журналист сөрөйлөр – Замира Сыдыкова, Бегалы Наргозуев, Нарынбек Идинов – сөз эркиндигин коргойбуз, кыргыз журналисттерин коргойбуз деп, чуу салып, атайын уюм түзүп, өлкөбүздү бүт дүйнөгө мазактап жатышат. Булар өздөрү ким? Журналист Геннадий Павлюкту өлтүрүп жатканда, журналист Сыргак Абдылдаевдин колу-бутун сындырып, бычак менен кескилеп жатканда, Медет Садыркуловду тирүүлөй өрттөп жатканда кайда эле булар? Жумшак креслого отуруп, казы-карта чайнап, Максим менен Жанышты мактап отурушпады беле? Жаңыдан эгемендүү болуп, алсырап жаткан өлкөбүздү Акаич менен кошо тоногон Равшан Жээнбеков коргойт экен да кыргыздарды? Ушул сасык саятсатчыларга кантип ишенесиңер, урматтуу журналисттер? Албетте, булар да эртең мени бир сасыган партиянын өкүлдөрүнө окшоп сотко берет, бизди “вонючий” деп айтты деп. Эне тилин билбеген маңкураттарга түшүндүрүп коёюн: саясатчы “Шанель” менен “Диорду” себинип, француз духи жыттанса да, эгер ыплас иштерге булганса, андайды кыргыздар “сасык саясатчы” деп коёт. Албетте, сасык саясатчы башкарган партияны да сасыган партия дебей эмне деп айтабыз? Эми булар “круглый стол” өткөрөт имиш. Мындайлар менен абийирдүү адам бир столго отурмак түгүл, алысырак басып кетет, теңелбейин деп, ичинен башын чайкап тим болот. Бул маңкурттар “ичинен башын чайкап” дегенди да “покачал головой в животе” деп бизди айтты деп сотко берет эми мени. Эне тилин билбеген – элин сүйүп жарытпайт! Урматтуу мекендештер! Урматтуу кыргыз журналисттери! Азыркы күндөрдө элибиздин, жерибиздин тагдыры, келечеги чечилип жатат. Алдыда президенттик шайлоо турат. Болгону 8 ай калды. Тырмактай Кыргызстан эмес, дүйнөнү башкарган Америка кантип президент шайлаганын дагы эле түшүнбөй, териштирип жатат! Биз да анан декабрда алаканыбызды чаап “аттиӊ ай!..” деп олтуруп калбайлы! Азыр бүт дүйнөдө согуш жүрүп жатат. Информациялык согуш. Маалымат согушу. Бул шылуундарга алданып, маңкурт, эл бузарларды ээрчип, булар тараткан ушактарга ишенип, кайрадан карегибиздей Мекенибизди уурулардын, мародерлордун колуна салып бербейлик! Кайрадан куркулдаган кузгундарга жем болбосун Кыргызстан! Ата-Мекенибиз, Ата-Журтубуз – Кыргызстан! Көздү ача турган мезгил келди. Ойлоно турган мезгил келди. Жараткан элибизди сасык саясатчылардан, ушакчылардан сактасын! Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин! Уважаемые главы дипломатических представительств! Пользуясь случаем, хотел бы отметить готовность кыргызской стороны к активному сотрудничеству со странами, которые вы представляете. Кыргызстан придает важное значение развитию дружественных отношений и взаимовыгодного сотрудничества с Исламской Республикой Афганистан. Мы всецело поддерживаем усилия мирового сообщества, направленные на стабилизацию ситуации в Афганистане и его интеграцию в мировые и региональные процессы. Сотрудничество с Индией является одним из приоритетных направлений внешней политики Кыргызской Республики. За последние годы существенно укрепился политический диалог, активизированы торгово-экономическое и культурно-гуманитарное сотрудничество. С чувством особой теплоты вспоминаю свой государственный визит в Индию, который состоялся в декабре прошлого года. Отмечаю важность скорейшей реализации всех договоренностей, достигнутых с руководством Индии в ходе данного визита. Кыргызско-латвийское сотрудничество имеет большой нереализованный потенциал. Нам необходимо приложить усилия для налаживания практического взаимодействия в торгово-экономической области, сфере образования и культуры. Несмотря на географическую отдаленность, африканский континент является для нас весьма важным регионом. В этом плане выражаю готовность к более активному сотрудничеству между Кыргызстаном и Кот-д'Ивуаром как на двусторонней основе, так и в рамках международных организаций. Кыргызская Республика заинтересована в налаживании тесных связей с Эфиопией по всем сферам, представляющим взаимный интерес. Мы отдаем дань уважения народу Эфиопии, сохранившему свою древнюю культуру и традиции. Уважаемые главы дипломатических представительств! В заключение хотел бы пожелать вам успехов в вашей дипломатической деятельности. Рассчитываю, что Ваша деятельность будет способствовать поступательному развитию отношений между нашими странами. Можете быть уверены в том, что Правительство и Аппарат Президента Кыргызстана будут оказывать вам необходимую поддержку и содействие. Благодарю за внимание!”. Маалымат иретинде: Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге Ишеним грамоталарын төмөнкү чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары тапшырышты: Кот-д’Ивуар Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Тано-Бучуе; Латвия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Юрийс Погребнякс; Эфиопиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ауалеу Гобезие Воркенех; Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лакшманан Сависри; Афганистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мохаммад Исса Месбах.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:12

Биз тандоонун алдында турабыз: же сөз эркиндиги, же негизсиз ушак - Президенттин кеңешчиси Ф.Ниязов (интервью)

Бишкек (АКИpress) – Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине айтылган жалаа үчүн Башкы прокуратуранын бир нече доо арыздарынан кийин маалымат мейкиндигинде түзүлгөн кырдаалга өз баасын берди. Учурда маалымат мейкиндигиндеги абал кандай? Чынын айтканда, мындагы жагдай ар түрдүү. ЖМКлар менен соттошууга болбойт деген ойдун калдыгы менде да бар. Бизге муну көп жылдардан бери айтып келишкен жана бул ошол кезде туура болгондугун мисалдар аркылуу көрүп жүрөбүз. Бир жагынан алганда, дүйнө өзгөрүп, маалымат доору келди. Америкада өткөн шайлоолор маалымат менен кандай иштерди ишке ашырууга болорун көрсөттү. Учурда “жалган маалыматтар” катастрофалык таасирге ээ болуп бара жатат. Бүтүндөй дүйнө жүзүндө! Бизде дагы. Азыркы тапта маалымат негизги каражатка, башкы куралга, жада калса башкы товарга айланды. Айрым адамдарды гана эмес, бүтүндөй мамлекеттерди жок кылган кооптуу товар, олуттуу курал болуп калды. Эми муну баалабай коюуга болобу? Коомчулукта көп сөз жүрүп жаткан доо арыздарын, жеке көз карашымда, Кыргызстанда сөз эркиндигинин өнүгүү жана калыптануу баскычтарынын бири катары карайм. Ырасында, биз тандоонун алдында турабыз: же сөз эркиндиги, же негизсиз ушак. Бүт дүйнөдө маалыматтын сапаты үчүн жоопкерчилик бар. Батышта ушак үчүн чоң жоопкерчилик каралган. Алсак, АКШда жалган жалаа үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратып, же 250 миң долларга чейин айып пул салышат. Германия жана Францияда 5 жылга, Норвегияда 1 жыл, Италияда 2 жыл камакка алынат. Кошумча, бул өлкөлөрдүн ар биринде ири айыптар жана моралдык зыян үчүн компенсациялар каралган. Журналисттерден маалыматты дыкат текшерүүнү талап кылгандын эмне жамандыгы бар? Чындыкты жайылтуу керек. Демократиясы өнүккөн өлкөлөрдө сын материалдар автор редакторго анын чындыгын далилдеген соң гана гезит беттерине же ТВ эфирине чыгарылат. Маалыматты жарыялоо үчүн документтердин топтомун жыйнашат. Ошондуктан, кандай күтүүсүз жана парадоксалдуу угулса да, дал Алмазбек Атамбаев сөз эркиндигинин принциптерин коргоо үчүн чыгып жатат. Тескерисинче, ЖМКларга карата бийликтин негизсиз мамилеси тууралуу кыйкырып чыккандар, кандай болсо да чынчыл журналистиканы бүлүндүрүү үчүн иштеп, маалыматтык террор, шантаж кылуу жана опузалап алуунун ыплас тажрыйбасын колдоп жатышат. Эсиңиздерде чыгаар, А.Атамбаев беш жыл мурда “аарылар менен чымындар” тууралуу тасмилди айтып берген. Анда аары-журналисттер бакчада позитив ширесин издесе, чымын-журналисттер ыпластыкты табышат. Ошол кезде президент тамсилди ЖМКдагы кырдаалга келтирип айткан. Тамсил кыргыз журналистикасынын мазмунуна жакшы жагынан таасир бере алгандыгын айта алам. Доо арыздары боюнча жагдайды жеке өзүм журналистиканы тазалоо, чындык жана адилеттүүлүк, ЖМКларга коомдун ишеними үчүн күрөшүүнүн уландысы катары көрөм. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, цивилизациялуу коомдо сот аркылуудан тышкары башка жол менен мындай маселелер чечилбейт. Жогоруда айтып кеткенимдей, узак мезгилден бери биз сөз эркиндигинин принциптерин түшүнүүдө стереотиптердин таасири алдында болуп келебиз. Бул көз караштар ЖМК мурда дайыма коомдук процесстердин алсыз катышуучулары катары саналып келгендиктен чыккан. Бирок, бүгүн биз маалыматтык коомдо жашап жатабыз. Бардыгы өзгөрдү. - Президент сөз эркиндигин коргоо үчүн доо арыз менен кайрылып жатканына коомчулукту ынандыруу оор болбойбу? - Албетте, оор болот. Бирок, жалган үчүн жоопкерчиликтин болушу адилеттүүлүк эмеспи. Менимче, аракеттенебиз. Ошондуктан көп иштөөгө, түшүндүрүүгө туура келет. Бирок, жалган жалаа – бул аны тамырын кыркуудан да жаман аракет экендиги чындык. Жада калса, жалаа үчүн бийлик каршы чыгып жатса да. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө сыяктуу мыйзамдуу ыкма, цивилизациялуу жол бар. Сот аркылуу. Менимче, эл түшүнөт. Адамдарга айтып, түшүндүрөбүз жана эртедир-кечтир чындык ким тарапта экендигин коомчулук ыкчам талдап калат. Учурда баарынан мурда ким каршы чыгып жатат? Кооз аталыштагы сөз эркиндигин коргоо боюнча комитет бар, анын негиздөөчүлөрү - Замира Сыдыкова, Нарын Айып, Бегалы Наргозуев. Алар ким болушкан? Алар өздөрүн журналист катары атай алышат, бирок, менимче, сөз эркиндигин коргоо үчүн чыгуу укугунан эбак эле ажырашкан. Ошол эле Бакиевдин режимине кол куушуруп жүргөндө жоготушкан. Садыркуловду өлтүрүп, Сыргак Абдылдаевди бычактап, Павлюкту алдап колго түшүрүп, өлтүрүп жатканда, алар үндөбөй отурушкан. Сөз эркиндиги тууралуу кеп козголгон эмес. Сыдыкова Америкада элчи, Нарын Айып “Кабар” агенттигинин директору болгон. Наргозуев Максим Бакиевди Курманбек Бакиевден кийинки президенттикке жалгыз жана эң мыкты талапкер деп атаган. Башка медиа өкүлдөр ойлорун айтып жатканда, биз дагы алар менен талкуулоого, талашууга, сүйлөшүүгө даярбыз. Бирок жогоруда аталган адамдарды олуттуу кабыл ала албайм. - Сөз эркиндигин коргоо дайыма коомду мобилизациялоонун кыймылдаткыч күчү болуп келген. Бул жолу да ушундай болушу мүмкүнбү? Анткени 18-мартка активисттердин жөө жүрүшү белгиленген? - Эгерде кеп чындыгында сөз экриндиги тууралуу болсо бир жөн. Бул окуяда доо арыздар кимдерге карата экендигинин карасак. Узак мезгилден бери эч ким доо арыз менен кайрылган эмес. Башкы прокуратура айрыкча деле доо арыз берген эмес. Дайыр Орунбековдун жалган макаласы менен байланыштуу окуя гана орун алган. Бирок, акыркы кездердеги айрым саясатчылар жана кээ бир ЖМКлар максаттуу түрдө чыгарып жаткан негизсиз ушактар Башкы прокуратураны доо арыз менен кайрылууга мажбур кылды. Алар прокуратура органдарына бардыгыбыз үчүн бирдей мыйзамдар бар экендигин эске салды. Тактап айтканда, бул адамдар жана ЖМКлар доо арыздарын өздөрү көкүтүп алышты. АКШ Конгресси каржылаган “Азаттык” радиосунун бюджети аз деп эсептебейм. Ал жакта тажрыйбасыз журналисттер, бейкүнөө жаш адистер отурат деп ким айта алат? Алар эмненин үстүндө иштеп жаткандарын жакшы билишет. Ал жерде чоң жана олуттуу кызмат бар. Алар максаттуу түрдө кандайдыр бир ишти жүргүзүп жатышкан, “Азаттык” радиосунун белгилүү бир жетекчилери тууралуу айткым келбейт. Мен Бишкекте отуруп алып “Азаттыктын” маалыматтык саясатын түзгөн адамдар жөнүндө айтып жатам. Ошентип ал жакта жамаат максаттуу түрдө иштеп келген. Өзүңүздөр калыс болсоңуздар, ошол эле “Боинг” учагындагы жүк тууралуу маалымат расмий түрдө четке кагылды. “Ата Мекен” партиясынын юристтеринин маалыматын толук текшербестен, алар аны жарыялап жиберишкен. Юристтер жасалма кагаздарды көрсөтүп жатканы анык эле. Расмий төгүндөөлөр болгондугун билишсе да, бул жалганды текшербестен чыгарышкан. Ошол эле учурда буга чейин бул маалыматтар четке кагылгандыгын жазбай коюшкан. Мында бир максат бар. Экинчи ресурс – чет жактан гранттарды алган “Заноза” сайты. Анда кыйла тажрыйбалуу журналисттер иштешет. Алар бул текшерилбеген жана такталбаган маалымат экендигин билип турушуп, жаңылыктар түрмөгүнө чыгарышкан. Ошондуктан, “Азаттык” радиосундагы жана “Заноза” сайтындагы А.Атамбаевге каршы келген бул макалаларды атайылап окурмандарды алдоо, жалган маалымат катары атоого болот. Ал эми сөз эркиндигине байланыштуу эч нерсе жок. - “Азаттык” радиосу ЖМК жөнүндө мыйзамда коомдук билдирүүлөрдү цитата келтирүүгө боло тургандыгы тууралуу шилтеме бар экендигин билдиришти. - Коомдук билдирүүлөрдү сөзмө-сөз берүүгө болот. Бирок, мыйзамда алар маалыматты текшерүүсү керек деген дагы бир жобо бар. Бул жагдайда маалымат текшерилген эмес. “Азаттык” радиосуна бул сөздөрдү жеткирүүгө эч ким тоскоолдук кылган эмес, буга чейин расмий түрдө төгүндөлгөнүн белгилөө менен жарыялоо керек эле. Биринчи чыккан жалган маалыматты канча адам, ал эми 3 сааттан кийин чыккан биздин четке кагууну канчасы окуй турганын билесиздер. Экинчисинде көп эсе аз окулат. Ошондуктан жалган маалымат таасирдүү болуп кетет. Маалыматтын өнүгүшүнүн бул баскысында жалган маалымат натыйжалуу иштейт. Бирок ал кыйратуучу таасирге ээ. Буга байланыштуу, жалган маалымат экендигин аныктоонун эң туура жолу - бардыгын цивизациялуу жол менен сот аркылуу жөнгө салуу болуп саналат. Башта саясатчы ЖМК менен соттошпоого тийиш деп эсептелип, бул аксиома, нормалдуу көрүнүш катары саналган. Ал кездерде маалымат айдыңындагы кырдаалды расмий ЖМКлар: гезит, телеберүү жана радио жөнгө салып турган. Азыркы тапта интернеттин доорунда жашап жатабыз. Интернет сайттар – бул башка, айрымдары ЖМКга кирбейт. Интернет көптөгөн башка ыкмаларды колдонууга шарт түзөт. АКШда өткөн шайлоолор, чындыгында, аба ырайын расмий ЖМКлар эмес, социалдык тармактар түзүп койгонун көрсөттү. Эми маалыматтын өнүгүшүнүн жаңы баскычында ар бир саясатчы жана мамлекеттик кызматкер үчүн тигил же бул маалымат жалган экендиги боюнча соттун чечимин алуу маанилүү болуп калат. Себеби, ушундан соң коомчулук бул калп экендигин билет. А эгерде унчукпай койсо, коомчулук ушакчылардын айтканы туура экен деп ойлоп калат. Ал эми төгүндөөгө көпчүлүк ЖМКлар жөн гана маани бербей коюшат. Интернет адам тууралуу маалыматтарды өмүр бою сактоону шарттайт. 2014-жылы Акаев Атамбаев байлык топтогон 50 млн рубль тууралуу интервью берген. Бул тууралуу “7-канал” жана “Жаңы Ордо” гезити жарыялаган. Бирок эч ким сотко берген эмес, четке кагуу гана болгон. Болгондо да, Нарын Айып өзү телеберүү аркылуу төгүндөгөн. Ал эми бир жарым жыл өткөн соң ошол эле Нарын Айып бул тууралуу кайрадан, бирок эми ТВда даярдалган сюжетине 180 градуска каршы келген, башка позицияда жазып чыкты. Биз кайрадан доо арызсыз ЖМК аркылуу четке кактык. Бирок бир жыл өткөндөн кийин Чолпон Жакыпова кайсы бир интервьюсунда Акаевдин эски жалганын кайталады. Бул жагдайда, маалыматтын жалган экендиги тууралуу соттун чечимине жетишүүгө мажбурбуз. Алар бизди доо арыз менен кайрылууга өздөрү түртүп жатышат. Бизге башка айла калтырышкан жок. Өзүнүн атын каралоодон сактоону каалагандардын баарына бул кадамга барууга туура келет. Интернет маалыматтарды сактайт. Анда бул жалган маалыматтар, сот жалган же ушак катары тааныгыча ар дайым чыга берет. - Атамбаев саясий оппоненттерин соттук доо арыздары же коркутуу аркылуу жазалап жатат дегендерге эмне айтасыз? - Өмүрбек Текебаевди саясий оппонент деп атоого эми болбойт. Себеби, президент А.Атамбаевге кийинки президенттик мөөнөткө шайлануу зарылдыгы жок. Ал эми Ө.Текебаевдин мындай мүмкүнчүлүгү болгон эмес жана жок. Коркутуулар тууралуу айтсак, Алмазбек Шаршенович 9 айдан кийин мамлекет башчысы кызматынан кетээрин баарыбыз билебиз. Ал кандайдыр бир мамлекеттик кызматты ээлөөнү каалабастыгын билдирген. Ошондуктан коркутуулар тууралуу бардык сөздөр негизсиз. Президент бардык нерсени өз аты менен атаганы башка иш. Ал кырдаалдын бардык катышуучуларын: саясатчыларды, жарандык коом жана жалпыга маалымдоо каражаттарын мыйзам менен жашоого үйрөтүүгө аракеттенип жатат. Кайталап кетсем, менимче: “Доо арыздары боюнча маселеде жеке кызыкчылык мамлекеттикинен басым кылган жокпу?” деген суроо туулушу мүмкүн. Мисалы, бир жыл мурун мындай доо арыздарда жеке мүнөз болушу мүмкүн эле. Бирок анда доо арыздар болгон эмес. Эми маалыматтын ролу күчөп, президенттик шайлоолор тууралуу сөз козголгон жагдайда баары өзгөрдү. Анын үстүнө маалыматтын жана жалган жаңылыктардын АКШда өткөн шайлоолорго тийгизген таасири боюнча токтобогон талаш-тартыштар бизге ачык мисал боло алат. Эми мунун баары жеке маселеден мамлекеттик маанилүүлүккө өтүп бара жатат. - Акыркы суроо. Соттук доо арыздар жалган маалыматтарды жогото албаган жагдай түзүлөбү? Себеби, бул үчүн соцтармактарды көзөмөлдөө керек. Чыныгы сөз эркиндигин орнотуунун кийинки баскычы интернет-мейкиндигин көзөмөлдөө аракети болуп калбайбы? - Суроонун маңызы толук түшүнүктүү, бирок сөз эркиндигинин тагдыры чындыгында коомдун маалымат чөйрөсүндөгү кооптуу тенденцияларды жеңип чыгышынан көз каранды экендигине ынанам. Маалымат агымында кесипкөйлүк менен иштеген журналист катары, Сиз, жалган маалыматтардын терс жактарын бизге караганда жакшы сезесиз. Бул маселеде биз кыйла алсызбыз. Бийлик Кыргызстандагы кырдаалга жооптуу, сиздер, бийликтин төртүнчү бутагынын өкүлдөрү ар бир кемчилик үчүн бизден мыйзам ченемдүү жана адилеттүү түрдө сурайсыздар. Ал эми жалган маалыматтар өлкөнүн маанайын бузуп, адамдардын каарын жана нааразычылыгын ойготууга багытталат. Ошол эле учурда адилеттүүлүк үчүн эмес, белгилүү бир, көбүнэсе чет элдик саясий оюнчулардын керт башынын пайдасын ойлогон кызыкчылыктарын көздөйт. Анын үстүнө бизде ноябрда президенттик шайлоолор өтөт эмеспи. Биз бардык ЖМКлар менен мамилебизди курчутпай, калган айларда тынч иштей берсек болмок. Бирок, бул ишти кимдир бирөө башташы керек болду. Жергиликтүү же чет элдик адамдардын Кыргызстанга өз оюнун таңуулагандыгы чынчыл жарандардын жана журналисттердин кызыкчылыгында эмес экенине ишенем. Себеби, дүйнөдө жалган маалыматтардын согушунун “ийгиликтүү” тажрыйбасы болгон. Бул таасирдүү курал жана аны колдонуу тажрыйбасы бар. Бүгүнкү күнү биз ТВ, радио, гезиттерде жана ири интернет сайттарда такталган маалыматтарды жайылтуу маданиятын үйрөтүшүбүз маанилүү. Анткени алар элдин маанайына жана тандоосуна зор таасирин тийгизет. Социалдык тармактар салмакка ээ болуп келе жатканы менен, алар саясий маалыматтар жаатында ири ЖМКлар жарыялангандарды гана жайылтышат. Ал эми интернет көзөмөл боюнча алсак, Кыргызстан бул багытта кандайдыр бир чараларды көрөт деп ойлобойм. Интернет биздин жашообузга кирип кетти. Эсиңерде болсо, мурда үйлөрдө жарык өчкөндө, жашоо токтоп калгандай сезилчү. Ал эми азыр интернет жок болуп калса, үйдө эмне болот?... Адамдар аны абдан терең кабыл алышты. Бүгүнкү күнү интернетти көзөмөлдөөнүн кереги жок жана мүмкүн эмес деп ойлойм. Адамдарды интернетсиз калтыруу – маанилүү бир нерседен ажыратуу дегендик. Абасыз калтырган сыяктуу. Андан көрө цивизациялуу мамилелерди өнүктүрүү керек. Булак: kg.akipress.org (маек АКИрress маалымат агенттигине орусча чыккан).

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники