Очень позитивные - 0,0% | 0,0% |
---|---|
Позитивные - 57,3% | 57,3% |
Негативные - 7,87% | 7,87% |
Очень негативные - 3,37% | 3,37% |
Нейтральные - 31,46% | 31,46% |
2020-жылдын 25-сентябрынан тарта мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин чечиминде айтылат. Коопсуздук кеңеши Мамлекеттик чек ара кызматына контролдоо-өткөрүү пункттарында кызмат өтөөнү күчөтүүнү тапшырды. «Чек ара инциденттерин, жаңжалдуу кырдаалдарды болтурбоо жана мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди сактоо боюнча калк менен максаттуу алдын алуучу-профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. 25-сентябрынан тарта мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо күчөтүү», — деп айтылат чечимде. Коопсуздук кеңеши шайлоо өнөктөгүнө байланыштуу жыйын өткөрдү. Белгилей кетсек, 4-сентябрдан тарта Жогорку Кеңешке шайлоого үгүт иштери башталат. 4-октябрда добуш берүү өтөт.
Автор: 24.kg
7 сентября 2020 г. 0:38
Источиник: 24.kg