Очень позитивные - 0,0% | 0,0% |
---|---|
Позитивные - 43,61% | 43,61% |
Негативные - 3,01% | 3,01% |
Очень негативные - 1,5% | 1,5% |
Нейтральные - 51,88% | 51,88% |
Ош шаарында бир үйгө 1300 жаран катталганын мамкаттоо кызматы маалымдаганын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова «Ачык шайлоо kg» аттуу Фейсбук баракчасына жазып чыкты. Маалыматка караганда, Ош шаарында 2020-жылдын 1-январынан баштап 11-февралына чейин 33 миң 805 адам жаңы каттоого турган. Эске салсак, 2020-жылдын 1-январынан 11-февралына чейин шайлоо өтө турган шаарларга аймактардан келип каттоого турган жарандар көбөйгөн. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов 13-февралда парламент жыйынында билдиргендей, Караколго 2797, Балыкчыга 489, Майлуу-Сууга 272, Токмокко 6950, Ошко 33 805 жаран аймактардан барып каттоого турду. Бирок мындай убактылуу каттоону жергиликтүү кеңештерге шайлоого камынган айрым саясий партиялар атайын уюштуруп жатканын айты лган . 12-апрелде добуш берүүгө шайлоо укугу бар, катталган жерине жараша жана биометрикалык каттоодон өткөн жарандар катыша алат. Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелинде өтөт. #шайлоо2020 #ошшаары #атырабдрахматова #жергиликтүүкеңеш
Автор: april.kg
7 сентября 2020 г. 0:32
Источиник: april.kg